16
декабрь, 2016-жыл 1 Маалымат баракчасы МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫ 2-бет 7-бет 12-бет 6-бет Бизге Конвенцияны белек кылгыла Аялга күчүн чыгарган чоң муштумду кантип жазаласа болот? “Тилектештик автобусу” – эл үчүн Адамдар өз укугуна, укуктук системанын иштешине ишенбеген жерде эч убакта укуктук мамлекет, адилеттүүлүк, чындык деген болбойт. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын “Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүнө жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун өзөгүн түзгөн бул чоң программа калкты түпкүлүгүндө укуктук билимдин негиздери менен камсыз кылуу маселесин да чечүүгө тийиш Укуктук маалыматтык баракчасы декабрь, 2016-жыл

декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

  • Upload
    others

  • View
    16

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл 1 Маалымат баракчасы

МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫ

2-бет

7-бет 12-бет 6-бет

Бизге Конвенцияны белек кылгыла

Аялга күчүн чыгарган чоң муштумду кантип жазаласа болот?

“Тилектештик автобусу” – эл үчүн

Адамдар өз укугуна, укуктук системанын иштешине ишенбеген жерде эч убакта укуктук мамлекет, адилеттүүлүк, чындык деген болбойт. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын “Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүнө жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун өзөгүн түзгөн бул чоң программа калкты түпкүлүгүндө укуктук билимдин негиздери менен камсыз кылуу маселесин да чечүүгө тийиш

У к у к т у к м а а л ы м а т т ы к б а р а к ч а с ы

декабрь, 2016-жыл

Page 2: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл2 Маалымат баракчасы

Укуктук мамлекетте өз укуктары ме-нен милдеттерин билбеген адам биз-дин арабыздагы тилмечи жок чет эл-диктей болот. Бирок ар бир адамга ошол чет өлкөлүктүн тилмечиндей кы-лып юрист жалдап берүү эң өнүккөн өлкөдө да мүмкүн эмес. Ошентсе да жарандарга, айрыкча өз алдынча окуп билим алууга мүмкүнчүлүгү болбой калгандарга укуктары менен милдет-терин үйрөтүү мамлекеттин милдети болуп саналат. Көп өлкөлөрдө мамле-кет кепилдик кылган укуктук жардам деген атайын бир институт, система иштейт.

Мамлекет кепилдик кылган укуктук жардам

Мамлекет кепилдик кылган укуктук жардам биздин өлкөдө мурунтан бери кылмыш иши боюнча айыпталган-дарга гана көрсөтүлүп келген. Башка жарандарды айтпайлы, мына ошол кылмыш ишинен жабыр тарткандар-га да акысыз укуктук жардам берил-ген эмес. Мисалы, бирөө бирөөнү сабап кетсе, сабаган киши акысыз адвокаттын кызматынан пайдалануу-га укуктуу болуп, сабалган кишинин ага укугу жок болгон. Кыскасы, кыл-мышкерден башка элдин баары сотко же башка мамлекттик органдарга иши түшүп калса өз акчасына адвокат жал-доого аргасыз болгон.

Жалпыга, айрыкча, калктын аяр топ-торуна акысыз укуктук жардам иши

АКЫСЫЗ УКУКТУК ЖАРДАМ – ЗАМАН ЗАРЫЛДЫГЫ

биздин өлкөдө жаңы гана башта-лып жатат. Ал негизинен эл ара-лык уюмдардын колдоосу менен иш жүзүнө ашырылууда

Укуктук жардам көрсөтүү борборлору

Азыркы акысыз укуктук жардам бор-борлорунун иши биринчи кезекте калктын аяр катмарларын тейлөөгө багытталган. Себеби, өлкөнүн эко-номикалык оор абалы, өтө чоң ички жана тышкы миграция, калктын би-лим деңгээлинин төмөндөшү адамдар-дын укуктук көйгөйлөрүн да кескин көбөйтүп, аларды өз алдынча чечүүгө калктын улам көп катмарларынын алы келбей калууда. Бүгүнкү күндө укук-тук көйгөйүн өз күчү менен чече албай калгандарды эмес, тетирисинче, чече ала тургандырды табуу кыйын.

Адилет министрлигинин алдын-да Ош жана Чүй областтарында 10 укуктук борбор ачылып жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүү бо-юнча иштеп жатат. Алардын кызма-тынан пайдаланууга калк улам көнүп, кайрылгандардын саны күн санап өсүүдө. Бул жерде адвокаттар кезек менен иштешет. Бул адвокаттар укук-тук кеңешин, сотко чейинки алгач-кы укуктук жардам боюнча иштерди жүргүзүүгө жардам берип мамлекет-тик жана сот органдарына арыз, дат-тануу кагаздарын толтурууга жардам берет.

Юстиция министрлигинин “Нотариат жана Адвокатура” башкармалыгынын жетекчиси

Марипа Сейдалиева

“Юстиция Министрилигинин не-гизги тапшырмаларынын бири жарандардын укугун жана мый-замдуу кызыкчылыгын коргоо болуп эсептелет. 2010-жылы жарандарга бекер юридикалык жардам көрсөтүү идеясы пайда болгон. Эӊ эле жөнөкөй болгон документтерди, туулгандыгы ту-уралуу күбөлүгүн, нике күбөлүгүн кайдан алууну билбеген адамдар бар. Андан башка дагы жер, му-рас укуктары боюнча жана баш-ка суроолор менен жарандар көп кайрылышат. Ушул себептен калкка бекер юридикалык жардам көрсөтүү, борборлорун ачуу идея-сы пайда болду”.

ЛЕТ

«KIRLAND» ЖЧК басма үйүнөн басылды. Нускасы 35 000 даана.

www.undp.kg

Арапбай Зияев

Ош областынын жана Ош шаарынын Юстиция

башкармалыгынын башчысы.

Эгер биз өз укуктарыбызды билбесек турмушубузду кура албайбыз. Биз өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн да салым кошо албайбыз. Жакшы кызматтарга да бара албайбыз. Эгер биз өз укукта-рыбызды билсек коррупциянын да та-мырын кыркат элек деп ойлойм. Бул экономикалык өнүгүү менен да түздөн түз байланыштуу. Эгер мыйзамдардын баары жер-жерлерде жакшы аткарыл-са келечекте турмушубуз оңолуп, эко-номикабыз өсмөк.

Page 3: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл 3 Маалымат баракчасы

Укуктук борборлорго кандай суроолор менен кайрылышат?

Самара Балтабаева

Кара-Кулжа районунун мамлекеттик нотариусу, Юстиция министрлигинин

алдындагы Укуктук жардам көрсөтүү борбору.

Бизге келип, мен өз укуктарымды бил-бепмин, мен көрсө Кыргызстандын жараны эмес экемин деп кайрылган учурлар өтө көп болот. Мунун себеби, алардын өлкөнүн эң алыскы райондо-рунда жашашканы. Мисалы, райондук борбордон 7-8 километр же андан көп алыстыкта жашаган жерлер бар. Алар-дан келиш үчүн бир күн кечке машина-да жүрүш керек.

Райондук борбордо эле жашап өз до-кументтерин ырастап койбогон киши-лер бар, аң-сезими төмөндүктөн эмес, болгону билбегендиктен. Адамдар за-рылчылык болгондо гана кыймылдай баштайт.

Биз баары тең өз укуктарын билип, пайдаланышына жардам беришибиз керек деп ойлойм.

Мисалы, жарандар пенсияга жер үлүшү болсо чыга алат. Балдарыбыз, кыздары-быз кантип пенсияга чыгат деп кайры-лып жатышат. Биз аларга кеңеш берип жатабыз: Силер пенсияга чыккансыңар да, эми өз жер үлүшүңөрдү кызыңарга документтүү түрдө белек кылгыла. Кызыңар эч жерде иштебеген соң пен-сияга жер үлүшүнүн жардамы менен гана, айыл чарба ишмердиги менен гана чыга алат.

Аларга альтернативалык жолду да айтып жатабыз: силер ай сайын со-циалдык фондко уулуңардын же кызыңардын атына салык төлөп тура аласыңар. Эгер буга акчаңар жок бол-со, балдарыңар кийин пенсия алсын үчүн өз жер үлүшүңөрдүн жармын балдарыңарга белек кылып берсеңер да болот.

Таштанбеков Маматкадыр

Кара–Суу, районунун мамле-кеттик нотариусу. Юстиция ми-

нистрлигинин алдындагы Укуктук жардам көрсөтүү борбору.

Бүгүнкү күндө ата-энелер үчүн чоң көйгөй Өзбекстан Республикасынын чек арасынан балдары менен өтүү. Ка-ра-Суу району Өзбекстан менен чек-теш жайгашкан. Аялы Өзбекстандан, же тетирисинче, аялы Кыргызстандан болгон үй-бүлөлөр бар. Алар ата-эне-лерине балдары менен барып турушу керек. Көйгөй мына ошондо башталат.

Биз аларга бул көйгөйдү чечүүгө жар-дам берип, ата-энелерге кеңеш бере-биз, документ чогултууга, ишеним кат жасоого көмөктөшөбүз.

Айнура Ибраимжанова

Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук жардам

көрсөтүү борборунун адвокаты, Алай району.

Мен өзүмдүн кечээки эле тажрый-бамдан мисал келтиргим келет. Мага Коңур-Дөбө айлынын 80 жаштагы тургуну кайрылды. Өзүнүн кыймыл-сыз мүлкүн небересине белек кы-лыптыр. Белек кылуу документтери бүткөн соң небереси ага жаман ма-миле жасап, колу тийгенге чейин ба-рыптыр. Ал кимден жардам сураарын билбей, анан бизге келди. Мен ага жардам берип, бардык зарыл чаралар-ды көрдүм. Ал белек кылуу келиши-мин жокко чыгаруу боюнча арыз жа-зып берди.

Аялдарга байланышкан маселелер да чоң көйгөй. Алар күйөөгө чыгып, бала төрөйт. Анан алимент алуу сыяктуу укуктук көйгөйлөр башталат. Турмуш-тук жагдайга байланыштуу көптөгөн адамдар Россияга, Казакстанга акча табууга кетип, үй-бүлөлөрү мында ка-лып жатат. Аларды кантип таап, бал-дарды багууга кантип катыштыруу керек деген көйгөй пайда болду. Бул багытта да иштеп, сотко кайрылып, зарыл чараларды көрүп жатабыз.

Назарова Айгуль

Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук жардам

көрсөтүү борборунун адвокаты, Токмок ш.

“Бул юридикалык консультация берүү борбору 2010-жылы сынакы долбоор

болуп өзүнүн ишин баштаган. Бизге кайрылган жарандардын саны жыл сайын көбөйүп ар кандай категория-дагы адамдар пенсиядагылар, майып-тыгы бар адамдар, жакыр үй бүлөөлөр, адвокатка акча төлөй албагандар кай-рылышат.

Замир Сагынбеков

Чүй областынын Бурана айылынын тургуну

Менин уулум жана эки кызым бар бол-чу. Улуу уулум Сагынбеков Азамат 2012-жылы каза болгон. Уулумдун жер үлүшү бар эле. Анын жер үлүшүн са-тып, акчасын жашоого керектемек бол-дум. Анткени пенсиям жетпей. Мамкат-тоого кайрылдым. Алар мен чогултууга тийиш болгон 5 документтин тизмесин беришти. Ошентип документ чогулта баштадым, айыл өкмөтүнөн тастыкта-ма алдым. Баламын өлгөнү тууралуу күбөлүк алышым керек эле. Жарандык абал актыларын каттоого (ЗАГСка) барсам мага мындай документ бербей коюшту. Мага бул маселе сот аркылуу чечилет деп, токтом беришти. Райондук сотко кайрылдым. Анда да толгон доку-мент толтуруу керек болду, мага адвокат жалда деп айтышты. Менде адвокатка акча жок эле. Биздин айыл өкмөтүнүн юристине бардым. Ал мени укуктук жардам көрсөтүү борборунун юристи Айгүл Назарова менен тааныштырды. Ал мага акысыз кеңештерди берип, документтерди толтуруп, бардыгын түшүндүрүп берип, менин иштеримди алып, сотко арыз жазды. Болжол менен алты айча ушул көйгөй менен алек бол-дум. Айгүл болбосо мен бул ишти эч качан аягына чыгара алмак эмесмин. Ал мага дагы эле жардам берип жүрөт.Элет жеринде мен окшогон карапайым адамдарга акысыз кеңеш, багыт, жардам берген ушундай адамдар сөзсүз керек.

Ирина Евдокимова

Орловка шаарчасынын тургуну

Мен Евдокимова Ирина Анатольевна. 1983 –жылы туулгам. Биринчи жолдо-шум Евдокимов Николай Александ-рович менен Вознесеновка айылында жашачумун. Ал экөөбүздүн ортобузда төрт балабыз бар. Бул жерде экинчи жолдошум менен жашайм.

Биринчи жолдошум отвертка менен өпкөмө эки жолу сайып салган. Би-ринчи жолу Панфилов районунда операция жасап, өпкөмдөгү сууну кататер менен сордуруп алышкан. Экинчи жолу инфекция кирип кетип Бишкекке хирургия бөлүмүнө алып кетишкен. Ооруканада жатканда бал-дарымды мамлекеттик интернатка орноштуруп кеткем. Ооруканадан чыкканда мен балдарымды интре-наттан ала албай койдум. Жолдо-шум менен ажыраштым, аны камак-ка алышты, аталык укугунан дагы ажыратышты. Венера мага кагаз даярдаганга жардам берип экөөбүз сотко кайрылдык. Албетте сотту уту-уга көп убакыт кетти. Акыры соттон утуп алып, мен балдарымды үйгө алып кеттим.

