113
КЛЕТКАДАГЫ АҢ-СЕЗИМ ХАРУН ЯХЬЯ (АДНАН ОКТАР)

клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

КЛЕТКАДАГЫ АҢ-СЕЗИМ

ХАРУН ЯХЬЯ (АДНАН ОКТАР)

Page 2: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

АВТОР ЖАНА ЭМГЕКТЕРИЖӨНҮНДӨ

Эмгектеринде Харун Яхья деген атты колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия) төрөлгөн. Башталгыч, орто мектепти жана лицейди Анкарада бүтүргөн. Андан соң Стамбулдагы Мимар Синан университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университетинин Философия бөлүмүндө билим алган. 1980-жылдардан бери ыймандык, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектерди даярдады. Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон тымызын байланыштарын ачып көрсөткөн абдан маанилүү эмгектери бар.

Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 40000 сүрөттү камтыган жалпысы 55000 беттик бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 73 тилине которулган.

Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси – китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Курани Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (сав)дын болсо акыркы пайгамбар экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (сав) сүннөтүн өзүнө жол башчы кылууда. Ушундайча атеисттик философия системаларынын бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу «акыркы сөздү» айтууну максат кылууда. Абдан акылман жана идеалдуу инсан Расулуллахтын (сав) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп келүүдө.

Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – бул Куранга чакырууну бүт дүйнөгө жеткирүү, жана натыйжада адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана чындыкты (Аллахты) тануучу системалардын негизсиз фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып, адамзатка көрсөтүү.

Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур, индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилдерге которулган бул эмгектер Түркия сыртында да көптөгөн китеп окурмандары тарабынан окулуп келүүдө.

Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул эмгектердин терең акыл менен жазылган, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын көрүшүүдө. Бул эмгектер ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана илимий далилдерге таянуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык, өжөрлүктөрү айынан гана жакташат, себеби илимий тараптан материализм жокко

Page 3: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

чыгарылды. Учурда бардык атеисттик, материалисттик агымдар Харун Яхьянын эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилди.

Күмөнсүз, мындай өзгөчөлүктөр Курандын терең мазмундуулугунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетин көздөйт. Мындан тышкары, бул эмгектердин жарыкка чыгып, таралышында акча табуу максат кылынбайт.

Бул чындыктарды эске алсак, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашына шарт түзгөн, алардын туура жолду табышына көмөкчү болгон бул эмгектерди окууга үндөөнүн абдан маанилүү бир кызмат экендиги жакшы түшүнүктүү болот.

Бул баалуу эмгектерди таанытуунун ордуна, адамдардын башын айланткан, пикирлерде кайчылаштыктар, күмөндөр жараткан, ыйманды куткарууда күчтүү жана так натыйжа бербеген көнүмүш, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакыт жоготуусуна алып келет. Негизги максат ыйманды куткаруу эмес, автордун адабий күчүн көрсөтүү болгон эмгектердин жакшы натыйжага жетиши кыйын. Бул боюнча күмөн санагандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектериндеги негизги максаттын атеизм менен күрөшүү жана Куран адеп-ахлагын жайуу гана экендигин бул кызматтын таасиринен, ийгиликтеринен жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот.

Дүйнөдөгү зулумдуктар жана баш аламандыктардын, мусулмандар тартып жаткан азаптардын негизги себебинин материалисттик көз-караштардын дүйнөдөгү өкүмчүлүгү экендигин билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн материализмди илим менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын көрсөтүү жана Куран адеп-ахлагын адамдарга жеткирүү зарыл. Зулумдуктар, согуштар күчөгөн азыркы күндө бул кызматтын колдон келишинче ылдам болушу айдан ачык. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн.

Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхья эмгектери, Аллахтын буйругу менен, 21-кылымда дүйнөдөгү бүт адамдардын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик менен тынчтыкка, чынчылдык менен адилеттүүлүккө, сулуулук менен бактылуулукка жетишине бир себепчи болмокчу.

Page 4: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

ОКУРМАНГА

Автордун эмгектеринде эволюция теориясынын кыйрашына атайын орун беришинин себеби – бул теориянын ар түрдүү динге каршы философиялардын негизин түзүгөндүгүндө. Жаратылууну жана натыйжада Аллахтын бар экендигин четке каккан дарвинизм 150 жылдан бери көптөгөн адамдардын ыйманын жоготушуна же жүрөктөрүндө күмөн жаралышына себеп болуп келди. Ошондуктан, бул теориянын бир калп экендигин ачык далилдөө - абдан маанилүү ыймандык милдет. Бул маанилүү кызматтын бардык адамдарга жеткирилиши зарыл.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул китептердин мазмуну менен байланыштуу. Автордун бардык китептеринде ыйман темалары Куран аяттарынын негизинде түшүндүрүлүп, адамдар Аллахтын аяттарын үйрөнүүгө жана Курандын негизинде жашоого үндөлөт. Аллахтын аяттары менен байланыштуу бардык темалар окурмандын акылында эч кандай күмөн же суроо белгиси калбай тургандай так түшүндүрүлөт.

Түшүндүрүүдө колдонулган чынчыл, жөнөкөй баян китептердин жаш-кары дебей бүт адамдардын оңой түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Таасирдүү жана жөнөкөй тил менен жазылган бул китептер - «бир токтобой окулчу» китеп өзгөчөлүгүнө ээ. Динди жокко чыгарууга болгон күчүн жумшаган адамдар да бул китептерде түшүндүрүлгөн чындыктардан таасирленип, четке кага албай келишүүдө.

Бул китеп жана автордун башка эмгектерин окурмандар жалгыз окуса да, маектешип окушса да болот. Бул китептерден пайдаланууну каалагандардын чогуу маектешип, тажрыйба жана пикирлери менен бөлүшүшү да пайдалуу болот.

Ошондой эле, бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн жазылган бул китептердин таанылышына жана окулушуна себепчи болуу да чоң кызмат болмокчу. Себеби автордун бардык китептеринде далил жана ишендирүү тарабы абдан күчтүү. Ушул себептен динди түшүндүрүүнү каалагандар үчүн эң эффективдүү ыкма – бул китептерди окууга башка адамдарды да үндөө болмокчу.

Бул эмгектерде башка кээ бир эмгектерде кездешчү жазуучунун жекече ойлорун, күмөндүү булактарга таянган сөздөрүн, ыйык нерселерге болгон керектүү адепке туура келбеген, үмүтсүз, күмөн жаратуучу сөздөрдү жолуктурбайсыз.

Page 5: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Bu kitapta kullanılan ayetler Ali Bulaç'ın hazırladığı"Kur'an-ı Kerim ve Türkçe Anlamı" isimli mealden alınmıştır.

Birinci Baskı: Ocak 2001 / İkinci Baskı: Haziran 2006Üçüncü Baskı:Ağustos 2007 / Dördüncü Baskı: Şubat 2014

ARAŞTIRMA YAYINCILIK

Kayışdağı Mah. Değirmen Sok. No: 3

Ataşehir - İstanbul Tel: (0 216) 660 00 59

Baskı: Milsan Basın San. A.Ş.

Cemal Ulusoy Cad.38/A Bahçelievler - İstanbul

Tel: (0 212) 471 71 50 / Mat sertifika: 12169

[email protected]

www.harunyahya.org - www.harunyahya.net

www.a9.com.tr - www.harunyahya.tv

Page 6: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

МАЗМУНУ

Киришүү....................................................................................................................

Дарвинизмге ишенүү акыл менен логиканы унутууга барабар............................

Денеңизде 20 мүнөттө бир миллион беттик маалыматты копиялай ала турган бир машина бар экенин билчү белеңиз?..................................................................

ДНКнын кынтыксыздыгы эволюция теориясын жокко чыгарууда.....................

Клеткалардын формасындагы долбоор эволюция теориясынын жараксыздыгына жетиштүү бир далил....................................................................

Клеткалар бири-бирин кантип тааный алышат?....................................................

Аллахтын бар экендигинин далилдерин айтып берүү менен адамдарды атеисттик философиялардын саздагынан куткара аласыз.....................................

Денебиздеги мунайзат иштетүүчү завод.................................................................

Клеткаларыңыздагы жашоонун энергиясы: АТФ молекуласы.............................

Клеткадагы жол кыймылдарын ким тартипке салат?............................................

Боордун абдан чоң бир лаборатория экенин билесизби?......................................

Денеге зыян тийгизбөө үчүн өзүн-өзү өлтүргөн клеткалар..................................

Боорго орнотулган бактерияларды жок кылуучу машиналар...............................

Дем алууну эч качан башкарбайсыз, себеби кээ бир клеткаларыңыз сиздин ордуңузга жөнгө салып турушат..............................................................................

Сиз кыла албаган нерсени клеткаларыңыз кыла алышат!.....................................

Өмүрүңүз клеткаларыңыздын иштерди пландуу бөлүшүп алганы себептүү уланууда!....................................................................................................................

Page 7: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Клеткаларыңызда болуп жаткан кубулуштарга акыл керек экенин ойлонуп көрдүңүз беле?...........................................................................................................

Денеңиздеги жеген кантыңызды жөнгө салган ири бир заводду билесизби?.....

Глюкозаны, белокту, натрийди айырмалай алган бөйрөктөр жаратылуунун апачык бир далили.....................................................................................................

Кан басымыңыз төмөндөгөндө денеңизде кандай процесстер болоорун билесизби?..................................................................................................................

Кан айлануу системасындагы аң-сезим..................................................................

Тамырларды бошоңдотуучу кереметтүү молекула: азот кычкылы......................

Дарвинизмдин канчалык чоң сандырактык экенин көрүүгө бир эле мисал жетет!..........................................................................................................................

Денеңиздеги ар бир белоктун кемчиликсиз долбоору жана өтө маанилүү кызматтары бар!.........................................................................................................

Каталарды табуучу ферменттер...............................................................................

Дарвинизмге ишенүү жомоктордун чындык экенине ишенүү сыяктуу эле логикага туура келбейт.............................................................................................

Илимдүү, аң-сезимдүү жана жөндөмдүү ферменттер...........................................

Сөөк клеткаларынын өндүрүштү пландоо жөндөмү.............................................

Жаратылган нерселердеги укмуштуу гармония дарвинизмди жокко чыгарат.. .

Кандагы кычкылтекке аңчылык кылган гемоглобиндер.......................................

Дем алуу каналдарындагы багытты катасыз аныктоочу түкчөлөр......................

Буларды төмөндө айтылгандардын ушул учурда денеңизде болуп жатканын унутпастан окуңуз.....................................................................................................

Адамдын денесине кызмат кылган лизосома ферменттери..................................

Дем алуунун канчалык улуу бир керемет экенин ойлонуп көрдүңүз беле?........

Клеткалардын арасындагы байланыш түйүнү........................................................

Page 8: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Төрөт толгоолорунун жана эненин сүтүнүн булагы: мээде чыгарылган бир гормон.........................................................................................................................

Эгер эч суусабаганыңызда?......................................................................................

Жынысты айырмалай алуучу молекулалар: гормондор........................................

Клеткалардагы аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасаткан күч өзүнүн бар экенинен да кабарсыз болгон бир гормон болушу мүмкүнбү?.............................

Эч бир формула өзүнөн-өзү, кокустан пайда боло албайт....................................

Бөйрөктөрүңүз медициналык маалыматтарды билиши мүмкүнбү?.....................

Дарвинизмди жокко чыгаруучу гормондор............................................................

Өпкөнүн өзүнө тиешелүү бир ыкчам коргонуу бөлүгү бар экенин билчү белеңиз?......................................................................................................................

Ферменттер болбогондо бул текстти 40 миң жылда араң окумаксыз!................

Мурда эч жолукпаган микробдорго каршы чара көрө алуучу антителолор........

Иммундук клеткалар көп маалыматтуу бир эс-тутум менен жаратылышкан.....

Көрүп, бирок ойлонбогон нерселериңизде сансыз илим жана керемет жашырылган...............................................................................................................

Кичинекей бир молекуланын касиеттери дагы эволюция теориясын кыйратууга жетиштүү...............................................................................................

Өмүрүңүздүн кылдын учунда турганын билесизби?.............................................

Дүйнөнүн эң комплекстүү түйүнү мээбизде...........................................................

Алган маалыматтарыбыздын баары Аллахтын улуу жаратуусунун бир мисалы........................................................................................................................

Кошумча бөлүм: эволюция жаңылыштыгы............................................................

Page 9: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Киришүү

Эволюция теориясы англиялык табият таануучу Чарльз Дарвин тарабынан 19-кылымдын ортолорунда чыгарылган. Ал доорду азыркы учурга салыштырганыбызда, илим жана технология деңгээли өтө артта эле. 19-кылымдын илимпоздору жөнөкөй лабораторияларда, өтө примитивдүү шаймандар менен иштешкен. Ал шаймандар менен бактерияларды да көрө алышкан эмес. Ал тургай, илимпоздор дагы эле ортоңку кылымдан бери келген көптөгөн негизсиз ишенимдердин таасири астында эле.

Бул негизсиз ишенимдердин бири «тирүү организмдер түпкүрүндө жөнөкөй бир түзүлүшкө ээ» деген көз-караш эле. Тарыхы байыркы грек ойчулу Аристотельге чейин барган бул ишеним боюнча, тирүү организм кээ бир жансыз заттардын нымдуу бир жерде кокустан биригишинен, өзүнөн-өзү келип чыга алмак.

Дарвин теориясын чыгарып жатканда ушул ишенимге, башкача айтканда, тирүү организмдер негизи жөнөкөй бир түзүлүшкө ээ деген көз-карашка таянган. Дарвиндин теориясын кабыл алып, жактаган башка биологдор дагы ушундай ойдо болушкан. Мисалы, дарвинизмдин Германиядагы эң чоң колдоочусу болгон Эрнст Геккель ал доордун микроскопторунда кара бир тактай болуп көрүнгөн жандуу клетканын түзүлүшүн абдан жөнөкөй деп ойлогон. Ал тургай, бир жерде клетканы ачык эле «килкилдек заттан турган жөнөкөй бир шарча» деп сүрөттөгөн.

Эволюция теориясы мына ушул сыяктуу гипотезаларга таянган. Теорияны чыгарган Геккель, Дарвин же Гексли сыяктуу ысымдар «организмдердин түзүлүшү өтө жөнөкөй жана ошондуктан бул жөнөкөй түзүлүш кокустан өзүнөн-өзү пайда боло алат» деп ойлошкон. Бирок жаңылып калышкан.

Дарвинден бүгүнкү күнгө чейин өткөн бир жарым кылымдын ичинде илим менен технология абдан катуу өнүктү. Илимпоздор Геккель «килкилдек заттан турган жөнөкөй бир шарча» деген клетканын чындыгында кандай түзүлүшкө ээ экенин ачышты. Жана клетканын эч мурда элестетилгендей жөнөкөй эмес экенин таң калуу менен көрүштү. Клетканын ичинде Дарвиндин убагында элестетүүгө да болбой турган комплекстүү бир система бар экендиги белгилүү болду.

Белгилүү бир молекулярдык биолог, профессор Майкл Дентон клетканын түзүлүшүн сүрөттөп берүү үчүн төмөнкүдөй салыштыруу жасайт:

«Молекулярдык биология тарабынан ачылган жашоону түшүнүү үчүн бир клетканы болжол менен миң миллион эсе чоңойтушубуз керек. Ошондо клетка Нью-Йорк же Лондон сыяктуу чоң бир шаарды ээлей турган көлөмдөгү чоң бир космостук кемеге окшошот. Клеткага жакын келип аны анализ кылганда, сыртындагы миллиондогон кичинекей эшиктерди көрөбүз. Жана эгер ал эшиктердин кандайдыр бирөөсүнөн ичкери кирсек, шумдук бир технологияга жана бизди таң калтыра турган бир комплекстүүлүккө туш болобуз.» (Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis. London: Burnett Books, 1985, s. 242)

Бул китепте чоң бир космостук кемеден алда канча комплекстүү жана укмуштуу системалары бар, миниатюралык бир шедевр болгон клеткадагы жаратылуу кереметтери (Жаратуучу тарабынан жаратылган кереметтер) каралат. Клетканын ичиндеги органеллдердин жана клеткада өндүрүлгөн ферменттердин, белоктордун жана башка бүт заттардын, алардан күтүлбөй турган аң-сезимдүү кыймыл-аракеттери көз алдыга тартууланат. Адамдын денесиндеги болжол менен жүз триллион клетканын ар биринде орун алган акыл жана илим жөнүндө мисалдар келтирилип, булардын баарынын аң-сезимсиз кокустуктардын эмес, Аллахтын чыгармасы экендиги дагы бир жолу эске салынат.

Page 10: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Аллахтын жаратуусунун далилдери, Анын улуу кудуретинин, акылынын жана чеберчилигинин көрүнүштөрү негизи бүт тарапты каптап турат. Адам көзүн кайсы жакка бурбасын, Аллахтын жараткан нерселерин көрөт жана Аны даңктап, аруулайт (тасбих кылат).

Бул китепте атайын клетка жөнүндө сөз кылынышынын бир себеби «жашоо кокустан пайда болгон» деп, Аллахты жокко чыгаргандарга чындыктарды дагы бир жолу көрсөтүү болуп саналат. Жашоо (тирүү организмдер) кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү жана татаал өзгөчөлүктөргө ээ, жана анын улуу бир Акыл жана Кудурет тарабынан жаратылганы анык. Бул китептин дагы бир максаты болсо – Аллахтын жаратуу кудуретин көрсөтүү аркылуу Анын улуулугун эске салуу.

АКЫЛДУУ ПЛАН (ДОЛБООР), башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУАллах жаратуу үчүн долбоор (план) түзүүгө муктаж эмесКитепте кез-кезде колдонулган «долбоор (план)» сөзүн туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды

кемчиликсиз бир планда (долбоордо) жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза.

Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Page 11: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дарвинизмге ишенүү акыл менен логиканы унутууга барабар

Денебиздеги ар бир клетка бөлүнүп көбөйөт. Бөлүнүү учурунда клетканын ядросундагы ДНК дагы копияланышы керек. ДНКны копиялоо процесси болсо адамды укмуш таң калтыра турган, кемчиликсиз биир уюшкандык, дисциплина жана тартип менен жасалат.

Ичинде 3 миллиард тамгадан турган бир маалымат сакталган ДНК молекуласы спираль формасындагы бир тепкичке окшошот. Копиялоо процесси башталганда алгач «ДНК-геликаза» аттуу фермент ал жерге келип, ДНКнын спираль формасын сыдырманы ачкандай ачып баштайт. Натыйжада ДНКнын спираль формасында бири-бирине оролгон колдору бөлүнөт. «ДНК-геликаза» ар дайым өз убактысында кызматта болот жана өз милдетин эч кемчиликсиз, адашпастан, эч ката кетирбестен, ДНКга эч качан зыян тийгизбестен орундатат.

Андан соң кезек «ДНК-полимераза» ферментине келет. Бул ферментке болсо ДНКнын экиге бөлүнгөн колдорун экинчи бир кол менен толуктоо милдети жүктөлгөн. Ал үчүн ДНКнын бир колун түзгөн ар бир маалыматтын тушуна туура келчү маалыматты таап алып келет. Көңүл буруңуз! Атомдордон турган, кандайдыр бир маалыматы, аң-сезими же акылы бар деп эч ким ойлобогон бир фермент ДНКнын жарым колун (бөлүгүн) толуктоо үчүн керектүү маалыматтарды аныктап, аларды андан соң клетканын ичиндеги тиешелүү жерлерден алып келип өз ордуна жайгаштырууда. Бул процесс учурунда эч бир ката кетирбей, 3 миллиард тамганы бир-бирден эң туура аныктап толуктайт. Ал ортодо дагы бир полимераза ферменти ДНКнын экинчи жарымын ушул сыяктуу толуктайт. Бул процесс учурунда ДНК спиралынын экиге бөлүнгөн бөлүктөрү кайрадан бири-бирине оролбошу үчүн «спиральды кармап туруучу» ферменттер ДНКны учтарынан кыймылдатпай кармап турушат.

Көрүнүп тургандай, ДНКны копиялоо учурунда көптөгөн ферменттер аскердик дисциплинада, илим жана акылды талап кылган иштерди аткарышат. Сиздин колуңузга 3 миллиард тамгадан турган бир текст берилип, аны басма машина менен копиялашыңыз талап кылынганда, эч бир ката кетирбестен аны копиялай алмак эмессиз. Сөзсүз бир жерде бир ката кетирип, бир сапты же жок дегенде бир тамганы калтырып кетмексиз. Бул ферменттер болсо копиялоо ишин мындай каталарды кетирбестен орундатышат.

Дарвинисттер болсо бүт бул ферменттерди, ДНКдагы миллиарддаган тамгадан турган маалыматты, ДНКны копиялоо процессин, бул кемчиликсиз уюштурууну кокустан келип чыккан дешет. Эволюционисттердин ушунчалык чындыктан алыс бир гипотезага ишениши өтө чоң бир окуя, ал тургай, өзүнчө бир керемет. Эволюционисттердин мынчалык логикасыз көз-караштарга эч далилсиз ишенишинин бир гана себеби бар: бул алардын материализмден кутула албашы жана Аллахтын бар экенин четке кагуудагы өжөрлүгү.

Page 12: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Денеңизде 20 мүнөттө бир миллион беттик маалыматты копиялай ала турган

бир машина бар экенин билчү белеңиз?

Белгилүү болгондой, клеткалар бөлүнүп көбөйүшөт. Бул бөлүнүү учурунда жаңы клетка үчүн клетканын ядросунда жайгашкан ДНКнын да бир копиясын алуу керек болот. Бул копиялоо учурунда абдан укмуш бир окуя болот.

ДНК 3 миллиард тамгадан турган, ал жандыкка тиешелүү бүт маалыматтарды сактаган укмуш чоң бир маалымат базасы болуп саналат. ДНКдагы маалыматтарды текстке айландырсак, жалпысынан 1 миллион беттен турган, болжол менен 1000 томдук бир энциклопедия сериясын алабыз. Ошондуктан ДНКны копиялоо 1 миллион беттик текстти же, башкача айтканда, 1000 томдук энциклопедияны копиялоого барабар.

Бул копиялоо процессинин канча убакытка созулаарын билесизби?

20 менен 80 мүнөт арасында.

Көңүл буруңуз, бул 1 миллион беттик тексттин 20 менен 80 мүнөт арасындагы бир убакытта, эч бир ката жана кемчилик кетирилбестен копияланышы деген мааниге келет. Бүгүнкү күндө эч бир ксерокопия аппараты же технологиялык каражат мынчалык кыска убакытта мынчалык маалыматты катасыз жана кемчиликсиз копиялай албайт. Жана көңүл буруңуз, ДНКдагы маалыматтарды копиялаган технологиялык каражаттар эмес, көзгө да көрүнбөгөн клеткаларыбыз. Эми ойлонуп көрөлү:

Ар бир клетка бөлүнгөндө ДНКнын бир копиясын алуу керек экенин ойлонгон, ДНКны эң ылдам жана эч кемчиликсиз копиялаган, кетирилген каталарды тездик менен оңдой турган системаны уюштурган күч, акыл, эрк жана илим кимге тиешелүү?

Мынчалык комплекстүү, кемчиликсиз жана катасыз бир тартипти кокустан пайда болгон деп айтуу эч бир акылга жана логикага сыйбайт. Ааламдагы бүт атомдорду жана керектүү бүт шарттарды бир жерге топтосоңуз да, ДНКны копиялай турган системаны кокустан ала албайсыз.

Апачык көрүнүп тургандай, мынчалык кемчиликсиз бир системаны жараткан жана миллиондогон жылдан бери жаратып келе жаткан Зат – бул чексиз илимдүү, чексиз акылдуу жана чексиз кудуреттүү Аллах.

Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)

Page 13: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

ДНКнын кынтыксыздыгы эволюция теориясын жокко чыгарууда

Адамдын бир даана ДНК молекуласында бир миллион беттик маалымат болот. Бул маалыматтардын баары абдан тартиптүү тизилген. Эми ойлоп көрүңүз, миллиондогон тамганы туш келди бир көчөгө чачсак, бул чачылган тамгалардын баары бир макалага айланып, анан бул миллиондогон тамгалар гезитте жазылган тексттердей тексттерди пайда кылса, муну сокур кокустуктун натыйжасында болуп калды деп айтканга болобу? Дарвинисттик түшүнүк боюнча, мындай кереметтүү окуя кокустан болуп калышы мүмкүн.

Дарвинизм бүт дүйнөнүн элдерин шылдыңдаган, аларды жаш баланы алдагандай алдадым деп ойлогон бир идеология. «Кокустук» кудайдын акылындай чагылдырылган бул көз-карашта «кокустук» дүйнөдөгү бүт адамдардын акылынан да акылдуураак, укмуш бир генийдей көрсөтүлөт. Эволюционисттердин ою боюнча, миңдеген жылдан бери жашап өткөн канча адам бар болсо, баарынын мээсин, акылын, ойлонуу жана ой-жүгүртүү жөндөмдөрүн, эс-тутумун, дагы жүздөгөн жана миңдеген материалдык, руханий өзгөчөлүктөрүн калыптандырган «кокустук» аттуу бул «генийге» убакыт гана керек. Эгер кокустукка зат менен убакыт берип койсо, адамдарды, кумурскаларды, аттарды, жирафтарды, павлиндерди, көпөлөктөрдү, анжирди, зайтунду, апельсинди, шабдалыны, анарды, дарбызды, коонду, помидорду, бананды, жоогазынды, фиалканы, кулпунайды, орхидеяны, гүлдү жана оюңузга келген келбеген жүздөгөн, миңдеген жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана ар кандай жандыктын баарын жасай алат. Албетте, мындай көз-караштардын баары сандырактык гана. Бүт нерсенин Жаратуучусу – Аллах.

Алар Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышкан жок. Күмөнсүз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу).» (Хаж Сүрөсү, 74)

Page 14: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Клеткалардын формасындагы долбоор эволюция теориясынын

жараксыздыгына жетиштүү бир далил

Денеңиздеги болжол менен 200 түрдөн турган клеткалар кээ бир тараптардан гана бири-биринен айырмаланышат. Бул айырмачылыктардын эң негизгилеринин бири – бул алардын формасы. Нерв клеткалары, булчуң клеткалары, кан клеткалары... Булардын баарынын механизмдери бирдей болгону менен, формалары кемчиликсиз долбоорлонгону себептүү кызмат кылган жеринде максимум натыйжа менен иштешет.

Формасы башка башка болгон клеткаларга нерв клеткалары менен кан клеткаларын мисал келтирүүгө болот. Нерв клеткаларынын жүлүндөн бутка чейин созулган, болжол менен 1 метрлик бутактары бар. Натыйжада сигналдар бир клеткадан экинчисине өтүп, эч убакыт жоготпостон бир линия аркылуу бара турган аймагына жетип алышат. Кан клеткаларынын көлөмү болсо, нерв клеткаларынын тескерисинче, 7 микрометр гана болот. Мынчалык кичинекей болушу алардын микроскопиялык өлчөмдөгү капиллярлардан кысылбай өтө алышына шарт түзөт. Ошондой эле, кичинекей дискке окшогон бул клеткалардын эки бетинин тең ичин көздөй чукурайган болушу алардын кычкылтек менен көмүр кычкыл газын алып-берүүдөгү аянтын максимумга жеткирет. Ар бир миллиметр куб канда бул клеткалардан миллиондогон даана бар экенин ойлосоңуз, газ алмашуу жасалган аянттын чоңдугун оңой эле элестете аласыз.

