26
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ Диссертациялык кеңеш Д 13.16.527 Кол жазма укугунда УДК 371.3:894.341 АБДРАЕВА НАЗГУЛЬ ЭРКЕБЕКОВНА ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА «БАЛДАР АДАБИЯТЫ» ДИСЦИПЛИНАСЫН ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ 13.00.02 окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) Педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын АВТОРЕФЕРАТЫ Бишкек – 2016

ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

  • Upload
    others

  • View
    52

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ

ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК

УНИВЕРСИТЕТИ

Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК

УНИВЕРСИТЕТИ

Диссертациялык кеңеш Д 13.16.527

Кол жазма укугунда

УДК 371.3:894.341

АБДРАЕВА НАЗГУЛЬ ЭРКЕБЕКОВНА

ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА «БАЛДАР АДАБИЯТЫ» ДИСЦИПЛИНАСЫН

ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ

13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты)

Педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын

АВТОРЕФЕРАТЫ

Бишкек – 2016

Page 2: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

2

Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасында аткарылды.

Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору,профессор

Муратов Абдикарим Жаркынбаевич

Расмий оппоненттер:

педагогика илимдеринин доктору,профессор

Батаканова Светлана Топчиевна

педагогика илимдеринин кандидаты

Абдыкадырова Мая Байсаловна

Жетектөөчү мекеме: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы Дареги: 715600, Жалал-Абад шаары, Ленин кɵчɵсү-57.

Диссертация 2016-жылдын 23-декабрында саат 13.00 до И.Арабаев

атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.16.527 диссертациялык кеңешинин жыйынында корголот. (Дареги:720023, Бишкек ш., 10-кичи району, Т.Саманчин көчөсү, 10а.

Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынан таанышууга болот.

Дареги: 720040. Бишкек шаары, Раззаков көчөсү,51. Автореферат 2016- жылдын23-ноябрында таркатылды.

Диссертациялык кеңештин

окумуштуу катчысы,

педагогика илимдеринин

кандидаты Омурбаева Д.К.

Page 3: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

3

ИЗИЛДӨӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ Изилдөөнүн актуалдуулугу. Адамзаттын тарыхы – келечек

муундарына жеткиликтүү билим жана жетиштүү тарбия берүүнүн тарыхы. Кайсыл эл өзүнүн балдарын адептүү, илим-билимдүү, дени сак, акыл-эстүү кылып тарбияласа, ошол элдин эртеңки күнү жарык, келечеги кең болгон, тескерисинче, кайсыл элдин балдары адепсиз, түркөй болсо, ошол эл жашоосун токтотуп, тарых бетинен түбөлүк жоголгон. Балдар үчүн кам көрүүнүн башкы жолу – аларды өз элинин руханий маданияты менен тааныштыруу. Эл балдарды тарбиялоодо ар бир курактын өзүнө жараша өзгөчөлүгү бар экендигин, ар бир жаш бөбөктү, өспүрүмдү тарбиялоодо анын мүнөзүнө карап мамиле кылууну эске алып, алардын ошол өзгөчөлүктөрүнө ылайык көркөм чыгармалар менен камсыз кылган. Алардын бири болгон кыргыз адабияты чалкыган зор мухиттей кенен, тематикасы, поэтикасы өтө бай, балдардын рухий дүйнөсүнө байытууда жана тарбиялык таасирин көрсөтүүдө ченемсиз касиеттүү казына катары эл турмушунда өзгөчө орду болгон.

Бүгүнкү күндө биздин коомдо ар кандай зордук-зомбулук, баңгилик, ичкиликке берилүү, адамдарды кордоо, ыймансыздык, диний агымдарды ээрчип кетүү ж.б. терс сапаттар күчөп жатат. Кыргыз коому руханий-ыймандык деградацияга туш келди. Мына ушундай шартта балдарды адабияттын дүйнөсүнө алып кирүү, өрнөктүү каармандардын үлгүсүндө тарбиялоо өзгөчө мааниге ээ. Адабиятты окутуунун маани-маңызы тууралуу «Кыргыз адабиятынан билим берүүнүн мамлекеттик стандартында» адабий билим берүүнүн жалпы максаты – мектеп окуучусун өз улутунун жана дүйнөлүк көркөм адабияттын мыкты казыналары менен тааныштыруу тууралуу маалымат берилет. Алардын дүйнөнү кабылдоодогу эстетикалык табитин ойготуп, өнүктүрүп, атуулдук, адеп-ахлактык позициясын бекемдөө. Мындай максат-милдеттерди аткаруу үчүн: өз улутунун жана дүйнө адабиятынын мыкты үлгүлөрүн окуучуларга окутуп-үйрөтүү керек; окуучулардын көркөм нарктарды кабылдоосун жана сөз өнөрүн мыкты өздөштүрүүсүн камсыз кылган билимин жана билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандырып, адабиятты улуттук жана бүткүл адамзаттык негизде кабыл алуусун иштеп чыгуу; инсандын личность катары эмоционалдык маданиятын өнүктүрүп, анын дүйнөгө, жашоого, искусствого болгон мамиле-жообун, социалдык түшүнүгүн калыптандыруу; адамда көркөм чыгармачылык табитти, жөндөмдү өнүктүрүү, анын чыгармачылык ой чабытын, образдуу ой жүгүртүүсүн, эстетикалык туюм-сезимдерин жана анын келечек жашоо турмушунда зарыл болгон жана башка түшүнүк, көз караштарын өстүрүү; окуучунун көркөм чыгарманы кабыл алуусундагы эмоционалдык баалуулук мамилелерин, интеллектуалдык кайрымдуулугун жана

Page 4: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

4

рефлексин тарбиялоо, анын бийик эстетикалык табитин жана керектөөсүн калыптандыруу; окуучунун адабий речин өстүрүп, эркин жана сабаттуу сүйлөй жана жаза алышын, көркөм лексикасынын жана ой жүгүртүүсүнүн бай болушун камсыз кылуу керек экендиги жазылат Демек, педагогикалык жогорку окуу жайларында окуп жаткан болочок мугалимдерге балдар адабиятын окутуунун максаты – алардын кыргыз балдар адабияты тууралуу түшүнүгүн калыптандыруу, ал адабияттагы эстетикалык көрөңгөнү, идеялык-тематикалык маани-мазмунду келечектеги окуучуларына ачып бере алуу компетенттүүлүгүнө жетишүү.

Балдар адабияты дегенде – бул 15-16 жашка чейинки курактагы балдарга атайын арналган жана бала жашаган дүйнөнү таанытуучу, адабий образдар аркылуу билим берүүчү, тарбиялык мааниси так көрүнгөн «кичинекейлердин чоң адабияты» деген түшүнүк эске келет.

«Кыргыз балдар адабияты» дисциплинасы педагогикалык билим берүүчү жогорку окуу жайларынын «Мектепке чейинки билим берүү», «Башталгыч билим берүү», «Кыргыз тили жана адабияты» адистиктеринде жана педагогикалык орто окуу жайларында окутулат.

Азыркы ааламдашуу доорунда электрондук массалык-маалымдоо каражаттарынын, биринчи кезекте интернеттин, дагы башка маалыматтык технологиялардын балага таасир этүүсү активдешип, алардын көркөм адабиятка болгон кызыгуусу басаңдаган шартта билим берүү процессин жаңылоо, кыргыз элинин кылымдар бою колдонуп келген улуттук көрөңгөлөрүн, рухий-адептик баалуулуктарын азыркы студенттерге, алар аркылуу мектеп окуучуларына жеткирүү улуттук интеллигенциянын алдына коюлган зор милдеттердин бири. Кыргыз балдар адабияты – элибиздин фольклордук мурастарында сакталып келген, андан кийин профессионалдык акын-жазуучулардын чыгармаларында улантылган жалпы адамзаттык мааниге ээ руханий-адептик дөөлөттөр. Мына ошол дөөлөттөр педагогикалык адистик берүүчү жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттерге «Балдар адабияты» дисциплинасы аркылуу өтөт, ошол дисциплинаны үйрөнүү аркылуу болочок мугалимдердин тилдик-коммуникативдик, этномаданий, этнопедагоги-калык компетенттүүлүктөрү калыптанат. ЖОЖдордо болочок мугалимдерди кыргыз маданиятынын жана адабиятынын материалдарын колдонуп даярдоо проблемалары айрым адистердин (А.Алимбеков, А.Аттокуров, Н.Дюшеева, Б.Муратбаев, Ж.Сулайманкулова, Н.Шадиев, Т.Каранова ж.б.) кандидаттык диссертацияларында каралган. Булардын ичинен ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринде балдар фольклору аркылуу студенттерди окуучуларга атуулдук тарбия берүүгө үйрөтүү жолдору боюнча Т.Каранованын диссертациясы биздин изилдөөгө бир топ жакын, бирок ал бир дисциплинаны окутуунун жалпы маселелерин караган эмес. ЖОЖдордо кыргыз адабиятын окутуу боюнча Б.Үкүева

Page 5: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

5

«ЖОЖдордо студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуунун илимий-методикалык негиздери» деген докторлук диссертациясын коргогон, анда «Балдар адабияты»дисциплинасы объект болгон эмес. Ал эми көптөгөн диссертациялар жана эмгектер (Алымов Б., Абдыкадырова М., Байгазиев С., Батаканова С., Исамидинов И., Иманалиев К., Ишекеев Н., Кангельдиев Н., Мамбеталиев К., Молдогазиев Т., Момуналиев С., Муратов А., Оторбаев Б., Рысбаев С., Саалиева Д., Тешебаев М., Турдугулов А., Уразова Ж., Шаимкулов О. ж.б.) негизинен кыргыз адабиятын мектепте окутуу проблемасын изилдешкен.