Любовь Клюшина

Кемин шаарчасынын тургуну

Мен пенсионермин. 2 группада-гы майыптыгым бар. Азыр 65 жа-штамын, төрт балам бар. Жашоодо ушундай болот экен да, соттошууга туура келди. Сот эки жылга созулду, азыр эсебин дагы билбей калдым 12 дей сот жүрүмү болду окшойт, 4 сот алмашты. 5 апрелде өткөн акыркы соттон кийин менин аябай көңүлүм чөгүп мэрияга келип арманымды ай-ттым.

Ошондо мэрдин катчысы мени Венера менен тааныштырып даректерин бер-ди. Менин эч каражатым калбады де-сем. Ал сизге бекер жардам көрсөтөт деди. Венера мени тосуп алып, баары жакшы болот, жардам берем деп жоо-шутту.

Мен бул күйөм менен 10 жыл жаша-дым. Орловкада үйүм бар эле. Аны сатып Маевкадан үй сатып алгам, ал жерде балдарым жашайт. Ал эми бул үйдү болсо менин кызым сатып алган.

Жолдошум бул үйгө эч нерсе кошкон эмес, болгону чамаданы менен гана келген. Азыр болсо ушул үйгө ээ-лик кылам деп “биздин никебиз бар, бул үйдү чогу сатып алганбыз” - деп күбөлөрдү чогултуп жатат.

Венера областтык сотко арыз жазып, Кудайдын буйругу менен эң акыркы күнү сотко арыз берип жетишип кал-дык. Мындай жардам берген адамдар абдан керек. Биз пенсиядагы адамдар-быз, майыптыгым бар. Венера баа-рын бекер жасап, чын дилинен жар-дам берди. Мага анын сабырдуулугу абдан жагат. Мен ага чын жүрөктөн ыраазымын.

Page 4: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл4 Маалымат баракчасы

Көчмө иш-чараларБУУӨП долбоору калктын укуктук маалыматтуулугун жана документ-терге ээ болуусун жогорулатуу макса-тында Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте паспорт столдорунун, жарандык абал актыларын каттоонун кызматкерлери менен юристтерден турган атайын көчмө топторду уюшту-руп, Чүй жана Ош областтарынын айылдарына, алыскы аймактарына 2015-жылдын сентябрынан тарта ба-рып келип жатышат.

МААЛЫМАТ БААРЫНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛУШ КЕРЕККоомдук телерадиокорпора-циянын кечки жаңылыктары 2016-жылдын августунан тарта сурдокотормонун коштоосу ме-нен чыга баштады. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн КТРК менен БУУнун Өнүгүү программасынын ортосунда макулдашууга кол ко-юлган.

Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чек-телген адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу” мый-замына ылайык угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар бирден кем эмес республикалык теле-каналда сурдологиялык котормо

менен (жаңсоо тили менен) маа-лымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

Жаңылык блоктору үчүн сурдо-котормо киргизүүнүн негизги максаты – угуусу боюнча майып-тыгы бар адамдарга өлкөдө учур-да болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматты аларга жеткиликтүү форматта – жаңсоо тили менен алышына мүмкүнчүлүк түзүү.

Мындан сырткары, коомдук ка-налда сурдокотормо киргизүү фактысынын өзү эле өлкөнүн жа-рандарынын калктын аяр катмар-ларын колдоосун көрсөтөт.

жана министрдин орун басарларына түздөн түз суроо берип, маселелерин чече алат. Бул жаңылык үчүн зарыл болгон техникалык жабдууларды да министрликтин Бишкектеги жана Ош-тогу кабылдамаларына БУУӨПтүн долбоору коюп берди.

үй-бүлө, мурас жана менчик маселе-лери боюнча арыздануулар түзгөн. Муну көз көрүнөө күчөткөн, жүздөгөн үй-бүлөлөр бузулуп, миңдеген балдар багуусуз калышына алып келген ички жана тышкы миграция экени айдан ачык. Айрыкча ата-энеси бар туруп багуусуз калган балдардын көйгөйү өлкөнүн эң чоң социалдык балээси болуп калган. Бул укуктук жагы че-чилсе эле, мисалы, балдарга алимент өндүрүп берүү менен эле бүтүп калаар иш эмес. Ошентсе да адамдын, айрык-ча жашы жете элек баланын укуктук маселесинин чечилиши анын бардык кийинки жашоосунун укуктук да, ма-териалдык да, моралдык да негизи бо-лоорун унутпашыбыз керек.

Юристтердин квалификациясы

Мамлекет кепилдик кылган укуктук жардамды ишке ашырган, б.а. акысыз тейлеген адвокаттар адатта жоопкер-сиз жана билимсиз болооруна калкы-быз көнүп бүткөн жана андай жардам-дын барынан жогу жакшы деп калган. Ошондуктан, БУУнун Өнүгүү про-граммасынын кызматкерлери башта-ган эл аралык донор уюмдардын биз-дин өлкөдө түп тамырынан өзгөртүүнү максат кылган негизги иштердин бири да ушул. Кандай шартта акысыз укук-тук жардам жогорку квалификациялуу жана эң жоопкерчиликтүү көрсөтүлөт деген маселе. Укуктук жардам бор-борлорунун ишинин принциптери менен критерийлерин, адвокаттык иш-мердиктин стандартын иштеп чыгуу сыяктуу долбоорлордун баары ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган.

Долбоордун негизги максатыАдамдар өз укугуна, укуктук си-стеманын иштешине ишенбеген жерде эч убакта укуктук мамлекет, адилеттүүлүк, чындык деген болбойт. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын “Кыргыз Республи-касында сот адилеттүүлүгүнө жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун өзөгүн түзгөн бул чоң программа калкты түпкүлүгүндө укуктук билимдин не-гиздери менен камсыз кылуу маселе-син да чечүүгө тийиш. Бирок бардык иштин башаты жана баштапкы үлгүсү мына ушул акысыз укуктук жардам көрсөтүү борборлору болуп калат. Ошондуктан аларга өлкөдөгү эң жак-шы адистердин баарын жыйнап, алар үчүн кошумча семинарлар менен та-жрыйба алмашууларды өткөрүп, калк менен тикеден тике жана эң натый-жалуу байланышуунун ыкмалары ме-нен жолдорун издеген чыныгы элдик мекемелерге айлантуу бул эл аралык долбоордун негизги максаты болуп саналат.

Мамкаттоонун көчмө топтору 34 айыл аймагынан 984 - адамга укуктук кеңеш565 - адамга документ алууга жардам берген.

Министрлер менен видеобайланыш

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Ош шаарын жана Ош облсунуну жарандарын видеоконфе-ренцбайланыш аркылуу түз кабыл ала баштады. Бул видеоконференцбай-ланышты жалпы түштүк регионунун калкы пайдаланса болот. Түштүктүн калкы экинчи күн сайын саат 8ден 10го чейин министрге, статс-катчыга

Үстүбүздөгу жылдын 11 айынын ичинде Эмгек жана социал-дык өнүгүү министрлигинин Коомдук кабылдамасына 1253 жаран арыз менен кайрылган, 615 жаран укуктук кеп-кеңеш алышкан.

Перспектива

Жогорку Кеңеш мамлекет кепилдик кылган укуктук жардам тууралуу жаңы мыйзам долбоорун үчүнчү оку-уда кабыл алып, ал боюнча админи-стративдик жана жарандык маселелер боюнча да жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүү киргизилип жатат. Жаңы мыйзам акысыз укуктук жардам көрсөтүүнүн өз алдынча структурасы-нын болушун шарттайт. Адилет мини-стрлигинде түзүлгөн азыркы борбор-лор кийин ошол структурага кириши керек. Демек, бара-бара акысыз укук-тук жардам мамлекет тарабынан кар-жыланган жана бүт өлкөнү камтыган өзүнчө бир тармакка айланууга тийиш.

Келечек ээлери - балдар

Укуктук жардам борборлоруна кай-рылгандардын дээрлик тең жармын кыргыз эли үчүн башта өөн учураган

Материалда айтылган иш чаралар тузүмдөр Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын ТИМинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүнө жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды

Page 5: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл 5 Маалымат баракчасы

Укуктук маселелер боюнча төмөнкү тизмедеги юристтерге барсаңар же телефон аркылуу кайрылсаңар болот.

Долбоорун ишке ашырылган жери Юристтердин аты жөнү Офистин даректери Байланыш маалыматтары

№ Область Район

1.

Ош

Кара-Суу Досалиев Акылбек Ош шаары, "Алай" мейманканасы (0559) 25 92 42 (0779) 25 92 42

2. Ноокат Бакыт Орозов Ноокат шаары, Ленин көчөсү 6, Телеком имараты, 2 кабат, райгосадминистрация (557) 16 45 05

3. Кара-Кулжа Болот Жумабеков Кара-Кулжа айылы, Ч. Пазылов көчөсү 33 (Телеком имараты)

(0702) 19 40 19 (0553) 19 40 19

4. Чон-Алай Байбалаев Кутманбек Чон-Алай району, Чоң-Алай айылы (0559) 25 03 89 (0773) 55 25 37

5. Алай Нурмаматуулу Мухамед Алай району, Гүлчө айылы (0556) 17 11 92

6. Араван Кенжекулова Айсулуу Ош облусу,Араван району, Араван айылы, Ленин көчөсү 9, (03233) 5 12 38

(0555) 85 41 56 (0778) 23 16 15

7. Өзгөн Бурканбек Азимов Өзгөн шаары, Гагарин көчөсү 2, 3 кабат, 7 бөлмө (770) 62 66 15 Область боюнча 7 район 7 юрист 8.

Чүй

Кемин Кадыркулова Венера Кеминрайондук администрациясы, Ленин көчөсү 86 (0551) 234-510

9. АламудунБакасова Айнагуль Лермонтов көчөсү 69

(Салиева көчөсү менен кесилишет), г. Бишкек

(550) 755 266

Эралиев Элдияр (707) 98 98 68 (550) 80 00 25

11. ЧүйМейманбаев Айбек Чүй областы, Токмок шаары, Шамсин көчөсү, №9 үй, кв.6

Тел.: (312) 69 76 79(550) 755 336

Алмазбеков Адилет (552) 88 44 84

12. Москва Жаилов Дамир Чүй областы, Москва району, Беловодскайылы, Ленин көчөсү 33, кв.1 Тел: (03131) 5 16 68 (553) 65 54 33

13. ЖайылУскенбаева Уулкан

Кара-Балта шаары, Центральный көчөсү, 96 0 (3133) 354 22

(550) 281 128Аманова Чынара -

ассистент (559) 03 26 86

14. Панфилов Темирлан Айткулуев Панфилов району, Каинды шаары, Центральная б/н (Мечит жакта) (551) 23 43 21

15. Иссык-АтаАлымкулов Данияр

Ленин көчөсү 68, Ай-Пери имараты, 2 этаж, 1 каб(550) 755 254

Жумакова Жылдыз (709) 92 86 44 (559) 92 86 44

16. СокулукЖолчубекова Гулина

Сокулук айылы, Фрунзе көчөсү 96 (771) 711 511

Акматалиев Алмаз (555) 755 312 Област боюнча 8 район 13 юрист БААРЫ 15 район 20 юрист

LBD Consulting укуктук жардам борборлору

БУУӨПтүн “КРде сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү” долбо-орунун алкагында LBD Consulting уюму бир жылдан бери Чүй жана Ош об-

ласттарынын ар бир районунда калктын аяр катмарларына, аялдарга, балдарга, жаштарга жана майыптыгы бар адамдарга акысыз укуктук жардам көрсөтүүдө.

Алардын адвокаттары жарандык иштер боюнча сот процесстерине да каты-шууда. Андан сырткары, алар ошол аймактардагы калктын жалпы эле укуктук

маданиятын жогорулатуу ишине олуттуу салым кошуп жатат.

Укугумду билгим келет!!!

Эгерде кайсы бир маселе боюнча Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарын билгиңиз келсе, укуктарыңызды өз алдыңызча окуп, таанышып, аны иш жүзүнө ашыргыңыз келсе, Укуктук маалыматтын борбордук базасы сизге табылгыс ресурс болот. Аталган ба-зада Кыргыз Республикасынын баар-дык укуктук ченемдик актылары кыр-гыз жана орус тилдеринде берилген. www.cbd.minjust.gov.kg

Мобильдик тиркеме: “Законы КР”

Укуктук маалыматтын борбордук базасын мобильдик тиркеме аркы-луу дагы колдонууга болот. Бүгүнкү күндө аны Интернеттин 35 миңден ашуун пайдалануучусу көчүрүп алып, жигердүү керектеп жатат. Тиркемени көчүрүү үчүн Андроид системасын-дагы уюлдук телефон аркылуу Google Play платформасынан “Законы КР” деп издөө салыңыз же төмөндөгү ссылкага кириңиз: https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.gov.minjust.cdb&hl=ru

Укуктук жардам керек!!!

Эгерде сизге укуктук жардам керек болсо, же жөн гана айрым маселе-лер боюнча юристтин кеп-кеңеши керек болсо, “Укуктук жардам көрсөтүүчүлөрдүн веб-картасын” кол-донуп эң жакынкы укуктук борбор-дун дарегин таба аласыңар. Картада Кыргызстан боюнча укуктук кызмат

көрсөткөн баардык түзүмдөрдүн да-ректери, телефону, иш убактысы, кыз-мат акысыз же акы төлөнүшү тууралуу толук маалымат берилген.

