71
ПАЙДАЛАНУУЧУНУН КОЛДОНМОСУ Расмий эмес котормо Европа Биримдиги Преференциялардын жалпы тутуму үчүн КЕЛИП ЧЫГЫШ ЭРЕЖЕЛЕРИ 2014-жылдын июлу Европа Комиссиясы Эскертүү Ушул колдонмонун максаты окурмандарга эрежелерди түшүнүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат, бирок өз алдынча мыйзам болуп саналбайт. Бирден-бир юридикалык жоболор болуп Европа Биримдиги тарабынан бекитилген эрежелерде камтылган жоболор саналат.

The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

  • Upload
    others

  • View
    9

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

ПАЙДАЛАНУУЧУНУН КОЛДОНМОСУ

Расмий эмес котормо

Европа Биримдиги

Преференциялардын жалпы тутуму үчүн

КЕЛИП ЧЫГЫШ ЭРЕЖЕЛЕРИ

2014-жылдын июлуЕвропа Комиссиясы

Эскертүү Ушул колдонмонун максаты окурмандарга эрежелерди түшүнүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат, бирок өз алдынча мыйзам болуп саналбайт. Бирден-бир юридикалык жоболор болуп Европа Биримдиги тарабынан бекитилген эрежелерде камтылган жоболор саналат.

Page 2: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

МАЗМУНУ

I БӨЛҮК.................................................................................................................................................. 7

1-бөлүм– Жалпы маселелер........................................................................................................7

1.1 Ушул колдонмодо пайдалануучу терминдер ..........................................................71.2 Ушул колдонмо эмнени камтыйт? .............................................................................81.3 ЕБ ПЖТ жана анын максаттары .................................................................................81.4 ЕБ ПЖТ баардык товарларды камтыйбы? ..............................................................91.5 ПЖТны пайдалануунун шарттары кандай? .........................................................92-бөлүм – Келип чыгыш..............................................................................................................11

2.1 Келип чыгыш: эмне үчүн жана кантип?..........................................................................11

2.2 ЕБ ПЖТ келип чыгышынын эрежелеринин базалык түзүмү ..............................11

2.3 “Толук алынган өнүмдөр” деген эмне? (75-берене)................................................12

2.4 “Жетишерлик иштетилген же кайта иштетилген өнүмдөр” деген эмне? (76-берене)............................................................................................................................. 13

2.5 'Өткөрүлүшү өндүрүлгөн өнүм келип чыгыш статусун алыш үчүн тастыкталган келип чыгышы жок материалдар үчүн зарыл иштетүүнүн же кайра иштетүүнүн тизмеги (13a -тиркеме). (III толуктоону караңыз) ............................................................................................13

2.6 “Жетишерлик иштетүү же кайра иштетүү” деген эмне жана ал эмнени билдирет? (78-берене) ..........................................................................................................15

2.7 “Келип чыгыш кумуляциясы” эмнени билдирет? ..................................................18

2.8 ЕБ ПЖТ келип чыгышынын эрежелери жөнүндө дагы эмне билишим керек? 22

2.9 Келип чыгыштын эрежелеринде кандайдыр бир жеӊилдиктер барбы? .........23

2.10 Мен толук ишеничте болбосомчу? Келип чыгыш жөнүндө милдеттүү маалымат (КММ)..........................................................................................................26

3-бөлүм – Аймактык талаптар жана манипуляциялардын жок болушу .................................24

4-бөлүм – 2017-жылга чейин колдонулган жол-жоболорго ылайык келип чыгышт далили (документтештирүүгө карата талаптар) .......................................................................27

4.1 “Келип чыгыш далили” деген эмне? ........................................................................27

4.2 ЕБ ПЖТ келип чыгыш далили деген эмне? ...........................................................27

4.3 Ушул документтер кантип колдонулат? .................................................................27

4.4 Келип чыгыш жөнүндө далилди колдонуу мөөнөтү кандай? .............................295-бөлүм – Бенефициар-өлкөлөрдө экспорттоочулардын милдеттери...................................30

5.1 Эмне үчүн бенефициар-өлкөнүн экспорттоочусу катары мен үчүн келип чыгыштын эрежелерин жана документтештирилген жол-жоболорду билишим мындай маанилүү? ................................................................................................................. 30

5.2 Менин товарларым келип чыгыштын эрежелерине ылайык келсе, андан кийинки аракеттерим кандай болот? ......................................................................30

5.3 Сиздин товарларыңыз келип чыгыштын эрежелерине ылайык келгендигин сиздин бийлик органдарыңызга көрсөтүү үчүн сизге кандай далилдер керек? ........31

5.4 Сиз А формасын кайдан ала аласыз? ....................................................................32

5.5 А формасын ким толтура алат? ...............................................................................32

5.6 А формасын кантип толтуруу керек? ......................................................................33

5.7 Мен сертификациялоо үчүн толтурулган А формасын кайсы жерге жана качан беришим керек? ...........................................................................................................35

5.8 Сертификациялоочу орган А формасын четке кагышы мүмкүнбү? .................35

Page 3: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

5.9 А формасы товарларды экспорттоодон кийин ретроспективдүү берилиши мүмкүнбү? (97l-берене) ........................................................................................................35

5.10 А формасы жоготулган, уурдалган же жок кылынган учурда эмне болот: сертификаттардын жупнускалары ( 97l-берене § 4)...........................................................36

5.11 А формасынын келип чыгыш сертификаттарын алмаштыруу эмнени билдирет? (97p-берене)............................................................................................37

5.12 Анчалык баалуу эмес жүктөрдү экспорттоо үчүн атайын жоболор барбы? 376-бөлүм – 2017-жылдан тартып колдонулчу жол-жобонун алкагында катталган экспорттоочулар......................................................................................................................... 39

6.1 Ушул тутумда бенефициар-өлкөлөрдүн милдеттери кандай? .........................39

6.2 Экспорттоочулар эмне кылыш керек? ....................................................................39

6.3 Кандай документтер колдонулушу керек (95- жана 96-беренелерди караңыз)? 40

6.4 Кайра чакыртып алуу учурлары барбы? ................................................................417-бөлүм – ЕБде экспорттоочулардын милдеттери..................................................................43

7.1.....ЕБ экспорттоочусу катары бул бөлүктү окуунун мага эмне кереги бар? .......................................................................................................................................... 43

7.2 ЕБнен экспорттоолуучу товарларга карата келип чыгыштын кайсы эрежелери колдонулат? .................................................................................................................. 44

7.3 Менин товарларым келип чыгыш эрежелерине ылайык келгендигин көрсөтүү үчүн мага кандай далилдер керек? .....................................................................................44

7.4 Менин товарларым келип чыгыш эрежелерине ылайык келгендигин көрсөтүү үчүн мен ПЖТ өлкөсүнө кандай далилдерди жөнөтүшүм керек? ................................44

7.5 Мен толтурулган ЕСR 1 сертификациялоо үчүн кайсы жерге жана качан беришим керек? ...........................................................................................................44

7.6 Мен ЕСR 1 жана эсеп-фактуранын декларациясы жөнүндө дагы эмне билишим керек? ..................................................................................................44

7.7 ЕБнен экспорттоочулардын материалдарынын камдыктарынын бухгалтердик эсеби .............................................................................................................................. 45

8-бөлүм – ЕБде импорттоочуулардын милдеттери.................................................................46

8.1 ЕБнин импорттоочусу катары бул бөлүктү окуунун мага эмне кереги бар? .......................................................................................................................................... 46

8.2 Мен импорттоогон товарлар келип чыгыш эрежелеринин талаптарына ылайык келгендигин кантип текшере алам?…………………………………………………..46

8.3 Мен ТАБЫШТАМАНЫ КЕЧИГҮҮ МЕНЕН берсем болобу? ...........................................479-бөлүм – Катталган экспорттоочулардын тутумун колдонууга чейин (2017-жылга чейин)

бенефициар-өлкөлөрдө компетенттүү органдын милдеттери 48

9.1.......................................Административдик кызматташтык кантип иштейт? .......................................................................................................................................... 48

9.2 Бенефициар-өлкөнүн мамлекеттик органынын эң биринчи милдети кандай? 48

9.3 Бенефициар-өлкөнүн мамлекеттик органы А формасы берилгенге чейин эмне кылышы керек? .............................................................................................................49

9.4 Бенефициар-өлкөнүн мамлекеттик органы А формасы берилгенден кийин эмне кылышы керек? .............................................................................................................50

9.5 Бенефициар-өлкөнүн бийлик органдары ЕБнын кийинки текшерүүгө суроо-талабына кантип ылайык келиши керек? ..........................................................................50

Page 4: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

Расмий эмес котормо

9.6 Адекваттуу административдик кызматташууну көрсөтпөөнүн кесепеттери кандай болот? (71-берене).....................................................................................................5010-бөлүм – 2017-жылдан тартып колдонулган тутумда бенефициар-өлкөлөрдө

компетенттүү органдын милдеттери .............................................................................51

10.1 компетенттүү органдардын административдик түзүмдөргө байланыштуу милдеттенмелери ...51

10.2 компетенттүү органдардын катталган экспорттоочулар жөнүндө маалыматтарга байланыштуу милдеттенмелери ........................................51

10.3 компетенттүү органдардын административдик кызматташууга байланыштуу милдеттенмелери ............................................................................................ 52

10.4 Административдик кызматташуу кантип иштейт? (97g-берене)....................52

10.5 Кумуляция алкагында административдик кызматташуу ................................53

брошюранын мазмуну, тексти, бенефициар-өлкөлөрдүн тизмеги менен (I толуктоо)

II толуктоо – юридикалык тексттер

III толуктоо :

o Талаптарды канааттандырган операциялардын жана киришме эскертүүлөрдүн тизмеги (13а-тиркеме)

o Региондук кумуляциядан чыгарылган материалдардын тизмеги (13 b -тиркеме )

o ПЖТ региондук кумуляциядан чыгарылган иштердин тизмеги (16-тиркеме)

IV толуктоо – келип чыгыштын далилдерине байланыштуу документтер:

o Катталган экспорттоочу статусун алууга табыштама (13 c -тиркеме )

o Келип чыгыш жөнүндө арыз (13 d -тиркеме )

o Келип чыгыш сертификаты, А формасы (17-тиркеме)

o Эсеп-фактуранын декларациясы (18-тиркеме)

o ЕС R 1 жылышы жөнүндө күбөлүк (21-тиркеме)

Page 5: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

ЕБ ПЖТ келип чыгышынын эрежелери – эки сөз менен

5

Расмий эмес котормо

1

Европа Биримдигинин (ЕБ) ПЖТ деген эмне?

Бул Европа Биримдиги тарабынан өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн келип чыккан товарларга бир тараптуу негизде берилген тарифтик преференциялардын тутуму. Алымдын суммасы төмөндөйт же толугу менен жок кылынат. Анча эмес өнүккөн өлкөлөр өздөрүнүн дээрлик баардык экспорттолуучу товарларына карата алымсыз жеткиликтүүлүк алышат.

Келип чыгыштын эрежелери деген эмне?

Бул товарлар келип чыккан жерди, башкача айтканда, алар кайдан алып келингендигин эмес, алар кайда өндүрүлгөндүгүн же даярдалгандыгын аныктоого жардам берген каражаттар.

Энеге алар ЕБ ПЖТ үчүн зарыл?

ПЖТ кимге багышталган болсо, преференциялар ошолорго гана берилгендигин кепилдөө үчүн.

Алар кантип иштейт?

Бир өнүмдөр ушул өлкөдөн келип чыккандыгы анык, анткени алар жергиликтүү уруктан өстүрүлгөн. Алар «толук алынган» товарлар деп аталат. Бирок заманбап дүйнөдө башка өнүмдөр айрым өлкөдө өндүрүлбөйт. ПЖТ максаттарында алынган өнүмдөргө келип чыгыш өлкөсүнүн статусун берүү үчүн белгилүү импорттолуучу товарлар боюнча бенефициар-өлкөдө өткөрүлүүгө тийиш болгон операциялар жөнүндө толук маалыматтарды камтыган тизмек бар. Кеңири мааниде, критерийлерди үч тиби бар – ШТ тарифтик позициясынын өзгөрүлүшү; пайыздык маани; жана атайын процесс. Бирок айрым маанилүү эмес операцияларга келип чыгыш статусун эч качан бере алышпайт.

Кандайдыр бир жеӊилдиктер барбы?

Ооба:- Эгерде Европа Биримдигинен (же Норвегиядан, Швейцариядан, ал эми келечекте,

Түркиядан) келип чыккан товарлар бенефициар-өлкөдө өндүрүштө пайдаланылып жатса, минималдуу сандан ашкан иштетүү ошол жакта жүргүзүлүп жатса, өнүмдөр ошол жактан келип чыккан деп саналышы мүмкүн – бул «эки тараптуу кумуляция» деп аталат.

- Топтун бир катышуучусунан келип чыккан жана экинчисинде иштетилген товарларды акыркысынан келип чыккан деп саноого мүмкүн болгон регионалдык топтордун бир катары эрежелерде таанылат – бул «регионалдык кумуляция» деп аталат. Бенефициар-өлкөнүн суроо-талабы боюнча мындай кумуляция белгилүү топтордун айрым өлкөлөрүнүн ортосунда жүргүзүлүшү мүмкүн.

Белгилүү шарттарда, эгерде ЕБнин XXIV ГАТТ Беренесине ылайык эркин соода жөнүндө колдонуудагы келишими бар өлкөдөн келип чыккан товарлар иштетүүнүн минималдуу саны бенефициар-өлкөдө жүргүзүлгөн шартта, ошол жерде өнүмдү өндүрүүдө пайдаланылса – бул «кеңейтилген кумуляция» деп аталат.

- Тигил же бул бенефициар-өлкө, эгерде ички же тышкы факторлор ага келип чыгыштын эрежелерин сактоого убактылуу мүмкүндүк бербей жатса же ага келип чыгыштын эрежелерин сактоого даярданууга убакыт талап кылынса, ЕБ ПЖТ келип чыгышынын эрежелеринен убактылуу четке чыгууну колдоно алат.

1 ЭСКЕРТҮҮ: Ушул кыскача маалымкат кыскача киришме үчүн гана багышталган. Кыйла толук чечмелөө үчүн тексттин тиешелүү бөлүгү (бөлүктөрү) менен таанышуу зарыл.

Page 6: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

6

Расмий эмес котормо

Кандай далилдер талап кылынат?

Адаттагыдай, бенефициар-өлкөдө компетенттүү органдар тарабынан берилген А формасы боюнча келип чыгыш сертификаты талап кылынат. Айрым учурларда «эсеп-фактуранын декларациясы» колдонулушу мүмкүн. «Эки тараптуу кумуляция» максатында Европа Биримдигинен (же Норвегиядан, Швейцариядан, ал эми келечекте, Түркиядан) келип чыккан жөнөтүлүүчү товарлар үчүн ЕСR.1 жылдыруу жөнүндө күбөлүктөр да колдонулат. 2017-жылдын 1-январынан тартып «келип чыгыш жөнүндө арыздар» эксперттердин өздөрү тарабынан жол-жоболоштурулушу керек.

Алдамчылыктын алды кантип алынат?

Административдик кызматташуунун тийиштүү тутуму бенефициар-өлкө тарабынан жайылтылганга чейин тарифтик преференциялар бериле албайт, ошону менен катар, бул Европа Биримдигинин бийликтерине экспорттоодон кийин текшерүүнү сурап алууга мүмкүндүк берет.

Келип чыгыш эрежелери менен кайда таанышса болот?

Алар Комиссиянын №2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору) 66-97w-беренелеринде жана 13a-d, 16-18 жана 21-тиркемелеринде № 1063/2010 Токтом (ЕБ) жана № 530/2013 Токтом (ЕБ) менен киргизилген оңдоолор менен камтылат. Сиз 66-97w-беренелердин жана 16-тиркеменин жыйынды текстин ушул колдонмого II толуктоодо таба аласыз; кириш эскертүүлөр менен операциялардын тизмеги (14- жана 15-тиркемелер) III толуктоодо бар, ал эми IV толуктоо келип чыгыштын далилдерин камтыйт (17-, 18- жана 21-тиркемелер). Баардык № 2454/93 Токтомдун жыйынды версиясы Интернетте да бар. http://eur-lex.europa.eu/legal-content/EN/TXT/PDF/?uri=CELEX:01993R2454- 20130131&rid=1[Бул версия № 530/2013 Токтом (ЕБ) менен киргизилген өзгөртүүлөрдү камтый электигин эске алууңузду өтүнөбүз]

Page 7: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1-бөлүк- – Жалпы жоболор

7

Расмий эмес котормо

I БӨЛҮМ

1.1 УШУЛ КОЛДОНМОДО ПАЙДАЛАНГАН ТЕРМИНДЕР Берене (лер) … Киргизилген оңдоолор менен № 2454/93 Токтом (ЕЕБ) (II

толуктоону караңыз)

Тиркеме .. Киргизилген оңдоолор менен № 2454/93 Токтом (ЕЕБ) (II толуктоону, III толуктоону жана IV толуктоону караңыз)

Бенефициар-өлкөлөр: ЕБ ПЖТ схемасынын алкагында преференциалдык режимге иш жүзүндө жол берилген өлкөлөр (ПЖТ Регламентинде белгиленгендей - II толуктоону караңыз)

Компетенттүү органдар: Бенефициар-өлкөлөрдө ЕБ ПЖТ алкагында келип чыгыштын далилдерин берүүдө жана текшерүүдө компетенттүү бийликтин өкмөттүк органдары, ЕБде мүчө-мамлекеттердин улуттук бажы администрациялары

Өлкөнүн талаптарына № 978/2012 Токтомдун Тиркемесинде келтирилген, бенефициар-өлкөлөрдү да камтыган баардык өнүгүп жаткан өлкөлөр

Ылайык келгендер: I толуктоону караңыз

ЕБ: 28 мүчө-мамлекеттен турган Европа Биримдиги: Австрия, Бельгия, Болгария, Хорватия, Кипр, Чехия Республикасы, Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Германия, Греция, Венгрия, Ирландия, Италия, Люксембург, Латвия, Литва, Мальта, Нидерланды, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Испания, Швеция, Улук Британия

ЕБ ПЖТ: Европа Биримдигинин Преференциялардын жалпы тутуму же ПЖТ Регламентинде баяндалган Тарифтик преференциялардын жалпы схемасы2

ЕБ ПЖТ КЭ: ЕБ ПЖТ схемасынын келип чыгышынын эрежелерине (КЭ) тийиштүү эрежелер. Аларга Комиссиянын №.1063/2010 жана № 530/2013 Токтомдору (ЕБ) менен киргизилген оңдоолор менен Комиссиянын № 2454/93 Токтому (ЕЕБ) таандык.

A формасы: А формасы боюнча келип чыгыш сертификаты

ПЖТ: Преференциялардын жалпы тутуму

ШТ же шайкештелген тутум Товарлардын шайкештелген сыпаттамасы жана кодировкалоо тутуму

: Материалдар «Өнүмдү» өндүрүүдө пайдалануу үчүн кириш

материалдары.

2 1-б..1.2014-ж., Кеңештин (ЕБ) № 978/2012 Токтому. Бул Токтомго бир нече жолу оңдоолор киргизилген: баардык тийиштүүү юридикалык тексттерге шилтемелер менен бирге Соода боюнча башкы директораттын ПЖТ беттерин караңыз.

Page 8: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

8

Расмий эмес котормо

Өнүм: «Материалдардан» жасалган жыйынтык өнүм.

Келип чыгыштын далили: А формасы боюнча келип чыгыштын сертификаттары, эсеп-фактуралардын декларациясы, ЕСR 1 жылдыруусу жөнүндө жана 2017-жылдын 1-январына карата абал боюнча сертификаттар, келип чыгыш жөнүндө арыздар.

Катталган экспорттоочу: Тийиштүү органдарга каттоого арыз бергенден жана купуя эмес маалыматтарды Интернетте жарыялоого макулдук бергенден кийин ПЖТ алкагында экспорттоо үчүн келип чыгыш жөнүндө арыз берүү максатында тийиштүү бенефициар-өлкөнүн компетенттүү органдарында катталган экспорттоочу.

Келип чыгыш жөнүндө арыз: Европа биримдигинде эркин жүгүртүү үчүн товарларды чыгарууга тартуулаган кандай болбосун адамга преференциялык тарифтик режимди талап кылууга, же бенефициар-өлкөдө чарба жүргүзүүчү, кумуляция эрежелеринин контекстинде андан кийинки иштетүү үчүн материалдарды импорттоогон субъектке ошондой товарлардын келип чыгыш статусун далилдөөгө мүмкүндүк берүү үчүн экспорттоочу тарабынан берилген, ал тарабынан камтылган өнүмдөр ПЖТ келип чыгышынын эрежелерине ылайык келгендигин белгилеген арыз.

1.2 УШУЛ КОЛДОНМО ЭМНЕНИ КАМТЫЙТ?

Ушул Колдонмонун максаты азыркы учурда ЕБ ПЖТ карата колдонулган келип чыгыш эрежелерин түшүнүүдө жана колдонууда жардам берүүсүндө турат. Ушул Колдонмо биринчи кезекте бенефициар-өлкөлөрдөгү экспорттоочулар жана ЕБги импорттоочулар үчүн түзүлгөндүгүнө карабастан, ал келип чыгыштын далилдерин берүүдө жана/же текшерүүдө аракеттенген бенефициар-өлкөлөрдүн кызмат адамдары үчүн, ошондой эле ушул тема боюнча ар бир кызыкдар болгон адам үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн, деп ишенебиз. ЕБ ПЖТ бенефициар-өлкөлөрдүн тизмеги ПЖТ Регламентинин II Тиркемесинде белгиленген (Iтолуктоону караңыз), ал эми келип чыгыш эрежелеринин юридикалык тексти киргизилген оңдоолор менен - 66 - 97w-беренелерде (II толуктоону караңыз) жана 13a-d, 16-18 жана 21-тиркемелерде (III толуктоону и IV толуктоону караңыз).

1.3 ЕБ ПЖТ ЖАНА АНЫН МАКСАТТАРЫ

ПЖТ бенефициар-өлкөлөрдөн келип чыккан импорттолгон товарларга алымдардын преференциалдык режимин (импорттук алымдын азайтылган өлчөмүн же алымсыз ташып кирүүнү да) тартуулайт. Принцип Соода жана өнүктүрүү боюнча БУУнун конференциясында (ЮНКТАД) макулдашылган жана айрым өнүккөн өлкөлөр («демөөрчү-өлкөлөр») тарабынан өнүгүп жаткан өлкөлөргө («бенефициар-өлкөлөргө») берилген механизмди билдирет. 2001-жылы киргизилген «Курал-жарактан башкасынын баары» деп аталган демилге боюнча иштеп, ЕБ ПЖТ азыраак өнүккөн өлкөлөргө (I-

Көңүл буруңуз: ошого карабастан, бенефициар-өлкөлөрдүн тизмеги көбүрөөк мүмкүн болуучу бенефициарлардын тизмеги болуп саналат, анткени айрым өлкөлөр ЕБ ПЖТнан артыкчылыктарды иш жүзүндө алуу үчүн шарттарга ылайык келбеши мүмкүн. Мисалы, айрым өлкөлөр 97s-беренеде белгиленген административдик кызматташтууга коюлган талаптарга дагы деле ылайык келбеши мүмкүн (мындан ары текст боюнча 9-бөлүмдү караңыз), бул товарлар тарифтик преференциялардын артыкчылыктарын алуу үчүн алдын ала шарты болуп саналат. Эгерде сиз күмөн санасасыз шектенип жатсаңыз өзүңүздүн компетенттүү органдарыңызга кайрылыңыз.