Теориялык жана практикалык жактан педагогикалык адистик берүүчү ЖОЖдордо кыргыз маданиятынын жана адабиятынын материалдарын колдонуп студенттерди даярдоо проблемалары бир топ окумуштуулар тарабынан ар түрдүү аспектиден каралганы менен, тилекке каршы, аталган проблема ушул күнгө чейин «Балдар адабияты» дисциплинасынын мисалында ырааттуу изилдөөгө алынган эмес. Анын башкы себептери жана карама-каршылыктары төмөнкүлөр:аталган дисциплина көп жылдардан бери окутулуп келе жатса да, туруктуу жана сапаттуу окуу программасынын, окуу китептеринин иштелип чыкпагандыгы, окутуучулардын иш тажрыйбалары, окутуу методикасы жыйынтыкталбагандыгы; кыргыз балдар адабиятынын теориясы, тарыхы жана акын-жазуучулардын адабий портреттери ушул күнгө чейин жеткиликтүү изилденбегендиги; учурда жаш муундарды жетилген инсан катары калыптандырууда тарбиялоого болгон талаптын өсүшү менен аны ишке ашыруунун илимий-методикалык өбөлгөлөрүнүн ар тараптуу ачылып берилбегендиги; улуттук балдар адабиятынын бай казынасы болсо да, алардын үзүрүн азыркы жаштардын билимин, тарбиясын жогорулатуу процессинде натыйжалуу колдоно албай жаткандыгыбыз; болочок мугалимдерди балдар адабияты аркылуу жогорку окуу жайында этномаданий, тилдик-коммуникативдик, этнопедагогикалык негизде компетенттүүлүктөрүн калыптоо боюнча даярдоо проблемасынын теориялык жактан изилдөөгө алынбагандагы жана бул дисциплинаны окутуу багытында мамлекеттик стандартка ылайык келүүчү методикалык сунуштардын иштелип чыкпагандыгы ж.б. Жогоруда белгиленген карама-каршылыктарды чечүү изилдөөнүн проблемасын аныктап, темабызды

«Педагогикалык жогорку окуу жайларында «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун методикасы»деп атадык.

Теманын ири илимий программалар (долбоорлор) же негизги илимий-изилдөө иштери менен байланышы. Диссертация И.Арабаев атындагы КМУнун башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын 2013-2016-жылдардагы илимий-изилдөө иштери менен байланышат.

Page 6: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

6

Изилдөөнүн максаты: Педагогикалык жогорку окуу жайларында «Балдар адабияты» дисциплинасынын максат-милдеттерин тактоо, мазмунун аныктоо, аны окутуунун методикасын теориялык жактан негиздөө жана негизделген сунуштарды практикага киргизүүнүн жолдорун иштеп чыгуу, иштелип чыккан идеялардын майнаптуулугун тажрыйбада текшерүү.

Изилдөөнүн милдеттери:

Балдар адабияты боюнча илимий-теориялык адабияттарды талдоо аркылуу анын азыркы доордогу таалим-тарбиялык функцияларын жана ааламдашуу процессиндеги маани-маңызы аныктоо. Педагогикалык жогорку билим берүүдө кыргыз балдар адабиятынын маанисин жана ордун ачып көрсөтүү.

ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринде балдар адабиятын окуп-үйрөнүүнүн тарыхына жана анын изилденишине талдоо жүргүзүү. «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун методологиялык таянычтарын көрсөтүү.

«Балдар адабияты» дисциплинасынын мазмунун аныктоого коюлуучу талаптарды иштеп чыгуу жана илимий жактан негиздөө, дисциплинанын түзүлүшүн жана окуу материалдарынын дидактикалык шарттарын, студенттер ээ болуучу компетенцияларын аныктоо.

«Балдар адабияты» дисциплинасынын методикасы боюнча сунуштарды түзүү жана ал ыкмаларды, жолдорду, каражаттарды окутуу процессине киргизүүнүн технологияларын иштеп чыгуу, алардын натыйжалуулугун аныктоо үчүн педагогикалык тажрыйбаларды жүргүзүү, алардын жыйынтыктарын талдоо.

Изилдөөнүн илимий жаңылыгы жана теориялык баалуулугу төмөнкүлөр менен аныкталат: Педагогикалык жогорку окуу жайларында «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун методикасы заманбап талаптарга ылайык адабият таануу, эстетика, педагогика, психология илимдеринин соңку жетишкендиктерине негизделип алгачкы жолу иштелип чыккандыгы; аталган дисциплинаны окутуунун тарыхы, учурдагы абалы, өзгөчөлүктөрү, изилдениши системага салынгандыгы; ЖОЖдордо «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун натыйжалуу методдору, жолдору жана каражаттары аныкталгандыгы; аныктаган натыйжалуу методдор, жолдор, каражаттар тажрыйбадан өткөрүлүп, практикага сунушталгандыгы.

Изилдөөнүн практикалык мааниси:«Балдар адабияты» дисциплинасын окуу материалдарынын үлгүлөрү, методикалык сунуштар, табылгалар окуу программаларын, окуу китептерин, методикалык колдонмолорду өркүндөтүп түзүүдө, университеттерде курстук, дипломдук, магистрдик иш жаздырууда, аталган дисциплина боюнча окутуу технологияларын жаңылоодо жардам берет.

Page 7: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

7

Коргоого сунуш кылынуучу жоболор:

ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринде балдар адабиятын окутуу болочок мугалимдердин дүйнөгө көз карашын, адабий-эстетикалык табитин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө зарыл шарттарды жаратат.

«Балдар адабияты» дисциплинасын окутууда интеграция, улануучулук, билимдин бекемдиги, илимийлүүлүгү, тарыхка кайрылуу сыяктуу принциптердин ишке ашышы анын маани-маңызын, жеткиликтүүлүгүн, майнаптуулугун камсыз кылат.

Окутуу процессинде кыргыз балдар адабиятынын эволюциялык процессин жана андагы жеке акын-жазуучулардын салымын көрсөтүү, тексттер менен тынымсыз иштөө үйрөтүүнүн натыйжалуулугун көрсөтөт.

Окутууда студенттердин чыгармачылыгын өстүрүүгө, билимдерин системалаштырууга өзгөчө көңүл буруу алардын компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга ыңгайлуу шарт түзөт.

Атайын аныкталган максатта жана тиешелүү формада өткөрүлгөн педагогикалык тажрыйбалардын жыйынтыктары илимий божомолдун туура экендигин далилдейт жана аталган дисциплинаны окутууну өркүндөтүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет ж.б.

Изденүүчүнүн жекече салымы: Педагогикалык ЖОЖдордо балдар адабиятын окутуунун натыйжалуу методикалык ыкмаларынын табылгандыгы; «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун тарыхы, өзгөчөлүктөрү, изилдөөнүн абалы аныкталгандыгы; балдар адабиятын үйрөтүүнүн заманбап технологияларынын иштелип чыгып, окутуучуларга сунушталгандыгы; ал сунуштардын натыйжалуулугу тастыкталгандыгы ж.б.

Илимий изилдөөнүн натыйжаларын апробациялоо: Диссертация-лык тема боюнча илимий-практикалык кеңешмелерге докладдар даярдалган, тема боюнча макалалар жазылган жана иш аткарылган жерде – И.Арабаев атындагы КМУнун башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын отурумунда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде талкууланган.

