26
КИРИШҮҮ «Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы кыргыз тили» негизги предмет катары 2- семестрден 9-семестрге чейин окутулат. Негизги максат студентти эне тилинин бардык бөлүмдөрүн өздөштүргөн, сабаттуу жазып, сүйлөй билген, лингвистикалык терең билимдүү адис катары чыгаруу. Ал эми тилдин алгачкы бөлүмү болгон «Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсу башталгыч класстардын жогорку билимдүү мугалимдерин даярдоодо чоң мааниге ээ, анткени тилдик мыкты билим башка бардык предметтерди, тилдин бардык бөлүмдөрүн терең өздөштүрүүгө негиз болот. Мына ушул максатты ишке ашырууну көздөгөн бул программа: 1. Түшүнүк кат. 2. Дисциплинанын түзүлүшү жана мазмуну. 3. Дисциплинаны өздөштүрүүнүн тематикалык планы. 4. Студенттердин окуу иштерин көзөмөлдөөнүн технологиясы жана методикалык жабдылышы. 5. Дисциплинанын ресурстук жабдылышы. 6. Тиркемелер деген бөлүмдөрдөн турат. 1. ТҮШҮНҮК КАТ. 1.1. ДИСЦИПЛИНАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮНӨ ЖАНА МАЗМУНУНА КАРАТА ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫНЫН ТАЛАПТАРЫ. Башталгыч класстардын жогорку билимдүү мугалими адистерин даярдоодо эне тилин ар тараптан окутуу олуттуу проблемалардын биринен болуп саналат. Ушуга байланыштуу окуу планында да эне тилин окутууга тиешелүү орун берилген. Мектепте билим берүү педагогикасы факультетинин студенттерине эне тилинен билим берүүдө: тил илимине киришүү, кыргыз тилинин фонетика, лексика, морфология, синтаксис бөлүмдөрүн жана алардын методикасын окутууга өзгөчө көңүл бурулат. Жалпы «Азыркы кыргыз тили» курсу боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандартында төмөнкүлөр белгиленген: Азыркы кыргыз адабий тилинин табияты жана улуттук өзгөчөлүктөрү, тектеш түрк тилдери менен жалпылыгы. Фонетика жана фонология. Орфоэпия, графика жана орфография. Лексика жана фразеология. Лексикография. Морфемика, морфонология жана сөз түзүлүшү. Морфология, анын категориялары, форма түзүлүштөрү. Сөздүн жана сүйлөмдүн синтаксиси. Татаал сүйлөмдүн синтаксиси. Пунктуация. Кыргыз тилинин пунктуациясынын принциптери. Азыркы кыргыз тилиндеги активдүү процесстер. 1.2. ДИСЦИПЛИНАНЫН ПРЕДМЕТИ, МАКСАТЫ ЖАНА ТҮЗҮЛҮШ ПРИНЦИПТЕРИ.

И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

  • Upload
    others

  • View
    14

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

КИРИШҮҮ «Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

кыргыз тили» негизги предмет катары 2-семестрден 9-семестрге чейин окутулат. Негизги максат студентти эне тилинин бардык бөлүмдөрүн өздөштүргөн, сабаттуу жазып, сүйлөй билген, лингвистикалык терең билимдүү адис катары чыгаруу. Ал эми тилдин алгачкы бөлүмү болгон «Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсу башталгыч класстардын жогорку билимдүү мугалимдерин даярдоодо чоң мааниге ээ, анткени тилдик мыкты билим башка бардык предметтерди, тилдин бардык бөлүмдөрүн терең өздөштүрүүгө негиз болот. Мына ушул максатты ишке ашырууну көздөгөн бул программа:

1. Түшүнүк кат.2. Дисциплинанын түзүлүшү жана мазмуну.3. Дисциплинаны өздөштүрүүнүн тематикалык планы.4. Студенттердин окуу иштерин көзөмөлдөөнүн технологиясы жана

методикалык жабдылышы.5. Дисциплинанын ресурстук жабдылышы.6. Тиркемелер деген бөлүмдөрдөн турат.

1. ТҮШҮНҮК КАТ.1.1. ДИСЦИПЛИНАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮНӨ ЖАНА МАЗМУНУНА КАРАТА ЖОГОРКУ

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫНЫН ТАЛАПТАРЫ.Башталгыч класстардын жогорку билимдүү мугалими адистерин даярдоодо эне

тилин ар тараптан окутуу олуттуу проблемалардын биринен болуп саналат. Ушуга байланыштуу окуу планында да эне тилин окутууга тиешелүү орун берилген. Мектепте билим берүү педагогикасы факультетинин студенттерине эне тилинен билим берүүдө: тил илимине киришүү, кыргыз тилинин фонетика, лексика, морфология, синтаксис бөлүмдөрүн жана алардын методикасын окутууга өзгөчө көңүл бурулат.

Жалпы «Азыркы кыргыз тили» курсу боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандартында төмөнкүлөр белгиленген:

Азыркы кыргыз адабий тилинин табияты жана улуттук өзгөчөлүктөрү, тектеш түрк тилдери менен жалпылыгы. Фонетика жана фонология. Орфоэпия, графика жана орфография. Лексика жана фразеология. Лексикография. Морфемика, морфонология жана сөз түзүлүшү. Морфология, анын категориялары, форма түзүлүштөрү. Сөздүн жана сүйлөмдүн синтаксиси. Татаал сүйлөмдүн синтаксиси. Пунктуация. Кыргыз тилинин пунктуациясынын принциптери. Азыркы кыргыз тилиндеги активдүү процесстер.

1.2. ДИСЦИПЛИНАНЫН ПРЕДМЕТИ, МАКСАТЫ ЖАНА ТҮЗҮЛҮШ ПРИНЦИПТЕРИ.

Дисциплинанын предмети кыргыз тилинин сөздүк курамы. Студенттерге тилибиздин бай сөздүк курамы боюнча типтүү программада көрсөтүлгөн материалдар боюнча билимдерди берүү менен бирге эле ал билимдерди практикада колдонууга үйрөтүүгө басым жасоо, б.а. Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилерине карата конкреттүү мисалдар

келтирүү. Бир маанилүү, көп маанилүү сөздөрдү сүйлөм тизмегинде катыштырып, алардын маанилерин ачуу. Эне тилибиздин сөздүк составы жана сөздүк фондусу жөнүндө түшүнүк берүү.

