33
№ 5 лекция Тема: Кыймыл сапаттарынын биомеханикасы План: 1. Кыймыл сапаттары жөнүндө түшүнүк 2. Күчтүн биомеханикасы 3. Ылдамдыктын биомеханикасы 4. Чыдамкайлуулуктун биомеханикасы 5. Ийилчээктиктин биомеханикасы 6. Шамдагайлыктын биомеханикасы

1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Embed Size (px)

DESCRIPTION

№ 5 лекция Тема: Кыймыл сапаттарынын биомеханикасы План: 1. Кыймыл сапаттары жөнүндө түшүнүк 2. Күчтүн биомеханикасы 3. Ылдамдыктын биомеханикасы 4. Чыдамкай л уулуктун биомеханикасы 5. Ийилчээктиктин биомеханикасы 6. Шамдагайлыктын биомеханикасы. - PowerPoint PPT Presentation

Citation preview

Page 1: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

№ 5 лекцияТема: Кыймыл сапаттарынын биомеханикасыПлан:1. Кыймыл сапаттары жөнүндө түшүнүк2. Күчтүн биомеханикасы3. Ылдамдыктын биомеханикасы4. Чыдамкайлуулуктун биомеханикасы5. Ийилчээктиктин биомеханикасы6. Шамдагайлыктын биомеханикасы

Page 2: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

1. Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Адамга кыймыл мүмкүндүктөрү таандык (оордукту көтөрүүдө, тез чуркоодо, көп убакытта ишкердүүлүктү көрсөтү, ийилип кыймыл аткаруу, атуу, тез кармоо ж.б.).

Адамдын кыймыл мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйнагын моторика деп атайт.

Кыймыл мүмкүнчүлүктөрү менен тапшырмалары эки башка жана бири-биринен айырмаланат (бир эле кыймылда маселен чуркаганда, сүзгөндө). Мисалы, марафондук же спринтердик чуркоо организм үчүн ар кандай кыймылдык сапаттарды талап кылат.

Кыймыл же физикалык сапат деп - адам моторикасынын сапаттык ар түрдүү жактарын аташат.

Page 3: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Моториканын төмөнкүдөй жактары “кыймыл сапаттары” деген түшүнүккө кирет:

• Кыймылдын бирдей мүнөздөмөлөрүндө пайда болуп, бир эле өлчөмгө ээ (маселен, эң жогорку ылдамдык);

• Окшош биомеханикалык, физиологиялык механизмдерге ээ болуп психикада бирдей көрүнүштөрдүн пайда болушун талап кылат.

Page 4: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Кыймыл-аракет тапшырмасы деп аны аткаруу шартында айтылган кыймыл-аракеттерди аташат.

Илимдеги параметр - конкреттүү милдеттерде каралуучу шарттарда туруктуу бойдон калат.

Параметрлер констант – көлөмдөн айырмаланат, анын мааниси дайыма туруктуу бойдон калат. Мисалы, 200м жана 400 м чуркоо же 4 жана 5 кг ядрону түртүү ар кайсы кыймыл-аракет тапшырмасы деп аталат.

Page 5: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Өз параметрлери менен айырмалануучу түрдүү кыймыл-аракеттердеги ылдамдык, күч жана убакыт ортосундагы байланыш (“күч-ылдамдык”, “ылдамдык-убакыт”) параметрикалык көз карандылык деп аталат.

Максималдуу күч, ылдамдык жана убакыт көрсөткүчтөрү жана жогору максималдуу («лимитес» - предел) күч, ылдамдык жана убакыттын ортосундагы байланыштар параметрикалык эмес көз карандылык деп атайт.

Page 6: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

2. Күчтүн биомеханикасы Күч дегенде тышкы каршылык көрсөтүүнү же күч

каршы аракетин булчуң күчтөрүнүн эсебинен жеңип өтүү жөндөмдүүлүгүн түшүнөбүз.

Каршылыкты күч менен жеңип өтүүдө кыймылга каршы багытталган күчтөр түшүнүлөт; кыймылдын жүрүшү боюнча таасир берүүчү иш.

