16

Click here to load reader

Айбат - коомдук-саясий гезити №106

Embed Size (px)

DESCRIPTION

Айбат, Кыргызстан, Бишкек, газета, аймак, саясат, коом, экономика, маданият, шоубизнес, маек, bekturb

Citation preview

Page 1: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

Кылмыш ишине тартылып калса эле, ємгєктєгєн «оору-луунун» кейпин кийип калуу тенденциясы кыргыз саясатчы-ларынын арасында кїч алды.

Кыргыз элибизде жакшы бир кеп бар – «Баатыр бир єлєт, коркок миў єлєт» деген. Анын сыўары улам эле «єлїмїш» болуп жата калып атып, ар кандай кылмыш жоопкерчиликтеринен кутулуп кетїїнї кєздєгєндєрдїн саны бїгїн ого эле кєп. Алардын ара-сынан кыргыз элине аттары таа-нылып калгандарын санап єтєлї - Акматбек Келдибеков, Камчы-бек Ташиев, Нариман Тїлеев, Ур-мат Аманбаева, Каныбек Осмо-налиев, Талант Мамытов… мына ушулардын катарында ЖК де-путаты Нурлан Тєрєбеков дагы бар. Эске сала кетсек, бул депу-татка Башкы прокуратура тара-бынан буга чейин 166-берене (ал-дамчылык, кєз боемочулук) жана 350-берене (жасалма документ-терди даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2013-жылы

КР президентинин аппаратынан єзїнїн атына жазылган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дип-ломунун копиясын кєрсєткєн. Андан сырткары жасалма жол менен єзїнє «мамлекеттик кыз-маттын 3-класстагы мамлекеттик кеўешчиси» деген чинди алып алган. Буга байланыштуу Баш-кы прокуратура анын депутаттык кол тийбестигин алып салууну єтїнїп Жогорку Кеўешке кай-рылган болчу. Мына ушул масе-лени бїгїн 27-ноябрда Жогорку Кеўештин отурумунда карашмак. Бирок, депутат Майрамкїл Ти-ленчиева Нурлан Тєрєбековдун депутаттарга оозеки кайрылуусун айтып берип, бул маселени кїн тартибинен алып салууну сунуш-тады. Анын айтуусунда Нурлан мырза ооруп аткан имиш. Ачы-

гын айтканда ага карата кылмыш ишинин козголгонуна кєп эле болуп калды. Ал эми Нурлан Тє-рєбековдун жумуш ордунан жок болуп кеткенине да єтє кєп уба-кыт єттї. Эмдигиче ден-соолугун сакайтып, кызмат ордуна келип калышы керек болчу. Экинчиден, ал єзїнїн таза экендигине ишен-се, алган дипломун чындап эле окуп алган болсо, эмнеден кор-кот? Келип аныктап, кєзгє сайып кєрсєтїп, єзї менен чогуу окуган группалаштарынан жетелей ке-лип депутаттар менен тааныш-тырып коёт эле го? Тилекке кар-шы Нурлан Тєрєбековдо диплом болгону менен курсташ дегенден Кудай айтпаганы белгилїї. Се-беби дипломду окуп анан алган эмес. Ал эми ооруп атканы бул курулай гана шылтоо экендиги белгилїї.

2

Ат кєрбєгєн минип єлтїрєт

ШАХМАТ ДЇЙНЄСЇНЄ КИРГЕНИМЕ АТА-ЭНЕМДИН САЛЫМЫ АБДАН ЧОЎ

Пара алууга шектелген ЖОЖдун мугалими 11

[email protected] • ¹ 106 • 28-íîÿáðü, 2014

www.aibat.kg

9

ДИПЛОМУ БАР, КУРСТАШЫ ЖОК НУРЛАН ТЄРЄБЕКОВ НЕДЕН ЧООЧУЛАЙТ?

Биздин єкмєттє кїнїнє 15 миў доллар уурдалат

Милан Турпанов:

ШАХМАТ ДЇЙНЄСЇНЄ КИРГЕНИМЕ АТА-ЭНЕМДИН Милан Турпанов:

2

Абрикос аз кандуулукта пайдалуу 13

16

Казакстандык актриса Алия Телебарисова кыргыз жигитин сїйїп…

Аскар САЛЫМБЕКОВ:

5

Page 2: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

2 АЙБАТ ПРЕСС

Гезит ээси:"Айбат Аймак" коомдук фонду

Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер.Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу.Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде

катталган,

Каттоо № 1853Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды

Гезит келишим баада.

