6
1 Июнь 2013 МТБунун кызматкерлери Бирдик айылынын мектебине кайра келишти Ар бир өспүрүмдүн жашоосунда мектепти бүтүрүү маанилүү күн болуп саналат. Транзиттик борбордун өкүлдөрү аталган мектептин 9 окуучу балдардын бүтүрүү жөрөлгөсүндө катышышты. Бул 9 бала мектептин алгач бүтүрүүчүлөрү болгондуктан бул иш-чара өзгөчө мааниге ээ болду. Бул алгач бүтүрүүчүлөр мектеп 2009-жылы кайрадан ачылгандан бери окуп келе жатышкан. "Кайрадан Бирдик айылынын мектебине келгенге сүйүнүп жатабыз," деди Транзиттик борбордун жетекчиси, полковник Кори Мартин. "Биз окуучуларды, мугалимдерди мектептин жетекчилигин жана ата-энелерди ийгиликтүү окуу жыл менен куттуктайбыз. Бирок биз өзгөчө ушул сонун Бирдик айылынын мектебинде 4 жылдан бери окуп мына эми алгач бүтүрүп жаткан окуучуларды чын жүрөктөн кутуктап кетээр элек." Бирдик айылындагы мектеп 2009-жылы АКШ Аба күчтөрүнүн борбордук башкармалыгы жана Транзиттик борбор тарабынан гуманитардык жардам долбоорунун алкагында ремонттон өткөн. Ремонт иштерине чейин, аталган мектептин 40 жылдан бери турган имараты 10 жылга чейин бош турган болчу. Ишке ашырышына 678 000 доллар сарпталган бул долбоордун натыйжасында электр генератору, көмүр менен жылыган суу жылыткычтар, антисептик системасы, тротуар, коргон жана металдан жасалган чатыр орнотулган. Андан тышкары бул долбоордун жардамы менен терезе, дубалдар сырдалып, от чыгуу сиреналары орнотулду. 150 000 долларга жаңы эмерек киргизилди. Аталган долбоор өзүнөн кийинки ишке ашкан долбоорлорго жол ачып берди. Ремонт жасалгандан бери Транзиттик борбор аталган мектеп менен карым катнашты үзбөй келе жатат. Айта кетсек Англис тили сабагын өткөрүү же болбосо коомдук иш- чараларга катышуу максатында МТБунун кызматкерлери айда бир жолу мектепке келип кетишет. Мына эми алар мектепти бүтүрүү жөрөлгөсүнө келип отурушат. «Бүгүн биз үчүн абдан жакшы күндеди Бирдик айылынын мектептин мүдүрү, Ольга Ворошихина. «Менин оюмча биздин мектеп бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө арналган иш- чараны куттуктоого абдан кубанычта анткени бул өзгөчө күндө биз менен чогу майрамдаш үчүн Транзиттик борбордун кызматкерлери келишти. Аталган ремонт иштеринен бери биздин мамилебиз жалгыз кана жакын болбостон карым катнашыбыз абдан тыгыз. Алар бизге күндө келишпесе дагы МТБунун кызматкерлеринин мектепте болгондой сезилетБүтүрүүчүлөргө арналган иш- чарада көптөгөн ырлар, декламациялар жана бийлер бүтүрүүчүлөр тарабынан аткарылып берди. Эң кичине окуучулар чоң окуучуларды куттукташты. Чоң класстын окуучулары болсо мектепти ийгиликтүү бүтүрүү үчүн кеңештерди берди. Акырында бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөр жана медальдар тапшырылып, акыркы коңгуроону шынгырыатканга убакыт келди. «Бүгүн эртең мененден бери бул иш-чарага даярдануу үчүн шашкыбыз кеттидеди 16 жаштагы бүтүрүүчү Елена. Биз бул өзгөчө күндү өзгөчө кубаныч менен тозобуз деп аракет кылдык. Бирок бул иш- чара аяктаганда бираз кайгыга чөктүк, эмнеге дегенде бул мектепке эми келбей, мугалимдерибизди көрбөй калабыз. Биз эми бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирип, чоңойгон адамдардын арасына кирип жатсак дагы бул мектепке бираз болсо дагы көбүрөөк калып дагы деле мугалимдерибиздин сабактарына катыша берсек деген ый менен коштошуп жатабызУшундай эле сезимдер менен башка бүтүрүүчүлөр дагы бөлүшүштү. 16 жаштагы Галина Трубникова өзүнүн толкунданып жатканын айтты. «Бүгүн абдан маанилүү күн, бирок бул мектепке кайра келбей турганымды ойлосом көдөрүмдө жаштар чогулуп ыйлагым келетдеди келечекте педиатр болгусу келген Галина. «Бул өткөн 4 жыл жашоомдогу эң жакшы жана унутулгус жылдар болуп өттүМектептен кетээрден мурда бүтүрүүчүлөр Транзиттик борбордон келген аскер кызматкерлер менен маек курушту. «Биздин мектебибизди оңдоп түзөп брегениңиздер үчүн сиздерге чоң ыраазычылымды билдирип кетээр элемдеди Елена. «Бул мектепте жаңы эле окуп баштаган менин инилерим жана синдилерим дагы кубаныч жана бактылуулук менен мектептин жолун өтүшөт деген үмүттөмүнУшул жылдын 25-май күнү Кыргызстандын баардык мектептеринде өткөн мектепти бүтүрүү жөрөлгөсү учурунда Бирдик айылынын меектебинин окуучулары акыркы коңгуроону чалып жатканда МТБунун кызматкерлери карап турган учуру. 4 жыл мурун аталган мектепте ремонт жасалганга чейин бул мектеп 10 жылга чейин бош турган.