“Укуктук жардам көрсөтүүчүлөрдүн веб-картасынын” ссылкасы: kartauslug.minjust.gov.kg.

Законы КР

Page 6: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл6 Маалымат баракчасы

“Тилектештик автобусу”

“Тилектештик автобусу”

Долбоордун алкагында Кыргыз республикасынын Юстиция ми-нистрлигинин адистери муктаж болгондорго акысыз юридикалык кеп-кенештерди беришет. Профес-сионалдуу юристтер жер-жерлерге барып, юридикалык маселелер: доо арызын жана башка арыздарды, хо-датайство каттарын, сот жана укук коргоо органдарына арыздарды жазуу, мураскерликти каттоо, али-мент алуу, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштарды чечүү боюн-ча жана мыйзамдарды түшүндүрүү багытында иштешет. “Тилектештик автобусу” Ош жана Чүй облусунун айылдарына жана алыскы элдүү пункттарга жүрүш уюштурат.

Бириккен улуттар уюумунун Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун жетек-чиси Айнура Алымбекованын айтымында долбоор тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө элдин аяр катмарынын укуктарынын бузулу-шунун эң негизги себептери ка-тары юридикалык кеңеш берүүчү уюмдардын айылдардан кыйла алыс жайгашуусу, укуктук кыз-мат акысын төлөй албагандыгы, ар кандай документтердин жок-тугу жана эң негизгиси элдин өз укугун билбегендиги болуп табы-лган. “Ар адамдын, өзгөчө элдин аяр катмарынын ар биринин укугу толук корголгон, акыйкат, укуктук коом түзүшүбуз керек. Айрымдар мага мунун кереги жок деп ойлошу мүмкүн. Мүмкүн бизге кереги жок болушу мүмкүн, бирок биз келечек муун үчүн акыйкат коом түзүүгө умтулушубуз керек.

Эгерде биз укугубузду коргой билсек, милдетибизди аткара билсек, биздин балдарыбыз дагы укугу үчүн күрөшкөн, мил-детин так аткарган атуулдар-дан болот”, — А.Алымбекова.

“Тилектештик автобусу” ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – жарандардын

мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана

укуктарын коргоого көмөктөшүү жана

укуктарын түшүндүрүү.

Жер-жерлерге барып, элге укуктук жардам көрсөтүү иши 2016-жылдын март айында Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү кабыл алган “Элдин укук маданиятын жогорулатуу Концепци-ясы” токтомун жүзөгө ашыруу алка-гында болуп жатат. Концепциянын приоритеттүү милдеттеринин бири — инсандын коомдогу укук ченемдүү жүрүш-турушун жана мыйзамды сак-таган жаранды калыптандыруу. Кон-цепциянын негизги милдеттери катары укуктук тарбия берүү программасын өркүндөтүү, укуктук тарбия берүү практикасынын методдорун жакшыр-туу, массалык маалымат каражаттары жана мамлекеттик органдар аркылуу жарандардын укуктук маданиятын жо-горулатуу, адам укугун сактоо мадани-ятын жайылтуу каралган.

алыскы аймактарда юридикалык жардам көрсөтөт

Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармасынын жетекчи-си Айбек Чотоновдун пикири боюн-ча, социалдык-экономикалык катаал жагдай акыбалды чыйралтып, укуктук нигилизм сыяктуу социалдык кемчи-ликтердин өнүгүшүн шарттайт. Бул өз кезегинде индивиддин укук сактоого терс мамилесин калыптап, мыйзам-сыздыкты актоого алып келет. Кыргыз Республикасындагы укуктук мада-нияттын учурдагы абалын анализдөө жарандар өз укуктарын билбегенди-гин, укугун жүзөгө ашырууну каа-лабагандыгын жана билбегендигин, өз укуктары менен эркиндигин мый-зам белгилеген тартипте коргой ал-багандыгын аныктады. Бул анализ көрсөткөндөй, учурда мамлекет дагы, коом дагы укуктук маданияттын ка-

лыптанышына, өлкөдөгү укуктук сабатсыздыкты жоюуга кызыкдар. Ушуга байланыштуу КР Юстиция ми-нистрлиги БУУӨПтүн “Кыргыз Ре-спубликасындагы сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоору-нун колдоосу менен “Тилектештик ав-тобусу” деген долбоорду жүзөгө ашы-рууну баштады.

2016-жылдын ноябрына карата “Тилектештик автобусу” 2450 кишиге кеңеш берип (1298 аял жана 1153 эркек), Чүй областы боюнча 72, Ош областы боюнча 85 айыл аймагын камтыган.

Белгилеп кетүүчү нерсе, бул долбоор 2016-1017-жылдары ишке ашат, андан ары Кыргыз Республикасынын бардык облустарына киргизилмекчи.

Касиет Карачолокова

Page 7: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл 7 Маалымат баракчасы

Кайрымдуулук объектисинен укук субъектисине карай

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республи-касында 172 миңден ашуун майып-тыгы бар адам жашайт жана, тилек-ке каршы, алардын саны өсүүнүн гана үстүндө. Алардын укуктарын жакшыртуу максатында мыйзамдар-га киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө карабастан майыптыгы бар адамдар өздөрүнүн коомдук турмушка тең укуктуу мүчө катары катышуу жо-лунда тоскоолдуктарга дуушар болуусун улантууда. Бул инфра-структуранын, имараттардын, тран-спорттун кирип-чыгуу көйгөйү, ма-алыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнүн көйгөйү (Брайл ариби менен басы-лган материалдардын, сурдокотор-монун жоктугу), ошондой эле стере-

отиптерге байланышкан көйгөйлөр, инклюзивдик билим берүү боюнча бирдиктүү программанын жокту-гу жана башка көптөгөн көйгөйлөр болуп саналат. Майыптыгы бар адамдардын ушул жана башка көйгөйлөрү тууралуу, зарылчы-лыктары, жетишкендиктери жана жеңиштери тууралуу Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө – 3-декабрга карата өткөрүлгөн кон-ференцияда айтышты.

Бизге Конвенцияны белек кылгыла

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов өз сөзүндө бийликтерди БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу кон-венциясын ратификациялоого чакыр-ды. “Анда майыптар сот адилеттигине жетүү тармагында, билим алуу, меди-циналык тейлөө тармагында, иште, үй-бүлө турмушунда, маданий жана спорттук ишмердикте, саясий турмуш-ка жана коомдук турмушка катышууда кемсинтилбеген мамилеге жана тең укуктуулукка укукту, - деп айтылат”, - деди Александр Аванесов.

Конференция учурунда 50дөн ашуун уюм кол койгон резолюция кабыл алы-нып, аны КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлүнө тап-шырышты. Резолюцияда: “Мамлекет-тик деңгээлде комплекстүү, баарын камтыган жана системалуу чараларды көрүү менен, калктын майыпташуу масштабынын өсүшүн белгилөө ме-нен, майыптыгы бар адамдарга карата кемсинтүүлөргө каршы биргелешип күрөшүүгө чакыруу менен, майып-тыгы бар аялдар менен балдардын ай-рыкча мусаапырлыгын айтуу менен өлкөнүн бийликтерин Майыптардын укугу конвенциясын ратификациялоо процессин тездетүүгө чакырыбыз”, - деп айтылат.

“Майыптык күнүнө карата бе-рилген бир жолку белектер биз-дин түпкүлүктүү көйгөйлөрүбүздү чечпейт, - деди “АРДИ” коомдук ую-мунун программасынын координато-ру Сейнеп Дыйканбаева өз сөзүндө. – Андан көрө бизге Конвенцияны белек кылганыңар жакшы болот эле”.

Татыктуу жашоо үчүн миллион

күч-аракет

Майыптыгы бар адамдар турмуштун

бардык тармактарында өтө чоң күч-аракет жасоого аргасыз. Айрыкча, тиешелүү шарттар түзүлбөгөн учурда ачыктан ачык

тоскоолдуктар менен, адамдар менен, ал

турсун бүтүндөй коом менен күрөшүүгө туура

келет.

“Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери ту-уралуу мыйзамдын аткарылышын текшерүү максатында мен 74 иш-канага майыптыгы бар адамдарды жумушка кабыл алуу өтүнүчү ме-нен кайрылдым. Компаниялардын көпчүлүгү албайбыз деп жооп бе-ришти же жооп бербей коюшту. Төрт ишкана гана макул болду”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов.

Конференциянын спикерлери биз-дин өлкөнүн майыптыгы бар адамда-рынын жетишкендиктерин да айтып өтүштү – “Өз ишим боюнча мен өлкөнүн аймактарын көп кыдырам, алар кантип уюм, ишкана, жумуш-чу орундарын түзүп, жеке ишкер-лик жасап жатканын, оор турмуш-тук кырдаалдан кантип татыктуу чыгып жатышканын көрөм, - дейт “Теңдик” коомдук уюмунун жетек-чиси Гүлмир Казакунова. - Бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдар өз күчтөрү менен ар түрдүү кесиптерге окутуу курстарын уюштуруп, реаби-литация борборлорун, жалпы билим берүүчү мектептерде инклюзивдик класстарды түзүп жатышат”.

Стереотиптерди сындыруу – түшүнүктү өзгөртүү

Биздин коомдо майыптыгы бар адамдарга жардам бериш керек, ан-ткени алардын жашаган шарты му-саапырдын шарты деген түшүнүк калыптанган. Бул стереотипти сын-дыруу үчүн бирдей шарттар түзүлүп, майыптыгы бар адамдар окуганга, иштегенге жана өнүккөнгө коомдун башка мүчөлөрү менен бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек.

“ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча дүйнөдөгү Нобель сыйлыгынын ээ-леринин төрттөн бири мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, алардын ичин-де шал болгондор да бар”, - деди белгилүү врач-невропатолог Нур-мухаммед Бабажанов конференция учурунда, - “Биз майыптыгы бар адамдар кайрымдуулуктун объек-тиси эмес, укуктун субъектиси эке-нин түшүнүшүбүз керек. Ушундай түшүнүккө жетүү гана бизди коомдун “ашык” адамдарынан арылтып, өздөрү үчүн да жана бүтүндөй коом үчүн пайда алып келген көбүрөөк то-лук кандуу жарандарыбыздын пайда болушуна алып келет”.

Иш-чара КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси менен, БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде сот адилеттиги-не жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен, майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыгын корго-гон жарандык коом уюмдары менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.

Мэри Бекешова

БИЗГЕ КОНВЕНЦИЯНЫ БЕЛЕК КЫЛГЫЛА

Page 8: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл8 Маалымат баракчасы

Giving Tuesday

Бул конференция 29-ноябрда ишемби-де болуп өттү. Бүткүл дүйнөдө бул күн белектерди, кубанычтарды, жакшы маанайларды тартуулоо күнү катары майрамдалат. Учурдан пайдаланып оюн көрсөткөн балдарга жана “Бирдей укук = Бирдей мүмкүнчүлүк” иш-чара-сынын спикерлерине футболкаларды, китеп сатып алууга 1000 сомдук сер-тификаттарды белек кылышты.

Майыптыгы бар балдар ар кандай концерттик номерлер менен чыгып оюн көрсөтүштү. Жаңсоо тили менен коштолгон, “Оберег” жана “Үмүт – Надежда” реабилитациялык борбор-лорунун балдарынын аткаруусундагы “Жердин периштелери” ырынын хору көрүүчүлөргө өзгөчө катуу таасир кал-тырды. Көрүүчүлөр көздөрүнүн жа-шын тыя албай калышты.

Ушундай аталыш менен Майыптар-дын эл аралык күнү – 3-декабрга ка-рата бир катар иш-чаралар уюшту-рулду. “Бирдей укуктар = Бирдей мүмкүнчүлүк” аттуу республикалык конференцияга жергиликтүү жана аймактык бийлик органдарынын, өлкөнүн бардык областтарынан майыптардын кызыкчылыгын кор-гогон жарандык коом уюмдарынын эки жүздөн ашуун өкүлдөрү чакы-рылды.

Конференциянын спикерлери майып-тыгы бар адамдардын билим алуу, ишке орношуу көйгөйлөрү, ин-фраструктуранын, имараттардын,

«Бирдей укуктар = Бирдей мүмкүнчүлүктөр»

“Биз силерден башкачабыз,Биз жашоодо арманбыз.

Белгисиз бир себеп менен,Биз ушинтип калганбыз.Биз эми эч өзгөрбөйбүз,

Боло албайбыз силердей. Бир кичине көңүлүңдү,Назарыңды бөлүп кой.Ой-кыялы сеникиндей,

Адам бул деп көнүп кой”.

коомдук транспорттун кирип-чыгуу мүмкүнчүлүктөрүү тууралуу айтыш-ты. Катышуучулар ошондой эле па-ралимпиадалык оюндар, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо си-стемасын өнүктүрүү ж.б. көптөйгөн көйгөйлөр жөнүндө сөз сүйлөштү.

Маалымат жеткиликтүү форматта болду

Маалыматты жеткиликтүү форматта жеткирүү максатында конференция баштан-аяк сурдокотормо менен кош-толуп, ал эми басма продукциялары болсо Брайл арибинде даярдалды.