Page 9: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

9

Расмий эмес котормо

толуктоону караңыз) алардын экспортунун дээрлик баардык спектрине алымсыз жана квоталанбаган жеткиликтүүлүк берет. Бул тутум бенефициар-өлкөлөргө берилет, анда ушул тутум боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт, преференциалдык режим өз аралык болуп саналбайт.

Кошумча маалымат алуу үчүн баардык юридикалык тексттерди камтыган жана Өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн экспорттоо боюнча техникалык жардам кызматына жеткиликтүүлүк берген Соода боюнча ГД ПЖТ беттерин караңыз. Ушул Колдонмодо ЕБ ПЖТ келип чыгышы гана каралган. Ар кандай демөөрчү-өлкөлөр тарабынан сунуш кылынган ПЖТ схемалары камтылган товарларга жана өлкөлөргө карата да, келип чыгыш критерийлерин колдонууда да айырмаланат. Ошондуктан, АКШ ПЖТ шарттарына ылайык келген товарлар ЕБ ПЖТна ылайык келбей калышы ммүмкүн.

1.4 ЕБ ПЖТ БААРДЫК ТОВАРЛАРДЫ КАМТЫЙБЫ?

ЕБ ПЖТ ар бир өнүмдү камтыбайт. Жалпысынан, ЕБне ташып кирүүдө алым алынган (адаттагыдай, чийки затка алым салынбайт) ШТ 25-97-бөлүмдөрүнүн баардык өнүмдөрү камтылат, бирок айыл чарба өнүмдөрүнүн камтылышы чектелген (1-24-бөлүмдөр). Критерийлерге ылайык келген өнүмдөрдүн тизмеги баардык бенефициар-өлкөлөр үчүн бирдей эмес экендикти белгилеп кетүү зарыл.

ЕБ ПЖТ Регламентинин II Тиркемеси бенефициар-өлкөлөрдү атап чыгат (I-толуктоону караңыз), ал эми V3 Тиркеме тийиштүү өнүмдөрдүн тизмегин камтыйт. ПЖТ бенефициар-өлкөдөн ЕБне экспорттоонун көлөмү белгилүү мөөнөттүн белгилүү босоголук мааниден ашып кетсе, өнүмдөрдүн категориясы жана ага ылайык келген өлкө(лөр) үчүн тарифтик преференция токтотулат. Мындай токтотуулар Комиссия тарабынан өндүрүлгөн токтомдор аркылуу (мисалы, № 1213/2012 Токтом (ЕБ) караңыз). Ошондой эле, конкреттүү өнүмдөр жөнүндө маалыматты бенефициар-өлкөлөрдүн көбүндө бар болгон ЕБ өкүлчүлүктөрүнөн жана/же компетенттүү органдардан алууга болот. Маалыматты төмөнкүдөй дарек боюнча Комиссиянын маалымат базасынан да алса болот:

http://ec.europa.eu/taxation_customs/dds2/taric/taric_consultation.jsp?Lang=en

1.5 ПЖТ ПАЙДАЛАНУУНУН ШАРТТАРЫ КАНДАЙ?

ЕБне импорттоодо товарлар ЕБ ПЖТ артыкчылыктарын пайлануу үчүн үч шартты аткаруу зарыл:- ЕБ ПЖТ КЭне ылайык товарлар (2-бөлүмдү караңыз);

- Бенефициар-өлкөдөн ЕБне ташуу учурунда товарлар өзгөрбөшү, трансформацияланбашы жана аларды жакшы абалда сактоо үчүн аткарылган операциялардан башка операцияларга тартылбашы керек; жана

- келип чыгуунун жарактуу далилин (бенефициар-өлкөдө компетенттүү органдар тарабынан берилген А формасы боюнча келип чыгыш сертификатын, же эсеп-фактуранын декларциясын, же 2017-жылдын 1-январынан тартып келип чыгыш жөнүндө арызды) берүү зарыл (4-бөлүмдү караңыз).

Келип чыгыш далили экспорттоо учурунда юридикалык негиз бар болсо гана (б.а. преференция бар болсо), берилиши керек. Мындан тышкары, преференция да Европа Биримдигинде эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга арызды алуу учурунда бар болушу керек: эгерде экспорттоо учурунун жана эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга арызды алуу учурунун ортосунда тийиштүү өнүмдөр преференция алуу үчүн талаптарга ылайык келбей калса,

3 Баардык юридикалык тексттерге шилтемелерди алуу үчүн Соода боюнча ГД ПЖТ беттерин

Page 10: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

(мисалы, алар категориядан чыккандыктан же келип чыгыш өлкөсү бенефициар-өлкөсү болбой калса), анда экспорттоо үчүн тийиштүү түрдө берилген келип чыгыштын далили бар болсо да преференция берилбейт.

ЕБ бажы бирлиги болуп саналгандыктан, соода чөйрөсүндө ЕБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда алымдар жана бажы жол-жоболору жок болот, ал эми жалпы бажы тарифи ЕБги импорттоого карата колдонулат. Ошондуктан, ЕБ бирдиктүү аймак болуп саналат. Ошентип, бир ЕБ мүчө-мамлекетинде жол-жоболордон өтүүдө жана алымды төлөөдө (же преференция берүүдө) товарлар Европа Биримдигинин «эркин жүгүртүүсүнө» түшкөн болуп саналат жана бир мүчө-мамлекеттен экинчисине өтө алат.

Page 11: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

2-бөлүм – Келип чыгыш

Расмий эмес котормо

2.1 КЕЛИП ЧЫГЫШ: ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАНА КАНТИП?

Соода саясатынын чараларын ишке ашыруу ар кайсы өлкөлөрдөн келип түшкөн товарларды кароодо көбүнчө дифференциацияны талап кылат. Соода саясатынын мындай чараларынын мисалдары – алымдардын преференциалдык чендерин колдонуу, демпингге каршы алымдар, импорттоону лицензиялоого карата талаптар, квоталар, эмбарго ж.б. Эгерде мындай кароо ошол товарлар жөнөтүлгөн өлкөгө гана байланыштуу болсо, бүткүл дүйнөдөн келген товарлар эң ыңгайлуу (же аз чектеген) режимди пайдаланган өлкө аркылуу келип жаткандыгы тез эле байкалмак. Ошондуктан, соода саясатынын ошол чаралары иштеп башташы үчүн ошол чараларды тигил же бул өнүмдүн экономикалык улуту менен байланышуу зарыл. Экономикалык улутту же келип чыгыш өлкөсүн аныктоо үчүн белгилүү критерийлер – келип чыгыш эрежелери колдонулат. Татаалдык бүткүл дүйнөдө кандай болбосун жагдайда колдонууга мүмкүн болгон келип чыгыштын жалпы топтомунун жоктугунда турат. Өлкөлөрдүн келип чыгыштын өздөрүнчө эрежелери бар, алар көбүнчө максаттарына байланыштуу маңызы боюнча айырмаланат. ПЖТ максаттары үчүн да ар кандай демөөрчү-өлкөлөр келип чыгыштын ар кандай эрежелерин колдонот. Мындан улам, эгерде өнүм, мисалы, АКШ ПЖТ схемасынын алкагында келип чыгыштын эрежелерине ылайык келсе, келип чыгыштын ЕБ ПЖТ схемасы үчүн баяндалган эрежелерине ылайык келишин белгилүү нерсе катары кабыл алууга болбойт же тескерисинче. Келип чыгыштын ПЖТ схемаларында пайдаланылган, демөөрчү-өлкөлөр тарабынан сунуш кылынган критерийлери көп учурда олуттуу айырмаланат. Ошондуктан, товарлар ЕБне ЕБ ПЖТ схемасы боюнча экспорттоолот/импорттоолот, эске алынчу бирден-бир критерийлер болуп ЕБ тарабынан тийиштүү мыйзамдарда белгиленген критерийлер саналат (см. II толуктоону жана III толуктоону караңыз). Ошого карабастан, ЕБнин, Норвегиянын (NO) жана Швейцариянын (CH) ПЖТ КЭ бирдей (жок дегенде, бул өнөр жайлык товарларга тийиштүү), бул кат алмашуу аркылуу жүзөгө ашырылган, төмөндө сыпатталгандай, айрым аспекттер боюнча ар кандай схемалардын ортосунда байланышка жол берет. Түркия өзүнүн ПЖТ КЭнин ЕБ КЭне ылайык келтирген замат ушундай эле абалда болуп калат. Келип чыгыш эрежелерин колдонуу төмөнкүдөй суроого жооп берет: өнүм каралып жаткан бенефициар-өлкөдөн келип чыкканбы? Жагымдуу жооп ЕБне импорттоодон кийин бул өнүмдүн преференциалдык тарифтик режимдин критерийлерине ылайык келишин билдирет. ЕБ ПЖТ КЭ колдонуу максатында бенефициар-өлкөлөрдүн ар бири жеке аймак катары каралат, бирок айрым учурларда алар регионалдык кумуляцияны' пайдаланып, биргелешип иштешет (2.7-пунктун караңыз). Алар эки тараптуу кумуляция алкагында ЕБ мүчө-мамлекеттери (бирдиктүү аймакты түзгөн) же Норвегия жана Швейцария менен (келечекте Түркия менен) да биргелешип иштейт алышат.

2.2 ЕБ ПЖТ КЕЛИП ЧЫГЫШЫНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИНИН БАЗАЛЫК ТҮЗҮМҮ

Конкреттүү бенефициар-өлкөдөн келип чыккан өнүмдөр, эгерде алар: - толугу менен ушул өлкөдөн алынса, же - анда жетишээрлик иштелип чыкса же иштетилсе.

Page 12: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

Төмөндө 2.7-пунктта белгиленгендей, келип чыгыштын бирдей эле эрежелери эки тараптуу кумуляцияны пайдалануу учурларында тигил же бул өнүмдүн ЕБнен (же NO, CH же TR) келип чыгышын аныктоо үчүн колдонулат.

2.3 “ТОЛУК АЛЫНГАН ӨНҮМДӨР” ДЕГЕН ЭМНЕ? (75-БЕРЕНЕ)

Жалпысынан, өнүмдөр конкреттүү бенефициар-өлкөдөн (же эки тараптуу кумуляция учурунда ЕБнен) алынган болуп, эгерде ошол өлкө аларды өндүрүүдө аракет кылса гана, саналат. Кандай болбосун башка өлкөндөн болгон өтө чоң эмес салым да өнүмдү «толугу менен алынган» катары дисквалификациялайт. Ошондон улам, бул принцип негизинен табигый келип чыккан аспекттерге жана толугу менен аларда өндүрүлгөн товарларга карата колдонулат. Бенефициар-өлкөдө же Европа Биримдигинде «толугу менен алынган өнүмдөр» катары эмнелер карала тургандыгы 75-беренедеги толук тизмекте баяндалган:a. жердин астынан же деңиздин түбүнөн чыгарылган пайдалуу кендер;

b. ошол жерде өскөн же өстүрүлгөн өсүмдүктөр жана жашылчалар;

c. ошол жерде туулган жана өстүрүлгөн тирүү жаныбарлар;

d. ошол жерде өстүрүлгөн тирүү жаныбарлардан алынган өнүмдөр;

e. ошол жерде туулган жана өстүрүлүп союлган жаныбарлардан алынган өнүмдөр;

f. ошол жерде жүргүзүлгөн аңчылыктан же балык улоодон алынган өнүмдөр;

g. балык, рак сыяктуулар жана моллюсктар туулган жана өстүрүлгөн аквамаданияттын өнүмдөрү;

h. анын кемелеринде аймактык суулардан тышкары деңизден алынган деңиздик балык улоонун өнүмдөрү жана башка өнүмдөр;

i. анын балык заводдорунун бортунда (h) пунктунда белгиленген өнүмдөрдөн гана өндүрүлгөн өнүмдөр;

j. ошол жерде чогултулган жана чийки затты кайра иштетүү үчүн гана жарай турган пайдаланылган буюмдар;

k. ошол жерде өткөрүлгөн өндүрүштүк операциялардын натыйжасында пайда болгон калдыктар жана лом;

l. анын аймактык сууларынан тышкары жайгашкан, бирок ага карата эксплуатациялоонун өзгөчө укуктары бар деңиз түбүнөн же деңиз түбүнүн деңгээлинен төмөн жерден алынган өнүмдөр;

m. (a) - (l) пункттарында белгиленген өнүмдөрдөн гана өндүрүлгөн товарлар.

Кошумча түшүндүрүүгө муктаж болгон (h) жана (i) пункттарында белгиленген балык улоонун өнүмдөрүнөн тышкары, тизмектин пункттарынын көбү өздөрү эле айтып турат.

Деңиздик балык улоонун өнүмдөрү жана деңизден алынган башка өнүмдөр Ушул келип чыгыш эрежелеринин контекстинде «аймактык суулар» Деңиз укугу боюнча БУУнун эл аралык конвенциясында белгиленгендей, 12-милялык зона менен катуу чектелген (1982 Монтегобеялык конвенция). Кыйла кеңири камтылышы бар (200 миляга чейин чектелген) өзгөчө экономикалык зонанын бар болушу бул максатка тиешеси жок. 12-милялык зонадан тышкары («ачык деңизде») кармалган балык, «анын кемелери»

Page 13: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

жана «анын балык заводдору» деген аныктамаларга ылайык келген кеме тарабынан кармалган болсо, толугу менен алынган катары каралат.«анын кемелерин» жана «анын балык заводдорун» (75(2)-беренеде баяндалган) аныктоо бир катар кумулятивдик критерийлерден турат – ошондуктан баардык айтылып кеткен критерийлерге ылайык келүү зарыл.Эгерде пайдаланылып жаткан кеме бенефициар-өлкөдө катталган/кошуп жазылган болсо жана анын желегинин астында (же ЕБ мүчө-мамлекетинин желегинин астында) чыкса жана төмөнкүдөй шарттарга ылайык келсе, ачык деңизде кармалган балык каралып жаткан бенефициар-өлкөдөн (же ЕБнен) келип чыккан катары саналса болот:

(a) алар, жок дегенде, 50%га бенефициар-өлкөнүн жарандарынын же мүчө-мамлекеттердин жарандарынын менчигинде турса же

- башкы офиси жана бизнесинин башкы жери бенефициар-өлкөдө же мүчө-мамлекеттерде жайгашкан, жана

- жок дегенде, 50%га бенефициар-өлкөнүн же мүчө-мамлекеттердин, мамлекеттик органдардын жана бенефициар-өлкөлөрдүн же мүчө-мамлекеттердин жарандарынын менчигинде турган

(b) компаниялардын менчигинде турса.

Кемелерге байланыштуу шарттар 86 (1) - (5) же (6)-беренеге ылайык, тийиштүү учурларда баардык бенефициар-өлкөлөр регионалдык кумуляциядан пайда алып жатса, Мындай учурда өнүмдөр желектин критерийиене ылайык кеме же балык завод кайсы бенефициар-өлкөнүн флагынын астында деңизге чыгып жүрсө, ошол бенефициар-өлкөдөн келип чыккан болуп саналат.

Ушул шарттар 86(2) (a), (c) жана (d) берененин жоболору аткарылса гана, колдонулушу керек.

2.4 “ЖЕТИШЕРЛИК ИШТЕТИЛГЕН ЖЕ КАЙТА ИШТЕТИЛГЕН ӨНҮМДӨР” ДЕГЕН ЭМНЕ (76-БЕРЕНЕ)

Иш жүзүндө, табиятта кездешкен жана аларга байланыштуу өнүмдөрдөн тышкары, бир өлкө тигил же бул өнүмдүн өндүрүшүнө катышкан жагдайлар салыштырмалуу чанда кездешет. Өндүрүштүк процесстердин ааламдашуусу өлкөлөрдүн көбүндө өнүмдөр бүткүл дүйнөдөн келип түшкөн компоненттерден, материалдардан ж.б. өндүрүлгөндүгүнө алып келген. Албетте, мындай өнүмдөр толугу менен алынган болуп саналбайт (2.3-пунктта белгиленгендей), бирок алар Ошого карабастан, келип чыгыш статусун ала алышат. Бул үчүн келип чыгыш өлкөсүнөн эмес пайдаланылган материалдар (иш жүзүндө, бенефициар-өлкөгө импорттолгон материалдар) «жетишерлик иштетүүдөн же кайра иштетүүдөн» өтүшү керек. Жетишерлик иштетүүгө жана кайра иштетүүгө келип чыгыш өлкөсүнөн эмес өлкөлөр гана жатат. Эгерде башка пайдаланылган материалдар өздөрү келип чыгыш өлкөсүнөн болсо (же болбосо алар толугу менен алынган болуп саналгандыктан, же болбосо алар жетишерлик иштетилгендиктен же кайта иштетилгендиктен), алар белгиленген шарттарга ылайык келебеши керек. Эмне жетишерлик иштетүү же кайра иштетүү болуп саналары каралып жаткан өнүмгө жараша болот. 13а-тиркеме өнүмдөрдүн тизмегин камтыйт жана анда ар бир өнүм боюнча аткарыла турган шарттар белгиленген. 13а-тиркеменин I Бөлүгүндө ошол тизмекти кантип пайдалануу керек экендиги түшүндүрүлгөн.

2.5 «ӨТКӨРҮЛҮШҮ ӨНДҮРҮЛГӨН ӨНҮМ КЕЛИП ЧЫГЫШ СТАТУСУН АЛЫШ ҮЧҮН

Page 14: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

ТАСТЫКТАЛГАН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ ЖОК МАТЕРИАЛДАР ҮЧҮН ЗАРЫЛ ИШТЕТҮҮНҮН ЖЕ КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮН ТИЗМЕГИ» (13а-ТИРЕКЕМЕ). (III ТОЛУКТООНУ КАРАҢЫЗ)

Келип чыгыш критерийлерин колдонуу үчүн ушул тизмектин түзүмүн түшүнүү зарыл. Тизмек үч тилкеден турат:

1-тилке ШТ позициясын же позициячасын көрсөтөт,

2-тилке ШТ тигил же бул позициясына же позициячасына ылайык келген товарлардын сыпаттамасын камтый, ал эми 3-тилке колдонулган критерийлерди камтыйт.

Азыраак өнүккөн өлкөлөр жана башка бенефициар-өлкөлөр үчүн айрым позициялар жана позициячалар үчүн дифференциациялоо жүргүзүлгөн. Үчүнчү тилке азыраак өнүккөн өлкөлөргө карата колдонулган квалификациялык операциянын жана башка өлкөлөргө карата колдонулган квалификациялык операциянын ортосунда бөлүнгөн.

Анча эмес өнүккөн өлкөлөр үчүн атайын жол-жободон болгон артыкчылыктарды пайдаланган өлкөлөр № 978/2012 Токтомго (ЕБ) IV тиркемеде аталып кеткен. Ошол тизмекти пайдаланууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн каралып жаткан өнүмдүн Шайкештелген тутумдун номенклатурасындагы классификациясы (4-сандык деңгээл же кээ бирде 6-сандык деңгээл боюнча) белгилениши керек. Ошондой эле, өнүмдү өндүрүүдө пайдаланылган, келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон материалдар үчүн ШТ классификациясын билүү керек. Зарыл болгондо, улуттук бажы администрациялары сизге ГС классификациясын белгилөөдө жардам беришет. Адаттагыдай, бул тизмек ар учурда «жетишерлик» болуп санала турган иштетүүнүн же кайра иштетүүнүн санын көрсөтүү үчүн төрт усулдун бирин, же алардын айкалышын пайдаланат:a) Позициянын критерийин өзгөртүү үчүн (ошондой эле тарифтик позициянын же

тарифтик өтүү критерийин өзгөртүлүшү деп да аталган). Эгерде өнүм өндүрүүдө пайдаланылган келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон материалдар классификацияланган позициялардан айырмаланган Шайкештелген тутумдун номенклатурасынын 4-сандык позициясы боюнча классификацияланса, бул тигил же бул өнүм жетишерлик иштетилген же кайра иштетилген болуп саналаарын билдирет.

Мисал: ШТ 4602 позициясы боюнча классификацияланган саман куржунунун өндүрүшү. Баардык 46-глава үчүн тизмек «баардык пайдаланылган материалдар өнүмдүн позициясынан айырмаланган позициянын алкагында классификацияланган өндүрүш» критерийин көрсөтөт. Куржун 4602 позициясы боюнча классификациялангандыктан, ал эми саман 1401 позициясы боюнча импорттолгондуктан, келип чыгыш критерийи канааттандырылгандыгы анык.

Айрым учурларда тарифтик позицияны өзгөртүү колдонулат (6-сандык деңгээлде). Ал позицияны өзгөртүү эрежесиндей эле колдонулат.

b) Үлүш же адвалордук критерий, мында келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон пайдаланылган материалдардын үлүшү тигил же бул өнүмдүн дүң-сатылуучу баасынан белгиленген пайыздан ашпашы керек («дүң-сатылуучу баа» жана «үлүш» деген терминдер – 67-беренедеги аныктамалар).

Мисал: ШТ 6601 позициясы боюнча зонттордун өндүрүшү, мында 3-тилкеде «баардык пайдаланылган материалдардын үлүшү өнүмдүн дүң-сатылуучу баасынан 70%дан ашпайт» деп айтылат. Бул жерде салыштыруу өнүмдүн дүң-

Page 15: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

сатылуучу баасынын жана келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон баардык материалдардын үлүшүнүн ортосунда жүргүзүлүшү керек.

c) Атайын кайра иштетүүнүн критерийи, мында өндүрүү процессинде белгилүү операциялар же этаптар келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон кандай болбосун материалдар боюнча өткөрүлүшү керек.

Келип чыгыштын мындай сыяктуу критерийлеринин мисалдарын текстиль секторунда тапса болот, мисалы, ШТ 5208-5212 позицияларындагы кездеме материалдары же пахта, алар үчүн 3-тилкеде башкалар менен катар «бое же жабуу менен коштолгон токуу иши» деп айтылат. Мисалы, келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон ийрилген жиптен башталган кездеменин өндүрүшү келип чыгыш статусун берет. Бул токуучулук жана өндүрүштүн андан аркы баардык этаптары бенефициар-өлкөдө өткөрүлүшү керек экендигин билдирет. Ушул сыяктуу кайра иштетүүнүн критерийи өндүрүштүн эң алгачкы этабынан тартып баштоодо (мисалы, химиялык материал же табигый булалар) да келип чыгыш статусу берилерин, ал эми акыркы этабынан тартып баштоодо (мисалы, бое гана) – берилбегендигин билдирет.

d) Иштетүү же кайра иштетүү айрым толугу менен алынган материалдарга гана карата жүргүзүлөт.

Мисал: 2309 позициясы боюнча жаныбарлар үчүн тоютта пайдаланылган препараттардын өндүрүшү. Ушул өнүмгө карата колдонулган тизмектин эрежесине ылайык ошондой өнүмдөрдү өндүрүүдө пайдаланылган 2-главанын (эт жана жей турган эт калдыктары) жана 3-главанын (балык) баардык материалдары толугу менен алынган болуп саналат.

Эскертүү: Төмөндө 2.6-пунктунда белгиленгендей, иштетүүнүн жана кайра иштетүүнүн айрым типтери тизмектин критерийлери канаатандырылса да, дайыма жетишерлик эмес болуп саналат. Ошондой эле, келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон баардык эмес материалдардын тизмектин негизги шарттарына ылайык келүүсүнө айрым учурларда жол берилген «толеранттуулук эрежеси» бар – төмөндө 2.9-пункту караңыз.