МТБунун Бирдик кайра келишти...Пейж Мартин кант шаарынын мектебинде окуган кыздарга ырдап жаткан учуру

  • Upload
    others

  • View
    22

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: МТБунун Бирдик кайра келишти...Пейж Мартин кант шаарынын мектебинде окуган кыздарга ырдап жаткан учуру

1

Июнь 2013

МТБунун кызматкерлери Бирдик айылынын мектебине кайра келишти Ар бир өспүрүмдүн жашоосунда мектепти бүтүрүү маанилүү күн болуп саналат. Транзиттик борбордун өкүлдөрү аталган мектептин 9 окуучу балдардын бүтүрүү жөрөлгөсүндө катышышты. Бул 9 бала мектептин алгач бүтүрүүчүлөрү болгондуктан бул иш-чара өзгөчө мааниге ээ болду. Бул алгач бүтүрүүчүлөр мектеп 2009-жылы кайрадан ачылгандан бери окуп келе жатышкан. "Кайрадан Бирдик айылынын мектебине келгенге сүйүнүп жатабыз," деди Транзиттик борбордун жетекчиси, полковник Кори Мартин. "Биз окуучуларды, мугалимдерди мектептин жетекчилигин жана ата-энелерди ийгиликтүү окуу жыл менен куттуктайбыз. Бирок биз өзгөчө ушул сонун Бирдик айылынын мектебинде 4 жылдан бери окуп мына эми алгач бүтүрүп жаткан окуучуларды чын жүрөктөн кутуктап кетээр элек." Бирдик айылындагы мектеп 2009-жылы АКШ Аба күчтөрүнүн борбордук башкармалыгы жана Транзиттик борбор тарабынан гуманитардык жардам долбоорунун алкагында ремонттон өткөн. Ремонт иштерине чейин, аталган мектептин 40 жылдан бери турган имараты 10 жылга чейин бош турган болчу. Ишке ашырышына 678 000 доллар сарпталган бул долбоордун натыйжасында электр генератору, көмүр менен жылыган суу жылыткычтар, антисептик системасы, тротуар, коргон жана металдан жасалган чатыр орнотулган. Андан тышкары бул долбоордун жардамы менен терезе, дубалдар сырдалып, от чыгуу сиреналары орнотулду. 150 000