Көркөм адабий чыгармалардан, элдик оозеки чыгармалардан, газета-журналдардан метафора,метонимия, синекдохаларга мисалдар келтирүү.

Зат, сын атооч жана этиш сөз түркүмдөрүнөн синоним, омоним, антоним сөздөрүн таптыруу. Аларды катыштырып сүйлөм түздүрүү.

Сөздөрдүн түз жана өтмө маанисине көнүгүүлөр, талдоолор, жүргүзүү.

Page 2: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

Кыргыз тилинин сөздүк составынын баюу жолдоруна токтолуу. Тилдин ички өнүгүшүнө жана четтен кирген сөздөр аркылуу байышына (түрк-монгол, иран, араб, орус тили жана ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр) ылайык сөздөр, тексттер тандап, көнүгүүлөрдү, талдоолорду жүргүзүү.

Кыргыз лексикасынын стилистикалык катмарлары жана колдонуш сферасы: жалпы элдик лексика, диалектизм, профессионализм, историзм, архаизм, неологизм ж.б.

Фразеология, ономастика, терминология жөнүндө студенттердин билимдерин калыптандыруу.

Сөздүктөр менен иштөө.

1.3. ДИСЦИПЛИНАНЫН БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ПРОГРАММАНЫН АЛКАГЫНДА АЛГАН ОРДУ.

Аталган дисциплина ЖОЖдордун гуманитардык багыттагы факультеттерде окутулат. Бул дисциплинанын жогорку билимдүү «Башталгыч класстын мугалими» адистигине ээ боло турган студенттерди даярдоодо өзүнүн аткара турган милдети бар. Ал аталган адистик үчүн түзүлгөн атайын окуу планында кесиптик билим берүүчү негизги компоненттеринин бири катары каралып, жалпы лингвистикалык терең билимдүү адистерди чыгарууда милдетүү түрдө өздөштүрүлүүчү предмет катары белгиленген. Кыргыз тилинин фонетикасы жана грамматикасы менен тыгыз байланышта каралат.

1.4. ДИСЦИПЛИНАНЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАРДЫ АТТЕСТАЦИЯЛОО ФОРМАСЫ.

Дисциплина 2- курстун 3- семестринде 20 саат лекция, 14 саат практикалык сабак, 4-семестринде 20 саат лекция, 14 саат практикалык сабак көлөмүндө окутулат. Студенттердин билимдери 4 модуль менен текшерилип, экзамен менен жыйынтыкталат

2. ДИСЦИПЛИНАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА МАЗМУНУ.Дисциплина кыргыз тилинин лексикология, фразеология жана лексикография

бөлүмдөрүн окутат. Мазмуну:Лексикология жөнүндө маалымат. Сөз жана анын лексикалык, грамматикалык

маанилери. Сөздүн жалпылоочулук касиети. Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр. Көп маанилүү сөздөрдүн пайда болу жана өнүгүү жолдору: метафора, метонимия, синекдоха. Сөзүн тике жана өтмө маанилери. Омоним, синоним, антоним сөздөр. Кыргыз тилинин төл сөздөр жана сырттан кабыл алынган сөздөр. Түрк –моңгол, Иран, араб,орус тили жана ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр аркылуу кыргыз тилинин лексикасынын байышы. Кыргыз лексикасынын стилистикалык катмарлары (нейтралдык, китептик, оозеки сүйлөшүү). Кыргыз лексикасынын колдонуш сферасына карата жалпы элдик лексика, колдонуш сферасы чектүү болгон диалектизмдер, професионализмдер болуп бөлүнүшү. Историзмдер, архаизмдер, неологизмдер.

Фразеология жөнүндө маалымат. Фразеологиялык бирдиктердин түрлөрү: фразеологиялык ширешме, фразеологиялык биримдик, фразеологиялык айкалыш.

Лексикография жөнүндө түшүнүк. Кыргызча-орусча, орусча-кыргызча, түшүндүрмө, диалектикалык, синонимдик, омонимдик, антонимдик, этимологиялык, терминологиялык, фразеологиялык, энциклопедиялык, орфографиялык сөздүктөр.

3. ДИСЦИПЛИНАНЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН КАЛЕНДАРДЫК ГРАФИГИ.

СААТТАРДЫН БӨЛҮНҮШҮ№ Теманын аталышы Лекция Практ.саб.1. Кыргыз тилинин лексикологиясы, анын изилдөө

обьектиси.2

2. Сөз. Сөздүн мааниси жана анын типтери. 2 2

2

Page 3: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

3. Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр. 2 14. Синонимдер. 2 15. Омонимдер. 2 16. Антонимдер. 2 17. Кыргыз тилинин төл лексикасы. 2 18. Кыргыз тилине сырттан кирген сөздөр. 2 19. Архаизмдер жана историзмдер. 2 210. Неологизмдер. 2 211. Жат жазуу

Жалпы:-

20 саат2

14 саат1-3-модуль: текшерүү иши (40 балл)

1. Диалектизмдер. 2 22. Кесип сөздөрү. 2 23. Терминдер. 2 24. Жаргон-арготикалык сөздөр. 2 -5. Кыргыз тилинин фразеологиясы. 4 26. Кыргыз тилинин лексикографиясы. 4 27. Кыргыз тилинин стилистикасы. 2 28. Эркин темадагы дилбаян. 2 2

Жалпы: 20 саат 14 саатБардыгы: 40 саат 28 саат

2-4-модуль: тестирлөө (45 балл) Модулдардын жыйынтыгы (жазуу иши, тестирлөө ж.б.) 85 балл

Кошумча балл (катышуу, өз алдынча иштер ж.б.) 15 баллБалдыгы: 100 балл

Эскертүү: Лекция жана практикалык сабактардын пландары программага 1-2-тиркеме катары берилди.

СТУДЕНТТИН ОКУТУУЧУ МЕНЕН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТӨӨСҮ-КОЛЛОКВИУМ(18 саат)

№ Тапшырмалар Сааты Тапшыруу формасы

1. Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр. (лекция) 2 Оозеки,конспект,кроссворд

2. Неологизмдер. (лекция) 2 Оозеки,конспектсканворд

3. Терминдер. (лекция) 2 Оозеки,конспекткласстер

4. Жаргон-арготикалык сөздөр. (лекция) 2 Аңгемелешүү,синквейн

5.6.