Булчуң күчү төмөнкү учурларда пайда болушу мүмкүн:• Өз узундугун өзгөртпөстөн (статикалык, изометриялык

режим).• Узундук кыскарганда (жеңип өтүүчү, миометрикалык режим).• Узартууда (жол берүүчү, полиометрикалык режим).

Page 7: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Кыймыл күчү көп учурда каршылык көрсөтүүчү күч жаратылышы менен аныкталат. Азыркы учурда адамда дененин белгилүү салмагы тездиги менен байланышкан кыймыл-аракеттер гана толук жетиштүү.

Эксперименталдык маалыматтардын негизинде бул өз ара байланыш боюнча бир нече жобону белгилесе болот:

• Жай кыймыл-аракеттерде пайда болуучу күчтүн көлөмү изометрикалык шарттарда күч көрсөткүчүнөн айырмаланбайт.

• Полиометриялык режимде (жол берүүчү) изометриялык режимден чыгуучу күчтүн эң көп көлөмү байкалат.

• Тез кыймыл-аракет шартында күч көлөмү тездиктин өсүүсү менен төмөндөй баштайт.

• Өтө тез кыймыл-аракет күчтөрүнүн жана максималдык изометриялык күчтөрүнүн ортосунда эч кандай байланыш жок.

Page 8: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Бул жоболордон улам күч жөндөмдөрүнүн түрлөрүн улам бөлүштүрүү иши мүмкүн боло баштады.

1. Жеке күч (статикалык) шык жөндөмдөр статикалык режимде жана жай кыймыл-аракеттерде (штанга көтөрүү ж.б.) пайда болот.

2. Тез-күч жөндөмдөр:

а) динамикалык күч (тез кыймыл-аракеттерде пайда болот).

б) басаңдоо (амортизациялык) күч (жол берүүчү кыймыл-аракеттерде пайда болот).

3. “жарылма күчтү” - убакыт аралыгында күч көлөмүн белгилөө шыгын аныкташат.

4. Күчтүн чыдамкайлулугу

5. Күчтүн шамдагайлыгы

Page 9: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Күчтү тарбиялоо каражаты болуп көнүгүү эсептелет. Каршылык көрсөтүү жаратылышына жараша күч көнүгүүлөрүн 2 топко бөлүшөт:

1. Тышкы каршылыкка карата көнүгүү: а) шаймандардын салмагы;б) өнөктөштүн каршылык аракети;в) серпилгич буюмдарынын каршылыгы;г) тышкы чөйрөнүн каршылыгы.

2. Өздүк дене салмакты колдонуу менен аткарылуучу көнүгүүлөр.

Булчуң күчтөрүн жөнгө салуунун физиологиялык механизмдери

Адамга дем бере турган механикалык күчтөр төмөнкүлөргө жараша болот:

1. Кыймыл-аракеттин биомеханикалык мүнөздөмөсү (күч узактыгы: рычагдар, ири булчуңдардын ишке кириши).

2. Өзүнчө булчуң топторунун чыңалуусунан жана өз ара айкалуушусунан.

Page 10: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Биомеханикалык мүнөздөмөлөр

Физиологиялык туура өлчөм

Булчуң узундугу

Булчуңдардын чыңалуусу

Page 11: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Күч даярдыгындагы булчуң иштөөсүнүн режимдери

Адамдын кыймыл-аракет мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнүн жалпы кабыл алынган эки принциби бар:

1. Булчуңдардын өсүүчү чыңалуусунун принциби.

2. Адамдын негизги күрөшүүчү кыймыл-аракеттерине күч көнүгүүлөрүнө ылайык структуралык жана функционалдык принциптер.

Page 12: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Күчтүн топографиясы жөнүндө түшүнүкКүчтү тарбиялоонун мүнөздүк белгиси катары айрым булчуң топторун

жакшыртууну белгилөө мүмкүнчүлүгү эсептелет, бул, албетте, спорттук ишмердиктин өзгөчөлүгү менен байланышкан. Мындан кээ бир адамдарда күчтү кээ бир булчуң топтору келип чыгат.

Түрдүү булчуң топторунун максималдык күчүнүн өз ара катышы күч топографиясынын атылышын алуу керек.

Толук топографияны түзүү үчүн булчуң топторунун көбүрөөк санын өлчөөгө мүмкүн.