долларга жаңы эмерек киргизилди. Аталган долбоор өзүнөн кийинки ишке ашкан долбоорлорго жол ачып берди. Ремонт жасалгандан бери Транзиттик борбор аталган мектеп менен карым катнашты үзбөй келе жатат. Айта кетсек Англис тили сабагын өткөрүү же болбосо коомдук иш-чараларга катышуу максатында МТБунун кызматкерлери айда бир жолу мектепке келип кетишет. Мына эми алар мектепти бүтүрүү жөрөлгөсүнө келип отурушат. «Бүгүн биз үчүн абдан жакшы күн,» деди Бирдик айылынын мектептин мүдүрү, Ольга Ворошихина. «Менин оюмча биздин мектеп бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чараны куттуктоого абдан кубанычта анткени бул өзгөчө күндө биз менен чогу майрамдаш үчүн Транзиттик борбордун кызматкерлери келишти. Аталган ремонт иштеринен бери биздин мамилебиз жалгыз кана жакын болбостон карым катнашыбыз абдан тыгыз. Алар бизге күндө келишпесе дагы МТБунун кызматкерлеринин мектепте болгондой сезилет.» Бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чарада көптөгөн ырлар, декламациялар жана бийлер бүтүрүүчүлөр тарабынан аткарылып берди. Эң кичине окуучулар чоң окуучуларды куттукташты. Чоң класстын окуучулары болсо мектепти ийгиликтүү бүтүрүү үчүн кеңештерди берди. Акырында бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөр жана медальдар тапшырылып, акыркы коңгуроону шынгырыатканга убакыт келди. «Бүгүн эртең мененден бери бул иш-чарага даярдануу үчүн шашкыбыз кетти,» деди 16

жаштагы бүтүрүүчү Елена. Биз бул өзгөчө күндү өзгөчө кубаныч менен тозобуз деп аракет кылдык. Бирок бул иш-чара аяктаганда бираз кайгыга чөктүк, эмнеге дегенде бул мектепке эми келбей, мугалимдерибизди көрбөй калабыз. Биз эми бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирип, чоңойгон адамдардын арасына кирип жатсак дагы бул мектепке бираз болсо дагы көбүрөөк калып дагы деле мугалимдерибиздин сабактарына катыша берсек деген ый менен коштошуп жатабыз.» Ушундай эле сезимдер менен башка бүтүрүүчүлөр дагы бөлүшүштү. 16 жаштагы Галина Трубникова өзүнүн толкунданып жатканын айтты. «Бүгүн абдан маанилүү күн, бирок бул мектепке кайра келбей турганымды ойлосом көдөрүмдө жаштар чогулуп ыйлагым келет,» деди келечекте педиатр болгусу келген Галина.

«Бул өткөн 4 жыл жашоомдогу эң жакшы жана унутулгус жылдар болуп өттү.» Мектептен кетээрден мурда бүтүрүүчүлөр Транзиттик борбордон келген аскер кызматкерлер менен маек курушту. «Биздин мектебибизди оңдоп түзөп брегениңиздер үчүн сиздерге чоң ыраазычылымды билдирип кетээр элем,» деди Елена. «Бул мектепте жаңы эле окуп баштаган менин инилерим жана синдилерим дагы кубаныч жана бактылуулук менен мектептин жолун өтүшөт деген үмүттөмүн.»

Ушул жылдын 25-май күнү Кыргызстандын баардык мектептеринде өткөн мектепти бүтүрүү жөрөлгөсү учурунда Бирдик айылынын меектебинин окуучулары акыркы коңгуроону чалып жатканда МТБунун кызматкерлери карап турган учуру. 4 жыл мурун аталган мектепте ремонт жасалганга чейин бул мектеп 10 жылга чейин бош турган.

Page 2: МТБунун Бирдик кайра келишти...Пейж Мартин кант шаарынын мектебинде окуган кыздарга ырдап жаткан учуру