2.6 «ЖЕТИШЕРЛИК ИШТЕТҮҮ ЖЕ КАЙРА ИШТЕТҮҮ» ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? (78-БЕРЕНЕ)

78-берене өз алдынча же бири бири менен айкалышууда каралган (жаныбарларды союу камтылган айкалыштардан тышкары), келип чыгыш статусун алуу үчүн дайыма жетишерлик эмес операциялардын тизмесин камтыйт. Бул тизмек башка операциялар жүргүзүлбөгөн жагдайларга гана карата колдонулат. Ал кош функцияны аткарат, биринчиден, келип чыгыш эрежелеринин «нормалдуу» тизмегинин алкагында (б.а. 13а-тиркемеде белгиленгендердин) жана, экинчиден, кумуляция алкагында (төмөндө 2.7-пунктту караңыз). Ошого карабастан, максат ошол эле бойдон кала берет – иш жүзүндө өндүрүлгөн кайра иштетүүнүн көлөмү минималдуу болгон учурларда, ал келип чыгыш статусун бербейт. Тизмектин эрежелери боюнча, ошол тизмекте белгиленген жетишерлик иштетүүнүн же кайра иштетүүнүн критерийлерине ылайык келүүдө да, иш жүзүндө өндүрүлгөн кайра иштетүүнүн көлөмү минималдуу болушу мүмкүн. Мындай учурларда өнүм келип чыгыш статусун албайт. Иш жүзүндө, жетишерлик эмес иштетүү же кайра иштетүү тизмеги менен жетишерлик иштетүү же кайра иштетүү тизмегинин алдында консультация жүргүзүү керек!

Page 16: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

Башка жагынан, тигил же бул операция «жетишерлик эмес» катары белгиленбесе, бул өнүмгө келип чыгыш статусун берүү үчүн ал «жетишерлик» экендигин автоматтык түрдө билдирбейт экендигин түшүнүү да зарыл. Операциялар өтө жетишерлик эмес, бирок ошол эле убакта иш жүзүндө тизмектин конкреттүү колдонулган эрежесинин шарттары боюнча жетишерлик болуп саналбаган «боз» чөйрө бар. Кандай шарттар аткарылышы керек экендигин билүү үчүн каралып жаткан өнүмгө карата конкреттүү критерийлер менен жетишерлик иштетүү же кайра иштетүү тизмеги менен консультация жүргүзүү зарыл. Тизмектин эрежелери колдонулбаган (эки тараптуу же регионалдык) кумуляцияга тийиштүү, өткөрүлгөн иштетүү же кайра иштетүү жетишерлик эместен жөн эле көбүрөөк болушу керек. Бул тизмектин эрежелеринин алкагында «боз» чөйрөгө туш болгон операция кумуляция контекстинде кабыл алынышы мүмкүн экендигин билдирет. Жетишерлик эмес (же минималдуу) операциялардын тизмегинин төмөнкүдөй туюнтмалара бар:

(a) Ташуу жана сактоо убагында өнүмдөрдүн жакшы абалда сакталышын камсыз кылган алдын ала сактоочу операциялар;

(b) таңгакты ачуу жана чогултуу;

(c) жуу, тазалоо; чаңды, кычкылды, майды, боекту жана жабууларды кетирүү;

(d) текстилди жана текстиль буюмдарын үтүктөө же престөө;

(e) жөнөкөй бое жана жылмалоо;

(f) күрүчтү актоо жана жарым-жартылай же толук тарттыруу, жылмалоо жана крупа менен күчүрүчтү жылтыратуу;

(g) шекердин өңү же жыты менен операциялар же кант кубиктерин формалоо; кристаллдык шекерди жарым-жартылай же толук тарттыруу;

(h) жемиштерди, жаңгактарды жана жашылчаларды тазалоо, данектерин жана кабыктарын алуу;

(i) курчутуу, жөнөкөй жылмалоо же жөнөкөй кесүү;

(j) ылгоо, элөө, сорттоо, классификациялоо, тандоо, калибрлөө (анын ичинде буюмдардын комплектисин түзүү);

(k) бөтөлкөлөргө, банкаларга, флягаларга, мүшөктөргө, чехолдорго, коробкалардга жөнөкөй жайгаштыруу, картондорго же тактайларга фиксациялоо жана башка жөнөкөй таңгактоо операциялары;

(l) өнүмдөргө же алардын таңгактарына белгилерди, этикеткаларды, логотиптерди жана башка ушул сыяктуу белгилерди кадоо же басып чыгаруу;

(m) ар кандай түрдөгү өнүмдөрдү жөнөкөй аралаштыруу, шекерди кандай болбосун материал менен аралаштыруу;

(n) сууну же эритмени жөнөкөй кошуу же өнүмдөрдү дегидратациялоо же денатурациялоо;

(o) бүтүн буюмду түзгөн буюмдун бөлүктөрүн жөнөкөй чогултуу же өнүмдөрдү бөлүктөргө ажыратуу;

(p) (a) - (o)-пункттарында белгиленген эки же андан көп операциялардын комбинациясы;

(q) жаныбарларды союу”.

Page 17: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

Операциялар аларды аткаруу үчүн атайын ыктар же ошол операциялар үчүн атайын өндүрүлгөн же белгиленген машиналар, аппараттар же аспаптар талап кылынбаса, «жөнөкөй» болуп саналат.

Мисалдар:

Өнүм келип чыгыш өлкөсүнөн болгон бөлүктөрдү пайдалануу менен жөнөкөй чогултуунун жардамы менен өндүрүлөт: акыркы өнүм келип чыккан болуп саналат, анткени «минималдуу» иштетүүнүн же кайра иштетүүнүн тизмеги келип чыгыш өлкөсүнөн болгон материалдарга карата, алар толугу менен алынган, же жетишерлик даражада иштетилген же кайра иштетилген болсо дагы, келип чыккан болуп саналат.

Өнүм келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон бөлүктөрдү чогултуу аркылуу гана өндүрүлөт,аны аткарууда атайын ыктар, машиналар, аппараттар же аспаптар талап кылынбайт. (о)-пункт колдондулгандыктан, өнүм келип чыгыш статусун албайт.

Өнүм келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон бөлүктөрдү чогултуу жана андан кийинки жетишерлик операция аркылуу өндүрүлөт. Чогултуунун мааниси жок, анткени андан ары жетишерлик операция өтөт, ошондуктан келип чыгыш статусу пайда болот.

Акыркы өткөрүлгөн операция «жетишерлик эмес иштетүү же кайра иштетүү» тизмегинде болгондуктан, өнүм келип чыгыш өлкөсүнөн болгон да, болбогон да материалдардын комбинациясын пайдалануу менен чыгарылат. Биз пайдаланып жаткан келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон өнүмдөргө карата жетишерлик иштетүүнүн же кайра иштетүүнүн башкы тизмегинде белгиленген иштетүү же кайра иштетүү жүргүзүлүп жаткандыгына байкоо жүргүзүбүш керек. Мисалы, эгерде бенефициар-өлкөдө жемиш ширесин өндүрүүчү жемиш ширесин өндүрүү үчүн өз өлкөсүндө толугу менен алынган жемиштерди жана шекерди пайдаланса, ал андан ары ширени келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон бөтөлкөлөргө куят. Ал бөтөлкөлөө жетишерлик эмес операция катары белгиленгендиги үчүн гана бөтөлкөлөө ширенин келип чыгыш статусун жокко чыгарышы мүмкүн, деп тынчсызданбай эле койсо болот. Бирок ал ага импорттолгон бөтөлкөлөрдү пайдаланууга уруксат берилгендигине ынанышы керек. 2009-жылга ШТ тизмегинин 3-тилкесинде бөтөлкөлөнгөн жемиш ширеси боюнча келип чыгыш критерийинде «Пайдаланылган шекердин массасы акыркы өнүмдүн массасынан 40%дан ашпаган өнүмдүн позициясынан тышкары, кандай болбосун позициядан болгон материалдардан өндүрүү» деп айтылган. Ошентип, ал импорттолгон бөтөлкөлөрдү пайдаланса болот, анткени алар 7010 ШТ боюнча классификацияланат.

Өнүм келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон материалдарды жөнөкөй чогултуу аркылуу чыгат, алар андан кийин боелот, таңгакталат жана маркирленет. Мунун баардыгы – жетишерлик эмес операциялар жана аларды бирге колдонууда да алар өнүмгө келип чыгыш статусун берүү үчүн жетишерлик эмес болуп саналат.

Өнүм келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон жаныбарды союу аркылуу чыгат, андан кийин алынган эт таңылат, маркирленет жана муздатылат. Бул дагы жетишерлик эмес операциялардын комбинациясы болгондукка карабастан, ал жаныбарларды союуну камтыйт, ошондуктан сөзсүз жетишерлик эмес болуп саналбайт. Ошого карабастан, бул өнүмгө келип чыгыш статусун берүү үчүн «жетишерлик» иштетүү же кайра иштетүү болгондукту автоматтык түрдө билдирбейт. Белгиленген шарттар аткарылгандыгына ынануу үчүн каралып жаткан өнүмдүн башкы тизмектеги атайын критерийлери текшерилип чыгышы

Page 18: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

керек. Ушул конкреттүү учурда эт келип чыгыш статусун албайт, анткени тизмектеги атайын критерий союулуп жаткан жаныбар келип чыгыш өлкөсүнөн болуш керектигин талап кылат.

2.7 “КЕЛИП ЧЫГЫШ КУМУЛЯЦИЯСЫ” ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Адаттагыдай, келип чыгыш максаттары үчүн баардык иштетүү же кайра иштетүү конкреттүү экспорттоочу бенефициар-өлкөдө өткөрүлүшү керек. Ошого карабастан, бул принципте эки чыгаруу бар:

Эки тараптуу кумуляция (84-берен) Эки тараптуу кумуляция алкагында, ЕБ ПЖТ КЭ жоболору жагынан ЕБнен келип чыккан, жана бенефициар-өлкөдө кошумча түрдө иштетилген же кайра иштетилген материалдар бенефициар-өлкөдөн келип чыккан болуп саналат. Ошого карабастан, ошол жерде өткөрүлгөн иштетүү же кайра иштетүү 2.6-пунктунда белгиленген «жетишерлик эмес иштетүүдөн же кайра иштетүүдөн» ашпоого тийиш.Бул концепция «демөөрчү-өлкөнүн контенти» деген аталышта да белгилүү.

Мисал: бенефициар-өлкөдө ПЖТ боюнча келип чыгыш статусун алуу үчүн саймаланган бет аарчы үчүн (6213 ШТ боюнча классификацияланган) колдонулган критерийлердин бири – «пайдаланылган саймаланган кездеменин үлүшү өнүмдүн дүң-сатылуучу баасынан 40%дан ашпаса, саймаланган кездемеден өндүрүү», башкача айтканда келип чыгыш өөлкөсүнөн эмес болгон саймаланган кезмеде пайдаланылышы мүмкүн, бирок анын үлүшү өнүмдүн дүң-сатылуучу баасынан 40%дан ашпайт. Ошого карабастан, пайдаланылган кездеме ЕБнен келип чыкса, кумуляция жоболору аны бенефициар-өлкөдөн келип чыккан катары кароого мүмкүндүк берет, анткени андан аркы өндүрүштүк процесс 78-берененин жоболору боюнча «жетишерлик эместиктин» алкагынан тышкары чыгып кетет. Эки тараптуу кумуляция үчүн пайдаланылган материалдар үчүн ЕБнен келип чыгышты тастыктоо үчүн мындан ары текст боюнча 4.2-пунктун караңыз.

Ушундай эле концепция Норвегиядан же Швейцариядан (келечекте, Түркиядан да) келип чыккан материалдарга карата (айыл чарба өнүмдөрү же тигил же бул чегинүү менен камтылбаган өнүмдөр болуп саналбаган) колдонулат. Ушундай материалдар бенефициар-өлкөдө иштетүүнүн же кайра иштетүүнүн минималдуу деңгээлинен кыйла алдыга өткөндө, алар ошол бенефициар-өлкөдөн келип чыккан болуп саналат жана Ебне, Норвегияга же Швейцарияга (келечекте, Түркияга да) экспорттоолушу мүмкүн (85(2)-берененин караңыз). Жол-жоболор өз ара болуп саналат, ошондуктан келип чыгышы Европа Биримдигинен болгон, бенефициар-өлкөдө иштетүүнүн же кайра иштетүүнүн минималдуу деңгээлинен кыйла алдыга өткөн жана андан кийин Норвегияга же Швейцарияга (келечекте, Түркияга да) эскпорттолгон материалдарга да карата колдонулат.

Регионалдык кумуляция (86 (1) – (6), (9)-берене) Ал ЕБ ПЖТ4 тарабынан таанылган регионалдык топтордун биринин өлкөлөрүнүн

4 Регионалдык топтор (86-беренеде белгиленген):

- I топ: Бруней, Камбоджа, Индонезия, Лаос, Малайзия, Мьянма/Бирма, Филиппиндер, Таиланд, Вьетнам;

- II топ: Боливия, Колумбия, Коста-Рика, Эквадор, Эль-Сальвадор, Гватемала, Гондурас, Никарагуа, Панама, Перу, Венесуэла;

- III топ: Бангладеш, Бутан, Индия, Мальдивы, Непал, Пакистан, Шри-Ланка.

- IV топ: Аргентина, Бразилия, Парагвай, Уругвай.

Page 19: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

1

Расмий эмес котормо

ортосунда колдонулат. Бир эле топтун башка бенефициар-өлкөсүндө иштетилген жана кайра иштетилген, топтун бир өлкөсүнөн келип чыккан материалдар акыркы өлкөдөн келип чыккан болуп саналат. Ошондой эле, кумуляциянын суроо-талабы боюнча жана белгилүү шарттарда I топтун жана III топтун кумуляциясынын айрым өлкөлөрүнүн ортосунда да болушу мүмкүн.

Өлкөлөрдүн белгилүү саны бенефициар-өлкөлөрдүн тизмегинен алынып салынган жана өлкөнүн талаптарына жөн эле ылайык келген катары кала берген, 2014-2023-жылдар мезгилине ПЖТ жаңы схемасына ылайык келиш үчүн Комиссия 2013-жылдын 30-июнундагы № 530/2013 Токтом менен төмөнкүдөй эреже киргизген: «бир эле топтогу өлкөлөрдүн ортосундага регионалдык кумуляция […] кумуляцияга тартылган өлкөлөр өнүмдү Биримдикке экспортто учурунда бенефициар-өлкөлөр болуп саналса гана, колдонулушу керек […]». Ошондой эле, регионалдык кумуляциянын топторуна таандык болуп белгиленген өлкөлөр – бул ПЖТ схемасынын критерийлерине ылайык келген өлкөлөр (алардын айрымы бенефициарлар болуп саналбайт) экендигин эске алуу маанилүү. Регионалдык кумуляция бенефициар-өлкөлөрдүн арасында гана аткарыла турган принцип баардык тартылган өлкөлөр № 530/2013 Токтом (ЕБ) менен киргизилген оңдоолор менен 86 (1)-беренеге ылайык белгилениши керек деген милдеттенмеге кошумча катары сакталыш керек. Ушуга байланыштуу Сингапур Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) кирсе дагы, I регионалдык топто белгиленген эмес, анткени бул өлкө ЕБ ПЖТ схемасынын критерийлерине ылайык келбейт.

Материалдар кошумча түрдө иштетилген же киргизилген бенефициар-өлкөдө иштетүүнү же кайра иштетүүнү өткөрүү жетишерлик эмес иштетүү же кайра иштетүү болуп саналган минималдуу операциялардын алкагынан тышкары чыкса гана, жана текстиль өнүмдөрү боюнча ошондой эле 16-тиркемеде белгиленген операциялардын алкагынан тышкары чыкса, бир эле регионалдык топтогу өлкөлөрдүн ортосундагы регионалдык кумуляция колдонулушу керек.

Жогоруда белгиленген шарт аткарылбаган учурунда, өнүмдөрдүн келип чыгыш өлкөсү болуп регионалдык топтун өлкөсүнөн келип чыккан пайдаланылган материалдардын бажылык наркынын эң чоң үлүшүнө ээ болгон өлкө саналат.

Келип чыгыш өлкөсү ушул усул боюнча аныкталган учурда, мындай өлкө Европа Биримдигине өнүмдү экспорттоочу тарабынан жол-жоболоштурулган же катталган экспорттоочулар тутумун колдонууга чейин экспорттоочу бенефициар-өлкөнүн бийлик-органдары тарабынан берилген келип чыгыш далилинин негизинде келип чыгыш өлкөсү катары белгилениши керек.

13b-тиркемеде белгиленген материалдар, таблицада өнүмдү сыпаттоо сабынын жана регионалдык топтун тилкесинин кесилишинде белги пайда болгон учурда, регионалдык кумуляциядан алынып салынат; мунун себеби болуп төмөнкүлөр саналат:

(a) Европа Биримдигинде колдонулган тарифтик преференция кумуляцияга тартылган баардык өлкөлөр үчүн бирдей эмес; жана

(b) Тийиштүү материалдар кумуляция аркылуу Европа Биримдигине түздөн-түз экспорттоодо алар ала тургандан жагымдуураак тарифтик кумуляциядан арктыкчылыктарды алышы мүмкүн.

Ошентип, товарлар аларды ЕБне экспорттоогон топтун өлкөсүнөн келип чыгышка сөзсүз ээ болушу зарыл эмес. Эгерде ошондой болсо, ЕБ ПЖТ алкагында регионалдык 01.01.2014-жылдан тартып, төмөнкүдөй өлкөлөр бенефициар-өлкөлөр болуп саналбайт: Бруней и Малайзия (I топто); Венесуэла (II топто); Аргентина, Бразилия и Уругвай (IV топто). Бирок бул өлкөлөр өлкөнүн талаптарына ылайык келген болуп саналат, башкача айтканда, алар белгилүү кырдаалдарда/шарттарда кайрадан бенефициар-өлкөлөр боло алышат.

Page 20: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

топтун башка катышуучу-өлкөсү ошол товарлар боюнча чектөөлөрдүн объекти болуп саналаарын аныктоо үчүн сактык кылыш керек. Албетте, өлкөлөр үчүн преференциялар жок кылынышы мүмкүн – бул «преференцияларды жокко чыгаруу» деп аталат - же ПЖТ бенефициар-өлкөсүнөн келип чыккан өнүмдөрдүн конкреттүү категориясы боюнча («ПЖТ тигил же бул бөлүгүнө» ылайык келген) – бул «преференцияларды токтотуу» деп аталат – анда алар Биримдикке импорттолгон өнүмдөрдүн жалпы маанисинен белгилүү пайыздан ашат (толугураак маалымат алуу үчүн тийиштүү түрдө ПЖТ Регламентинин 19- жана 8-беренелерин караңыз). Мисал: В өлкөсүндө А өлкөсүнөн (ошол эле регионалдык топтун мүчөсү болуп саналган) келип чыккан кездемеден өндүрүлгөн көйнөк (ШТ 6205 боюнча классификацияланган) кездеменин көлөмү көйнөктүн наркынан 47,5%дан кем эмесин түзсө, В өлкөсүнөн келип чыгышы керек, болбосо көйнөк А өлкөсүнөн келип чыгышы керек. Экинчи учурда, В өлкөсүнүн берген органы ушул көйнөк А өлкөсүнөн келип чыккандыгын белгилеген А формасы боюнча келип чыгыш сертификатын бериш керек. Мисал: А өлкөсүнөн келип чыккан өнүмдөр В өлкөсүнө экспорттолот (наркы: €900), ал жерде алар В өлкөсүнөн келип чыккан, С өлкөсүнө экспорттолгон өнүмдү (наркы: €2,000) өнүмдү өндүрүү үчүн пайдаланылат. С өлкөсүндө аларга D өлкөсүнөн болгон компонеттер киргизилет (наркы: €3,0000. Акыркы өнүм С өлкөдөн келип чыгыш менен ал жерден Европа Биримдигине экспорттолот. Мындан ары текст боюнча регионалдык кумуляцияда пайдаланылган материалдар үчүн регионалдык келип чыгышты тастыктоо жөнүндө 4.2-пунктту караңыз.

Эки тараптуу да, регионалдык кумуляциянын жоболору айкалаштырылып пайдаланышы мүмкүн (87-берене).

Мисал: сааттар (ШТ 91-главасы) ЕБнен келип чыккан импорттолгон материалдардан (чийки зат, тетиктер ж.б.) жана ошол эле регионалдык топтун башка мүчө-мамлекеттеринен келип чыккан материалдардан өндүрүлөт. Өндүрүлгөн өнүм келип чыгыш статусун алыш үчүн өткөрүлүшү келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон материалдар менен зарыл болгон иштетүүнүн же кайра иштетүүнүн тизмегинде баардык пайдаланылган импорттолгон материалдардын (чийки зат, тетиктер ж.б.) наркы ошол сааттардын дүң-сатылуучу баасынан 70%дан ашпаса, өндүрүлүп жаткан өнүм бенефициар-өлкөдөн келип чыгат, деп айтылган. Башкача айтканда, бенефициар-өлкөдө кошумча нарк жок дегенде 30%ы түзүшү керек. Эгерде мындай материалдар (же алардын бөлүгү) жетишерлик иштетилсе (тийиштүү бенефициар-өлкөдө келип чыгыш статусун алуу үчүн), башка материалдарды үчүнчү өлкөдөн импорттоосо болот. Демөөрчү-өлкөнүн жана регионалдык кумуляциянын контентинин аркасында талап кылынган критерийге ылайык келүү мүмкүн, анткени алгачкы материалдар акыркы чогултуунун бенефициар-өлкөсүнөн келип чыккандай болуп саналат.

Кеңейтилген кумуляция (86 (7) – (8), (9) – берене)

Кеңейтилген кумуляция – бул бенефициар-өлкө тарабынан берилген суроо-талаптан кийин Комиссиядан уруксат алынганда жарамдуу болуп саналган жана Европа Биримдигинин Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунун (ГАТТ) XXIV беренсине ылайык эркин соода жөнүндө колдонуудагы макулдашуусу бар өлкөдөн келип чыккан айрым материалдар ошол өлкөдө өндүрүлгөн өнүмдү кайра иштетүүдө же киргизүүдө (тийиштүү бенефициар-өлкөдө өткөрүлгөн иштетүү же кайра иштетүү 78 (1)-беренеде белгиленген операциялардын алкагынан тышкары чыгышы керек) тийиштүү бенефициар-өлкөдөн келип чыккан материалдар болуп саналган тутум.

Page 21: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

Ушул кумуляциянын колдонулушу үчүн төмөнкүдөй кадамдар жасалышы керек:

1) Кызыкдар болгон бенефициар-өлкө Европалык Комиссияга жазуу жүзүндө суроо-талап бериши керек. Бул суроо-талап эркин формада даярдалса болот, анткени мыйзамдарда кандайдыр бир шаблон каралган эмес. Ошого карабастан, 86(7)-беренеде белгиленген (сайтта жеткиликтүү, Комиссиянын (ЕБ) № 1063/2010 жана 530/2013 Токтомдору менен киргизилген оңдоолор менен Комиссиянын (ЕЕБ) № 2454/93 Токтому), өзгөчө кумуляцияга байланыштуу материалдар жөнүндө маалыматты ЕБне берүүгө тийиштүү маалыматты камтышы керек. ШТ 1 тартып 24-главаларына туура келген материалдар кеңейтилген кумуляциядан чыгарылат.