Адабий маалыматтар боюнча 5 негизги булчуң топторун бөлөт. 1. Омуртка түркүгүнүн ийилгичтери.2. Омуртка түркүгүнүн ийгичтери жана жамбаш муундары.3. Бут ийгичтер.4. Кол ийгичтер.5. Төштүн чоң булчуңу.Спортсмендин адистештирүү булчуң күчүнүн топографиясына калыптандырууга

олуттуу таасир берет. Спорттун ар бир түрүндөгү күч багытындагы системалуу машыгуусунда күч

даярдыктарынын багыты деп аталуучуну калыптандырууга алып барат.

Page 13: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Күч сапаттарынын баалоо методикасыКүч атайын приборлор – динамометрлер (манжалык,

стандык ж.б.) менен өлчөнөт.

Page 14: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

АТАЙЫН КҮЧ КӨНҮГҮҮЛӨРҮНӨ КОЮЛГАН БИОМЕХАНИКАЛЫК ТАЛАПТАР. ТААСИР ЭТҮҮ ЫКМАСЫ.

Атайын деп негизги мелдешүү кыймылын аткарууда колдонулган техниканы жана кыймылдоо сапаттарын аткаруу үчүн колдонулган көнүгүүлөр эсептелет.

Биомеханикалык көз караштан алып караганда мындай көнүгүүлөр динамикалык ылайыктуулук принцибин канаттандырышы керек, б.а. мелдешүүгө төмөнкү критерийлер боюнча туура келүүсү зарыл:

а) амплитудага жана кыймылдын багытына;б) кыймылдын иштеп жаткан амплитудасынын маани берилген участогуна;в) иш-аракеттин күчүнүн чоңдугу (же булчуң тартылышына).г) иш-аракеттин күчүнүн максимум өнүгүүсүнүн ылдамдыгына;д) булчуңдардын иштөө режимине;

Атайын күч берүү көнүгүүлөрүнүн атайын шарты катары жасалма көбөйтүлгөн каршылыгы менен негизги мелдешүү кыймылы пайдаланылат: оор снаряддарды көтөрүү, секирүү, чуркоо, кошумча оордукту көтөрүү менен кумга же тоого басуу ж.б.

Мында бир эле убакта кыймыл жана кыймыл техникасы да жасалып жаткандыгына байланыштуу бул методикалык багыт кыймылдуу таасир ыкмасы деп аталып калган.

Page 15: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

3. Ылдамдыктын биомеханикасы.Ылдамдык сапаттары бул кыймылдоо иш-аракеттерин

аткарууда тездикти шарттаган жеке өзгөчөлүктөрдүн ыкмасы.

Ылдамдык сапаттары төмөндөгү бөлүктөрдөн турат:

• Жөнөкөй жана татаал кыймылдоо реакцияларынын тездиги

• Айрым кыймылдардын тездиги, тышкы карама-каршылыктар менен коштолбогон айрым кыймылдардын тездиги,

• Кыймылдоо темпинде болгон тездик.

• Тездиктин таасирин баалоодо айырмаланат:

• Кыймылдоо реакциясынын латенттик убактысы

• Бир кыймылдын ылдамдыгы

• Кыймылдардын көрсөткүчү

Page 16: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Ылдамдык динамикасы

Биомеханикада кыймылдоочу дененин ылдамдык динамикасы деген түшүнүк менен аралыктагы ылдамдыктын өзгөрүшүн түшүнөт.

Максималдуу ылдамдык менен аткарылган спорт көнүгүүлөрүндө 2 фазага айырмалайт:

• Баштапкы ылдамдыктын көбөйүшү (старттык тездетүү)

• Ылдамдыкты туруктуу кармоо (аралыктык тездик)

Page 17: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Кыймылдоо реакциясыЖөнөкөй жана татаал кыймылдоо реакциясын айырмалашат.Жөнөкөй реакциялар: Мурдатан белгилүү болгон кыймылга же белгиге

(төмөнкү старт, караанды атуу ж.б.) айрым булчуң топторунун жообу.Калган реакциялардын тобу татаал болуп эсептелет. Аларды эки түрдө

карап чыгууга болот: кыймылдап жаткан обьектке реакция жана тандоо реакциясы.