Буйрутма №2774 Нускасы: 1500

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: [email protected]

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

Редакциялык жамаат:Акинай АЙДАРОВАРахатбек РЫСАЛИЕВТєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВАДамир ЭСЕНГУЛОВМирбек АСАНАЛИЕВ (0777 15 99 45 Нарын)

Рыскїл ТЫНЫБЕК кызы (03943 43679 Ыссык Кєл)

Коммерциялык директор:Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

Аскар САЛЫМБЕКОВ: Гїлмира ШАКИРОВА, КР єкмєтїнїн алдындагы милдеттїї медициналык камсыздоо Фондунун тєрайымы:

БИЗДИН ЄКМЄТТЄ КЇНЇНЄ 15 МИЎ

ДОЛЛАР УУРДАЛАТ

АЙРЫМ ДАРЫГЕРЛЕР КЕРЕГИ ЖОК ПРЕПАРАТТАРДЫ ЖАЗЫП, КЕРЕГИ

ЖОК АНАЛИЗДЕРГЕ ЖОЛДОМО БЕРИП КОЮШАТ

«Юбилейлерди єткєрїп, ага єтє чоў каражат сарптагандан кєрє тарыхый фильмдерди тартканыбыз жакшы» деп билдирди Бразилиядагы Кыргызстандын ардактуу консулу Аскарбек Салымбеков 26-ноябрда «Токтогул» кєркєм фильминин бет ачар аземинде.

«Биз майрамдарды жана юбилейлер-ди жогорку деўгээлде єткєрїп, ага кара-жат коротобуз. 100дєн ашуун боз їйлєрдї тигебиз жана кєп сандагы жылкыларды соебуз. Бир жакшы жылкынын баасы єтє кымбат турат. Анан ал їчїн акча табабыз дагы, жакшы фильм тартуу їчїн таба ал-байбыз. Биздин єкмєттє кїнїнє 15 миў доллардан уурдашат», - деп айтты ал.

Ал фильм жана анын идеясы эў жак-шы экендигин белгиледи. «Эгерде си-лерде каражат болгондо фильм мындан да жакшы болмок. Андыктан мен май-рамдоого жана ар кандай юбилейлерди єткєрїїгє багытталган акча каражатта-рын кєркєм фильмдерди тартууга берїїгє чакырып кетем. Фильм жаш муундарды моралдык жана руханий жактан тарбия-лоого кєбїрєєк таасир этет», - деп баса белгиледи ал.

Мисалга ал «Курманжан Датка» филь-мин келтирди. Бул фильм аркылуу кыр-гыз элинин маданиятын бїтїндєй дїйнєгє кєрсєтїїдєбїз деген пикирин да кошумча-лады. «Андыктан эскичиликтен арылып, той єткєрїїлєрдї калтыралы» деп сєзїн жыйынтыктады Аскарбек Салымбеков.

«Айрым дарыгерлер фармацевтикалык компаниялар жана жеке менчиктеги ла-бороториялар менен сїйлєшїїлєргє ба-рып, кереги жок препараттарды жазып, кереги жок анализдерге жолдомо берип коюшат» деп билдирди 27-ноябрда мил-деттїї медициналык камсыздоо Фондунун тєрайымы Гїлмира Шакирова «Министр байланышта» акциясынын алкагында єт-кєн маалымат жыйынында.

Анын сєзї боюнча 2014-жылдын 9 айында саламаттыкты сактоо багытын-дагы 54 уюмда аудит жїргїзїлгєн жана жамааттык кайрылуу, жетекчиликтин тап-шырмасы боюнча 7 атайын иликтєєлєр жїргїзїлгєн. Негизинен аудиттин жыйын-тыгы боюнча бардык тескери аракеттер сатып алуу жаатында аныкталган.