Изилдөө этаптары: База:И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети, Ош

гуманитардык-педагогикалык институту, Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети.

Эксперимент үч этапта жүргүзүлдү. Биринчи – даярдоочу этапта (2008-2009-жылдар) – тема

методологиялык-теориялык аспектиден иликтөөгө алынды. «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун теориядагы жана практикадагы абалы талданды.

Page 8: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

8

Экинчи – изденүүчү этапта (2010-2012-жылдар) – болочок мугалимдерге «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун мазмундук-структуралык модели иштелип, тажрыйбага коюлду. Бул этапта окутуучуларга сунуш кылынган методиканын илимий негиздүүлүгү, ишенимдүүлүгү сыноодон өткөрүлүп, айрым учурларга түзөтүүлөр киргизилди.

Үчүнчү – окутуучу этапта (2013-2015-жылдар) – эксперименттик изилдөө аягына чыгарылды, жыйынтыктар талданды, талкууланды жана изилдөөнүн натыйжалары диссертациялык иш катары жазылып, тастыктоодон өткөрүлдү. Алардын негизинде изилдөөнүн корутундуларын жазып, жалпы жыйынтыгын чыгардык.

Диссертациянын жыйынтыктарынын толук жарыяланышы: Илимий иштин негизги материалдары жана анын сунуш-жоболору РИНЦ статусу бар 2 чет өлкөлүк журналда жана Кыргызстандагы 10 журналда чагылдырылган.

Диссертациянын көлөмү жана түзүлүшү: Эмгектин жалпы бети –171, пайдаланылган адабияттар – 338, таблицалар – 15, сүрөттөр – 6, тиркемелер – 2.

Киришүүдө теманын актуалдуулугу, изилдөөнүн максаты, милдеттери аныкталып, илимий жаңылыгы, практикалык мааниси, коргоого алып чыгуучу негизги жоболору, натыйжаларынын тастыкталышы чагылдырылды.

Биринчи глава «Балдар адабияты» дисциплинасын

педагогикалык жогорку окуу жайларында окутуунун теориялык-методологиялык негиздери» деп аталып, анда аталган дисциплинаны үйрөтүүнүн мааниси, мазмуну, милдеттери, ЖОЖдордо окуп-үйрөнүүнүн жана анын изилденишинин тарыхы, методологиялык таянычтары көрсөтүлөт.

«Педагогикалык жогорку окуу жайларында «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун методикасы» деп аталган 2-главада аталган дисциплинаны окутуунун технологиялары жана аларды өркүндөтүүнүн жолдору, ыкмалары, каражаттары, окутуу процессинде студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруунун мазмуну жана формалары каралат.

3-главада педагогикалык тажрыйбалардын жүрүшү жана анын жыйынтыктары чагылдырылат.

Иштин аягында жалпы жыйынтыктар жана сунуштар айтылып, пайдаланылган адабияттардын тизмеси жана тиркеме сунуш этилет.

ИЗИЛДӨӨНҮН НЕГИЗГИ МАЗМУНУ «Балдар адабияты» дисциплинасын педагогикалык жогорку

окуу жайларында окутуунун теориялык-методологиялык негиздери» деген 1-главада аталган дисциплинаны окутуунун мааниси, мазмуну,

Page 9: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

9

милдеттери, тарыхы жана методологиялык таянычтары көрсөтүлөт. Балдар адабиятынын негизги өзгөчөлүктөрү катары алардын балдардын курактык психологиясына ылайыктуулугу, сюжетинин кызыктуулугу, балдар турмушуна жакындыгы, эмоционалдуулугу, мүнөздөр жана көрүнүштөрдүн динамикалуулугу, тилинин даана, так болушу, «бактылуу бүтүмү», таалим-тарбиялык маанисинин ачык көрүнүшү сыяктуу сапаттары белгиленет. Балдар турмушундагы адабияттын орду тууралуу пикирлер (В.Г.Белинский, Г.Н.Волков, Н.А.Добролюбов, В.А.Сухомлинский, К.Д.Ушинский) талдоого алынып, А.С.Пушкиндин, Л.Н.Толстойдун, А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун, Ч.Айтматовдун адам жана жазуучу болуп калыптануу процессиндеги сөз өнөрүнүн аткарган кызматы алардын биографиялык маалыматтары аркылуу тастыкталат.

Азыркы учурда балдар китепке караганда телевидение, видео каражаттарына азгырылып, интернет клубдарын акмалап, келечектеги туу туткан өрнөктөрү катары Жеки Чанды, Альберт Швацнегерди, Ван-Дамды ж.б. кино каармандарын атап турган чакта болочок мугалимдерди ЖОЖдо балдар адабиятын сүйүүгө жана анын таасирин окуучуларга жеткирүүгө көнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат.

«Балдар адабияты» дисциплинасын ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринде окутуунун зарылдыгы жана милдеттери: балдарга ылайыктуу адабияттарды таба билүүгө, аларды талдай билүүгө, жаш окурманды китептер дүйнөсүнө кызыктыра алууга, окуучулардын китеп окуу ишмердүүлүгүн уюштура билүүгө компетенттүү адистерди даярдоо менен байланышат. Аны үчүн аталган дисциплина болочок мугалимдерге балдар адабиятынын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңири пайдалана алууну, ал адабият аркылуу жаштарды адептүү, акыл-эстүү, эстетикалык табити жогору кылып тарбиялоого көнүгүүнү үйрөтөт.

«Балдар адабияты» дисциплинасын окуп-үйрөнүү аркылуу студенттер төмөнкүдөй компетенттүүлүктөргө жетишет: кыргыз адабиятынын балдарга арналган чыгармаларын ажырата алуу; аларды балдардын курак өзгөчөлүктөрүнө ылайык адрестей билүү; балдарга арналган чыгармаларды тектик, түрдүк, жанрдык, стилдик-поэтикалык өзгөчөлүктөрүнө карай анализдөө көндүмдөрүнө ээ болуу; балдар адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармачылык бөтөнчөлүктөрүн түшүнүү жана түшүндүрүү ж.б. Бул дисциплинаны окуп-үйрөнүү процессинде болочок мугалимдин рефлекстик-аналитикалык жана методикалык ыкмалары, коммуникативдик жана социалдык компетенттүүлүктөрү жогорулайт.

«Балдар адабияты» дисциплинасынын мазмуну адабият таануу, тил таануу, педагогика, этнопедагогика, этнография, этнопсихология, маданият таануу илимдери менен интеграцияланат, бул курсту окуу менен студенттер кыргыз элинин байыртадан келе жаткан таалим-тарбиялык

Page 10: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

10

салттарын, сөз өнөрүн, тарыхын, салт-санаасын, турмуш жана адамдар тууралуу ой жүгүртүүлөрүн, менталитетин дагы тереңирээк аңдап билүүгө жетишет.

Мурдагы программаларды талдап жана азыркы талаптарды эске алып «Балдар адабияты» дисциплинасынын мазмунуна төмөнкү чыгармаларды киргизүүнү зарыл деп эсептедик: фольклор (жомоктор, уламыштар, жаңылмачтар, табышмактар, макал-ылакаптар, тамсилдер, апыртмалар; бешик, оюн, эмгек, дарым, дүйнө таануу, санат-насыят ырлары ж.б.), элдик жазма жана төкмө акындар (Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Т.Сатылганов, Б.Алыкулов, А.Үсөнбаев ж.б. акындардын балдарга ылайык чыгармалары), профессионал жазуучулар (К.Тыныстановдун окуу китептериндеги аңгемелери, К.Баялиновдун алгачкы аңгемелери, А.Токомбаевдин «Биздин китеп», А.Осмоновдун «Балдар үчүн», «Балдар жана турналар» деген ыр жыйнактары, К.Эсенкожоевдин фантастикалык аңгемелери, Т.Сыдыкбековдун балдар үчүн аңгемелери, «Тоо балдары» романы, Ш.Бейшеналиевдин аңгеме-повесттери, Т.Кожомбердиевдин, А.Кыдыровдун, Т.Самудиновдун, Б.Асаналиевдин ырлары, С.Рысбаевдин жомоктору жана аңгемелери ж.б.)