Майып балдар – жердин периштелери

Жаңсоо тили менен сүйлөшөбүз

Конференциянын катышуучулары конференциянын спикери Адилет Ма-теиповдун беш мүнөттүк чеберчилик классын чоң жигер менен угушту. Ал “Мен баарыңарды жакшы көрөм. Мен Кыргызстанды жакшы көрөм. Достук жана ынтымак менен жашайлы”, - де-ген сөз айкаштарын жаңсоо тилинде үйрөттү. Адилет Матеипов бала ке-зинен дудук, таксист болуп иштейт. Чеберчилик классынын көптөгөн ка-тышуучулары жаңсоо тилин биринчи жолу колдонушуп, биз бири бирибиз-ди оңой эле түшүнө алат элек, “биз ар түрдүүбүз, бирок баарыбыз бирдей-биз” деген ураандын терең маанисин эми түшүнө баштадык деп өз пикирле-рин билдиришти.

«БИРДЕЙ УКУК = БИРДЕЙ МҮМКҮНЧҮЛҮК»

Page 9: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл 9 Маалымат баракчасы

Тарыхка таазим

Кийинки күнү конференциянын каты-шуучулары “Ата-Бейит” мемориал-дык комплексине барып, 1936-жылкы сталиндик репрессиялар, 1916-жыл-кы Үркүн, ошондой эле 2010-жылкы апрель окуялары учурунда курман болгондорго таазим кылышты. Ком-плекстин аймагы майыптык коляска-чандар үчүн ыңгайлаштырылбаганына

Ийгилик сыры – чыдамкайлык жана эмгек

Конференцияга катышууга чоң ийги-ликтерге жетишкен, өз чыдамкайлыгы жана эмгеги менен кимге да болсо үлгү болоор майыптыгы бар адамдар чакы-рылган. Ноокен районунун жашоочусу Назиржан Тайлаков сегиз жашар кура-гында кырсыктан улам эки колунан ажыраган. 4-классынан баштап калем сапты тиши менен тиштеп, жазганды үйрөнгөн. Буга анын адам көтөргүс

кажыбас кайраты кеткен. Азыркы ке-зде информатика системасын эң со-нун өздөштүрүп алган Назиржандын ондон ашык шакирттери жана жолун улантуучулары бар. Анын алдыдагы кыялы тууралуу алып баруучунун су-роосуна Назиржан: “Акча жыйнап, ата-энемди Меккеге жөнөткүм келет”, - деп жооп берди.

Жакшылардын жакшылары

Конференциянын жүрүшүндө КР Эм-гек жана социалдык өнүгүү мини-стри Талайкүл Исакунова уюмдардын өкүлдөрүн жана жетекчилерин майып-тыгы бар адамдардын укуктары ме-нен мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Министрликтин

Ардак грамоталары менен сыйлады. Майыптыгы бар адамдардын кызык-чылыктарын коргоодо айырмаланган жарандык коом уюмдарына эстелик белектер жана ар кандай наамдар ый-гарылды.

«БИРДЕЙ УКУК = БИРДЕЙ МҮМКҮНЧҮЛҮК»

Азыр кыргыз чапандарынын арааны жүрүүдө

Баткен областынын Исфана шаа-рында жайгашкан “Борбордук Азия аялдары” коомдук фонду майып-тыгы бар аялдардын колунан чыккан кыргыз чапандарынын үлгүлөрүн көрсөтүштү. Заманбап стилде жа-салган кыргыз чапандарынын ди-зайны, моделдери, түс шайкешти-ктери көрүүчүлөрдү кош көңүл калтырган жок. Бир чапандын баасы көлөмүнө жана жасалышына жара-ша үч миңден беш миңге чейин сом экен.

Иш-чара КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси,

БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМи-нин “КРде сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен, майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыгын коргогон жарандык коом уюмдары менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.

Республикалык деңгээлде уюшулган бул иш-чара коомчулуктун көңүлүн майыптыгы бар адамдардын укукта-ры менен эркиндиктерин толугу ме-нен ишке ашыруунун зарылдыгына байланышкан көйгөйлөргө буруу максатын көздөйт.

карабастан катышуучулар биздин эл үчүн эң маанилүү болгон тары-хый эстеликтердин бирине барууга мүмкүнчүлүк алганы үчүн ыраазы болушту. Иш-чаранын алкагында ка-тышуучулар үчүн А.Малдыбаев атын-дагы Опера жана Балет театрында кон-церт уюштурулду.

Page 10: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл10 Маалымат баракчасы

Операциядан кийин баспай калдым

Үчүнчү класска чейин кадимкидей эле бала болчумун. Анан врачтар жүлүнүмөн шишик таап, операция жасамак болушту. Операциядан кий-ин буттарым баспай калды. Бул врач-тардын каталыгы болду. Мен өчүп калдым. Мындан ары баса албай ка-ларым менен келишүү өтө оор болду. Аябай мектепке баргым келчү. Би-рок мени алып барар киши жок эле. Үйдө окудум. Мугалимдер үйгө ке-лип турууга тийиш болчу. Эки гана мугалим келип жүрдү. Башка муга-лимдер ар кандай себептер менен келишкен жок. Бирок мага аттестат беришти. Мени эң сонун бир адам

менен – Айнура Телеушева менен тааныштырышты. Ал мени чөккөн абалыман тургузуп, жашоого кума-рымды ойготуп, өзүмдү өзүм жакшы көрүүгө, башка түшкөндү кабыл алу-уга жардам берди. Мен ошондой эле ата-энеме да ыраазымын. Алара мага майып катары карашкан жок, баскан жолумду жумшактап, боор оорушка-нын көрсөткөн жок. Болгону колдоо гана жасашып, баарын өзүм аткарган-га үйрөтүштү.

Мектепти бүткөн соң адамдарга оор абалдан чыгууга жардам берүү үчүн психологдун окуусуна баргым келди.

Жалпы республикалык тестирлөөгө өз алдымча интернет боюнча даяр-дандым. Бирок окууга өтүүгө бир бал жетпей калды. Билим берүү ми-нистрлигине кайрылсам, алар мага бюджетте окууга мүмкүнчүлүк берди. БГУнун күндүзгү бөлүмүнө өттүм. Деканатта мени сырттан окууга үгүттөштү. Бирок менин жакшы би-лим алгым келди. Анын үстүнө сту-денттик турмушту да көргүм келди. Ата-энем болсо эгер ушуну кааласаң, анда өзүңө гана ишен дешти. Мени күн сайын ким алып барат акууга? Ба-арынын өз иши бар. Ата-энем иште-ши, бизди багышы керек.

Азиза Иминова: “ӨЗ АЛДЫМЧА ЖАНА КӨЗ КАРЫНДЫСЫЗ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

4 жыл бою студенттер мени 4-5 кабатка көтөрүрүп чыгып түшүп жүрдү

Биринчи жылы окууга коомдук тран-спорт менен каттадым. Тактап айтсам, силер билесиңер биздин маршрутка-лар кандай экенин. Күн сайын коля-скам менен аялдамага жетип, андагы адамдардан мени маршруткага көтөрүп кирүүсүн суранам. Өзүмдүн арык, коля-скамын кичинекей жана жеңил болгону да чоң жеңилдик болду. Көп кишилер жини келип, эмне үйдө олтурбайсың деп урушушчу. Айрым айдоочулар да жин-денип, мени салгысы келчү эмес, бирок айрымдары түшүнүү менен кабыл алчу. Коомдук транспортко түшүп-чыгуунун ар бир учуру өзүнчө бир чоң сыноо бол-чу. Эгер аялдамада жалгыз турсам авто-

бустар токтобой эле өтүп кете берчү. Эл келишин саатап күтүп калган учурлар болчу. Бул өтө жаман эле, кечинде үйгө келип алып, ыйлачумун, бирок эртеси кайра эле туруп, жөнөп калаар элем. Мына ушундай күндөр өткөн.

Биздин сабактар 4-5-кабаттарда өтчү. Имараттын кире беришине мен үчүн пандус жасап коюшкан, бирок ал ме-нин коляскама чак келбей калган. Күнүгө студенттерди мени 4-кабат-ка көтөрүрп чыгуусун, анан сабак бүткөндө кайра түшүрүүсүн суранчу-мун. 4 жыл бою ошенттим. Бул үчүн аларга абдан ыраазымын.

Айдоочулук күбөлүктү араң алгам

Экинчи курста ата-энем машина сатып берди. Машиналарды советтик мезгил-де майыптар үчүн ылайыкташтырып жасаган карыяны таптык. Ал мага кол менен айдагыдай кылып жасап берди. Мени автомектепке албай коюшту, мени үйрөтүүгө инструкторубуз, машинабыз жок дешти, сен деги эле эмнеге келдиң, сага машина айдаганга болбойт дешти.

Ошондуктан атам мага айдаганды өзү үйрөттү. Тез эле үйрөндүм, мурдатан эле машина айдап жүргөндөй сезип кал-дым өзүмдү. Андан соң айдоонун толук теориясын үйрөнүп чыктым. Күбөлүктү таптаза өз күчүм менен алдым, себеби аны мага акча үчүн эч ким сатмак эмес. МАИ да мага күбөлүк бергиси келген жок. Менин ката кетиришимди гана аңдып турушту. Мен мүмкүн болуучу бир гана ката кетирип, алар айдоо уку-гун берүүгө аргасыз болушту. Бирок андан кийин да мени оюмдан кайтууга үндөшүп, мораль окушту, акыр аягында менин автомобилимде бардык белги-лер: колясканын, үйрөнчүктүн белгиле-ри, “рулда аял” деген белги сөзсүз чап-талып турушун эскертишти.

Машина менен, албетте, окууга ба-руу оңой болуп калды. Университет-ке келгенде группалаштарым күтүп алып, жүк салчу жердеги колясканы алып чыгышып, мени ага олтургузуп, алып жөнөшчү. Ошентип баарыбыз эшиктин алдына барып, мени аудито-рияга көтөрүп чыгуу үчүн эркек бал-дарды издечүбүз.

Дипломго мына ушинтип жеттим.

Коляскачандар үчүн шарт болсо мен өз алдымча жашамакмынЭми жумуш издеп жатам. Мектепке социалдык кызматкер болуп орношо-юн десем, коляскада олтурсаң балдар-ды кантип карайсың деп албай коюш-ту. Башка жерлерге да албай жатышат, негизги себеп офистердин жогорку ка-баттарда жайгашканы.

“Билайндын” колл-борборуна кыргыз тилин билбегеним үчүн албай коюшту.

Албетте, иштеп, акча таап, азыраак көз каранды болгум келет.

Шаарда негизинен “Глобус” дүкөнүнө барам, алардын машина токтотчу атайын жайы, ыңгайлуу пандустары бар.. Киного курбула-рым менен “Космопаркка” барам. Анда да коляскачандар үчүн шарттар бар. Андан башка жердин баары эле ыңгайсыз: арыктар, бордюрлар, кууш эшиктер. Бирөөнүн жардамы жок көп

жерлерге: аптекаларга, дүкөндөргө, мамлекеттик мекемелерге кире албайсың. Менин коляскамын кичи-некейлиги да жакшы, көп эшиктерге батып кетем.

Эгер шаарда коляскачандар үчүн шарттар болгондо мен бир топ эле өз алдымчараак болуп калмакмын.

Китеп окуп, социалдык тармактарга кирем. Биздин үйгө жакын жерде ат спортунун мектеби бар, кээде ошол жакка барам. Сууда сүзгөндү абдан каалайм, бирок шаарда ден соолугу-нун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди үйрөтөөр инструктор жок.

Маектешкен, жана материалды даярдаган Касиет Карачолокова

Page 11: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл 11 Маалымат баракчасы

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чек-телген адамдар турмуштун бардык чөйрөсүндө өтө көп күч-кубат коротуп жашоого аргасыз коомдун мусаапыр катмары болуп саналат. Ошондук-тан, жакшы билим – аларды коомго аралаштыруунун эң маанилүү шар-ты. Билим инсандын өнүгүүсүн жана адистик калыптануусун камсыз кы-лат. “Эгер адам дайыма үйдө олтурса, эч ким менен сүйлөшпөсө, ал өзүнөн өзү чөгүп, ден соолугу начарлап, бул болсо аны дарылоо үчүн кошумча ка-ражаттар менен күч-аракеттерди талап кылат. Ал эми адам өзүн өзү көрсөтүп, сүйгөн иши менен алек болуп, элге аралашса, анын көңүлү да ошончолук көтөрүлөт. Ошого жараша ден соолугу да оңолот”, - дейт “Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы” коом-дук уюмунун юристи Сейнеп Дыйкан-баева.

2002-жылдан тарта мектептин бүтүрүүчүлөрүн жалпы республи-калык тестирлөө жүргүзүлүүдө. 2012-жылдан бул тестирлөө бардык жогорку окуу жайлар (менчик фор-масына карабастан) жана бөлүмдөр (күндүзгү, гранттык, контракттык, дистанциялык) үчүн милдеттүү болуп калды. Билимди жана окутуу ыкма-ларын баалоо борборунун директору Инна Валькова мындай дейт: “Бизде көзү начар көргөндөр үчүн атайын

тест, сокур жана начар көргөн балдарга тестти айтып берүүгө үйрөтүлгөн ад-министраторлор бар. Биз алды менен андай балдар канча экени, кайда эке-ни тууралуу маалымат жыйнап, андай тестирлөөнү Бишкекте өткөрөбүз. Бы-йыл түштүктө да ушундай тестирлөө өткөрдүк. Биз ата-энелерден мындай балдар тууралуу бизге билдирүүнү суранып жатабыз. Коляскачандар, аст-ма, жүрөк оорулуу ж.б. өнөкөт оору-луу балдар болушу мүмкүн. Биз алар үчүн атайын шарт түзөбүз, бул өзүнчө бөлмө же кирип-чыгууга ыңгайлуу башка жер болушу мүмкүн. Бирок ушуга чейин тестирлөөнү үйгө чакы-рып кабыл алуу тууралуу бир да арыз боло элек. Жамандыр-жакшыдыр баа-ры тестирлөөчү жерге келип жатышат жана аларга ыңгайуу шартты ошол жерде түзүп берип жатабыз. Өтө көп нерсе жогорку окуу жайга өтүүнү ка-алаган кишинин өзүнө жараша болот: эгер алар өзүн көрсөтө алса эч кандай маселе болбойт, эгер алар үйүнөн чык-пай, унчукпай олтурса, албетте, алар тууралуу эч ким билбей калат да”.