«Чындыгында эле учурдагы биздин уюмдардын каржылык жактан жетиш-пестигинен улам айрым жетекчилер фар-мацевтикалык жаатындагы ишкерлер ме-нен сїйлєшїїлєргє барат. Алар жалгандан дары-дармектерди алып келген болот, до-кумент боюнча алар медикаменттерди са-тып алгандай толтурулат, бирок факты жїзїндє ал уюмдарга бул медикаменттер келбейт. Муну аныктоо єтє кыйын, бирок биз аларды аныктап, ишти укук коргоо ор-гандарына єткєрїп берїїдєбїз», - дейт Г. Шакирова.

Ошондой эле ал дагы башка коррупция-лык схема бар экендигин айтат. Маселен жетекчилер фармацевтикалык дары-дар-мектерди ташыгандар менен сїйлєшїїгє барып алып, дары-дармектер їчїн кара-жатты которот жана алардын бардыгын документ жїзїндє келди деп белгилешет. Бирок, ошол эле убакта ал дарылар дары-каналарда сатыла берет.

«Же болбосо гуманитардык жардам ка-тары келген каражаттар оорулууларга тар-катылбастан дарыкана тїйїндєрї аркы-луу сатылат» деп белгилейт Г. Шакирова.

Андан ары ал милдеттїї медициналык камсыздоонун кызматкерлери аныктаган кийинки схема тууралуу айтты.

«Дарыгерлер жеке фармацевтикалык фирмалар менен сїйлєшїїлєргє барат. Да-рыгерлер бонус боюнча дары-дармектер-ди реализация кылышат, же биологиялык активдїї кошумчаларды жазып беришет. Чындыгында оорулуу мындай дары-дар-мектерге муктаж деле эмес. Бирок дарыгер ал фармацевтикалык фирмаларга канчалык кєп оорулууларды жєнєтсє, ошончолук кєп бонус алат. Ошондой эле дарыгерлер бейтаптарды жеке менчиктеги лаборото-рияларга жєнєтїшєт. Компьютердик то-мография керекпи, же кереги жокпу баары бир. Анын їстїнє мындай процедура 3 миў

сом турат. Мындай схемаларды аныктоо єтє кыйын, анткени амбулатордук карта-да мындай жолдомолор жана анализдер жок», - деп билдирди Шакирова.

Сєзїнїн жыйынтыгында тєрайым алар-дын Фонду мындай фактылар менен кїрє-шїп, материалдарды укук коргоо органда-рына жолдоп атышканын айтты.

«2013-жылы 7 медициналык кызматкер, 18 кызматкер сєгїш алышкан, 17 кызмат-кер эскертїї алышкан» деп кошумчалайт Шакирова.

АТ КЄРБЄГЄН МИНИП ЄЛТЇРЄТ

Бишкек шаардык мэриясынын ал-дын дагы муниципалдык менчик баш-кармалыгын башчысы Ємїралиев Айбек Медербекович келгенине жыл толбой эле кагынып силкинип кал-ганын кызматкерлери маалымат жы-йында кыйкырып чыгышты . Жаўы же-

текчи жаўыча шыпырат десе эле эмгек кодексин колдонбой 20�ын же он сегиз кызматкерин «єз каалоосу» менен деп жаздырып алса калганын Ормон опуза-га салып кетирип жатканын тїшїнїшє албай жатышат. Ал кызматка келгенче Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен бажы тармагында иш-теп келгени айтылууда жана Казакс-танда иштеп бизнестин битин сыккан неме дейт билгендер. Кулматов жалаў эле бажы тармагындагы досторун алып келе баштадыбы командасына? Ленин районунун акимине дагы ошол тармак-тан келгени айтылууда. Бул Ємїралиев деген эргулду тыйып койчу бирєє жа-рым барбы? Эмгек жамааты жакпай атса кетсин да догурунбай. УКМКга жана ондон ашык мекемелерге 45 кызмат-кердин колу коюлган каттарынан жооп жок болгондуктан тажаган кызматкер-лер массалык маалымат каражаттары аркылуу їндєрїн угузуп жатышат. Кыр-гызда сєз бар эмеспи «Ат кєрбєгєн ми-нип єлтїрєт, Кыз кєрбєгєн........» Ошол сыяктуу болуп жатат го.

Page 3: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

3ЄТКЄНДЄН АЙТАМ БИР САБАК

КУРСАКТЫ ТОЙГУЗГАНЫНА СЇЙЇНЇП, МЕКЕНГЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК КЫЛУУГА БОЛОБУ?