2

Жакындда эле шайланган Ат-башынский жана Жаңы жер айыл өкмөтүнүн акимдери Транзиттик борборуна экскурсия жасап, МТБунун 4 миссиясы-абада май куюуу, абада жүк ташуу, абада аскер ташуу жана гуманитардык жардам туралуу көбүрөөк маалымат алып кетишти. "Бул жака биз Транзиттик борбор менен жакыныраак таанышуу максатында келдик," деди Жаңы жер айылынын акими, Тезекбаев Насирдин. Аталган акимдер Транзиттик борбордун жетекчиси менен жолугушууда, полковник Кори Мартин конокторго МТБунун миссиялары туралуу кыскача маалымат берди. Андан кийин алар Транзиттик борбордун айланасын кыдырып, машине оодарылып кеткен учурдагы аракеттер туралуу тренинг борборун, КС-стратотанкерин, С-17 учагын көрүү үчүн токтошту. Ар бир токтогон учурда коноктор тиешелүү бөлүмдүн кызматкерлери менен маек курушту. "Ушундай жолугуушулар аркылуу кана биз силердин кандай иштей турганыңарды, кандай жашай турганыңарды жана эмне кылганыңар жөнүндө биле алабыз," деди Ат-башынский айылынын акими, Азиз Сейталиев. Транзиттик борборго эң жакын жайгашкан айылдын акими катары, Азиз Сейталиев Транзиттик борбор туралуу көбүрөөк билүүгө кызыктар болуп, Транзиттик борбор менен айыл келечекте кандай кызматташууну болооруна кызыкты. "Бизде Кыргыздарда бир сөз бар: Бийик коргонуң болгуча жакшы кошунаң болсун," деди Азиз Сейталиев. "Биз жакшы кошуна бололу эми. Транзиттик борбордун жетекчиси полковник Кори Мартин аталган айылдар менен потенциалдуу кызматташуу туралуу маек кургандан кийин келген конокторго буга чейин келе жаткан кызматташуудан келип чыккан аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирип кетти. "Гуманитардык жардам долбоорлору аркылуу болсун, аскердик тармагында тажрыба алмашуу иш-чаралары аркылуу болсун, АКШ дайыма жакшы кошуна болгонго аракет кылып келе жатат," деди полковник Мартин. "Кээ бир аскер кызматкерлерибиз кана Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүктөрү бар, ал эми сиздин биздин аскерлерди өз айылыңызга коноко чакырып кеткениңиз биздин кызматкерлер үчүн абдан пайдалуу болот, анткени алар жерди көрүп келишет. Сизге чоң ырахмат."

Журналисттер жана жергиликтүү аыйлдардын акимдери МТБуна келип кетишти

Ушул жылдын 21-май күнү Ат-башынский менен Жаңы-жер айылдарынын акимдери МТБуна жасаган сапары учурунда 817-экспедициялык абада аскер ташуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда С-17 учактын ичин көрүп чыгышты. Андан тышкары коноктор абада май куюууда кодонула турган КС-135 учагын көрүп келишти.

Үстүнкү сүрөттө: Ушул жылдын 30-апрель күнү МТБунун жетекчисинин жардамчысы полковник Роберт Малетс журналисттердин абада май куюу боюнча узаткан суроолоруна жооп берип жаткан чагы. МТБунун миссиясы жана кызматкерлердин жашоосу кандай өтүп жатканын көрүү үчүн журналисттерден турган топ МТБдо бир күн болду. 2013-жылдын 30-апрель күнү журналисттерди кабыл алуу күнүндө, МТбунун логистика бөлүмүнүн кызматкери, Ж е с и к а С м и т журналистке броне жилет кийгизип көрүүдө.

Ушул жылдын 30-апрель күнү Борбордук Азия жаңылыктарынан келген журналист, Маркус Бенсман МТБунда кызмат өтөгөн аскерден интервью алып жаткан чагы. Бенсман жана башка репортерлор Афганистандан кайтып келе жаткан аскерлерден интервью алганга мүмкүнчүлүктөрү болду.

Page 3: МТБунун Бирдик кайра келишти...Пейж Мартин кант шаарынын мектебинде окуган кыздарга ырдап жаткан учуру