Эркин темадагы дилбаян. Кыргыз тилинин төл лексикасы. (практ.)

22

ДилбаянКөнүгүүлөрдү аткаруу

7. Кыргыз тилине сырттан кирген сөздөр. (практ.) 2 Көнүгүүлөрдү аткаруу

8. Архаизмдер жана историзмдер. (практ.) 2 Көнүгүүлөрдү

3

Page 4: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

аткаруу9. Терминдер. (практ.) 2 Көнүгүүлөрдү

аткаруу

СТУДЕНТТИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТЕРИ (52 саат)Сааты Тапшырмалар Тапшыруу формасы,

убактысы3 1-тема: Кыргыз лексикасынын изилдениши.

Максаты: Студенттер өз алдынча:Кыргыз тилинин лексикасын кимдер жана качан изилдешкен? Кандай эмгектерди жаратышкан? деген суроолордун тегерегинде ой жүгүртүшүп сунушталган адабияттар боюнча конспект жазышат. Адабияттар: 5, 20,34

Конспект

3 2-тема: Сөз жана түшүнүк. Максаты: Студент өз алдынча:1) Сөз деген эмне?2) «Сөздүн түшүнүк менен карым-катышы» деген темаларга даярданып оозеки жооп берет. Адабияттар: 2,3,4

Оозеки

3 3-тема: Көп маанилүүлүктүн пайда болушу, өнүгүү жолдору. Максаты: Студенттер аталгагн тема боюнча конспект жазышат. Адабияттар: 5,7,8,22

Конспект

3 4-тема: Синонимдер. Максаты: Студенттер өз алдынча;1) Нагыз жана контексттик синонимдер;2) Табу жана эвфемизмдер деген темалардын үстүндө даярданышып, сөз байлыктарын өстүрүшөт. Адабияттар: 2, 12, 24,29

Класстер

3 5-тема: Омонимдер . Максаты: Студенттер өз алдынча;1) Омонимдердин пайда болуу жолдору;2) Паронимдер:3) Тубаса жана туунду омонимдер деген

темалардын үстүндө даярданышып лингвистикалык билимдерин тереңдетишет.

Адабияттар: 2,4,22

Класстер

3 6-тема: Антонимдер. Максаты: Студент өз алдынча:1)Энантиссемия;2)Антонимдердин стилистикалык жактан колдонулушу деген темалар боюнча даярданып, оозеки жооп берет. Адабияттар: 19,22,24,31

Класстер

3 7-тема: Кыргыз тилинин төл лексикасы. Максаты: Студент өз алдынча:1) «Кыргыз тилинин этимологиялык сөздүгү»

Конспект, таблица

4

Page 5: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

менен таанышып, сөздөрдүн келип чыгыш тарыхы жөнүндө кеңири түшүнүк алат;

2) Экзотикалык сөздөр деген эмне? Аларга мисалдарды жазып, мүнөздөмө берет.

Адабияттар: 4,5,8, 21,22,253 8-тема: Кыргыз тилине сырттан кирген сөздөр.

Максаты: Студент өз алдынча:1) Кытай, тибет, санскрит тилдеринен кирген

сөздөр;2) Орус тили аркылуу кирген интернационалдык

сөздөр;3) Басма сөз беттериндеги бөтөн сөздөрдүн

колдонулушу деген темаларга даярдануу менен лекцияда алган билимдерин тереңдетет.

Адабияттар: 4,5,8, 21,22,25

Конспект, таблица

3 9-тема: Кыргыз тилиндеги эскирген жана жаңы лексика. Максаты: Студент өз алдынча:1)Архаизмдер менен историзмдердин окшоштуктары жана айырмачылыктары:2) Семантикалык, морфологиялык, синтаксистик неологизмдер;3)Учурдагы речибизге жаңы кирген сөздөр деген темалардын тегерегинде болуучу аңгеме-маекке даярданант. Адабияттар: 5,11,25,32

Аңгемелешүү

3 10-тема: Кыргыз лексикасынын колдонулуш чөйрөсүнө карай бөлүнүшү. Максаты: Студент өз алдынча:1)Кыргыз тилинин диалект, говорлорго бөлүнүшү. (К.К.Юдахин, И.А.Батманов, Б.М. Юнусалиевдердин классификациялары);2) Нагыз лексикалык диалектизмдер;3) Эпос, көркөм чыгармаларда диалектизмдердин колдонулушу;4) Ар кайсы кесипке байланыштуу сөздөрдүн топторун түзүү;5)Терминологиялык сөздүктөр менен таанышуу аркылуу өзүнүн сөз байлыгын өстүрүп, лингвистика боюнча кругозорун кеңейтет. Тандаган темасы боюнча доклад жазышат. Адабияттар: 2,4,27,28,30

Доклад

3 11-тема: Кыргыз тилинин фразеологиясы. Максаты: Студент өз алдынча:1) Макал-лакап, учкул сөздөр менен фразеологизмдердин окшоштуктары жана айырмачылыктары:2) Фразеологизмдердин варианттары;3)Фразеологиялык синонимдер жана антонимдер;4) Х.Карасаевдин «Накыл сөздөрү» жанан «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүктөрү» деген

Талкуу

5

Page 6: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

темаларды өздөштүрүп, тегерек столго даярданат. Адабияттар: 5,23, 24

3 12-тема: Кыргыз тилинин лексикографиясы. Максаты: Студенттер өз алдынча:1) Кыргыз тилинин сөздүктөрүнө кыскача

аннотация жазышат;2) Байыркы сөздүктөрдү;3) Кыргыз лексикографтары жана алардын

эмгектерин чагылдырган дубал газеталарын чыгарышат.

Адабияттар: 6,9,10,11,14,17,18, 19,20,21,22,23,25,26,28,29,30,32

Аннотация, дубал газета

1-4-модулдарга даярдык- 16 саатБардыгы: 52 саат

4. СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ ИШТЕРИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ТЕКШЕРҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ЖАКТАН ЖАБДЫЛЫШЫ.

Көздөгөн максатка жетүү үчүн студент аудиторияда китеп менен өз алдынча билим алууга машыгып, талкууга алынып жаткан маселе боюнча өз оюн билдирип, сабактарга үзбөй катышып, өзү тандаган темада реферат жазып, алган билимдерин тереңдетүү үчүн өз алдынча ар кыл формадагы тапшырмаларды өз убагында аткарып туруусу зарыл. Мындан тышкары түрдүү формадагы жазуу иштери алынат. Студенттин калтырган сабактарын жоюусуна модулга чейин уруксат берилет.