ЛЕНИН РАЙОНДУК ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫ (РИИБ) «ЭКСПОСТРОЙ» КУРУЛУШ ОБЪЕКТИСИНДЕ КАЗА БОЛГОН 16 ЖАШТАГЫ ЄСПЇРЇМДЇН ЄЛЇМЇ

БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОДУ

Сєз эркиндиги, демократия десе, аны ушак, имиш айтуу, каалагандай тайраўдоо деген тїшїнїк менен «жасалгалоо» ара-кеттери ошол эле демократиянын «атасы» атыккан Америка тараптан «согуп» ке-лери жашыруун деле болбой калды. Эге-мендїїлїктї алган жылдардан тарта эле єлкєбїздє бейєкмєт уюмдар пайда болуп, алар жыл санап эмес, ай санап єсїп оту-рушту. Бїгїнкї кїндє алардын так санын билїї кыйын. Каттоого алынгандары эле 3000ден ашуун. Мындай уюмдардын дээр-лик басымдуу бєлїгї чет мамлекеттерден келген каражаттар менен ишмердїїлїгїн жїргїзїшєт. Тилекке каршы алардын эмне иш менен алектенишээри, кимдерге отчет берип тураары тууралуу ушул кїнгє чейин эч кимге белгисиз болуп келди. Натыйжа-да чет элден каржы алып, кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келе турган иш-аракеттерди да жасай башташкандары би-линди. «Кой дээр кожосу, ай дээр ажосу» болбогондон кийин алар єздєрїн єздєрї билип, єтїктєрїн тєргє илїїгє боло бе-рет деген тїшїнїккє жетеленишти. Бул уюмдар атайын бир долбоорлор менен иш алып барышып, ал їчїн атайын бєлїнгєн акча каражаттарын алышат. Бїгїнкї кїн-дє бейєкмєт уюмдун єкїлїмїн деген ме-кендештерибиздин алды баасы асманды чапчыган автоунаалар менен жїрїшєт. Хан сарайларда жашашат. Демек, аз акча алышпайт.

Ал эми алардын жасаган ишмердїїлї-гїнєн ушул кїнгє чейин Кыргызстан пай-да таптыбы? Бул суроого бир да бейєкмєт уюму «ооба» деп жооп бере албайт. Себе-би алардын басымдуу бєлїгї Кыргызстан-дагы стабилдїїлїктї ар дайым чайпалтып туруу максатында гана иш жїргїзїшєт. Эске сала кетсек, буга чейин кайсы бир бейєкмєт уюмдун мектеп жашындагы єспїрїмдєргє сексуалдык мамилелерди їйрєтїї аракеттерин жасап келишкен-дери ачыкка чыккан. Алар атайын бро-шюраларды (сїрєттєрї менен) чыгары-шып єспїрїмдєр арасында таратышкан. Муну менен алар єспїрїмдєрдї жашы жете элек кезинде эле сексуалдык мами-леге чакырык ташташкан. Албетте, ачык эмес. Бирок, ансыз да єскєлєў куракка

келип, мїнєздєрї єзгєрїлїп турган чакта мындай їгїт иштери єспїрїмдєрдї кан-дай жолго жетелеши мїмкїн эле? Муну бир деп туралы. Экинчиден, кєпчїлїк бе-йєкмєтчїлєр Кыргызстанда бир жыныс-тагы адамдардын сексуалдык мамилесин колдоого алып келишет. Алардын андай мамилесин жалпы коомчулукка жайыл-тууга тыюу салуу аракеттерине каршы чыгып, «бул адам укугун бузууга жатат» деп чыгышты. Ошол эле убакта алар биз-дин ата-бабабыздан бери карай келаткан каада салтыбызга, нарк-насилибизге чет элдерден алган акчаларын актоо їчїн доо кетирип жатышкандарын тїшїнїшкєн жок. Илгертен кыргыз элинде мындай жаман адат болгон эмес. їчїнчїдєн, бе-йєкмєт уюмдары Кыргызстандын ички саясый иштерине да аралашып кетїїдє. Кыргыз бийлиги кимдер менен мамиле кылат, кандай мамиле кылат бул бейєк-мєтчїлєрдїн жумушу эмес. Алардын кєп-чїлїгї адам укуктарын коргоо багытында иш жїргїзєбїз деп эл алдында кєп айты-шат. Бирок, карапайым адамдардын уку-гун коргогон учурлары саналуу гана. Аны дагы элге мисал катары кєргєзїї їчїн гана жасашат. Ал эми саясый лидерлерге бай-ланыштуу маселелерге баш-оттору менен кирип кетишет. Ансыз да байлыгы башы-нан ашкан мындай саясатчыларды колдой