Көзүңүз менен кулактарыңыздагы клеткалардын формалары дагы өзгөчө. Ички кулактагы кулак чыгырыгында (улитка) кичинекей түкчөлөрдөн турган клеткалар болот. Булар үн толкундарынын таасири менен дирилдеп, кулактын ичиндеги суюктуктун толкунунан келип чыккан басымды нерв сигналына айландыруучу бир механизм кызматын аткарышат. Көздөгү жарыкты сезүүчү тордомо клеткаларынын дизайны дагы өз кызматына эң ыңгайлуу жасалган. Тордомо челдеги кумганча клеткаларында жарыкты сезүүчү пигменттерден жана нерв байламталарынан турган көп санда челдер бар. Бул кумганча клеткаларынын жарыкка карата өтө сезгич болушуна шарт түзөт.

Ичке ичегиде болсо өз кызматына ылайык формадагы, азыктарды сиңирүүчү клеткалар бар. Клеткалардын баарынын үстүңкү бөлүгү «микро түктөр» деп аталган микро көлөмдөгү жүздөгөн түкчөлөр менен капталган. Бул түкчөлөрдүн бетиндеги ташыгыч молекулалар азыктардагы ишке жарактуу бөлүктөрдү алып, ишке жарабагандарды артка кайтарышат. Ошентип азыктарды сиңирүүнүн дагы бир этабы ишке ашат.

Адамдын бүт клеткаларынын бир клетканын бөлүнүп көбөйүшүнөн пайда болгонун унутпаш керек. «Клеткалар өз кызматына эң ыңгайлуу форманы өздөрү тандап алып, дене пайда болуп жатканда ошол формага кирип калышкан» деп ойлоо логикага такыр туура келбейт. Булардын баары бизге клеткаларды, өз кызматын эң натыйжалуу жасай ала турган формада, чексиз акылдуу Аллахтын жаратканын апачык көрсөтүүдө.

Page 15: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Клеткалар бири-бирин кантип тааный алышат?

Баарыбыз жогорку класста же университетте адамдын калыптанышы жөнүндөгү маалыматтарды окуган болушубуз керек. Башында бир тиштем эт болгон эмбрион акырындап формага келип, клеткалардын бир бөлүгү колдорду, бир бөлүгү ички органдарды, бир бөлүгү болсо көздөрдү пайда кылуу үчүн бөлүнүп чыгышат. Ар бир клетка бара турган жерин, кайсы органды пайда кылаарын, канчага көбөйөөрүн, качан токтоорун билет. Бирок төмөнкү абзацта айтылгандар бизге эмбриондун калыптануу процессиндеги дагы бир таң калыштуу маалыматты берүүдө:

Бир эмбриондун ар кайсы органдарына тиешелүү клеткаларды –ал чөйрөдөгү кальцийдин санын азайтуу аркылуу- бөлүп салып, андан соң ар кайсы органга тиешелүү бул клеткаларды ыңгайлуу бир шартта жакшылап аралаштырсак, бул клеткалар кайра бири-бирине тийгенде, бир органга тиешелүү клеткалар бири-бирин ТААНЫШАТ жана ар бир органдын клеткалары өз-өзүнчө топтолушат. (Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, Meteksan Yayınları, Ankara, 1998, 10. baskı, s. 40)

Башкача айтканда, клеткаларды алгач бири-биринен бөлүп салып, анан кайра кошсок, бир органды түзө турган клеткалар бири-бирин таанып, кайра биригишет.

Мээси да, нерв системасы да, көзү да, кулагы да болбогон бул клеткалар бири-бирин кантип таанышат? Ар түрдүү молекулалардын биригишинен келип чыккан бул акылы, аң-сезими болбогон клеткалар башка клеткалардын арасынан өзүнө окшош типтеги клетканы кантип тандай алышат? Кийинчерээк биригип, бир органды түзүшөөрүн кайдан билишет? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул улуу аң-сезимдин булагы эмне?...

Бул аң-сезимдин булагы – бүт ааламды жоктон жараткан, ааламдардын Рабби Аллах.

Page 16: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Аллахтын бар экендигинин далилдерин айтып берүү менен адамдарды атеисттик философиялардын саздагынан куткара

аласыз

Дарвинисттердин ою боюнча, бүт жандыктар башаламан кокустуктардын натыйжасында пайда болушкан. Бирок денебиздеги миңдеген комплекстүү системалар бул «кокустук» сандырагын четке кагууда. Алардын бири – бир гана клетканы кыймылдатуу милдети жүктөлгөн түкчөлөрдүн түзүлүшүндөгү миңдеген майда-бараттар.

Кээ бир клеткалар кирпикке окшогон түкчөлөр аркылуу кыймылдашат. Мисалы, дем алуу каналдарындагы кыймылсыз клеткалардын ар биринин жүздөгөн түкчөлөрү бар. Түкчөлөр, кайыктын калакчылары сыяктуу, бирдей кыймылдап, клетканы алга жылдырышат.

• Бир түкчөнү тигинен кессек, анын тогуз бөлөк чыбыкча (микротрубка) формасындагы түзүлүштөн тураарын көрөбүз.

• Микротрубка деп аталган чыбыкчалар бири-бирине кирген эки шакектен турат.

• Бул шакектердин бири он үч, экинчиси он «сымдан» (провод) турат.

• Микротрубкалар тубулин деп аталган белоктордон турат.

• Микротрубкада ичинде «динеин» аттуу бир белогу бар сырткы кол жана ички кол деп аталган эки бутакча болот. Динеин белогуна клеткалардын арасында мотор кызматын аткарып, механикалык бир күчтү пайда кылуу милдети жүктөлгөн.

• Тубулин белогун түзгөн молекулалар кирпичтердей болуп тизилип, клеткада цилиндрге окшогон бир форманы пайда кылышат. Бирок тубулин молекулаларынын тизилиши кирпичтерге караганда алда канча комплекстүү.

• Түкчөлөрдүн ортосунда дагы эки микротрубка болот. Булар өзүнчө турушат жана он үч тубулин лентасынан түзүлөт.

• Ар бир тубулиндин үстү жагында он даана кыска дөмпөкчө, асты жагында болсо он даана чуңкурча болот. Бул дөмпөкчө менен чуңкурчалар бири-бирине туура келе тургандай формада жаратылган. Ошондуктан өтө бекем бир түзүлүштү пайда кылышат. Өзгөчө бир долбоордо жаратылган бул дөмпөкчө, чуңкурчалардагы кичинекей бир кемчилик клетканын түзүлүшүнө зыян тийгизет.

Бул жерде кыскача жана өтө жөнөкөй сөздөр менен сүрөттөлгөн бул бөлүкчөлөрдүн баары биригип бир даана түкчөнү түзүшөт жана алардын бир гана максаты бар: денеңиздеги триллиондогон клетканын бирөөсүн кыймылдатуу. Ушул күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдардын дем алуу каналындагы клеткалардын ар биринде ушундай татаал бир система бар. Болгондо да, бул комплекстүү жана көптөгөн бөлүктөрдөн турган система көзгө көрүнбөгөн кичинекей клетканын ичиндеги бир түкчөнүн ички бөлүктөрү. Бул жерде канчалык кичинекей аянт жөнүндө сөз болуп жатканын төмөнкүдөй салыштыруу

Page 17: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

аркылуу жакшыраак түшүнө аласыз: жогоруда айтылгандарды бир тал чачка батыруу да адам акылына сыйбас, өтө татаал бир жумуш болмок. Бирок булар бир тал чачка салыштырууга болбой турган кичинекей түзүлүштөр. Аллах биз көрө албай турган кичинекей бир жерге өтө системалуу жана комплекстүү бир механизмди орноткон. Кокустуктардын бир клетканы кыймылдатуунун жолун ойлонуп, ал үчүн ушундай бир системаны курушу жана мынчалык кичинекей бир аянтка батырышы эч качан мүмкүн эмес.

Page 18: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Денебиздеги мунайзат иштетүүчү завод

Отурган жериңизден туруп басышыңыз, тик турушуңуз, дем алышыңыз, көздөрүңүздү ачып-жумушуңуз, кыскасы, өмүр сүрүшүңүз үчүн керектүү энергия клеткаларыңыздагы митохондрия деп аталган станцияларда өндүрүлөт. Муну станцияга салыштыруунун туура эле экенин митохондриядагы процесстерди анализ кылганда жакшы түшүнөбүз.

Клеткада энергияны өндүрүүдө негизги ролду кычкылтек ойнойт. Кычкылтектин көптөгөн жардамчылары бар. Энергия өндүрүүнүн дээрлик ар бир этабында көптөгөн ферменттер кызмат аткарышат. Бир этапта өз жумушун бүтүргөн ферменттер өтө акылмандык менен кийинки этапта өз ордун башкаларга өткөрүшөт. Ошентип ондогон процесстердин, бул процесстерде кызмат кылган жүздөгөн ферменттердин жана сансыз химиялык реакциялардын натыйжасында азыктарда чогултулган энергия клетканын ишине жарай турган формага алып келинет. Ферменттердин алмашуусунда эч башаламандык чыкпайт, кезектерде эч жаңылыштык кетирилбейт; бүт кызматкерлер өтө дисциплиналуу бир командадай иштешет.

Бул жагынан миллиметрдин 100дөн бириндей болгон клеткаларыбыздын ичиндеги «энергия станциясын» бир мунайзат иштетүүчү заводдон же бир гидроэлектрдик станциядан да татаалыраак деп айта алабыз.

Бир мунайзат иштетүүчү завод мунайзаттын эмнелигин билген, чийки мунайзатты лабораторияларда анализ кылган жана бул илимий маалыматтардын негизинде иш алып барган инженерлер тарабынан курулуп, иштетилет. Мунайзаттын эмнелигин билбеген адамдардын бир мунайзат иштетүүчү заводду кура албашы анык.

Мунайзатты иштетүүдөн алда канча комплекстүү болгон тирүү организмдин клеткасындагы энергия өндүрүшү дагы, ушул сыяктуу эле, илимди талап кылат. Бирок клетканын үйрөнүү жөндөмү бар деп айтуу, албетте, күлкүмүштүү болот. Анда бул өндүрүштү клетка кантип жасап жатат?

Негизи, эч бир клетканын биологиялык бир функцияны, ачык айтканда, «үйрөнүү» мүмкүнчүлүгү жок. Эгер клетка башында пайда болгондо мындай функцияны аткара албаса, анда кийинчерээк муну жасай турган жөндөмгө жетүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Себеби энергияны өндүрүүдө негизги ролду ойногон кычкылтектин клетканы бузуучу таасири бар. Клетканын бул өзгөчөлүктөрү менен бирге пайда болушу шарт. Бул клеткалардын кокустан пайда боло албашын, аларды Улуу Аллахтын бир көз ирмемде жаратканын көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана.

Аллах миллиметрдин 100дөн бириндей кичинекей бир аянтка батырган бул чеберчилиги аркылуу бизге кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө.

Page 19: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Клеткаларыңыздагы жашоонун энергиясы: АТФ молекуласы

Азыктардан алынган энергияны клетка өз иш-аракеттерин жүргүзүүдө түздөн-түз колдоно албайт. Бул энергия алгач АТФ (аденозинтрифосфат) аттуу өзгөчө бир молекуланын ичине пакеттелет. Андан соң клетканын ичиндеги бүт өндүрүштөрдө жана ташуу жумуштарында колдонулат.

Эс алуу абалындагы бир адам бир күндө орточо 45 кг АТФ молекуласына муктаж болот. Бирок кызыгы, күндүн кайсы бөлүгүндө карабайлы, денедеги АТФтын көлөмү 1 граммдан ашпайт. Себеби АТФ молекуласы сактап коюлбайт жана тынымсыз колдонууга ыңгайлуу атайын пакеттер формасында даярдалат. Бирок клеткадагы жашоонун бул энергиядан көз-каранды экенин унутпаш керек. Ошондуктан АТФ өтө ылдам даярдалышы зарыл. Секунда сайын денеңиздеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринде 10 миллион АТФ молекуласы эч тынымсыз өндүрүлүп турат.

Мындай ылдамдык кантип алынат?

Клетканын ичинде энергия керек болгондо, АТФ курамындагы 3 фосфат молекуласынын арткысын жулуп салат; башкача айтканда, энергия пакетинин капкагын ачат. Арткы фосфат бөлүнүп салган соң эркиндикке чыккан энергия клетканын ичиндеги иш-аракеттерди жүргүзүүдө колдонулат. Жана бул процесс абдан таң калыштуу бир ылдамдыкта, эч үзгүлтүксүз уланат.

Албетте, атомдордон турган бир молекуланын клетканын ичиндеги иш-аракеттер үчүн керектүү энергиянын көлөмүн аныктап, ошого жараша өндүрүш жасашы мүмкүн эмес. Бул өндүрүш үзгүлтүксүз жасалышы үчүн эң ыңгайлуу пакеттөө системасына да кокустан жетип калган эмес. Клетканы да, клетканын ичиндеги ар бир молекуланын кыймыл-аракети менен өндүрүшүн да жараткан Аллах АТФ молекуласын да эч кемчиликсиз кылып, жандыктардын кызматына берген.

Page 20: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Клеткадагы жол кыймылдарын ким тартипке салат?

«Гольджи аппараты» бүт клеткаларда болот, жана жаңы синтезделген белокторду даярдоодо жана түрлөрүн тандап, бөлүштүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Клетканын ар кайсы бөлүктөрүндө жүргөн ар кандай түрдөгү белоктор клетканын бир бөлүгү болгон эндоплазмалык тордо (эндоплазмалык ретикулумда-ER) синтезделишет. Белоктор синтезделген соң бир канча мүнөттүн ичинде эндоплазмалык тордон чыгып Гольджи аппаратына барышат. Белоктордун өндүрүлгөн соң бул процесстерден өтүшүнүн өтө маанилүү себептери бар. Гольджи аппаратында белоктор ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Мисалы, кээ бирлерине углевод, кээ бирлерине болсо сульфат, фосфат же май кислоталары кошулат. Мындай өзгөрүүлөр белоктордун түрүнө жана бара турган жерине жараша өзгөрөт. Гольджи аппараты бул белокторду тазалап, түрүнө жана бара турган органына жараша бөлүштүрүп, пакеттейт. Пакеттерди да клетканын түрүнө жараша өзү жасайт. Бирок эндоплазмалык тордо синтезделген миңдеген белоктун биохимиялык иш-аракеттери бири-бирине аралашпашы үчүн бул процесстер өтө кылдат жасалып, белоктор бара турган жерине багытталышы керек. Клеткадагы бул жол кыймылын Гольджи аппараты жөнгө салат. Бул кичинекей органеллдин жасаган ар бир иш-аракетинде абдан чоң бир акыл бар. Ага келген белокторду тааныйт, бөлүштүрөт, муктаждыктарын аныктайт, муктаждыкка жараша өндүрүш жасайт, аткара турган кызматтарын аныктайт, аларды пакеттейт жана ушундай интенсивдүү кыймылды эч башаламандык чыгарбай жөнгө салат. Клеткага жана клетканы түзгөн бөлүктөрдүн баарына бул акылды, чечим алуу жана аны турмушка ашыруу жөндөмүн илхам кылган – бул ааламдардын Рабби Аллах.

Page 21: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Боордун абдан чоң бир лаборатория экенин билесизби?

Акыркы технология менен жабдылган, эч кемчиликсиз бир лабораторияны «бул өзүнөн-өзү пайда болду» деп эч ким айта албайт. Бирок эволюционисттер боордогу теңдешсиз лаборатория комплексинин өзүнөн-өзү пайда болгонуна ишенишет жана бул көз-карашты эч далили жок туруп жакташат. Себеби дарвинизм – адамдардын акылын тосуп салуучу бир сыйкыр жана негизсиз, жалган бир дин.

Бооруңуздун бир даана клеткасында 500 түрдүү химиялык процесс жасалат. Миллисекундалардын (секунданын миңден бири) ичинде кемчиликсиз этаптар менен ишке ашкан бул процесстердин көпчүлүгүн адамзат лаборатория шарттарында дагы эле туурай албай келүүдө. Боор клеткасы жеген азыктарыбыздын баарын клеткаларыбыз колдоно ала турган энергия булагы болгон кантка, башкача айтканда, глюкозага айландырат. Колдонулбаган кантты майга айландырып сактап койот. Кант жок болгондо болсо белоктор менен майларды кантка айландырып клеткаларга берет.

Кыскасы, биз табитибиз тарткан ар кандай азыктарды жегенде, боор алардын баарын денебиздин муктаждыгына жараша сарптайт, айландырат же сактап койот. Жана алгачкы адамдан бери триллиондогон боор клеткалары дал ушундай аң-сезим жана билим менен эч жаңылбай, өз жумушун аткарып келүүдө.

Page 22: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Денеге зыян тийгизбөө үчүн өзүн-өзү өлтүргөн клеткалар

Тирүү организмдеги керексиз, туура эмес же оорулуу клеткалар өзүн-өзү өлтүрүшөт. Көп клеткалар өзүн-өзү жок кылуу үчүн бир катар белокторду чыгарышат. Бирок клетка денеге пайдалуу болуп турган кезде бул белокту, башкача айтканда, өзүнүн ажал машинасын токтотуп койот. Клетка ооруп, кыял-жоругу бузулуп же организмдин ден-соолугуна кооптуулук туудуруп баштаса, өлтүргүч белоктор боштондукка чыгып, жолдору ачылат жана клетканы өлтүрүшөт.

Клетканын дал керектүү учурда жана керектүү жерде чечим алышы абдан маанилүү. Андай болбой, мисалы өлүм белоктору клетканын ден-соолугу чың кезде ишке киришсе, денедеги ден-соолугу чың клеткалар тынымсыз өлө беришет жана бул организмдин өлүмүнө себеп болот. Зыяндуу жана оорулуу клеткалардын жашай бериши дагы организмдин өлүмүнө алып келет.

Өзүн-өзү өлтүрүүнү чечип, өлүм белогун койо берген клетка алгач тырышып, өзүн айланасынан тартат. Анан бетинде ыйлаакчалар пайда болуп, клетка кайнап жаткандай көрүнүп калат. Андан соң ядросу жана кийинчерээк болсо бүт клетка бөлүктөргө бөлүнөт.

Өзүн-өзү өлтүргөн клетканын калдыктары болсо ошол замат айланадагы башка клеткалар тарабынан жок кылынат. Мындан да кызыгы, өлгөн клеткалардын баары эле башка клеткалар тарабынан тазалана бербейт. Кээ бир өлүү клеткалар атайын калтырылып коюлат, себеби алардын денедеги кызматы али бүтө элек болот. Мисалы, көздүн линзасы (объективи), тери, тырмак сыяктуу тканьдар да өлүү клеткалардан турат, бирок булар денеге керектүү болгону үчүн жок кылынбайт. Клеткалардын кайсы өлүү клеткаларды жок кылып, кайсыларын калтыраарын чечиши жана бул чечимге денедеги триллиондогон клеткалардын баш ийиши – ойлоно турган өтө маанилүү бир жагдай.

Бир клеткага ушунчалык маанилүү бир чечимди алып, аны турмушка ашыра турган аң-сезимди ким берген? Кайсы учурда организмге зыян тийгизээрин ага ким түшүндүргөн? Жана бул зыяндын алдын алуучу чараны бул микроскопиялык жандыкка илхам кылган кудурет кимге тиешелүү?

Бул жерде айтылгандардан көрүнүп тургандай, бүт клеткалар организмдин жашоосун улантышына эң идеалдуу программаланган. Анда бул программанын ээси ким?

Эволюционисттер бул кереметтүү программанын ээси аң-сезимсиз, сокур кокустуктар деп ишене турганчалык сокур болуп калышкан. Тирүү жандыктардын бүт тарабында Аллахтын теңдешсиз жаратуусунун жана чексиз илиминин көрүнүп тураары эч талашсыз чындык.

Page 23: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Боорго орнотулган бактерияларды жок кылуучу машиналар

Жеген тамактарыңыз, дем алган абаңыз жана дагы көптөгөн жолдор аркылуу денеңизге көзгө көрүнбөгөн көптөгөн бактериялар кирет. Дененин иштөө системасын бузбашы үчүн булардын зыяндууларын жок кылуу керек болот. Буга чара катары денебизде бир гана «коргонуу» милдети жүктөлгөн, мыкты эс-тутум менен жабдылган клеткалар бар. Бирок денебиздин кемчиликсиз долбоорунун бир көрсөткүчү катары коргонуу үчүн башка кошумча чаралар да көрүлгөн. Алардын бири – кан айлануу системасындагы «стратегиялык аялдама» деп атоого боло турган боордогу иммундук клеткалар.

Купфер клеткалары деп аталган бул клеткалар кан айлануу аркылуу ичегилерден боорго келген кандагы зыяндуу бактерияларды 0,01 секундадан да кыскараак убакыт ичинде сиңирип, нейтралдаштырат. Бул аң-сезими жок клеткалар денеге кирген көп сандагы бактериялардын арасынан адамга пайдалуулары менен зыяндууларын кантип бири-биринен айырмалай алышат? Өзгөчөлүктөрүнүн кандай экенин жана денеде аткара турган кызматтарын билбей туруп, кантип кээ бир бактерияларды жок кылып, кээ бирлерине эч тийишишпейт?

Бул жерде жакшылап ойлонуу керек болгон дагы бир маанилүү жагдай бар; Купфер клеткаларынын боордо жайгашышы. Эмне үчүн дененин башка бир органына эмес, боорго жайгашкан? Бул жерде денебиздеги кемчиликсиз жаратуу далилдеринин дагы бирөөсүн көрөбүз. Эгер бул клеткалар боорго эмес, башка бир органга жайгаштырылганда, кандын бактериялардан тазаланышында мынчалык натыйжалуу боло алышмак эмес. Себеби ичине толтура бактерия аралашып кеткен кан боордо тазаланган соң гана бүт денени кыдыруу үчүн жалпы кан айланууга кирет. Ошондуктан жалпы кан айланууга бактериялардын бир пайыздан азы гана кире алат.

Сиздин оюңузча, кайсы сокур кокустук денеде дагы канчалаган органдар турганда, Купфер клеткаларын боорго жайгаштырган болушу мүмкүн? Болжол менен жүз триллион клеткадан турган бир дененин ичинде кандайдыр бир клетканын өзүнө атайын бир орунду белгилеп, ал жерге барып жайгаша тургандай аң-сезимде болушу мүмкүн эмес. Мындай кемчиликсиз бир план үчүн өтө улуу бир акыл болушу шарт. Бул акыл денебиздеги ар бир чекитти эң мыкты билген жана баарын өз орду менен бизди жоктон жараткан Аллахка тиешелүү.

Page 24: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дем алууну эч качан башкарбайсыз, себеби кээ бир клеткаларыңыз сиздин

ордуңузга жөнгө салып турушат

Эгер дем алуунун башкаруусу бизге берилгенде, дем алууну унутуп калганыбызда, уктап кеткенде же башка бир жумуш менен алек болгонубузда, аба жетпей өлүп калышыбыз мүмкүн эле.

Ар бир адам үчүн өтө маанилүү болгон дем алуу процесси дем алуу борбору тарабынан жөнгө салынат. Бул борбордун көлөмү жасмыкчалык (чечевица) болуп, мээбиздин бир бутагы болгон «мээ сөңгөгү» деп аталган жерде жайгашкан жана негизги үч топтогу нерв клеткаларынан турат:

Биринчи топтогу клеткалар дем алуунун негизги ритмин аныктап, ичибизге абаны жутуу буйругун беришет. Ушундайча бизге керектүү абаны ичибизге тартабыз.

Экинчи топтогу клеткалар болсо дем алуунун ылдамдыгы менен багытын аныкташат. Бирок экинчи топтогу клеткалар ишке киргенде, биринчи топтогу клеткалардын иш-аракетин бир сигнал менен токтотушат. Натыйжада өпкөнүн аба толгон бөлүгү контрольго алынып, дем алып чыгарышыбыз ылдамдайт.

Үчүнчү топтогу клеткалар болсо кадимки дем алуу шартында активдүү болушпайт. Көп өлчөмдө дем алып чыгаруу керек болгондо гана ишке киришип, курсак булчуңдарыбызга сигнал жөнөтүп дем алуу процессине көмөк бердиришет.

Бул айтылгандар жашообузду улантышыбыз үчүн жетиштүүбү? Жок.

Дем алуу химиялык жактан да жөнгө салынат. Биздин дем алып чыгаруубуздун максаты – кандагы кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын катышынын белгилүү деңгээлде сакталышы. Бул катыш өзгөргөндө болсо дем алуу борборундагы бир клетка тобу ишке киришип, тиешелүү чоңдуктар өтө кылдаттык менен керектүү деңгээлге алып келинет.

Кандагы кычкылтектин көлөмү дем алуу борборуна түздөн-түз таасир бербейт. Андай болсо кандагы кычкылтектин көлөмүнүн өзгөргөнүн бул борбор кантип билет? Бул жерде дагы бир топ ишке аралашып, кереметтүү бир аң-сезимдүүлүктү көрсөтүшөт. Мээнин сыртында, күрөө тамыр сыяктуу кээ бир чоң тамырларда жайгашкан өтө сезгич кабылдагычтар кандагы кычкылтек белгилүү бир деңгээлден төмөн түшкөндө, дем алуу борборуна сигналдарды жөнөтүшөт. Натыйжада өтө кылдат өзгөрүүлөр аркылуу дем алууга керектүү түзөтүүлөр киргизилет.

Биз жашообузду улантышыбыз үчүн канчалык кычкылтек керек экенин бир клетка тобу кайдан билет?

Илим 20-кылымда гана ачкан бул кереметтүү механизмди клеткалар алгачкы адамдан бери кантип колдонуп келе жатышат?

Болгондо да, бул механизм ушунчалык так иштегендиктен, өмүр бою отурганда, чуркаганда же уктап жатканда эч ката кетирилбейт жана денебиздеги 100 триллион клеткага дайыма дал керектүү өлчөмдө кычкылтек жеткирилип; зыяндуу көмүр кычкыл газы жана суутек иону сыяктуу калдыктар өз убагында алып кетилет.

Page 25: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Эволюция теориясына фанаттык бир ишеним менен берилген кээ бир илимпоздор бүт бул чындыктарды билип туруп, материализмде калуу үчүн гана, бул кемчиликсиз системаларды сокур кокустуктардан пайда болгон дешет. Чындыгында болсо, бул кемчиликсиз тартипти чексиз акылдуу Аллахтын жаратканы апачык көрүнүп турат.

Page 26: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Сиз кыла албаган нерсени клеткаларыңыз кыла алышат!