Студенттин лекцияларга катышуу, практикалык сабактарда көнүгүүлөрдү аткаруу, өз алдынча иштөө үчүн берилген материалдарды өздөштүрүү жана кошумча аткарган тапшырмаларынын талапка ылайыктыгына, оозеки жана жазуу кептеринин тууралыгына карай 4 модуль алынып, билим деңгээлдери бааланат. Тапшырмалар баллдар менен бааланып, норматив боюнча баа коюлат. («5»-85-100 балл, «4»-70-84-балл, «3»-50-69 балл, «2»-0- 49 балл).

1-3-модулдун суроолору: 1. Лексикология, анын обьектиси жана милдеттери. 2. Семасилогия.3. Сөз жана түшүнүк.2. Сөздүн мааниси жана анын типтери.3. Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилери.4. Жеке маанилүү жана көп маанилүү сөздөр.5. Көп маанилүүлүктүн пайда болуу жолдору.6. Түз жана өтмө маанилүү сөздөр.7. Конкреттүү жана абстрактуу маанилүү сөздөр.10.Сөздүн номинативдик жана туунду маанилери.11. Омонимдер.12. Омонимдин пайда болуу жолдору.13. Омонимдин түрлөрү.14. Синонимдер.15. Синонимдердин пайда болушу.16. Синонимдердин бөлүнүшү.17. Антонимдер.18. Антонимдердин бөлүнүшү.19. Антонимдердин стилистикалык жактан колдонулушу.

6

Page 7: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

20. Кыргыз тилинин төл лексикасы.21. Кыргыз тилине сырттан кирген сөздөр.22. Кыргыз лексикасына монгол тилинен кирген сөздөр.23. Кыргыз лексикасына иран тилинен кирген сөздөр.24. Кыргыз лексикасына араб тилинен кирген сөздөр.25. Кыргыз лексикасына орус тилинен кирген сөздөр.26. Эскирген лексика жана анын түрлөрү.27. Историзмдер.28. Архаизмдер.29. Неологизмдер.30. Диалектизмдер.31. Профессионализмдер.32. Термин жана терминология.33. Жаргондук – арготикалык сөздөр.34. Табу жана эвфемизмдер.35. Кыргыз лексикасынын стилистикалык катмарлары.36. Нейтралдык (бейтарап) лексика.37. Стилистикалык жактан чектелген лексика.38. Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.39. Фразеологизмдердин түрлөрү.40. Фразеологизмдердин көп маанилүүлүгү жана омонимдери.41. Фразеологиялык синонимдер жана фразеологиялык варианттар.42. Фразеологиялык антонимдер.43. Лексикография жөнүндө түшүнүк.44. Сөздүктүн түрлөрү.45. Кыргыз тилиндеги сөздүктөрдүн тарыхынан.

Адабияттар:1. Абдувалиев И. Азыркы кыргыз тили: (Лексикография). -Бишкек, 1999.-32 б.2. Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика, лексика). –Фрунзе: Мектеп, 1978.-176 б.3. Ахматов Т.К., Өмүралиева С. Кыргыз тили: (Фонетика, лексика). –Фрунзе: Мектеп,1990.-234 б.4. Жалилов А. Азыркы кыргыз тили. –Бишкек: Кыргызстан,1996.-232 б.5. Жапаров Ш. Кыргызская антропонимика. –Бишкек: Илим,1992. –191 б.6. Жапаров Ш., Сейдакматов К. Кыргыз тилиндеги синонимдер сөздүгү.-Фрунзе:Илим,1984.–468 б.7. Жапаров Ш.(ж.б.) Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү. –Фрунзе: Илим, 1986. –324 б.8. Жапаров Ш. Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1988. –239 б.9. Карасаев Х. Орфографиялык сөздүк. –Фрунзе: КСЭ, 1983. –576 б.10. Карасаев Х. Өздөштүрүлгөн сөздөр: (Сөздүк). –Фрунзе: КСЭ, 1986. –243 б.11. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. /Жамаат түзгөн. –Фрунзе: Мектеп, 1984. –624 б.12. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. /Жамаат түзгөн. –Фрунзе: Илим, 1980.-324 б.13. Мамытов Ж., Кулумбаева З. Азыркы кыргыз тили: (Лексикология). –Фрунзе, 1971. –112 б.14. Мамытов Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика жана лексикология).-ЖОЖдун филология факультетинин

студенттери үчүн.-Бишкек: Жэка,1999. –256 б.15. Мукамбаев Ж. Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. –Фрунзе: Илим, 1972, 1976.16. Орузбаева Б.О. Кыргыз терминологиясы.-Фрунзе:Мектеп,1983.-168 б.17. Сапарбаев А. Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы: (ЖОЖдун филология

факультеттеринин студенттери үчүн окуу китеби). –Бишкек: Кыргызстан-Сорос фонду, 1997. –328 б.18. Сартбаев К.К., Үсөналиев С. Кыргыз тилинин синонимдер сөздүгү. -Фрунзе: Мектеп, 1973.–44 б.19. Сейдакматов К. Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү. –Фрунзе: Илим, 1988. –335 б.20. Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. –Москва: Советская энциклопедия,1965.-974 б.

2-4-модулдун суроолору:

Тесттин варианттары программага 3-тиркеме катары берилет

7

Page 8: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

БААЛООНУН КРИТЕРИЙЛЕРИСтуденттерге модуль алуунун графиги боюнча 1-модулда сунушталган темалардын

ичинен 8 тема берилет. Ар бир жооп 5 баллдык система менен бааланат. Жогорку деңгээли 40 балл менен өлчөнөт.

2-модулда студенттердин модуль ичинде алган билимдери тест тапшырмаларын аткаруу менен текшерилет. 20 суроону камтыган тесттин ар бир туура жообу 1 балл менен бааланат. Жалпы тест боюнча максималдуу балл 20 болуп эсептелет. Калган 25 балл дилбаянга (маанисине 5 балл, сабаттуулугуна 5 балл), тапшырмалардын аткарылышына (5 балл), докладга (5 балл), кошумча тапшырмаларга (5 балл) коюлат

Кошумча берилүүчү 15 балл студенттин сабакка катышуусуна, активдүүлүгүнө (5 балл), өз алдынча иштерди аткаруусуна (5 балл), оозеки жообуна карата (5 балл) берилет.