тургандар чыгат, ал эми тоок уурдап, же жєн гана айыпсыз жерден доого жыгыл-ган карапайым адамдардын укуктары те-беленген учурлар єтє кєп. Эгерде бейєк-мєтчїлєр чындап эле адам укугун коргоо багытында иш алып барууну кєздєшкєн болсо, анда саясаттан тышкаркы айдыўда иш алып барышкандары оў болмок. Би-рок, тилекке каршы алардын «заказчик-теринин» тапшырмасы дал ушул саясый єўїткє багытталып жатат. Мына ушундан улам Бейєкмєт уюмдардын ишмердїїлї-гїн кєзємєлгє алуу учурдун талабы болуп калды. Мунун негизинде «Бейєкмєт уюм-дарды чет єлкєлїк агент катары таануу жєнїндє» мыйзам долбоору даярдалып, парламентте каралууда. Ал эми мындай аракеттерге бейєкмєтчїлєр караманча каршы чыгып, демократияга коркунуч келїїдє деп чебеленип жїрїшєт.

Биринчиден, эгерде алар иш-аракетте-рин ачык жїргїзїп, кайдан каражат алып, кандай тапшырма алгандарын ачыкка чы-гарышса, андан Кыргызстандын кызыкчы-лыгына эч кандай коркунуч келбей турган болсо, анда алардын мындай чочулооло-руна себеп болмок эмес. Єз иштерин тынч гана мыйзам чегинде жїргїзє беришмек. Тилекке каршы алардын кємїскєдє ка-тылган сырлары бар болгон їчїн ишмер-дїїлїктєрїн кєзємєлгє алуу аракеттерине

каршы чыгышууда. Биздикиндей эле кєрї-нїштєр убагында Россия Федерациясында кїч алып кеткен. Бирок, В. Путиндин чеч-киндїї кадамынын аркасы менен бейєк-мєт уюмдарды «чет элдик тыўчы» катары таануу жана чет элдик жарандардын жер-гиликтїї маалымат каражаттарына ээлик кылуусуна тыюу салынган мыйзамдар ка-был алынган. «Бєтєнмамлекеттер бизди алсыз кылышына шарт тїзїп бербешибиз керек. Єзїн сыйлаган бир дагы мамлекет сырттан келген акчалар єлкєнїн ички сая-сый кїрєшїнє колдонулушуна жол бер-бейт. Мындай аракетти АКШда жасап кєр-гїлєчї, дароо тїрмєгє отурасыўар. Бизде алда канча либералдуу», - деп билдирет В. Путин. Ырас, демократияны дїйнє жїзїнє «тааныткысы» келген АКШда ар кандай саясый аракеттерге кескин чаралар кєрї-лєрї маалым.

Жадагалса єздєрїндє мыйзам аркылуу четке кагылган кєрїнїштєрдї да башка мамлекеттерде демократия, адам укугун коргоо катары сыпаттап, аларды мыйзам аркылуу коргоодон баш тартууга чакыра беришет. Буга ачык мисал – АКШнын 8 штатында бир жыныстагы адамдардын мамилесин жайылтууга тыюу салынган мыйзам иштейт. Анан ошондой эле мый-замды башка єлкєлєр кабыл алууну че-чишсе, «адам укугун бузбагыла» деп чыга келишет. Ырас, акча табуу, тиричилик кы-луу – бул ар бир адам баласынын мойнун-дагы милдети. Бирок, андай тиричилик єз Мекениўе чыккынчылык жасоо менен коштолбошу керек. Эў негизгиси биз Ба-тыш єлкєлєрї биздин єлкєдє єзїбїздїн эле жарандардын колу менен ар кандай баалуулуктарыбызды талкалап, улутубуз-дун уўгусуна доо кетирїї аракетин кєрїп жатышкандарын кєзїбїздї чоў ачып кє-рїшїбїз керек. Болбосо, алардан келип аткан миллиондор бїгїнкї жашоону май талканга «чылап» атканы менен эртеўки муунубуздун келечегине кедергисин тий-гизип коёт. Урпактардын каргышына кал-байын десек, єз єлкєбїздї чет элдик сая-сый кїчтєрдїн акчасы аркылуу єз колубуз менен муунтканды токтотушубуз зарыл.