Сокур жана начар көргөн балдардын интернат мектебинин директору Кали-ма Урсеитова: “Биздин окуучулардын 97 пайызы жогорку окуу жайларга өтүшөт. Алар өтө акылдуу, алардын көрүү эс тутуму акыл-эс тутумуна ай-ланат экен. Тестирлөө боюнча да эч

ЛЕТ

көйгөй жок. Бул үчүн жоопкер муга-лимдер, окуу бөлүмүнүн башчылары бар”, - дейт.

Ошентсе да мүмкүнчүлүгү чек-телген балдардын мектептеринин бүрүүчүлөрү үчүн адистик тандоого өзгөчө мамиле зарыл. “Биздин мек-тептин окуучулары 9-класстан кий-ин кесиптик-техникалык лицейлерге өтүшөт, - дейт начар уккан жана кий-ин укпай калган балдардын интернат мектебинен Эркингүл Сатывалдиева. – Алардын мектептен кийинки тагдыры биз үчүн башкы көйгөй болуп саналат. Биз баланын турмушта ордун табышы үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Биз кесиптик-техникалык лицейлер менен кызматташабыз. Ми-салы, №27- жана №18-лицейлерде сурдокотормочулар бар. Алар укпаган жана начар уккан уккан балдарды эң жакшы окута алышат. Алар чачтарач, машиналарды оңдоо, тикмечи сыяктуу кесиптерге үйрөтүшөт”.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чек-телген адамдардын көйгөйү окуу жайларына өтүүдө эмес, ошол окуу жайларда тиешелүү билим, адистик алууга мүмкүнчүлүктө.

Окуу жайларда жана башка турмуш-ти-ричилик, коммуникация чөйрөлөрүндө майыптыгы бар адамдар үчүн зарыл болгон инфраструктуранын жоктугу аларга билим берүү ишинин төмөнкү натыйжалуулугуна алып келүүдө.

Сокур жана начар көргөн балдардын мектебинин директору Калима Урсе-итова: “Биздин көчөлөрдүн, үйлөрдүн, транспорттун басып жүрүүгө, кирип-

чыгууга мүмкүнчүлүгү өтө начар. Со-кур жана начар көргөн адамдар үчүн күн сайын окууга барып келүү өтө оор. Бул үчүн өтө зор күч-аракет жана эрк керек”, - дейт.

“Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы” (АРДИ) коомдук ую-мунун юристи Сейнеп Дыйканбае-ванын айтымында, азыркы мезгилде майыптыгы бар адамдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү тармагында бир катар олуттуу көйгөйлөр бар:

- Инклюзивдик билим берүү боюнча бирдиктүү программанын жоктугу.

- Инклюзивдик билим берүүнү укук-тук жөнгө салуунун жана аны ишке киргизүү механизминин жоктугу.

- Мектептерге кирип-чыгуу.

“Коом анын эл катары жашоосу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп бери-ши керек. Ал башка жарандардай эле окуп билим алууга, кесипке ээ болуу-га, өзүнүн жана коомдун жакшылыгы үчүн эмгек кылууга мүмкүнчүлүк алууга тийиш. Бул майыптыгы бар адам үчүн да, коом үчүн да талашсыз пайдалуу жана адамкерчиликтүү. Узак убакыт бою үйүндө ишсиз олтуруп, анан окууга өтүп, жумушка орнош-кон майыптардын кадимкидей гүлдөп чыкканын, аларда жашоонун кумары пайда болгонун мен турмушта көп жолу көрдүм”, - дейт Сейнеп Дыйкан-баева.

Даярдаган Касиет Карачолокова

Майыпт ардын билимдүүлүгү – коомдун байлыгы

Page 12: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл12 Маалымат баракчасы

Мен өзүм прокурордун орун баса-рына кирдим, менин ишимди билген соң прокурор өзү кабыл албай койду. Арызым прокурордун жардамчысы-на жетти эле, аны карап, тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тарткан-дыгы тууралуу токтомун четке кагуу-ну 18 күнгө созду. Акыры токтом четке кагылды, бирок, тергөөчүгө эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул иш мен кайра-кайра телефон чалып, чечимди тездет-киле деп суранып жатып араң бүттү. Тергөөчү мындай иштерга кайдыгер карап, созуп-чоюп жүрө берсе дагы эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт экен да.

Дагы бир жагдай: никеге тургандан бери келинге бир дагы мүлк кат-талган эмес, б.а. 7 жыл жашап, аял иш жүзүндө көчөдө калды. Т. Айгүлдүн айтымында анын эри , кайната-кай-ненеси келинди үй-бүлөнүн ишине, акча-тыйынына аралаштырбай баа-рын өздөрү чечип, өздөрү билишкен. Айгүл күйөөсү менен 7 жыл жашаган, азыр колунда 3 баласы бар: 6 жашар, 4 жашар, кичинеси 3 айлык. “ Боюмда балам 2 айлык кезимде эрим мени калчылдатып жыгылганга жеткир-ди. Мен жерде жатып, улуу баламды чоң атаңды чакыр, мага тез жардам чакырсын деп жибердим. Эрим бол-со эшикти сыртынан жаап басып кетти. Кайната-кайненемдер коңшу бөлмөдө баарын угуп укмаксан, көрүп көрмөксөн, телевизор көрүп отуруш-ту. Акыркы жолу эрим боюмда беш айлык кезимде сабаганда да баары балдарды таштап кетип калды. Балдар ийнимен түрткүлөп, “апа тур” деген-де эсиме келип көзүмдү ачтым. Чатак кайненемден башталды. Кайненем дайыма баласын түрткүлөп, биздин бирге жашаганыбызды каалабай тур-чу. Мен ушуга чейин чыдадым, акы-ры чыдай албадым, кетип калдым. Сиңдилерим мени ооруканага жетки-ришти. Мен врачтарга даттанып, эрим ушинтип сабап салды, жардам берги-ле дедим, бирок алар да участкалык милицияны чакырган жок”, - деп ай-тып берди Айгүл.

Ишти кароого келгенде “күйөөсү бай-кабай түртүп койгон” деп жазылганы белгилүү болду. Жапа тарткан аял кай-радан райондук ички иштер башкар-масына арыз менен кайрылган. Аял-дын айтымында, тергөөчү аялды кайта жооткотуп, балдарга ата керек, атасы соттолгон деген да балдардын келе-чегине зыян келтирет эмне кыласың арызданып, деп көндүргөнгө аракет жасаган.

Даярдаган Касиет Карачолокова

шат. Адвокат Бактыбек Жумашевдин клиенти Т. Айгүл эри сабап, кордук-таганы үчүн чечкиндүү чара көрүп ишти аягына чыгарууга бел байлаган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында 5 айлык боюнда бар аял эринен катуу таяк жеген.

Адвокаттын маалыматы: Т. Айгүлдү 2016 жылы 26-февралда күйөөсү катуу сабаган, аял арыз жазып, соттук-меди-циналык экспертизага жиберилген, эк-спертиза Айгүлдүн денесинен жаракат алып, ден соолугу кыска убакытка на-чарлаганын көрсөткөн. Диагнозу: баш сөөгүнө, мээсине залака келип, мээси чайкалган. Бул күйөөсү Л.Х. нын ара-кетинде КРдин Кылмыш жаза кодек-синин 112 беренесинин 1 бөлүгүндө каралган кылмыш курамы бар экенди-гин далилдейт. Бул беренеде жогоруда-гыдай жаракат келтирип сабагандыгы үчүн жаза каралган (180-240 саат ко-омдук жумуштарды аткарат, эсептик көрсөткүчтүн 50 өлчөмүнө чейин айып салынат, 1 жылга чейин түзөтүү жумушуна же 1 жылдык мөөнөткө эр-кинен ажыратылат).

Күйөөсүнүн талабы боюнча тергөөчү комиссиялык экспертиза дайын-дайт. Экинчи экспертиза да биринчи көрсөтүлгөн натыйжаны далилдеген. Күйөөсүнүн талабы боюнча тергөөчү 1-июлда комплекстүү экспертиза дайындаган. Экспертизанын иши 2 айга созулган (Саламаттык сактоо министр-лигинин нускамасында экспертизага 1 ай мөөнөт берилет). Комплекстүү эк-спертиза дагы биринчи эки эксперти-занын көрсөткөнүн бекемдеген. Бирок Кыргыз Республикасынын Президен-тинин амнистиясына карай кылмыш иши ачылбайт. “Тогуз айдан бери укук коргоо органдары мен калкага алган аялды коргоо боюнча эч кандай иш-ча-

Коомдо көп орун алып, курчуп ба-раткан үй-бүлөдөгү зөөкүрлүктүн тамыры кайда жатат? Укук корго-очу органдар менен башка мам-лекеттик органдардын буларга эч чара көрбөгөндүгүнөн, үй-бүлөдөгү зөөкүрлүк үй-бүлөнүн ички иши де-ген коомдо калыптанып калган эре-желерден (кыргызда “койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт” деген макал да бар) улам жашап жа-тат. Кээде катуу жаракат алып же өлүп калган учурлар да бар, мунун баары албетте, аялдар өзү үйдөгүнү сыртка чыгарбай жашыргандыгынан келип чыгып жатат.

Эгерде аял мындай кордукка чыда-байм деп чечип, өз укугун коргоп чыга турган болсо көп тоскоолдуктарга учурайт, ошол үчүн баарына чыдоого, чечкиндүүлүк менен аягына чейин ту-рууга туура келет.

Адвокат Бактыбек Талипович Жума-шевдин айтуусунда анын иш тажрый-басында үй-бүлөдөгү зөөкүрлүк боюн-ча иштер козголуп калса, бул иштер укук коргоо органдарынын эң төмөнкү же ортоңку звеносунан эле басылып калат. Укук коргоо органдары, прокура-тура, соттор, медициналык экспертиза мекемелери мындай иштерди караган-га мойну жар бербейт, а кокус козгогон болсо аягына жеткирбей созуп жүрө беришет. Структуралардын кызмат-керлери да эгер аял таяк жесе демек өзү күнөөлүү деген коомдо калыптан-ган пикирди колдойт. Бул көйгөй мам-лекеттик башкаруу системасындагы жоопкерсиздик менен кайдыгерликтен улам ого бетер курчуп барат.

Бир жагынан таяк жеген аялдар өздөрү да арызын жазып берип коюшат, бир аз убакыт өткөн соң арызын кайра алы-

АЯЛГА КҮЧҮН ЧЫГАРГАН ЧОҢ МУШТУМДУ КАНТИП ЖАЗАЛАСА БОЛОТ?

“Беш айлык боюмда бар эле, эрим мени сабап коюп, балдарды таштап кетип калышыптыр. Балда-рым мени ийнимен түрткүлөп, “апа, тур” деп ыйлап жатыптыр, ошондо эсиме келип, көзүмдү ачтым”, - деп айтып берди Айгүл (аты өзгөртүлгөн).

ра көрө элек. Же коомдук коопсуздук бөлүмү, б.а. участкалык милиция же райондук ички иштер башкармасынын тергөө бөлүмү тынчсызданып чара ка-был алмак тургай, коргоо ордерин да берген жок, кылмыш ишин да ачкан жок”, - дейт адвокат.

Кандай жаза берүүнү талап кылмаксыздар?

Б.Ж.: Биз эң жогорку жазаны талап кылабыз, анткени ушул убакытка чей-ин күйөөсү аялынан кечирим сураган жок - бул бир. Аялы беш айлык боюн-да бар, эки кичинекей баласы менен эринен кетип калган, ушуга чейин артынан барып кечирим сурап же жа-рашуу тууралуу ойлогон жок. Ушул мезгилге чейин бала-чакасын багу-уга кам көрүп, материалдык көмөк көрсөтпөгөн, эми бул аялга ажырашу-уга арыз берди.

Сиздин коргооңуздагы аялдын алган моралдык зыянын кандай баалайсыз?

Б.Ж.: Муну баалаш өтө кыйын. Адамдардын акыйкат сотко, укук коргоо органдарына болгон ишеними жоголду. Айгүл өзүнүн кемсинтилген укугун коргоп 9 айдан бери жаңы туулган ымыркай баласын көтөрүп алып, көрүнгөн эшикти каккылап, акчасын, убактысын, нервин коро-туп, укук коргоо орган кызматкер-леринин психологиялык кысымына чыдап жүрөт. Ушуну баары эле адам укугун бузуу болуп саналат. Миса-лы, акылга сыйган мөөнөттүн ичин-де акыйкат соттун тергөөсүнө болгон укук!!! Мен жардам берген күндө да күнөөлүү адамды жазага тартууга же-тише албай жүрөбүз. Буга укук кор-гоо органдарынын өзү ар кандай шы-лтоо менен убакытты созуп тоскоол болууда. Аялдын колунда нан сураган балдары турса дагы балдардын атасы соттун чечими болмоюнча эч кандай материалдык жоопкерчиликке тар-тылбайт, биздин мыйзамда ушундай. Кылмыш иши козголгондо гана тар-ткан моралдык, материалдык зыянды төлөөнү талап кылабыз. Бизде буга далил жок, бирок, менде ушундай бир пикир бар, күнөөлүү кандайдыр бир жолдор менен тергөөгө таасирин тийгизип жатат.