Студенттин жалпы модулунун жыйынтыгы төмөнкү норматив менен жыйынтыкталат.

40 балл 45 балл 100 балл0-27 «2»

0-26«2»

0-54«2»

28-32«3»

27-37«3»

55-59«3»

33-39«4»

38-44«4»

70-84«4»

40«5»

45«5»

85-100«5»

5. ДИСЦИПЛИНАНЫН РЕСУРСТУК ЖАБДЫЛШЫ:5.1. НЕГИЗГИ ОКУУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ:

1. Акунова А., Райымбекова М. Азыркы кыргыз тили. Лексика.-Бишкек,2005.-100б.2. Жалилов А. Азыркы кыргыз тили. –Бишкек: Кыргызстан,1996.-232 б.3. Жапаров Ш., Сыдыкова Т. Кыргыз тилинин лексикологиясы.- Бишкек, 2008.-128 б.4. Мамытов Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика жана лексикология).-ЖОЖдун филология

факультетинин студенттери үчүн.-Бишкек: Жэка,1999. –256 б.5. Сапарбаев А. Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы: (ЖОЖдун филология

факультеттеринин студенттери үчүн окуу китеби). –Бишкек: Кыргызстан-Сорос фонду, 1997. –328 б.

5.2. КОШУМЧА ОКУУ, ИЛИМИЙ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ:

6. Абдувалиев И. Азыркы кыргыз тили: Лексикография. -Бишкек, 1999.-32 б.7. Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика, лексика). –Фрунзе: Мектеп, 1978.-

176 б.8. Ахматов Т.К., Өмүралиева С. Кыргыз тили: (Фонетика, лексика).–Ф.: Мектеп,1990.-234 б.9. Дыйканов К. Кыргыз тилинин терс жана кери алфавиттүү сөздүгү. –Бишкек: Кыргыз

Республикасынын УИАсынын басмасы, 1989.-455 б.10. Дыйканов К. «Манас» эпосунун жиги сөздүгү. –1-бөлүк.-Бишкек: КМУ,1988.-142 б.11. Жалилов А. Кыргыз тилиндеги жаңы сөздөрдүн сөздүгү. –1-китеп. -Ош,1998. –70 б.12. Жапаров Ш. Азыркы кыргыз тилиндеги синонимдер. –Фрунзе: Мектеп,1971. –64 б.13. Жапаров Ш.Кыргыз адам аттары,-Ф.:Илим,1989. 115б.14. Жапаров Ш. Кыргыз адам аттарынын сөздүгү. –Фрунзе: Мектеп, 1979. –464 б.15. Жапаров Ш. Кыргыз ономастикасы. –1-чыгарылышы. –Кыргызская ономастика.-Вып.1.–Фрунзе:

Илим,1990.-181б.16. Жапаров Ш. Кыргызская антропонимика. –Бишкек: Илим,1992. –191 б.17. Жапаров Ш., Сейдакматов К. Кыргыз тилиндеги синонимдер сөздүгү.-Фрунзе: Илим, 1984. –468 б.

8

Page 9: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

18. Жапаров Ш.(ж.б.) Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү. –Фрунзе: Илим, 1986. –324 б.19. Жапаров Ш. Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү. -Фрунзе: Илим, 1988. –239 б.20. Карасаев Х. Орфографиялык сөздүк. –Фрунзе: КСЭ, 1983. –576 б.21. Карасаев Х. Өздөштүрүлгөн сөздөр: (Сөздүк). –Фрунзе: КСЭ, 1986. –243 б.22. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. /Жамаат түзгөн. –Фрунзе: Мектеп, 1984. –624 б.23. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. /Жамаат түзгөн. –Фрунзе: Илим, 1980.-324 б.24. Мамытов Ж., Кулумбаева З. Азыркы кыргыз тили: (Лексикология). –Фрунзе, 1971. –112 б.25. Карасаев Х. Камус наме: (Карасай сөздүк). – Араб, иран, кытай, монгол, орус тилдеринен оошуп

келген жана көөнөргөн сөздөр. –Бишкек: Шам, 1996.26. Мукамбаев Ж. Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. –Фрунзе: Илим, 1972, 1976.27. Орузбаева Б.О. Кыргыз терминологиясы.-Фрунзе:Мектеп,1983.-168 б.28. Орузбаева Б.О., Закирова В. Грамматикалык терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү. –Фрунзе:

Мектеп, 1981.-103 б.29. Сартбаев К.К., Үсөналиев С. Кыргыз тилинин синонимдер сөздүгү. –Фрунзе: Мектеп, 1973. –44 б.30. Сейдакматов К. Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү. –Фрунзе: Илим, 1988. –335 б.31. Усубалиев Б.Антонимдер, аларды окутуу.-Фрунзе: Мектеп,1987.-144 б.32. Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. –Москва: Советская энциклопедия,1965.-974 б.33. Юнусалиев Б.М. Киргизская лексикология: (Развитие корневых слов).-Часть 1. –Ф.: Киргоcиздат,

1959.-24 б.34. Юнусалиев Б.М. Тандалган эмгектер. –Фрунзе: Илим,1985. –510 б.

ДИСЦИПЛИНАНЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ПРОГРАММАЛАР:

1. Азыркы кыргыз тили жана аны башталгыч класстарда окутуунун методикасы боюнча 540605 адистиктеги студенттер үчүн типтүү программа /И.Арабаев атындагы КМУнун программалары/.-Сб.№1.-3-35 –б.

2. Жапаров Ш. Сыдыкова Т. Азыркы кыргыз тилинин программасы (Фонетика, лексикология, диалектология боюнча).-Бишкек: Сабыр,2000.-32 б.

3. Өмүралиева С. «Азыркы кыргыз тили» курсун окуп үйрөнүү боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана текшерүү иштеринин темалары.-Фрунзе,1986.-43 б.

9

Page 10: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

1-тиркеме«Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсу боюнча

лекциялардын пландары.

1-лекция (2 саат) Тема: Кыргыз тилинин лексикологиясы, анын изилдөө обьектиси.

1. Лексикология жөнүндө жалпы түшүнүк.2. Лексикологиянын тармактары.3. Лексикология бөлүмү боюнча окулуучу адабияттар тууралуу.