Акмат РААТКАН

«ЭкспоСтрой» ЖЧКнын куру-луш объектисинин 8-кабатынан кулап каза болгон 16 жаштагы Мамбетакун уулу Жаныштын єлїмї боюнча Бишкектин Ленин РИИБнин тергєє бєлїмї тара-бынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ-дин басма сєз кызматы билдир-ди. Ага ылайык, кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 2-бєлїмїндє («Оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголду. Тє-мєндє Бишкек ШИИББнин маа-лыматын келтиребиз:

«Тергєєнїн жїрїшїндє анык-талгандай: Бригадир Т.Ж.нын сєзїнє караганда каза болгон єспїрїм анын кайниси болгон. Ошол жумушчу кїнї каза болгон

єспїрїм єзїнїн тууганы менен ишке келген. Курулуш иштери-нин жїрїшїндє, 8-кабатта кыш-тар жїктєлгєн арабаны жылды-рууда, жїккє ээлик кыла албай кулап тїшкєн. Аталган факт боюнча тергєє органдары тара-бынан єспїрїмдї ким курулушка кое бергендиги жана ал кантип 8-кабатта болуп калгандыгы, иш їчїн маанилїї болгон башка бир топ жагдайлар такталып жатат.

Бирок кечээ, 25-ноябрда «АКИ-press» маалымат агентти-гинин сайтына «Нариман Тїлеев: Каза болгон 16 жаштагы єспїрїм «ЭкспоСтрой» компаниясынын курулуш объектисинде иштечї эмес» деген тема менен макала жарык кєрдї. (Тїлеев тємєнкї-лєрдї айткан: «Бїгїн иликтєє-лєр, бул бала бизде курулушчу болуп иштебегендигин далилде-

ди. Ал тергєєгє толук далил бер-ген агасына келген. Агасы аны чакырган, анын кїнєєсїнєн улам адам каза болду» - ред.).

Нариман Тїлеевдин аталган билдирїїсї чындыкка дал кел-бейт. Анткени эч кандай ЖМК єкїлдєрїнє жана анын їстї-нє башка адамдарга Бишкек ШИИББ басма сєз кызматынан эч кандай тергєє далилдери ор-нотулгандыгы жєнїндє маалы-мат берилген эмес.

Жаран Нариман Тїлеевдин мындай маалыматы кайдан экендиги белгисиз. Козголгон кылмыш ишинин алкагында баардык тиешелїї тергєє ара-кеттери КР Кылмыш-жаза ко-дексинин ченемдерине ылайык жїргїзїлїп жатат.