3

АКШ Аба Күчтөрүнүн тобу Америкалык музыканы Кыргызстанга тартуулады Өзүнүн жакында эле жасаган сапарында, АКШ Аба күчтөрүнө караштуу музыкалык топ дагы бир жолу музыка – ааламдын орток тили экенин далилдешти. «Вектор» - аттуу азыркы учурдагы АКШ Аба күчтөрүнүн музыкалык топ Кыргызстанга жасаган 12 күндүк сапары учурунда Бишкек Гуманитардык Университетинде жана Кант шаарчасынын 1-мектебинде концерт коюп беришти. Андан тышкары алар Ордо Сахна аттуу фольклордук ансамблинин жаш музыканттары менен жолугушуп, Кыргыз улуттук музыка жана аспаптар менен таанышышты. Аталган топтун мүчөлөрү Вашингтондогу Анакостиа Болинг аттуу АКШ Аба күчтөрүнүн аскердик базасындан келген кызматкерлер болду. Алар АКШында ар кайсы музыкалык ансамбльдардан келсе дагы бул сапарда алар Вектор аттуу рок группаны куруу үчүн ьиргелешти. «Ар бир жолу койгон концертибиз укмуштуудай өттү,» деди аталган топтун бассисти, мастер сержант Мэт Мөрри. Гуманитардык университетинин студенттери, Кант шаарчасындагы 1-мектептин окучуулары жана Кыргыз жаш музыканттар менен жолугушуп маектешүүбүз абдан жакшы өттү. Ар дайым жаштар менен жолукканыбызда бизге алардын нейтралдуулугу, ак пейилдиги жана шайырдуулугу белгилей кетээр элем.» Аталган топтун мүчөлөрүнүн көбүндө Кыргызстандагы өткөргөн убакытта Кыргыз жаш фольклордук музыканттар менен жолугуусу эсте калды. 15 жаштан 21 жашка чейинки музыканттар Туркиядан жаңы эле кайтып келишиптир. Алар ал жакта бир нече Кыргыз күүлөрүн, батыш элинин ырларын жана бир оригиналдуу

композицияны аткарып беришиптир. «Алар укмуштуудай музыканттар экен, бир канча тараптары менен бизди тааасирлентти,» деди Мөрри. «Биз музыканын бир кана стилиндеги саналуу ырларды аткарып жатканыбыздан башкача музыканы угуу бизди кыйла сергитти. Алар ушунча жаш болуп туруп абдан талантту экен. Ошондой эле алар ар тараптуу экен. Алардын баардыгы кылдуу, барабан жана жыгач духовой аспаптарда ойной алышат экен. Алар комузду болсо виртуоздук менен ойноп беришти. Кыргыз музыканттардын коюп берген концертинен кийин Вектор тобунун мүчөлөрү өз иретте бир канча ырды аткарып беришти. Бир убакытта аталган топтун мүчөлөрү отура калышып, Битлс тобунун «Лет ит би» - аттуу ырын аткарып беришти. «Аталган ырды уккан бир бала ордунан туруп бийлеп баштады, көрсө анын жакшы көргөн ыры экен,» деди Вектор тобунун ырчысы, тех-сержант Пейж Мартин. «Ал биз менен отуруп чогу ырдады. Бир убакытта карасам менин башым анын башына таянып чогу ырдап жатыптырбыз. Бул мөөнөт аябай таасирдүү болду мен үчүн. Бул музыканын канчалык таасирдүү жана адамдарды биргелештире туралгандай күкө ээ экенин көрсөтүп турат. Мына биз ушул үчүн келдик бул жака.»

Кыргызстан аталган топтун акыркы сапары болду. Бул топтун 90 күндүк кызматында бештен ашык өлкөгө сапар кылышкан. «Афганистан же Кыргызстан же болбосо Сауди жарым аралындагы өлкөлөргө сапар жасоо укмуштуудай сонун тажрйыба болду,» деди Мөри. «АКШ Аба күчтөрү аталган өлкөлөрдө эмне кылып жатканын билүү бир нерсе, ал эми өз көзүбүз менен барып көрүү таптакыр башка, мисалы айтсам ал жактын күнүн көрүү, адамдар менен кол кармашып учурашуу, алардын тилин угуп тыңшоо жана Кыргыз музыкалык аспаптарды угуу. Азыркыдай кызматта болуп туруп дүйнөнү көрүү чындыгында зор тажрыйба.» Мөриге бул сапар кандай жакса, топтун калган катышуучуларына дал ошондой деңгээлде жакты. «Бул кызмат башталганда эле сонун болуп башталган,» деди Мартин. «Мен дайыма менден кыйла маанилүү бир топтун бөлүгү болуп жүргөндөй сезиле берет АКШында жүргөндө. Бирок чындыгында бул сапар кыйла зор болду. Биздин бул жака келишибиздин максаты аскерлердин көңүлүн ачуу, жергиликтүү коомчулука чыгуу аркылуу эки элдин ортосунда көпүрө куруу. Менин оюмча биз көпөгөн адамдардын көңүлүн көтөрө алдык жана милдетибизди аткардык.» 