Кыймылдап жаткан обьектке реакция мында негизги мааниге тез ылдамдыкта кыймылдаган предметти көрүү жөндөмү ээ (предметтин кыймылын мурунтан болжолдоо).

Тандоо реакциясы өнөктөштү же курчап турган жагдайдын өзгөрүшүнө карата мүмкүн болгон керектүү кыймыл жообун тандоо менен байланыштуу.

Кыймылдоо реакцияларында айырмалашат:• 1. Сенсордук фаза• 2. Премотордук фаза• 3. Мотордук фазаСенсордук фаза - белги берилген учурдан тартып булчуң активдүүлүгүнүн

белгисине чейинПремотордук фаза - булчуң активдүүлүгүнөн тартып механикалык

кыймылга чейинМотордук фаза - кыймылдын башталышынан анын аякташына чейин.Премотордук фаза жана мотордук фаза тассир этүүнүн латенттик

убактысын түзөт. Көнүккөн сайын бул фазалар кыскарат.

Page 18: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы
Page 19: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Убакыт реакция. 1983 г дүйнөө чемпионатынын финалында. убакыт реакциясы 0,134 түздү, 1987 г.- 0,196, 1988 г. Олимпиадалык оюндарда - 0,136. К. Льюистун

көрсөткүчтөрү, рекорддук болбосо дагы, жаман эмес десек болот - Олимпиадалык оюндардын финалында 100 м чуркоодо экинчи призердун көрсөткүчү, Л. Кристинин

убакыт реакциясы - 0,138, бронза призерунун көрсөткүчү К. Смита - 0,176.Дистанцияда чуркоо. бул жерде чуркоонун кинограммасы берилүүдөө. К. Льюис

1987 г. дүйнө чемпионатында чуркоодо тартылган (100 м -10,07), дистанциянын. 60

—70 м

Page 20: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Ямайкадагы 21-жаштагы чуркоочу  Усэйн Болт мелдеш учурунда Reebok Grand Prix Нью-Йоркто 100 метрге чуркоодо жаңы дүйнөлүк рекорд койду.  Ал аралыкты 9,72 секундада өттү (ветер +1,7 м/с), 2007ж Италияда Риетидеги өзүнун жердешине таандык көрсөткүчтү жаңылады, Асафе Пауэллу (9,74 секунды)

Page 21: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Бег на 100 метров является одним из наиболее престижных видов олимпийской программы, а мировой рекордсмен по праву считается самым быстрым человеком на планете. 100-летняя история королевы спорта знает всего 17 человек, которым

удавалось улучшать предыдущие мировые рекорды на стометровке. Учитывая и тот факт, что теперешние рекорды достигли предела человеческих возможностей (или

вплотную приблизились к ним), и каждая сотая доля секунды дается с превеликим

усилием, достижение Усэйна Болта является уникальным. 

Page 22: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

4. Чыдамкайлыктын биомеханикасы Жалпысынан алганда адабияттарда механикалык

жумуштардан улам иш-жөндөмдүүлүктүн (ишкердүүлүктүн) убактылуу төмөндөшүн чарчоо деп атоо каралган.

Бардыгына белгилүү болгондой, чарчоонун бир нече негизги түрлөрү бар:

- акыл-эстин чарчоосу, - сезимдердин чарчоосу, - эмоциялык- кара күчтөн улам чарчоо.

Page 23: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Биомеханика жалаң кара күчтөн улам чарчоону карап чыгат.

Кара күчтөн улам чарчоону бир нече топторго бөлүүгө болот. Бул бөлүштүрүү, аткарылган кыймылда жана кыймылдоодо булчуңдардын топторунун ортосундагы көз карандылыгына жараша түзүлгөн. Алар:

• чектелүү (жергиликтүү) чарчоо – иш аткарууда жалпы дене булчуңдарынын 1/3 бөлүгү катышат.

• аймактык чарчоо - иш аткарууда булчуңдардын 2/3 чейинки бөлүгү катышат.

• жалпы чарчоо - иш аткарууда (чуркоодо, сууда сузүүдө, лыжа тебүүдө, кайыкты калак менен жүргүзүүдө ж.б.) булчуңдардын 2/3 бөлүгүнөн көбү б. а. булчуңдардын бардыгы катышат.