2) Кеңейтилген кумуляцияга тартылган өлкөлөр административдик кызматташуунун талаптарына ылайык келиши керек.

a) Ушуга байланыштуу, а дегенде, тартылган өлкөлөр Европалык Комиссияга алардын аймактарында жайгашкан, келип чыгыштын тийиштүү далилдерин берүү (келечекте, экспорттоочуларды каттоо) боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын аттарын, даректерин жана ачылган үлгүлөрүн билдиргендигин текшерүү жана келип чыгыш далилдерин текшерүү маанилүү.

b) Европа Биримдиги колдонуудагы эркин соода жөнүндө макулдашууну түзгөн жана бенефициар-өлкө менен кеңейтилген кумуляцияга катышууга макул болгон өлкө, ошондой эле ага эркин соода жөнүндө макулдашуунун тийиштүү жоболоруна ылайык мүчө-мамлекеттердин бажы органдары колдоо көрсөткөндөй эле административдик кызматташуу маселелери боюнча өз колдоосун көрсөтүүгө макул болушу керек (катталган экспорттоочулардын тутумун пайдаланууга чейин (2017-жылдын 1-январынан эрте эмес) колдонулган 97u (2)-беренени же катталган экспорттоочулардын тутумун пайдалануунун башында колдонулган 97g (1)-беренени караңыз.

Ошентип, кумуляцияга катышкан өлкөлөрдүн ПЖТ келип чыгыш эрежелерин сактоого жана келип чыгыш эрежелерин конкреттүү ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн Европа Биримдигине карата да, алардын ортосунда да зарыл административдик кызматташууну көрсөтүүгө милдеттенме алуусу талап кылынса (86 (7)-беренени караңыз), баардык тараптар менен жактырылган бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме тийиштүү бенефициар-өлкө тарабынан Европа Биримдигине тийиштүү түрдө берилиши керек. Эгерде сиз кеңейтилген кумуляцияга өзгөчө кызыкдар болсоңуз, Комиссия милдеттенменин долбоорун бере алат.

3) Тартылган өлкөлөр 86(8)-беренеде баяндалган, Европа Биримдигине экспорттолууга жаткан пайдаланылган материалдардын жана өнүмдөрдүн келип чыгышына карата талаптарды, ошондой эле колдонулуп жаткан келип чыгыштын документардык далилин эске алышы керек.

4) Бенефициар-өлкөдөн кумуляциянын тийиштүү өлкөлөрү тарабынан жактырылган милдеттенме менен чогуу суроо-талапты алгандан кийин Европалык Комиссия ошол суроо-талапты карайт. Баардык шарттарга ылайык келишин текшерүүдөн кийин ал чечим чыгарат, ал жөнүндө арыз ээси кабардандырылат.

5) Катталган экспорттоочулар тутумун колдонууга чейин кеңейтилген кумуляцияны берүүдө жана колдонууда өндүрүшүтө кумуляцияга жол берилген тараптан келип чыккан материалдар пайдаланылган өнүмдөр үчүн А формасы

Page 22: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

боюнча келип чыгыш жөнүндө сертификат берүү үчүн кайрылуучу бенефициар-өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары экспорттоочунун жөнөтүүчүсү тарабынан берилген жана Европа Биримдиги жана тийиштүү өлкө ортосунда эркин соода жөнүндө тийиштүү макулдашуунун жоболоруна ылайык берилген келип чыгыш далилин жетекчиликке алышы керек. Кеңейтилген кумуляция учурунда 97m (5)-беренеге ылайык А формасындагы келип чыгыштын 4-графасы «х өлкөсү менен кеңейтилген кумуляция» көрсөтмөсүн камтышы керек. Ушундай эле жактыруу 97m-беренеге ылайык экспорттоочулар тарабынан өндүрүлгөн эсеп-фактуралардын декларациясы боюнча да болушу керек.

Региондор аралык кумуляция (86 (5) - (6), (9)-берен)

Кумуляциянын бул тиби кеңейтилген кумуляциянын эле принциптерине негизделет: анын максаты коңшу I жана III региондордон болгон өлкөлөргө бир эле регионго таандык болгондой эле, кумуляция алкагында пайдаланууга мүмкүндүк берүү. Принциптер өтө окшош: кумуляция тутумун белгилөөнү каалаган өлкөлөр тарабынан биргелешип даярдалган жазуу жүзүндөгү табыштамага Комиссия тарабынан уруксат берилгенде, региондор аралык кумуляция жарамдуу болуп саналат. Кеңейтилген кумуляция боюнча материалдар идентификацияланууга тийиш, ал эми андан кийинки кайра иштетүү өлкөсүндөгү кумуляция төмөнкүдөй учурларда гана иштей алат:

- ушул акыркы өлкөдө өткөрүлүп жаткан иштетүү же кайра иштетүү минималдуу операциялардын алкагынан тышкары чыкса (№ 2454/93 Токтомдун 78-беренесинде сыпатталгандай), жана

- жогоруда белгиленгендей, баардык өлкөлөр бенефициар-өлкөлөр болуп кала берет.

Кеңейтилген кумуляцияда болгондой эле, региондор аралык кумуляцияга катышкан өлкөлөр Комиссияга биргелешкен милдеттенме бериши керек, анда алар ПЖТ келип чыгыш эрежелерин сактоого жана бири бирин зарыл административдик кызматташуу менен камсыз кылууга милдеттенишет.

Комиссия өз чечимин ички текшерүүдөн кийин жана акттын долбоору боюнча ЕБ мүчө-мамлекеттери менен консультациялоодон кийин кабыл алат. Уруксат берүү зарыл болуп саналган кандайдыр бир талаптарды аткаруу шарты менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Кумуляциянын ушул тибине (ошондой эле кеңейтилген кумуляцияга) арыз ээлери болуп өкмөттөр деңгээлинде өлкөлөр гана болушу мүмкүн, жана жеке компаниялар мындай суроо-талаптарды берүүгө укугу жок экендигин эскертип кетүү керек.

2.8 ЕБ ПЖТ ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ ДАГЫ ЭМНЕ БИЛИШИМ КЕРЕК?

Квалификациялык бирдик (80-берене): б.а. келип чыгыш максаттары үчүн бирдик. Бул классификацияны ШТ номенклатурасын пайдалануу менен аныктоодо пайдаланылган негизги бирдиктей эле. Ошондуктан, товарлардын партиясы бир эле позиция боюнча классификацияланган бирдей өнүмдөрдүн катарынан турса, ар бир өнүм өз өзүнчө каралышы керек. Эгерде таңгак классификациялык максаттар үчүн өнүмгө кошулса, анда ал келип чыгыш максаттары үчүн да кошулат.

Аксессуарлар, тетиктер жана аспаптар (81-берен): эгерде жабдуунун, машинанын, түзүлүштүн же унаа каражатынын бөлүгү жана жөнөкөй жабдуунун бөлүгү менен бирге жөнөтүлсө жана алардын наркынан кошулган болсо же өзүнчө эсеп берилбесе, алар каралып жаткан жабдуунун, машинанын, түзүлүштүн же унаа каражатынын бөлүгү менен бирге бүтүн катары каралат.

Товарларды комплекттери (82-берене) – адаттагыдай, комплектти түзгөн баардык компоненттер келип чыгыш өлкөсүнөн келип чыкканда келип чыгыш өлкөсүнөн болгон өнүмдөр. Ошого карабастан, эгерде комплект келип чыгыш

Page 23: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

өлкөсүнөн болгон жана келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон өнүмдөрдөн турса, бул комплект анын компоненттеринин жалпы наркы комплекттин дүң-сатылуучу баасынан 15%дан ашпаганда, келип чыгыш өлкөсүнөн болуп саналышы мүмкүн.

Мисал: аялдар блузкасы (наркы €30) жана юбка (наркы €30) бенефициар-өлкөдөн келип чыккан жана үчүнчү өлкөдөн импорттолгон шарф менен (наркы €2) комплект түзөт. Үч предметтен турган комплекттин наркы €62, бул ал бенефициар-өлкөдөн келип чыккандыгын билдирет, анткени €2 шарфтын наркы баардык комплекттин наркынан 4%дан кемин түзөт ((€2.48).

Нейтралдуу элементтер (83-берене): тигил же бул өнүм келип чыгыш өлкөсүнөн келип чыккандыгын аныктоо үчүн товарларды кайра иштетүү үчүн пайдаланылган энергиянын, жабдуунун же аспаптардын келип чыгышын кароо сөзсүз эмес (бирок кандай болбосун пайдаланылган отундун наркы товардын дүң-сатылуучу баасына салым кошот).

2.9 КЕЛИП ЧЫГЫШ ЭРЕЖЕЛЕРИНДЕ КАНДАЙДЫР БИР ЖЕӉИЛДИКТЕР БАРБЫ?

Толеранттуулук эрежеси (79-берене) Келип чыгыш өлкөсүнөн эмес болгон материалдар алардын жалпы наркы төмөнкүлөрдөн ашпаса, жетишерлик иштетүү же кайра иштетүү тизмегиндеги эрежени аткарбоо учурунда да ушул өнүмдү өндүрүүдө пайдаланылышы мүмкүн:

(a) 16-главадагы балык өнүмдөрүн иштетүүдөн тышкары, 2- жана 4-24-главаларга туура келген өнүмдөр үчүн өнүмдүн салмагынан 15 %дан;

(b) 13а-тиркеменин I бөлүгүнүн 6- жана 7-эскертүүлөрүндө белгиленген толеранттуулук колдонулушу керек болгон Шайкештелген тутумдун 50-63-главаларына туура келген өнүмдөрдөн тышкары, башка өнүмдөр үчүн өнүмдүн дүң-сатылуучу баасынан 15%дан.

Толеранттуулук эрежеси толугу менен бенефициар-өлкөдө алынган өнүмдөргө карата колдонулбашы керек. Ошого карабастан, минималдуу операцияларга жана квалификациялык бирдикке тийиштүү (78- жана 80(2)-беренелер) жоболорго зыянсыз, толеранттуулук эрежеси тигил же бул өнүмдү өндүрүүдө пайдаланылган жана ушул өнүм үчүн 13а-тиркемеде белгиленген эреже колдонулган баардык материалдардын суммасына карата колдонулушу керек, ошондой материалдар толугу менен алынган болгондукту талап кылат.

Мисал: куурчак (ШТ 9502 боюнча классификацияланган) ар кандай позициялар боюнча классификацияланган кандай болбосун импорттолгон материалдардан өндүрүлгөн болсо, талаптарга жооп берет. Бул бенефициар-өлкөдө өндүрүүчү ШТ башка главаларында классификацияланган, пластик, кездеме ж.б. сыяктуу чийки затты импорттоону билдирет. Бирок, куурчактын бөлүктөрүн пайдалануу (мисалы, куурчактын көздөрүн) көбүнчө мүмкүн эмес, анткени алар бир эле позиция (ШТ 9502) боюнча классификацияланат. Ошого карабастан, толеранттуулук эрежеси ошол бөлүктөрдү, эгерде алар куурчактын наркынан 15%дан көп эмесин түзсө, пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Четтөөлөр (89-берене).Четтөөлөр бенефициар-өлкөлөргө Комиссиянын демилгеси боюнча же бенефициар-өлкөдөн келген суроо-талапка жооп катары берилиши мүмкүн, эгерде: (a) ички же тышкы факторлор ал ага чейин колдонулуп жаткан келип чыгыш

Page 24: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

эрежелерин сактоого убактылуу мүмкүндүк бербей жатса, же (b) келип чыгыштын «нормалдуу» эрежелерин сактоого даярдануу үчүн ага убакыт

талап кылынса.

Жазуу жүзүндөгү четтөөгө суроо-талап Комиссияга жөнөтүлөт. Анда 1-пунктка ылайык четтөө талап кылынып жаткан себептер белгиленет жана тийиштүү коштоочу документтер камтылат.

Четтөө берилген учурда шарттарга ылайык келиши жана чектелген мөөнөттүн ичинде колдонулушу керек (бирок анын негиздемеси сакталганда узартылышы мүмкүн). Импорттун жеңил идентификациялоосун камсыз кылуу үчүн “Четтөө-№ …./…. Токтом (ЕБ)» деген фраза келип чыгышты тастыктоодо дайыма белгилениши керек (REX тутумунда ишке ашырылууну күтүп жаткан А формасынын 4-графасында). Бул талаптын аткарылбашы товарлар четтөөгө ылайык каралбайт дегенди билдирет. Мындан тышкары, четтөөлөр сандык чектөөлөрдүн объекти болуп саналгандыктан, товарлар башка жоболордун алкагында келип чыгыш статусун ала албаса гана, алар колдонулушу керек. Мисалы, эгерде экспорттоого жаткан товарлар регионалдык кумуляциянын келип чыгыш талаптарына ылайык келсе, анда четтөө-токтомду пайдалануунун кажети жок.

Мисал: Кабо-Вердеден келип чыккан айрым иштетилген балык өнүмдөрү боюнча четтөө ошол өлкөгө анын суроо-талабына жооп катары берилген, анткени анын өндүрүшү нормалдуу критерийлерге (баардык балык жана балык өнүмдөрү толугу менен алынган болуп саналган өндүрүш) ылайык келүүгө мүмкүндүк берүү үчүн жетишерлик эмес өнүккөн болчу. Ошентип, четтөөнүн алкагында өлкөнүн өндүрүүчүлөрү импорттолгон (келип чыгыш өлкөсүнөн эмес) чийки балыкты Европа Биримдигине импорттоодо ПЖТ преференциалдык режиминин критерийлерине андан ары ылайык келген кайта иштетилген балык өнүмдөрүн өндүрүүдө пайдаланууга укуктуу болушкан. Колдонулган четтөөлөрдүн майнаптуу мониторингин жүргүзүү үчүн Комиссия четтөөлөр алкагында берилген А формасы боюнча деталдарды алышы керек. № 439/2011 Токтомду (ЕБ) (ЕБ расмий бюллетени L 119, 7.5.2011, 1-бет) жана № 440/2012 Токтомду (ЕБ) (расмий бюллетени L 135, 25.5.2012, 39-бет).

2.10 МЕН ТОЛУК ИШЕНИЧТЕ БОЛБОСОМЧУ? КЕЛИП ЧЫГЫШ ЖӨНҮНДӨ МИЛДЕТТҮҮ МААЛЫМАТ (КММ)

Эгерде юридикалык текстти жана бар болгон колдонмолорду (ушул Колдонмону жана улуттук бажы органдары тарабынан басып чыгарылган материалдарды) изилдөөдөн кийин сиз өз өнүмдөрүңүз тууралуу дагы эле күмөн санап жатсаңыз, же сиз жөн эле укуктук ачык-айкындык алууну кааласаңыз, сиз келип чыгыш жөнүндө милдеттүү маалымат (КММ) тууралуу чечим үчүн кайрылсаңыз болот. Өтүнүч, ошол чечим үчүн кайрылууга укук алуу үчүн сиз суроо-талабыңыз иш жүзүндө ЕБде каралган импорттук же экспорттук операцияга байланыштуу экендигин көрсөтүшүңүз керек экендигин эске алыңыз. КММ экспорттук да, импорттук да операциялар үчүн да берилиши мүмкүн. Эгерде импорттолуучу жана экспорттолуучу товарлар, ошондой эле келип чыгыш статусун алууну жөнгө салган шарттар КММда сыпатталган критерийлерге толугу менен ылайык келсе, алар берилген датадан кийин 3 жылдын ичинде Европа Биримдигинин баардык бажы органдары тарабынан аткарылууга жатат. Алар туура эмес же толук эмес маалыматтын негизинде берилгендиги белгилүү болсо, алар жооко чыгарылышы мүмкүн, же, мисалы, мыйзамдардын андан кийинки өзгөртүлүшү болсо, чакыртып алынышы же өзгөртүлүшү мүмкүн.

Page 25: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

Табыштама жазуу жүзүндө мүчө-мамлекеттердин же маалыматтын пайдаланылышы пландаштырылып жаткан мүчө-мамлекеттердин компетенттүү бажы органдарына же арыз эсси катталган мүчө-мамлекеттин компетенттүү бажы органдарына жөнөтүлүшү керек. КММ берүү үчүн жооптуу органдардын тизмеги ЕБ расмий бюллетенинде жарыяланат (OJ C 329, 24.12.2008, 10-бет).КММнын бар болушу мындан ары 4-бөлүктө сыпатталгандай, сизди келип чыгыш далилин берүү талабынан бошотпойт.

Page 26: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3-бөлүм – Аймактык талаптар жана манипуляциянын жоктугу

2

Расмий эмес котормо

Бенефициар-өлкөнүн аймагынан тышкары (кумуляцияга зыянсыз) жерде иштетүүгө же кайра иштетүүгө жол берилбейт. Экспорттолгон, андан кийин кайта кайтарылып келген келип чыгыш өлкөсүнөн болгон товарлар, эгерде алар экспорттолгон эле товарлардай экендигин жана аларды жакшы абалда сактоо үчүн зарыл операциялардын алкагынан тышкары чыккан кандайдыр бир операцияларга тартылбагандыгын көрсөтүүгө мүмкүн болсо гана, келип чыгыш өлкөсүнөн келип чыккан болуп саналат. Эркин зоналар – келип чыгыш максаттары үчүн тигил же бул өлкөнүн аймагынын бөлүгү. Бул бенефициар-өлкөнүн эркин зонасында өндүрүлгөн товарлар ЕБ ПЖТдан артыкчылык ала алышат дегенди билдирет, бирок бул үчүн алар келип чыгыш критерийине ылайык келиши керек.

Мурда бар болгон түздөн-түз ташуу эрежеси 2011-жылдын 1-январынан тартып № 1063/2010 Токтомдун 74-беренесинде сыпатталган манипуляциялардын жоктугунун кыйла ийкемдүү принциби менен алмаштырылган. Европа Биримдигинде эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган өнүмдөр алар келип чыккан болуп саналган бенефициар-өлкөдөн экспорттолгон өнүмдөрдөй эле болушу керек. Алар эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга чейин өзгөртүлбөшү, трансформацияланбашы же аларды жакшы абалда сактоо үчүн операциялардан айырмаланган операцияларга тигил же бул ыкма менен тартылбашы керек. Өнүмдөрдү же жүктөрдүн партияларын сактоо жана жүктөрдү бөлүү экспорттоочунун жоопкерчилиги алдында жана транзит өлкөсүндө (өлкөлөрүндө) бажы контролунун алдында сактоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде бажы органдарынын тескерисинче эсептөөгө негиздери болбосо, буга чейинки пункттун сакталышы аткарылган болуп саналат; мындай учурларда бажы органдары декларанттан ылайык келүүнүн далилдерин талап кылышы мүмкүн, алар кандай болбосун каражаттар менен берилиши мүмкүн, анын ичинде унаалык коштомо каттар же таңгактардын маркирлөөсүнө же номурланышына негизделген иш жүзүндөгү же конкреттүү далилдер же товардын өзүнө байланыштуу кандайдыр бир далилдер сыяктуу контракттык унаалык документтер болууга тийиш.. Бул эрежелер 84-, 85- же 86-беренелер боюнча кумуляция колдонулган учурда зарыл өзгөртүүлөр менен колдонулат. Түздөн-түз ташуунун буга чейинки талабынын жана манипуляциялардын жоктугунун ортосундагы маанилүү айырмачылык берилүүгө зарыл болгон документардык далилде турат. 2010-жылдын 31-декабрына чейин, транзит өлкөсү бир эле регионалдык топтун өлкөлөрүнүн бири болуп саналган учурлардан тышкары, товарлар башка өлкө аркылуу ташылган баардык учурларда түздөн-түз ташуу менен импорттоочу товарлар ал жерде (транзит өлкөсүндө) жүк түшүрүүдөн, кайта жүктөөдөн же аларды жакшы абалда сактоо үчүн багышталган кандайдыр бир операциядан айырмаланган кандайдыр бир операцияларга тартылбагандыктын документардык далилдерин ЕБне берүүгө тийиш. Белгиленген документардык далилдердин түрлөрү мыйзамда так аныкталган. Манипуляциялардын жоктугу жөнүндө жаңы эскертүү, эгерде бажы органдарынын тескерисинче эсептөөгө негиздери болбосо, априори аткарылган болуп саналат; мындай учурларда бажы органдары декларанттан ылайык келүүнүн далилдерин талап кылышы мүмкүн, алар кандай болбосун каражаттар менен берилиши мүмкүн.

Page 27: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4-бөлүм – 2017-жылга чейин колдонулган жол-жоболорго ылайык келип чыгыш далили (документтештирүүгө карата талаптар)

2

Расмий эмес котормо

4.1 “КЕЛИП ЧЫГЫШ ДАЛИЛИ” ДЕГЕН ЭМНЕ?

Паспорт адамдын жарандыгынын далили болуп саналгандай эле, келип чыгыш жөнүндө сертификат товарлар келип чыгыш эрежелерине ылайык келгендигинин далили жана тигил же бул өнүмдүн экономикалык жарандыгынын тастыктоосу болуп саналат.

4.2 ЕБ ПЖТ КЕЛИП ЧЫГЫШ ДАЛИЛИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

ЕБ ПЖТ контекстинде5 пайдаланылган үч негизги форма бар: ЕБне импорттоодо жана регионалдык кумуляцияда келип чыгышты далилдөө үчүн пайдаланылган А формасы боюнча келип чыгыш сертификаты, жогоруда 2.7-пунктту караңыз (972-берене жана 17-Тиркеме)6.

ПЖТ анча эмс баалуу экспорту үчүн пайдалана турган эсеп-фактуранын декларациясы (97m-берене жана 18-Тиркеме).

Пайдалана турган ЕСR1 жылдыруусу жөнүндө күбөлүк, ошондой эле товарлар эки тараптуу кумуляция контекстинде ЕБнен бенефициар-өлкөлөргө экспорттолсо, эсеп-фактуранын декларациясы (97v-Берене жана 21-Тиркеме).

Алар IV толуктоодо камтылган. Алар кантип толтурулгандыгы жана берилгендиги жөнүндө маалымат үчүн мындан ары текст боюнча 5- жана 6-бөлүмдөрдү караңыз. 2017-жылдан тартып жана андан кийин, катталган экспорттоочулар тарабынан жасалган келип чыгыш жөнүндө арыз ЕБ ПЖТ схемасынын максаттары үчүн келип чыгыш далилинин жаңы стандартын камтышы керек (6.3-бөлүм).

4.3 УШУЛ ДОКУМЕНТТЕР КАНТИП КОЛДОНУЛАТ?