Алдыңызга ар кандай металлдардын күкүмдөрүн коюшуп, булардын кайсы металлдар экенин аныкташыңыз талап кылынды дейли. Жаңылбай аныктай аласызбы?

Бул багытта илим албаган бир адам болсоңуз, бул нерсе колуңуздан келбейт. Бирок сиз аң-сезимдүү болуп туруп кыла албаган бул нерсени денеңиздеги болжол менен 100 триллион клетканын баары эч кыйналбастан, ойлонбостон жана эсептеп отурбастан оңой эле кыла алат. Болгондо да, бир эле сиздин клеткаларыңызда эмес, жер жүзүндө ушул кезге чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан миллиарддаган адамдардын ар биринин триллиондогон клеткасында да бул жөндөм бар.

Денеңиздеги бир клетка дененин ичинде өзүнө керектүү темирди оңой гана тандап, өзүнүн ичине киргизе алат. Ошол сыяктуу, фосфорду, азотту, кычкылтекти, натрийди, калийди жана башкаларын ар дайым оңой эле таанып, колдонуу үчүн топтой алат же ашыкчасын аныктап сактап койо алат. Ал тургай, керек учурда муктаждыгынан ашыкча элементтерди клетканын сыртына чыгарып сала алат.

Бул жерде токтоп, ойлонуп көрүңүз. Клетка деген нерсе – белоктордон, молекулалардан, атомдордон турган, көлөмү миллиметрдин миңден бириндей болгон бир түзүлүш. Анын колдору, көздөрү, кулактары, мээси жок. Анын сиз сыяктуу бир аң-сезими да жок. Анда металлдарды, заттарды кантип тандай алат?

Бул тандоо клеткаларыңыздын баарына Аллах тарабынан илхам кылынууда. Көзү жана аң-сезими жок атомдорго курч бир көздү жана аң-сезимди талап кылган бир тандоо жөндөмүн берген – чексиз илимдүү жана чексиз кудуреттүү Аллах.

Page 27: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Өмүрүңүз клеткаларыңыздын иштерди пландуу бөлүшүп алганы себептүү

уланууда!

B12 витамини адам өмүрү үчүн өтө маанилүү бир витамин, себеби кандын жасалышында колдонулат. Бул витаминдин жетишсиздиги адамдын өлүмүнө алып барчу кан аздыгына себеп болот. Бирок бул витамин дененин ичинде жалгыз бойдон колдонула албайт. Ошондуктан ашказандын былжыры кандын жасалышында маанилүү бир кызматты аткарган B12 витаминин сиңирүүчү атайын бир затты чыгарат. Ичке ичегинин атайын бир бөлүгүндө болсо жалаң гана B12 витаминин сиңирүүгө даярдалган клеткалар болот. Бул жерде бир саамга ойлонолу. Кан көптөгөн татаал процесстин натыйжасында, негизинен жилик чучугунда (чучукта) жасалат. Бирок жилик чучугу ашказандан абдан алыста жайгашкан. Жилик чучугунда керектүү бир витаминдин колдонулушу кантип ашказан клеткалары чыгарган бир заттан көз-каранды болушу мүмкүн? Жана кантип бул витаминди сиңирүү милдети ичке ичегинин бир бөлүгүндө жайгашкан белгилүү сандагы клеткага жүктөлгөн?

Бул үчүн ашказан клеткалары менен ичке ичегинин тиешелүү бөлүгүндөгү клеткалардын бул жөнүндө маалыматы болушу керек. Алардан абдан алыста боло турган кандын өндүрүшүн жакшы билиши зарыл. Ошондой эле, бул өндүрүштүн дене үчүн канчалык маанилүү экенин да билүүлөрү зарыл. Кыскасы, денеңиздин ичинде капкараңгы жерлерде адам укканда таң кала турган системалар кызмат кылып, клеткалардын арасында абдан пландуу иштер жасалууда.

Албетте, мындай пландуу жана кемчиликсиз иш-аракеттердин клеткалардын «эрки» менен жасалышы мүмкүн эмес. B12 витаминин да, аны колдонууга ыңгайлуу абалга алып келүүчү маалыматты билген клеткаларды да асмандардын жана жердин Рабби Аллах жараткан.

Page 28: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Клеткаларыңызда болуп жаткан кубулуштарга акыл керек экенин

ойлонуп көрдүңүз беле?Ашказандан ичегилерге келген сиңирилген азыктардын ичинде күчтүү кислоталар болот. Бул он эки эли

ичегиге олуттуу бир коркунуч туудурат. Себеби он эки эли ичегинин ашказан сыяктуу өзүн коргой турган атайын бир катмары жок.

Анда кантип он эки эли ичеги кислоталардан жабыркабайт? Бул суроонун жообун табуу үчүн тамак сиңирүү процессиндеги кубулуштарды караганыбызда, денебизде болуп жаткан таң калыштуу окуяларды көрөбүз.

Он эки эли ичегиге ашказандан азыктар менен бирге келген кислоталардын көлөмү кооптуу бир деңгээлге жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылып баштайт. Он эки эли ичегини коргоочу бул секретин гормону ичке ичегинин капталындагы клеткаларда «просекретин» абалында болот. Бул гормон сиңирилген азыктардын кислота таасири менен башка бир химиялык затка, б.а. секретинге айланат.

Секретин гормону канга аралашып уйку безине (карын астындагы безге) келип, фермент бөлүп чыгарышы үчүн аны жардамга чакырат. Он эки эли ичегинин коркунуч астында калганын секретин гормону аркылуу түшүнгөн уйку бези «бикарбонат» молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Бул молекулалар ашказандын кислотасын нейтралдаштырып, он эки эли ичегини коргошот.

Адамдын өмүрүн сактаган бул процесстер кантип ишке ашууда? Ичеги клеткаларынын аларга керектүү заттын уйку безинде бар экенинен кабардар болушу, уйку безин стимулдай турган заттын формуласын билиши, ошондой эле, уйку безинин ичегиден келген кабарды түшүнүп, бикарбонат молекулаларын чыгарып башташы өзүнчө бир керемет.

Бул жерде ичеги клеткалары жөнүндө айтылган «билүү, кабардар болуу» сыяктуу этиштер адамдын денесинде болуп жаткан кубулуштарга жакшыраак басым жасоо үчүн колдонулууда. Чындыгында болсо, акылы бар ар бир адам түшүнө тургандай, бир клетканын ойлонуп, өз эрки менен чечимдерди алышы, башка бир органдын өзгөчөлүктөрүнөн кабардар болушу, формулаларды иштеп чыгышы эч мүмкүн эмес.

Клеткаларды бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан теңдешсиз бир илимдин ээси Аллах. Аллах адамдарга алардын денесинде ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү жаратуу аркылуу кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө.

Page 29: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Денеңиздеги жеген кантыңызды жөнгө салган ири бир заводду билесизби?

Эгер муктаждыгыңыздан бир аз көбүрөөк канттуу бир тамак жесеңиз, денеңиздеги бир система кандагы канттын көлөмүнүн жогорулашына жол бербөө үчүн ишке киришет:

1- Алгач уйку безинин клеткалары кан суюктугунун ичиндеги жүздөгөн молекуланын арасынан кант молекулаларын таап, башкаларынан бөлүп алат. Ал тургай, кант молекулаларын бирден эсептегендей болуп бул молекулалардын санынын көп же аз экенин да аныкташат. Көзү, мээси, колдору болбогон, көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги кант молекулаларынын абалын билиши адамды ойго сала турган бир көрүнүш.

2- Эгер уйку безинин клеткалары канда керегинен ашыкча кант бар деп аныктаса, бул ашыкча кантты сактап коюуну чечишет. Бирок сактап коюу жумушун өздөрү жасашпайт, алардан абдан алыста жайгашкан башка клеткаларга жасатышат.

3- Алыстагы ал клеткалар буйрук келмейинче, кантты сактап коюуну каалашпайт. Ошондуктан уйку безинин клеткалары ал клеткаларга «кантты топтоп, сактап коюуну баштагыла» деген буйрукту билдирген бир гормонду жөнөтүшөт. «Инсулин» деп аталган бул гормондун формуласы уйку безинин клеткалары эң биринчи пайда болгондон бери ДНКларында жазылуу турат.

4- Уйку безинин клеткаларындагы атайын «ферменттер» (жумушчу белоктор) бул формуланы окушат. Окуган формулага карап инсулинди өндүрүшөт. Бул өндүрүштө ар бири ар кандай кызматты аткарган жүздөгөн фермент иштейт.

5- Өндүрүлгөн инсулин гормону эң ишенимдүү жана эң ылдам транспорт тармагы болгон кан аркылуу максатталган клеткаларга жеткирилет.

6- Инсулин гормонунда жазылган «кантты топтоп, сактап койгула» деген буйрукту окуган клеткалар болсо бул буйрукка толук моюн сунушат. Кант молекулаларынын клетканын ичине киришине жол берүүчү эшиктер ачылат.

7- Бирок бул эшиктер туш келди эле ачыла бербейт. Сактап коюучу клеткалар кандагы жүздөгөн түрдүү молекуланын арасынан бир гана кант молекулаларын таап кармап, өздөрүнүн ичине камап коюшат.

8- Клеткалар аларга келген буйрукка эч качан баш ийбей коюшпайт. Буйрукту туура эмес түшүнүп, туура эмес заттарды кармап же керегинен ашыкча кантты сактап койгонго аракет кылышпайт. Абдан дисциплиналуу түрдө, жан үрөп иштешет.

Ошентип сиз ашыкча канттуу бир чай ичкениңизде, ушул кереметтүү система ишке кирип, ашыкча кантты денеңизде топтоп койот. Эгер бул система иштебегенде, анда каныңыздагы кант тездик менен көтөрүлүп, комага түшүп, көз жуммаксыз. Бул ушунчалык кемчиликсиз бир система болгондуктан, керек учурда тескерисинен да иштей алат. Эгер кандагы кант нормадан төмөн түшүп кетсе, бул жолу уйку безинин клеткалары такыр башка бир гормонду, б.а. «глюкагонду» чыгарышат. Глюкагон мурда кантты топтоп койгон клеткаларга эми «канга кантты аралаштыргыла» деген буйрукту алып барат. Бул буйрукка да моюн сунган клеткалар сактап койгон кантты кайра чыгарышат.

Page 30: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Бир мээси, нерв системасы, көзү, кулагы болбогон клеткалар кантип мынчалык татаал эсептерди жана иштерди эч кемчиликсиз жасай алышат? Белоктор менен май молекулаларынын жыйындысынан турган бул аң-сезимсиз нерселер кантип адамдар да жасай албай турган чоң иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул улуу акылдын булагы эмне? Албетте, бул процесстер бизге бүт ааламды жана бүт жандыктарды башкарган Аллахтын бар экенин жана кудуретин көрсөтүүдө.

Page 31: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Глюкозаны, белокту, натрийди айырмалай алган бөйрөктөр

жаратылуунун апачык бир далили

Эки бөйрөгүбүз өмүр бою денебизде айланган канды тазалайт. Сүзүп алган заттарынын бир бөлүгүн денеге кайра жөнөтүп, калганын болсо ишке жарабаганы үчүн денеден чыгарып салат. Бөйрөктөрдүн белокту, заараны, натрийди, глюкозаны жана башкаларды кантип бири-биринен айырмалашын билесизби?

Бөйрөктөрдө келген кандын ичиндеги заттарды сүзүүчү жер – «түйдөкчө» (гломерул) деп аталган капиллярлардан турган тоголок бир түзүлүш. Бул жердеги капиллярлардын денени каптаган башка капиллярлардан айырмасы, бул жердегилер үч катмар менен оролгон. Мына ушул үч катмар өтө кылдаттык менен бөйрөктөрдө кайсы заттын сүзүлүп чыгарылаарын, кайсысынын кайра канга аралашаарын ЧЕЧЕТ. Бирок бул сүйлөмдөгү маанилүү бир жерге көңүл буруңуз. Бир клетка чели кайсы критерийдин негизинде жана кайсы механизм аркылуу ага келген суюктуктун ичиндеги бүт заттарды бир-бирден аныктап, кайсы жерге бараарын чечет? Бөйрөккө келген кандын ичинде глюкоза, бикарбонат, натрий, хлор, заара жана креатин сыяктуу көптөгөн заттар болот. Бөйрөк бул заттардын кээ бирлеринин баарын, кээ бирлеринин бир бөлүгүн денеден сыртка чыгарса, кээ бирлерин толугу менен канга жөнөтөт. Бир кесим эт бул заттардын кайсысынын канча бөлүгүн чыгарып салаарын кантип чечет? Бул суроонун жообу бул бир кесим эттин кемчиликсиз бир түзүлүштө жаратылгандыгында катылган.

Түйдөкчөлөрдүн тандоосу суюктуктун ичиндеги молекулалардын электрдик зарядына жана чоңдугуна карап белгиленет. Бул түйдөкчөлөрдүн суюктукка аралашкан натрий менен глюкозанын молекулаларынын салмагын эсептөө жана белоктордун терс заряддуу экенин АНЫКТОО жөндөмү бар деген мааниге келет. Натыйжада дене үчүн өтө маанилүү болгон белоктор денеден чыгарылып салбай, кайра артка кайтарылат.

Сиздин оюңузча, капиллярлардан турган бир түзүлүш, б.а. түйдөкчөлөр химия, физика же биология билимин албай туруп, мындай жогорку жөндөмгө кантип ээ боло алышат? Бөйрөк түйдөкчөлөрүнүн бул жөндөмгө ээ болушунун жана өз кызматын кемчиликсиз жасашынын себеби алар Жараткан Аллахтын илхамы менен иш-аракет жүргүзүшөт. Эч бир затты кокустан тандап сүзүшпөйт. Эгер кокустан тандаганда, бул аң-сезимсиз заттар туура молекуланы тапканга чейин денебиз чыдап күтө алмак эмес. Булардын баары Аллахтын кемчиликсиз жаратуу далилдеринен.

Page 32: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Кан басымыңыз төмөндөгөндө денеңизде кандай процесстер болоорун билесизби?

Күн сайын көп эле «кан басымым түшүп кетти» же «кан басымым көтөрүлдү!» деген сөздөрдү угабыз. Бирок кан басымыңызды жөнгө салуу милдетинин бөйрөктөрүңүзгө берилгенин балким эч бириңиздер билбейт чыгаарсыздар.

Бөйрөктөр адам денесиндеги көптөгөн кызматтарынан тышкары, кандын басымын жөнгө салуу кызматын да аткарат. Кан басымын аныктоочу эң негизги факторлордун бири – бул тамырлардын ичиндеги суюктуктун көлөмү. Тамырлардын ичиндеги суюктук канчалык көп болсо, кан басымы да ошончолук көтөрүлүп, денедеги бүт органдарга зыян тийгизет.

Дене тамырлардагы ашыкча суюктукту жүрөктүн алдыңкы көбөлдөрүндө (бөлмөчөлөрүндө) орнотулган сенсорлор аркылуу аныктайт. Ичине кирген ашыкча суюктуктан улам жүрөктүн чоюлушунун натыйжасында жүрөктөгү сенсорлор мээге абал жөнүндө сигнал жиберишет. Мээ анын негизинде бөйрөккө барган тамырларды жөнгө салып кандын сүзүлүшүн көбөйтөт. Кан басымынын жогорулашы, б.а. суюктуктун көлөмүнүн көбөйүшү адамга абдан чоң коркунуч туудурат. Эгер чара көрүлбөсө, бул өлүм менен аяктайт. Бирок мындай болбойт жана жогору кан басымынан денени коргоочу процесстер сериясы башталат. Кан басымынын көтөрүлүшү жүрөктүн көбүрөөк чоюлушуна себеп болот. Натыйжада булчуң талчалары да бири-биринен алыстайт жана талчалардын ичине камалган кабарчы молекулалар эркиндикке чыгып канга аралашат. Анан бул кабар кан аркылуу бөйрөктөргө жетет. Анын негизинде денеден чыгарылган суюктуктун көлөмү да өсөт. Натыйжада кан басымы кадимки деңгээлине түшүп, жүрөк кадимки шартта согууну улантат.

Кан басымын жөнгө салуудагы бөйрөктүн ролу муну менен эле чектелбейт. Кан басымы төмөн болгон учурларда болсо бөйрөктөгү өзгөчө түзүлүштөгү JGA клеткадан «ренин» аттуу бир зат бөлүп чыгарылат. Бирок бул зат түздөн-түз кан басымын көтөрбөйт. Бул зат чыккан жеринен такыр башка бир жерден, боордон чыгарылган «ангиотензиноген» аттуу бир молекула менен биригип, «ангиотензин-1» молекуласына айланат. Бирок бул гормондордун дагы кан басымына өтө олуттуу бир таасири болбойт. Кан айланууда жүргөн бул гормон андан соң дагы башка бир органда, өпкөдө кездешкен «ACE» деп аталган жана бир гана «ангиотензин-1» молекуласын бөлө алган бир фермент аркылуу башкача бир молекулага, б.а. «ангиотензин-2» молекуласына айланат.

Тамырларга таасир берип, кан басымын кадимки деңгээлге чыгара турган негизги гормон мына ушул акыркы молекула болот. Бул молекула пайда болбосо, андан мурда чыгарылган эч бир гормон кан басымына таасир бере албайт. Ангиотензин-2 молекуласы бир гана аны менен бириге турган, тамырдын бетинде жайгашкан кабылдагычтар менен бириккен соң тамырлар кысылып, кан басымы жогорулайт.

Бул жерде эң негизги жагдай – бул заттардын таасиринин бири-биринен көз-каранды болушу. Алардын бирөөсү болбосо, экинчиси да болбойт. Демек, бир этабынын дагы кокустан пайда болушу мүмкүн эмес болгон бул системанын бүт бөлүктөрүнүн бир учурда, бир денеде кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Кокустуктардын бөйрөктөргө түшүнүү жөндөмүн, керектүү чараларды көрүү эркин бере албашы талашсыз. Бул түзүлүштөрдүн баарынын бир учурда пайда болгону алардын Аллах тарабынан жаратылгандыгын апачык далилдейт.

Page 33: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Кан айлануу системасындагы аң-сезим

Дене тканьдары азыктана алышы үчүн талап кылынган эң негизги заттардын бири – бул кычкылтек. Ошондуктан тканьдарга тынымсыз жетиштүү санда кычкылтек жеткирүү керек. Дененин ичиндеги кемчиликсиз системанын эң негизги бөлүктөрүнүн бири болгон кан айлануу системасы бул кычкылтек ташуу милдетин кемчиликсиз аткарат. Тканьдардагы кычкылтектин көлөмү азайганда, тканьга баруучу кандын агымы АВТОМАТТЫК түрдө бир топко көбөйөт. Ал тургай, керек учурларда кандын агымынын жети эсеге чейин өсөөрү аныкталган.

Бул системанын бөлүктөрү – эч кандай аң-сезими, билими же чечим алуу механизми болбогон тканьдар, клеткалар, кан тамырлары жана белоктор. Андай болсо, кан айлануу системасына тканьдарда кычкылтектин көлөмүнүн азайганын кабар берген, кан айлануу системасына кандын агымын ылдамдат деп буйрук берген, коркунучтан өткөн соң кандын агымын кадимки абалына кайтарган илим, акыл жана чечим жөндөмү кимге тиешелүү? Кайсы клеткага кайсы кабарды жеткирүү керек экенин чечкен, клеткалар түшүнө турган бир тилде бул кабарды жиберген ким? Же кабарды алган клеткалар аны кантип окуп, кантип түшүнүп турмушка ашырышат? Бир клеткада окуу жана түшүнүү жөндөмүнүн болушу мүмкүн эмес. Мунун дагы көптөгөн майда-бараттарын изилдөөгө болот, бирок дайыма бир гана жыйынтыкка барабыз: дененин ичинде бул процесстерди жасай ала турган, кандагы кычкылтектин көлөмүн тең салмакка сала турган бир аң-сезим жок. Адам өзү болсо көбүнчө мындай механизмдин бар экенинен да кабарсыз жашайт.

Ааламдагы жандуу-жансыз бүт нерселер сыяктуу, денебиздеги бүт түзүлүш, системалар дагы Аллахтын буйругу менен кыймылдайт. Бүт жандыктардын денелеринде, органдарынан клеткаларына, белокторунан молекулаларына чейин бүт атомдорунда көрүлгөн акыл – Аллахтын жараткан чыгармасы.

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

Page 34: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Тамырларды бошоңдотуучу кереметтүү молекула: азот кычкылы

1998-жылы Физиология жана медицина тармагы боюнча Нобель сыйлыгын алган үч илимпоз тамырда чыгарылган азот кычкылы (NO) атуу молекуланын бошоңдотуучу касиети бар экенин ачышкан. Бул молекула аркылуу тамырдын капталынын чыңалуусу жөнгө салынат. Бирок азот кычкылы бул жумушту өзү жалгыз жасабайт. Ал тамырдын капталынын бошоңдошунда ортомчулук кызматын аткарат.

Бул процесс чынжырынын кандайча ишке ашаарын жакшыраак түшүнүү үчүн схемадан карасак болот. Тамыр бошоңдошу үчүн башында кандагы кээ бир сигнал жеткирүүчү гормондор ишке киришет. Булар тамырдын чел кабыгындагы кабылдагычтарга туташып, бул процесстин башталышына себеп болушат. Муну биринчи ташынын кулашынан улам бири-бирин катары менен кулаткан домино таштарына салыштырууга болот. Биринчи таш кулаган соң, б.а. кандагы сигнал жеткирүүчү гормон тамырдын чел кабыгындагы кабылдагычка туташкан соң клетканын мембранасы эмне кылуу керек экенин «түшүнүп», азот кычкылын чыгарып баштайт. Чыгаары менен эмне кылуу керек экенин «билген» азот кычкылы молекулаларынын кээ бирлери тездик менен тамырдын жылма булчуң клеткаларына келишет. Бул жерде клеткага кирип GTP аттуу фермент менен биригишет. Бул экинчи этап. Тамыр бошоңдошу үчүн кийинки этапка өтүү керек болот. Азот кычкылы GTP менен бириккен соң cGMP аттуу башка бир фермент чыгарылып баштайт. Албетте, бул жаңы заттын дагы бул чынжырда белгилүү бир кызматы бар жана аны аткаруу үчүн миозинге барып, аны стимулдайт. Миозин булчуң клеткаларынын чыңалып-бошоңдошуна таасир берүүчү бир фактор. Бул акыркы этап болуп саналат. Миозиндин кыймылга келиши менен акыркы таш да кулап, булчуң клеткалары бошоңдойт.

Эми бул этаптардын баарын дагы бир жолу элестетип көрүңүз. Көңүл бурган болсоңуз, бул процессте кызмат кылган гормон жана клеткалар пландуу иш алып барышууда. Кандагы сигнал жеткирүүчү гормондор тамырдын чел кабыгында алар үчүн белгиленген жерге барып, ал аймакка таасир берип, бул процессти башташат. Мындан кийинки процесстерде дагы ушундай эле аң-сезим бар. Ар бир сигнал капкараңгы адам денесинин ичинде эч жолунан адашпай, дайыма туура дарекке барып, ийгиликтүү натыйжага жетишет.

Клеткалардын, гормондордун жана молекулалардын мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракеттеринин себеби эмнеде? Бул аң-сезим алардын өздөрүнө тиешелүү болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Бир клетканын качан, эмне чыгараарын ага айтып тура турган, гормондун же молекуланын туура дарекке барышы үчүн ага жол көрсөткөн, туура даректи билдирген, кыскасы булардын баарын башкарган бир акыл жана аң-сезим болушу керек. Бул чексиз акыл клетканы, гормондорду, молекулаларды жараткан, кандай кыймыл-аракет кылаарын аларга илхам кылган Аллахка тиешелүү.

Page 35: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дарвинизмдин канчалык чоң сандырактык экенин көрүүгө бир эле

мисал жетет!

Дарвинизм «кокустан болгон миллиондогон кубулуштар жансыз заттарга жан киргизип, кемчиликсиз иштөөчү, кемчиликсиз долбоорлуу түзүлүштөрдү пайда кылган» деген пикирди жактаган, такыр логикасыз бир көз-караш. Дарвинизмдин канчалык чоң сандырактык экенин түшүнүү үчүн төмөнкү мисалды окушуңуз дагы жетиштүү болот.

Кандагы ташыгыч белоктордун бири альбумин холестерол сыяктуу майларды, гормондорду, уулуу өт зилин жана пенициллин сыяктуу дарыларды өзүнө жабыштырат. Андан соң кан менен бирге денени кыдырып, ууларды боордо зыянсыз абалга келтирилиши үчүн калтырып, азык менен гормондорду болсо керектүү жерлерге жеткирет.

Эми бир ойлонуп көрүңүз жана өзүңүзгө төмөнкү суроолорду узатыңыз:

• Альбумин деген атомдордон турган, эч бир илими, аң-сезими жок бир молекула кантип майларды, ууларды, дарыларды, азыктарды бири-биринен айырмалай алат?

• Кантип боорду, өттү, ашказанды таанып, ташыган заттарын адаштырбастан, жаңылбастан, эч ката кетирбестен дайыма туура жерге жана керектүү өлчөмдө калтыра алат?

Кандагы уулуу заттарды, дары жана азыктарды микроскоптон көрсөңүз –медицинадан билим алган эмес болсоңуз- буларды сиз дагы бири-биринен айырмалай албайсыз. Кайсы органга кайсысынан канча калтыруу керек экенин болсо эч качан биле албайсыз.

Адамдардын көпчүлүгү атайын бир билим алмайынча биле албай турган мындай маалыматтарды аң-сезимсиз бир канча атомдон турган альбумин молекуласы билүүдө жана миллиондогон жылдан бери бүт адамдардын денесинде өз милдетин эч катасыз орундатып келүүдө. Албетте, бир «атом жыйындысынын» мындай аң-сезимдүү иштерди жасашы Аллахтын чексиз кудурети жана илими менен болууда.

«Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган.» (Таха Сүрөсү, 98)

Page 36: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Денеңиздеги ар бир белоктун кемчиликсиз долбоору жана өтө

маанилүү кызматтары бар!

Аллахтын бар экендигинин далилдерин айтып берүү кокустуктардын жаратуу күчүнүн жок экенин көрсөтүүдө эң жакшы ыкма болуп саналат. Өз денебизден бир мисал келтирели.

Өйдө туруудан колубузду көтөрүүгө чейин бүт кыймылдарды булчуңдарыбыз аркылуу жасайбыз. Бул кыймылдарды жасашыбыз үчүн булчуң клеткаларыбызга тынымсыз кычкылтек барып турушу керек. Булчуң клеткаларына кычкылтек жеткирүү жумушун болсо денедеги белоктордун бири миоглобин аркалайт. Миоглобин канда кычкылтек ташуу кызматын аткарган гемоглобин аттуу башка бир белокко жалпысынан абдан окшошуп кетет. Бирок миоглобин гемоглобинден айырмаланып бир гана кычкылтекти батыра алат. Миоглобиндин бул касиетинин урматында булчуңдарга кычкылтек аз-аздан, белгилүү бир санда жеткирилет.