2-лекция (2 саат)Тема: Сөз. Сөздүн мааниси жана анын типтери.1. Сөз деген эмне?2. Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилери.3. Толук маанилүү жана кызматчы сөздөр.4. Конкреттүү жана абстрактуу маанилүү сөздөр.5. Номинативдик жана туунду маанилүү сөздөр.6. Түз жана өтмө маанилүү сөздөр.

3-лекция (2 саат)Тема: Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр.1. Моносемия.2. Дисемия.3. Полисемия.

4-лекция (2 саат)Тема: Синонимдер.

1. Синоним сөздөр жөнүндө жалпы түшүнүк.2. Синонимдик катар деген эмне?3. Синонимдердин түрлөрү.4. Синонимдердин пайда болуу жолдору.

5-лекция (2 саат)Тема: Омонимдер. 1. Омоним сөздөр жөнүндө жалпы түшүнүк.2. Омонимдердин түрлөрү.3. Омонимдердин пайда болуу жолдору.4. Көп маанилүүлүк жана омонимдер жөнүндө.

6-лекция (2 саат)Тема: Антонимдер. 1. Антоним сөздөр жөнүндө жалпы түшүнүк.2. Антонимдердин түзүлүшүнө карай бөлүнүшү.3. Антонимдердин пайда болу жолдору.4. Антонимдердин мааисине карай бөлүнүшү.

10

Page 11: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

7-лекция (2 саат)Тема: Кыргыз тилинин төл лексикасы. 1. Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн чыгыш тегине карай бөлүнүшү.2. Түрк жана монгол тилдерине орток лексика.3. Жалпы түрк тилдерине орток лексика.

8-лекция (2 саат)Тема: Кыргыз тилине сырттан кирген сөздөр.1. Кыргыз тилине монгол тилинен кирген сөздөр.2. Кыргыз тилине иран тилинен кирген сөздөр.3. Араб тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр4. Орус тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр.

9-лекция (2 саат)Тема: Кыргыз тилиндеги эскирген жана жаңы лексика. 1. Историзмдер.2. Архаизмдер.3. Неологизмдер.

10-лекция (2 саат)Тема: Кыргыз лексикасынын колдонулуш чөйрөсүнө карай бөлүнүшү. 1. Диалектизмдер.2. Профессионализмдер.3. Терминдер.4. Жаргон-арготикалык сөздөр.

11-лекция (2 саат)Тема: Кыргыз тилинин фразеологиясы. 1. Фразеология-тил илиминин бир бөлүмү.2. Фразеологиздер жана алардын мүнөздүү белгилери.3. Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер.4. Фразеологизмдердин лексика-тематикалык топтору.5. Фразеологизмдердин пайда болуу тарыхынан.

12-лекция (2 саат)Тема: Кыргыз лексикасынын стилистикалык катмарлары.

1. Сүйлөшүү стили.2. Көркөм стиль3. Официалдуу-иштиктүү стиль.4. Публицистикалык стиль.5. Илимий стиль.

13-лекция (2 саат)

Тема: Кыргыз тилинин лексикографиясы. 1. Лексикографиясы жөнүндө жалпы маалымат.2. Кыргыз лексикографиясынын калыптанышы жана өнүгүшү.

11

Page 12: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

3. Сөздүктөр жана алардын түрлөрү.

2-тиркеме«Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсу боюнча өтүлүүчү

практикалык сабактардын планы.

1-практикалык сабак (2саат)Тема: Сөз1.Студенттердин теориялык билимдерин суроо-жооп аркылуу бекемдөө:

а) Лексикология эмнени үйрөтөт?б) Сөз деген эмне? Анын белгилерин ата.в) Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилеринин ортосундагы айырма кайсы?г) Номинативдик жана туунду мани деген эмне?е) Конкретүү жана абстракту маанилүү сөздөргө мисал келтир.

2. Акунова А., Райымбекова М. «Азыркы кыргыз тили. Лексика» (Б.,2005) окуу куралы боюнча көнүгүү иштөө.3.Өз алдынча иштөө боюнча.

Адабияттар № 1,2,3,4,5

2-практикалык сабак. (2саат)Тема: Бир маанилүү жана көп маанилүү сөздөр.1.Студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө:

а) Лексикологияны үйрөтүүнүн кандай теориялык жана практикалык мааниси бар.б) Моносемия, дисемия, полисемия деген терминдерди түшүндүр.в) Көп маанилүүлүк кандайча пайда болот?

2.Көнүгүү иштөө.3.Өз алдынча иштөө боюнча.

Адабияттар №1,2,3,4,5

3-практикалык сабак (2саат)Тема: Кыргыз тилиндеги синонимдер.1.Студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө:

а) Синонимдердин мүнөздүү белгилерин түшүндүргүлө.б) Синонимдердин кандай түрлөрүн билесиңер?в) Синонимдер кандай жолдор менен пайда болот.

2.Көнүгүү иштөө.3.Өз алдынча иштөө боюнча.

Адабияттар №1,2,3,4,5

4-практикалык сабак (2саат)Тема: Кыргыз тилиндеги омонимдер.1.Студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө.

а) Омоним жана анын түрлөрүб) Омофон, омоформа, омографтарга мисал келтиргиле.

12

Page 13: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

в) Омонимдер менен көп маанилүү сөздөрдүн окшоштуктары жана айырмачылыктар кайсылар?

2.Көнүгүү иштөө.3.Өз алдынча иштөө боюнча.

Адабияттар №1,2,3,4,5

5-практикалык сабак (2саат)

Тема: Кыргыз тилиндеги антонимдер.1.Студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө.

а) Антонимдердин башка сөздөрдөн өзгөчөлүктөрүн түшүндүргүлө.б) Антонимдердин түзүлүшүнө жана маанисине карай кандайча бөлүнөт?в) Нагыз жана контексттик антонимдерге мисалдар келтиргиле.

2.Көнүгүү иштөө.3.Өз алдынча иштөө боюнча.

Адабияттар №1,2,3,4,5

6-практикалык сабак (2саат)Тема: Кыргыз тилинин төл лексикасы.1.Студенттердин теориялык билимдерин бышыктоо:

а) Кыргыз тилинин лексикасынын тарыхый жактан куралышынын катмарлары кайсылар?б) Төл сөздөр деп эмнени айтабыз?в) Төл лексика кандай топтордон турат?г) Жалпы түрк тилдерине орток лексиканы мүнөздөп бергиле?