А формасы жана эсеп-фактуранын декларациясы ЕБне импорттоочулар тарабынан товарларды жеңилдетилген бажы чендери боюнча (көбүнчө нөлдүк) импорттоого алардын суроо-талаптарын колдоого далил катары ПЖТ боюнча импорттоого пайдаланылат. Ошондуктан, алар маанилүү документ болуп саналат жана ЕБ бошоткон бажы алымынын суммасына барабар баалуулугу бар. Бул мааниде алар чекке, банкнотага же банктык траттага окшош функцияны аткарат жана ошондой эле сыпайы менен каралышы керек. А формасы банкнотундай эле абдан так өзгөчөлүктөр менен (өң жана фондук сүрөт) (17-тиркемени караңыз) басып чыгарылышы керек жана чектей же банктык траттадай эле, ал кылдаттык менен толтурулушу керек. А формасын толтуруу боюнча Колдонмо

5 Катталган экспорттоочулар тутумунун алкагында берилген келип чыгыш жөнүндө арыз 2017-жылдан тартып колдонула баштайт (6-бөлүмдү караңыз) жана далилдердин үч белгиленген формасын алмаштырат. 6 17-тиркемедеги үлгүнүн арт жагында 2007-жылдын билдирүүлөрү камтылган. ЮНКТАД (А формасы үчүн жооптуу) аларга өзгөртүүлөр үч жолу киргизген (ЕБ кеңейтүү үчүн 2004-жылы, 2007-жылы, 2005-жылы – Түркияны эсепке алуу үчүн). Жаңы өзгөртүү 2013-жылдын 1-июлунда Хорватиянын ЕБне кошулуусун эсепке алуу үчүн өткөрүлүшү керек. 17-тиркеме 2007-жылдын өзгөртүүлөрүн чагылдыруу жана 2013-жылдын июлуна карата абал боюнча ЕБдин курамын чагылдырылган оңдоолорду ага киргизүү үчүн өзгөртүлгөндүгүнө карабастан, ЕБ мүчө-мамлекеттери акыркыларды (2007 жана 2013-жылдар) кабыл алып жатат жана буга чейинки версияларды кабыл алууну улантууда. Билдирүүлөрдүн баардык версиялары баардык 28 мүчө-мамлекеттерде кабыл алынгандыгын белгилөө керек.

Page 28: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

мындан ары 5.6-пунктунда берилген. А формасы келип чыгыш жоболорунун регионалдык кумуляциясын колдонуунун максаттары үчүн келип чыгыш далили катары да колдонулат (2.7-пунктун караңыз). Регионалдык топто А өлкөсүнөн келип чыккан товарлар, эгерде алар В өлкөсүнө (бир эле регионалдык топтун) экспорттолуп жатса, ЕБне экспорттоонун алдында андан кийинки кайра иштетүү үчүн А формасы боюнча келип чыгыш сертификаты менен коштолушу керек (72а(4)-берене). Эсеп-фактуранын декларациясы да абдан так туюнтмалоого ылайык келиши керек (18-тиркемени жана андан ары караңыз) жана эгерде экспорттолуучу товарлар аз баалуу болсо, бенефициар-өлкөлөрдө экспорттоочулар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн (кошумча маалымат үчүн андан ары 5.12-пунктун караңыз). ЕСR.1 жылдыруусу жөнүндө күбөлүк ЕБнин, ошондой эле Норвегиянын же Швейцариянын экспорттоочулары тарабынан, алар эки тараптуу кумуляциянын максаттары үчүн товарларды келип чыгыш өлкөлөрүнөн бенефициар-өлкөлөргө жөнөткөндө, пайдаланылат. Эгерде ЕБнен келип чыккан экспорттолчу материалдар же бөлүктөр ЕБ ПЖТ, Норвегиянын, Швейцариянын же Түркиянын тийиштүү схемаларынын алкагында келип чыгыш өлкөсүнүн өнүмү катары ЕБне (же болбосо Норвегияга же Швейцарияга, же келечекте Түркияга) экспорттоого жаткан өнүмгө кошуу үчүн ПЖТ бенефициар-өлкөгө экспорттолсо, «Бекитилген экспорттоочулар» болуп саналган ЕБнин экспорттоочулары эсеп-фактураларын (ЕСR.1 жылдыруусу жөнүндө күбөлүктүн ордуна) пайдаланса болот.

«Бекитилген экспорттоочулар» болуп саналбаган ЕБнин экспорттоочулары анча эмес баалуу жүктөр үчүн гана эсеп-фактурасынын декларациясын пайдаланса болот (5.12-пункт). Болбосо, алар ЕСR.1 жылдыруусу жөнүндө күбөлүктү пайдаланышы керек.

Эсеп-фактурасынын декларациясынын тексти (француз жана англис тилдеринде) болот:

Page 29: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

2

Расмий эмес котормо

4.4 КЕЛИП ЧЫГЫШ ЖӨНҮНДӨ ДАЛИЛДИН КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ КАНДАЙ?

ЕБ ПЖТ алкагында А формасы боюнча келип чыгыш жөнүндө сертификат жана ЕСR.1 жылдыруусу жөнүндө күбөлүк экспорттоочу-өлкөдө берилген датадан тартып 10 айдын ичинде гана жарамдуу (97k-берене) болот. Алар ошол мөөнөттүн ичинде импорттоочу-өлкөнүн бажы органдарына берилиши керек. Ошого карабастан, жарамдуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин импорттоочу-өлкөнүн бажы-органдарына берилген келип чыгыш далилдери, эгерде алар өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу өз убагында берилбей калса, тарифтик преференцияларды колдонуу максаттары үчүн кабыл алынышы мүмкүн. Кечигип берүүнүн башка учурларында, товарлар акыркы датага чейин берилген болсо, алар кабыл алынышы мүмкүн. Белгилүү кырдаалдарда, айрым чачылган же чогултулбаган өнүмдөр болгон учурларда же товарлар зор коммерциялык баалуулуктун тез-тез болгон жана үзгүлтүксүз соода агымдарынын алкагында (97о-берене), жүктүн биринчи партиясын импорттоодо импорттоочу келип чыгыштын бир далилин берүүнү талап кыла алат. Бажы органдары шарттарды белгилейт. Акыркы учурда, жол берилген мөөнөт үч айдан ашпоого тийиш, ал эми товарлар ошондой эле CN 8 сандык коду боюнча классификацияланган ошол эле сатып алуу-сатуу келишиминин предмети болушу керек (экспорттоочу-өлкөдө же Европа Биримдигинде түзүлгөн тараптар), ошол эле экспорттоочудан гана келип түшүшү, ошол эле импорттоочу үчүн багышталышы, жана Европа Биримдигинин ошол эле бажы органы үчүн билдирилиши керек.

Page 30: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

5-БӨЛҮМ. БЕНЕФИЦИАР-ӨЛКӨЛӨРДӨ ЭСКПОРТТООЧУЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

5.1 ЭМНЕ ҮЧҮН БЕНЕФИЦИАР-ӨЛКӨНҮН ЭКСПОРТТООЧУСУ КАТАРЫ МЕН ҮЧҮН КЕЛИП ЧЫГЫШТЫН ЭРЕЖЕЛЕРИН ЖАНА ДОКУМЕНТТЕШТИРИЛГЕН ЖОЛ-ЖОБОЛОРДУ БИЛИШИМ МЫНДАЙ МААНИЛҮҮ?

Сиздин өлкөӊүздүн бийлик органдары A формасын берүүнүн алдында баардыгы жайында экендигин, тийиштүү товарлар келип чыгыш өлкөсүнөн экендигин тастыктап бериши зарыл. Бирок, ошондой эле, ЕБ ПСЖ иштетүүсүн жөнгө салуучу эрежелер бар, алар Европа Биримдигинин импортоочу мүчө-мамлекетинин бажы органдарынан экспорттоочу-өлкөнүн бийлик органдары ПСЖ боюнча Европа Биримдигине экспорттолгон товарларга утурум текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө талап кылуу керек. Эгер экспорттолгондон кийинки же кийинки (posteriori – француз тилинен) тастыктоонун текшерүүсү сиздин товарларыӊыздын келип чыгыш эрежелерине ылайык келбегендигин көрсөтсө, анда Европа Биримдигиндеги сиздин кардар бажы алымын толугу менен (жеӊилдетилбеген) төлөп берүүгө тийиш. Эгерде мындай болуп жатса, анда сизден ордун толтуруу талаптары же жөнөтүлгөн товарларга төлөбөндүк менен кездешүүгө мүмкүн. Сиз келечектеги бизнестен айрылып калышыӊыз мүмкүн, анткени кардарлар сизден сатып алган товарларга төлөөгө күтүлбөгөн суроо-талаптар тобокелдигине дуушар болгусу келишпейт.

Ошондуктан, сиз товар келип чыгыш эрежелерин түшүнгөнүӊүздү жана аларды туура колдонгонуӊузду өзүӊүздүн кызыкчылыгыӊыз үчүн ЫНАНЫШЫӉЫЗ КЕРЕК.

5.2 МЕНИН ТОВАРЛАРЫМ КЕЛИП ЧЫГЫШТЫН ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ ЫЛАЙЫК КЕЛСЕ, АНДАН АРКЫ АРАКЕТТЕРИМ КАНДАЙ БОЛОТ?

Ушул колдонмонун 2-бөлүмү ар кандай типтеги товардын келип чыгышынын кеӊири сыпаттамасын берет. Кыскача, келип чыгыш өлкөнүн өнүмү (б.а. келип чыгыш эрежелерин канааттандыруучу өнүм) – бул«толугу менен алынган» өнүм; бул термин 2.3.-пунктта аталган өнүмдөргө гана караӊызта колдонулат;же толугу менен алынбаган, бирок «жетиштүү иштетүүнү же кайра иштетүүнү өткөн» материалды же бөлүктөрүн камтыган өнүм

Сиздин товарлар «келип чыгыш өлкөнүн өнүмү» экендигин аныктоо үчүн сиз төмөнкүдөй кадамдарды алдын ала алышыӊыз керек:

1-кадамСиздин өнүмдөр «толугу менен алынган» экендигин аныкташыӊыз керек (2.3-

пункттарды караӊыз). Эгерде ошондой болсо, анда алар келип чыгыш өлкөдөн болот. Эгерде болбосо, анда 2-кадамга өтүӊүз 2-кадам

ШТдун кайсы төрт сандык позициясы сиз тараптан экспорттолуучу өнүмдү камтыгандыгын белгилеӊиз. Эгерде күнөм санасаӊыз, анда А формасы боюнча келип чыгыш товардын тастыктамасын берүүгө жооптуу болгон өзүӊүздүн бажы органыӊызга же компетенттүү улуттук органга кайрылыӊыз.3-кадамСиздин өлкөдө жүргүзүлгөн иштетүү же кайра иштетүү 78-беренеде (2.5-пунктту караӊыз) аталган минималдуу процесстерге киргендигин белгилеӊиз. Эгерде кирсе, анда өндүрүлүүчү товарлар келип чыгыш өлкөнүн товарлары деп эсептелбейт. Эгерде жүргүзүлгөн иштетүү же кайра иштетүү минималдан кем эмес болсо, 4-кадамга өтүӊүз.

Өзүӊүздүн кардарларыӊызга жеӊилдетилген тарифтик режимди алар талап кыла алгандыгын айтпаӊыз, же сиз тараптан экспорттолуучу товарлардын чыгуу эрежелерине ылайык келгендигине ишенбесеӊиз, далилин бербеӊиз.

ШТда өзүӊүздүн товарларыӊыз үчүн туура позицияны аныкташыӊыз абдан маанилүү, болбосо сиз туура эмес эрежени колдонуп алышыӊыз мүмкүн. Кийин өнүм чыккандыгы тууралуу статусу жок экендиги айкындалса, ЕБ импорттук алымдар төлөнүшү керек. Бул сиздин кардарыӊыздарды кубандырбайт.

Page 31: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

4-кадам13b-тиркеме менен таанышыӊыз жана өзүӊүздүн өнүмүӊүзгө эрежени идентификациялаӊыз. Кунт коюп коштогон жазууларды окуӊуз жана аны түшүнгөнүӊүзгө ынаныӊыз. 5-кадам13b-тиркеменин тизмесине кирген тийиштүү эрежеге сиздин өнүмүӊүз ылайык келгендигин белгилеӊиз. Бул үчүн сизге колдонмо жана 2.4-пунктунун мисалдары керек болот.

Даяр өнүмдүн өндүрүшүндө пайдаланууга мүмкүн болгон, келип чыгыш эмес өлкөдөн эматериалдардын үлүшүн чектеген, өнүмдөр пайыздык эрежелер боюнча камтыган сиздин дүӊ-сатылуучу бааӊыздын эсебине материалдык жана материалдык чыгашаларды киргизүүнү унутпаӊыз.

Колдонууга мүмкүн болгон атайын жоболорду эсепке алуу зарылдыгы жөнүндө эсиӊизде болсун, мисалы:

келип чыгыш эмес өлкөдөн материалдар үчүн же бөлүктөрүнө жалпы толеранттуулук (2.9-пункт жана 79-берене),

Европа Биримдигинин (же Норвегиянын, Швейцариянын же келечекте Туркиянын) (2.7-пункт жана 85-берене) контентин пайдалануучу эки тараптуу кумуляция,

Регионалдык, региондор аралык кумуляция (2.7-пункт жана 86-

берене), кеӊейтилген кумуляция (2.7-пункт жана 86-берене),

жана

сиздин өлкөгө/өнүмгө берилген артка чегинүүлөр (пункт 2.9

жана 86-берене),

5.3 СИЗДИН ТОВАРЛАРЫҢЫЗ КЕЛИП ЧЫГЫШТЫН ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ ЫЛАЙЫК КЕЛГЕНДИГИН СИЗДИН БИЙЛИК ОРГАНДАРЫҢЫЗГА КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН СИЗГЕ КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕРЕК?

Келип чыгыш эрежелерге сиздин өнүм ылайык келгендиги жөнүндө сиз чечим кабыл алуу үчүн, сиз сатып алган материалдар же бөлүктөр жөнүндө сизге маалыматтар керек болуп калышы мүмкүн.Материалдар жана бөлүктөр жергиликтүү рынокто сатып алынгандыгын көрсөтүп коюу жетиштүү болот. Сиз өзүӊүздүн жергиликтүү жөнөтүүчүӊүздөн сизге жөнөткөн товардын келип чыгыш статусу жөнүндө арыз алышыӊыз керек.Ага жараша, сиздин жөнөтүүчүӊүзгө келип чыгыш эрежелерин түшүнүүгө талап кылынат, ал эми сиз, жөнөтүүчү катары, бул учурда ага берген жардам үчүн жоопкерчилик аласыз. Айрым учурларда, балким, товарлар кантип өндүрүлгөнүн аныкталышы жетиштүү болот. Мисалы, трикотаждык же токулган буюмдарды өндүрсөӊүз жана келип чыгыш эрежелери «токууну жана бычууну» талап кылса, бул өзүӊүздүн жергиликтүү кездемени жөнөтүүчүӊүздөн кездеме жергиликтүү рынокто токулган деген далилди алуу сизге жетиштүү болот. Импорттолгон (келип чыгыш өлкөсүнөн эмес) трикотаж жана токулган кездеме келип чыгыш өлкөсүнөн буюм катары экспорттоо үчүн чыгуу эрежеге ылайык келбейт.

Эгерде сиз Европа Биримдигиндеги (же Норвегиядагы, Швейцариядагы же келечекте Туркиядагы) жөнөтүүчүдөн кандайдыр бир материалды же бөлүктөрдү сатып алсаӊыз

Ушул Колдонмону окугандан кийин ушул эрежелердин кандайдыр бир аспекттерин түшүнбөй калсаӊыз же аларга сиздин товарлардын ылайык келгендигине ишенбесеӊиз, А формасын берүүчү өзүӊүздүн компетенттүү улуттук органдарыӊызга арсар болбостон кайрылыӊыз.

Page 32: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

же келип чыгыштын кумуляция жоболорун пайдаланууну кааласаӊыз (2.7-пункт караӊыз), анда Европа Биримдигинен (же болбосо Норвегиядан, Швейцариядан же келечекте Туркиядан) сиздин жөнөтүүчүӊүздөн товарлардын келип чыгышы тууралуу далилдерди алуу талап кылынат. Бул же эсеп-фактуранын декларациясы, же болбосо ЕСR1 кыймылынын күбөлүгү болушу мүмкүн. Эгерде сиз өлкөӊүз кирген регионалдык топтун өлкөсүнүн биринин жөнөтүүчүсүнөн

кандай бир материалдарды же бөлүктөрдү сатып алсаӊыз жана регионалдык кумуляциянын жоболорун пайдалангыӊыз келсе (2.7-пункт), анда сиз келип чыгышы тууралуу далилди жөнөтүүчүдөн алышыӊыз керек жана сиз андан А формасын талап кылышыӊыз керек. Бирок эсиӊизде болсун, регионалдык топтогу жөнөтүүчү өнөктөш өлкө ЕБ ПСЖ критерийлерине ылайык келген жөнөкөй гана өлкө болбостон, ал ошондой эле бенефициар-өлкө болууга тийиш (жогоруда 2.7-пунктту караӊыз).Эгерде келип чыгыш эрежелери тигил же бул материалдардын же бөлүктөрдүн келип чыгыш өлкөдөн эмес акыркы өнүмдү дүӊ-сатылуучу баасынын пайыздык катыш түрүндө пайдалануучу наркынын эсеп-кысабын талап кылса, анда ар бир экспорттук операциялар боюнча тийиштүү эсеп-кысапты жүргүзүү мүмкүндүгү болгон жетиштүү жазууларды алып баруусу талап кылынат.Сиз келип чыгыш тууралуу тастытоочу бул жана башка жазууларды, эӊ болбогондо эле, үч жылдын ичинде баардык жүктөр боюнча келип чыгыш эрежелери аткарылгандыгын тастыктоо үчүн текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк түзүү үчүн сакташыӊыз керек. Эсиӊизде болсун, үч жылдык мөөнөт минималдуу мөөнөт жана бул баардык өлкөлөрдөн талап кылынат, бирок алардын ичинен айрымадары сактоонун андан узак мөөнөтүн (10 жылга чейин) колдонушат.

5.4 СИЗ А ФОРМАСЫН КАЙДАН АЛА АЛАСЫЗ?Толтуруу үчүн А формасын алууга сизге А формасын берүү боюнча компетенттүү улуттук орган, көп учурда бажы органы жардам бере алат.

5.5 А ФОРМАСЫН КИМ ТОЛТУРА АЛАТ ?

Экспорттоочу болгондон кийин, сиз келип чыгыш эрежелерине товарлар ылайык келгендигин билесиз, ошондуктан эреже катары, сиз А формасын толтурасыз. Ага карабастан, сиздин атыӊыздан форманы толтуруу үчүн өкүлгө ыйгарым укук бере аласыз. Эгерде сиз муну жасап жатсаӊыз, сиз өзүӊүздүн өкүлүӊүзгө келип чыгыш эрежелерине ылайык келген А формасына кирген анык кайсы товарлар экендигин көрсөткөн ар бир жүктүн партиясына жазуу түрүндө уруксат берүүгө тийишсиз.

5.6 А ФОРМАСЫН КАНТИП ТОЛТУРУУ КЕРЕК?

A формасы англис же француз тилдеринде толтурулат. Эгерде сиз форманы кол менен толтурсаӊыз ошол эле сыяны жана жазуу тамгаларын баардык документ боюнча пайдаланышыӊыз керек.

1-графа

Экспорттоочунун толук атын жана жумушчу дарегин киргизиӊиз.

2 – графа – жүк алуучу Бул графаны толтуруу милдеттү эмес, бирок жүк алуучунун атын жана дарегин киргизүү сунушталат, эгерде ал белгилүү болсо. Кийин алар ЕБ жөнөтүлүүчү көргөзмөлөргө товарды экспорттоо үчүн ошондой эле көргөзмөнүн аталышын жана

Page 33: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

дарегин киргизип коюуӊуз.

3-графа – Унаалык деталдар Сиздеги болгон маалыматтардын негизинде жасай алсаӊыз, анда бул графаны толтурууга болот. Эгерде сизде бул унааны уюштууру тууралуу кеӊири маалыматтар болбосо, анда бул графаны толтурбай эле калтырыӊыз.

4-графа – Кызматтык пайдалануу үчүн.Тастыктамалоочу орган үчүн бул графа резервделинген.

5-графа – Буюмдун номериЭгерде эсеп-фактураларда ар кандай товарлардын ар кандай типтери көрсөтүлсө, анда А формасы боюнча ар типти бөлөк көрсөтүӊүз жана зарыл болгон учурда эсеп-фактура менен салыштыруу үчүн аларды (1, 2, 3 ж.ус.) пункттарга бөлүӊүз.

6-графа – Маркирлөө жана номериТаӊгактагы болгон идентификациялаган маркирлөөнү жана номерди киргизиӊиз. Эгерде таӊгакта жүк алуучунун дареги маркиленсе, анда ошол даректи көрсөтүӊүз. Эгерде таӊгактагы маркирлөө жок болсо, анда «маркирлөө жана номери жок» деп көрсөтүӊүз. Эгерде товарлар келип чыгуучу эмес өлкөдөн болбосо, чогуу таӊгакталат, бирок ар бир пунктун аягында «жарым-жартылай гана контент» деп кошуп коюӊуз.

7-графа – Таӊгактардын саны жана түрү, товарлардын сыпаттамасы

Дүӊ товарларыЖетиштүү толук коммерциялык сыпаттаманы берип, товарларды идентификациялаӊыз, мисалы, «сүрөт көчүрмө түзүлүштөрү» же «жазуу машиналары», бирок «кеӊсе жабдуулары» эмес. Буга карабастан, эгерде эсеп-фактуралар толугу менен идентификациялаган деталдарды (алар таӊгактын маркирлөөсүнүн жана номеринин кеӊири маалыматтарын киргизүүгө милдеттүү эмес) берсе, анда жалпы гана сыпаттамасы талап кылынат.Таӊгакталбаган товарлар үчүн, бөлөк таӊгагы болбогондорго, «таӊгагы жок» дегенди киргизип коюӊуз. Көрсөтүлгөн саны ошондой эле болушу керек, же товарларга эсеп-фактурасында көрсөтүлгөн санга байланыштуу болууга тийиш, (эгерде эсеп-фактурасы 100 картон таӊгакты көрсөтсө жана алар 10 поддонго жүктөлсө, анда «10 поддон» эмес «100 картон таӊгагы» деп көрсөтүӊүз. Аралашма жүктөр Келип чыгыш өлкөсүнөн жана келип чыгыш эмес өлкөдөн товарларды камтыган жүктөр үчүн А формасында биринчилерин гана көрсөтүӊүз. Сизге ошол эле бир эсеп-фактурасында товардын эки түрүн көрсөтүүдөн качуудан мүмкүндүк болбойт. Мындай учурда, кайсы товарлар келип чыгыш өлкөдөн эмес экендигин көрсөтүү үчүн эсеп-фактурасын белгилеп коюуӊуз (мисалы жылдызча менен *) жана товарларды сыпаттоодон кийин ошол эле замат 7-графада тийиштүү кайрылууну жасаӊыз, мисалы, «*менен белгиленген товарлар» келип чыгыш өлкөдөн эмес жана А формасындагы боюнча келип чыгыш ушул сертификаты менен камтылбайт. Эгерде чегинүүдө жана башка шарттарында, ошол чегинүү менен камтылбаган сизде товарлардын аралашма партиясы болсо, ушундай эле ой жүгүртүүлөр колдонот (жогорудагы 2.9-пунктту караӊыз).

Пайдаланбоочу мейкиндик

Page 34: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

Пайдаланбаган мейкиндик аркылуу ушул графадагы акыркы пункттун астынан ‘Z’ тамгасынын формасындагы чийимди көрсөтүп, тигинен чийимди тартыӊыз.