Мындай мыйзамсыздыктын себеби эмнеде?

Б.Ж.: Бизде тергөө кызматкерлерине арыз-муңдар толтура. Бир кызмат-керди жазалоого жетишүү үчүн 2-3 ай кетет, бул үчүн сотко, прокурорго чуркап жүрүп таманың тешилет. Биз тергөө бөлүмүнүн жетекчисине эле эмес, прокуратурага да кайрылдык.

Page 13: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл 13 Маалымат баракчасы

Эмгек мигранттарынын 40%ын аялдар түзөт

Акыркы жылдарда эмгек мигранты болгон аялдардын саны өскөнү бай-калууда. Алар Кыргызстандан барган мигранттардын дээрлик 40%ын түзөт, ошол эле учурда тажик жана өзбек аялдары өз мигранттарынын 20%га жетпегенин гана түзөт. Миграциялык процесстер Кыргызстандагы бардык аялдарга таасир этсе да, ал процесске көпчүлүгүндө 20дан 40 жашка чейин-ки аялдар тартылууда.

Бул тууралуу “Кыргызстандын миг-рацияга тартылган аялдары менен балдары” аттуу баяндамада айтылды.

Баяндама “Сана-Сезим” Эл аралык Укуктук Демилге (Казакстан) жана “Бир Дүйнө-Кыргызстан” Укук коргоо кыймылы уюмдары тарабынан Рос-сия менен Казакстандан өз мекенине кайтып келген жана айрымдары кайта кетүүнү пландап жаткан 34 мигрант аялдан алынган интервьюлардын неги-зинде даярдалган.

“Миграция аялдарга өз экономика-лык шартын оңдоо үчүн каражат боло алганы менен, аларды укуктары өзгөчө тобокелчиликке кирептер болгон абал-га салып коюуда. Аялдар кош кабат: аял катары да, миграцияга тартылган адам катары да мусаапыр”.

Миграцияга тартылган аялдардын укуктары бузулган бир катар учурлар бар.

Эмгектик эксплуатацияАялдардын көпчүлүгүнүн иш шар-ты өтө оор – өтө узак жумушчу күнү (күнүнө 12ден 15 саатка чейин) же эң жөнөкөй коопсуздук жана зарыл болгон санитардык шарт сакталбаган оор жумушу болгон. Айрымдары 24 саат бою тынбай иштешкен. Эмгек акысын төлөбөй койгон же кечиктирип төлөгөн учурлар көп болгон.

Айна, Сретенка ( Чүй областы): “Биз түнкүсүн, кечки 8ден таңкы 8ге чей-ин иштечүбүз. 30 күн иштесек 2 гана күн дем алыш берилчү, ашыкча иште-ген сааттарыбыз үчүн төлөнчү эмес. Эмгек акыбыз 25 миң рубль болчу, аны дайыма кечиктирип беришчү, анан биз – аялдар иш таштамак болдук. Бир жолу биз кечинде жумушка келип, иштебей олтуруп алдык. Менеджер улам телефон чалып, анан өзү келди. Бир балабыз андан: “Бизге эмне акча төлөбөй жатасыңар?” – деп сурады. Ал болсо: “Сен мага суроо бергидей кимсиң өзүң?” – деп жооп берди. Анан ал үч жигитти тандап алып, аёо-суз уруп кирди: муштады, тепкиледи. Мындан ары бул фабрикада иште-бейт деп айтты. Балдар каршылык көрсөтө алган жок, менеджер полиция чакырып коёт деп коркушту. Ошондон кийин менеждер биздин эмгек акыла-рыбызды таратып берди”.

Мигрант аялдар изоляцияда, мисалы, үй тиричилигинде малай болуп иште-ген учурда айрыкча психологиялык, каруу-күчтүк жана сексуалдык зомбу-лукка кирептер болушат. Гендердик кемсинтүү менен зомбулукту мигрант аялдарга жумуш берүүчүлөр да, башка кызматчылар да жасашы мүмкүн.

Алгылыксыз жашоо шартыМигранттар көп учурда жашо-ого ылайыкталбаган жерлерде жашашат. Сурамжыланган аялдардын бир нечеси Россияда алар негизинен жер төлөлөрдө жашашканын айтышты. Бир квартирада 20дан 50гө чейин же андан да көп мигрант жашап, ушул жа-раксыз шарт үчүн өтө жогорку аренда акысын төлөгөн практика өтө кеңири жайылган.

Адам сатууКыргызстандын жарандары чет өлкөлөрдө, атап айтканда Росси-яда, Казакстанда, Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында маж-бурланган эмгектин жана сексуалдык эзүүнүн курмандыгы болгон учурлар белгилүү. Документи жок мигранттар эзүүнүн жана эмгек акысын төлөбөй коюу сыяктуу карасанатайлыктардын курмандыктары болуу, ошондой эле жашоого жараксыз жерлерде жашоо учурларына оңой эле кабылышат. Жу-муш берүүчүлөр мигранттардын өз эркине каршы алардын паспортторун алып алган учурлар да аз эмес.Адам сатуу курмандыгы болгондордун ичинде аялдардын үлүшү өтө жогору, алар сексуалдык эзүүнүн курмандыгы-на айланган учур абдан көп.

Медициналык тейлөөгө жетүүнүн чектелишиКыргызстан Евроазиялык экономи-калык шериктештикке кошулгандан тарта мигранттар эмгек келишимин түзөөрү менен сөзсүз түрдө өздөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө медициалык камсыздоонун полисин толтурууга тийиш. Бул болсо алар жүргөн өлкөнүн мамлекеттик саламаттык сактоо си-стемасында тейленишине мүмкүндүк берет. Бирок документи жок мигранттардын абалы тынчсызданууну туудурат, се-беби, келишим түзүлбөгөн соң алар медициналык камсыздоо полисин да ала алышпайт. Россияда же Казакстан-да документи жок мигранттар ооруп калса медициналык тейлөөнүн кым-баттыгынан, ошондой эле депортация болуп кетүү коркунучунан улам оору-каналарга кайрыла алышпайт.

Гүлчарир: “Менде медициналык кам-сыздоо жок болчу. Ал өтө кымбат эле жана аны сатып алуу тууралуу ойлон-гон да эмесмин. Бир жолу көкүрөгүм ооруганын байкап, ооруканага барсам, алар мени Кыргызстандын элчилигине жөнөтүштү. Алар болсо мага кыр-гыз врачтын дареги менен телефонун беришти. Кеңештин баасы 300 рубль болду. Ал мага маммологго барууну су-нуштады. Мен маммологдун кеңеши 5000 рубль турарын билдим, буга мүмкүнчүлүгүм жок эле, ошентип врачка баруудан баш тартып, жүрө бердим. Анын үстүнө бул жакта кыргыз врач аялдар да жок. Аялдар гинекологиялык көйгөйү чыкса врач-ка бара алышпайт. Алар эч убакта врачка барышпайт. Эч ким врачка барбайт”.

Репродуктивдик саламаттыкты сактоо көйгөйүЧет өлкөлөрдөгү аз сандагы гана мигрант аялдар сексуалдык жана ре-продуктивдик саламаттык тууралуу

маалыматка, ошондой эле тиешелүү тейлөөлөр менен кеңештерге жете алат. Көп аялдар ден соолукту коргоо боюн-ча тейлөөдөн пайдалануудан өлкөдөн чыгарылып жиберем деп, ошондой эле каржылык себептер менен коркот.Иликтөө учурунда сурамжыланган эки аял кош бойлуу болгонуна байланыш-туу алар Россияда кемсинтүүлөргө кабылганын айтышкан. Жумуш берүүчүлөр алардын кош бойлуу эке-нин угаары менен ага чейин иштеген ишинин акысын да бербей токтоосуз иштен бошотуп салышкан.

Мигранттар үчүн сот адилеттигине жетүүнүн жоктугуРоссиядагы кыргыз мигранттарынын 60%ынан ашыгы легалсыз болгондук-тан, алардын көбү укуктары бузулган учурда опузадан, камакка алынуудан жана/же өлкөдөн айдалып чыгуудан коркуп полицияга кайрылышпайт.Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору “Эмгек мигранты болгон аялдардын 55%ы баарынан көп шаар-дык полициянын зомбулугунан, 28%ы Федералдык миграциялык кызмат-тын кызматкерлеринин зомбулугунан, 37,5%ы жергиликтүү элдин кысы-мынан, 21%ы жумуш берүүчүлөрдүн зомбулугунан запкы тартаарын айтып, мигранттардын көпчүлүгү ырайымсыз мамиле учурунда кайда даттанаарын билишпегенин” ырастаган.

Миграциялык эрежелерди бузган-дык үчүн адилетсиз жазалар: айып пулдар, камоолор жана өлкөдөн чыгаруулар.Миграциялык режимди бузган-дык үчүн мигранттар үч катар жазага: айып пулга, камакка алууга жана өлкөдөн чыгарылууга кирептер болушу мүмкүн. “Москвада райондук соттор 2015-жылы өлкөдөн чыгаруу тууралуу 58 миң 196 чечим чыгарган. Мындай иштер райондук соттордогу административдик иштердин 80%ынан ашыгын түзгөн. Мындай иштерди ка-роонун орточо убактысы 3-5 мүнөттү түзүп, райондук соттордо бир жу-мушчу күнүндө 100гө чейин адамды өлкөдөн чыгаруу чечимин жасаган рекордсмен судьялардын пайда болу-шуна алып келген”.

Камактын ырайымсыз шарттарыАдам укугу тармагындагы эл аралык стандарттарга ылайык иммиграциялык эрежелерди бузгандык үчүн мигрант-тарды кармоо токтоосуз же сөзсүз түрдө болууга тийиш эмес. Көпчүлүгүндө эркинен ажыратууга байланышпаган башка чаралар колдонулушу керек.

“Мемориал” кемсинтүүлөргө каршы борбору 2015-жылдагы баян-дамасында “мигранттарды убактылуу кармоо борборлору” дегендерде миг-ранттардын укуктарынын бузулушун айыптаган. “Россияда мигранттар бул мекемелерде эки жыл бою эч кандай соттук кароосуз кармалып жата берет. Мындай борборлордо камакта болгон аялдар алардагы киши тыгылышкан абал, санитардык-гигиеналык жа-ман шарт, зарыл болгон медициналык жардамдын жана кеңештин жоктугу жана алардагы аялдар жана эркектер зоналарынын шектүү бөлүштүрүлүшү тууралуу айтып беришкен”.

Зейнат, Ак-Жар (Чүй областы): “...алар жумуш учурунда келишти. Сот болуп, мен миграциялык кызматка 7 миң сом айып пул төлөшүм керек деген токтом чыгарышты. Мен алды менен миграциялык кызматта түн ортосуна чейин калдым, андан соң мени убакты-луу кармоо изоляторуна которушту. Суткалар бою тамак да, суу да бериш-кен жок. Мени сотко алып барышканда колума кишен салып алышты, элек-трошокерден ток менен ургузушуп, машинага түртүп салышып: “Олтур! Жөнө, бол!” – деп кыйкырышты. Анан 20 күн Казанда камакта жаттым. Бул камак жайында камерада 6 киши болдук. Күнүгө эки жолу он мүнөттөн сейилге алып чыгышчу. Келгенден бир жумадан кийин, мени пол жана идиш-аяк жуудурушкан соң мага телефонумду беришти. (...) Бул жер-дегилердин көбү мында небактан бери жатышыптыр. Бир өзбек аял төрт баласы менен алты айдан бери жа-тыптыр. (...) Өзүн өзү өлтүргөндөр көп болчу. Менин камерамдагы бир аял өз венасын кесип, өлүп калды. Дагы бирөө душка кирип асынып өлдү. Мени коё жиберишкенде аэропортко чейин, ал турсун самолётто да колумдагы кишенди чечпешим керек дешти. Мен самолётко кирерим менен кишенди чечип салдым. Полицейскийлер бол-со менин эки жагымда олтурушту. Алар учаарда гана чыгып кетишти. Мен аябай уялдым. Аэропортто мени тааныгандар көп болчу. Кыргызстан – кичинекей өлкө! Мага болсо кылмыш-кердей мамиле жасашты...”

Мигранттардын аялдары – көз карандылыктан чыккан мусаапыр-лыкСалтуу үй-бүлөлөрдө аялдар үйлөнүү тоюнан кийин күйөөсүнүн ата-энеси менен жашайт жана күйөөсү чет өлкөгө иштегени кеткенде ошондо кала берет. Мигрант эркектердин аялдары көп учурда социалдык көз караштардан жана жакырчылыктан жабыр тартып, күйөөсүнүн үй-бүлөсү тараптан зомбу-лукка дуушар болот.Мигранттардын аялдары күйөөсүнөн келген акчаны түз ала алышпагандык-тан, ага көзөмөл да кыла алышпайт. Мигранттардын Ошто жана Араван-да сурамжыланган аялдары алардын күйөөлөрү акчаны энелеринин же улуу кыз бир туугандарынын атына саларын айтышкан. Аялдардын бири 2012-жылы анемиядан каза болгон жаш келин тууралуу айтып берген. Анын дары алганга акчасы болбоптур. Ант-кени күйөөсү акчаны эжесине салып, ал болсо өз муктаждыктарына жумшап койчу экен.