Ордо Сахна тобунун концертинен кийин тех-сержант АКШ Аба күчтөрүнүн музкалык тобунун барабанчысы, Дейвид Макдональд ооз комузда ойноп көрүүдө. Ооз комуз Ордо Сахна коцертинде колдонгон жана келген конокторго көрсөтүлгөн аспаптардан бирөөсү кана болду.

Ушул жылдын 3-май күнү АКШ Аба Күчтөрүнө таандык музыкалык топтун ырчысы, Пейж Мартин кант шаарынын мектебинде окуган кыздарга ырдап жаткан учуру. Аталган топтун коюп берген концерти боюнча Мартин көрүүчүлөрдү ырдаганга жана бийлегенге үндөдү.

Page 4: МТБунун Бирдик кайра келишти...Пейж Мартин кант шаарынын мектебинде окуган кыздарга ырдап жаткан учуру

4

Кыргыз жана Америкалык аскерлер ЖЗЖЧ тармагында тажрыйба алмашууда

Ушул жылдын 24-апрель күнү, МТБунда өткөн аскердик сапер кызматы тармагында тажрыйба алмашуу иш-чарасы убагында, АКШ курал күчтөрү менен КРынын Коргоо Министерствосунун сапёрлору минаны жерден аныктоо үстүндө биргелешип иштеп жаткан учуру. "Биздин жергиликтүү өнөктөшүбүз менен кызматташуубузду бекемдеп жатабыз", деди МТБунун коопсуздук тармагында кызматташуу бөлүмүнүн иш-чара уюштуруу кызматынын менежери, 1-класстагы сержант Жеймс Гартон. "Эки тараптын кызматкерлери жолуккандан баардыгы утушат, эмнеге дегенде ушундай иш-чаралардын натыйжасында көп нерсе үйрөнөбүз," деди ал.

МТБунда өткөн аскердик сапер кызматы тармагында тажрыйба алмашуу иш-чарасы убагында, МТБунун 376-экспедициялык граждандык инженерия кызматынын жардыруу заттарды жокко чыгаруу бөлүмүнүн кызматкери, жогорку катардагы Кайл Осгууд жана КРысынын Коргоо Министерствосунун тиешелүү кызматынын жумушчусу, сержант Уланбек Жийдебаев машыгууда минаны табуу жана казып алуу иштерин биргелешип кылууда."Биздин Кыргызстандык өнөктөштөрүбүзгө биздин кызматта колдонуулучуу аспаптарды көрсөтүүдө жардам бере алдым," деди Осгууд. Мага бүгүн өткөргөн убактыбыз абдан жакты, чет элдик кесиптештерибиз менен кылган бул иш-чарабыз мен үчүн биринчи жолу болду.»

Үстүнкү сүрөттө: МТБунда өткөн аскердик сапер кызматы тармагында тажрыйба алмашуу иш-чарасы убагында, КРынын Коргоо Министерствосунун сапёрлору бомбаны жокко чыгаруучу роботту башкарып жаткан учуру. Аталган иш-чара убагында, МТБунун 376-экспедициялык граждандык инженерия кызматынын жардыруу заттарды жокко чыгаруу бөлүмүнүн кызматкерлери крюк жана жардыруучу шнурду машыгууда колдонуу максатында даярдап жатышат.

Ушул жылдын 24-апрель к ү н ү , Т р а н з и т т и к борборунда өткөн аскердик сапер кызматы тармагында тажрыйба алмашуу иш-чарасы убагында узундугу 57мм болгон машыгууга ыңгайлуу ракета жерден чыгып турат. Бул ракета өзгөчө машыгуу учурунда, жа р дыр у у ч у з а т ты н к а н д а й ч а ж о к к о чы г а ры лышы к е р е к т ур а л у у к ө р с ө т ү ү дө колдонлду.