Page 24: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Чарчоого каршы турган жөндөмдүүлүктү же натыйжалуулукту жоготпостон узак убакытка чейин жумуш аткара алууну чыдамкайлык деп атайбыз. Ар бир адамдын чыдамкайлыгы ар башка, ошондуктан өтө чыдамдуу адамдарда чарчоонун 1-2- баскычтары акырындык менен келет.

Чыдамдуулук жалпы жана атайын болуп эки түргө бөлүнөт.Жалпы чыдамкайлык – булчуң аппараттарынын көпчүлүк

бөлүктөрүнүн иштешин өзүнө камтып, орточо кубаттуулуктагы узакка созулган жумушка карата айтылат.

Атайын чыдамкайлык – белгилүү бир ишмердүүлүкө же өзгөчө милдетти аткаруу шарттарында чарчоого каршы туруу жөндөмдүүлүгүнө карата айтылат. Мында тандалган спорттун түрүндө жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн организмдин иштөө мүмкүнчүлүктөрүн эң жогорку деңгээлде мобилизациялоо.

Page 25: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Чыдамкайлуулукту же болбосо дененин иштөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн эргометрия ыкмасы колдонулат.

Кыймылдуу дене-тарбиялык көнүгүүлөрдү аткарууда негизги 3 өзгөрүүнү билебиз:

• Күчтөнүү (интенсивдүүлүк)• Көлөм• Убакыт

Page 26: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Спорттук тажрыйбада түрдүү машыгуучуларга жүктөлгөн милдеттердин күчтөнүүсүн аныктоо же алардын мүмкүнчүлүгүнө жараша же бардыгына окшош берүү менен аны тез-тез кезиктирүүгө болот.

Бул багыттагы тажрыйбалык керектөөлөр чыдамдуулук көрсөткүчүнүн эки типке бөлүнүүсүнө алып келди.

1. Абсолюттук көрсөткүчтөр (б.а.так) көрсөткүчтөрдүн бул тобу тездиктин же күчтүн өнүгүү деңгээлин эске албайт.

2. Салыштырмалуу, аталган сапаттардын өнүгүүсүн эске алат. Спорттун кайталанма түрүндө чыдамдуулукту парциалдык жактан ченөө үчүн эсептик маанилер колдонулат.

Page 27: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Чыдамдуулукту жогорулатууга багытталган негизги 5 сунуштама бар.

1. Ашыкча жана иштелбеген булчуңдарды кыскартуу жана күчтөнүүсүн токтотууну сунуштоо (кыймылда катышпаган булчуңдардын топторун бошотуу).

2. Ашыкча, негизсиз кыймылдарды азайтуу.3. Энергиянын рекуперациясын максаттуу

пайдалануу (б.а. күчтүн жана тездиктин пайда болуусуна энергияны аз санда сарптоо, мисалы, кадамдын ылдамдыгы жана узундугу).

4. Кыймылдуу иш-аракеттердин күчтөнүүсүнүн экономикалык жактан оптималдуулугун тандоо сунушталат.

5. Оптималдуу кыймылдарды которууну ишке ашыруу.

Page 28: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

5. ИЙИЛЧЭЭКТИКТИН БИОМЕХАНИКАСЫ.

Ийилчээктик – бул жеткилең термелүүнүн чеги менен кыймыл аткара алуу жөндөмдүүлүгү .

Ийилчээктиктүү активдүү жана пассивдүү деп экиге бөлүүгө болот.

Активдүү ийилчээктик – бул кандайдыр бир муундардагы кыймылдын жеткилең термелүүнүн чегине жетүү жөндөмдүүлүгү.

Кыймылдар муундар аркылуу өткөн булчуңдардын активдүү тобунун эсебинен болот (мисалы: ийилүү).

Пассивдүү ийилчээктик сырткы күчтөрдүн эсебинен жетүүгө болгон эң жогорку термелүүнүн чеги менен аныкталат.

Page 29: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Ийилчээктик чөйрөдөгү температурадан көз каранды, эгерде температура жогоруласа ийилчээктик да көбөйөт.