Булак: «АКИ-press» маалымат агенттиги

Page 4: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

4 ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР

Àòàìáàåâ àðàá ºëêºëºð¿íº ðàñìèé ñàïàð ìåíåí áàðàò

***

Áèøêåêòåãè ìåêòåï èìàðàòûíäàãû êóðàë ñàòêàí ä¿êºíä¿í ìàñåëåñè

÷å÷èëáåé æàòàò

***

Äåïóòàò Òºðºáåêîâäóí êîë òèéáåñòèê ìàñåëåñèí êàðîî

êèéèíêè àïòàãà êàëäû

***

Áàëà ñàòóóãà øåêòåëãåí ìýýðìàí àéûìäûí æàêûíäàðû à÷êà÷ûëûê

æàðûÿëàäû

***

Êûðãûç-ºçáåê ÷åê àðàñûí áóçãàí áåø àäàì êàðìàëäû

***

Áàøêû ïðîêóðàòóðà ìèíèñòð Êàíàò Ñàäûêîâäóí æîîïêåð÷èëèãèí

êàðîîíó ñóíóøòàäû

***

Ïàìèðäåãè êûðãûçäàðãà ãóìàíèòàðäûê æàðäàì áàðäû

***

Êûðãûçñòàíäûí ºêìºò¿ ýëåêòð êóáàòû ìåíåí æûëóóëóêêà æà¢û

òàðèôòåðäè áåêèòòè

***

Áàæû áèðèìäèãèíå êîøóëóó áîþí÷à ìûéçàì äîëáîîð

æàêòûðûëäû

***

Îøòî 15 æàøòàãû êûçäû ñîéêóëóêêà ìàæáóðëîî ôàêòû

àíûêòàëäû

***

Êàçàêñòàíäàí àëûí÷ó ýëåêòðäèí áààñû 5,60 ñîì áîëîò

***

Ëàòâèÿãà âèçà àë÷ó êûðãûçñòàíäûêòàð Øâåéöàðèÿ

ýë÷èëèãèíå êàéðûëà àëàò

***

Áèîìåòðèêà òàçà øàéëîîãî êåïèëäèêïè?

***

Ïàðëàìåíò î¢ ðóëäóó óíàà àëûï êèð¿¿ãº òûþó ñàëóó äåìèëãåñèí

êàðîîäî

***

Óêóãó áóçóëãàí áàëäàð ¿÷¿í "èøåíèì òåëåôîíó" èøòåé áàøòàéò

***

Ñ¿ë¿êò¿äº øàõòàäà óóëàíãàí òºðò àäàì îîðóêàíàãà ò¿øò¿

***

Óêðàèíàäà æà¢û ïàðëàìåíò àëãà÷êû îòóðóìóíà ÷îãóëàò

***

Îðóñèÿ Áåëîðóñ ýòèíåí áàø òàðòòû

***

Ýáîëàãà êàðøû âàêöèíàíûí àëãà÷êû ñûíîîëîðó “¿ì¿ò

æàíäûðäû

***

ÀÊØ ªçáåêñòàíäû ñàÿñûé òóòêóíäàðäû áîøîòóóãà ÷àêûðäû

ТАМЧЫ КАБАРБАЖЫ БИРИМДИГИНЕ КИРЇЇ КАДАМЫ –

КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАСЫНДАГЫ КЕСКИН БУРУЛУШТУ КАМСЫЗДАЙТ

БАЖЫ БИРИМДИГИНЕН БАШ ТАРТУУНУН КАНДАЙ КОРКУНУЧУ БАР?

Кыргызстан Бажы биримдигине ки-рїї кадамы менен экономикалык жактан чоў бурулуш жасоо алдында турат. Буга акыркы мезгилдерде жетишилген макул-дашуулар, келишимдер ачык мисал бо-луп бере алат. Башкаларын айтпаганда да кечээки 24-ноябрда Кыргыз-россия-лык єнїктїрїї фондун тїзїї тууралуу КР єкмєтї менен РФ єкмєтїнїн ортосунда-гы макулдашууга кол коюлгандыгын айт-сак болот. Ушул эле жылдын 29-майында Астана шаарында евразизиялык эконо-микалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташууну єнїктїрїї жєнїндє Кыргыз єкмєтї менен Россия єкмєтїнїн ортосунда Макулдашууга кол коюлган эле. Муну жїзєгє ашыруу їчїн албетте финансы каражаты керек болчу. Ал їчїн атайын фонд тїзїї тууралуу сєз болгон. Арадан жарым жылга жетпеген убакыт єткєн соў мына ошол фондду тї-зїї тууралуу Макулдашууга кол коюлуп отурат. Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) кирїї аракетин баштагандан бери айрым саясатчылар тарабынан «ББнын курамындагы мамлекеттердин экономи-касы кїчтїї, аларда єндїрїш кадимкидей иштеп атат, бизде болсо єндїрїш жок, анан кантип алар менен теў ата боло алабыз?» дегендей кєўїл чєгєргєн пикирлерин бил-