Диний никеге байланышкан мусаа-пырлыкРасмий маалымат боюнча Кыргызстан-дын калкынын 80%дайы мусулмандар. Диний нике мамлекеттик органдар тарабынан таанылбаса да ал кеңири жайылган. Бул мигранттардын аялда-рынын көз карандылыгын көбөйтөт, себеби ажырашкан учурда укуктук жактан корголбойт. Никенин укуктук далили болмоюн аялдар иш жүзүндө багуу же алимент талап кылуу үчүн мыйзамдуу укуктарга ээ эмес. Эгер күйөөсү чет өлкөдө жүрсө аны балдарды багууга катышууга мажбур-лоого мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе болот.

“Кыргызстандын миграцияга тар-тылган аялдары менен балдары” аттуу баяндамадан кыскартылып алынды.

Мигрант аялдар

Page 14: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл14 Маалымат баракчасы

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги 2016-жыл ичинде ата-энеси карабай таштаган 47 миң баланы анык-таган.

Бул маалыматты КР ИИМинин коом-дук коопсуздук башкы башкармасы-нын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдракманов журналисттер үчүн үй-бүлөдөгү зомбулук маселелерине ар-налган брифингде, 2016-жылы 3-но-ябрда айткан.

“Эгер былтыр ИИМ органдары ата-энелери чет өлкөгө кеткен 6 миң ба-ланы аныктаса, быйыл 47 миң жашы жете элек бала аныкталды”, - деп бил-дирди А.Абдракманов.

Анын айтуусу боюнча ата-энелери акча тапканы кетип, балдарын чоң ата-чоң энелерине, туугандарына, ал турсун кошуналарына калтырып жа-тышат.

“Кыргызстандын миграцияга кабылган аялдары жана балдары” аттуу адам укугу үчүн эл аралык федерациясынын (FIDH) баяндамасында балдар миг-рация процессинде бала катары жана миграцияга тартылган адам катары кош күнкорлукка дуушар болууда деп ай-тылат. Алар миграция процессинин ба-шынан аягына чейин кемсинтүүлөргө, психологиялык, уруп-согуу жана сек-суалдык зомбулукка, ырайымсыз ма-милеге коргоосуз калууда.

Жашоонун жараксыз шарттары

Кыргызстандык мигрант балдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү көп учурда эл тыгылышкан турак жайда өтө начар жана кир шарттарда жашап, жумушчу мигранттардын өтө тыкыр иш графи-ги (көп учурда жети күн бою тынбай иштеп, дагы кошумча саат жумушка чыгып) “алардын балдарын ата-энелик көңүл буруудан каңтарат”.

Гүлмира, Беловодское (Чүй обла-сты): “Биз беш жана алты жа-штагы кичүү кыздарыбызды ала кеттик, себеби аларды мында (Кыр-гызстанда) карар киши жок болчу. Алар мектепке да, бакчага да ба-рышчу эмес, мен аларды үйгө ка-мап кетчүмүн, алар мен калтырып кеткен тамакты өздөрү жылытып жешчү. Алгачкы эки күнү алар ая-бай ыйлашты, бирок кийин көнүп калышты”.

Аида, Ош: “2013-жылы күйөөм, үч балам менен бирөөнүн үч бөлмөлүү квартирасына расмий эмес жай-гаштык. Анын ээси бизди акча төлөгөндөн кийин гана киргизди. Би-зден башка анда дагы он киши жа-шашчу. Жылдын аягында коңшулар бул квартирада өтө көп мигрант жашайт деп арызданышты. Поли-ция келип бизди көчөгө кууп чыкты. Биздин бир ай алдын ала төлөгөн акчабызды кожоюн кайрып берген жок. Биз көчөдө калдык. Кыш болчу. Биз кайда барарыбызды билген жок-пуз. Бакытка жараша күйөөм так-

сист болуп иштечү, биз бир жума бою машинеде түнөдүк. Анан таа-ныштар аркылуу башка турак жай таптык”.

Билим алуу укугунун чектелиши

Ата-энелери менен миграцияга кеткен балдардын мектеп тандоо мүмкүнчүлүгү жок, анткени алар дайыма улам бир жерге көчүп-конуп жүрүшөт. Мигрант балдардын көп учурда документтеринин жоктугу аларды билим алууда жана медицина-лык тейлөөдөн пайдаланууда күнкор кылып, балдардын бул категория-сы мыйзамсыз жана оор жумушка, баңгизат сатууга, кайырчылыкка же сойкулукка кирип кетүү коркунучу ал-дында болот.

Россия менен Казакстандын саламаттык сактоосунан пайдалануунун чектелишиМыйзам талап кылган катталуу, меди-циналык камсыздоо, контракт сыяктуу документтердин жоктугунан мигрант-тардын балдары натыйжалуу меди-циналык жардамга жетүүдөн куру ка-

лышы мүмкүн. Анткени алардын ата-энелери мыйзамдуу укугунун жогу билинип калып, камалып калышынан же өлкөдөн куулуп чыгышынан кор-кот. Өлкөнүн аймагында жүрүүнүн мыйзамдуу же мыйзамсыз экенине ка-рабай дагы бир чоң тоскоолдук – меди-циналык тейлөөнүн өтө кымбаттыгы деген нерсе бар. Экономикалык пайда табуу үчүн өлкөдөн кеткен мигранттар “зарылдыгы жок чыгым” катары эсеп-теп, медициналык камсыздоого ”акча короткусу” келишпейт.

Балдардын эмгеги

Кыргыз үй-бүлөсү оор экономикалык шартта бир же бир нече баласын чет өлкөгө акча табууга жөнөтөт. Адатта жашы жете элек балдар Кыргызстан-дан чет өлкөдө иштеген туугандарына же тааныштарына кошуп жиберилет. Өздөрү эле, эч кимдин коштоосу жок миграцияга кеткен балдардын жалпы саны белгисиз. Ата-энелери менен Россияга, Казакстанга барган балдар адатта алар менен бирге талааларда, ашканаларда, базарларда жана баш-ка жайларда иштешет. Андай балдар адатта мектепке барбайт. Россия ме-нен Казакстанда балдар адатта кичи-некей балдарга көз болушат, үй жый-нашат же курулушка жардам беришет. Көп учурда мындай балдардын Кыр-гызстанга келгенде кайра мектепке кирүү мүмкүнчүлүгү жок калат. Ми-салы, Чүй областындагы беш балалуу жумушсуз эне (күйөөсү да жумуш-суз) 16 жаштагы кызын тааныштар-дын балдарын карасын деп Москвага жөнөткөн.

Таштанды балдар

Кыргызстандын калкынын 17%дан ашуунун мигранттар түзгөндүктөн өлкөдө алардын толгон балдары калган.

Көптөгөн ата-энелер балдарын миг-рацияга ала кеткиси келишпейт же ала кете алышпайт, себеби ал жакта-гы кыйынчылыктан коркот, балдары-нын жолун жана ал жактагы жашо-осун төлөй албайт, миграциялык кызмат балдары аркылуу алардын документтеринин жоктугун аныктап коёт деп коркот.

Миграциянын калтырылган балдарга таасирин аныктап чыгуу оор. Кээде ата-энелеринен акча алып турган ай-рым балдардын абалы жакшыраак да болуп калышы мүмкүн. Себеби бул алардын окушу жана медициналык тейленүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачат. Башкалары болсо психосоци-алдык жактан жабыр тартып, жин-денип, туталанып, баңгизат менен алек болуп, ал турсун жашынан кош бойлуу да болуп калышы мүмкүн. Мындай абал кароонун жана камкор-дуктун жогунан, кемсинтүүлөр менен

социалдык өгөйлөөдөн, туугандары же коңшулары тараптан уруп-сабоо-дон, психологиялык жана сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен болушу ыктымал.

Ата-энелеринин экөө тең миграцияга кеткен учурда адатта балдарын чоң ата-чоң энелерине калтырышат. Эгер алар каза болгон болсо же балдарды кароодон баш тартса башка тууганда-рына же коңшуларына кайрылышат. Такыр эле болбой калды дегенде бал-дарды тааныш эмес эле адамдарга кал-тырышат же мамлекеттик мекемелерге беришет да, анда алар “социалдык же-тим” аталышат.

Балдарды таштоо адатта аргасыздык-тан болот.

Динара, Ак-Жар (Чүй областы): “Эгер мен бул жерден иш тапсам Россияга кайра барбайм. Эгер иш таппасам, албетте, ал жакка кайра кетем. Балдарды энеме калтырам. Мен экиге бөлүнүп кыйналам, ант-кени, биринчи жактан, балдарыма жакшы болсун деп мен алардын жа-нында болгум келет, экинчи жак-тан, аларды өстүрүш үчүн мен акча табышым керек... анан мен канти-шим керек?”

Балдардын эмгегиКыргызстанда калтырылган балдар, адатта, өздөрү жашаган үй чарбасын-да өтө көп милдетти аткарышат. Айыл чарба жумуштары да алардын мойнун-да. Натыйжада алардын мектепке ба-

руусу соолгундап, андайлар айрыкча жазгы жана күзгү айыл чарба сезону учурунда күчөйт.

Миграциянын психологиялык жа-гынан сырткары да чоң ата-чоң эне баккан балдар ооруп калса заманбап дары-дармек менен эмес, көбүнчө эм-чи-домчу менен айыгат. Ал эми бал-дарды караган алыскы туугандар бол-со алардын ооруп жатканын байкабай да калышы мүмкүн.

Ырайымсыз мамиле мүмкүнчүлүгү

Зомбулуктан жана ырайымсыз мами-леден запкы көргөн балдарга жардам берүү боюнча борбордун директору миссияга былтыркы жылы борбор Чүй областында колдоо көрсөткөн 200 ба-ланын жарымы ата-энелеринин экөө тең же бирөө калтырып кеткен балдар экенин билдирген. 2015-жылы борбор сексуалдык зомбулуктан жапа чеккен 40-45 балага жардам берген, алардын 40%ынын ата-энелери ички жана тыш-кы мигранттар болгон.

Мектептерда да балдар коркунучка ду-ушар болушат. Ош областынын Уйгур-Абад кыштагында алты жана он жашар эже-сиңди (алардын энеси Москвада иштеп жүрөт) медреседе бир нече жолу сексуалдык зомбулукка дуушар болуш-кан. Энеси ай сайын кыздарынын “ка-мын көргөндөргө” 10 000 сом салып турган. Кичүү кызы акыры медреседен качып чыгып, болгон окуя тууралуу туугандарына айтып берген. Соттук-медициналык экспертиза эки кыз тең сексуалдык зомбулукка кирептер болго-нун ырастаган. Бийликтер чатакты жаап коюу максатында ишти будамайлап, кыздар зордукталбаганы тууралуу прес-срелиз таратышкан. Медресени башкар-ган адам соттук-медициналык экспери-занын далилине карабастан, сексуалдык зомбулук боюнча эмес, ошого аракет кылганы боюнча гана күнөөлү деп та-былган. Бул окуя Кыргызстанда калты-рылган балдарга карата жасалган кыл-мыш жазасыз калаарын ачык көрсөтөт.

Мамлекет тараптан коргоо-нун жоктугу

Миграция Кыргызстанда калты-рылган балдарга абдан жа-ман таасир берип жатат. Бул алардын мойнуна жүктөлгөн иштин көбөйгөнүнөн жана алардын мектепке баруусу азайганынан ачык байкалат. Калтырылган балдар интер-натта же тааныш эмес киши-лердин колунда калганда эле эмес, туугандарынын багу-усунда калганда да күнкор болот.

Андан сырткары, аларды коргоого да өлкөдө кепилдик өтө начар, балдарга каршы кылмыштар иш жүзүндө жаза-сыз калат.

“Кыргызстандын миграци-яга кабылган аялдары жана балдары”баяндамадан кыскартылып алынды

Таштанды балдар - «жоголгон муун»

Page 15: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

декабрь, 2016-жыл 15 Маалымат баракчасы

Эргешова Тажиниса үч баланын энеси, Ош областынын Араван районунда жашайт. Ал күйөөгө чыкканда колунда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, паспорту да жок болгондуктан жубайы менен никесин мамлекеттик каттоодон өткөргөн эмес.

БИР КӨЙГӨЙ ЭКИНЧИ КӨЙГӨЙДҮ ЖАРАТАТ

Тажинисанын айтуусу боюнча, анын энеси ал 2-3 жаш курагында анын ата-сы менен ажырашып кетет. Ажырашуу-нун натыйжасында, анын атасы жинде-нип, кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып кеткен экен.

Жылдар өтө берип, 2008-жылы кар-дар Руслан аттуу биринчи баласын төрөйт. Ошол учурда анын өздүгүн күбөлөндүргөн эч кандай документи болбогондуктан жаңы төрөлгөн бал-дарды каттаган китепке ал тууралуу маалыматтарды кайненесинин айту-усу боюнча, кийин алардын никеси катталганда ал уулунун фамилиясына өтөт деген эсеп менен өз уулунун фа-милиясын, атын болсо үйдө эркеле-тип аташкан аты боюнча жаздырып коюшат.

2010-жылы Бегзод аттуу экинчи уулу туулганда да кардардын фамилиясын, атын жана атасынын атын туура эмес жазуу окуясы кайталанат. Анткени ал учурда да анын эч кандай документи болгон эмес.

2012-жылы үчүнчү баласы туулган-дан кийин кардар өз атасы менен жолугуп, андан туулганы тууралуу күбөлүгүн алып, анан жалпы жаран-дык паспорт алууну чечип, атасынын макулдугун алат.