Бир саамга канда кычкылтек ташыган гемоглобин менен булчуңдарда кычкылтек ташыган миоглобиндин орду алмашып калды деп элестетели. Анда миоглобин денеге керектүү кычкылтекти өпкөдөн ташууда жетишсиз болуп калмак. Ал эми гемоглобин болсо булчуңдарга керегинен ашыкча кычкылтекти, болгондо да бир учурда жеткирип салмак. Натыйжада бүт дененин тең салмактуулугу бузулмак. Бирок мындай болбойт жана бул эки белок дайыма өз ордунда болот. Мунун урматында эч кыйналбай дем алып, каалагандай кыймылдай алабыз.

Гемоглобин менен миоглобин адам денесиндеги белоктордун экөөсү гана. Денедеги башка белоктор дагы ушул сыяктуу дал керектүү өзгөчөлүктө жана керектүү жерде өндүрүлүшөт. Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, адамдын денеси кокустан пайда болушу эч ыктымалсыз болгон кемчиликсиз түзүлүштө жаратылган. Аны бүт ааламдардын Рабби Аллах жараткан.

Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат алып, ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)

Page 37: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Каталарды табуучу ферменттер

Дененин маалымат базасы болгон ДНКда кээ-кээде тышкы факторлордун натыйжасында кээ бир каталар болуп калышы мүмкүн. Бирок бул каталар ДНКнын контроль механизмдери тарабынан ошол замат оңдолот. Оңдоо ишин болсо кайра эле ДНКдагы маалыматтардын негизинде өндүрүлгөн ферменттер жасашат.

Оңдоо процесси бир канча этаптан турат:

1. Бир жери жабыркаган ДНК тизмегинин каталуу бөлүгү ДНК-нуклеаза аттуу фермент тарабынан аныкталат.

2. ДНК-нуклеаза өзү тапкан каталуу бөлүктү үзүп салат. Натыйжада ДНК спиралында бир боштук пайда болот.

3. Экинчи бир фермент ДНК-полимераза катасыз копиядан туура маалыматты алып, бош жерге туура маалыматты жайгаштырат.

4. Бирок оңдоо иши муну менен эле бүтпөйт. Оңдоо жасалган жердеги кант-фосфат тизмегинде бир үзүк пайда болгон болот. Бул үзүк болсо ДНК-лигаза ферменти тарабынан оңдолот.

Кылган ишинен да көрүнүп тургандай, ДНКдагы каталарды оңдоодо кызмат кылган ферменттерде бир качан өзгөчөлүктөр болушу зарыл. Каталарды аныктай алуу үчүн ДНКны эң мыкты таанышы керек. Мындан тышкары, туура маалыматты каерден алаарын жана пайда болгон боштукту кантип толтуруу керек экенин да билиши зарыл.

Эң кызыгы, ДНКны өндүргөн жана анын түзүлүшүн текшерип турган бул ферменттер кайра эле ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде жана ДНКнын буйругу жана контролу менен өндүрүлгөн белоктор болуп саналат. Бул жерде бири-биринен көз-каранды, кереметтүү бир система бар; мындай системанын кокустуктардын натыйжасында, этап этап менен пайда болушу такыр мүмкүн эмес. Себеби фермент болушу үчүн ДНК болушу керек, ДНК болушу үчүн болсо фермент болушу зарыл, экөө тең болушу үчүн болсо клетка, мембранасынан баштап бүт комплекстүү органеллдерине чейин, толугу менен бар болушу керек.

Тирүү организмдер көптөгөн «пайдалуу кокустуктардын» натыйжасында «этап этабы менен» келип чыккан деген эволюция теориясы бул ДНК-фермент парадоксу тарабынан толук жокко чыгарылууда. Себеби ДНК менен фермент бир учурда, чогуу пайда болушу керек. Бул болсо Раббибиздин кудуреттүү жаратуусун көрсөтөт.

Асмандардагы жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «чын көңүлдөн моюн сунган» абалда. (Рум Сүрөсү, 26)

Page 38: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дарвинизмге ишенүү жомоктордун чындык экенине ишенүү сыяктуу эле

логикага туура келбейт

Төмөнкү таблицадагы тамгалар туш келди тизилген. Бул тамгалар негизи каныңызда кычкылтек ташуу милдетин аткарган гемоглобин белогунун сүрөттөлүшүнүн бир бөлүгү. Бул сүрөттөө дене жөнүндөгү бүт маалыматтар камтылган ДНКда жазылган. Гемоглобин өндүрүү керек болгондо, ДНКдагы 3 миллиард тамганын арасынан ушул тамгалар тандалат. Бул тандоо ишин РНК-полимераза аттуу фермент жасайт. Бул фермент жумушун ушунчалык кунт коюп жасагандыктан, окууда жана туура тамгаларды тандоодо эч качан ката кетирбейт. Ар дайым миллиарддаган тамганын арасынан туураларын тандайт.

Туура тамгаларды тандап, белоктун сүрөттөөсүн алган соң өндүрүш үчүн клетканын ичиндеги өндүрүш борборуна, б.а. рибосомага барат.

Рибосома да бул сүрөттөөнү абдан кунт коюп окуп, түшүнүп, ошол замат эч катасыз өндүрөт.

Бул абдан алдыңкы технологиялуу бир бийик имараттын планынын архитектор, инженерлер тарабынан түзүлгөн соң, аны куруу үчүн тиешелүү адис жана техниктерге тапшырылышы сыяктуу пландуу жана мыкты уюштурулган бир иш-аракет.

Дарвинисттер болсо көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей бир аянттагы бул мыкты уюштурууну кокустан пайда болгон дешет. Жансыз, көзү жана аң-сезими жок атомдордон турган молекулаларды акылдуулук менен, кемчиликсиз бир план жана тартипти башкарып, ишке ашырышууда дешет.

Дарвинизмдин бул сөздөрүнө ишенүү жаш бала жомокторун чындык деп ойлой турганчалык логикасыз жана чындыктан алыс. Бирок дарвинизм сыйкыр жана гипноз ыкмаларын колдонуп, көп адамдарды алдап, баамдоо жөндөмүн жаап койгон.

Page 39: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Илимдүү, аң-сезимдүү жана жөндөмдүү ферменттер

Бир клеткада белгилүү бир белокту өндүрүү керек болгондо, РНК-полимераза аттуу бир фермент клетканын маалымат базасы болгон ДНКга барып, ДНКдан өндүрүлө турган белок менен байланыштуу маалыматтарды таап, өзүнө бир копиясын алат. Бирок кээде белок жөнүндөгү маалыматтар ДНКнын ар кайсы жеринде чачыранды абалда болуп калат. Ошондуктан РНК-полимераза ферменти маалыматтын башталган жеринен бүткөн жерине чейинки бөлүктүн баарын копиялаганда, ортодо керексиз жерлерди да копиялаган болот. Ортолордо керексиз маалыматтардын болушу болсо башкача жана ишке жараксыз бир белоктун өндүрүлүшүнө себеп болот. Мындай жагдайда «сплайсосома» (spliceosome) аттуу ферменттер жардамга келип, өтө адистик менен жүз миңдеген маалыматтын арасынан керексиздерин тандап чыгарып салып, калган тизмектерди бири-бирине улашат.

«РНКны улоо» деп аталган бул процессте бир канча атомдун биригишинен келип чыккан молекулалар абдан акылдуу иш-аракеттерди жасашат. Бир редактордой болуп, тексттеги кемчиликтерди, каталарды оңдошот. Бул атомдор РНК-полимеразанын кайсы белокту өндүрүүгө аракет кылып жатканын билип, ал белоктун жасалышы үчүн керектүү жана керексиз маалыматтарды бири-биринен айырмалай алууда, жана болгондо да бул жумушту жүз миңдеген маалыматтын арасында эч ката кетирбей жасай алууда. Мындан тышкары, аларга бир муктаждык пайда болоор замат муну түшүнүп, эч кечикпестен окуя болуп жаткан жерге келип, өз жумушун башташат.

Бул жерде айтылгандар клетканын ичинде болуп жаткан миллиондогон процесстердин бирөөсүнүн кичинекей бир этабы гана. Мындай аң-сезимди, билимди, акылды, жөндөмдү, жоопкерчилик сезимин жана кызматташтыкты талап кылган кыймыл-аракеттерди аң-сезимсиз атомдордун өз алдынча жасашы эч мүмкүн эмес.

Бирок эволюционисттер табият ушунчалык кемчиликсиз бир системаны кокустан пайда кылган дешип, логикага, акылга жана илимге каршы келишүүдө. Эч ишенилбес нерселерге ишенген эволюционисттер табият кереметтерди пайда кылып, аң-сезимсиз атомдорго кокустан аң-сезимдүү жана акылдуу иш-аракеттерди жасатууда дешет.

Бирок эволюционисттер жаңылып жатышат. Бүт бул аң-сезимдүү жана пландуу иштерди жөнгө салып, башкарган Аллах.

Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты жана силерге тартиптүү бир калып (келбет) берди; келбетиңерди сулуу кылды. Ага кайтасыңар. (Тегабүн Сүрөсү, 3)

Page 40: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Сөөк клеткаларынын өндүрүштү пландоо жөндөмү

Сөөктөрүбүз биринчи калыптанып баштаганда кемирчек болушат. Бара бара бул тканьдын ички бөлүгү катуу боло баштайт. Андан соң кемирчек кан тамырлары менен бирге остеобласт жана остеокласт аттуу белгилүү сөөк клеткалары тарабынан оролуп баштайт. Остеокласт клеткаларынын милдети катуулашкан кемирчекте оюктарды жасоо болуп саналат. Муну атайын бир ферменттерди чыгаруу аркылуу жасашат. Остеокласттар сөөктү бузуп жаткан учурда остеобласт клеткалары да жөн турушпайт жана скелетти калыптандыруу үчүн сөөк түзүлүшүн пайда кылып башташат.

Бул эки клетка тобунун ортоктошуп иш алып барышынын натыйжасында сөөктөр чоңоюп скелетти түзүшөт.

Бала кезде остеобласттардын жумушу көбүрөөк болот, себеби чоңоюу абдан ылдам жүргөндүктөн, сөөк жасоо сөөктү бузуудан көбүрөөк болушу керек. Бирок сөөк белгилүү бир жетилүү деңгээлине жеткен соң жасоо жана бузуу процесстери бири-бирин тең салмактап баштайт.

Ар бир адамдын сөөгүндөгү бул клеткалар бирдей иштерди жасашат. Баары сөөктүн үстүңкү бетин кантип жасоону билишет. Баш сөөгүндөгү сөөктөр менен кашка жиликтин арасындагы айырманы билип, бул сөөктөргө кандай форма берээрин, качан өсүүнүн токтоорун, ичкелик жана жоондугунун кандай болоорун билишет. Балалык доорун да билишет. Бул доордо жумушунун көбүрөөк экенин билип, ошого жараша иш алып барышат.

Бул процесстердин кезегинде эч башаламандык чыкпайт. Ар бир клетка тобу дал керектүү учурда активдешет. Бул пландуу иш-аракеттердин натыйжасында бүт сөөктөр өз милдетин эң мыкты аткара ала турган түзүлүшкө жана формага жетишет.

Сөөк клеткалары мындай өндүрүш жана пландоо жөндөмүн кайдан алышкан? Аң-сезимсиз атомдордон турган бир клетка план түзө албайт. Чечим чыгара албайт. Денедеги тең салмактуулуктарды биле албайт. Муктаждыктарды сезип чара көрө албайт. Бирок адам денесиндеги триллиондогон клетканын баары адамдай кыймыл-аракеттерди жасап, ал тургай, адамдан да акылдуу болушууда. Бул клеткалардын жогорку бир күч-кудурет тарабынан башкарылып тураарын көрсөтөт. Клеткаларга эмнелерди кылаарын илхам кылган – бул улуу кудуреттүү Аллах.

Page 41: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Жаратылган нерселердеги укмуштуу гармония дарвинизмди жокко чыгарат

Дарвинизм көз-карашы боюнча, бүт нерселер кокустуктардын жана хаостун натыйжасы. Бирок бүт ааламда ушунчалык кемчиликсиз бир тартип, укмуш бир гармония жана кылдат бир тең салмактуулук орун алгандыктан, дарвинисттердин «кокустук» көз-караштары жер менен жексен болууда. Денеңиздин көзүңүз менен көрө албай турган бир бөлүгүндөгү долбоор сизге бул чындыкты көрсөтөт: каныбызга кызыл түсүн берген эритроциттер, кан клеткалары. Эритроциттер жалпак дискке окшошот жана абдан ийкемдүү болушат. Бул өзгөчөлүгүнүн адам өмүрү үчүн абдан чоң мааниси бар.

Эритроциттер мындай ийкемдүү болбогондо, дененин көп жеринде тыгылып калышмак. Себеби эритроциттердин диаметри ичинде жүргөн тамырлардын диаметринен дээрлик эки эсеге чоң. Бирок ийкемдүү болушканы үчүн бул эч маселе жаратпайт жана тамырлардын ичинде эч кыйынчылыксыз жүрө алышат.

Эгер эритроциттер мындай ийкемдүү болбогондо эмне болмок?

Кант диабетинде мына ушундай маселе келип чыгат. Кант диабети менен ооругандардын кан клеткалары көбүнчө ийкемдүүлүгүн жоготуп, көздөрүндөгү назик тканьдарга ийкемсиз кан клеткалары тыгылып калат. Бул болсо сокурдукка себеп болот.

Көрүнүп тургандай, организмдердеги бүт түзүлүштөр жана бүт системалар кокустуктарга эч жол бербей турганчалык так, бири-бири менен гармонияда жана тең салмакта. Себеби алардын баарын улуу кудуреттүү жана баарын билүүчү Аллах жараткан.

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

Page 42: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Кандагы кычкылтекке аңчылык кылган гемоглобиндер

Денебиздеги бүт клеткаларга кычкылтек кандагы эритроцит клеткалары аркылуу жеткирилет. Кычкылтек молекулалары канда эркин абалда жүргөндө эритроциттер аларды кармашы керек болот. Аларды кармоо жумушун болсо эритроциттердеги гемоглобин аттуу белок аткарат.

Эритроциттер атайын гемоглобинди ташууга ыңгайлуу кылып долбоорлонгон. Гемоглобин эритроциттин 90%ын ээлейт жана ошондуктан эритроциттин ичинен башка клеткаларда болчу ядро, митохондрия сыяктуу органеллдер чыгарылып салынат. Натыйжада гемоглобин жетиштүү санда кычкылтек кармай алат.

Гемоглобин кычкылтекке эч тийбестен, бир кычкач менен кармагандай кармайт. Себеби кычкылтек атомдоруна тийсе, гемоглобин күйүп кетет жана натыйжада кычкылтекти башка клеткаларга жеткире албай калат.

Бирок кадимки шарттарда гемоглобин кычкылтекти эч тийбей кармай ала турган бир система менен жаратылгандыктан, мындай коркунуч туулбайт.

Гемоглобиндин кычкылтекти кармоо механизми төмөнкүдөй: гемоглобин төрт түрдүү белоктун биригишинен пайда болот жана бул төрт белокто темир атомун алып жүргөн атайын бөлүктөр бар. Темир атомун алып жүргөн бөлүктөр «гем топтору» деп аталат. Мына ушул «гем топтору» гемоглобиндеги кычкылтекти кармоого жөндөмдүү атайын кычкачтар болуп саналат. «Гем топтору» кычкылтекке тийбей аны кычкачтай кармап, тканьдарга жеткириши үчүн молекуланын ичинде атайын каттар жана бурчтар болот. Кармоо учурунда бул бурчтар белгилүү бир деңгээлде өзгөрөт.

Көрүнүп тургандай, дененин көзгө көрүнбөгөн кичинекей бөлүктөрүнүн арасында дагы абдан кемчиликсиз бир гармония бар. Мындай гармониянын кокустан келип чыгышы эч мүмкүн эмес. Эритроциттердин ичин бошотуп гемоглобинге орун даярдаган, гемоглобин күйүп кетпеши үчүн кычкылтектерди кармай ала турган күйбөс кычкачтарды жараткан, гемоглобинди кычкылтек аңчысы кылып программалаган, гемоглобиндин кычкылтек молекулаларын таанып, башкалардан айырмалашына шарт түзгөн, кармаган кычкылтек молекулаларын каерлерге тапшырышы керек экенин гемоглобинге көрсөткөн – кокустуктар эмес. Буларды кокустан келип чыккан деп айтуу акыл менен логикадан чыгуу болуп саналат. Булардын баары Аллахтын бар экендигинин, бүт баарын Анын жараткандыгынын, чексиз илиминин жана акылынын көрсөткүчтөрү.

Page 43: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дем алуу каналдарындагы багытты катасыз аныктоочу түкчөлөр

Дем алганда негизи аба менен бирге көптөгөн чаңдарды да жутабыз. Бирок денеге зыяндуу көп заттар өпкөлөргө жете албастан, белгилүү коопсуздук эшиктеринде кармалып жок кылынат.

Мурундан бронхторго (колко) чейин бүт дем алуу жолдорунун бетин былжыр аттуу бир катмар каптап турат. Дем алуу жолдорунун бетин нымдап турган бул зат аба менен бирге кирген чаң сыяктуу майда заттарды кармап, өпкөгө киришине бөгөт болот. Бирок бул чоочун заттарды, былжыр тарабынан кармалган соң, дем алуу жолдорунда чогулуп калбашы үчүн сыртка чыгаруу керек болот. Муну болсо өзүнчө бир коопсуздук механизми жасайт.

Бул механизмде дем алуу жолдорунун бетин каптаган түкчөлөр деп аталган учтуу камчылар кызмат кылышат. Дем алуу жолдорунун бетиндеги клеткалардын ар биринде 200 түкчө болот. Булар секундасына 10-20 жолудан уруп, кекиртекти (тамакты) көздөй тынымсыз сокку жасап турушат. Бул жердеги түкчөлөр дайыма кекиртекти көздөй гана кыймылдашат. Натыйжада ичине чоочун заттар чогулган былжыр мүнөтүнө 1 см ылдамдык менен кекиртекти көздөй жылат. Мурундагы түкчөлөр болсо ал жердеги былжырды төмөн көздөй жылдыруу керек экенин билип, төмөн көздөй кыймылдашат. Натыйжада мурундагы былжырда чогулган заттарды кекиртекти көздөй жылдырышат. Андан соң ичине чоочун заттар чогулган былжыр же жутулуп тамак сиңирүү системасына жөнөтүлөт же жөтөл аркылуу денеден сыртка чыгарылат.

Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, түкчөлөр көрө турган көзү, ойлоно турган мээси болбогону менен, алардын көлөмүнө салыштырганда канчалаган километр алыстагы кекиртектин ордун аныктай алышууда. Ошондой эле, чоочун заттарды өпкөгө өткөрүп жиберүүнүн денеге зыян тийгизээрин билип, буга жолтоо болуу үчүн баары керектүү багытты көздөй гана кыймылдашууда.

Илимпоздор ар кандай эксперименттерди жасап, ар кандай инструменттерди колдонуп көп жылдар изилдөө жүргүзгөнүнө карабастан, иштөө механизмин толук түшүнө албаган бир метрдин 2 миллиондон бириндей көлөмдөгү бул түкчөлөр жер жүзүндө алгачкы адам жаралгандан бери кемчиликсиз бир механизм менен иштеп келүүдө. Булар жараткан Аллахтын илхамы менен кыймылдагандыктан, эч бир кокустук пайда кыла албай турган кемчиликсиз бир механизм менен иштешет.

Page 44: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Буларды төмөндө айтылгандардын ушул учурда денеңизде болуп жатканын

унутпастан окуңуз

Гемоглобин молекуласы клеткаларга кычкылтек ташуу милдетин аткаруучу өзгөчө бир молекула. Гемоглобин өпкөдөгү кычкылтекти алып, көмүр кычкыл газын калтырат жана ал жерден булчуңдарга өтөт. Булчуңдар болсо азыктарды күйгүзүп көмүр кычкыл газын пайда кылышат. Гемоглобин молекуласы булчуңдарга жеткенде, бул жолу тескерисинче, кычкылтекти калтырып, көмүр кычкыл газын алат.

Илимпоздор экөө эки башка болгон бул функцияларды аткарган гемоглобинди «кереметтүү бир молекула» дешүүдө. Эволюционист Гордон Рэттрей Тейлор The Great Evolution Mystery (Эволюциянын улуу табышмагы) аттуу китебинде гемоглобин молекуласы жөнүндө мындай деп жазган:

... Бул зат чындап эле кереметтүү бир молекула болгондуктан, бир убакта кычкылтек менен биригүүгө умтулса, бир канча секундадан соң бул умтулуусун жоготот. Бир заматта тандоосу көмүр кычкыл газын карай өзгөрөт. Бул болсо аны ан сайын өзгөчөлөнтөт. (Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper&Row Publishers, New York, s.108)

Бул айтылгандардан да көрүнүп тургандай, гемоглобин молекуласы аң-сезимдүү бир жандыктай болуп керектүү жерде жана керектүү учурда туура тандоону жасоодо. Жана эч качан кычкылтек менен көмүр кычкыл газын бири-бирине чаташтырбайт.

Микроскоптон гана көрүнө турган кичинекей бир молекуланын ойлонуу, чечим алуу жана тандоо жасоо сыяктуу өзгөчөлүктөрдү талап кылган иш-аракеттерди жасашы, албетте, ойлондурарлык көрүнүш.

Бул молекуланын кереметтүү акылдуулугу адам өмүрүнүн уланышына себепчи болууда. Адамдын денесинде бир саатта орточо 900 миллион эритроцит өндүрүлөт. Бир эритроцит клеткасында болсо болжол менен 300 миллион гемоглобин молекуласы болот. Адамдын денесиндеги гемоглобин молекулаларынын жалпы саны менен бул молекулалардын баарында бирдей жөндөмдөр бар экенин ойлогонубузда, мунун маанисин жакшыраак түшүнөбүз.

Мындай тандоо жөндөмүнүн кокустан келип чыкпашы, кокустуктардын адамдын денесиндеги миллиарддаган гемоглобинге бул жөндөмдү бере албашы акылы бар ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Гемоглобин молекуласын жаратып, жандыктардын денесине бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге орноткон Аллах.

Page 45: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Адамдын денесине кызмат кылган лизосома ферменттери

Денебизде күн сайын биз байкабаган көптөгөн процесстер болуп турат. Буларды өз милдетин кемчиликсиз аткарган 100 триллион клеткабыз жасайт. Бул клеткалардын ичинде өз милдетин өтө мыкты билген көптөгөн түзүлүштөр бар. Кээ бири энергия, кээ бири белок өндүрөт, кээ бири ташуу кызматын аткарат, кээ бири болсо кампа катары колдонулат.

Клетканын ичиндеги бул акылдуу түзүлүштөрдүн бири – лизосома. Лизосоманы клетканын майдалагыч машинасы десек болот. Бул органеллден бөлүп чыгарылган ферменттер аркылуу денеде көптөгөн «талкалоо» иштери жасалат. Лизосома ферменттери ишке жараксыз клеткаларды бузуп, майдалап же бир түзүлүштүн айланасын орогон кабыкчаны талкалап тешүүдөн тышкары, денеде тынымсыз чоңойо берген кээ бир клеткаларды да талкалашат. Лизосома ферменттеринин мындай бузуу жумушунун дене үчүн мааниси абдан чоң.

Мисалы, кош бойлуу аялдарда наристенин чоңоюшу менен бирге жатын да кадимки шарттарга караганда бир топко чоңойот. Бул наристенин жакшы жетилиши үчүн зарыл шарттардын бири. Бирок наристе төрөлгөн соң мынчалык чоң жатынга муктаждык калбайт. Ошондуктан ашыкча чоңойгон бул органды кайра мурдакы абалына алып келүү керек болот. Бул жумушту лизосома ферменттери жасайт. Наристе төрөлгөн соң белгилүү клеткалардын лизосомалары мунун кабарын алгандай болушат жана эмне кылуу керек экенин абдан мыкты билип ошол замат керектүү ферменттерди бөлүп чыгара башташат. Бул ферменттер болсо дененин ден-соолугу үчүн кош бойлуулуктан кийинки 10 күндүн ичинде жатынды тездик менен бузуп, 1/40 көлөмүндө кичирейтишет. Натыйжада жатын мурдакы калыбына келе баштайт.

Лизосомалар, мындан тышкары, сперманын баш жагында да болушат. Сперма энелик клеткага жеткенде, анын кабыгын тешүү үчүн өзүндөгү лизосома ферменттерин колдонот. Бул ферменттер энелик клетканы коргогон кабыкчаны тешип, сперманын аны уруктандырышына шарт түзүшөт.

Бул мисалдардан да апачык көрүнүп тургандай, денебиздеги механизмдердин баары бири-бирин толуктап турат. Кош бойлуулук учурунда жатынды чоңойтуучу системадан тышкары, аны мурдакы калыбына алып келе турган система да бар. Ошондой эле, бекем бир кабыкча менен корголгон энелик клетканы теше ала турган фермент дагы сперманын ичине атайын коюлган.

Дарвинисттер ушундай бири-бири менен тыгыз байланыштагы кемчиликсиз системаны кээ бир кокустуктардын натыйжасында пайда болгон жана кемчиликсиз иштеп келе жатат дешип, акыл жана логикадан абдан алыстап кетишкен. Өз ичинде кемчиликсиз иштеген бул механизмдердин денедеги бүт системаларга да төп келиши Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көз алдыга тартуулоодо.

Page 46: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дем алуунун канчалык улуу бир керемет экенин ойлонуп көрдүңүз беле?

Төрөлгөн кезиңизден баштап эч кыйынчылыксыз дем алып, анын урматында өмүр сүрүп келе жатасыз. Бир канча мүнөткө дем ала албай калышыңыз денеңиздин бүт функцияларынын токтошуна жана көз жумушуңузга себеп болушу мүмкүн. Өмүрүңүздүн өпкөлөрүңүздөгү «сурфактант» аттуу заттан көз-каранды экенин билчү белеңиз?

Өпкөлөрүңүздү түзгөн 300 миллиондон ашуун исиркектердин (альвеола) айланасы ушул зат менен оролгон. Дем алганыңыз сайын ичи абага толуп турган бул исиркектердин ачылып-жабылышы көп деле оңой эмес. Сурфактант исиркектердин ачылып-жабылышына көмөкчү болгон бир зат...

Бул заттын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, адамдын дүйнөгө келишине толук бир ай калганда өндүрүлүп баштайт. Мунун кереметтүү тарабы мына ушул жерден башталат. Эне курсагында жатканда өпкөсүн колдонбогон наристе кантип сыртта дем алганда ушундай кыйынчылыкка туш болоорун билип, бул затты өндүрүү муктаждыгын сезиши мүмкүн? Сурфактанттын өпкөсүндөгү исиркектерге жардам берээрин кайдан биле алсын? Бул заттын исиркектердин кыймылдашына көмөкчү болоорун кайсы химия билими менен болжолдой алсын?