Бул главанын «Кыргыз балдар адабиятын ЖОЖдордо окуп-үйрөнүүнүн жана анын изилденишинин тарыхы» деген бөлүмүндө аталган дисциплинаны окутуунун тарыхына экскурс жасалат: XX кылымдын 20-жылдарында кыргыз совет балдар адабияты пайда болуп, И.Арабаев, К.Тыныстанов, У.Абдукаримов, А.Осмонов ж.б. жаш акын-жазуучулар окуу китептерине кыргыз балдар фольклорунун материалдарын киргизе баштаган, өздөрү да балдарга ылайыктап орус жазуучуларынын чыгармаларына окшотуп ырларды, аңгемелерди жазган (К.Баялиновдун «Түлкү менен суур», «Чабалекей менен жылан» аңгемелери, К.Тыныстановдун «Эне тили», «Жаңы айыл» китептериндеги чакан притчалары, А.Токомбаевдин «Биздин китеп» жыйнагы ж.б.). Балдар адабиятын изилдөө жана окутуу 60-жылдарда гана активдүү колго алынып, 1963-жылы М.Түлөгабыловдун «Кыргыз балдар адабияты» деген изилдөө эмгеги жарык көрөт. Кыргыз ССРинин жогорку окуу жайлары үчүн балдар адабияты боюнча окуу программасы эң алгачкы жолу 1974-жылы М.Сулайманов тарабынан түзүлөт. 1987-жылы М.Түлөгабылов тарабынан башка программа иштелип чыгып, практикага сунушталат. Анда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер үчүн жалпы 134 саат лекция, 50 саат практикалык сабактар, сырттан окугандар үчүн 46 саат лекция, 28 саат практикалык сабактар өтүү каралган. Бул эки окумуштуу аталган курсту окутууга өзгөчө эмгек сиңирди. Бирок ал программалардын мазмуну тоталитардык доордун таасиринде болуп, коммунисттердин образы, жеке адамга сыйынуу биринчи орунга чыгып, чыгарманын көркөмдүгү эмес, идеясы, темасы өзгөчө каралган.

Page 11: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

11

Кыргыз балдар адабиятынын теориясы жана тарыхы адабиятчылар (К.Абакиров, В.Вакуленко, О.Сооронов, С.Рысбаев, Г.Орозова, А.Т.Сатарова, А.Муратов жана К.Исаков) тарабынан изилденди, бирок алар али да жетишсиз. Диссертацияда жалпысынан кыргыз балдар адабияты башка постсоветтик республикаларга салыштырмалуу анчалык иликтөөгө алынбагандыгы, жанрлар, темалар, портреттер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлбөгөндүгү, башка улуттук адабияттар менен салыштырылбагандыгы, жалпы типологиялык анализдердин жүргүзүлбөгөндүгү белгиленди. Ал эми ЖОЖдор үчүн жаңы программа түзүлүп, бирок окуу китептеринин жоктугу, анын окуу процессине терс таасири ушул главада көрсөтүлдү. Кыргыз балдар адабиятынын окутуу тармагында бир гана Т.Н.Каранова ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринде балдар фольклору аркылуу студенттерди окуучуларга атуулдук тарбия берүүгө үйрөтүү методикасы боюнча кандидаттык диссертациясын коргоду. Азыр кыргыз балдар адабияты «Адистик дисциплиналар» бөлүмүндө 3-курста 5-6-семестрде окутулат. Жалпы – 120 саат, 4 кредит, эки семестрдин ар биринде 16 саат – лекция, практикалык – 14 саат ɵтүлɵт.

Иште Орусияда түзүлүп жаткан программалардын кээ бирлери, алсак, В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик билим берүү академиясында 050100 «Педагогикалык билим берүү» багытынын «Башталгыч билим берүү» профили боюнча бакалавр даражасынын күндүзгү бөлүмү үчүн башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасынын ага окутуучусу Е.В.Островская түзгөн программа, Казань (Привольже) федералдык университетинде бакалавр даражасынын күндүзгү бөлүмү үчүн 050100.62 – «Педагогикалык билим берүү» багытынын «Адабият жана чет тили (англис тили)» профили боюнча доцент Н.Г.Махинина түзгөн программа, Ленинград областынын Пикалев педагогикалык коллеждинде Ю.Е.Иванова түзгөн 050704 – «Мектепке чейинки тарбия» багыты боюнча жумушчу программасы, Омск мамлекеттик университетинде 05.27.00 – «Китепканатаануу жана библиография» адистиги боюнча Н.И.Быкова түзгөн окуу программасы, В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик билим берүү академиясында 032900 – «Орус тили жана адабияты» профили боюнча филология илимдеринин кандидаты, доцент М.А.Ковалева түзгөн окуу-методикалык комплекси ж.б. программалар биздин кыргыз окумуштууларынын окуу-нормативдик документтери менен салыштырылат.

Диссертацияда андан ары «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун адабият таануу, эстетика, адабият теориясы, педагогика багытындагы методологиялык таянычтары кеңири талдоого алынат, аларды колдонуунун шарттары, принциптери көрсөтүлөт.

2-глава «Педагогикалык жогорку окуу жайларында «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун методикасы» деп аталып, анын

Page 12: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

12

1-бөлүгүндө аталган дисциплинаны окутуунун жалпы принциптери каралат. Алар биздин аныктообуз боюнча төмөнкүлөр болду: балдар адабиятынын критерийлерине туура келген чыгармаларды тандоо принциби; чыгармаларды тандоонун жана окутуунун тарыхый-хронологиялык принциби; чыгармаларды сунуштоонун тектик, түрдүк, жанрдык жана стилдик-поэтикалык принциби; чыгармаларды окуп-үйрөнүүнүн тематикалык көп түрдүүлүк принциби; балдар адабиятын окуп-үйрөнүүнүн адабият теориясы менен байланыштуулук принциби; автордун жалпы чыгармачылыгын мүнөздөөчү принциби; окутуунун кесипке багытталган же компетенттүүлүк принциби; адабияттын улуттуулугу жана типологиялык бирдиктүүлүгүнүн принциби. Диссертацияда жогорудагы принциптердин ар бирине кеңири токтолдук.

Андан ары аталган дисциплинанын мазмунун студенттерге жеткирүүдө адабият таанууга киришүү, адабият теориясы, адабий сын, адабияттын тарыхы, библиография курстары кандай роль ойной тургандыгы, алар аркылуу студенттер аналитикалык билгичтиктерге, балдарга арналган чыгармаларды аларга ылайыктап көркөм окуй билүүгө, белгилүү темада китептердин тизмесин түзө алууга, ар бир куракка ылайыктап чыгармаларды тематикалык, тарыхый, стилдик принциптер менен бөлүштүрө алууга, чыгармалардын улуттук жана жалпы адамзаттык өзгөчөлүгүн табууга көнүгөт.

2-бөлүм «Балдар адабияты» дисциплинасы боюнча лекциялык сабактарды өтүүнүн формалары жана методдору»деп аталып, анда лекцияда маалыматтардын берилиш жана кабыл алыныш схемасы көрсөтүлүп, лекция окуунун өркүндөтүлгөн мазмуну жана формасы сунушталып, мисал катары «Т.Кожомбердиев – балдар акыны», «Кыргыздын балдар жомокчусу – С.Рысбаев» деген лекциялардын фрагменттери берилет. Лекциянын салттуу эмес типтери боюнча эмгектерге (Н.А.Алексеев, А.А.Вербицкий, Н.Г.Белостоцкая, Н.В.Борисова, А.Е.Михневич, А.А.Соловьева ж.б.) таянып, анын ар кандай формаларын көрсөтүү менен аларда окуу-таанып билүү ишмердүүлүгүнүн өнүктүрүүчү (проблемалуу, изилдөөчүлүк, изденүүчүлүк) багыты башкы орунга чыгары, мындай лекцияларда студент угуучуга айланбастан, изденүүчүгө жана ой жүгүртүүчүгө айланары белгиленет. Мындай лекциянын типтери: лекция-пресс-конференция; лекция-анкета (сурамжылоо); лекция-диалог («экөөбүзгө лекция» - «лекция вдвоем»); проблемалуу лекция; визуалдык лекция; эки окутуучу өткөргөн лекция (мисалы, адабиятчы жана педагог өз дисциплиналарын интеграциялоо менен); маалымат берүүчү лекция ж.б.