2.Көнүгүү иштөө.3.Өз алдынча иштөө боюнча.

Адабияттар №1,2,3,4,5

7-практикалык сабак (2саат)Тема: Кыргы тилине сырттан кирген сөздөр.1.Студенттердин алган билимдерин бышыктоо:

а) Өздөштүрүлгөн сөздөр кандай топторго бөлүнөт?б) Монгол тилинен кыргыз тилине кандай сөздөр кирет?в) Иран, араб тилдериненчи?г) Орус тилинен кирген сөздөрдүн тематикалык топтору жана кирүү жолдору.

2.Көнүгүү иштөө.3.Өз алдынча иштөө боюнча.

Адабияттар №1,2,3,4,5

8-практикалык сабак (2саат)Тема: Кыргыз тилиндеги эскирген жана жаңы лексика.1.Студенттердин алган теориялык билимдерин бышыктоо.а)Кыргыз тилиндеги эскирген жана жаңы лексика кандай топтордон турат?

б) Историзмдер, анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү.в) Архаизмдер, аны түрлөрү.г) Эскирген сөздөрдүн көркөм адабий чыгармаларда максаттары эмнеде?д) Неологизмдердин пайда болу булактары кайсылар?

2.Көнүгүү иштөө.

13

Page 14: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

3.Өз алдынча иштөө боюнча. Адабияттар № 1,2,3,4,5

9-практикалык сабак (2саат)Тема: Кыргыз тилинин фразеологиясы.1.Студенттердин алган теориялык билимдерин бекемдөө:

а) Эркин сөз айкашы менен туруктуу сөз айкашынын айырмасы кандай?б) Фразеологизмдердин негизги тиштерине мисалдарды келтир.д) Кыргыз тилинин фразеологиясын кимдер изилдешкен?

2.Көнүгүү иштөө.3.Өз алдынча иштөө боюнча. Адабияттар №1,2,3,4,5

10-практикалык сабак (2саат)Тема: Кыргыз тилинин лексикографиясы.1. Студенттердин алган теориялык билимдерин бышыктоо:

а) Лексикография эмнени үйрөтөт?б) Кыргыз тилинин сөздөрүн чогултуу иштерине кимдер чыйыр салган, алардын кандай эмгектери бар?в) Сөздүктөр деген эмне? Кандай сөздүктөрдү билесиңер?г) Сөздүктөрдүн кандай түрлөрү бар? Ар бирине мисал келтир.д) Энциклопедиялык жана лингвистикалык сөздүктөрдүн айырмасы эмнеде?

2. Сөздүктөр менен иштөө.3. Лексикология боюнча терминдерди кайталоо. Адабияттар №1,2,3,4,5

11-практикалык сабак (2саат)1.Эркин темада сочинение жаздыруу:

Эне тилим-эне сүтүм. Мени таасирленткен чыгарма. Ата-эненин ишеничин актайлы. Кыргызстан - мекеним. Кыргыз элинин улуттук майрамдары. Кыргыз элинин каада - салттары.

2. Каталардын үстүндө иштөө.3.Жыйынтыктоо.

14

Page 15: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

3-тиркеме

Тест 1-вариант

1. Лексикологиянын изилдөө объектилери кайсылар? А. Сөз айкашы, сүйлөм. Б. Сөз түркүмдөрү. В. Тыбыш, тамга, фонема Г. Сөз, сөздүн мааниси Д. Сөз курамы, морфема

2. Лексикология төмөнкү бөлүмдөрдөн турат. Кайсынысы туура эмес? А. Семасиология Б. Фонетика В. Фразеология Г. Лексикография Д. Тарыхый лексикология

3. Кыргыз эли өзүнүн өнүгүү тарыхында көп элдер менен ар кандай карым-катышта болуп келген. Ошонун натыйжасында тилибизге көп сөздөр кирген. Алиппе, мугалим, мечит, айт деген сөздөр кайсы тилден кабыл алынган? А. Орус Г.Иран Б. Монгол Д. Уйгур В. Араб

4. Адам-киши, асман-көк, эл-журт, кант-шекер деген сөздөр кайсы топко кирет? А. Неологизм Б. Синоним В. Омоним Г. Антоним Д. Табу

5. Төмөнкүлөрдөн макал-лакапты тапкыла? А. Беш өрдөгүн учуруу Б. Жылдыздуу адам В. Ак көңүл Г. Жабуулуу кара инген Д. Калптын казаны кайнабайт

6. Ишкер, демөөрчү, эмкана, дыйкан чарба деген кандай сөздөр? А. Архаизм Б. Неологизм В. Историзм Г. Диалектизм Д. Эвфемизм

15

Page 16: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

7. Улуу-кичүү, бийик-жапыз, жакшы-жаман деген сөздөр төмөнкүлөрдүн кайсынысына кирет? А. Кесип сөздөр Б. Синонимдер В. Антонимдер Г. Өтмө маанилүү сөздөр Д. Омонимдер

8. Кыргыз тилиндеги эскирген сөздөр эмне деп аталат? А. Фразеологизмдер Б. Архаизмдер В. Жаргондор Г. Учкул сөздөр Д. Неологизмдер

9. Көп маанилүү сөздөрдү тапкыла А. Китеп Б. Тумак В. Кыргыз Г. Укта Д. Бет

10. Кыргыз тили Кыргыз республикасынын мамлекеттик тили болуп качан кабыл алынган? А. 1995 Б. 1990 В. 1989 Г. 1975 Д. 1980

11. Кыргыз тили тилдердин кайсы тобуна кирет? А. Славян Б. Роман В. Кавказ Г. Түрк Д. Якут

12. Кыргыз тилиндеги «Кыргызча-орусча сөздүктү» ким түзгөн? А. И.А.Батманов Б. К.К.Юдахин В. К.К.Сартбаев Г. Ж.Мукамбаев Д. К.Дыйканов

13. Кыргыз тили фразеологизмдерге абдан бай. Алар кепке көркөмдүк, образдуулук берип турат. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизм эмес? А. Биттин ичегисине кан куйган Б. Жыдлын тоо кылуу В. Ырыс алды -ынтымак Г. Сары майдай сактоо Д. Беш колундай билүү

14. Түрмө, көлөч, самоор, бөтөлкө, жарманке деген сөздөр кайсы тилден кабыл алынган? А. Араб Б. Иран В. Монгол Г. Өзбек Д. Орус