Бул заттын болбошу кээ бир ара туулган наристелердеги сыяктуу, баланын кыска убакыт ичинде көз жумушуна себеп болот. Бирок сейрек учурлардан тышкары мындай болбойт жана алгачкы адамдан ушул күнгө чейин миллиондогон жылдан бери толук жетилип төрөлгөн наристелердин баары ушул зат менен оролгон өпкө менен төрөлүп, эч кыйналбай дем алып баштаган.

Албетте, бул кереметтүү кубулуш наристенин да, эненин да каалоосу менен болуп жаткан жок. Бул кемчиликсиз системаны жараткан жана дал керектүү учурда иштетип баштаган Аллах.

Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап-жаңылтып койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)

Page 47: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Клеткалардын арасындагы байланыш түйүнү

Денебиздеги 100 триллион клетка бири-бири менен толук гармонияда иштейт. Мындай гармонияга жетүү үчүн бири-биринин функцияларынан толук кабардар болуп туруулары зарыл. Ушул максатта «гормон» деп аталган кабар жеткирүүчү молекулалар өндүрүлөт. Мисалы, КАЛКАН БЕЗИНИН ГОРМОНУ бүт клеткалардын зат алмашуу ылдамдыгын контрольдойт. ИНСУЛИН гормону денедеги бүт клеткаларга канттын киришин камсыз кылат. АЛЬДОСТЕРОН гормону бөйрөккө таасир берип, кандагы суу менен туздун деңгээлин тең салмакка салат. Эритроциттерди жасоо үчүн ЭРИТРОПОЭТИН гормонунун сигналы керек.

Дагы жүздөгөн гормондор клеткалар арасындагы байланышты камсыз кылышат. Болгондо да, бул процесстер дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын ар биринин денесинде эч кемчиликсиз иштеп келе жатат. Гормондор болбосо, адамдын денесинде тартип болбойт, хаос жана башаламандык келип чыгат.

Бир клетка биздин көлөмүбүзгө салыштырганыбызда өзүнөн миңдеген километр алыста жайгашкан башка бир клетканын эмне жумушту жасашы керек экенин жана кайсы гормондун буга шарт түзөөрүн кайдан билиши мүмкүн? Мындан тышкары, бул гормонду өндүрүү үчүн керектүү формуланы жана материалды кайдан билип, кайдан алууда?

Бир эле ушул чындык дагы денеде бүт баарынын белгилүү бир планга ылайык улуу бир илим менен жаратылганын көрсөтүүдө. Жер жүзүндө жашаган миллиарддаган адамдын ар биринин денесиндеги 100 триллион клетканын арасындагы тартип – буларды Аллахтын жараткандыгынын жана Анын жалгыздыгынын бир далили.

Аллах чындап Өзүнөн башка Кудай жок экенине күбөлүк берди; периштелер менен илимдүүлөр да Андан башка Кудай жок экенине адилеттик менен күбөлүк беришти (күбө болушту). Азиз (Улуу) жана Хаким болгон Андан башка Кудай жок. (Али Имран Сүрөсү, 18)

Page 48: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Төрөт толгоолорунун жана эненин сүтүнүн булагы: мээде чыгарылган бир

гормон

Кош бойлуулуктун мөөнөтү бүткөндө, күтүүсүз башталган төрөт толгоолору жаңы бир жашоонун башталышын сүйүнчүлөйт. Окситоцин аттуу бир гормон төрөт толгоолорун баштатуучу жана бул окуянын алгачкы кабарчысы болгон бир зат болуп саналат.

Мээден чыгарылган бул гормон негизинен эки жерге таасир берет. Биринчиси эне жатынын түзгөн булчуңдар, экинчиси болсо көкүрөктөн эне сүтүнүн чыгышына шарт түзүүчү булчуң түзүлүшүндөгү клеткалар.

Төрөт учурунда эне жатынынын жакшы жыйрылышы баланын төрөлүшү үчүн абдан маанилүү. Бул гормон жатынды түзгөн булчуңдардын абдан күчтүү жыйрылышына шарт түзөт. Бирок муну 9 ай 10 күндүк мөөнөт бүткөндө кылат. Эрте да, кеч да эмес... Себеби эки учур тең наристенин өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Убагы келгенде мээге жатындын оозундагы кабылдагычтардан сигнал жөнөтүлөт. Бул сигналдарды алган мээ болсо абдан алыста жайгашкан эне жатынындагы кабылдагычтарга эң төп келе турган окситоцинди чыгарып, максатка жете тургандай кылып жөнөтөт.

Мындан тышкары, окситоцин гормонунун дагы бир кызматы бар. Дүйнөгө келген наристеге азык болушу үчүн эне сүтүн чыгарат жана наристе бул сүт менен азыктанат.

Эми ойлонолу.

Мээбиздин кичинекей бир бөлүгүндөгү клетка кантип эне жатыны үчүн төрөттү жеңилдете турган гормонду өндүрүү чечимин чыгарган?

Бул гормон кантип дененин ичинен өз жолун таап, кандайдыр бир башка органга барбастан, керектүү жерге гана барат?

Наристе аман калышы үчүн 9 ай 10 күн эне жатынында жетилиши керек экенин билген жана бул механизмди дал керектүү учурда кыймылга келтирген акыл кимдин акылы?

Наристе азыктанышы үчүн сүт керек деп ойлонуп, ал сүттү эненин денесинен чыгартуучу системаны курган окситоцин гормонубу?

Окситоцин гормону денебиздеги миңдеген гормондун бирөөсү гана. Ушул сыяктуу, ар бир гормон өтө чоң уюштурууларды жасайт, өтө маанилүү чечимдерди алат, аларды ишке ашырат, клеткалар менен байланыш түзөт, денеге керектүү секрецияны пайда кылат, анын керектүү өлчөмүн аныктайт, убактысын жана бөлүп чыгаруу мөөнөтүн жөнгө салат, жана дагы көптөгөн татаал иштерди эч катасыз орундатат.

Таң калтырарлык даражада кемчиликсиз жана пландуу түзүлгөн бул тартиптин кокустан же өзүнөн-өзү иштебеши анык. Пландуу уюштурулган бул системалардын жана гормондордун баарын эң майда бөлүгүнө чейин жараткан жана башкарган – чексиз акыл ээси Аллах.

Page 49: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Эгер эч суусабаганыңызда?

Денебиздеги суунун көлөмүнүн кичинекей өзгөрүүлөрүн да сезүүчү системалар бар. Алардын башында мээбиздин көлөмү буурчактай болгон гипоталамус деген бөлүгү турат. Гипоталамус өтө маани берген нерселердин бири – бул кандагы суунун көлөмү. Кандагы суунун көлөмү азайганда, кан басымы бир азга болсо да төмөндөйт. Бул жүрөктөн кандын биринчи чыкчу жери болгон аортада жайгашкан жана кан басымынын өзгөрүшүн кабылдоо милдети жүктөлгөн басым өлчөгүчтөрдү (барорецепторлорду) стимулдайт. Кан басымынын өзгөрүшүн сезген бул кабылдагычтар жагдайды ошол замат мээбиздеги гипоталамус аймагына кабар беришет. Гипоталамус болсо буга чара катары асты жагында жайгашкан көлөмү 1 см болгон гипофиз аттуу безге «АДГ» (вазопрессин) аттуу бир гормонду өндүрүп чыгаруу буйругун берет.

Бул гормон кан айлануу аркылуу узун сапарга чыгып, бөйрөктөргө жетет. Бөйрөктөрдө ачкычтын кулпуга туура келиши сыяктуу дал ушул гормонго туура келүүчү атайын кабылдагычтар бар. Гормондор бул кабылдагычтарга жетээр замат бөйрөктөргө сууну үнөмдөө тартибине өтүү кабарын жеткирет. Бул кабарды түшүнгөн бөйрөк клеткалары ошол замат денеден суунун чыгарылышын өтө төмөн деңгээлге түшүрүшөт.

Мындан тышкары, бул «вазопрессин» гормону мээбизде чаңкоо сезимин да пайда кылат. Биз болсо ичибиздеги бул кемчиликсиз системанын иштеп жатканынан эч кабарсыз, бир чыны суу ичип денебиздин суу тең салмактуулугун камсыз кылабыз.

Эгер гипофиз гормону жана бул гормон алып келген «сууну коротууну азайткыла» деген буйрукту түшүнүп аткаруучу бөйрөк клеткалары болбогондо, суу жетишсиздигинен өлүп калбаш үчүн бир күндө 15-20 литр суу ичишибиз керек болмок. Бул сууну тынымсыз сыртка чыгаруу керек болгондуктан, уктай албай же бир жерде көпкө отура албай калмакпыз.

Көрүнүп тургандай, денебиздеги суунун көлөмүн тең салмакта кармаган бул системанын бүт бөлүктөрү мээ менен ортоктошуп иштөөдө. Аортадагы клеткалар бир кабар жөнөтүп, суу жетишсиздигин кечиктирбей мээге билдирет. Мээ болсо бул кабардын эмне мааниге келээрин ошол замат түшүнүп, бир кабарчыны жолго салат жана ал кабарчы денедеги көптөгөн органдардын арасынан тиешелүү органга, б.а. бөйрөктөргө барып, эмне кылуу керек экенин айтып берет.

Бул процесстер бир күндө канчалаган жолу, биздин эч кабарыбызсыз кайталанып турат. Болгондо да, бир эле биздин денебизде эмес, айланабыздагы бүт адамдардын; мурда жашап өткөн жана мындан кийин дүйнөдө жашай турган адамдардын денелеринде да бул система бар. Баарында абдан сезгич кабылдагычтар бар. Баарынын денесиндеги клеткалар кан басымы өзгөргөндө эмне кылуу керек экенин билишет. Бүт адамдардын бул милдетти аркалаган клеткаларында кандагы басымдын өзгөрүшүн өлчөй турган түзүлүшү бар.

Мынчалык комплекстүү жана кемчиликсиз бир система кантип пайда болгон, жана кантип баарынын өзгөчөлүктөрү бирдей болуп калган?

Мындай механизмдин сокур кокустуктардын натыйжасында пайда болбошу акылы бар ар бир адам үчүн апачык бир чындык. Системанын бөлүктөрүнүн мындай өзгөчөлүктөргө өзүнөн-өзү ээ болуп калышы да мүмкүн эмес. Бир адам окуп түшүнүшү үчүн дагы көңүл буруп, ойлонуусун талап кылган бул иш-аракеттерди клеткалардын өз алдынча ойлоп таба албашы да анык. Вазопрессин денебиздеги жүздөгөн гормондун бирөөсү гана. Башка гормондор дагы денедеги органдар менен ушул сыяктуу байланышта болот. Жана эч бир гормон кабарын туура эмес бир органга алып барбайт. Жана ар бир орган ага келген гормондун алып келген кабарын

Page 50: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

туура жана толук түшүнөт. Мындай системанын улуу бир акыл тарабынан жаратылганы анык. Бул акылдын ээси бүт баарын жараткан Аллах.

Ар бир адам өзүнүн денесинде жаратылган бул кереметтер жөнүндө ойлонуп, аны кемчиликсиз кылып жараткан Аллахка шүгүр кылууга милдеттүү.

Page 51: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Жынысты айырмалай алуучу молекулалар: гормондор

Адам денесиндеги клеткалар менен гормондордун арасында улуу бир шайкештик бар. Дене гормондорду тааныйт. Гормондор алып келген кабарларда эмне бар экенин заматта түшүнөт. Гормондор дагы дененин качан кайсы жагына бараарын жана кандай таасир берээрин абдан мыкты билишет. Аялдар менен эркектерде бир эле гормондор бөлүп чыгарылганы менен, эки жыныстагы гормондордун таасирлери такыр башка башка болот. Мисалы, FSH аттуу (фолликулду стимулдоочу) гормон аялдарда энелик клетканын пайда болушуна шарт түзөт. Эркектерде болсо ушул эле гормон сперманы пайда кылат.

LH (лютеиндештирүүчү гормон, лютропин) болсо аялдарда энелик клетканын эркин абалга келишине жана прогестерон аттуу башка бир гормондун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт. Прогестерон жатындын наристеге даярдалышында колдонулат. Ушул эле гормон эркектерде такыр башка милдетти аткарып, клеткаларды тестостерон гормонун бөлүп чыгарууга стимулдайт. Тестостерон болсо эркектик өзгөчөлүктөрдүн калыптанышына жана сперманын пайда болушуна шарт түзөт.

Бул гормондордун ар кайсы денеде бирдей формулада өндүрүлүп, бирок бири-биринен абдан айырмалуу таасирлерге себеп болушу, албетте, ойлондура турган көрүнүш.

Бир гормон эркектин денесинде бөлүп чыгарылганда клеткалардын бир эркекке тиешелүү экенин түшүнүп, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт. Мисалы, ал гормон эркектин денесинде булчуңдардын чоңойушуна, үндүн жоонойушуна жана сакал-муруттун чыгышына шарт түзөт.

Бул гормон аялдын денесинде дагы ушул эле формула менен чыгарылат, бирок аялда эркектерге тийгизген таасирлеринин дээрлик толук карама-каршысына себеп болот. Аялдарга аялдын үнүн, эркектерге эркектин үнүн берген, дененин өрчүшүн ошого жараша жөнгө салган бир гормон муну айырмалай алып жатса, демек ал аял менен эркектин денесинин анатомиясын, химиясын билет. Бул гормондун акылы бар, ал тургай, бул багытта билим алган деген мааниге келет.

Бул гормондор химияны кайдан үйрөнүшүүдө? Же бул гормондорду чыгарган клеткалар адам денесиндеги химияны түшүнүп эле тим болбостон, колдорундагы маалыматтарга карап, бир химиктей болуп өздөрүндө да өндүрүш жасап, башка клеткаларды да өндүрүш жасаганга кантип багытташууда? Булардын баарын кыла турган акылды клеткалар кайдан алышкан?

Бул акылдын клеткаларга жана ал клеткаларды түзгөн атомдорго тиешелүү эмес экени айдан ачык. Эркек менен аял үчүн өз-өзүнчө жөнгө салынган бул тартип бизге бул жерде бир жаратуу, бир план бар экенин көрсөтөт. Аллах – улуу кудуреттүү Жаратуучубуз.

Page 52: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Клеткалардагы аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасаткан күч өзүнүн бар

экенинен да кабарсыз болгон бир гормон болушу мүмкүнбү?

Адам денесиндеги 100 триллион клетка тиреоид (калкан без) гормондорунун урматында өз милдетин кемчиликсиз орундатат.

Денеде тиреоид гормону канчалык көп болсо, клеткалар ошончолук ылдам иштешет. Эгер денеде жетиштүү көлөмдө тиреоид гормону чыгарылбаса, клеткалардын иш-аракеттери барган сайын жайлайт жана дээрлик токтоп калат. Ошондуктан канда дайыма белгилүү көлөмдө тиреоид гормону болушу керек.

Калкан бездин башка клеткаларга таасир берүү милдетин өз мойнуна жүктөп алышы, мындай чечимди өз алдынча чыгарышы мүмкүн эмес. Себеби башка клеткалардын бар экенинен кабарсыз. Ал болгону өз клеткаларынын ДНКларында жазылган буйруктарды толук орундатат.

Калкан безге бул жазылуу буйруктарды берген жана аларды аткарткан күч – бүт нерсени билген жана бүт майда-чүйдөсүнө чейин жараткан Аллах. Бул жердеги план жана аң-сезим калкан без деп аталган жана өзүнүн бар экенин да билбеген аң-сезимсиз бир тиштем этке эмес, Аллахка тиешелүү.

Бул чындыкты танган эволюционисттер болсо,

- калкан без өзүнөн-өзү бүт клеткаларды кыймылдатуу мажбурлугун сезген,

- ошондуктан бүт клеткаларга таасир бере турган гормондун долбоорун өз алдынча түзгөн,

- ал гормонду өз алдынча кемчиликсиз кылып өндүргөн,

- жана муну тынымсыз белгилүү көлөмдө канга чыгарып туруунун туура болоорун да калкан без өз башы менен чечкен дешүүдө.

Албетте, бул алардын бир божомолу гана. Адамдын денесиндеги бир бездин бул процесстердин баарын өз алдынча акыл жүгүртүп, жасай алышы эч мүмкүн эмес. Бүт баарын бири-бирине төп келиштирип, бири-бирине муктаж кылып жараткан – бул бүт баарын билүүчү Аллах.

Page 53: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Эч бир формула өзүнөн-өзү, кокустан пайда боло албайт

Инсулин – адамдын өмүрү үчүн сөзсүз керектүү болгон гормондордун бири. Бул гормон чыгарылбаса, кандагы канттын көлөмү көбөйүп, тең салмак бузулат. Бул адамдын кант комасына түшүшүнө себеп болот. Дене үчүн ушунчалык маанилүү болгон инсулин 51 аминокислотанын белгилүү бир тартипте биригишинен келип чыккан бир белок болуп саналат. Төмөндө инсулинди түзгөн аминокислоталардын аттары тоголоктордун ичине жазылып, тизилишинен келип чыккан схема чагылдырылган. Бул схемадагы аминокислоталардын катарынын бир азга эле өзгөрүшү инсулиндин өз милдетин аткара албай калышына себеп болот.

Кагаздын бетине жазылган бир формуланы көргөн ар кандай адам бул формуланын өзүнөн-өзү пайда боло албашын, анын бир адам тарабынан кагазга жазылганын билет. Инсулин гормонунун да туруктуу бир формуласы бар. Болгондо да, ушул күнгө чейин жашап өткөн адамдардын баарында ушул туруктуу формуладагы инсулин бөлүп чыгарылууда. Бул инсулиндин убакыттын өтүшү менен, акырындап кокустуктардын натыйжасында пайда боло албашын көрсөтүүгө жетиштүү. Эч бир аң-сезимсиз кокустук триллиондогон адамда бирдей формуладагы бир гормонду пайда кыла албайт. Мындай көз-караш акылга да, логикага да, илимге да туура келбейт. Инсулинди ушул формулада жараткан, анын өзгөчөлүктөрүн белгилеген, адамды эң башынан инсулин менен бирге жараткан Аллах.

Page 54: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Бөйрөктөрүңүз медициналык маалыматтарды билиши мүмкүнбү?

Бөйрөктөрүңүзгө жиберилген кандагы эритроциттердин саны бөйрөктөр тарабынан тынымсыз өлчөнүп турат. Өтө так кабылдагычтар аркылуу алынган маалыматтар ошол замат анализ кылынып керектүү чаралар көрүлөт.

Бөйрөктө тазаланган кандын көлөмүндө бир азайуу байкалса, бөйрөктөрдөгү атайын клеткалардан «эритропоэтин» аттуу бир гормон чыгарылат. Бул гормон кандын өндүрүшүн көбөйтөт. Гормон бөйрөктүн сыртында, башка бир жерде жайгашкан жилик чучугуна таасир берет. Жилик чучугундагы негизги кан жасоочу клеткалар бул гормон келип, эритроциттин санынын азайганын кабар берген соң, эритроциттин өндүрүшүн ылдамдатып, кан айланууга көбүрөөк эритроцит чыгарышат. Ошентип эритроцит тең салмактуулугу жөнгө салынат.

Көрүнүп тургандай, бөйрөк клеткалары өлчөп, маалыматтарды анализ кылышат жана керектүү чараларды көрүү боюнча инициативаны колго алышат. Кабар жеткирүүчү гормон болсо дененин ичинде жолунан адашпастан, жилик чучугуна эч бузулбай жете алат. Жилик чучугундагы клеткалар болсо бөйрөктөрдөн бир гормон аркылуу жиберилген кабарды кантип чечмелөөнү билишет жана ал кабардын негизинде иш-аракет жүргүзүшөт.

Болгондо да, бул процесстердин баары миллиарддаган адамдын ар биринде дал ушундай жүрөт жана бул шайкештик бүт адамдарда бар.

Бул процесстердин баарында клеткалар кемчиликсиз бир уюштуруунун дисциплиналуу бөлүктөрү катары акылдуу иш-аракеттерди жасашууда. Бул жерде бул акылдын жана шайкештиктин булагы эмнеде деген суроого жооп берүү керек. Клеткаларды мындай акылга өзүнөн-өзү же кокустан ээ болуп калган деп айтууга болбойт. Клеткаларга бул акылды жана кандай иш-аракет кылуу керек экенин бүт баарын башкарып туруучу Аллах илхам кылууда.

Аллахтан башка бир күч-кудурет жок.

Page 55: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дарвинизмди жокко чыгаруучу гормондор

Сизге эч сезилбестен, денеңизде тынымсыз миңдеген буйруктар жиберилип, жашооңузду эң ыңгайлуу, эң оңой нукка салып турат.

Мисалы, толкунданганыңызда же коркконуңузда, нерв клеткаларыңыз ошол замат нерв системасына сигнал берет жана тездик менен, жолунан адашпай көздөгөн жерине жетип, бөйрөк үстүндөгү бездериңизди стимулдайт. Кабарды алган бөйрөк үстүндөгү бездер адреналин гормонун чыгарат. Адреналин гормону болсо канга аралашып, дээрлик бүт денеге коңгуроо кагат. Тамак сиңирүү органдарынын иш-аракетине бөгөт коюп, тамак сиңирүү процессин токтотот. Натыйжада тамак сиңирүүгө катышпаган маанилүү көлөмдөгү кан булчуңдарды азыктандыруу үчүн бошойт. Ошондой эле, жүрөктүн ритми ылдамдап, кан басымы жогорулайт. Өпкөлөрдүн бронхтору кеңейип, кычкылтектин кирүүсү жана кандын кычкылтекке байышы ылдамдайт. Кандагы канттын көлөмү жогорулайт. Бул болсо булчуңдарга кошумча энергия берет. Мындан тышкары, каректер кеңейип, көздүн жарыкка карата сезгичтиги жогорулайт. Бул таасирлердин баары чогулганда болсо, бир адам качабы, коргонобу же чабуул жасайбы, кандай гана болбосун, ар кандай шартка даярданып, күчтүү болуп калат.

Нерв клеткалары жансыз жана аң-сезимсиз атомдордон турат. Бирок бул атомдор дененин муктаждыгын заматта түшүнүп, дененин тиешелүү жерине эч кечиктирбей кабар жиберишет. Кабарды алган жер дагы, ушул сыяктуу эле, жансыз атомдордун жыйындысынан турат. Бирок, келген кабарды заматта түшүнүп, керектүү гормонду өндүрөт. Ал гормон болсо абдан акылдуулук менен өзүнүн өндүрүлгөн максатын мыкты түшүнөт жана бүт денени кыдырып, тиешелүү органдарга коңгуроо кагат.

Мынчалык аң-сезимдүү, пландуу, уюшкан жана белгилүү максатты көздөгөн бир системаны кокустан пайда болгон деп ойлоо акылга жана логикага карама-каршы келүү болуп саналат. Дарвинисттер бүт бул системалар менен органдарды кокустан пайда болгон деп, жаш балдар да күлө турган абалга түшүшүүдө.

Болжол менен 60 жашына чейин эволюцияны жактаган атеист бир философ болуп жашап, бирок андан соң чындыктарды көргөн Малколм Маггеридж дарвинизмдин бул абалын төмөнкүчө моюнга алган:

Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң негизги анекдоттордун бирине айланаарына ынандым. Келечек урпак мынчалык негизсиз жана күмөндүү бир гипотезаны адамдардын кантип ойлонбой кабыл алганына таң калышат. (Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s; 43)

Бул кемчиликсиз системаларды улуу Жаратуучу Аллахтын жараткандыгы апачык көрүнүп турган бир чындык.

Page 56: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Өпкөнүн өзүнө тиешелүү бир ыкчам коргонуу бөлүгү бар экенин билчү

белеңиз?Өпкөнүн өзүнүн ыкчам коргонуу бөлүгү бар. Кээ бир өпкө клеткалары бактерия менен микробдордун үстүнө

табигый бир микроб өлтүргүч кошулманы чачуу аркылуу аларды нейтралдаштырышат. Ошентип дем алуу аркылуу денеге кирген жана өпкөгө жеткенге чейин тирүү калган микроб жана бактериялар бул жерде жок кылынат.

Өпкө клеткаларынын аларга зыян тийгизе турган заттарды таанышы, аларды жок кыла турган кошулманы билиши жана, ошондой эле, аны өндүрө алышы, албетте, мүмкүн эмес. Клеткаларда ойлонуу, билүү, чечим чыгаруу, план түзүү сыяктуу аң-сезимге тиешелүү өзгөчөлүктөр жок. Булардын баары асмандарды жана жерди белгилүү бир тартип менен жараткан, бир гармония жана чен-өлчөм белгилеген Аллахтын чыгармасы. Аллах бир клеткага дагы адамды таң калтыра турган аң-сезимдүү иштерди жасатуу аркылуу чексиз илиминин жана акылынын далилдерин көрсөтүүдө.

Page 57: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Ферменттер болбогондо бул текстти 40 миң жылда араң окумаксыз!

Ферменттер – бул жашоонун негизин түзгөн жана жашоо менен байланыштуу химиялык өзгөрүүлөрдү «керек учурда» ылдамдаткан белок молекулалары.

Бир фермент бир реакцияны 1010, б.а. 10 миллиард эсе ылдамдата алат. Мындай ылдамдатуу болбогондо, 5 секундалык бир процесс, мисалы бир сүйлөмдү окуу 1500 жылга созулмак. Бул убакыт аралыгында башка көптөгөн керексиз химиялык реакциялар да жүргөндүктөн, жашоонун жайлаганы мындай турсун, жашоо мүмкүнчүлүгү толук жоголмок.

Ферменттердин дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – бул алардын тандаганды билиши. Ферменттер дененин каалаган реакциясын ылдамдатып, кааланбагандарды ылдамдатышпайт. Эмненин кааланып, эмненин кааланбаганын кантип билишет? Ал үчүн денеде болуп жаткан бүт реакцияларды жана функцияларды билип, эмненин, качан жана кандай өлчөмдө керек экенинен кабардар болушу керек.

Мындан тышкары, ар бир фермент белгилүү молекулалар кирген химиялык реакцияларды гана ылдамдата алат. Фермент ал үчүн атайын бөлүнгөн молекуланын белгилүү бир аймагына гана туташа алат. Ал үчүн ферменттин формасы молекуланын тиешелүү аймагына бир ачкычтын кулпуга туура келишиндей туура келиши шарт. Башкача айтканда, фермент туура молекуланы таанып, ал молекуланын тиешелүү жерин билип, ошол жерге туташышы зарыл.

Көмүртек, суутек, кычкылтек сыяктуу аң-сезимсиз, жансыз атомдордон турган, мээси, көзү, акылы жана аң-сезими жок ферменттер реакцияны ылдамдатуу жоопкерчилигин эмне үчүн өз мойнуна алышкан, туура молекулаларды жана молекулалардын тиешелүү жерин кантип аныктай алышат? Кокустуктар жана аң-сезимсиз атомдор ферменттердин жашоого керектүү экенин кантип түшүнүшкөн?

Кокустуктарды жана аң-сезимсиз атомдорду кудай катары көргөн эволюция теориясы бул суроолорго жооп бере албайт. Бул суроолордун жообу мындай: ферменттерди жашоо үчүн улуу бир кудурет, Жаратуучу Аллах жараткан.