8-графа – Келип чыгыш критерийлери Бул графа ЕБ бажы органдарына товарларга кандай келип чыгыш эрежелери колдонулгандыгын көрсөтөт. Эскертүүдө көрсөтүлгөндөй, А формасынын тескери жагына толугу менен алынган товарлар үчүн код Р жана товарлардын кодун жана ШТ позициясына W кодун киргизиӊиз, эгерде товарлар жетиштүү иштетүүнү же кайра иштетүүнү өтүшсө (ошентип, ШТ 96.18 позициясындагы толугу менен алынган товарларга көрсөтмөсүндө "P" белги болушу керек, ошол эле ШТ позициясындагы толугу менен иштетилген товарларга көрсөтмө төмөнкүдөй болууга тийиш W" 96.18. ). Бул графанын туура эмес толтурулушу (мисалы, туура эмес тарифтик позицияны киргизүүдө) А формасынан четке чыгып кетүүгө алып келет.А формасын пайдалануучу, тескери бетиндеги 1996-жылдын эскертүүлөрү менен Чехия Республикасына, Венгрияга, Польшага жана Словакияга товарлады экспорттоочулар үчүн жана 1996, 2004 жана 2005-жж. версияны пайдалануучу экспорттоочулар үчүн атайын эскертүү, өтүнүч III(b)(4)эскертүүнү эске албаӊыз. ЕБ алар кошулгандан кийин жасалуучу көрсөтмө Европа Биримдиги үчүн III(b)(3) камтылат. (ошондой эле 4.2-пункткагы эскертүүнү караӊыз).

9-графа – Бруттонун салмагы же башка сандык маалыматтар Сиз метрикалык бирдиктерде (мисалы, килограммдар, литрлер ж.бу.с.) сандык маалыматтарды беришиӊиз керек, бирок өлчөмдүн импердик тутумуна жол берилет (мисалы, тонналар, фунттар (lbs.), импердик галлондор).

10-графа – Эсеп-фактуранын номери жана датасыТалап кылынуучу деталдарды киргизиӊиз.

11-графа – Сертификациялоо Толтурбаӊыз.

12-графа – Экспорттоочулардын арыз-кайрылуусу Товарлардын келип чыгышы деп эсептелүүчү өлкөнүн аталышын киргизүү менен

бул графаны толтуруӊуз. Эсиӊизде болушу керек, регионалдык кумуляциянын жоболорун колдонгон учурда (2.7-пунктту караӊыз), ошол өлкө акыркы кайра иштетүүнүн өлкөсү же экспорттоочу өлкө болуп санала албайт. Импортоочу өлкө катары Европа Биримдигин көрсөтүүгө тийишсиз, сиз ошондой эле конкреттүү мүчө-мамлекеттин аталышын көрсөтө аласыз. Башка демөөрчү-өлкөнү (мисалы, Канада) көрсөтүү А формасын кабыл албоого алып келиши мүмкүн.Экспорттоочу гана же экспорттоочу тарабынан талапка ылайык ыйгарым укуктуу адам (5.5-пунктту караӊыз) ошол арызга кол коё алат. Көп учурда мындай сапатта жөн эле чыгуучу унаалык экспедиторлор, экспорттоочулар болуп саналбагандар бул графага кол коюуга тийиш эмес. Бул формага кол коюуп жатып, товарлар ЕБ жоболоруна ылайык келгендиги жөнүндө билдиресиз.

Эгерде арыз сыйбаганга жатпаса, сиз укук бузууну жасайсыз, ал айып салууларга алып келет.

5.7. МЕН СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН ТОЛТУРУЛГАН А ФОРМАСЫН КАЙСЫ ЖЕРГЕ ЖАНА КАЧАН БЕРИШИМ КЕРЕК?

Page 35: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

Товарларды экспорттоодо же буга чейин, экспорттоочу же анын өкүлү компетенттүү сертификациялоочу органга толтурулган А формасын жөнөтүүгө тиийш. Бул форма А формасын берүү үчүн компетентүү органдар тарабынан жазма буйрук чыгаруу форматтагы жана ыкмадагы жазуу жүзүндөгү арыз менен коштолуусу керек. Арызга А формасын берүү үчүн критерийлерге ылайык келген экспортко жатуучу өнүмдөрдү көрсөтүүчү тийштүү документтер тиркелиши керек (5.3-пунктту караӊыз).Сертификациялаган орган баардык зарыл болгон маалыматтарды берген экениӊизге ынануу үчүн табыштаманы, коштоочу документтерди жана А формасынын иликтөөсү керек. Эгерде сертификациялаган орган канааттанса жана товарлар сертификатты берүү үчүн критерийлерге ылайык келсе, ал мөөрдү коюп, А формасына кол коет, андан кийин ал форма кечиктирилбестен сизге, Европа Биримдигиндеги сиздин кардарыӊызга жөнөтүлөт. Андан кийин сиздин кардарыӊыз Европа Биримдигинин бажы органдарына А формасын берүүгө тийиш, эгерде азайтылган алымдар коюумуна талап кылууга импорттолсо. Эгерде товарларды жөнөтүүгө контракт банкка А формасынын баштапкы жиберүүсүн талап кылса, сиз аны аткарышыӊыз керек жана сиздин кардарыӊызга ал импорттодо аны пайдаланышы үчүн А формасынын түп нускасын тез жөнөтүү зарылдыгы тууралуу банкты эскертишиӊиз керек

5.8 СЕРТИФИКАЦИЛООЧУ А ФОРМАСЫН ЧЕТКЕ КАГЫШЫ МҮМКҮНБҮ?

Ооба. Эгерде ал эсептегендей, сиз талапка ылайык эмес товардын келип чыгыш статусун көрсөтсөӊүз, ал муну жасайт. Эгерде сиз жөн эле форманы туура эмес толтурсаӊыз, ал сизге аны жасоого зарыл болгон тийиштүү оӊдоолор\түзөтүүлөр жөнүндө нускамалар менен кайтарылып берилет.Сертификациялоочу орган ошондой эле товарлар келип чыгыштын эрежелерине так келгендигин көрсөтүү үчүн кошумча далилдерди берүүнү сурашы мүмкүн. Ошондой эле, башка текшерүүлөрдү жана контролду жүргүзүүнү, анын ичинде сиз берген маалыматтын тактыгын тастыктоо үчүн сиздин фабрикаӊызга/кызматтык жайга барууну чечиши мүмкүн.

5.9 А ФОРМАСЫ ТОВАРЛАРДЫ ЭКСПОРТТОДОН КИЙИН РЕТРОСПЕКТИВДҮҮ БЕРИЛИШИ МҮМКҮНБҮ? (97L-берене)

Ооба, өзгөчө учурларда, бирок сиз экспортоо учурунда А формасын берүүдө толтуруу үчүн баардык аракетиӊизди салышыӊыз керек. Ошого карабастан, а формасы товарды экспорттодон кийин берилиши мүмкүн, эгерде:ал экспорттоо учурунда кетирилген каталардын, кокустуктун же өзгөчө жагдайдын айынан берилбесе;же сертификациялоочу органды канаттаандырууга А формасы берилди деп көрсөтүлсө, бирок техникалык себептер менен, импорттоого кабыл алынбаса.

А формасы ЕБ импорттоочу мүчө-мамлекеттердин бажы органдар тарабынан «техникалык себептер менен» четке кагылышы мүмкүн, эгерде, мисалы, 12-графа («Экспорттоочунун арызы» толтурулбаса.А формасы экспорттоодон кийин берилүүчү жагдайлар, мисалы, экспорттоонун учурунда пайдаланылган материалдардын жана бөлүктөрдүн келип чыгышын керек болгон далилдери экспорттоочунун тескөөсүндө болбогон жагдайлар кирет.А формасы сиздин товарлар жүктөлгөндөн кийин берилиши үчүн, Сиз

экспорттоо учурунда анык А формасы берилбегендин көрсөтүп жана анын

Page 36: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

себептерин түшүндүрүп жазуу жүзүндө сертификациялоочу органга кайрылышыӊыз керек;

же

баштапкы сертификаттын четке кагылышынын техникалык себептерин, эмнеден болгондугун түшүндүрүшүӊүз керек. Сыпайы толтурулган А формасын беришиӊиз керек;

сертификат шилтеме кылган товарлардын экспорттоо жеринин жана даталарынын далилин беришиӊиз керек;

жана

А формасынын жоболоруна ылайык келгендигин көрсөткөн (5.3-пунктту караӊыз) экспорттоочу эсеп-фактуранын жана далилдердин көчүрмөсүн беришиӊиз керекКомпетенттүү сертификациялоочу орган экспорттоодон кийин А формасын берүү боюнча анын шарттары аткарылган гана жана сиз берген маалымат анын жазууларына дал келген гана учурда форманы берет. Ал форманын 4-графасына «ретроспективдүү тартипте берилди же ‘Delivré a Posteriori’» деген сөздөрдү киргизет.

Белгилеп кетүү керек, «өзгөчө жагдайларга» эркин жүгүрүтүүгө чыгарууга арыз берилген учурда преференция болсо, бирок экспорттоо учурунда преференция болбосо, андай жагдайлар кирбейт. А формасы ретроспективдүү берилиши мүмкүн, эгерде бул үчүн эскпорт учурунда юридикалык негиз болбосо.

5.10 А ФОРМАСЫ ЖОГОТУЛГАН, УУРДАЛГАН ЖЕ ЖОК КЫЛЫНГАН УЧУРДА ЭМНЕ БОЛОТ: СЕРТИФИКАТТАРДЫН ЖУПНУСКАЛАРЫ (97L берене § 4)

Эгерде ушул сыяктуу учур болсо, эскпорттоочу же анын талапка ылайык болгон ыйгарым укуктуу агенти анын тескөөсүндө болгон экспорттоочу документтердин негизинде А формасын берген компетенттүү органга жупнускаларды алуу үчүн кайрыла алат. Сиз:

жазуу жүзүндө эмне себептен сизге жупнуска талап

кылынганын көрсөтүшүӊүз керек;

толтурулган А формасын беришиӊиз керек; жана

экспорттук эсеп-фактурасынын жана/же анын негизинде баштапкы формасы берилген кандайдыр бир башка коштооочу документтердин көчүрмөсүн беришиӊиз керек.

Берилген маалымат сертификациялоочу органдын файлынын мазмунуна ылайык келгендиги тастыкталгандан кийин, компетенттүү орган анын тескөөсүндө болгон экспорттук документтердин негизинде, сиздин суроо-талабыӊыздын аныктыгына канааттангандан шартта А формасынын жупнускасын берет.

Формада «Жупнуска» же ‘Duplicata, берилген датасы жана 4-графада баштапкы сертификаттын сериялык номери белгиленет. Сертификат-жупнускасын колдонуу мөөнөтү (4.4-пунктту караӊыз) түп нусканын мөөнөтүнүн датасынан тартып эсептелинет.

5.11 А ФОРМАСЫНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШ СЕРТИФИКАТТАРЫН АЛМАШТЫРУУ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? (97P-берене)

Page 37: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

А формасы боюнча келип чыгыштын сертификатын (5.10-пунктту караӊыз) сертификаттардын жупнускалары менен алмаштырууга болбойт. Алар бенефициар-өлкөнүн берилген түп нускасынын негизинде берилиши мүмкүн:

ЕБ бажы органдары тарабынан, эгерде келип чыгыш өлкөсүнөн өнүмдөр Европа Биримдигин тигил же бул бажы органдарына жөнөтүлүп жатса жана баардык же айрым өнүмдөр Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүнө же Норвегияга, же Швейцарияга (ал эми келечекте Туркияга) жөнөтүлүүгө жатса;

Эгерде товарлар Норвегия же Швейцария (ал эми келечекте Туркия) аймактары аркылуу жөнөтүлсө, Норвегиянын же Швейцариянын (ал эми келечекте Туркиянын) бийлик органдары тарабынан манипуляция болтурбоо принцибин аткаруу үчүн (жогоруда 3-пунктту караӊыз) ЕБ кайра даректенилет

5.12 АНЧАЛЫК БААЛУУ ЭМЕС ЖҮКТӨРДҮ ЭКСПОРТТОО ҮЧҮН АТАЙЫН ЖОБОЛОР БАРБЫ?

Ооба, айрым коммерциялык мүнөздөгү (97m-берене) жүктөр үчүн жана жеке адамдардан жеке адамдарга жөнөтүлүүчү чакан посылкалар түрүндөгү өнүмдөр үчүн, же жолоочунун жеке кол жүгүнүн а бөлүгүн түзгөн жүгү үчүн.

Наркы € 6,000 ашпаган келип чыгыш өлкөдөн өнүмдөрдү камтыган коммерциялык мүнөздөгү жүктөр А формасынын ордуна эсеп-фактуранын декларациясы менен (анын тексти 18-тиркемеде камтылган жана жогоруда 4.3-пунктта келтирилет) коштолушу мүмкүн. Мындай арыз эсеп-фактурасында, унаалык коштомо кагазда же жүккө тийштүү болгон же өнүмдү сыпаттоочу кандай гана болбосун коммерциялык документте жазууга мүмкүн.

Экспорттоочу төмөнкүлөргө тийиш:ар бир жүккө эсеп-фактуранын бир гана арызын берүүгө;аны жазып же аны тийиштүү документке бастырып алып француз же англис тилинде арыз берүүгө. Эскертүү: эгерде сиз арызды кол менен жазып жатсаӊыз, анда сиз сыя жана куш кат тамгаларын колдонуууга; арызга өзүӊүздүн колуӊузду коюуга;компетенттүү органдын суроо-талабы боюнча тийиштүү товарлардын келип чыгышы боюнча статусун тастыктоочу баардык документтерди берүүгө кандай гана убакыт болбосун даяр болууга.

A формасы дагы, эсеп-фактуранын декларациясы дагы жеке адамдардан жеке адамдарга жөнөтүлүүчү чакан посылкалар түрүндөгү өнүмдөр үчүн, же жолоочунун жеке кол жүгүнүн а бөлүгүн түзгөн өнүмдөр үчүн талап кылынбайт. Товарлар соода операциялар аркылуу импорттолбогон (импорттоо учурлары сейрек кездешет жана алуучулардын же жолочуулардын же алардын үй-бүлөлөрүнүн жеке пайдалануусундагы жеке өнүмдөрдү камтыйт, жана эч кандай коммерциялык максат көздөбөгөндүгүн өнүмдөрдүн мүнөзү жана саны менен тастыкталат) жана алар келип чыгыштын эрежелерине ылайык экендигине күмөн саноого себептер болбогон шарттарда, бул буюмдар ЕБ бажы органдары тарабынан преференциялык тариф боюнча алып кирүүгө уруксат берилген.

Ага карабастан чакан посылкалар болгон учурда өнүмдөрдүн жалпы наркы €500 же саякатчынын жеке жүгү болгон учурда €1200 ашпоого тийиш. Эгерде наркы көрсөтүлгөндөн жогору болсо, анда документация болушу керек же алым төлөнүшү керек. Кийин алынган далилдер жөнүндө же төлөнгөн алымдарды кайтаруу жөнүндө жобо жок.

Page 38: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

6-БӨЛҮМ – 2017-ЖЫЛДАН ТАРТЫП КОЛДОНУУЛЧУ ЖОБОНУН АЛКАГЫНДА КАТТАЛГАН ЭКСПОРТТООЧУЛАР.

Расмий эмес котормо

2017-жылдын 1-январынан тартып катталган экспорттоочулардын тутуму колдоно баштайт. Белгилеп кетүү керек, бул тутум төмөнкүдөй учурларда пайдаланылат (90-берене):

(a) 92-берененин маӊызы боюнча катталган экспорттоочу тарабынан келип чыгыш өлкөсүнөн товарларды экспорттоодо;

(b) кандай болбосун экспорттоочу тарабынан экспорттолуучу келип чыгыш өлкөсүнөн өнүмдөрдү камтуучу, эгерде келип чыгыш өлкөсүнөн өнүмдөрдүн жалпы наркы € 6,000 ашпаса, бир же бир нече таӊгактагы кандай болбосун жүк болгон учурларда.

6.1 УШУЛ ТУТУМДА БЕНЕФИЦИАР-ӨЛКӨЛӨРДҮН МИЛДЕТТЕРИ КАНДАЙ?

Бенефициар-өлкөлөрдүн компетенттүү органдары ошол өлкөдө (91-берене) болгон катталган экспорттоочулар жөнүндө электрондук жазууларды белгилеп жана такай толтуруп турууга тийиш. Жазуу кечиктирилбестен жаӊыртылып турууга тийиш, эгерде экспорттоочу 93 (2)-беренеге ылайык реестрден алып салынса.

Жазуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

(a) өлкөнүн же (ISO alpha 2 өлкөнүн коду) аймагынын идентификаторун кошуп алганда, Катталган экспорттоочунун катталган/жашаган жеринин аталышын жана толук дарегин;

(b) катталган экспорттоочунун номерин;

(c) схема боюнча (арыз берүүчү ылайык келген деп эсептеген Шайкештелген главалардын жана позициялардын болжолдуу тизмеси) экспорттоого пландалуучу өнүмдөр;

(d) экспорттоочунун каттоосунун башталышынын жана аякталышынын датасы;

(e) алып салуунун себеби (катталган экспорттоочунун суроо-талабы/компетенттүү орандар тарабынан алып салуу. Бул маалыматтар компетенттүү органдарга гана жеткиликтүү болууга тийиш.

Бенефициар-өлкөлөрдүн компетенттүү органдары катталган экспорттоочуларды дайындоо үчүн Номерлештирүүнүн улуттук тутуму жөнүндө комиссияга кабарлоого тийиш. Номери ISO alpha 2 өлкөнүн кодунан башталууга тийиш.

6.2 ЭКСПОРТТООЧУЛАР ЭМНЕ КЫЛЫШЫ КЕРЕК?

Үлгүсү 13c-тиркемесинде көрсөтүлгөн форманы пайдалануу менен 69(1)(a)-беренеде көрсөтүлгөн бенефициар-өлкөнүн компетенттүү органдарына каттоо үчүн экспорттоочулар табыштама бериши керек. Эспорттоочулар форманы толтуруп жатып, берилген маалыматты Комиссиянын маалыматтар базасында сакталышына

Page 39: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

3

Расмий эмес котормо

жана купуялуулук эмес маалыматтарды Интернетке жарыялоого (92-берене) макулдук беришет. Компетенттүү органдар тарабынан табыштаманы, эгерде ал толугу менен толтурулса, кабыл алууга тиийш.

Катталган жана катталбаган экспорттоочулар төмөнкүдөй милдеттенмелерди сактоого тийиш (94-берене):

(a) преференциалдык режимдин критерийлерине ылайык келген товарларды өндүрүү жана жөнөтүү үчүн коммерциялык эсепке алуунун тийиштүү жазууларын жүргүзүүгө;

(b) өндүрүштө пайдалануучу материалдар менен байланышкан баардык далилдер болууга;

(c) өндүрүштө пайдалануучу материалдар менен байланышкан баардык бажылык документацияларды сактоого;

(d) келип чыгышы тууралуу арыз берилген жыл аяктагандан кийин минимум үч жылга чейин же андан көп сактоого, эгерде улуттук мыйзамдарда талап кылынса төмөнкүлөр жөнүндө жазуулар;

(i) алар тарабынан берилген кылип чыгыш жөнүндө арыздар жөнүндө;

(ii) келип чыгыш өлкөдөн эмес алардын материалдары, өндүрүшү жана камдыктардын эсептери жөнүндө.

(d) пунктунда көрсөтүлгөн жазуулар электрондук түрдө болушу мүмкүн, бирок экспорттолуучу товарлардын өндүрүшүндө пайдалануучу материалдарга байкоо жүргүзүүгө жана алардын келип чыгыш статусун тастыктоого жол берилүүгө тийиш.

Экспорттоочулардын милдеттенмелери, ошондой эле жөнөтүүчүнүн арызын экспорттоочуларга берип жаткан, алар тарабынан жөнөтүлгөн товарлардын келип чыгышынын статусун тастыктоочу жөнөтүүчүлөргө карата колдонулууга тийиш.

6.3 КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР ПАЙДАЛАНЫШЫ КЕРЕК (95- ЖАНА 96-БЕРЕНЕЛЕРДИ КАРАӉЫЗ)?

Келип чыгышы жөнүндө арыз өнүм менен байланышкан өнүмдү экспорттоодо катталган экспорттоочу тарабынан берилет, эгерде тийиштүү товарлар тиийштүү бенефициар-өлкөдө же 86 (4)-беренесинин экинчи параграфчасына же 86 (6)-берененин биринчи параграфчасынын (b) пунктуна ылайык башка бенефициар-өлкөдө чыгарылган деп эсептелиши мүмкүн болсо. Келип чыгыш жөнүндө арыз экспорттоочу тарабынан Европа Биримдигиндеги өзүнүн кардарына карата берилет жана 13d-тиркемеде көрсөтүлгөн маалыматтарды камтууга тийиш. Келип чыгыш жөнүндө арыз англис жана француз тилдеринде жазылышы керек. Ал тийиштүү экспорттоочуну жана колдонуудагы товарларды идентификациялоого кандай гана коммерциялык документ болбосун жүргүзүлүшү мүмкүн.

Кумуляцияны 84, 86 (1) же 86 (5) жана (6)-беренелерге ылайык колдонууда өнүмдүн өндүрүшүндө кумуляцига жол берген өлкөдөн келип чыгарылган материалдар пайдаланган өнүмдүн экспорттоочусу өзүнүн жөнөтүүчүсү тарабынан берилген келип чыгышы жөнүндөгү арызга багыт алууга тийиш. Мындай учурларда экспорттоочу тарабынан берилген келип чыгышы жөнүндөгү арыз кырдаалга жараша ‘ЕБ кумуляция’,

Page 40: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

Расмий эмес котормо

‘регионалдык кумуляция’ же ‘Cumul UE’, ‘cumul regional’ деген көрсөтүүлөрдү камтууга тийиш.

85-беренеге ылайык кумуляцияны колдонгон учурда өнүмдүн экспорттоочусу өнүмдүн өндүрүшүндө кумуляцига жол берген өлкөдөн келип чыгарылган материалдар пайдаланган өнүмдүн экспорттоочусу өзүнүн жөнөтүүчүсү тарабынан берилген келип чыгышы жөнүндөгү жана кырдаалга жараша Норвегиянын же Швейцариянын (ал эми келечекте Түркиянын) ПЖТ келип чыгышынын эрежелерине ылайык берилген далилдерге багыт алууга тийиш. Мындай учурда экспорттоочу тарабынан келип чыгышы жөнүндө берилген арыз ‘Норвегиянын кумуляциясы’, ‘Швейцариянын кумуляциясы ’, ‘Түркиянын кумуляциясы’ же ‘Cumul norvège’, ‘Cumul Suisse’, ‘Cumul Turquie’ деген көрсөтүүлөрдү камтууга тийиш.

86 (7) жана (8)-беренесине ылайык кеӊейтилген кумуляцияны колдонууга ылайык колодонуудагы өнүмдүн өндүрүшүндө кумуляцияга жол берген өлкөдөн келип чыгарылган материалдар пайдаланылган өнүмдүн экспорттоочусу өзүнүн жөнөтүүчүсү тарабынан берилген келип чыгыш жөнүндө жана Европа Биримдиги жана башка тарап менен эркин соода жөнүндө тийиштүү макулдашуулардын жоболоруна ылайык берилген далилдерге багыт алууга тийиш. Мындай учурда экспорттоочу тарабынан келип чыгыш жөнүндө арыз ‘x өлкө менен кеӊейтилген кумуляция’ же ‘cumul étendu avec le pays x’ деген көрсөтүүнү камтууга тийиш.