2-главанын «Балдар адабияты» дисциплинасынан практикалык

сабактарды өткөрүүнүн технологиялары жана аларды өркүндөтүүнүн жолдору, ыкмалары, каражаттары» деп аталат. Анда Ш.Бейшеналиевдин «Кычан» повестине лингвистикалык, тарыхый-

Page 13: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

13

маданий, этнопедагогикалык талдоо жүргүзүү сабагынын жана «Бешик ыры» деген сабактын мисалында практикалык сабактарды өткөрүүдө төмөнкүдөй ыкмалардын эффективдүү экендигин белгиледик: семинар-аңгемелешүү; семинар-талаш-тартыш (дискуссия); семинар-дил баян; семинар-иштиктүү оюндар; семинар-саякат; семинар-изилдөө. Ал эми аларды өткөрүүнүн негизги шарттары жана талаптары: теманын (проблеманын) туура тандалышы; адабияттар менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгү; студенттердин санынын чектелиши (канча аз болсо, ошончо майнаптуу); өтүлүүчү аудиториянын же башка жердин ылайыктуулугу; студенттерди дагы майда топторго туура бөлүү жана орундарын туура жайгаштыруу; ар бир студентке жеке мамиле; студенттердин өз оюн тартынбай кеңири айтуусуна, изилдөөсүнө, адабияттарды колдонуусуна мүмкүнчүлүк берүү. Буга мисал катары БатМУнун ага окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Т.Каранованын «Балдар ырлары – балалыктын аруу дүйнөсүнүн ачкычы» деген сабагын кеңири талдоого алдык. Андан ары Тоголок Молдонун «Кемчонтой» поэмасын окуп-үйрөнүүдө студенттерди топторго бөлүп текстти талдоо жана чыгарманын негизинде кластер түзүү ишмердүүлүгүнүн жүрүшүн баяндап бердик. Биздин бул методикага ылайык студенттердин сатира, юмор, какшык тууралуу түшүнүктөрү кеңейип, бүгүнкү күндөгү кемчонтойчулук тууралуу баарлашуулары талаш-тартышка айланды. Бул главада жогорудагыдай чыгармалардын тарбиялык мааниси, кыргыз элинин этноэтикалык маданияты балдар адабиятын үйрөтүү процессинде өзгөчө мааниге ээ болушу керектиги ар тараптуу изилдөөгө алынды.

Үчүнчү глава толугу менен эксперименттин уюштурулушун, жүрүшүн жана жыйынтыгын чагылдырууга арналды. Педагогикалык экспериментибиздин базалары катары атайын регионалдык ЖОЖдорду (Ош гуманитардык-педагогикалык институту, Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети) алдык жана өзүбүз иштеген И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетин да тарттык.

Адегенде жалпы абалды билүү максатында балдар адабияты боюнча окутуучулардын компетенттүүлүктөрү, өлкөбүздө бул дисциплинаны окутуунун абалы жана проблемалары үйрөнүлдү жана ал анчалык жогору деңгээлде эместиги белгилүү болду. Өзгөчө бизди бул жаатта окутуучулардын балдар жазуучуларынын чыгармаларын толук окуп чыкпагандыгы, «Балдар адабияты» дисциплинасы боюнча бирдиктүү программаларынын, окуу-методикалык колдонмолорунун жоктугу, окутуучулар студенттер менен окуу жайынан тышкаркы учурларда иш жүргүзүшпөгөндүгү тынчсыздандырды.

Эксперимент учурунда байкоо жана тажрыйба топтору бирдей эле лекцияларга катышып, бир эле лектордун сөзүн укканы менен алардын

Page 14: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

14

практикалык сабактары жана өз алдынча иштери ар башка болду. Тажрыйба топторуна балдар адабияты боюнча чыккан библиографиялык маалыматтарды чогултуу, Орусиянын, Казакстандан, Өзбекстандын балдар адабияты боюнча окуу китептерин пайдалануу, адабий сынчылардын эмгектери менен таанышуу, ар кандай кошумча адабияттарды конспектилөө, тексттерди жаттоо, эссе, реферат жазуу ж.б. чыгармачылык иштердин комплексин кошумча тапшырма берип, аларды контролдоп турдук. Жыйынтык чыгарарда окуу материалы боюнча негизги 10 суроо берип, анын натыйжасын ЖОЖдор жана алардын байкоо, тажрыйба топтору аркылуу өз-өзүнчө чыгардык. Мындагы жыйынтык жалпысынан 8,77%га тажрыйба топторунда жогору болгондугу биздин методикалык сунуштарыбыздын тууралыгын тастыктады. Ошондой эле эксперимент окуу материалдарынын мазмунун жаңылоонун зарылдыгын, окуу-методикалык комплексин заманбап талаптарга ылайык иштеп чыгуу керектигин, «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуучу адистердин сапатын жогорулатуу күн тартибиндеги маселе экендигин көрсөттү.

Биринчи – даярдоочу (аныктоочу) этапта»Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун теориядагы жана практикадагы абалы талданды. Анда мектепте балдар адабиятын окутуучу педагогдорду даярдоонун абалы талапка ылайык келбей жаткандыгы тууралуу бүтүмгө келдик. Биз аны педагогикалык университеттердин кыргыз балдар адабияты боюнча окутуучулардын компетенттүүлүктөрүн шарттуу түрдө эки деңгээл (жогорку жана төмөнкү балл) боюнча текшерип көрдүк.

Таблица 1. – Кыргыз балдар адабиятын окутуу боюнча профессордук-окутуучулук курамдын компетенттүүлүктөрүнүн деңгээли (10 баллдык система) Тапшырмалар

КМУ ОшМУ ОГПИ

жог төм жог төм жог төм

Балдар адабиятынын спецификасын өздөштүрүүсү

6

4

7

3

6

4

Балдар жазуучуларынын чыгармаларын толук окуп чыккандар

4

6

5

5

5

5

«Балдар адабияты» дисциплинасы боюнча програм- ма, методикалык колдонмо ж.б. түзгөндөр

8

2

8

2

5

5

Балдар адабияты боюнча адабият таануу материалдары менен тааныштыктын деңгээли

3

7

4

6

4

6

Page 15: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

15

Окуу жайынан тышкары иш жүргүзгөндөр (жолугушуу, саякат, кат алышуу ж.б.)

2

8

3

7

2

8

Орточо балл 4,6 5,4 4,6 4,6 4,4 5,6

Жогорудагы таблицада көрсөтүлгөндөй биз окутуучулардын

төмөнкүдөй компетенттүүлүктөрүн аныктоого аракет кылдык: 1. Балдар адабиятынын спецификасын өздөштүрүүсү. 2. Балдар жазуучуларынын чыгармаларын толук окуп чыгуусу

(текст менен тааныштыгы). 3. «Балдар адабияты» дисциплинасы боюнча программа,

методикалык колдонмо ж.б. түзүүлөрү. 4. Балдар адабияты боюнча адабият таануу материалдары менен

тааныштыктын деңгээли. 5. Окуу жайынан тышкары иш жүргүзгөндөр (жолугушуу, саякат,

кат алышуу ж.б.). Натыйжада, көрүнүп тургандай, жогору баллга караганда төмөнкү

балл алгандар басымдуулук кылды. Мына ушундай абал аныкталгандан кийин биз өзүбүз «Балдар

адабияты» дисциплинасы боюнча окуу-методикалык комплексин түздүк. Ал жогорку окуу жайларынын 550700 – Педагогика адистигинин «Башталгыч билим берүү» профили боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн «Балдар адабияты» дисциплинасына арналды. Анын курамына окутуучу жана студент үчүн жумушчу программаларды, лекцияларды, тесттерди, модулдун, өз алдынча иштердин комплексин камтыды. Окуу-методикалык комплекс (ОМК) жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарын жетекчиликке алуу менен түзүлдү. Окутуунун кредиттик технологиясы боюнча аталган дисциплинаны өздөштүрүүсү үчүн иштелип чыккан окуу-методикалык комплекс курстун максат-милдеттерин, окуу көлөмүн жана тематикалык жактан пландаштырылышын, лекциялык, практикалык сабактардын планын жана тапшырмалар системасын, студенттин өз алдынча иштөөсү үчүн тапшырмалар жана методикалык көрсөтмөлөрүн, колдонулуучу адабияттарды, каражаттарды, студенттерди аралык жана жыйынтык текшерүүдөн өткөрүүнүн материалдарын, баалоо критерийлерин камтып, окутуучуга окуу процессин натыйжалуу уюштурууга багыт берди. Студенттердин билимин баалоо үчүн тест түрүндөгү тапшырмалар сунушталган. Бул ОМКны педагогика илимдеринин кандидаттары, доценттер М.Раимбекова, А.Акунова рецензиялап, Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасы талкуулап, «Балдар адабияты» боюнча окуу китептери, окуу программалары менен таанышуу, аларга талдоо жүргүзүү иш-аракеттерине арналган материалдар студенттердин адистик компетенцияларынын калыптанышын шарттайт.