Page 58: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Мурда эч жолукпаган микробдорго каршы чара көрө алуучу антителолор

Адамдын денесине күн сайын көптөгөн микробдор кирет. Иммундук система буларды тездик менен жок кылууга аракет кылат. Бирок жок кылына албай калган кээ бир микробдор менен чоочун заттар кан айлануу системасына кирип, кооптуулук жаратат. Мындай микробдор «антиген» деп аталат. Иммундук системанын клеткалары антигендерге каршы «антитело» деп аталган заттарды өндүрүү аркылуу аларды жок кылууга же көбөйүшүнө бөгөт болууга аракет кылышат.

Антителолордун эң негизги өзгөчөлүгү; алар табияттагы жүз миңдеген түрдүү микробду таанып, өздөрүн аларды жок кылууга даярдай алышат. Бирок эң кызыгы, лабораторияларда жасалып, адамдын денесине киргизилген жасалма антигендерди да тааный турган антителолор бар.

Бир клетка кантип жүз миңдеген түрдүү чоочун клеткаларды тааный алат? Мындан тышкары, жасалма жол менен алынган бир затты кайдан биле алат? Антитело денедеги антигендерди кандайдыр бир жол менен тааный алат деп кабыл алган күндө дагы, мурда эч көрбөгөн бир антигенди тааный алышы таң калтырбай койбойт. Болгондо да, антителолор денеге жаңы кирген бул чоочун затты заматта таанып, ага каршы колдонула турган эффективдүү курал-жарактарды да тездик менен аныктап өндүрө алышат. Дененин ичиндеги бир механизмдин сырткы дүйнө жөнүндө мынчалык таң калыштуу маалыматтарды билишин, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул жагдай эволюционисттерди чоң бир туюкка камоодо. Антителолордун денедеги ар кандай чоочун затты таануу касиетин өздөрүнүн теориясы менен түшүндүрө албаган эволюционисттер абдан логикасыз жана илимге сыйбаган сөздөр менен мындан кутулууга аракет кылышат. Эволюционист илимпоздордон Али Демирсойдун бир антителонун жасалма бир антигенди таанышы жөнүндөгү сөздөрү буга мисал боло алат:

Бирок жыйырманчы кылымда жасалма жол менен синтезделген бир химиялык затка каршы антитело жасоо системасын мурда эле иштеп чыгып койгон клетканын демек көзү ачык. (Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayınları, Ankara, 1995, s. 420)

Профессор Демирсойдун сөзүнөн да көрүнүп тургандай, эволюционисттер организмдердеги системалардын кемчиликсиздигин кабыл алышат, бирок кызыктай жолдор менен түшүндүргөнгө аракет кылышат. «Бул бир эволюция керемети» же «бул клетка бир көзү ачык сыяктуу» деген сымал талисмандуу сөздөрү менен элди «гипноздогонго» аракеттенишет. Чындыгында болсо, бул жерде кереметтүү бир жагдай бар. «Көзү ачык» деп кээ бир маалыматтарды алдын ала билген киши айтылат. Бир клетканын бир нерсени билиши, болгондо да, өзүнөн абдан алыстагы нерселер жөнүндө маалыматынын болушу кереметтүү бир касиет. Жансыз атомдордун жыйындысынан турган бир клетканын кокустан, өзүнөн-өзү өзгөчө туюмдуу болуп калышы же жогорку маалыматтарды билип калышы, албетте, мүмкүн эмес. Мындай ойду айтуу акыл менен логиканын чегинен чыгуу деген мааниге келет. Антителолорго бул жөндөмдөр, эң майда-чүйдөсүнө чейин, чексиз илимдүү Аллах тарабынан берилген.

Page 59: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Иммундук клеткалар көп маалыматтуу бир эс-тутум менен жаратылышкан

Денеңиздеги микробдук чабуулдардын сигналын заматта кабар алып, коргонуу коңгуроосун кагуучу клеткаларыңыз бар экенин канчалык билчү элеңиз?

Денеде кандайдыр бир инфекция болгондо, мисалы, ачык жараатыңыздын бетине микроб түшкөндө иммундук клеткалар ошол замат коңгуроо кагышат. Макрофаг аттуу бул иммундук клеткалар микробдордун чабуулун токтото алуу үчүн мүмкүн болушунча эң кыска убакытта инфекция болгон жерди аныктап, ал жерге баруулары зарыл. Инфекциянын ордун аныктоодо макрофагдар кээ бир өзгөрүүлөрдү байкашат. Мисалы, ал аймакта бактерия калдыктарынын пайда болгонун, инфекциялуу тканьдан зыяндуу заттар чыкканын жана ал жерде кандын уюшунан келип чыккан заттарды аныкташат. Эгер макрофагдар инфекциялуу тканьдын себебинен келип чыккан өзгөрүүлөрдү байкабаганда, денеге күн сайын келүүчү сансыз коркунучтардан коргоно алмак эмеспиз.

Бирок бул жерде кызыктуу бир жагдай бар. Макрофагдардын көпчүлүгү мындай чабуулду биринчи жолу көрүп жаткан болот. Анда бул микроскопиялык жандыктар тапкан нерселеринин бир коркунучтун сигналы экенин кайдан билишет? Бул жөнүндө атайын билим алышканбы?

Албетте, макрофаг деп аталган микроскопиялык клеткаларды «билим» алган деп айтууга болбойт. Бул маалыматтардын баары биринчи дүйнөгө келгенден баштап макрофагдардын эс-тутумунда болот. Жана аларга бул эс-тутумду берген, душмандан денени кандай коргоорун илхам кылган улуу бир кудурет бар. Иммундук клеткаларга дененин сыртынан келген бир чабуулдун натыйжаларын тааныштырып, аларды бул маалымат менен бирге жараткан – ааламдардын Рабби Аллах.

Page 60: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Көрүп, бирок ойлонбогон нерселериңизде сансыз илим жана керемет жашырылган

Ар бир адам бычак манжасын кесип кеткенде, кандын кыска убакыт ичинде уюп, канабай калаарын билет. Мынчалык кыска убакытта кан кантип уюйт, денебизде кандай процесстер болот?

Кандын уюшун унаа жолунда бир кырсык болгондо, шашылыш чакыруу менен келген жол күзөт кызматынын жана тез жардамдын биринчи жардамына салыштырууга болот.

Дененин кандайдыр бир жери канаганда биринчи жардам тромбоциттерден келет. Тромбоциттер кандын ичинде чачыранды абалда жүрүшөт, ошондуктан дененин кайсы жери гана канабасын, сөзсүз ага жакын бир жерде күзөттө кыдырып жүргөн бир тромбоцит болот.

«Фон Виллебранд фактору» деп аталган бир белок болсо кырсыктын ордуна белги коюп жардам чакырган бир жол полициясындай болуп, тромбоциттерди көргөндө жолун тороп, канап жаткан жерге токтотот.

Окуя болгон жерге келген биринчи тромбоцит, чөнтөк телефону менен жардам чакырган сымал, бир зат бөлүп чыгарып, башкаларды да ал жерге чакырат.

Ал ортодо денедеги 20 фермент чогулуп, жарааттын бетинде тромбин аттуу бир белок чыгарып башташат. Тромбин ачык жараат болгон жерде гана өндүрүлөт. Бул кырсык болгон жердеги тез жардам кызматкерлеринин оорулууга керектүү дарыны ошол жерде өндүрүшү сыяктуу бир көрүнүш. Болгондо да, дары-дармек керектүү өлчөмдө гана өндүрүлүшү керек. Ошондой эле, бул белоктун өндүрүшү өз убагында башталып, өз убагында токтотулушу зарыл. Баштоо жана токтотуу буйругун бул белокту өндүргөн ферменттер өз араларында беришет.

Тромбин молекуласы жетиштүү көлөмдө өндүрүлгөн соң, фибриноген аттуу жипчелер жасалат. Бул жипчелердин өтө маанилүү бир кызматы бар: кандын бетинде бир тор пайда кылышат жана келген тромбоциттер бул торго илинип чогулушат. Бул чогулуу жетиштүү көлөмгө жеткенде кан сыртка чыкпай калат. Жараат толук айыкканда болсо уюган кан кайра ушул сыяктуу процесстер менен таратылат.

Бул жерде сөз кылынган ферменттер жана белоктор – жансыз, аң-сезимсиз, көзү жок атомдордун ар кандай формада тизилишинен келип чыккан түзүлүштөр. Булардын ар бири жараат пайда болоор замат белгилүү милдеттерди аркалап, тездик менен аккан канды токтотуу үчүн «уюшушат». Ортоктошуп иштеп бир дары өндүргөн сыяктуу керектүү белокторду «өндүрүшөт», жардам үчүн башкаларга «кабар жөнөтүшөт». Башкалар болсо кабардын маңызын «түшүнүп», шашылыш түрдө окуя болгон жерге «келишет» жана ар бири өз милдетин толук аткарат.

Муну унутпаш керек: бул жерде «уюшушат», «өндүрүшөт», «кабар жөнөтүшөт», «түшүнүшөт» ж.б. деп айтылган нерселер – болгону бир аң-сезимсиз атомдордун биригишинен келип чыккан ферменттер. Бул атом топторунун мынчалык пландуу иштерди жасашы, албетте, абдан улуу бир керемет.

Мындай системанын тирүү организмдердин денесинде кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Ар бир бөлүгү өзүнчө бир план жана эсепке таянган бул система Аллахтын чексиз илиминин, акылынын жана кудуретинин бир көрсөткүчү. Бул система кокустан пайда болгон деген пикирди жактаган дарвинисттердин канчалык логикадан тайганын бул жерден да апачык көрүүгө болот.

Page 61: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Кичинекей бир молекуланын касиеттери дагы эволюция теориясын кыйратууга

жетиштүү

Тромбин – фибриногенди фибринге айлантып канды уютуучу бир белок. Бирок бул белок дайыма кандын ичинде жүргөнү менен, ар дайым канды уютуп анын агышын токтото бербейт. Тамырлардын бири канаганда гана кандын уюшу керек экенин түшүнүп, канды уютат. Эгер тромбин тынымсыз канды уюта бергенде, кандагы тромбин белоктору себептүү тамырлардагы бүт кан уюп калмак жана организм жашай алмак эмес. Анда, кантип керек учурда тромбинде бир заматта канды уютуу касиети пайда боло калат?

Тромбин демейде канда активдүү эмес протромбин абалында жүрөт. Активдүү болбогондуктан, канды уютуу милдетин аткара албайт. Ушундайча организм контрольсуз бир кандын уюшунан корголот.

Бир жер жараат алганда, б.а. канаганда протромбинди активдештирип, тромбинге айландырган эмне?

«Стюарт фактору» деген бир белок протромбинге таасир берип, аны канды уюта турган тромбинге айландырат. Бирок Стюарт фактору дагы канда активдүү абалда болбойт жана аны да бирөө активдештириши керек болот.

Бул жерде бир жумуртка-тоок мисалы сыяктуу бир жагдайга туш болобуз. Стюарт фактору активдешиши үчүн акселерин аттуу башка бир белок керек. Стюарт фактору акселерин аркылуу активдешет жана активдүү Стюарт фактору протромбинди тромбинге айлантат; натыйжада канаган жер басылат. Бирок көңүл буруңуз: негизи акселерин дагы башында активдүү эмес проакселерин абалында болот. Аны эмне активдештирет? Тромбин!

Бирок тромбин эсиңизде болсо бул окуя тизмегинде проакселеринден кийинчерээк катарда турат. Бул жерде акселериндин өндүрүшүндө роль ойногон тромбин неберенин таенеси төрөлө электе бар болушуна окшошот. Стюарт фактору протромбинге өтө жай таасир бергени үчүн, канда дайыма белгилүү көлөмдө тромбин болот. Ошондуктан бул аз сандагы тромбин алгач акселеринди активдештирет жана андан соң кандын уюшуна керектүү белоктордун баары домино таштары сыяктуу катары менен активдешип, кан уюйт.

Бул жерге чейин айтылгандар кандын уюшу жөнүндөгү абдан үстүртөн маалыматтар гана. Ондогон бөлүк бири-биринен көз-каранды иштеген жана эч бири бир жолу дагы өз милдетин аткарбай койбогон мынчалык комплекстүү бир системаны кокустуктардын натыйжасында пайда болгон деп айтуу, албетте, адамдын өмүрүндөгү эң логикасыз, эң акылга сыйбас бир көз-караш болот.

Бирок эволюционисттер жандыктарды, кандын уюшу да кошо бүт системалары менен бирге, акырындап, этап этабы менен эволюциялашкан дешет. Бирок, кандын уюу процессинен да көрүнүп тургандай, бүт белоктор менен ферменттер кандын уюшунда бири-биринен көз-каранды жана бири болмоюнча экинчиси эч бир ишке жарабайт, ал тургай, ал жандыктын өлүмүнө себеп болот. Ошондуктан жандыктын жарым иштеген бир кан уюу системасы менен башка бөлүктөрдүн толукталышын күтүп отурууга мүмкүнчүлүгү да, убактысы да болбойт жана бат эле өлүп жок болот. Жыйынтыктасак, ушул бир эле мисалдан да апачык көрүнүп тургандай, жандыктар эволюция менен пайда болгон деген көз-караш акылга да, илимге да, логикага да туура келбейт. Тирүү организмдердин

Page 62: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

денелеринде буга окшогон жүздөгөн бири-биринен көз-каранды системалар бар жана бул системаларсыз организм жашай албайт.

Бул системалардын баарынын Жаратуучусу Аллах.

Page 63: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Өмүрүңүздүн кылдын учунда турганын билесизби?

Бир эле ферменттин кем болушу адамзаттын тукум курут болушуна себеп боло алат. Муну түшүнүүгө бир эле мисал жетиштүү...

Нерв клеткалары денебизди тордой ороп турат. Бул нерв тармагы аркылуу тынымсыз маалымат агат. Электрдик сигналдар нервдер аркылуу мээ менен органдардын арасында тынымсыз сансыз буйрук жана сигналдарды ташып турушат.

Бирок нерв клеткалары дененин бир учунан экинчи учун көздөй созулган, бир бүтүн кабель сыяктуу эмес. Учу-учуна туташышкан, бирок ортолорунда боштуктар бар. Бири-бирине тийбей турушат.

Анда, электрдик заряд бир нервден экинчисине кантип өтөт?

Бул жерде өтө татаал бир химиялык система кызмат кылат. Нерв клеткаларынын арасында атайын бир суюктук бар жана ал суюктукта абдан өзгөчө кээ бир химиялык ферменттер болот. Ал ферменттер кереметтүү бир өзгөчөлүгүнөн улам «электрон ташый» алышат. Электрдик сигнал бир нервдин учуна жеткенде, электрондор бул ферменттерди минишет. Ферменттер болсо нервдердин арасындагы суюктукта сүзүп, электрондорду кийинки нервге өткөрүшөт. Натыйжада электрдик заряд кийинки нерв клеткасына өтүп өз жолун улантат. Бул процесс секунданын абдан кичинекей бир бөлүгүндө болуп өтөт жана электрдик заряд эч үзгүлтүккө учурабайт. Көрүнүп тургандай, адамдын денеси толугу менен бар болуп, бир эле фермент кем болсо, адам деген жандык жашабай калат же ал жандык өз функцияларын аткара албай калат. Башка миңдеген ферменттин кандайдыр бир бирөөсүнүн кем болушу да, ушундай эле жыйынтыкка алып келет. Ошондуктан эч бир жандык, эволюция теориясы айткандай, миллиондогон жыл сокур кокустуктардын аны толукташын күтүп отура албайт.

Демек, бир гана чындык бар: адам да кошо бүт жандыктар азыркы кемчиликсиз түзүлүштөрү менен бирге бир жолуда толук бойдон пайда болушкан, башкача айтканда, Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылышкан.

Page 64: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дүйнөнүн эң комплекстүү түйүнү мээбизде

Адамдын мээсинде бир канча ишти бирдей жүргүзө ала турган бир система бар. Мисалы, бир адам мээсиндеги кемчиликсиз түзүлүштүн урматында бир тараптан машинасын айдап баратып, бир тараптан музыканы алмаштырып, үнүн оңдой алат, ал ортодо рульду да башкара алат. Бир канча жумушту бирдей жасап жатып да, алдындагы машиналарды же адамдарды сүзүп албайт. Ошол эле учурда буттары менен газ педалын башкара алат. Радио угуп анда айтылгандарды да толук түшүнө алат. Сүйлөп жаткан сөзүн калган жеринен уланта алат. Кыскасы, бир адам мээсиндеги кереметтүү кубаттуулуктун урматында бир учурда бир канча жумушту жасай алат. Муну мээсиндеги нерв клеткаларынын өз ара байланыштары камсыз кылат.

Мээдеги кемчиликсиз системаны түзгөн эң негизги элементтердин бири – бул саны 10 миллиарддын тегерегинде болгон нерв клеткалары жана бул клеткалардын арасындагы маалымат алмашууну камсыз кылган 100 триллион байланыш. 100 триллион өтө чоң бир сан. Бул сандын чоңдугу жөнүндө биохимия профессору Майкл Дентон мындай дейт:

«100 триллион, албетте, биз элестете албай турган бир сан. Американын аянтынын жарымындай бир жерди элестетиңиз. Эгер бул аймактын баарын дарак каптап турат жана ар бир дарактын 10 миң жалбырагы бар деп кабыл алсак, анда бүт ушул аймактагы жалбырактардын саны мээбиздеги байланыштардын санына жакын болот.»

Мээбиздеги кереметтер байланыштардын саны менен эле чектелбейт. Себеби бул 100 триллион байланыштын баары дал керектүү жерлерде. Эгер бул байланыштардын кандайдыр бирөөсү туура эмес бир жерде болгондо же бул тармактын бир жери кем болгондо, мунун натыйжасы өтө оор болмок. Бирок мындай нерсе болбойт жана кээ бир оорулардан тышкары, кадимки шарттарда бүт адамдар аларга кадыресе сезилген, бирок түпкүрүндө триллиондогон процесстен турган бир өмүрдү сүрүшөт.

Дарвинисттер болсо бул 100 триллион байланыш кокустуктардын натыйжасында пайда болгон дешет. Башкача айтканда, алардын ою боюнча, адамдын денесин түзгөн 100 триллион клетканын 10 миллиарды кайсы бир себеп менен нерв клеткаларына айланууну чечип, формалары менен өзгөчөлүктөрүн өзгөртүшкөн. Алардын көрсөткөн керемети муну менен эле бүтпөй, 100 триллион байланышты колдонуп өз ара бири-бирине туташышкан. Жана бул 100 триллион байланыштын бирөөсүнүн дагы линиясы туура эмес болгон эмес. Дарвинисттердин мындай көз-карашы «Стамбулдай чоңдуктагы бир шаардын бүт электрдик тармагы бир түнү болгон бир бороондун натыйжасында кокустан түзүлүп, бир үй да калбай, бүт үйлөргө электрдик линия тартылып калган» деген сөздөн да алда канча логикасыз жана акылсыз. Бүт бул системаны курган жана контрольдогон улуу бир күч-кудуреттин бар экендиги апачык бир чындык. Бул күч-кудурет баарыбыздын Жаратуучубуз Аллах.

Page 65: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Алган маалыматтарыбыздын баары Аллахтын улуу жаратуусунун бир

мисалы

Денебиздеги нерв клеткалары бир тармак сыяктуу. Бул тармак аркылуу мээ менен органдардын арасында сансыз буйрук жана сигналдар барып келип турат. Бирок бул үзгүлтүксүз бир тармак эмес, жогоруда айтылгандай, нервдердин арасында боштуктар бар. Бир кабар бул боштуктарга жеткенде, электрон ташуучу ферменттер кабарды кийинки нервге өткөрүшөт.

Электрондорду ташуучу ферменттер жүгүн түшүргөн соң кийинки нервдин учунун алдында бошоп калышат. Бирок ал жерге чогула берсе, арттан келген башка электрон көтөргөн ферменттердин жолун тосушат. Натыйжада электрдик сигналдар кийинки нервге өтпөй, агым үзгүлтүккө учурайт. Бирок мындай маселе жаралбайт. Себеби «ацетилхолинэстераза» аттуу атайын бир фермент нервдин учунун алдында чогулган химикаттарды майдалап ал жерден алыстатат. Башкача айтканда, кандайдыр бир мааниде «ал жерди шыпырып тазалайт». Ошентип арттан келген электрон ташыгычтардын алды тынымсыз тазаланып турат. Эч бир үзгүлтүккө жол берилбейт.

Денебиздеги он миңдеген түрдүү ферменттин арасынан бир эле «ацетилхолинэстераза» болбогондо, жашай алмак эмеспиз. Себеби бул кайсы бир мааниде бүт дененин электрдик тармагынын үзүлүшү деген мааниге келет.

Ар бир адам бул жерде өзүнө төмөнкү суроону узатышы керек: организмдин денесинде кичинекей бир нерсенин дагы унутулбашы үчүн кемчиликсиз системаларды курган, эч кандай аң-сезими, билими жана эрки жок молекулаларды эң туура жана эң акылдуу иш-аракеттерди жасай турган кылып программалаган ким?

Бүт бул акыл, билим жана кемчиликсиз чыгарманын ээси эч кандай кокустуктар эмес. Эволюционисттер бул суроолордун алдында айла жоктон унчукпай, жоопсуз калышат. Себеби ар бир ферментти жараткан, ар бирине өз милдетин тапшырган, жашоону кемчиликсиз кылып жоктон жараткан Улуу Аллах.

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)

Page 66: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

КОШУМЧА БӨЛҮМЭВОЛЮЦИЯ ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ

Дарвинизм, башкача айтканда, эволюция теориясы – жаратылуу (креационизм) чындыгынан баш тартуу максатында ойлоп чыгарылган, бирок ийгиликке жете албаган илимге туура келбеген бир калп. «Жандуулар жансыз заттардан кокустуктар натыйжасында пайда болгон» деген бул теория ааламда жана жандууларда абдан так бир тең салмактуулук, жаратылуу чеберчилиги бар экендигинин илим тарабынан далилдениши жана эволюциянын эч качан болбогонун көрсөткөн 450 миллионго жакын фоссилдин табылышы менен бирге кыйрады. Натыйжада бардык ааламды жана жандууларды Жаратуучу жараткан деген чындык илим тарабынан да далилденди. Бүгүнкү күндө эволюция теориясын сактап калуу үчүн дүйнө жүзүндө жүргүзүлгөн пропаганда жалаң гана илимий чындыктардын бурмаланышы, теорияга жан тартуучу багытта жоромолдоо, илимий көрүнүшкө жамынып айтылган калптар жана алдамчылыктарга таянууда.

Бирок мындай пропаганда чындыкты жашыра албайт. Эволюция теориясынын эң чоң адашуу, калп экендиги акыркы 20-30 жылдан бери илим чөйрөсүндө барган сайын көп айтылууда. Өзгөчө 1980-жылдардан кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр дарвинист көз-караштардын толугу менен туура эмес экендигин көрсөттү жана бул чындык көптөгөн илимпоздор тарабынан айтылууда. Өзгөчө АКШда биология, биохимия, палеонтология сыяктуу ар кандай илим чөйрөлөрүнөн келген көптөгөн илимпоздор Дарвинизмдин туура эмес экендигин көрүп, жандуулардын жаралуусун эми «жаратылуу чындыгы» менен түшүндүрүшүүдө.

Эволюция теориясынын кыйраганын жана Жаратылуунун далилдерин көптөгөн эмгектерибизде бүт илимий тараптары менен карадык жана кароону улантуудабыз. Бирок бул өтө маанилүү тема болгону үчүн бул жерде да кыскача токтоло кетүү керек.

Дарвинди кыйраткан кыйынчылыктарЭволюция теориясы тарыхы эски Грецияга чейин барган бир көз-караш болгонуна карабастан, 19-кылымда

кеңири тарады. Бул теорияны илим чөйрөсүнө киргизген эң маанилүү окуя – Чарльз Дарвиндин 1859-жылы чыгарган Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китеби эле. Дарвин бул китепте дүйнөдөгү бардык жандык түрлөрүнүн Жаратуучу тарабынан өз-өзүнчө жаратылганына каршы чыккан. Дарвиндин ойу боюнча, бардык түрлөр орток бир атадан келишкен жана убакыттын өтүшү менен кичинекей өзгөрүүлөр менен өзгөрүүлөргө дуушар болушкан.

Дарвиндин теориясы эч кандай так илимий табылгага таянган эмес; өзү да кабыл алгандай жөн гана бир «ой жүгүртүү» болчу. Ал тургай Дарвиндин китебиндеги «Теориянын кыйынчылыктары» аттуу узун бөлүмдө мойнуна алгандай, теория көптөгөн абдан маанилүү суроолорго жооп бере алган эмес.

Дарвин теориясына каршы кыйынчылыктар келечекте илим тарабынан жок кылынат, жаңы илимий табылгалар теориясын күчтөндүрөт деп үмүттөнгөн эле. Муну китебинде көп жолу белгилеп кеткен. Бирок илимдин өнүгүшү, Дарвиндин үмүтүнүн тескерисинче, теориянын негизги көз-караштарын бир-бирден жараксыз кылды.

Page 67: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Дарвинизмдин илим тарабынан кыйратылышын 3 негизги багытта кароого болот:1) Теория жашоонун жер бетинде алгач кандайча пайда болгонун эч түшүндүрө албайт.2) Теория сунуштаган «эволюция механизмдеринин» чындыгында эволюциялык күчкө ээ экендигин

далилдеген эч кандай илимий далил жок.3) Фоссилдер эволюция теориясынын туура эмес экендигин далилдейт.Бул бөлүмдө бул үч негизги теманы тереңирээк карайбыз.

Өтө албаган алгачкы баскыч: жашоонун келип чыгышы Эволюция теориясы бардык жандуу түрлөрү болжол менен мындан 3,8 миллиард жыл мурда алгачкы

дүйнөдө пайда болгон жалгыз жандуу клеткадан келди деп айтышат. Жалгыз бир клетка кандайча миллиондогон комплекстүү жандуу түрлөрүн пайда кылган жана эгер чындыгында мындай бир эволюция болгон болсо эмне үчүн бул процесстин издери фоссил булактарынан табылган жок деген суроолор теория түшүндүрө албаган суроолордон. Бирок булардан мурда калп «эволюция процессинин» алгачкы баскычы жөнүндө сөз кылуу туура болот. Ал «алгачкы клетка» кантип пайда болгон?

Эволюция теориясы Жаратылуудан баш тарткандыктан, эч кандай табият үстү кийлигишүүнү кабыл албагандыктан, «алгачкы клетка» эч кандай проект, план жана жөнгө салуусуз, табият мыйзамдарынын натыйжасында кокустан пайда болгон дейт. Башкача айтканда, бул теория боюнча жансыз нерселер кокустуктар натыйжасында бир клетканы пайда кылышкан. Бирок бул эң негизги биология мыйзамдарына да карама-каршы келет.