Келип чыгыш жөнүндө арыз ар бир жүк боюнча берилет. Келип чыгыш жөнүндө арыз өзгөчө учурларда экспорттоодон кийин («ретроспективдүү арыз» бир гана шарт менен берилет, эгерде ал экспорттоодон кийин эки жылдан кем эмес эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга арыздын мүчө-мамлекетинде берилсе. Келип чыгыш жөнүндө арыз экспорттоочу тарабынан өндүрүлгөн датадан тартып 12 айдын ичинде күчкө ээ болот. Келип чыгыш жөнүндө бир арыз жүктүн бир нече партияларын камтый алат, эгерде товарлар төмөнкүдөй шарттарга ылайык келсе:

(a) Шайкештелген тутумдун 2(a) жалпы эрежесинин маӊызы боюнча алар ажыратылган же жыйылбаган өнүмдөр;

(b) Шайкештелген XVI же XVII же 7308- же 9406-позициялардын бөлүмдөрүнө таандык, жана

(c) Бөлүктөр боюнча алар импорттоого багышталган

6.4 КАЙРА ЧАКЫРТЫП АЛУУ УЧУРЛАРЫ БАРБЫ?

Ооба. Төмөнкүлөр 93-беренеде аладын ала каралган:

Схема боюнча кандай гана товар болбосун экспорттоонун шарттарына мындан ары ылайык келбеген же мындай товарларды башка экспорттоого ниеттенбеген катталган экспорттоочулар бенефициар-өлкөнүн компетенттүү органдарына маалымат бериши керек, алар ошол бенефициар-өлкөдө сакталуучу аларды катталган экспортоочулар реестринен токтоосуз алып салууга тийиш.

Эгерде катталган экспорттоочулар атайылап же этиятсыздыктан туура эмес маалыматты камтыса, ал преференциалдык тарифтик режиминен укук ченемсиз же алдамчылык менен артыкчылыкка алып келген келип чыгыш жөнүндө же башка кандай болбосун документи түзсө же түзүүнүн себепкери болсо, бенефициар-өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү бенефициар-өлкө тарабынан алып барылуучу

Page 41: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

Расмий эмес котормо

катталган экспорттоочулардын реестринен экспорттоочуну бенефициар-өлкөдө пайдалануучу айып салууларга жана санкцияларга залал келтирбестен алып салууга тийиш.

Күтүлүүчү тастыктоолорго айкындалган бузуулардын таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө зала келтирбестен, катталган экспорттоочулардын реестринен алып салынышы келечекке жайылтылууга тийиш, б.а. алып салуу датасынан кийин жасалган арыздарга карата.

Компетенттүү органдар тарабынан катталган экспорттоочулардын реестринен алып салынган экспортточулар экинчи параграфка ылайык катталган экспорттоочулардын реестрине кайра кирүүгө болот, эгерде алар аларды алып салууга алып келген кырдаалды оӊдошсо.

Page 42: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

7-БӨЛҮМ - ЕБдеги ЭКСПОРТТООЧУЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

Расмий эмес котормо

7.1 ЕБ ЭКСПОРТТООЧУСУ КАТАРЫ БУЛ БӨЛҮМДҮ ОКУУНУН МАГА ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР?

Эгереде ЕБ келип чыгарылган ПЖТ бенефициар-өлкөдө тигил же бул өнүмдүн өндүрүшүндө материалдар катары пайдаланса, алар бул өлкөдөн келип чыгуучу count ( келип чыгыштын кумуляция эрежелери боюнча , 2.7- пунктту караӊыз ) деп эсептелет. Бул преференциалдык тарифтер боюнча Европа Биримдигине импорттоо үчүн келип чыгыштын эрежелерине ылайык соӊку өнүмгө жардам бере алат. Ошондуктан, бул максатта экспорттоолучу товарлар ЕБдан алардын келип чыгыш статусу далилдер менен коштолгондугу маанилүү. ПЖТ өлкөсүндөгү өндүрүүчү А формасындагы табыштаманы колдоо үчүн бул далилди ЕБ жөнөткөн товарларды коштоо үчүн бериши керек. Эки тараптуу кумуляция (жогоруда 2.7-пункту караӊыз) колдонулат, эгерде экспорттоолучу товарлар ЕБ келип чыгыш статусуна (эркин жүгүртүүгө чыгаруу жолу менен алынган Европа Биримдигин бажылык статусу - жетишсиз), сертификацияланган ЕСR.1 (же 2017-жылдын 1-январынан тартып келип чыгыш жөнүндө арызы менен) ээ болсо, жана алар тийиштүү өлкөдө минималдуудан да аз операцияларды өтүшөт (ошондой эле, келип чыгыш өлкөдөн материал операциянын жүрүшүндө киргизилбейт деген шарт менен). Эгерде сиз бажы аймагынан тышкары (OPR) кайра иштетүү жол-жобосунун алкагында бенефициар-өлкөгө товарларды экспорттоосоӊуз, балким сиз кайра иштетүүгө жиберген материалдар же бөлүктөр келип чыгыш статусуна ылайык келгендигин жана кайтарылып келген өнүм ЕБ ПЖТ схемасынын алкагында кошумча тарифтик артыкчылктарга ээ болууга укук алгандыгын кароону каалайсыз.ЕБ ПЖТ эки тараптуу кумуляциянын алкагында реимпорттоочу өнүм ПЖТ жол-жобосунан артыкчылыкты алат, ал эми экинчи жагынан, OPR боюнча кайра иштетилген өнүм катары Бажы кодексинин 151- беренеси («Кодекс – ЕЕБ Кеӊешинин токтому № 2913/92) колдонулушу керек; бирок ага карабастан, эки жол-жобону айкаштырып, 151(4)-берене колдонулушу керек. OPR боюнча алымдардан бошотуу мүмкүн болгон кошумча жол-жоболордун саны убактылуу экспорттолуучу ошол эле түрдөгү товарларга колдонулуучу ПЖТ алымдар коюмуна жараша болот Ага карабастан, эсиӊизде болсун, нөлдүк тариф боюнча ал эркин жүгүртүүгө чыгарылгандыгы тууралуу далил берилбесе, убактылуу товардын экспорттоосу ПЖТ преференциалдык салыктын предмети болсо, кайра иштетүү операциясынын наркына (Коддун 153-беренесинин экинчи параграфы жана № 2454/93 Токтомдун 591-беренеси) негизделген салык салуунун усулун мындай кырдаалда колдонууга мүмкүн эмес.

7.2 ЕБнен ЭКСПОРТТОЛУУЧУ ТОВАРЛАРГА КАРФТА КЕЛИП ЧЫГЫШТЫН КАЙСЫ ЭРЕЖЕЛЕРИ КОЛДОНУЛАТ?

ПЖТ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн товарлардын келип чыгышын аныктоочу эрежелер ошондой эле ЕБ ПЖТ өлкөлөрүнө эксспорттолуучу товарларга колдонулат.Жалпы колдонмо 5.2-пунктта берилген, товарлар келип чыгыштын эрежелерин кантип канааттандырат жана ошондой алар ЕБден товарларды экспорттоодо колдонулат.

Ошондуктан, экспорттолуучу материалдардын же бөлүктөрүнүн келип чыгышы жөнүндө кандай болбосун арыз берсеӊиз, ал сыпайы болушу абдан маанилүү. Сыпайсыз арыз кийин ЕБ импорттолуучу өнүмдөргө карата преференциалдык тарифтик режимди укук ченемсиз талап кылууга жана ал өз алды менен импорттоочуга айып салууга алып келиши мүмкүн.

Page 43: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

Расмий эмес котормо

7.3 МЕНИН ТОВАРЛАРЫМ КЕЛИП ЧЫГЫШ ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ ЫЛАЙЫК КЕЛГЕНДИГИН КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН МАГА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕРЕК?

Эгерде сиз ЕБ преференциалдык соода жол-жоболорунун алкагында экспорттоосоӊуз, жазуулардан алынган, алып барылган далилдер жөнүндө билишиӊиз керек. Андай болбогон учурда ++++++консультация алуу үчүн сиз өзүӊүздүн улуттук бажы органына кайрылсаӊыз болот, бирок эмне кылуу керек экендиги тууралуу жооп алуу үчүн ушул колдонмонун тиийштүү бөлүмдөрү менен тааныша аласыз. Уушуга байланыштуу Европа Биримдигинде ( E Б) Кеӊешинин № 1207/2001 токтому колдонулат . Ал ЕСR.1 ары бери жүрүү жөнүндө күбөлүктү берүүсүн жеӊилдетүү боюнча жөнөтүүчүнүн арызы жана эсеп-фактуралардын декларацияларынын өндүрүш жол-жоболорун атап чыгат.

7.4 МЕНИН ТОВАРЛАРЫМ КЕЛИП ЧЫГЫШ ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ ЫЛАЙЫК КЕЛГЕНДИГИН КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН МЕН ПЖТ ӨЛКӨСҮНӨ КАНДАЙ ДАЛИЛДЕРДИ ЖӨНӨТҮШҮМ КЕРЕК?

Эреже катар сиз өзүӊүздүн кардарыӊызга ПЖТ өлкөсүндө ЕСR.1 жылышы жөнүндө күбөлүктү беришиӊиз керек (21-тиркемени караӊыз). Бул документ менен тааныш эмес ЕБ экспорттоочулары кошумча консультация алуу үчүн өздөрүнүн улуттук бажы органдарына кайрылышы керек. Буга карабастан, эгерде сиз Европа Биримдигинин «Бекитилген экспорттоочусу» болсоңуз, сиз «Европа Биримдигинин Преференциялардын жалпы тутумунун келип чыгыш эрежелерине ылайык» өнүмдөрдүн преференциялык келип чыгышы бар экендигин көрсөтүп, эсеп-фактуранын декларациясын пайдалансаӊыз болот.

2017-жылдын 1-январынан тартып катталган экспорттоочу болуш үчүн, сиз өзүӊүздүн улуттук органдарыңызга табыштама беришиӊиз керек. ПЖТ бенефициар-өлкөсүнө экспорттоочу товарларды ЕБ келип чыгышын сертификациялоо үчүн сиз ошол өлкөдөгү өзүӊүздүн кардарыӊызга келип чыгыш жөнүндө арыз беришиӊиз керек.

7.5 МЕН ТОЛТУРГАН ЕСR 1 СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ҮЧҮН КАЙСЫ ЖЕРГЕ ЖАНА КАЧАН БЕРИШИМ КЕРЕК?

Сиздин улуттук бажы органдарыңыз тарабынан белгиленген жол-жоболор менен иштешиӊиз керек

7.6 МЕН ЕСR 1 ЖАНА ЭСЕП-ФАКТУРАНЫН ДЕКЛАРАЦИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ ДАГЫ ЭМНЕ БИЛИШИМ КЕРЕК?

Товарларды экспорттоо фактысынан кийин берилген сертификаттарга, жоголгон сертификаттарга жана 5.9, 5.10 жана 5.12-пункттарда камтылуучу анча баалуу эмес жүктөр боюнча эсеп-фактуралардын деклараациясына, ЕБнен экспорттоо үчүн берилген көп учурда ЕСR 1s таандык болгон жана эсеп-фактуралардын декларациясына тийиштүү эрежелерди

7.7 ЕБнен ЭКСПОРТТООЧУЛАРДЫН МАТЕРИАЛДАРЫНЫН КАМДЫКТАРЫНЫН БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕБИ

Page 44: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

Расмий эмес котормо

Эгерде келип чыгыш өлкөсүнөн болбогон өз ара алмаштыруучу материладар тигил же бул өнүмдү иштетүүдө же кайра иштетүүдө пайдаланса, мүчө-мамлекетердин бажы органдары чарбалык объекттердин жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары боюнча бөлөк камдыктарда материалдарды сактабастан, эки тараптуу кумуляциянын алкагында бенефициар-өлкөгө кийин экспорттоо максатында бухгалтердик сегрегация усулун пайдалануу менен Европа Биримдигинде материалдарды башкарууга уруксат берет. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдары уруксат берүүнү алар керек деп эсептеген кандай болбосун шарттарды аткаруунун предмети кыла алат.«Европа Биримдигинен келип чыгарылган» деп эсептелген, ошондой санда камдыктардын физикалык сегрегациясын пайдалануу менен алынган кандай гана мезгил болбосун алынуучу өнүмдөрдүн санын бугхгалтердик сегрегация пайдалануу менен гана уруксат берилет.

Уруксат алынган учурда ушул усул колдонулат жана анын колдонулушу Европа Биримдигинде колдонулуучу жалпы бухгалтердик принциптердин негизинде эсепке алынууга тийиш.

Бухгалтердик сегрегациянын усулунун бенефициары аны каттаган экспорттоочу тутумун колдонууга чейин бериши керек же Европа Биримдигинен келип чыгыралган деп эсептелген өнүмдөрдүн санынын келип чыгышынын далилдерине кайрылышы керек. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдарынын суроо-талаптары боюнча бенефициар сандык маалыматтарды башкаруу ыкмасы жөнүндө арыз бериши керек.

Мүчө-мамлекеттердин бажы органдары уруксаттарды пайдалануунун мониторингин жүзөгө ашырууга тиийш.

Алар төмөнкүдөй учурларда уруксатты кайра чакыртып алышы мүмкүн::

7.7.1 бенефициар тигил же бул ыкма менен уруксатты талапка ылайык эмес пайдаланат; же

7.7.2 бенефициар пайдалануучу шарттардын айрымдарын аткарбайт.

Page 45: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

8-бөлүм – ЕБде импорттоочуулардын милдеттери

4

Расмий эмес котормо

8.1 ЕБнин ИМПОРТТООЧУСУ КАТАРЫ МАГА БУЛ БӨЛҮМДҮ ОКУУНУН КЕРЕГИ БАРБЫ?

Импорттоочу ЕБ мүчө-өлкөлөрүндөгү бажы органдары экспорттоочу-өлкөнүн бийилик органдарын ЕБнен келген товарларга преференциалдык тарифтер боюнча (9.5-пунктту караӊыз) балким эркин жүгүртүүгө чыгарылган товарларга кошумча текшерүүнү жана контролду жүргүзүүнү өткөрүүгө өтүнүшү мүмкүн. Бул көп учурда (бенефициар-өлкөдө эмне болуп жаткандыгын билүү үчүн 9.5-пунктту караӊыз) «кезектеги текшерүү» деп аталат

Эгерде товарлар эркин жүгүртүүгө чыгарылбаса, ал эми компетенттүү органдар тарифтик преференцияларды берүүнү токтотуп турууну текшерүүнүн натыйжалары даяр болгонго чейин чечишет, алар сизден күрөөнү төлөп берүүнү өтүнүшөт. Эгерде алар тараптан жүргүзүлчү текшерүүлөр арыздын деталдарында көрсөтүлгөн цифраларга салыштырмалуу төлөөгө алып келүүчү импорттук алымдардын көбөйүшүнө алып келет деп эсептешсе, алар айырмачылыкты төлөө үчүн жетиштүү күрөөнү берүүнү дайыма талап кылууга тиийш (EEБ) № 2454/93 Токтомдун 248-беренеси ). Эгерде верификациялык текшерүү көрсөткөндөй, товарлар преференциалдык тарифтик режимдин талаптарына ылайык келбесе, бажы органдары префренцияны четке кагат же сиз анын артыкчылыгына ээ болбойсуз. Ошондой эле сиздин эсиӊизде болсун, Европа Биримдигинин мыйзамдарында товарды импорттоодон кийин 3 жылдын ичинде импорттоочудан алымдарды жыйыноо каралган.

8.2 МЕН ИМПОРТТОГОН ТОВАРЛАРДЫН КЕЛИП ЧЫГЫШ ЭРЕЖЕЛЕНИНЕ ЫЛАЙЫК КЕЛГЕНДИГИН КАНТИП ТЕКШЕРЕ АЛАМ?

Келип чыгыш далилдердин анык экендигин баардык болгон ыкмалар менен текшерүү сиздин эле жеке кызыкчылыгыӊызда болот жана кийин жагымсыз кесепеттерден качуу үчүн, сиз суроо-талап кылган аларды камтыган товарлар бажы алымдарын азайтууга укуктуу.

Азайтылган тарифке табыштаманы жасоонун алдына (бажы декларациясынын формасындагы (SAD) 36-графага 2 кодду киргизүү менен) же товарларга тапшырык берердин алдында сиз өз алдынча тийишсиз:

тийиштүү өнүм үчүн келип чыгыштын эрежелерин табууга (13a жана 13b-тиркемелерди караӊыз);

өзүӊүздүн чет өлкөлүк жөнөтүүчүӊүзгө бул эрежени эске салууга жана ал тарабынан бул эреже сакталгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө тастыктоону сурап алууга. Ошондой эле, сиз өзүӊүздүн жөнөтүүчүӊүздөн эрежеге ылайык келгендигин көрсөткөн аныкталган маалыматты берүүнү өтүнсөңүз болот.

ПРЕФЕРЕНЦИЯЛАРДЫН АЛКАГЫНДА ИМПОРТТОО АЙРЫМ ТОБОКЕЛДИКТЕРГЕ УЧУРАЙТ. ОШОНДУКТАН БУЛ ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ЖАНА ӨЗҮӊҮЗДҮН КЫЗЫКЧЫЛЫКЫӊЫЗДАРДЫ КАНТИП КОРГООНУ БИЛШИӊИЗ КЕРЕК

Эгер сизде болгон преференциялар жөнүндө документтин тактыгына же аныктыгына, товарлар азайтылган алымдарга укук бар экендигинен сиз күмөн санасыз же күмөн саноого себептер болсо, анда сиз преференциалдык тарифке табыштама бербей эле коюуӊуз. Эгерде муну жасасаӊыз, сиз укук бузуу жасоо тобокелдигине учурашыӊыз мүмкүн, ал айып салууларга алып келиши мүмкүн.

Page 46: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

Расмий эмес котормо

Мисалы, эгерде сиз кездемелерди импорттоосоӊуз, пайдалануучу кездемелердин келип чыгышын же кайсы жерден жип келип жаткандыгын сураса болот.

Мындан тышкары, сиздин жөнөтүүчүӊүз тарабынан алымдын ордун толтурууга жол берген сиздин контрагыӊызда пунктту киргизүүнү жана колдонууну сиз карай аласыз. Мындай болгон учурда, эгерде импорттоодон кийинки текшерүү сертификаты жараксыз жана товарлар эрежелерди сактабагандыгы табылса, сиз чыгым тартып каласыз.

Эгерде сиз кандайдыр бир алынган маалыматтын так экендигине күмөн санаган болсоӊуз, анда өзүӊүздүн жөнөтүүчүӊүздөн кошумча тастыктоону ала аласыз.

Эгерде өзүӊүздүн жөнөтүүчүӊүздөн жооп алгандан кийин сиздин товарлар преференциалдык тарифке укугу бар экендигине ишенбесеӊиз, аны пикирин билүү үчүн, Сиз өзүӊүздүн бажы органдарынан консультация алсаӊыз болот, Бирок анын сунуштамасы аткарылууга милдеттүү түрдө эмес.Эгерде сиз жогоруда көрсөтүлгөн текшерүүлөрдү өтпөгөн товарларга преференциалдык тарифке табыштама берип койсоӊуз, анда сиз өзүӊүздүн жөнөтүүчүӊүзгө тиийштүү суроо-талапты коюуну максатка ылайык экендиги тууралуу маселени карашыңыз керек. Эгерде суроо-талаптар сиздин товарлар келип чыгыштын эрежелерине жооп бербегендигин көрсөтүп жатса, сиз токтоосуз преференцияга табыштама берүүнү ТОКТОТУШУӉУЗ КЕРЕК.Эгерде сиз узак мөөнөттүн ичинде товарлардын ошол эле бир түрүн импорттоону ниеттенсеӊиз, балким, өндүрүштүк процессте өзгөрүүлөрдүн жок экендигине кепилдик берүү үчүн өзүӊүздүн жөнөтүүчүӊүз менен үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү аткаруу маселесин кароону каалайсыз. Эгерде бул текшерүүлөр сиздин товарлар келип чыгыштын эрежелерине жооп бербегендигин көрсөтүп жатса, сиз токтоосуз преференцияга табыштама берүүнү ТОКТОТУШУӉУЗ КЕРЕК.Сиз баардык алдын алган аракеттериӊиз тууралуу жазып жүрүшүӊүз керек. Сиздин бажы органдарыӊыз сиз кайрылган бажы алымдардын коюмдарын азайтуусуна товарларыӊыз укугу бар экендигин камсыз кылуу үчүн сиз кандай кадамдарды жасаганыӊызды көрүүнү каалашат. Эгерде тигил же бул башкача болуп калса, же сиз төлөй турган алымдын суммасы азайса, бул «ак ниеттүүлүк» аракеттериӊизди аткарууга жардам берет2017-жылдын 1-январынан тартып ЕБ сайтынан өз алдынча ПЖТ бенефициар-өлкөсүндө экспорттоочу чыныгы катталган экспорттоочу экендигин текшерип алсаӊыз болот. Эгерде бул текшерүлөр экспорттоочу чыныгы каттоосу жок же анын улуттук бажы органдар тарабынан каттоосу жок кылынгандыгын көрсөтсө, сиз токтоосуз преференцияга табыштама берүүнү ТОКТОТУШУӉУЗ КЕРЕК.

8.3 МЕН ТАБЫШТАМАНЫ КЕЧИГҮҮ МЕНЕН БЕРСЕМ БОЛОБУ?

Ооба, эгерде сиздин текшерүүӊүз тигил же бул сиз импорттоогон жана толук көлөмдө алымдар төлөнгөн товарлар преференциалдык тарифке укугу бар экендигин кийин тастыктаса, эркин жүгүртүү үчүн товарлардын биринчи чыгарылган датасынан кийин үч жылдын ичинде кечигүү менен табыштама берилиши мүмкүн.

Page 47: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

9-бөлүм – Катталган экспорттоочулардын тутумун колдонууга чейин (2017-жылга чейин бенефициар-өлкөлөрдө компетенттүү органдардын милдеттери.)

4

Расмий эмес котормо

9.1 АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТЫШТЫК КАНТИП ИШТЕЙТ?

Бенефициар-өлкөнүн мамлекеттик органдары, Европалык комиссия жана ЕБ бажы органдары ПЖТ сыпайы жана майнаптуу колдонууну камсыз кылуу үчүн жана анын артыкчыларын аларга гана багышталган пайдаланышына кепилдик берүүгө биримдикте кызматташтык тутумун башкарууга тийиш.Белгилеп кетүү керек, административдик кызматташтыктын талаптарын бенефициар-өлкө сактаганга чейин товарлар тарифтик преференциялардын артыкчылыктарын алууга болбойт.Бенефициар-өлкө Комиссияга 97s-беренесине ылайык А формасы боюнча келип чыгыштын сертификаттарын берүүгө ыйгарым укуктуу болгон жана ошондой эле келип чыгыштын А формасы боюнча жана эсеп-фактуралардын сертификаттардын контролдоосуна (же текшерүүсүнө) жооп берген бенефициардын аймагындагы мамлекеттик органдардын аталыштарын жана даректерин билдирет. А формасын берүүгө ЕБ бажы органдары же Соода министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардын гана дайындоолорун кабыл алат, анткени ал келип чыгыш сертификаты – бул толтурулбаган чек, ЕБ бюджетинен түзүлүүгө тиийш, жана ал ага жараша бенефициар-өлкөнүн өлкөсү аракетке киргизген орган тарабынан гана берилүүгө тийиш. Башка органдар аларга мамлекеттик органдар тарабынан берилген ыйгарым укуктар соода өнөр жай палатасындай аталган ишмердиги өкмөттүн майнаптуу контролунда болгонго чейин сертификаттарды берүүгө жарамтуу болот. Бирок алар контролду жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынбайт, анткени жеке кызыкчылыктар менен байланыш алардын мүчөлөрүнө сыпайы контролунда чыгым келтириши мүмкүн. Бул иш-милдет башкага өткөрүп берүүсүз эле дайыма мамлекеттиик орган тарабынан аткарылышы керек. Бул абдан маанилүү, анткени ЕБ (мисалы, алдымчылык же жетишсиз административдик кызматташтыктын себебинен) өзүнүн ПЖТ тигил же бул бенефициар-өлкөсүн алып салууну зарыл деп эсептегендиктен, жоопкерчилик толугу менен өкмөткө жүктөлөт. Бенефициар-өлкө ошондой эле Европалык комиссияга сертификаттарды берүүгө ошол органдар тарабынан расмий коюлган кол7, саналат.