Page 16: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

16

Жогорудагы ОМКнын материалдары жана аларга кошумча ар кандай методикалык сунуштар биздин эксперименттин негизин түздү.

Эксперименттердин биринчи этабында 1-2-курстун студенттеринин балдар адабияты боюнча билими, компетенттүүлүктөрү аныкталды. Мында байкоо жана тажрыйба топтору ажыратылган жок. Анын жыйынтыгы төмөндө берилди (караңыз таблица 2).

Таблица 2. – Кыргыз балдар адабияты боюнча эксперименттин

1-этабындагы студенттердин жалпы деңгээли (саны жана пайызы)

ЖОЖ саны 1-деңгээл 2-деңгээл 3-деңгээл 4-деңгээл

КМУ 81 25 32,4% 21 25,9% 19 23,4% 16 19,7%

ОшМУ 103 28 27,1% 30 29,1% 22 21,3% 24 23,3%

ОГПИ 31 8 25,8% 8 25,8% 8 25,8% 7 22,5%

Баары 269 67 24,9% 77 28,6% 66 24,5% 60 22,3%

Таблицадан көрүнүп тургандай, ЖОЖдордун 1-2-курстарындагы

жалпы 269 студенттин ичинен жогорку деңгээлдеги, б.а., «5» деген баага татыктуулары – 67, бул 24,9%ды түзөт, 2-деңгээлдегилер, б.а., «4» деген баага татыктуулары – 77, бул 28,6%ды түзөт, 3-деңгээлдегилер, б.а., «3» деген баага татыктуулары – 66, бул 24,5%ды түзөт, ал эми 4-деңгээлдегилер, б.а., «2» деген баага татыктуулары – 60, бул 22,3%ды түзөт.

Бул жыйынтыкты алуу үчүн биз төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткардык:

балдар үчүн чыгармалардын көркөм чыгарманын тектери, түрлөрү, жанрлары жөнүндөгү жалпы түшүнүктөргө ээ болушу;

балдар адабиятын фольклор, ырчылар чыгармачылыгы, профессионал адабият боюнча ажырата билиши;

чыгарманын темасы менен идеясы, каармандын мүнөзү, портрети көркөм деталь, сюжет, окуялар, композиция, эпизод, образдар системасы, пейзаж, интерьер, чыгарманын көркөмдүгү, тилинин өзгөчөлүгү, колдонгон көркөм сөз каражаттары жөнүндөгү түшүнүктөрү;

балдар адабиятын чоңдор адабиятынан айырмалай билиши;

тексттерден жатка айтып бере алышы;

көркөм чыгарманын тектери (эпика, лирика, драма) жана жанрлары (жомок, табышмак, макал-ылакап, элдик ырлар, легенда, миф, аңгеме, повесть, роман, ыр, поэма, пьеса, комедия ж.б.) жөнүндө түшүнүктөргө ээ болушу;

балдар жазуучулары тууралуу маалыматтарга жетишкендиги;

Page 17: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

17

окуган көркөм чыгарма боюнча жөнөкөй формада баяндама же дилбаян жаза билүү;

окуган китебине, көргөн спектаклине же кинофильмге пикир айта билүү;

балдар үчүн жазылган көркөм чыгарманын текстти менен иштөө: үстүртөн жана кеңири талдоо жасоо, план түзүү ж.б.

Эксперименттин 2-этабында тажрыйба жана байкоо топтору тандалды. Алар бир эле аудиторияда бир эле окутуучунун лекциясын укту, б.а., лекцияда өзгөчө тапшырмалар берилген жок. Ал эми биздин методикалык сунуштар практикалык сабактарда жана өз алдынча иштерди уюштурууда өзгөчөлөндү.

Мындагы чыгармачыл тапшырмалардын түрлөрү жана формалары:

балдар адабияты боюнча чыккан библиографиялык маалыматтарды жыйноо; Орусиянын, Казакстандан, Өзбекстандын балдар адабияты боюнча окуу китептерин пайдалануу; чет өлкөлүк балдар жазуучуларынын чыгармалары менен таанышуу; окуган китептерине аннотация жазуу; өз ойлорун адабиятчылардын, сынчылардын пикири менен салыштыруу; илимий булактарды конспектилөө; реферат жазуу; курстук иш жазуу; дипломдук ишке материал топтоо; макала жазуу; эссе, дил баян жазуу; интернет булактарын кеңири пайдалануу; портфолио түзүү; чыгармалардын негизинде тартылган сөлөкөт фильмдерди жана көркөм, документалдык кинолорду көрүү, аларга баа берүү; адабий жерлер боюнча аймак таануу саякаттарына чыгуу; чыгармалар боюнча коюлган спектаклдерге кирүү; авторлордун биографиясын кеңири үйрөнүү ж.б.

Жогорудагыдай педагогикалык ишмердүүлүктөрдүн комплексинен кийин эксперименттин 3-этабында анын жыйынтыгын чыгардык.

Биз аныктаган проблемалардын ичинен эксперименттик иштердин жыйынтыгы төмөнкүлөрдүн өзгөчө маанилүү экендигин көрсөттү.

1. Окуу материалдарын мазмунун жаңылоонун зарылдыгы. 2. Окуу-методикалык комплексин заманбап талаптарга ылайык

иштеп чыгуу. 3. «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуучу адистердин сапатын

жогорулатуу. Биз эксперименттин жыйынтыгын чыгарууда студенттерге

төмөнкүдөй суроолор жазылган анкет таратып, алардын кеңири жоопторун алып, талдоо жүргүздүк:

1. «Балдар адабияты» дисциплинасынын негизги максаты эмнеде? 2. «Балдар адабияты» дисциплинасынын окуу-нормативдик

материалдарына кыска анализ берүү 3. Балдар адабиятынын спецификасы деген эмне?

Page 18: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

18

4. Кыргыз эл жомокторунун ичинен бирди алып, ошого сюжети окшош башка элдердин жомокторун атап чыккыла?

5. Жомок, миф, уламыш, легенда – төртөөнүн окшоштуктары жана айырмалары

6. Макал жана ылакап – экөөнүн окшош жагы жана өзгөчөлүү жагы 7. Тоголок Молдонун кыргыз балдар адабиятындагы ордун

белгилегиле? 8. Кыргыз фантастикасынын баштаган жазуучу ким? 9. Кыргыз совет балдар адабиятынын башатында кимдер, кайсыл

чыгармалары менен турат? 10. Элдик оозеки чыгармалардын негизинде акын-жазуучулар иштеп

чыккан жомокторду атагыла?

Таблица 3. – Жыйынтыктоочу экспериментте студенттердин

жалпы жооптору (жогорку балл алгандар гана % менен) суроо

КМУ – 91 ОшМУ - 97 ОГПИ - 88

б.т. т.т. б.т. т.т. б.т. т.т.

1 15 19 13 24 20 26

2 16 23 17 29 21 29

3 19 25 19 27 21 27

4 14 24 16 32 19 26

5 15 18 14 24 21 26

6 13 19 18 26 20 26

7 20 29 19 29 19 32

8 15 21 18 24 20 27

9 20 29 16 29 22 29

10 21 34 19 34 23 36

баары 16,8 24,1 16,9 27,8 20,6 28,4

Жогорудагы таблицада белгиленгендей экспериментке катышкандар: И.Арабаев атындагы КМУ – 91 студент ОшМУ – 97 студент ОГПИ – 88 студент Аларды эки топко: байкоо тобуна (б.т.) жана тажрыйба тобуна (т.т.)

ажыраттык. Жыйынтыгында дээрлик 10 суроого тең ар бир окуу жайында байкоо тобуна караганда тажрыйба тобундагы студенттер жогорку баллды көбүрөөк жыйнашты. Жалпы жыйынтыгында:

1. КМУда байкоо тобунун жогорку баллы – 16,8% болсо, тажрыйба тобунда 24,1% болуп, айырма 7,3%ды түздү.

2. ОшМУда байкоо тобунун жогорку баллы – 16,9% болсо, тажрыйба тобунда 27,8% болуп, айырма 10,9%ды түздү.

3. ОГПИде байкоо тобунун жогорку баллы – 20,6% болсо, тажрыйба тобунда 28,4% болуп, айырма 7,8%ды түздү.

Page 19: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

19

Жалпы эксперимент жүргүзгөн окуу жайларынын жыйынтыгын караганда орточо көрсөткүч: байкоо тобунда (б.т.) – 18,45%, тажрыйба тобунда (т.т.) – 27,22%, айырма – 8,77%.

Демек, биздин методикалык сунуштарыбыз 8,77% натыйжасын берди деп эсептедик.