15. Ордо, айбалта, зындан, нөкөр деген сөздөр кайсы топко кирет? А. Историзм Б. Неологизм В. Термин Г. Диалектизм

16

Page 17: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

Д. Идиома

16.Күн-түн, калп-чын, бар-жок, кең -тар деген сөздөр кайсы топко кирет? А. Синонимдер Б. Омонимдер В. Антонимдер Г. Терминдер Д. Диалектизмдер

17.Бат-тез-дароо-ылдам-чапчаң-көз ачып жумганча-бир заматта деген сөздөр кайсы топко кирет? А. Неологизмдер Б. Архаизмдер В. Синонимдер Г. Антонимдер Д. Терминдер

18. Бул термин кыргыз тилинде «туура жазам» дегенди туюндурат. Ал кайсы термин? А. Орфография Б. Орфоэпия В. Пунктуация Г. Синекдоха Д. Метафора

19. Кыргыз тилинин «Орфографиялык сөздүгүн» ким түзгөн? А. Жапаров Ш. Б. Юдахин К.К. В. Юнусалиев Б.М. Г. Карасаев Х. Д. Жалилов А.

20. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы кесип сөздөргө кирет? А. Асман, жер, жумуш Б. Гүл, суу, аба В. Жоон, ичке, катуу Г. Кирпич, балка, мык Д. Ата, апа, бала

2-вариант1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили тууралуу «Кыргыз тили жөнүндөгү закон» качан кабыл алынган? А. 1991 Б. 1990 В. 1989 Г. 1999 Д. 1993

2. Лексикология төмөнкү бөлүмдөрдөн турат. Кайсынысы туура эмес? А. Семасиология Б. Орфография В. Фразеология Г. Лексикография Д. Тарыхый лексикология

17

Page 18: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

3. Кыргыз эли өзүнүн өнүгүү тарыхында көп элдер менен ар кандай карым-кытышта болуп келген. Ошонун натыйжасында тилибизге көп сөздөр келип кирген. Кыргыз тилиндеги алтын, аяк, топчу, каалга, босого деген сөздөр кайсы тилден кабыл алынган? А. Иран Г. Уйгур Б. Араб Д. Орус В. Монгол

4. Эл-калк-журт-калайык, бат-тез-дароо-ыкчам деген сөздөр кандай сөздөрдүн тобуна кирет? А. Көп маанилүү Г. Синоним Б. Омоним Д.Өтмө маанилүү В. Антоним 5. Кыргыз тили фразеологизмдерге абдан бай. Алар кепке көркөмдүк, образдуулук берип турат. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизм эмес? А. Кара кылды как жарган Б. Калптын казаны кайнабайт В. Беш өрдөгүн учуруу Г. Жабуулуу кара инген Д. Куш боо бек болсун!

6. Аалым, төңкөрүш, от араба, тил кат деген сөздөр кайсы топко кирет? А. Архаизм Б. Историзм В. Диалектизм Г. Неологизм Д. Эвфемизм

7. Бул термин француз тилинен кабыл алынган. Кыргыз тилине которгондо «тунук кагазга түшүрүлгөн копия» дегенди билдирет. Бул кайсы термин? А. Профессионализм Б. Табу В. Этнография Г. Калька Д. Фонема

8. Лексикологиянын изилдөө объектилери кайсылар? А. Сөз, сөз айкаштары, сүйлөм Б. Сүйлөм, сүйлөм мүчөлөрү В. Эркин сөз айкашы, морфема Г. Сөз, сөздүк курам, сөздүн мааниси Д. Тыбыш, фонема

9. Энчилүү аттар жөнүндөгү лексикологиянын бөлүмү эмне деп аталат? А. Лексикография Б. Семасиология В. Фразеология Г. Орфоэпия Д. Онамастика

10. Абстрактуу маанилүү сөздөрдү тапкыла

18

Page 19: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

А. Жыгач, айнек, жылдыз, ай, күн Б. Ой, кыял, билим, ниет, тилек В. Катуу, жумшак, таттуу, ачуу, ысык Г. Терезе, дарак, үй, эшик Д. Адам, апа, эже, байке, ини

11. Кыргыз тили Кыргыз республикасынын мамлекеттик тили болуп кабыл алынгандыгына канча жыл болду? А. 19 Б. 10 В. 18 Г. 11 Д. 5

12. Көп маанилүү сөздү тапкыла? А. Китеп Б. Тумак В. Кыргыз Г. Укта Д. Баш

13. Кыргыз тилиндеги эскирген сөздөр эмне деп аталат? А. Фразеологизмдер Б. Архаизмдер В. Жаргондор Г. Учкул сөздөр Д. Неологизмдер

14. Улуу-кичүү, бийик-жапыз, жакшы-жаман деген сөздөр кайсы топко кирет? А. Кесип сөздөр Б. Синонимдер В. Антонимдер Г. Өтмө маани Д. Омонимдер

15. Ишкер, демөөрчү, эмкана, дыйкан чарба деген кандай сөздөр? А. Архаизм Б. Неологизм В. Историзм Г. Диалектизм Д. Эвфемизм

16. Кыргыз тили тилдердин кайсы тобуна кирет? А. Славян Б. Роман В. Кавказ Г. Түрк Д. Якут

17. «Кыргыз тилиндеги кыргызча-орусча сөздүктү» ким түзгөн? А. И.А.Батманов Б. К.К.Юдахин В. К.К.Сартбаев Г. Ж.Мукамбаев Д. К.Дыйканов

18. Кыргыз тили фразеологизмдерге абдан бай. Алар кепке көркөмдүк, образдуулук берип турат. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизм эмес? А. Биттин ичегисине кан куйган Б. Жылын төө кылуу В. Кыздуу үйдө кыл жатпайт Г. Сары майдай сактоо Д. Беш өрдөгүн учуруу

19

Page 20: И - narod.ruakunova25.narod.ru/4.doc · Web view«Башталгыч класстардын мугалими» адистигин окуган студенттерге «Азыркы

19. Түрмө, көлөч, самоор, бөтөлкө, жарманке деген сөздөр кайсы тилден кабыл алынган? А. Араб Б. Иран В. Монгол Г. Өзбек Д. Орус

20. Ордо, ай балта, зындан, нөкөр деген сөздөр кайсы топко кирет? А. Историзм Б. Неологизм В. Термин Г. Диалектизм Д. Идиома

20