Page 5: МТБунун Бирдик кайра келишти...Пейж Мартин кант шаарынын мектебинде окуган кыздарга ырдап жаткан учуру

5

МТБ Америкалык борбордогу сабактарды улантууда Жума сайын, МТБунун аскер кызматкерлери Кыргыз элине Американын кичинекей бир бөлүгүн тартуулашат. МТБунун коопсуздук тармагында кызматташуу бөлүмүнүн коомдук маданият тармагында кызмат өтөгөндөр, Баялинов атындагы китепканада жана Кант шаарындагы китепканадагы Амекрикалык бурчта Англис тилинин клубун уюштуруп, өткөрүүгө жоопкерчиликтүү. Бишкектели АКШ элчилиги тарабынан демөөрлөнүп келген Америкалык бурч, бул – Америка Кошмо Штаттар туралуу толук жана акыркы маалыматты камсыздай турган Амеркиадагыдай маалымат булагы болуп саналат. Мындай кылуу менен ал Кыргызстан менен АКШынын ортосундагы мамилени чыңдап, эки тараптын ортосундагы достукту бекемдейт. Кыргызстандын Баялинов атындагы китепканада МТБунун коомдук маданият тармагынын кызматкерлери ар жума сайын эки жолу сүйлөшүү сабактарын өткөрүп турушат. Буга кошумча алар Чүй облусунда жайгашкан Кант шаарчасынын китепканасында дагы айда бир жолу сүйлөшүү сабактарын өткөрүшөт. Ар бир ушундай сабак өткөргөн сайын алар, сабак учурунда катышуучуларды маектешкенге үндөгөн өз ыктыярчыларды ала келишет. «Жума сайын биз ар кандай темада маек куруп, Америка туралуу ар кандай пикир ойлор менен бөлүшөбүз,» деди МТБунун коомдук маданият тармагында унтер-офицер катары кызмат кылып келген штаб-сержант Роберт Макгонагл. «Бул биз үчүн башка элдин маданияты жана көз караштары жана ошондой

эле алардын Американын жашоо тарзы жөнүндө кандай түшүнүктөрү бар экени менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Булардын баардыгына Англис тилин сүйлөшүү аркылуу болду. Күнүнкү сүйлөшүү сабагына 20дан 40ка чейин катышуучулар келет. Булардын көпчүлүгүн мектеп жана жогорку окуу жайдын студенттери түзөт. 23 жаштагы Сүйүндүкова Меерим университеттин акыркы

курсунда окуган студенткасы. Ал Америкалык бурчта өткөрүлгөн сабактарда акыркы 4 айдан бери үзгүлтүксүз келет. «Мен англис тилин практика жүзүндө коллдонуу жана Американын маданиятын биздин маданиятка салыштырып үйрөнүү максатында Америкалык бурчка келем,» деди Меерим. «Дайыма сабакты калтырбай келгенге аракет кылам. Бул жерде ар кандай кызыктуу темалар жөнүндө сүйлөшүүлөр болот. Бул мага англис тилин жакшыраак үйрөнгөнгө жана жаңы сөздөрдү жаттоого жардам берет. Эгерде кээ бир сөздөрдү билбей калчу болсом мен алардан сурап алам.» Меерим англис тилин мектепте үйрөнүп баштаган. Андан тышкары ал кошумча курстарга барган, бирок азыркы барып жаткан Америкалык борбордун сабактары Меерим үчүн англис тилин практика жүзүндө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди-деди ал. Аталган сабактардын Кыргыз катышуучулары үчүн чет тилди жакшыртууга болгон мүмкүнчүлүк менен бирге Кыргыз жана ошол эле учурда Америкалыктар үчүн дагы бул долбоор пайдалуу болот.«Биз Кыргыздардын маданиятын билгибиз келет,» деди Макгонагл. «Аларга дагы биздин маданиятыбызды билдиргибиз келет. Менин оюмча биз баарыбыз бири бирибиз туралуу кененирээк түшүнүк алып чыктык бул сабактан. Бул жолугушуудан биз көп нерсе билдик. Мен баардык кызыктар адамдарга катышуусун чакырып кеээр элем. Бул абдан жакшы тажрыйба болду.»

МТБунун коомдук маданият тармагында унтер-офицер катары кызмат кылып келген штаб-сержант Роберт Макгонагл ушул жылдын 17-май күнү Баялинов атындагы китепканада окуучулар менен коомдук медиа темасында маек куруп жаткан учуру. Кыргызстандын Баялинов атындагы китепканада МТБунун коомдук маданият тармагынын кызматкерлери ар жума сайын эки жолу сүйлөшүү сабактарын өткөрүп турушат.