Ошондой эле биз эксперименттердин мезгилдерине карата салыштырма анализин жүргүздүк.

Таблица 4. – Эксперименттин этаптары боюнча жыйынтыктар

окуу

жайлар

топтор мезгилдер

(этаптар)

жогору орто төмөн

КМУ - 88

б.т. башы 12,3 45,4 42,3

аягы 13,1 46,6 41,3

т.т. башы 12,2 44,1 43,7

аягы 18,1 52,6 29,3

ОшМУ – 120

б.т. башы 12,1 44,6 43,3

аягы 14,1 42,3 43,5

т.т. башы 13,8 42,4 43,8

аягы 27,6 45,7 26,7

ОГПИ

– 81

б.т. башы 14,1 42,6 43,3

аягы 15,1 42,3 42,5

т.т.

башы 16,8 42,4 40,8

аягы 25,6 45,7 28,7

Бул таблицада байкоо жана тажрыйба топторунун соңку жыйынтыктары окуу жайлары жана эксперимент башталыш мезгилиндеги жана соңку этаптагы көрсөткүчтөрү үч деңгээл (жогорку, орто жана төмөнкү) чагылдырылды. Эгерде мындан мурдагы таблицада студенттердин билим деңгээли он суроонун тегерегинде аныкталса, бул жолу комплекстүү каралды (оозеки жооптору, рефераттары, эссе жана дилбаян жазуусу, чыгармаларды жалпы өздөштүрүүсү, тилдик-коммуникативдик, этномаданий компетенттүүлүктөрү, цитаталарды колдунушу ж.б.).

Таблица 5. – Кыргыз акын-жазуучуларынын балдарга арналган

чыгармалары боюнча студенттердин сапаттык ɵздɵштүрүүсү

(тажрыйбага чейин жана тажрыйбадан кийин) Чыгармалар

Топ Студент-

тердин

саны

«Бугу

эне»

«Мүйүздүү

козу»

«Үчүнчү

шар»

«Бүкɵнтай»

Б. Тажрыйбага чейин 34 32 38 40

Page 20: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

20

129

Тажрыйбадан кийин

36 32 37 42

Т. 132 Тажрыйбага чейин 36 33 30 42

Тажрыйбадан кийин

47 48 49 54

Эгерде тажрыйбага чейин «Бугу эне» жомогун ɵздɵштүрүүгɵ (34% жана

36%) болсо, тажрыйбадан кийин (36% жана 47%) болуп, айырма 11%ды түздү. «Мүйүздүү козу» боюнча айырма 16%ды, «Үчүнчү шар» боюнча 13%ды, «Бүкɵнтай» боюнча 12% болуп, орточо алганда тажрыйба тобунан сапаттык кɵрсɵткүчү 12-16%га жогору болду.

Бул кɵрсɵткүчтɵр болсо биздин методикалык сунуштарыбыздын натыйжалуу экендигин тастыктады.

Натыйжада И.Арабаев атындагы КМУда байкоо тобунда эксперименттин башында жогорку деңгээл – 12,3%, төмөнкү деңгээл – 42,3% болсо, аягында жогорку деңгээл – 13,1%, төмөнкү деңгээл – 41,3% болду. Мында дээрлик сапаттык өсүш байкаларлык эмес.

Ал эми тажрыйба тобунда жогорку деңгээл башындагы 12,2%дан аягында 18,1%га көтөрүлсө, төмөнкү көрсөткүч 43,7%дан 29,3%га азайган. Бул көрсөткүч башка окуу жайларында да ишке ашырылган (таблицаны караңыз).

Жогорудагы таблицаларды салыштырып анализдөө «Балдар адабияты» дисциплинасын окутууда биздин колдонгон ыкмалар жана каражаттар аркылуу студенттердин билим сапатын жогорулатууга мүмкүн экендиги тастыкталды.

ИЗИЛДӨӨНҮН ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ 1. Балдар адабиятынын инсандын калыптануусундагы маанисин жана

балдардын көркөм сөзгө муктаждыгын анализдөө үчүн улуу педагогдордун жана жазуучулардын ой-пикирлерине токтолуп, турмуш тажрыйбаларынан мисал келтирдик, азыркы ааламдашуу доорунда көркөм адабияттын бала турмушунан алыстап кеткендигин далилдеп, кайрадан балдарды китеп дүйнөсүнө тартуу үчүн педагогикалык жогорку окуу жайларында үйрөтүлүп жаткан кыргыз балдар адабиятынын ордун ачып көрсөттүк. Анын башкы шартты болочокто мектептерде эмгектене турган мугалимдердин компетенттүүлүктөрүн «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуу процессинде ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү экендигин белгиледик.

2. ЖОЖдордун педагогикалык факультеттеринде балдар адабиятын окуп-үйрөнүүнүн тарыхына жана анын изилденишине кайрылуу менен бул багытта алгачкы программалар М.Сулайманов жана М.Түлөгабылов тарабынан түзүлгөндүгүн жана ошол эле авторлор окуу китептерин жазышканын белгиледик, ал окуу-нормативдик материалдарынын оң жана терс жактарын талдоого алдык. «Балдар адабияты» дисциплинасын

Page 21: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

21

окутуунун методологиялык таянычтарын көрсөтүү үчүн биз орус жана совет окумуштууларынын окуу программаларын, окуу китептерин, адабиятчылардын, эстетиктердин, психологдордун, педагогдордун, кыргыз адабиятын окутуунун методикасы боюнча адистердин эмгектерин анализдедик жана алар иштеп чыккан теориялык ой-корутундуларга таянып окутуу гана натыйжа берерин айкындадык.

3. «Балдар адабияты» дисциплинасынын мазмунун аныктоого коюлуучу талаптарды иштеп чыгуу үчүн салыштырма-типологиялык жана салыштырма-тарыхый методдорду колдонуп, окуу материалдарына ар түрдүү аспектиден баа бердик, дисциплинанын түзүлүшүн жана окуу материалдарынын дидактикалык шарттарын иштеп чыктык. Дисциплинаны окутууда материалдарды тандоонун принциптерин көрсөттүк жана студенттер ээ болуучу компетенцияларды аныктадык.

4. «Балдар адабияты» дисциплинасынын методикасы боюнча сунуштарды түзүү жана ал ыкмаларды, жолдорду, каражаттарды окутуу процессине киргизүүнүн технологияларын иштеп чыгуу багытында жалпы дүйнөлүк педагогикага, адабиятты окутуу илиминин негиздерине жана окутуучулардын тажрыйбаларына таянып, бир нече лекциялардын, практикалык сабактардын жүрүшүн чагылдырдык, заманбап технологияларды колдонуунун натыйжалуулугун тастыктадык. Окуу материалынын мазмунун жеткирүү менен болочок мугалимдердин этномаданий, тилдик-коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуунун методикасын иштеп чыктык.

Сунушталган теориялык ойлорду педагогикалык тажрыйбадан өткөрүү биз илимий изилдөөдө алдын ала койгон божомолубуз туура экендигин тастыктады.

Диссертациядан улам төмөнкүдөй практикалык сунуштарды айтууну зарыл деп эсептейбиз: окуу программасындагы адабий тексттерди хрестоматия, CD, DVD дисктер түрүндө чыгаруу, интернетке киргизүү керек; аталган дисциплинанын окутуучулары үчүн методикалык колдонмолорду кеңири чыгаруу кажет.

Биздин изилдөө «Балдар адабияты» дисциплинасынын ЖОЖдордо үйрөтүү боюнча алгачкы гана изилдөө, демек, тема дагы да тереңдетилет деген ойдобуз.

Изилдөөнүн негизги мазмуну төмөндөгү эмгектерде

чагылдырылды: 1.Абдраева, Н.Э. Балдар адабияты сабагындагы студенттердин

чыгармачылыгынын мааниси [Текст] / Н.Э.Абдраева // И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы. – Б.: 2015. – Атайын чыгарылыш. Серия: педагогика. – 12-15-бб.

Page 22: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

22

2.Абдраева, Н.Э. Тоголок Молдонун балдарга арналган чыгармаларынын тарбиялык мааниси.[Текст] / Н.Э.Абдраева // И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы. – Б.:2008. – 242-244-бб.

3.Абдраева, Н.Э. Т.Кожомбердиев – балдардын дил азыгы. [Текст] / Н.Э.Абдраева // И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы. – Б.:2008. – 244-249-бб.

4.Абдраева, Н.Э. Балдар адабиятынын тарыхы – балдар адабиятынын калыптануусуна өбөлгө. [Текст] / Н.Э.Абдраева // И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы. – Б.:2015. – №4. – 364-366-бб.