«Жашоо жашоодон келет»Дарвин китебинде жашоонун келип чыгышы жөнүндө эч сөз кылган эмес. Себеби анын доорундагы илим

түшүнүгү жандыктарды абдан жөнөкөй түзүлүшкө ээ деп ойлогон. Ортоңку кылымдан бери ишенилип келе жаткан «спонтандуу генерация» (өзүнөн-өзү пайда болуу) теориясы боюнча, жансыз нерселер кокустан чогулуп, жандуу бир нерсе пайда кыла алат деген ишеним бар болчу. Ал кезде коңуздар тамак таштандыларынан, чычкандар буудайдан пайда болот деген түшүнүктөр кеңири тараган. Муну далилдөө үчүн ар кандай кызыктуу эксперименттер жасалган. Кир бир кебездин үстүнө буудай коюп, бир аз күтсөк ал аралашмадан чычкан пайда болот деп божомолдошкон.

Эттердин куртташы да жашоонун жансыз заттардан пайда болушу мүмкүн экендигине бир далил катары кабыл алынчу. Бирок кийинчерээк аныкталгандай, курттар өзүнөн-өзү пайда болбойт, чымындар таштаган көзгө көрүнбөгөн личинкалардан чыгат.

Дарвин Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебин жазган учурда бактериялар жансыз нерселерден пайда болот деген ишеним илим дүйнөсүндө кеңири тараган эле.

Бирок, Дарвин китебин чыгаргандан беш жылдан кийин атактуу Француз биолог Луи Пастер эволюциянын негизи болгон бул ишенимди толугу менен кыйратты. Пастер көптөгөн аракеттерди жасап, эксперименттер жүргүзгөн соң мындай деген:

«Жансыз заттар жашоону пайда кылышы мүмкүн деген көз-караш эми толугу менен тарыхка көмүлдү.» (Sidney Fox, Klaus Dose, Molecular Evolution and The Origin of Life, New York: Marcel Dekker, 1977, s. 2)

Эволюция теориясынын жактоочулары Пастердин ачылыштарына көп жылдарга чейин каршы турушту. Бирок өнүккөн илим жандуу клетканын татаал түзүлүшүн көрсөткөндө, жашоонун өзүнөн-өзү келип чыкпашы

Page 68: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

айдан ачык болуп калды.

20-кылымдагы натыйжасыз аракеттер20-кылымда жашоонун келип чыгышы темасын изилдеген алгачкы эволюционист, атактуу орус биолог

Александр Опарин болгон. Опарин 1930-жылдары айткан көптөгөн тезистери аркылуу жандуу клетканын кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүн экендигин далилдөөгө аракет жасаган. Бирок бул аракеттер ийгиликсиз аяктап, Опарин минтип моюнга алууга мажбур болгон:

«Тилекке каршы, клетканын келип чыгышы эволюция теориясын толугу менен камтыган эң караңгы (белгисиз) чекитти түзүүдө.» (Alexander I. Oparin, Origin of Life, (1936) New York, Dover Publications, 1953, s.196)

Опариндин жолун ээрчиген эволюционисттер жашоонун келип чыгышы темасын чече турган эксперименттерди жасоону улантышты. Мындай эксперименттердин эң атактуусу Америкалык химик Стэнли Миллер тарабынан 1953-жылы жасалган. Миллер алгачкы дүйнө атмосферасында болгон деп эсептеген газдарды бир экспериментте бириктирип, бул аралашмага энергия кошуу менен белоктордун түзүлүшүндө колдонулган бир канча органикалык молекулаларды (аминокислоталарды) синтездеген.

Ал жылдары эволюциянын маанилүү бир көрсөткүчүндөй кабыл алынган бул эксперименттин жараксыз экендиги жана экспериментте колдонулган атмосферанын дүйнө шарттарынан такыр башкача экендиги көп өтпөй белгилүү болгон. ("New Evidence on Evolution of Early Atmosphere and Life", Bulletin of the American Meteorological Society, c. 63, Kasım 1982, s. 1328-1330)

Көпкө уланган бир жымжырттыктан кийин Миллер өзү да колдонгон атмосфера чөйрөсүнүн чындыктан алыс экендигин мойнуна алган. (Stanley Miller, Molecular Evolution of Life: Current Status of the Prebiotic Synthesis of Small Molecules, 1986, s. 7)

Жашоонун келип чыгышы маселесин түшүндүрүү үчүн 20-кылым бою уланган эволюционисттик аракеттердин баары ийгиликсиз аяктады. Сан Диего Скриппс Институтунан атактуу геохимик Джефри Бада эволюционисттердин Earth журналынын 1998-жылкы санында чыккан макалада бул чындыкты мындайча кабыл алат:

Бүгүн, 20-кылымды артка калтырып жатып, дагы эле 20-кылымга киргендеги эң чоң чечилбеген маселебиз алдыбызда турат: Жашоо жер бетинде кантип башталды? (Jeffrey Bada, Earth, Şubat 1998, s. 40)

Жашоонун комплекстүүлүгү Эволюция теориясынын жашоонун келип чыгышы темасында мынчалык туюкка кабылышына эң жөнөкөй

деп саналган жандуу структуралардын да укмуш татаал түзүлүштө болушу себеп болду. Жандуу клетка адамзат жасаган бардык технологиялык продукттардан да татаал түзүлүшкө ээ. Натыйжада бүгүнкү күндө адамзат дүйнөнүн эң алдыңкы лабораторияларында да жансыз заттарды чогултуп, жандуу бир даана клетканы да, ал тургай, клетканы түзгөн бир даана белокту да жасай албай жатат.

Бир клетканын пайда болушу үчүн керектүү шарттар кокустуктар менен эч түшүндүрүлө албай турган деңгээлде көп. Бирок муну тереңирээк кароонун да кажети жок. Себеби эволюционисттер клетка этабына келгенге чейин эле туюкка камалышат. Себеби клетканын курулуш материалдарынын бири болгон белоктордун бир даанасынын да кокустан пайда болуу ыктымалдыгы математикалык жактан «0»гө барабар.

Мунун эң негизги себептеринин бири, бир белок пайда болушу үчүн башка белоктор да болушу керек; бул бир белоктун кокустан пайда болуу ыктымалдыгын толук жокко чыгарат. Ошондуктан ушул илимий чындыктын

Page 69: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

өзү эле эволюционисттердин кокустук түшүнүгүн эң башынан жок кылууга жетиштүү болот. Бул өтө маанилүү бир жагдай болгону үчүн кыскача токтоло кетели,

1. Ферменттерсиз белок синтезделе албайт жана ферменттердин өзү да белок.2. Бир даана белок синтезделиши үчүн 100гө жакын белок кызмат кылышы керек. Ошондуктан белок

пайда болушу үчүн башка белоктор керек болот.3. Белокторду синтездеген ферменттерди ДНК өндүрөт. ДНК болмоюнча белок синтезделе албайт.

Ошондуктан белок пайда болушу үчүн ДНК да керек.4. Белокту синтездөө процессинде клеткадагы бүт органеллдер маанилүү кызматтарды аткарышат. Б.а.

белок пайда болушу үчүн толук кандуу жана бүт тетиктери иштеген бир клетка бүт органеллдери менен бирге бар болушу керек.

Клетканын ядросунда жайгашкан жана генетикалык маалыматты сактаган ДНК молекуласы болсо, таң калаарлык бир маалымат сактоо каражаты болуп саналат. Эсептөөлөр боюнча, адамдын ДНКсындагы маалымат эгер кагазга түшүрүлсө, 500 беттен турган 900 томдук бир китепкананы түзөт.

Бул жерде абдан кызыктуу дагы бир дилемма бар: ДНК бир канча атайын белоктордун (ферменттердин) жардамы менен гана жуптала алат. Бирок бул ферменттер да ДНКдагы маалыматтардын негизинде гана синтезделе алат. Бири-биринен көз-каранды болгондуктан, жупталуу ишке ашышы үчүн экөөсү тең бир убакта бар болушу керек. Бул болсо «жашоо өзүнөн-өзү пайда болду» деген сценарийди жокко чыгарат. Сан Диего Калифорния университетинен атактуу эволюционист проф. Лесли Оргел Scientific American журналынын 1994-жылы октябрдагы санында бул чындыкты мындайча моюнга алат:

Түзүлүшү абдан комплекстүү болгон белоктордун жана нуклеиндик кислоталардын (РНК жана ДНК) бир жерде жана бир учурда кокустан пайда болушу – ыктымалдуулуктан өтө алыс. Бирок булардын бири болбостон, экинчисин алуу (жасоо) да мүмкүн эмес. Ошондуктан, адам баласы жашоонун химиялык процесстер натыйжасында келип чыгышы такыр мүмкүн эмес деген жыйынтыкка барууга мажбур болууда. (Leslie E. Orgel, The Origin of Life on Earth, Scientific American, c. 271, Ekim 1994, s. 78)

Эч күмөнсүз, эгер жашоонун табигый таасирлер натыйжасында келип чыгышы мүмкүн эмес болсо, анда жашоонун жаратылганын кабыл алуу керек. Бул чындык негизги максаты жаратылышты (натыйжада Аллахты) жокко чыгаруу болгон эволюция теориясын толук четке кагат.

Эволюциянын ойдон чыгарылган механизмдериДарвиндин теориясын жараксыз кылган экинчи негизги сокку, теория «эволюция механизмдери» катары

сунуштаган эки түшүнүктүн да чындыгында эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес экендигин түшүнүүдөн келип чыкты.

Дарвин эволюция көз-карашын толугу менен «табигый тандалуу» механизмине байланыштырган эле. Бул механизмге берген мааниси китебинин атынан да апачык көрүнүп турат: Түрлөрдүн келип чыгышы, табигый тандалуу жолу менен...

Табигый тандалуу табияттагы жашоо күрөшүндө табигый шарттарга ылайыктуу жана күчтүү жандуулар аман калат деген көз-карашка таянат. Мисалы, жырткыч жаныбарлар тарабынан коркунучка кабылган бир кийик тобунда ылдамыраак чуркаган кийиктер жашай алат. Натыйжада кийик тобу ылдам жана күчтүү кийиктерден куралат. Бирок, албетте, бул механизм кийиктерди эволюция кылбайт, аларды башка жаныбар түрүнө, мисалы аттарга, айландырбайт.

Page 70: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Демек, табигый тандалуу механизминин эч кандай эволюциялык күчү жок. Дарвин да бул чындыкты билчү жана Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде «Пайдалуу өзгөрүүлөр келип чыкмайынча, табигый тандалуу эч нерсе кыла албайт» деп айтканга мажбур болгон. (Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 189)

Ламарктын таасириМындай «пайдалуу өзгөрүүлөр» кантип келип чыкмак? Дарвин ошол учурдагы примитивдүү илим

түшүнүгү менен бул суроого Ламаркка таянып жооп берүүгө аракет жасаган. Дарвинден мурда жашаган француз биолог Ламарктын ойу боюнча, «жаныбарлар денесинде келип чыккан физикалык өзгөрүүлөрдү кийинки урпактарга өткөрүп берип, урпактан урпакка чогулган мындай өзгөрүүлөр натыйжасында жаңы жаныбар түрлөрү пайда болот» эле. Мисалы, Ламарктын ойу боюнча, «жирафтар жейрендерден пайда болгон, бийик дарактардын жалбырактарын жеш үчүн аракет кылып жатып, урпактан урпакка моюндары узарып кеткен».

Дарвин да ушул сыяктуу мисалдарды келтирген. Мисалы, Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде тамак табуу үчүн сууга түшкөн кээ бир аюулар убакыттын өтүшү менен киттерге айланган деп айткан. (Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 184)

Бирок Мендель ачкан жана 20-кылымда өнүккөн генетика илими менен тастыкталган тукум куучулук мыйзамдары «денеде келип чыккан өзгөрүүлөр урпактарга берилет» деген жомокту толук четке какты. Натыйжада табигый тандалуу «жалгыз» жана толугу менен натыйжасыз бир механизм болуп калды.

Неодарвинизм жана мутацияларДарвинисттер болсо бул абалдан чыгуу үчүн 1930-жылдардын аягында «Модерн (заманбап) синтетикалык

теорияны» же болбосо кеңири тараган ысмы менен неодарвинизмди чыгарышты. Неодарвинизм табигый тандалууга «пайдалуу өзгөрүүнүн себеби» катары мутацияларды, б.а. жандыктардын гендеринде радиация сыяктуу тышкы факторлор же копиялоо катасы себептүү келип чыккан бузулууларды кошту. Бүгүнкү күндө илимий жактан жараксыз экенин билип туруп, дагы эле дарвинисттер неодарвинизм моделин жакташат. Бул теория жер жүзүндөгү миллиондогон жандык түрлөрү, ал жандыктардын кулак, көз, өпкө, канат сыяктуу сансыз комплекстүү органдары «мутацияларга», б.а. генетикалык бузуктуктарга таянган бир процесс натыйжасында келип чыккан дейт. Бирок теорияны чарасыз калтырган апачык бир илимий чындык бар: мутациялар жандыктарды алдыга жылдырбайт, тескерисинче дайыма жандыктарга зыян берет.

Мунун себеби өтө жөнөкөй: ДНКнын түзүлүшү өтө комплекстүү. Бул молекулага болгон ар кандай туш келди таасир ага зыян гана алып келет. Америкалык генетик Б.Г. Ранганатан муну мындайча түшүндүрөт:

Мутациялар кичине, стохастикалык жана зыяндуу болот. Кээ-кээде гана ишке ашат жана эң жакшы ыктымалдуулук учурунда эч кандай таасир бербейт. Бул үч өзгөчөлүк мутациялардын эволюциялык бир өнүгүүгө себеп боло албашын көрсөтөт. Ансыз деле өтө өзгөчө бир организмдеги бир туш келди өзгөрүү – же таасирсиз болот же болбосо зыяндуу. Бир кол саатынын өзгөрүшү ал кол саатын жакшыртпайт. Чоң ыктымалдык менен ага зыян келтирет же эң жакшы учурда ага эч кандай таасир бербейт. Бир жер титирөө бир шаарды өнүктүрбөйт, аны кыйратат. (B. G. Ranganathan, Origins?, Pennsylvania: The Banner Of Truth Trust, 1988)

Чындыгында эле бүгүнкү күнгө чейин эч бир пайдалуу, башкача айтканда, генетикалык маалыматты жакшырткан, өнүктүргөн мутация мисалы байкалган жок. Бардык мутациялардын зыян алып келээри аныкталды. Эволюция теориясы тарабынан «эволюция механизми» катары көрсөтүлгөн мутациялардын чындыгында

Page 71: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

жандууларды бузган, майып кылган генетикалык окуя экендиги белгилүү болду. (Адамдарда мутациялардын эң көп кездешкен натыйжасы – бул рак оорусу). Албетте, талкалоочу, бузуучу бир механизм «эволюция механизми» боло албайт. Табигый тандалуу болсо, Дарвин да кабыл алгандай, «өзү жалгыз эчтеке кыла албайт». Бул чындык бизге табиятта эч кандай «эволюция механизми» жок экендигин көрсөтөт. Демек, эволюция механизми жок болгон болсо, эволюция деп аталган кыялдагы процесс эч качан болгон эмес.

Фоссилдер: өткөөл (ортоңку) формалардын жыты да жокЭволюция теориясы жактаган сценарийдин эч болбогондугун көрсөткөн эң негизги далил болсо –

фоссилдер (вулкан атылганда же башка себептен жаныбар, канаттуу же өсүмдүктөрдүн сакталып калган калдыктары).

Эволюция теориясы боюнча, бардык жандуулар бири-биринен келип чыккан. Мурда бар болгон бир жандуу түрү убакыттын өтүшү менен башка бир түргө айланган жана бардык түрлөр ушундай жол менен пайда болгон. Бул теория боюнча, мындай өзгөрүүлөр миллиондогон жылдарга созулган узун убакытта жүргөн жана баскыч баскыч алдын көздөй уланган.

Андай болсо бул узун өзгөрүү процессинде сансыз көп «өткөөл формалар» пайда болуп, жашап өткөн болушу керек эле.

Мисалы, өткөн замандарда балык өзгөчөлүктөрү бар туруп, бир тараптан да кээ бир сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон жарым балык-жарым сойлоп жүрүүчү жандыктар жашаган болушу керек эле. Же сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөрү менен бирге, бир тараптан да кээ бир канаттуу өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон сойлоп жүрүүчү-канаттуу жашаган болушу керек эле. Булар бир өткөөл абалда болгондуктан, майып, кемчиликтүү, кээ бир органдары жарым-жартылай болгон жандыктар болушу керек. Эволюционисттер өткөн доорлордо жашап өткөн деп ишенген мындай теориялык жандыктарды «өткөөл (ортоңку) формалар» деп аташат.

Эгер чындап эле мындай жандыктар өткөн замандарда жашаган болгондо, алардын сандары жана түрлөрү миллиондогон, ал тургай, миллиарддаган болушу керек эле. Жана мындай майып, кемчиликтүү жандыктардын фоссилдери сөзсүз табылмак. Дарвин Түрлөрдүн келип чыгышы китебинде муну мындайча түшүндүрөт:

Эгер теориям туура болсо, түрлөрдү бири-бирине байланыштырган сансыз көп өткөөл (ортоңку) формалардын түрлөрү сөзсүз жашаган болушу керек... Булардын жашап өткөндүгүнүн далилдери фоссил калдыктарынын арасынан гана табылышы мүмкүн. (Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 179)

Бирок бул сөздөрдү жазган Дарвин мындай ортоңку формалардын фоссилдеринин эч табылбаганын да билчү. Бул жагдайдын теориясы үчүн чоң бир туюк (тупик) экенин түшүнгөн. Ошондуктан, Түрлөрдүн келип чыгышы китебинин «Теориянын кыйынчылыктары» (Difficulties on Theory) аттуу бөлүмүндө мындай деп жазган:

Эгер чындап эле түрлөр башка түрлөрдөн акырын өнүгүү менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл формаларды жолуктурбай жатабыз? Эмне үчүн табият бир хаос абалында эмес, толугу менен белгиленген жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл форма болушу керек эле, бирок эмне үчүн жер бетинин сансыз көп катмарында көмүлүү абалда таппай жатабыз... Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай звенолорго толо эмес? (Charles Darwin, The Origin of Species, s. 172, 280).

Дарвиндин үзүлгөн үмүтүБирок 19-кылымдын ортосунан бери дүйнөнүн бардык тарабынан кемчиликтүү жандык фоссилдерин

Page 72: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

издешкени менен, мындай ортоңку формалардын бир да фоссили табылган жок. Казууларда жана изилдөөлөрдө табылган табылгалар, эволюционисттердин үмүтүн үзүп, жандуулардын бир заматта, кемчиликсиз жана толук органдары менен пайда болгонун көрсөттү.

Атактуу англиялык палеонтолог (фоссил илимпозу) Дерек В. Агер, эволюционист болгонуна карабастан, бул чындыкты мындайча мойнуна алат:

Маселе мындай: Фоссил табылгаларын жакшылап изилдегенде, түрлөр же класстар деңгээлинде болсун, дайыма бир эле чындыкты көрөбүз; баскычтуу эволюция жолу менен эмес, бир заматта жер бетинде пайда болгон группаларды көрөбүз. (Derek A. Ager, "The Nature of the Fossil Record", Proceedings of the British Geological Association, c. 87, 1976, s. 133)

Башкача айтканда, фоссилдер бардык жандуу түрлөрүнүн ортосунда эч кандай өткөөл форма жок экенин, баарынын кемчиликсиз бойдон пайда болгонун көрсөтүүдө. Бул Дарвин жактаган көз-карашка толугу менен карама-каршы келет. Тагыраак айтканда, бул – бүт жандыктардын жаратылганын көрсөткөн абдан күчтүү бир далил. Себеби бир жандуу түрү башка бир түрдөн («атасынан») эволюция болбостон, бир заматта жана кемчиликсиз бир абалда келип чыккан болсо, анда ал түр жаратылган болот. Бул чындык атактуу эволюционист биолог Дуглас Футуйма тарабынан да кабыл алынат:

Жаратылуу жана эволюция жашап жаткан жандуулардын келип чыгышын түшүндүрүүнүн альтернативдүү эки жолу. Жандуулар дүйнөдө же бүтүндөй толук жана кемчиликсиз бир абалда пайда болушкан же мындай болгон эмес. Эгер мындай болгон эмес болсо, анда бир өзгөрүү процесси натыйжасында алардан мурда бар болгон кээ бир жандуу түрлөрүнөн эволюциялашып, келип чыккан болушу керек. Бирок, эгер кемчиликсиз жана толук бойдон пайда болгон болсо, анда чексиз күч-кудуреттүү бир акыл тарабынан жаратылган болушу керек. (Douglas J. Futuyma, Science on Trial, New York: Pantheon Books, 1983. s. 197)

Фоссилдер болсо жандуулардын жер бетинде кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгонун көрсөтүүдө. Башкача айтканда, «түрлөрдүн келип чыгышы» - Дарвин ойлогондун тескерисинче, эволюция эмес, Жаратылуу.

Адамдын эволюциясы жомогуЭволюция теориясынын жактоочулары эң көп адамдын пайда болушу жөнүндө сөз кылышат. Дарвинисттер

бүгүнкү күндө жашаган адамдар маймыл сыяктуу ар кандай жандыктардан келип чыккан дешет. 4-5 миллион жыл мурда башталган деп болжонгон бир процессте заманбап адам менен аталары арасында «ортоңку формалар» жашаган деп айтылат. Чындыгында толугу менен ойлоп табылган бул сценарийде төрт негизги «категория» саналат:

1- австралопитек2- хомо хабилис3- хомо эректус4- хомо сапиенсЭволюционисттер адамдардын «алгачкы маймыл сымал атасын» «түштүк маймылы» маанисине келген

«австралопитек» деп аташат. Бул жандыктар чындыгында өлүп жок болгон бир маймыл түрү гана. Лорд Солли Цукерман жана профессор Чарльз Окснард сыяктуу Англия жана АКШдан дүйнөгө таанымал эки анатомист тарабынан жасалган терең изилдөөлөр бул жандыктардын өлүп жок болгон бир маймыл түрүнө гана тиешелүү экенин жана адамдарга эч окшошпошун көрсөткөн. (Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, s. 75-94; Charles E. Oxnard, "The Place of Australopithecines in Human Evolution:

Page 73: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Grounds for Doubt", Nature, c. 258, sf. 389)Эволюционисттер адам эволюциясынын кийинки баскычын «хомо», башкача айтканда, адам деген класска

бөлүшөт. Алардын айтуусу боюнча, хомо сериясындагы жандыктар австралопитектерден көбүрөөк өнүккөн. Эволюционисттер бул түрдүү жандыктарга тиешелүү фоссилдерди биринин артынан бирин тизип алышып, ойлоп табылган эволюция графигин жасашат. Бул график ойлоп табылган, себеби иш жүзүндө бул ар түрдүү класстар арасында эволюциялык байланыш бар экендиги эч качан далилдене алган эмес. Эволюция теориясынын 20-кылымдагы эң маанилүү жактоочуларынын бири Эрнст Майр «Хомо сапиенске баруучу чынжыр – иш жүзүндө жок» деп бул чындыкты кабыл алат. (J. Rennie, "Darwin's Current Bulldog: Ernst Mayr", Scientific American, Aralık 1992)

Эволюционисттер «австралопитек > хомо хабилис > хомо эректус > хомо сапиенс» деп тизип, бул түрлөрдүн биринчисин кийинкисинин атасындай көрсөтүшөт. Чындыгында болсо палеонтологдордун акыркы табылгалары австралопитек, хомо хабилис жана хомо эректустун дүйнөнүн ар кайсы аймактарында бир учурда жашаганын көрсөттү. (Alan Walker, Science, c. 207, 1980, sf. 1103; A. J. Kelso, Physical Antropology, 1. baskı, New York: J. B. Lipincott Co., 1970, sf. 221; M. D. Leakey, Olduvai Gorge, c. 3, Cambridge: Cambridge University Press, 1971, s. 272)

Мындан тышкары, хомо эректус классына тиешелүү адамдардын бир бөлүгү азыркы учурга чейин жашап, хомо сапиенс неандерталец жана хомо сапиенс сапиенс (азыркы адам) менен бир эле чөйрөдө жанаша жашашкан. (Time, Kasım 1996)

Бул болсо бул класстардын бири-биринин атасы деген көз-караштын туура эмес экендигин ачык далилдейт. Гарвард университети палеонтологу Стивен Джей Гулд өзү да бир эволюционист болгонуна карабастан, дарвинист теория такалган бул туюкту (тупикти) мындайча баяндайт:

Эгер бири-бири менен бир убакта жашаган үч түрдүү гоминид (адам сымал) сүрөтү бар болгон болсо, анда биздин санжыра дарагыбыз эмне болду? Булардын биринин экинчисинен келип чыкпагандыгы анык. Мындан тышкары, бири экинчиси менен салыштырылганда, эволюциялык бир өзгөрүү тенденциясын көрсөтпөөдө. (S. J. Gould, Natural History, c. 85, 1976, s. 30)

Кыскасы, массалык маалымат каражаттарында же окуу китептеринде орун алган ойлоп табылган бир топ «жарым маймыл, жарым адам» жандыктардын сүрөттөрү аркылуу, башкача айтканда, пропаганда жолу менен гана сактап калууга аракет кылынган «адамдын эволюциясы» сценарийи – эч кандай илимий далили, таянычы жок бир жомок гана. Бул теманы көп жылдар бою изилдеген, өзгөчө австралопитек фоссилдери жөнүндө 15 жыл изилдөө жасаган Англиянын эң атактуу жана белгилүү илимпоздорунун бири Лорд Солли Цукерман, эволюционист болгонуна карабастан, маймыл сымал жандыктардан адамга чейин улануучу чыныгы бир санжыра дарагы жок деген жыйынтыкка барган.

Цукерман, мындан тышкары, кызыктуу бир «илим көрсөткүчүн (шкаласын)» даярдаган. Илимий деп кабыл алган илим тармактарынан, илимден алыс деп кабыл алган илим тармактарын көздөй бир тизме түзгөн. Цукермандын бул таблицасы боюнча, эң «илимий», башкача айтканда, так далилдерге таянган илим тармактары – химия жана физика. Катарда булардан кийин биология илимдери, андан кийин коомдук илимдер келет. Бул катардын эң «илимден алыс» бөлүгүндө болсо, Цукермандын ойу боюнча, телепатия, алтынчы сезим сыяктуу «сезимден тышкаркы кабылдоо» түшүнүктөрү жана ошондой эле «адамдын эволюциясы» турат! Цукерман катардын бул учун мындайча түшүндүрөт:

Объективдүү чындыктын чегинен чыгып, биологиялык илим катары гипотеза кылынган бул чөйрөлөргө,

Page 74: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

башкача айтканда, сезимден тышкаркы кабылдоо жана адамдын фоссил тарыхынын түшүндүрүлүшүнө киргенибизде, эволюция теориясына ишенген бир адам үчүн бардык нерсе мүмкүн экендигин көрөбүз. Ал тургай, теорияларына чындап ишенген бул адамдар бири-бирине туура келбеген жоромолдорду да бир эле убакта кабыл алышы да мүмкүн. (Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, s. 19)

«Адамдын эволюциясы» жомогу теорияларына далилсиз ишенген бир топ адамдардын табылган кээ бир фоссилдерди өздөрү каалагандай чечмелешинен гана турат.