Дененин башка иш-аракеттерине караганда ийилчээктике суткалык мезгил көп таасир берет. Мисалы, эртең менен ийилчээктик аз болот.

Термелүү ар кандай шарттын (температуранын, убакыттын, күндүн) таасири астында болоорун сабак өткөрүүдө эске алуу керек.

Ийилчээктикти төмөндөтүүгө алып келген жагымсыз шарттарда көнүгүүлөрдү көбөйтүү керек.

Page 30: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

6. ЫКЧАМДЫКТЫН (шамдагайлыктын) биомеханикасы. Ыкчамдык же болбосо шамдагайлык – бул

кандайдыр бир айкын маселелерди чечүүгө багытталган ар түрдүү негизсиз кыймылдар болуп эсептелет, булар: мүмкүн болушунча бийиктике секирүү, топту кармоо, штанганы көтөрүү ж.б.

Бул тапшырмалар түрдүү татаалдыкта болушу мүмкүн.

Кыймылдуу тапшырмалардын татаалдыгы көптөгөн себептер менен аныкталат, тактап айтканда, бир эле мезгилде же ырааттуу түрдө кыймыл аткарууга макулдашуунун талаптары менен (кыймылдын негиздүү талаптары менен).

Кыймылдуу аракеттердин шайкеш келген татаалдыгы, ыкчамдыктын биринчи өлчөгүчү болуп саналат.

Page 31: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Эгерде кыймыл өзүнүн мейкиндиги, убактысы жана күчтүк мүнөздөмөсү менен дал келип, жетишээрлик түрдө так болсо, анда кыймылдуу тапшырма аткарылган болот. «Тактык» жана «кыймыл» деген түшүнүктөр төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт.

• мейкиндиктин тактыгы• убакыттын тактыгы• кыймылдын күчтүк мүнөздөмөсүнүн

тактыгы.Кыймылдын тактыгы, б.а. анын деңгээли

кыймылдуу тапшырманын талаптарына ылайык келсе, анда ал ылдамдыктын экинчи өлчөгүчү болуп саналат.

Page 32: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Бардык айтылгандарды эске алуу менен ыкчамдыкты:• биринчиден, жаңы кыймылдарды үйрөнүү жөндөмдүүлүгү

катары («тез үйрөнүү» жөндөмү) • экинчиден, кыймылдуу аракеттерди абалдын өзгөргөнүнө

жараша кайрадан тез жасоо жөндөмдүүлүгү катары аныктоого болот.

Ылдамдыктын өлчөмү болуп:• Тапшырманын негиздүү татаалдыгы;• Аны аткаруунун тактыгы;• Аткаруунун убактысы, же болбосо тактыктын тийиштүү

деңгээлин билүү үчүн керек болгон убакыт. Абалдын өзгөргөнүнөн тартып, жооптуу кыймылдын башталышына чейинки эң аз убакыт (алдын ала белгилүү болбогон кыймылдын бардык мүнөздөмөсү).

Ылдамдыка үйрөтүүдө кыймылдуу аракеттерди тез жана жөндүү өздөштүрүү керек. Бул үчүн абалдын күтүүсүздөн өзгөрүүсүнө тез таасир көрсөтүүчү көнүгүүлөр колдонулат (спорттук оюндар, жекеме-жеке согушуу, лыжа менен тоодон түшүү).

Page 33: 1 . Кыймыл сапаттары жана алардын биомеханикасы

Ылдамдыкты өнүктүрүүгө багытталган милдеттердин өзгөрүүсү, өз ара айкалышкан кыйынчылыктардын көбөйүшүнө алып келет. Адам аны аткара билүүгө милдеттүү. Бул кыйынчылыктар негизинен төмөнкү талаптар:

• Кыймылдын тактыгы• Өз ара макулдашкандык• Абалдын өзгөрүүсүнө жооп берүү.

Ыкчамдыктын салыштырмалуу өзгөчөлүгүн эске алып, спорттун түрлөрү менен машыгууда анын жалпы жана атайын планда өнүгүүсүнө көңүл буруу керек. «Атайын ыкчамдыка» даярдоодо, негизинен мелдешке жакын бирок, кээ бир түрүн өзгөртүүчү көнүгүүлөр да колдонулат.