5.Абдраева, Н.Э. Элдик жомоктор – баланын калыптануусунун башкы каражаты. [Текст] / Н.Э.Абдраева // Известия ВУЗов. – Б.:2016. – №5. – 190-193-бб.

6.Абдраева, Н.Э. Ааламдашуу доору жана кыргыз балдар адабияты. [Текст] / Н.Э.Абдраева // Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары. – Б.:2016. - .бб

7.Абдраева, Н.Э. Жогорку окуу жайларында «Балдар адабияты» курсун үйрөтүүнүн мааниси жана милдеттери. [Текст] / Н.Э.Абдраева // И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы. – Б.:2015.– №4. – 366-368-бб.

8.Абдраева, Н.Э. Балдар адабияты – балдардын инсан болуп калыптануусуна зор өбөлгөсү. [Текст] / Н.Э.Абдраева // Профессор К.Сартбаевдин 80 жылдык юбилейине арналган эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары // И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы. – Б.:2011. -Атайын чыгарылыш. Серия: педагогика. – №6. – 32-34-бб.

9.Абдраева, Н.Э. Народные сказки – основное средство в развитии ребенка. [Текст] / Н.Э.Абдраева // Вестник современной науки. – М.:2016. – №5/11. – 68-72 сс.

10. Абдраева, Н.Э. Необходимость развития обучения детской литературе.[Текст] / Н.Э.Абдраева // Вестник современной науки. – М.:2016. – №5/11. – 72-76 сс.

11. Абдраева, Н.Э. Кыргыз балдар адабиятынын айдыңы. [Текст] / Н.Э.Абдраева // Известия ВУЗов. – Б.:2016. – №7. – №5. – 181-184-бб.

12. Абдраева, Н.Э. Тоголок Молдонун «Кемчонтой» поэмасын окуп-үйрөнүүдө башкы каражаттар жана аларды «Балдар адабияты» дисциплинасында колдонуу. [Текст] / Н.Э.Абдраева // С.Нааматов атындагы НМУнун Жарчысы. – Б.:2016. -№2,3.-10-12-бб.

Page 23: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

23

Н.Э.Абдраеванын «Педагогикалык жогорку окуу жайларында

«Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун методикасы» аттуу

темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен

методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика

илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу

үчүн жазылган диссертациясынын

РЕЗЮМЕСИ

Түйүндүү сөздөр: балдар адабияты, адабият таануу, адабий сын,

курак өзгөчөлүк, компетенттүүлүк, тилдик-коммуникативдик

компетенттүүлүк, интерактивдүүлүк,окутуудагыжаңы технологиялар,

окуу ишмердүүлүгү, компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, текстти

талдоо.

Изилдөөнүн максаты: Педагогикалык жогорку окуу жайларында

«Балдар адабияты» дисциплинасынын максат-милдеттерин тактоо,

мазмунун аныктоо, аны окутуунун методикасын теориялык жактан

негиздөө жана негизделген сунуштарды практикага киргизүүнүн

жолдорун иштеп чыгуу, иштелип чыккан идеялардын майнаптуулугун

тажрыйбада текшерүү.

Изилдөөнүн объектиси: Педагогикалык жогорку окуу

жайларындагы окутулган«Балдар адабияты» дисциплинасы.

Изилдөөнүн методдору: илимий изилдөөлөрдү теориялык-

методологиялык талдоо; нормативдик документтерди окуп үйрөнүү;

байкоо, анкета, тестирлөө, аңгемелешүү, алдыңкы тажрыйбаларды

үйрөнүү, анализ, синтез, моделдөө, педагогикалык тажрыйба.

Изилдөөнүн илимий жаңылыгы:Педагогикалык жогорку окуу

жайларында «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун методикасы

заманбап талаптарга ылайык адабият таануу, эстетика, педагогика,

психология илимдеринин соңку жетишкендиктерине негизделип алгачкы

жолу иштелип чыккандыгы; аталган дисциплинаны окутуунун тарыхы,

учурдагы абалы, өзгөчөлүктөрү, изилдениши системага салынгандыгы;

ЖОЖдордо «Балдар адабияты» дисциплинасын окутуунун натыйжалуу

методдору, жолдору жана каражаттары аныкталгандыгы; аныктаган

натыйжалуу методдор, жолдор, каражаттар тажрыйбадан өткөрүлүп,

практикага сунушталгандыгы.

Изилдөөнүн практикалык мааниси:«Балдар адабияты»

дисциплинасын окуу материалдарынын үлгүлөрү, методикалык

сунуштар, табылгалар окуу программаларын, окуу китептерин,

методикалык колдонмолорду өркүндөтүп түзүүдө, университеттерде

курстук, дипломдук, магистрдик иш жаздырууда, аталган дисциплина

боюнча окутуу технологияларын жаңылоодо жардам берет.

Page 24: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

24

РЕЗЮМЕ диссертации Абдраевой Назгуль Эркебековны на тему «Методика

обучение в высших педагогических учебных заведениях дисциплины

«Детская литература» на соискание ученой степени кандидата

педагогических наук по специальности 13.00.02 – теория и методика

обучения и воспитания (кыргызская литература)

Ключевые слова: детская литература, введение в

литературоведение, литературная критика, возрастные особенности,

компетенция, языковая коммуникативная особенность, интерактивность,

новые технологии обучения, учебная деятельность, формирование

компетенции, анализ текста.

Цель исследования: содержание литературы, методов обучения,

основанных на теоретических обоснованиях и практических способах

введения предложений для разработки, тестирования идей, разработанных

на практике в высших педагогических заведениях дисциплины «Детская

литература».

Объект исследования: Обучение дисциплине «Детская литература»

в вузах.

Методы исследования: анализ теоретических и методологических

исследований; изучение нормативных документов; наблюдения, опросы,

тестирование, интервью, изучения передового опыта, анализ, синтез,

моделирование, опыт преподавания.

Научная новизна исследования: Преподавание и обучение

дисциплины «Детская литература» в высших учебных заведениях должно

проводиться в соответствии с требованиями современной методики

обучения литературы и гуманитарных наук, образования, психологии,

разработанных на основе последних достижений эффективного обучения,

методов, способов и средств, определенных состоянием, характеристикой

и системой обучения знаний, предлагаемых практическим опытом.

Практическая значимость исследования: образцы учебного

материала дисциплины «Детская литература», методические

рекомендации и выводы учебных программ, учебников и методических

разработок, структура курсовых работ, диссертаций, а также написание

магистерской работы, которые могут использоваться при инновационной

технологии обучения.

Page 25: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

25

RESUME

Dissertation Abdraev Nazgul Erkebekovny Related: Education in higher

education discipline «Children's Literature», based on the methodology

13.00.02 - Theory and methods of training (Kyrgyz literature) for the

degree of «Candidate of pedagogical sciences»

Tags: children's literature, introduction to literature, literary criticism,

especially age, competence, communicative language feature, interactivity, new

learning technologies, educational activity, the formation of competence, text

analysis.

Object of research: literature content, teaching methods, based on the

theoretical basis and practical ways of introducing the proposals to develop, test

ideas developed in practice in the higher educational institutions of disciplines

«Children's Literature».

Subject of research: training in discipline "Children's literature" in higher

education institutions.

Methods of research: analysis of theoretical and methodological research;

study of regulatory documents; observations, surveys, tests, interviews, learn

best practices, analysis, synthesis, simulation, teaching experience.

Scientific novelty of research: Teaching and learning discipline

«Children's Literature» in higher education institutions should be in accordance

with the requirements of the modern methods of teaching literature and the

humanities, education, psychology, developed on the basis of the latest

achievements of effective learning methods, techniques and tools specific

condition , characteristic of the system of training and knowledge offered by

practical experience.

The practical significance of the study: patterns of educational material

discipline «Children's Literature», guidelines and training programs

conclusions, textbooks and teaching materials, the structure of term papers,

theses, and the writing of the master's work, which can be used in innovative

learning technologies.

Page 26: ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УНИВЕРСИТЕТИ …arabaev.kg/do.kg/img/1480468969_abdraeva avtoref.pdf2 Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы

26

Форматы: 60х84/16. Офсет кагазы.

Көлөмү: 1,75 б.т. Нускасы: 100

____________________________________________________

«Мaxprint» басмасында басылды.

Дарек: 720045, Бишкек шаары, Ялта көчөсү 114

Тел.: (+996 312) 36-92-50

e-mail: [email protected]