МТБ менен Славян университети баскетболдо достук курду

Үстүнкү сүрөттө: Ушул жылдын 18-май күнү, МТБунда, баскетбол оюну учурунда Кыргыз-Орус Славян университетинин машыктыруучусу Александр Световой өзүнүн оюнчуларына көрсөтмөлөрдү берип жаткан чагы. МТБунун командасы Кыргыздардын командасын 84-72 эсеп менен жеңип алышты. Славян университетинин командасынын МТБунун командасы менен биринчи жолу беттешүүсү болду . Сол жакта: Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттеринен турган баскетбол боюнча командасы менен Транзиттик борбордун эркектер командасынын катышуучулары топко жетүү аракетин көрүп жаткан чагы.

Page 6: МТБунун Бирдик кайра келишти...Пейж Мартин кант шаарынын мектебинде окуган кыздарга ырдап жаткан учуру

6

“Манастагы” Транзиттик борбордун экономикалык таасири (31.05.2013-карата)

МТБуна сапар, Кыргыз жаш спортчуларга демилге берди

Үстүнкү сүрөттө: Ушул жылдын 5-апрель күнү, Транзиттик борборунда, Футбол командасынын жаш оюнчулары жана Кы р г ы з с т а н ды н ф у т б о л ф е д е р а ц и я с ы ны н админстраторлары С-17 учагында чогулушту. Алар учактын экипажынын аялдар тобунун аталган учактын техникалык мүмкүнчүлүктөрү туралуу түшүндүрмөлөрүн угуп жатышты. Бул сапарда коноктор аялдарга көнүмдүү иштерде кызмат өтөгөнүнү көрүштү. Оң жактагы сүрөттө: 31 номурундагы, жогорку катардагы Каролайн Копенхейвер атындагы аскер кызматкери пас берүү ыкмаларын, Кыргызстандык жаш футбол оюнчулары менен машыгып жаткан учуру.

Түз сарпталган акча каражаттары 2009КЖ 2010КЖ 2011КЖ 2012КЖ 2013 Дипломатиялык нота боюнча кыргыз өкмөтүнө берилген төлөмдөр $26,620,000 $60,000,000 $60,000,000 $60,000,000 $45,000,000 “Манас” эл аралык аба майданына берилген төлөмдөр: $22,999,039

- Ижарага алуу, пропусктар жана коммуналдык тейлөө $4,029,091 $7,817,140 $4,475,365 $4,437.693

Учакты кондуруу, учактар туруучу жай, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр $21,157,571 $19,460,590 $21,301,884 $10.198.190

Аба майданын жакшыртууга жумшалган сумма $30,600,000 $0 $0 $20,658,294 $108,049 КыргызАэроНавигацияны жакшыртууга сарпталган сумма $0 $0 $30,000,000 $60,505 $58,800 Ыйгарылган контракттар $24,601,908 $42,790,517 $30,916,871 $31,567,612 $16.070.695

(эмерек, cпорт жабдуулары, тетиктер, имараттар, ремонт, жол оңдоолор, ландшафттык иштер, таштандыларды жыйноо, транспортту ижарага алуу)

Ижарага алуу (“Манас” аба майданынан эмес) $81,562 $66,596 $120,698 $132,687 $75.600

Гуманитардык жардам көрсөтүү долбоорлору $1,700,000 $2,273,488 $823,634 $1,887,684 $197.636

Арадагы түз сарпталуучу акча каражаттары $106,602,509 $130,317,263 $149,138,933 $140,084,031 $76.146.663

Кыйыр төлөмдөр

Аскер кызматкерлеринин дүкөндөр, кафелер, музейлерге барганда короткон акча каражаттары $1,037,530 $1,161,743 $1,427,396 $2,011,226 $1,853.790

Арадагы кыйыр төлөмдөрдүн баардыгы $1,037,530 $1,161,743 $1,427,396 $2,011,226 $1,853.790

Бирдиктүү экономикалык натыйжа $107,640,039 $131,479,006 $150,566,329 $142,095,257 $78.000.453

Газпромнефть-Аэро Кыргызстанга күйүүчү май үчүн төлөмдөр $208,137,115 $116.747.215