Штамптардын көчүрмөлөрү ЕБ бажы органдарында таркатылат. Алар жалпыга жеткиликтүү болбогондуктан, европалык импорттоочуга анын жөнөтүүчүсүнөн алынган товарлардын келип чыгыш сертификатынын аныктыгын текшерүүгө уруксат берилген учурда импорттоо шартында шилтемени албаганда) алар келип чыгыш сертификаттын түп нускалыгын камсыз кылууга салым кылышат.Келип чыгыш сертификатын берүүгө жооп берген органдар алардын штамптарында болгон кандайдыр бир өзгөртүүлөр жөнүндө Европалык комиссияга маалымдоого тийиш. Эгерде алар мунун жасашпаса, анда экспорттолуучу товарлар мындай штамп бар экендигин билбеген Европа Биримдигинин тигил же бул бажы органына берилиши мүмкүн, бул преференцияны берүүдөн баш тартууга алып келиши мүмкүн. Жаӊы же кошумча штамптар жөнүндө токтотуусуз билдирүү (жаӊы штамптын күчүнө кирүү датасы менен) – бул көйгөйдү болтурбоонун жалгыз гана ыкмасы. Ошондой эле компетенттүү орган Комиссияга баардык уурдалган жана жоголгон штамптар

7 Айрым ыйгарым укуктуу кызмат адамдардын аттары жана алардын колунун үлгүлөрү талап кылынбайт.

Page 48: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

Расмий эмес котормо

жөнүндө токтотуусуз билдирүүгө тийиш.

Бенефициар-өлкө Комиссияга (айрым мүчө-мамлекеттерге маалыматтарды берүү жетишсиз) коммуникацияда мүчүлүштүктөрдөн качуу үчүн А формасын жана эсеп-фактуралардын келип чыгыш сертификаттарын текшерүүгө жооп берген мамлекеттик органдардын аталыштарында жана даректеринде кандайдыр бир өзгөрүүлөрү жөнүндө билдирүүгө тийиш.

Ошондой эле А формасы боюнча келип чыгыш сертификатын берүүгө жооп берген органга кезектеги текшерүүгө жооп берген бөлөк өкмөттүк органдын болушу сунуш кылынат, анткени бул мыкты контролдукка кепилдик берет. Европа Биримдиги тутумдун талапка ылайык камсыз кылуусуна бенефициар-өлкөгө ишеним көрсөтөт.

Мисалы, эгерде экспорттолуучу товарлар бенефициар-өлкөдөн экспорттоодон кийин кошумча иштетилсе же кайра иштетилсе, анда алар А формасына ылайык келе албайт жана бенефициар-өлкөнүн бийлик органдары гана А формасы менен экспорттоолгон товарларга ЕБ импорттолуучу товарлар ылайык келгендигин көрсөтүп бере алат.

ЕБ келип чыккан товарларды пайдалануу менен келип чыгыштын эки тараптуу кумуляциясы учурда бенефициар-өлкөлөрдүн расмий органдары ЕБ берилген органдарына, эгерде алар аны каалашса, текшерүү үчүн ЕСR.1 жөнүндө күбөлүк жөнөтө алышат.

9.2 БЕНЕФИЦИАР-ӨЛКӨНҮН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН ЭӉ БИРИНЧИ МИЛДЕТИ КАНДАЙ?

Бенефициар-өлкөнүн мамлекеттик органы өзүнүн экспорттоочуларына жетекчиликти камсыз кылууга тиийш. Мындай жардам келип чыгыштын эрежелери жөнүндө окутууну уюштуруусунда, түшүндүрүүдө жана түшүнүк жазууларда камтылат.

9.3 БЕНЕФИЦИАР-ӨЛКӨНҮН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ А ФОРМАСЫ БЕРИЛГЕНГЕ ЧЕЙИН ЭМНЕ КЫЛЫШЫ КЕРЕК?

Орган келип чыгыш сертификатын алууга чейин ага жазуу табыштамасы менен берилген товарлардын келип чыгышына таандык болгон маалымат чындыкка ылайык келгендигин жана товарлар келип чыгыш статусуна ээ болгондугун текшерүүгө тийиш.

Мисалы, жиптен токулган кийим предметтери үчүн келип чыгыш критерийлери көрсөткөндөй, эгерде келип чыгыш статусун алуу үчүн зарыл болгон баардык өнөр жай процесстер бенецифиар-өлкөдө өндүрүлсө, мындай өнүм ЕБ ПЖТ келип чыгыштын эрежелерине туш келет. Ушундай жол менен жипти импорттоонун (эгерде ал келип чыгыш статусуна ээ болбой калса) жана кездемени өндүрүшүнүн далилдери берилиши керек. Ошондой эле, орган баардык зарыл болгон жактырууларды 4-графага киргизилгендигине кепилдик берүүгө тийиш. Мисалы, «Ретроспективдүү берилген» же "Délivré a posteriori (5.9-бөлүмүн караӊыз), "Жупнуска" же "Duplicata" (5.10-бөлүмүн караӊыз), "(EБ) Четтеттүү токтому № …./…." (2.9- бөлүмүн караӊыз).

9.4 БЕНЕФИЦИАР-ӨЛКӨНҮН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ

Page 49: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

4

Расмий эмес котормо

А ФОРМАСЫ БЕРИЛГЕНДЕН КИЙИН ЭМНЕ КЫЛЫШЫ КЕРЕК?

Бенефициар-өлкөнүн бийлик органдары А формасы берилгенден кийин минимум үч жыл бою жазууларды алып барууга тиийш, анткени ушул мөөнөттүн ичинде бул органдарга келип чыгыш сертификатын тастыктоо үчүн ЕБ бажы органдары тарабынан суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн.

9.5 БЕНЕФИЦИАР-ӨЛКӨНҮН БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ ЕБ КЕЗЕКТЕГИ ТЕКШЕРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАБЫНА КАНТИП ЫЛАЙЫК КЕЛИШИ КЕРЕК?

Кезектеги текшерүүгө жооп берген бийлик органдарынан текшерүүгө суроо-талап 6 айдын ичинде күтүлөт. Ошого карабастан, жооп 6 айдан кийин келбесе, ЕБ бажы органдары эскертүүнү жөнөтүшөт жана жооп берүүгө кошумча 4 айлык мөөнөт беришет. Жооп бериш үчүн, бийлик органдары товарлардын келип чыгышынын документардык далилдерин, экспорттоочулардын жазууларын жана эсептерин текшерүү жана, керек болсо, фабрикада инспекцияны өткөрүү суроо-талаптары сыяктуу, талап кылынуучу текшерүүлөрдү өткөрүшү керек.Эсиӊизде болсун, регионалдык тобптун мүчөсү катары регионалдык кумуляциянын артыкчылыктары менен пайдалануучу бенефициар-өлкөлөр Европа Биримдиги менен гана эмес, бири-бири менен (86(2) (c) (ii)-беренени караӊыз) административдик кызматташтыкты камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди алышат. Мында башка, эгерде тигил же бул мүчө-мамлекет кезектеги текшерүүгө суроо-талап жасаса, ал А формасын берген топтун мүчөсүнүн бийлик органдары менен кат жазууларды жүргүзүүгө жана ошол органдар топтун башка мүчөлөрүнүн бийлик органдары менен байланышууга тиийш экендигин билдирет.ЕБ бажы органдары толук жооп алууга тийиш, «Мен товарлардын келип чыгыш статусун тастыктайм» деген жетишсиз болот. Аларга өнөр жай процесстеринин сыпаттамасы, пайдалануучу материалдардын сыпаттамасы жана процесстин чыгашаларын бөлүштүрүү сыяктуу кеӊири түшүндүрүү талап кылынат. Белгилеп кетүү керек, 10 айдын ичинде жооп берилбеген учурда, бул өзгөчө чыныгы келип чыгышына караштуу акыл-эске сыйган күмөн саноого негиздер бар болсо, ЕБ импорттоочусуна олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн, анын товарлары тарифтик преференциялардын артыкчылыктары менен пайдалана албай калышат.

9.6 АДЕКВАТТУУ АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КӨРСӨТПӨӨНҮН КЕСЕПЕТТЕРИ КАНДАЙ БОЛОТ?? (71-берене)

Эгерде бенефициар-өлкөдө талапка ылайык преференциалдык жол-жоболорду колдонууда күмөн саноого негиздер бар болсо, Комиссия Европа Биримдигинин Расмий бюллетенинде импорттточуларга эскертүүнү жарыялай алат.Бенефициар-өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан ПЖТ байланышкан эрежелерди жана жол-жоболорду башкаруунун зарыл болгон административдик түзүмдөрүн жана тутумдарын колдоо боюнча чараларды аткарбагандыгы же административдик кызматташтыктын талаптарын такай аткарбагандыгы (ЕБ) № 978/2012 Токтомунун 21-беренесине ылайык ошол аталган өлкөнүн схемасынын алкагында преференцияларды убактылуу жок кылууга алып келет.

Page 50: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

10-бөлүм – 2017-жылдан тартып колдонулуучу тутумда бенефициар-өлкөлөрдө компетенттүү органдын милдеттенмелери

5

Расмий эмес котормо

2017-жылдан тартып колдонулуучу тутумдун алкагында бенефициар-өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын айрым милдеттенмелери 2017-жылга чейин колдонулуучу тутумда баяндалган милдеттенмелерге окшош. Бирок алар катталган экспорттоочулардын тутумуна ыӊгайлашат. Негизги милдеттенмелери төмөнкүдөй:

10.1 КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНДЫН АДМИНИСТРАТИВДИК ТҮЗҮМДӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ

- кумуляцияны пайдалануу үчүн тийиштүү учурларда керек болгон жол-жоболорду кошуп алганда, ПЖТ таандык бенефициар-өлкөдө ишке ашырууга жана келип чыгыштын жана жол-жоболордун эрежелерин башкарууга зарыл болгон административдик түзүмдөрдү жана тутумдарды түзүү жана колдоо боюнча милдеттенме (68.1.a-берене);

- компетенттүү органдардын Комиссия жана мүчө-мамлекеттердин бажы органдары менен кызматташтыкты камсыз кылуу (68.1.b-берене);

- тийиштүү өлкөдө схеманы талапка ылайык башкаруу мониторингди өткөрүүгө Комиссиянын суроо-талабы болгон учурда зарыл колдоону берүү, анын ичинде Комиссия же мүчө-мамлекеттер тарабынан текшерүү менен жерлерге баруулар (68.2.a-берене);

- товарлардын келип чыгыш статусун текшерүү жана ПЖТ келип чыгыш эрежелери менен байланышкан башка шарттарын сактоо, анын ичинде Комиссиянын же мүчө-мамлекеттердин бажы органдарынын келип чыгышынын териштирүү контекстинде (68.2.b-берене) жерлерге баруу;

- 68.1a жана 68.2.b-беренелер (68.3-берене) менен каралган Комиссияга милдеттенмелерди берүү

- алар төмөнкүдөй саналган, Комиссияга алардын аймагында болгон органдардын аталыштарын жана даректерин билдирүү:

(a) тийиштүү өлкөнүн бийлик мамлекеттик органдарынын же өлкөнүн контролунда аракеттенген жана экспорттоочуларды каттоо жана катталган экспорттоочулардын реестринен аларды алып салуу боюнча ыйгарым укук берилген бөлүгү;

(b) тийиштүү өлкөнүн бийлик мамлекеттик органдарынын жана административдик кызматташтык аркылуу Комиссияны жана мүчө-мамлекеттердин бажы органдарын колдоо боюнча ыйгарым укук берилген бөлүгү ( 69.1-берене);

- жогоруда көрсөтүлгөн маалыматта кандайдыр бир өзгөртүүлөр жөнүндө токтотуусуз маалымдоо (69.2-берене).

10.2 КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНДАРДЫН КАТТАЛГАН ЭКСПОРТТООЧУЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРГА БАЙЛАНЫШТУУ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ

- өлкөдө болгон катталган экспорттоочулардын электрондук жазууларды түзүү жана аларды такай алып баруу (эгерде экспорттоочу алып салынса, жазуулар дайыма жаӊыланып турууга тийиш) (91.1-берене);

Page 51: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

5

Расмий эмес котормо

- катталган экспорттоочуларды дайындоо үчүн пайдалануучу (номер ISO alpha 29) (91.3-берене) өлкөнүн коду менен башталууга тийиш) Комиссияга номерлештирүүнүн улуттук тутуму жөнүндө билдирүү;

- эгерде табыштама толук эмес болсо (92-берене), катталган экспорттоочулардын статусуна талапкер-экспортточулар тарабынан берилген табыштаманы кабыл алуу;

- схема боюнча кандайдыр бир экспорттоонун шарттарына башка ылайык келбеген же мындай товарларды башка экспорттоого башка ниеттенбеген катталган экспорттоочуларды алып салуу (93.1-берене);

- атайылап же этиятсыздыктан түзгөн же укук ченемсиз же преференциалдык тарифтик режимден артыкчылктарды алдамчылык менен алууга алып барган, келип чыгыш жөнүндө туура эмес маалыматты камтыган, кандай гана болбосун коштоочу документти түзүүгө себеп болгон катталган экспорттоочуларды, экспорттоочуларды реестрден алып салуу (93.2-берене);

10.3 КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНДАРДЫН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАШУУГА БАЙЛАНЫШТУУ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ

- мүчө-мамлекеттердин бажы органдарынын суроо-талабы боюнча өнүмдөрүнүн келип чыгыш статусун текшерүү жана алардын демилгеси боюнча экспорттоочуларды такай контролдоо (97g-берене).

10.4 АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАШУУ КАНТИП ИШТЕЙТ (97G-берене)?

Контролдоо экспорттооочулар тарабынан өзүнүн милдеттенмелерин такай сактоону камсыз кылууга тийиш. Контролдоо тобокелдикти талдоонун тийиштүү критерийлеринин белгиленген негизинде жүргүзүүлүгө тийиш. Бул максат үчүн бенефициар-өлкөлөрдүн компетенттүү органдары экспорттоочулардан алар түзгөн келип чыгыш жөнүндө арыздын көчүрмөсүн же тизмесин талап кылууга тийиш.Бенефициар-өлкөлөрдүн компетенттүү органдары кандай гана болбосун далилдерди суроо-талап кылууга жана экспорттоочунун жана тийиштүү учурларда, ага жөнөтүүнү жүзөгө ашырган өндүрүүчүлөрдүн эсебин кандай гана болбосун текшерүүгө, анын ичинде кызматтык жайларда же максатка ылайык деп эсептелген кандай гана болбосун текшерүүлөргө укуктуу. Келип чыгыш жөнүндө арыздын текшерүүлөрү кокусунан жүргүзүлүшү керек же эгерде мүчө-мамлекеттердин бажы органдары алардын анык экендигине, тийиштүү өнүмдөрдүн келип чыгыш статусуна ПЖТ келип чыгыш эрежелеринин башка талаптарын аткаруусу боюнча негизделген күмөн саноосу болсо.Эгерде тигил же бул мүчө-өлкөнүн бажы органдары бенефициар-өлкөнүн компетенттүү органдары менен келип чыгыш, тигил же бул өнүмдөрдүн келип чыгыш статусу жөнүндө арыздын аныктыгын текшерүүнү жүргүзүү үчүн кызматташтыкты талап кылышса, анда тийиштүү учурларда алар өздөрүнүн суроо-талаптарында келип чыгышы, тигил же бул өнүмдөрдүн келип чыгыш статусу жөнүндө арыздын аныктыгын негизделген күмөн саноонун себептерин көрсөтүүгө тийиш.Текшерүүгө суроо-талапты колдоо үчүн келип чыгыш жөнүндө арыздын көчүрмөсү же кандайдыр бир кошумча маалымат же же аталган арыздагы берилген маалымат сыпайы эмес деп каралган документтер жөнөтүлөт. Сураоо-талап кылуучу мүчө-мамлекет Норвегияга же Швейцарияга (ал эми келечекте Турцияга) жөнөтүлгөн суроо-талаптарды албаганда, текшерүүгө суроо-талаптын датасынан тартып бенефициар-өлкөсүндө жасалган келип чыгыш арызынын негизинде алардын аймагында жасалган келип чыгыш жөнүндө арызды алмаштыруусун текшерүү максатында баштапкы 6 айлык мөөнөттү белгилеши зарыл, ал үчүн акыркы мөөнөтү 8 айга чейин узарат.

Page 52: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

5

Расмий эмес котормо

Эгерде негизделген күмөн саноолор учурунда мурдагы абзацта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жооп келбесе же жоопто өнүмдөрдүн чыныгы келип чыгышын аныктоо үчүн жетиштүү маалымат камтылбаса, компетенттүү органдарга экинчи билдирүү жөнөтүлөт. Бул билдирүү 6 айдан ашпаган кошумча акыркы мөөнөттү белгилейт.

10.5 КУМУЛЯЦИЯ АЛКАГЫНДА АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАШУУ

Келип чыгыштын жана административдик кызматташуунун контролу менен байланышкан жоболор, ошондой эле эки тараптуу кумуляция максатында Европа Биримдигинен бенефициар-өлкөгө экспорттоого жана регионалдык кумуляция максатында бир бенефициар-өлкөдөн башка өлкөгө экспортттого колдонулат (97i.1-берене).Атап айтсак, регионалдык кумуляция, эгерде регионалдык топтун өлкөлөрү Европа Биримдиги сыяктуу жана, ошондой эле алардын ортосунда ПЖТ келип чыгыш эрежелерин сыпайы ишке ашыруу үчүн зарыл болгон административдик кызматташууну камсыз кылган уюмдар белгиленген шартта гана иштейт(86.2.c.ii-берене). Бул уюмдар тууралуу тийиштүү регионалдык топтун Катчылыгы же каралуучу топтун баардык мүчөлөрүн көрсөткөн компетенттүү бириккен орган Комиссияга билдирүүгө тийиш.Норвегия жана Швейцария (ал эми келечекте Турция) алар административдик кызматташуу маселелери боюнча бири бирине колдоону көрсөтүү, Норвегиянын жана Швейцариянын (ал эми келечекте Турциянын ) бийлик органдарына суроо-талап үчүн колдонулган зарыл өзгөртүүлөр менен жөнөтүлүүчү өнүмдөрдүн келип чыгыш статусун бенефициар-өлкөдө компетенттүү органдар менен ошол органдарды кийин байланышууга суроо-талап кылуу үчүн алардын аймагында өндүрүлгөн келип чыгыш жөнүндө алмаштыруусун текшерүү үчүн текшерүү маселелерин көрсөтүүчү Европа Биримдиги менен макулдашуу түзүлөт. Кеӊейтилген кумуляцияга 86 (7) жана (8) –беренелеринин алкагында гана жол берилет, эгерде Европа Биримдигинде эркин соода жөнүндө колдонгон макулдашуу болгон өлкө ошондой эле жол менен эркин соода жөнүндө аталган макулдашуунун тийиштүү жоболоруна ылайык мүчө-мамлекеттерге бажы органдарына мындай колдоо көрсөтүлгөндөй бенефициар-өлкөгө административдик кызматташуу маселелери боюнча өзүнүн жардамын көрсөтүүгө макул болсо.

Page 53: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

5

Расмий эмес котормо

I ТОЛУКТОО, БЕНЕФИЦИАР-ӨЛКӨЛӨРДҮН ЖАНА АЙМАКТАРЫНЫН ТИЗМЕСИ

Европа Биримдигинин бенефициар-өлкөлөрүнүн жана аймактардын тизмеси жана жалпы тарифтик преференциялардын схемаларыАнча эмес өнүккөн өлкөлөр үчүн атайын режимге кирген өлкөлөр * белгиленген.Туруктуу өнүгүү жана майнаптуу башкаруу үчүн дем берүүчү атайын режимге кирген өлкөлөр †белгиленген

Ооганстан Армения †

Ангола *Бангладеш * Буркина-Фасо * Бурунди * Бенин *Боливия †

Бутан *Конго Демократиялык Республикасы*

ЦАР * Кук аралдарыКЭР

Колумбия

Коста-Рика †

Кабо-Верде †

Джибути

* Эквадор †

Эритрея

*

Эфиопия* Микронезия

Грузия †

Гамбия *Гвинея * Экваториал Гвинея *

Гватемала †

Гвинея-Бисау *ГондурасГаити* Индонезия ИндияИракКыргыз Республикасы

Камбоджа *

Кирибати *

Коморские Острова *Лаос *Шри-Ланка Либерия *

Лесото *

Мадагаскар * Маршаллов аралдары

Мали * Бирма/Мьянма *Монголия †

Мавритания * Мальдивы Малави * Мозамбик * Нигер * Нигерия Никараӊызгуа Непал *Науру Ниуэ Панама

† Перу

Филиппины Пакистан †

Парагвай †

(of ВСП ЕБ ПЖТ II тиркемесинен Жоопкерчиликтен баш тартуу

Көӊүл буруӊуз: бенефициар-өлкөнүн тизмеси потенциалдуу бенефициарлардын тизмеси болуп саналат, анткени айрым өлкөлөр ЕБ ПЖТ артыкчылыктарын иш жүзүндө пайдалануу үчүн шарттарга ылайык келбейт. Айрым өлкөлөр 93-беренеде баяндалган (жогоруда 8-бөлүмдү караӊыз ) кызматташуунун административдик эрежелерине ылайык келе албайт, ал товарлар тарифтик префренцияларды алуу үчүн алдын алуу шарты болуп саналат. Эгерде күмөн санасаӊыз, сиздин компетенттүү органдар сизге консультация бере алат. Мындан тышкары, ПЖТ жаӊы схемасы «динамикалык» мүнөздө болот, башкача айтсак, өздөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө жараша айрым бенефициар-өлкөлөр «тийиштүү талаптарга ылайык» катары артыкчылктардан жана классификациядан ажырап калышы мүмкүн, ал эми башка талапка тийиштүү болгон өлкөлөр бенефициар статусун алышы мүмкүн. Ошондуктан, төмөнкү тизме багыт берүүчү мүнөздө болот жана

Page 54: The European Community's · Web viewАлар Комиссиянын 2454/93 Токтомунун (ЕБнин Бажы кодексинин аткарылып жаткан жоболору)

5

Расмий эмес котормо

Руанда * Соломон аралдары * Судан *Сьерра-Леоне * Сенегал * Сомали * Түштүк Судан *Сан-Томе и Принсипи *Эль-Сальвадор †

Сирия Араб Республикасы

Чад *Того *Таиланд Тажикстан Тимор-Лесте * Түркмөнстан Тонга Тувалу *Танзания *

Украина Уганда * Өзбекстан Вьетнам Вануату * Самоа * Йемен * Замбия *