Анын көйгөйү ошону менен эле че-чилип калбайт. Себеби, Араван рай-ондук ооруканасынын улуу эки уу-луна жана кичүү бир уулуна берген медицинылак тастыктамасы боюнча кардардын фамилиясы да, аты да, атасынын аты да анын паспортунда-гы фамилияга, атына жана атасынын атына туура келген эмес. Ушуга бай-ланыштуу райондун жарандык абал-дын актыларын каттоо органдары оозеки түрдө анын улуу балдарын да, кичүүсүн да мамлекеттик катоодон баш тартат.

Жарандык абал актыларын каттоо кызматкерлеринин кеңеши менен кар-

дар жергиликтүү адвокатка кайрыл-са, ал сот алдына маселени туура эмес коюп, ишти утулуп калат. Сот болсо арызды канагаттандыруусуз калтырып, ага кошумча мамлекет-тик пошлина өндүрүп алат.

Акыры аягында көйгөйүн чечүүдөн үмүтү үзүлгөн кардар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жергиликтүү башкармасына кай-рылып, алар аны ушул долбоордун алкагында укуктук жардам берүү үчүн “ЛАРК-Ош” коомдук фонду-нун юристи Айсулуу Кенжекуловага жөнөтүшөт.

Юрист өз кезегинде райондук оорукананын төрөт бөлүмүнөн жогорудагы жылдардагы жаңы төрөлгөндөрдү каттоо журна-лынын гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, жа-рандык абал актыларын каттоо бөлүмүнүн кардардын баласын мамлекеттик каттоодон баш тарткан расмий катын, ошондой эле далил-дик мүнөзү бар башка документтер-дин баарын жыйнап, ушул балдарга энеликти аныктоо арызы менен со-тко кайрылат.

Натыйжада сот бул арызды канагат-тындарган чечим чыгарды. Соттун че-чими укуктук күчүнө киргенден кий-ин долбоордун бенефициары өзүнүн бардык үч баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды.

Ошентип, менимче, карапайым адамдардын, айрыкча элеттиктердин көптөгөн көйгөйлөрү:

1) Алардагы туура жана так укук-тук жана башка маалыматтын жоктугунан;

2) Мамлекеттик жана муниципал-дык кызматкерлердин өз ишине шалаакы жана жоопкерсиз ма-милесинен

3) Алардын документтерге, жал-пысынан өздөрүнө үмүт менен, кээде акыркы үмүт менен кай-рылган адамдардын тагдырына бюрократтык мамиле жасоосу-нан келип чыгат.

“ЛАРК-Ош” коомдук фонду, Араван району, юрист Кенжекулова Айсулуу

Ажырашуунун алдында укугуңду бил!!!

Коомубузда бир катар көйгөйлүү ма-селелердин катарында үй-бүлөө, ни-кеге туруу, ажырашуу, мүлк бөлүшүү, мурас боюнча мүлк бөлүштүрүү ж.б. көптөгөн көйгөйлүү үй-бүлөгө тиешелүү болгон маселелер бар.

Биздин мыйзамдарда үй-бүлөлүк укуктар менен милдеттер ачык айкын көрсөтүлүп жазылган. Бирок тилек-ке каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн нор-маларындагы талаптар иш жүзүндө көпчүлүгү аткарылбай келет. Мисалы: үй-бүлөө куруп жатканда жубайлар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар бо-юнча нике күбөлүк албастан, каада-салттын негизинде молдого нике оку-туу менен чектелип калып жатышат.

Ал эми мыйзам боюнча эки тарап-тын макулдугу менен түзүлгөн нике күбөлүгү болбосо, эки тараптын мүлктүк, ата-энелик укуктарын жөнгө салуу жагы оор бойдон калууда. Жо-горуда аталган маселелер жубайлар-дын бир тарабы, экинчи тарабынын укуктарын чектеген учурда ажырашу-уга алып келүүдө. Мындай шарттар-да балага күбөлүк берүүдө, баланын атасы күбөлүк алып берүүдөн баш

тарткан учурда, жалгыз бой эне деп, өздөрүнүн атына каттатып күбөлүк алып жатышат. Бул бир жагынан али-менттен качуу аракети деп түшүнсө, экинчи жагынан аталык милдеттерин жоопкерчиликсиз аткарып жатат деп түшүнсө болот.

Калктын көпчүлүк катмары күбөлүгү же никеси жок болсо, алимент өндүрүлбөйт деген туура эмес

түшүнүк менен өз укуктарын бил-бестен керектуу жерлерге сот, адвокат, акысыз юридикалык

кенеш берүү бөлүмдөрүнө кайры-лышпайт.

Жыйынтыгында алимент өндүрүл-бөстөн, жаш баланын өсүүсү, билим алуусу, коомдук тарбиясы жагынан же-тишсиз камкордуктун натыйжасында терс көрүнүштөргө алып келип жатат. Мисалы: Мектеп окуучуларынын ба-зарда иштеп жүрүүсү, тилемчилик кы-луусу, жаш балдардын эрте жашынан оор кара жумуштарда иштөөсү, жаш балдар тарабынан жасалган кылмыш-туулуктун көбөйүүсү, жаш балдарга болгон зордук-зомбулуктун өрчүшү.

Ошондой эле нике күбөлүк албастан, жарандык никеде жашаган жубайлар-дын ортосунда мүлк боюнча оор масе-лелер пайда болот. Жубайлар өмүр бою топтогон мүлктү, бир тарабы экинчи тарабына берүүдөн баш тартып, экин-чи тараптын мүлктүк укуктары чекте-лип калууда. Үй-бүлөө кодекси боюнча нике күбөлүк алынган күндөн баштап жубайлардын ортосунда мүлктүк ма-

милелер мыйзам боюнча жөнгө салы-нат. Ал эми жарандык никеде жашаган үй-булөлөрдүн мүлктүк мамилелери жөнгө салынбастан ажырашуу болгон учурда, мүлк бөлүштүрүү учурун-да материалдык жактан оор абалга алып келүүдө. Мындай шарттарга иш жүзүндө көбүнчөсү аял заты кабылып, турак-жайсыз, баласы үчүн алимент ала албастан турмуштук шарты оор абалга туш болууда.

Эгер жардам берген тууганы жок бол-со материалдык жактан өтө оор абалга дуушар болушууда. Байкуш болгон аял заты, өз укугун коргой албай ортодо балдары менен биргеликте, турмуш-тун азаптуу оор күндөрүн баш кал-калоо жайы жок, ар туугандарынын үйүндө же болбосо батирлерде башы-нан оор күндөрдү балдары менен күн кечирип, жадагалса жолдошу балда-ры үчүн да кам көрүүнү унуткандыгы көңүлдү иренжитпей койбойт.

Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мамашева К.Н. (аты-жөнү өзгөртүлгөн) акысыз юридикалык кеңеш сурап кайрылган.

Мамашева жолдошу экөө 2006-жылы май айында баш кошуп, 5-жылга жа-кын биргеликте жашаган. Алар 5-жыл аралыгында турмуштун ачуусун да, таттуусун да бирге тарткан. Күйөөсү кызганчаак жана кызыл камчы болуп, аны зордук-зомбулук менен ар кандай чыр-чатактарды чыгарып турган. Ор-тодо эки уулду болуп, бир уулу жого-

руда айтылгандай чыр-чатактардын айынан майып болуп төрөлгөн. Бирге жашап жүргөн учурда, жубайлар бир-геликте жер алып үй курган. Бирок кыймылсыз мүлктүн документтерин өз убагында мыйзамдаштырбаган. Зордук-зомбулук тынымсыз болгон-дуктан, ажырашууга туура келген. Күйөөсү экөө курган үйдү, күйөөсү өзүнүн апасынын атына документ ту-уралап өткөрүп алгандыгы жөнүндө айтып, юридикалык жактан жардам берүүнү суранган.

Иш боюнча балдарынын күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү жана паспортунун көчүрмөлөрү, жашаган жеринен так-тама, майыптыгы жөнүндө күбөлүк, күбөлөр жана күбөлөрдүн түшүнүк каттары, мурда иштеген жери боюн-ча айлыгынын бир жылдык графиги. Алынган курулуш материалдардын квитанциялары. Үйдү курган устанын акысы жана түшүнүк каттары ж.б. до-кументтер топтолгон.

Бул иш бүгүнкү күндө Чон-Алай рай-ондук сотунда каралып жатат.

Чоң-Алай районунданы, “ЛАРК-Ош” коомдук фондунун юристи Кутманбек Байбалаев

“ЛАРК” коомдук фондунун юрист-теринин ишмердиги БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Page 16: декабрь, 2016-жыл МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫkg-law.journalist.kg/files/2017/01/Ukuktuk... · 2 декабрь, 2016-жыл Маалымат баракчасы Укуктук

КАЛККА УКУКТУК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ БОРБОРУ

Бул жерден өзүңүздүн юридикалык суроолоруңузга – профессионалдуу жоопторду акысыз аласыз.

УКУГУҢУЗДУ БИЛИҢИЗ, УКУГУҢУЗДУ КОРГОҢУЗ,

УКУКТАРЫҢЫЗДЫ КОЛДОНУҢУЗ!

ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН алдында түзүлгөн КАЛККА УКУКТУК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ БОРБОРЛОРУНА

кайрылыңыз.

Юристтин кеңеши

керек болсоӨз укуктарыңыз жөнүндө

билгиңиз келсеСиздин укугуңуз

бузулса

Ош областы

Ош областы, Ош шаары, Ленина көчөсү 312, тел.: +996-3222-56356, факс: +996-3222-28028, E-mail: [email protected]

Ош областы, Кара-Суу шаары, МЭЗ көчөсү 1, E-mail: [email protected]; тел.: (03232) 5-23-56,

Алай райондук Мамлекеттик нотари-алдык кеңсеси

Ош областы, Алай району, Гулчө айы-лы, Нарматов көчөсү, тел.: +996-3234-51479

Ноокат райондук Мамлекеттик нота-риалдык кеңсеси

Ош областы, Ноокат району, Ноокат шаары, А.Лутфуллаева көчөсү, тел.: +996-3230-51042

Кара-Кулжа райондук Мамлекеттик нотариалдык кеңсеси

Ош областы, Кара-Кулжа району, Ка-ра-Кулжа айылы, Ч.Пазылов көчөсү, тел.: +996-3239-50732

БОРБОРДУН МИЛДЕТТЕРИ

• акысыз юридикалык жардам көрсөтүү;

• укуктук билим берүү, укуктук ма-алымат берүү;

• калктын жарды катмарынын жана айрым категориялары-нын укуктары сакталышынын деңгээлин жогорулатуу;

• жарандардын сот адилет-тигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, жарандардын өз укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам чегинде белгиленген кызыкчылыктарын колдонушуна жардам көрсөтүү;

• жарандардын айрым катего-рияларынын мамлекет тарабы-нан кепилдик берилген юриди-калык жардам алууга болгон укугун колдонуусуна жардам көрсөтүү;

• жарандардын укуктары, эркин-диктери жүзөгө ашырылышына, алардын мыйзамдуу кызыкчы-лыктары корголушуна, укуктук жана социалдык коопсуздугу-нун деңгээлин жогорулатууга жардам көрсөтүү;

АКЫСЫЗ КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМДЫН КӨЛӨМҮ

• акысыз юридикалык жардам – укуктук кеңеш жана маалым-доо түрүндө сунушталат. Буга, юридикалык суроолорго оозе-ки кеңеш берүү, ошондой эле, укуктук документтердин долбо-орлорун түзүүгө жардам берүү кирет;

• акысыз юридикалык жардамга жарандык жана кылмыш иштер боюнча сот ишин жүргүзүүдө жарандардын кызыкчылыкта-рын коргоо, жарандык иштер боюнча аткаруу өндүрүшүндө, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде жана башка уюмдарда түздөн-түз коргоо боюнча кызматтар кир-бейт

Чуй областы

Бишкек шаары, М. Горький көчөсү, 25, 10-каб. тел: +996-312-547593

Чүй облусу, Москва району, Беловодское айылы, Ленин көчөсү, 37. тел.: +996-3131-55438, +996-3131-52287

Чүй облусу, Чүй району, Токмок шаары, Сарбагышев көчөсү, 84 а. . тел.: +996-3138-33025, +996-3138-63026

Иссык-Ата райондук Мамлекеттик но-тариалдык кеңсеси

Чуй областы, Иссык-Ата району, Кант шаары, К. Маликов көчөсү № 3. тел.: +996-3132- 50998

Жайыл райондук Мамлекеттик нота-риалдык кеңсеси

Чуй областы. Жайыл району, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү № 102 тел.: +996-3133-35068.

Эмгек жана социалды өнүгүү министрлигинин алдындагы Коомдук кабылдама

Байланыш телефону, Бишкек шаары тел.: +996-312-660107

Ош шаары тел.: +996-3222-27240

Балдар үчүн ишеним телефону -

111 рэкет, балдарга карата чоңдордун ади-летсиз мамилеси, кээ бирөөлөр жалгы-здыкка, ата-энеси тарабынан, тең туш-тары тарабынан түшүнбөстүктөргө даттанышат.

Баардык чалуулар бекер жана жашы-руун кабыл алынат. Борбор күнү-түнү, дем алыш күндөрсүз иштейт.

2016-жылы 9 айдын ичинде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрли-гинин алдындагы “Балдар үчүн ише-ним телефонуна “111” 490 чалуулар түшкөн.

Бул жака көбүнчө үй-бүлөнүн ичин-деги чыр чатактар, балдардын жүрүм-туруму, тарбиялоо жаатында чалуулар болот. Андан тышкары, мектептеги