Дарвиндин формуласы!Буга чейин каралган бүт илимий далилдерден тышкары, кааласаңыз эволюционисттердин кандай нерсеге

ишенээрин жаш балдар да түшүнө ала тургандай ачык бир мисал менен карайлы.Эволюция теориясы жашоо (жандыктар) кокустан пайда болгон дейт. Ошондуктан бул акылга сыйбас көз-

караш боюнча, жансыз жана аң-сезими жок атомдор чогулуп алгач клетканы пайда кылып, анан ошол эле атомдор кандайдыр бир жол менен башка жандыктарды жана адамды пайда кылышкан. Эми ойлоп көрөлү: организмдин негизги материалдары болгон көмүртек, фосфор, азот, калий сыяктуу элементтерди топтосок бир атом жыйындысы келип чыгат. Бул жыйынды кандай гана процесстен өткөрүлбөсүн, бир дагы жандыкты пайда кыла албайт. Кааласаңыз, бул боюнча бир «эксперимент» жасап, эволюционисттер жактаган, бирок ачык айта албаган көз-карашты алардын атынан «дарвиндин формуласы» деп карап көрөлү:

Эволюционисттер көптөгөн чоң идиштердин ичине организмдин түзүлүшүндөгү фосфор, азот, көмүртек, кычкылтек, темир, магний сыяктуу элементтерден каалашынча салышсын. Ал тургай, кадимки шарттарда кездешпеген, бирок бул аралашма ичинде болушун каалаган заттарды да бул идишке салышсын. Бул аралашманын ичине каалашынча аминокислота, каалашынча белок да кошушсун. Бул аралашмаларга каалаган деңгээлде ысыктык жана нымдуулук беришсин. Буларды каалаган эң алдыңкы инструменттер менен аралаштырышсын. Идиштердин жанына дүйнөнүн эң алдыңкы илимпоздорун коюшсун. Бул адистер атадан балага, урпактан урпакка өткөрүп, алмак-салмак миллиарддаган, ал тургай, триллиондогон жылдар бою идиштердин башында туруп күтүшсүн.

Бир жандык пайда болушу үчүн кандай шарттар керек болсо, каалагандай шарт түзүү эркин болсун. Бирок эмне гана кылышпасын, ал идиштерден эч качан бир жандык чыгара алышпайт. Жирафтарды, арстандарды, аарыларды, булбулдарды, тоту куштарды, аттарды, дельфиндерди, гүлдөрдү, орхидеяларды, банандарды, апельсиндерди, алмаларды, курмаларды, помидорлорду, коондорду, дарбыздарды, жүзүмдөрдү, түркүн түстүү көпөлөктөрдү жана ушулар сыяктуу миллиондогон жандык түрүнүн эч бирин пайда кыла алышпайт. Бул жерде саналган бул жандыктардын бирөөсүн эмес, булардын жалгыз бир клеткасын да ала алышпайт.

Кыскасы, аң-сезими жок атомдор чогулуп клетканы пайда кыла албайт. Анан дагы бир чечим алып, бир клетканы экиге бөлүп, анан катары менен башка чечимдерди алып, электрондук микроскопту ойлоп тапкан, анан өзүнүн клеткасынын түзүлүшүн бул микроскоп менен изилдеген профессорлорду пайда кыла алышпайт. Затка Улуу Аллахтын жаратуусу менен гана жан кирет.

Мунун тескерисин жактаган эволюция теориясы болсо акылга такыр сыйбайт. Эволюция айткан көз-караштар жөнүндө бир азга эле ойлонуу, жогорудагы мисалдан көрүнүп тургандай, бул чындыкты апачык көрсөтөт.

Көз жана кулактагы технология

Page 75: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Эволюция теориясы эч түшүндүрө албаган дагы бир нерсе болсо – бул көз менен кулактын өтө жогорку сапаты.

Көз темасына өтүүдөн мурда «кантип көрөбүз?» деген суроого кыскача жооп берели. Бир телодон келген нурлар көздөгү торчого тескери болуп түшөт. Бул нурлар бул жердеги клеткалар тарабынан электрдик импульстарга (сигналдарга) айландырылып, мээнин арт жагындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир чекитке жетет. Бул электрдик импульстар бир канча процесстен кийин мээдеги көрүү борборунда сүрөттөлүш катары кабылданат. Бул маалыматтарды алгандан кийин эми ойлонолу:

Мээ жарык өткөрбөйт. Башкача айтканда, мээнин ичи капкараңгы, жарык мээ жайгашкан жерге чейин кире албайт. Көрүү борбору деп аталган жер – капкараңгы, жарык эч жетпеген, балким эч биз көрбөгөндөй караңгы бир жер. Бирок, сиз бул чымкый караңгылыкта нурдуу, түркүн-түстүү бир дүйнөнү көрүп жатасыз.

Болгондо да, бул көрүнүш ушунчалык даана жана сапаттуу болгондуктан, 21-кылымдын технологиясы да бардык мүмкүнчүлүктөргө карабастан мынчалык тунук сүрөттөлүшкө жете алган жок. Мисалы, азыр окуп жаткан китебиңизди, китепти кармаган колуңузду караңыз, андан соң башыңызды көтөрүп, айланаңызды караңыз. Азыр көрүп турган тунуктук жана сапаттагы бул сүрөттөлүштү башка бир жерден көрдүңүзбү? Мынчалык сапаттуу сүрөттөлүштү сизге дүйнөнүн эң алдыңкы фирмасынын эң алдыңкы телевизор экраны да тартуулай албайт. 100 жылдан бери миңдеген инженерлер мындай тунук, даана сүрөттөлүшкө жетүү үчүн аракет кылышууда. Бул үчүн заводдор, ири ишканалар курулууда, изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, план жана проекттер жасалууда. Ошого карабастан, телевизор экранын бир карап, анан колуңуздагы китепти бир карап салыштырып көрүңүз. Экөөнүн арасында сүрөттөлүштүн дааналыгы жана сапаты жагынан чоң айырманы байкайсыз. Болгондо да, телевизор экраны сизге эки өлчөмдүү сүрөттөлүштү гана көрсөтөт, көзүңүз болсо үч өлчөмдүү, тереңдиги бар бир сүрөттөлүштү көрсөтөт.

Көп жылдар бою он миңдеген инженер үч өлчөмдүү телевизор жасоого, көздүн көрүү сапатындай сапатка жетүүгө аракет кылышууда. Ооба, үч өлчөмдүү бир телевизор жасай алышты, бирок аны көз айнексиз үч өлчөмдүү кылып көрүүгө мүмкүн эмес, ошондой эле бул үч өлчөм – жасалма. Арка тарабы бозомук, алдыңкы тарабы болсо кагаздан жасалган декорация сыяктуу көрүнөт. Эч качан көз көргөн сыяктуу даана жана сапаттуу бир сүрөттөлүш жаралбайт. Камерада да, телевизордо да сөзсүз сүрөттөлүштүн сапаты, тунуктугу төмөндөйт.

Эволюционисттер ушундай сапаттуу жана тунук сүрөттөлүштү пайда кылуучу механизмди кокусунан пайда болгон дейт. Азыр бирөө сизге бөлмөңүздөгү телевизор кокусунан пайда болду, атомдор чогулуп, бул сүрөттөлүштү пайда кылуучу каражатты (телевизорду) пайда кылды десе сиз кандай ойго келесиз? Миңдеген адам чогулуп жасай албаган нерсени атомдор кантип жасашсын?

Көз көргөн сапаттан алда канча төмөн болгон бир сүрөттөлүштү пайда кылган нерсе кокусунан пайда болбосо, анда көз жана көз көргөн сүрөттөлүштүн да кокусунан пайда боло албашы анык. Ушул эле абал кулакка да тиешелүү. Тышкы кулак айланадагы үндөрдү кулак лакаторунун жардамы менен топтоп, ортоңку кулакка берет; ортоңку кулак үн толкундарын күчөтүп, ички кулакка өткөрүп берет; ички кулак бул толкундарды электрдик импульстарга айландырып, мээге жөнөтөт. Көрүү процесси сыяктуу угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.

Көздөгү абал кулакка да тиешелүү, башкача айтканда, мээ жарык өткөрбөгөн сыяктуу, үн да өткөрбөйт. Ошондуктан, сырт тарап канчалык ызы-чуу болсо да, мээнин ичи толугу менен жымжырт болот. Анткен менен, мээде эң тунук үндөрдү угабыз. Үн өткөрбөгөн мээңизде бир оркестрдин симфонияларын угасыз, көчө толо адамдардын бардык ызы-чуусун угасыз. Бирок ошол учурда атайын бир прибор менен мээңиздин ичиндеги үн

Page 76: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

өлчөнсө, ал жерде толук жымжырттык өкүм сүрүп жаткан болот.Жогорку сапаттуу сүрөттөлүштү алуу үчүн аракет кылынган сыяктуу, үн үчүн да ондогон жылдар бою

ушундай аракеттер жасалууда. Үн жаздыруу аппараттары, музыкалык борборлор, көптөгөн электрондук аппараттар, үндү кабылдаган музыка системалары – бул аракеттердин кээ бир жыйынтыктары. Бирок ушунча технологияларга, ал технологияда иштеген миңдеген инженер жана адистерге карабастан, кулактай тунук жана сапаттуу бир үндү ала алышкан жок. Музыкалык аппарат өндүргөн эң ири фирма тарабынан өндүрүлгөн эң сапаттуу музыкалык борборду элестетип көрүңүз. Үн жаздырганда, сөзсүз үндүн бир бөлүгү жоголот же бир аз болсо да шуулдоо (шум) пайда болот же музыкалык борборду иштеткенде, музыка баштала электе эле бир шуулдоону угасыз. Бирок адам денесиндеги технологиянын продукту болгон үндөр абдан тунук жана кемчиликсиз. Адамдын кулагы музыкалык борбордогу сыяктуу шуулдоону пайда кылбайт, үн кандай болсо ошондой угат. Бул нерсе адамзат жаралгандан бери уланып келе жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин адам баласы жасаган эч кайсы сүрөттөлүш жана үн аппараты көз жана кулактагы сапатка жете алган жок. Ошондой эле, көрүү жана угуу процессинде, мындан тышкары, абдан маанилүү дагы бир чындык бар.

Мээнин ичинде көргөн жана уккан аң-сезим кимге тиешелүү?Мээнин ичинде, түркүн түстүү дүйнөнү караган, симфонияларды, чымчыктардын сайраганын уккан, гүлдү

жыттаган ким?Адамдын көздөрүнөн, кулактарынан, мурдунан келген импульстар электрдик сигнал катары мээге барат.

Биология, физиология же биохимия китептеринен бул сүрөттөлүштүн мээде кантип пайда болоору жөнүндө көптөгөн терең маалыматтарды таба аласыз. Бирок бул тема жөнүндөгү эң маанилүү чындыкты эч жерден көрбөйсүз: мээде бул электрдик сигналдарды сүрөттөлүш, үн, жыт жана сезүү катары кабылдаган ким?

Мээнин ичинде көзгө, кулакка, мурунга муктаж болбостон бардык бул нерселерди кабылдаган бир аң-сезим бар. Бул аң-сезим кимге тиешелүү?

Албетте, бул аң-сезим – мээни түзгөн нервдер, май катмары жана нерв клеткаларына тиешелүү эмес. Мына ушул себептен, бардык нерсе заттан гана турат деген дарвинист-материалисттер бул суроолордун эч бирине жооп бере алышпайт. Себеби, бул аң-сезим – Аллах жараткан рух. Рух сүрөттөлүштү көрүү үчүн көзгө, үндү угуу үчүн кулакка муктаж эмес. Ал тургай, ойлонуу үчүн мээге да муктаж эмес.

Бул ачык жана илимий чындыкты окуган ар бир адам мээнин ичиндеги бир канча см3дук, капкараңгы жерге бардык ааламды үч өлчөмдүү, түркүн түстүү, көлөкөлүү жана жарык нурлуу кылып батырып койгон улуу Аллахты ойлонуп, Андан коркуп, Ага корголонушу керек.

Материалисттик ишеним (дин)Буга чейин карагандарыбыз эволюция теориясынын илимий ачылыштарга толук карама-каршы келген бир

көз-караш экендигин көрсөттү. Теориянын жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү көз-карашы илимге эч туура келбейт, теория жактаган эволюция механизмдеринин эч кандай эволюциялык күчү жок жана фоссилдер теория муктаж болгон ортоңку формалардын эч качан болбогонун көрсөтүүдө. Бул учурда, албетте, эволюция теориясы илимге туура келбеген бир пикир катары тарыхка калтырылышы керек. Тарыхта да «дүйнө борбордуу аалам» модели сыяктуу көптөгөн пикирлер илимден чыгарылып салынган. Бирок эволюция теориясы илим катары сакталып калууга аракет кылынууда. Ал тургай кээ бир адамдар теорияга сын-пикирлерди «илимге кол салуу»

Page 77: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Мунун себеби эмнеде?..Мунун себеби – эволюция теориясынын кээ бир чөйрөлөр үчүн эч баш тартыла албай турган догма бир

ишеним болушунда. Бул чөйрөлөр материалисттик философияга эч кандай далилсиз байланып алышкан жана дарвинизмди болсо бирден-бир материалисттик көз-караш катары жакташат.

Кээде муну ачык-ачык мойнуна да алышат. Гарвард университетинен атактуу бир генетикчи жана ошол эле учурда алдыңкы бир эволюционист Ричард Левонтин «алгач материалист, андан соң илимпоз» экенин мындайча мойнуна алат:

Биздин материализмге болгон бир ишенимибиз бар, априори (мурдатан (далилсиз) кабыл алынган, туура деп гипотеза кылынган) бир ишеним бул. Бизди дүйнөнү материалисттик түшүрдүрүүгө мажбурлаган нерсе – илимдин ыкмалары жана эрежелери эмес. Тескерисинче, материализмге болгон «априори» байланганыбыз себептүү, дүйнөнү материалисттик түшүндүрө турган изилдөө ыкмаларын жана түшүнүктөрүн чыгарабыз. Материализм абсолюттук туура болгондон кийин, Теңир менен байланыштуу бир түшүндүрүүнүн чыгышына жол бере албайбыз. (Richard Lewontin, "The Demon-Haunted World", The New York Review of Books, 9 Ocak 1997, s. 28)

Бул сөздөр дарвинизмдин материалисттик философияны тутунуу үчүн сакталып турган бир догма экенин апачык көрсөтөт. Бул догма заттан башка эч нерсе жок деп эсептейт. Ошондуктан жансыз, аң-сезими жок зат жашоону пайда кылган деп ишенет. Миллиондогон түрдүү жандык түрлөрүн; мисалы, канаттууларды, балыктарды, жирафтарды, кабыландарды, курт-кумурскаларды, дарактарды, гүлдөрдү, киттерди жана адамдарды заттын өзүнүн ичиндеги факторлордун, б.а. жааган жамгырдын, чагылгандын натыйжасында жансыз заттан пайда болгон деп эсептейт. Бирок бул көз-караш акылга да, илимге да туура келбейт. Бирок дарвинисттер Аллахтын бар экенин кабыл албоо үчүн бул акылга жана илимге туура келбеген көз-карашты, караңгылык менен жакташууда.

Жашоонун келип чыгышын материалисттик бир стереотип менен карабаган адамдар болсо чындыкты көрүшөт: бүт жандыктар өтө кудуреттүү, илими, акылы чексиз бир Жаратуучунун чыгармалары. Жаратуучу – бүт ааламды жоктон жараткан, эч кемчиликсиз кылып тартипке салган жана бүт жандыктарды жаратып, келбет берген Аллах.

Эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң күчтүү сыйкырыБул жерде муну да айта кетүү керек: алдын-ала стереотипсиз, эч кандай идеологиянын таасири астында

калбастан, акылы менен логикасын колдонгон ар бир адам илим жана маданияттан алыс коомдордун негизсиз ишенимдерин элестеткен эволюция теориясынын чындыктан өтө алыс бир түшүнүк экенин оңой эле түшүнөт.

Жогоруда да айтылгандай, эволюция теориясына ишенгендер чоң бир идиштин ичине көптөгөн атомду, молекуланы, жансыз заттарды толтуруп койсок, булардын аралашмасынан убакыттын өтүшү менен ойлонгон, акыл жүгүрткөн, ачылыштар жасаган профессорлор, университет студенттери, Эйнштейн, Хаббл сыяктуу илимпоздор, Фрэнк Синатра, Чарлтон Хестон сыяктуу искусство инсандары, ошондой эле лимон дарактары, гүлдөр, жаныбарлар чыгат деп ишенишет. Болгондо да, мындай акылга сыйбас пикирге илимпоздор, профессорлор, илимдүү адамдар ишенишүүдө. Ошол себептен, эволюция теориясын «дүйнө тарыхынын – эң чоң жана эң таасирдүү сыйкыры» деп атоо туура болот. Себеби дүйнө тарыхында адамдардын мынчалык акылын адаштырган, акыл жана логика менен ойлонушуна жол бербей, көздөрүнүн алдына бир парда сыяктуу тосмо тартып, алардын айдан ачык чындыктарды көрүшүнө тоскоол болгон башка ишеним же көз-караш жок. Бул байыркы египеттиктердин күн кудайы Рага, африкалык кээ бир уруулардын тотемдерге, Саба калкынын күнгө сыйынуусунан, Аз. Ибрахимдин коомунун колдору менен жасап алган идолдорго, Аз. Мусанын коомунун өздөрү

Page 78: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

алтындан жасаган музоого сыйынуусунан алда канча кооптуу жана акылга сыйбас бир сокурдук. Чындыгында мындай акылсыздыкка Аллах Куранда ишарат кылган. Аллах кээ бир адамдардын аң-сезиминин жабылып калаарын жана чындыктарды көрүүгө алсыз болуп калаарын көптөгөн аятында билдирген. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Эч күмөнсүз, чындыктан баш тарткандарды эскертсең да, эскертпесең да алар үчүн айырмасы жок; (алар) ишенишпейт. Аллах алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөгөн; көздөрүнүн үстүндө тосмолор бар. Жана алар чоң азапка кабылышат. (Бакара Сүрөсү, 6-7)

…Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар. (Араф Сүрөсү, 179)

Аллах Хижр Сүрөсүндө болсо мындай адамдардын кереметтерди (мужиза) көрсө да, ишенбей турганын төмөнкүчө кабар берет:

Алардын үстүнө асмандан бир эшик ачып, ал жерден жогору көтөрүлүшсө да, сөзсүз «Көздөрүбүз айландырылып коюлду, балким бизди сыйкырлап коюшту окшойт» деп айтышат. (Хижр Сүрөсү, 14-15)

Мынчалык көп адамга бул сыйкырдын таасир этиши, адамдардын чындыктардан мынчалык алыс кармалышы жана 150 жыл бул сыйкырдын бузулбашы болсо - сөздөр менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбой турганчалык таң калаарлык бир абал. Себеби, бир же бир канча адамдын эч ыктымалсыз сценарийлерге, акылга жана логикага сыйбаган нерселерге ишенишин түшүнүүгө болот. Бирок дүйнөнүн төрт бурчундагы адамдардын акылсыз жана жансыз атомдордун кокусунан бир чечим кабыл алып, чогулушуп, укмуштай уюштуруу, дисциплина, акыл жана аң-сезим көрсөтүп, кемчиликсиз бир система менен иштеген ааламды, жандуулар үчүн ыңгайлуу болгон ар кандай өзгөчөлүккө ээ болгон жер планетасын жана сансыз көп комплекстүү системалар менен камсыз кылынган жандыктарды жаратканына ишенишинин – «сыйкырдан» (гипноздон) башка бир түшүндүрмөсү жок.

Аллах Куранда атеисттик философиянын жактоочусу болгон кээ бир адамдардын сыйкыр жолу менен адамдарга таасир берээрин Аз. Муса (ас) менен фараондун арасында болгон бир окуя аркылуу бизге кабар берет. Аз. Муса (ас) фараонго акыйкат динди айтып бергенде, фараон Аз. Мусага (ас) өзүнүн «илимдүү сыйкырчылары» менен адамдар топтолгон бир жерде жолугуусун айтат. Аз. Муса (ас) сыйкырчылар менен жолугушканда, сыйкырчыларга алгач «чеберчилигиңерди» көрсөткүлө дейт. Бул окуяны баяндаган аяттар мындай:

(Муса:) «Силер таштагыла» деди. (Асаларын) таштаары менен, адамдардын көздөрүн сыйкырлап жиберишти, аларды коркутушту жана (ортого) чоң бир сыйкыр алып келишти. (Араф Сүрөсү, 116)

Көрүнүп тургандай, фараондун сыйкырчылары көз бойомочулуктар аркылуу –Аз. Муса (ас) менен ага ишенгендерден тышкары- бүт адамдарды сыйкырлай алышкан. Бирок алардын таштаганына каршы Аз. Муса (ас) көрсөткөн далил алардын бул сыйкырын, аятта айтылгандай, «жутуп салган», б.а. жок кылган:

Page 79: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

Биз Мусага: «Асаңды ташта» деп вахий кылдык. (Ал таштап жибергенде) алардын бардык ойлоп тапкан нерселерин жутуп жатканын көрүштү. Ошентип чындык өз ордун тапты, алардын бардык кылып жаткандары жараксыз болду. Ал жерде жеңилишти жана басмырланып тескери бурулушту. (Араф Сүрөсү, 117-119)

Аяттарда да айтылгандай, андан мурда адамдарды сыйкырлап алдаган бул кишилер кылгандарынын бир көз бойомочулук экени белгилүү болгон соң, эл алдында уят болушкан. Азыркы күндө да сыйкыр жолу менен илимди жамынып өтө тантык көз-караштарга ишенип, аларды жактоого өмүрүн арнагандар, эгер бул ишин токтотушпаса, чындыктар толук белгилүү болгондо жана «сыйкыр бузулганда» уят болушат. Болжол менен 60 жашына чейин эволюцияны жактап, атеист бир философ болгон, бирок андан соң чындыктарды көргөн Малькольм Маггеридж эволюция теориясынын жакынкы келечекте түшө турган кейпи жөнүндө мындай дейт:

Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң чоң анекдот темаларынын бири болооруна толук ишендим. Келечек урпактар мынчалык негизсиз жана белгисиз бир гипотезанын кантип кабыл алынганына таң калышат. (Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s.43)

Бул күндөр алыс эмес, тескерисинче, абдан жакын бир келечекте адамдар «кокустуктардын» кудай (жаратуучу) боло албашын түшүнүшөт жана эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң чоң калпы жана эң күчтүү сыйкыры деп аталып калат. Бул күчтүү сыйкырдан (гипноздон) дүйнөнүн төрт бурчунда адамдар абдан бат кутула башташты. Эволюция калпынын сырын түшүнгөн көптөгөн адамдар бул калпка кантип ишенгенине таң калышууда.

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздинэч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,

өкүмдар жана даанышмансың.»(Бакара Сүрөсү, 32)

Page 80: клеткадагы аң сезим. кyrgyz (кыргыз)

АРТКЫ БЕТ

Дарвинизм теориясы чыгарылган 19-кылымдын эң негизги өзгөчөлүгү, ал доордо илим менен технология абдан артта эле. Бул эволюция тарапташтарынын «тирүү организмдер түпкүрүндө абдан жөнөкөй бир түзүлүшкө ээ» деген чындыкка сыйбаган көз-карашты кабыл алышына себеп болгон. Дарвиндин эң чоң колдоочуларынын бири болгон немец биолог Эрнст Геккельдин клеткага «килкилдек затка окшогон жөнөкөй бир шарча» деп аныктама бериши ал доордун билим деңгээлинин примитивдүүлүгүн даана чагылдырат.

Билим деңгээлинин мындай төмөн болушу эволюционисттердин «тирүү клетка табигый шарттарда, өзүнөн-өзү, оңой эле пайда боло алат» деген акылга сыйбас көз-карашты эч тартынбай жакташына мүмкүнчүлүк түзгөн: бирок эволюционисттер абдан чоң жаңылыштык кетиришкен эле...

Дарвинден бүгүнкү күнгө чейин өткөн бир кылымдан ашуун убакыттын ичинде илим менен технологияда абдан чоң өнүгүүлөр болду. Илимпоздор Геккель «килкилдек затка окшогон жөнөкөй бир шарча» деген клетканын чындыгында абдан татаал түзүлүштө экенин аныкташты. Жана клетканын эч мурда элестетилгендей жөнөкөй түзүлүштө эмес экендигин таң калуу менен көрүштү. Тескерисинче, клетканын ичинде Дарвиндин доорунда адамдар эч элестете албай турганчалык комплекстүү бир система бар экендиги аныкталды.

Колуңуздагы бул китепте өтө комплекстүү жана кемчиликсиз системалардан турган, миниатюралык бир технология керемети болгон клеткадагы Аллахтын жараткан кереметтерин көрөсүз. Клетканын ичиндеги органеллдердин, клеткала өндүрүлгөн ферменттердин, гормондордун жана башка молекулалардын, башка бир булактан келген укмуш бир аң-сезим менен жасаган акылдуу, пландуу жана эсептүү кыймыл-аракеттерин көрөсүз.

Адамдын денесиндеги болжол менен жүз триллион клетканын ар биринде көрүлгөн бул улуу акыл жана аң-сезимдин мисалдарын окуп, жандуу-жансыз бүт нерселердин аң-сезимсиз кокустуктардын эмес, Ааламдардын Рабби Аллахтын улуу кудуретинин, илиминин жана чеберчилигинин бир чыгармасы экендигине күбө болосуз.

АВТОР ЖӨНҮНДӨ: Харун Яхья деген атты колдонгон Аднан Октар 1956-жылы Түркиянын Анкара шаарында төрөлгөн. 1980-жылдардан бери ыймандык, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектерди жазган. Мындан тышкары, автордун эволюционисттердин көз бойомочулуктарын, көз-караштарынын жараксыздыгын жана дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон тымызын байланыштарын ачып көрсөткөн өтө маанилүү эмгектери бар.

Автордун бүт эмгектериндеги негизги максат – бул Куранды дүйнөгө жеткирүү, жана натыйжада адамдарды Аллахтын бар экени, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыймандык темалар жөнүндө ойлонууга чакыруу жана атеисттик системалардын чирик пайдубалдарын жана туура эмес иш-аракеттерин көз алдыга тартуулоо. Автордун бүгүнкү күнгө чейин 73 тилге которулган 300дөн ашуун эмгеги дүйнө жүзүндө өтө көп окурмандар тарабынан окулууда.

Харун Яхья эмгектер жыйнагы, Аллахтын уруксаты менен, 21-кылымда дүйнө жүзүндөгү бүт адамдардын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик менен тынчтыкка, чынчылдык менен адилеттүүлүккө, сулуулук менен бактылуулукка жетишине бир себепчи болот.