дирип келишкен. Бирок кыргыз бийлиги бардык жагдайларды тереў иликтеп кєрїп, анан биротоло ББ курамына кирїї чечи-мине келишкени байкалып турат. Себе-би Кыргыз-Россиялык єнїктїрїї фонду Кыргызстандын ички єндїрїшїн жандан-тууга чоў єбєлгє бере турган болууда. Бул фонддун уставдык капиталы 500 миллион АКШ доллары болот. Анын 100 миллиону жакынкы бир-бир жарым ай аралыгында келип тїшєт. Калган бєлїгї 2016-жылдын 29-майына чейин которулат. Россия тарап бул каражаттардан сырткары дагы 500 миллион АКШ долларын эл аралык єнїк-тїрїї ассоциациясынын шарттарында же-ўилдетилген негизде насыя каражат алып аны дагы фонддун ишине тартууга убада беришкени маалым болду. Ошондо жал-пы жонунан 1 миллиард доллар каражат Кыргызстандын ички єндїрїшїн жандан-дыруу багытында жумшалмакчы. Бул ал-бетте оўой-олтоў суммадагы каражат эмес. Албетте, каражаттар Россия тараптын да кызыкчылыгына туура келе тургандай долбоорлорго жумшалат. Бирок, негизи-нен бардык долбоорлор Кыргызстандын аймагында ишке ашырыла тургандыгын белгилеп коюшубуз керек. Кыргызстан-дагы агроєнєржай комплекси, кийим ти-гїї жана текстиль єнєр жайы, кайра иш-

тетїї єнєр жайы, тоо кендерин иштетїї жана металлургия єнєр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, ишкердикти єнїктїрїї, инфраструктураны єнїктїрїї єўдїї тармактардагы долбоорлор аталган фонддун каражаттары менен ишке ашыры-лат. Демек, бизде дагы ББнын курамында-гы єлкєлєрдєгїдєй эл ички єндїрїшїбїз кїчїнє кирет десек болот. Эгерде биз ББ курамына кирїїдєн баш тарта турган бол-сок, албетте андай мында ири кєлємдєгї жардамдардан да куру каларыбыз аштан бышык. Анда жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери багыты жок кемедей сїзїп келген абалыбыздан єйдє кєтєрїлє албай кїн кечирїїнї уланта беребиз. Албетте, бардыгы Жараткан Кудайдын колдоосу, каалоосу менен жасалат. Бирок ошол кол-доо кимдир-бирєєлєрдїн себепкерлиги аркылуу ишке ашарын унутпашыбыз ке-рек. Бул жагынан алганда ББга кирїї Кыр-гызстандын экономикалык єнїгїсїїнє Жараткандын єзїнєн жасалып жаткан се-беп болуп тургансыйт. Негизи башынан эле биздин єлкєнїн негизги экономика-лык байланышы дал ушул Россия мамле-кети менен болуп келген. Эгемендик алган жылдардан кийин Европа мамлекеттери, АКШ менен да кызматтыштык мамилелер-ди жасадык. Бирок, бул єлкєлєрдєн Кыр-гызстанга олуттуу эч кандай инвестиция жасалган жок. Баягы эле камыр-жумур болуп ынтымактуу кызматташып келген Россия Кыргызстанды экономикалык оор абалдан сууруп чыгуу їчїн биринчилер-ден болуп колун сунууда. Мына ушундан улам дагы эксперттер «Кыргызстан тыш-кы саясатта туура жолду тандады» деген бїтїмгє келип жатышат. Эске сала кетсек Акаевдин учурунда Кыргызстан Бїткїл дїйнєлїк соода уюмуна кирген болчу. Би-рок, бул уюмга кирїїдє бизге эч кандай жеўилдиктер, жардамдар болгон эмес. Бї-гїн биз ББ курамына кирїї кадамын жа-сап жатып, алдын-ала эле ири суммадагы жардамдарды ала баштадык. Мына ушу-нун єзї Кыргызстандын туура жолду тан-дап алганын айгинелеп турат.

Бажы биримдигине кирбей калсак рес-публикабызга кїтїлє турган таасирлер-ди эксперт санап берди. Эгерде биз Бажы биримдигине кирбей калсак эмне болу-шу мїмкїн? Мына ушундай суроо менен бїгїн «КСДП» фракциясынын депутатыт Турсунтай Салимов парламент отурумун-да кайрылды.

Буга биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «Анда ББ курамын-дагы мамлекеттер єздєрїнїн чек ара-ларын жаап коюшат, анын негизинде кыргыз бизнесмендеринде кєйгєйлєр жаралат» деп жооп берди. Ал эми «Вести.kgге» курган маегинде экономист Акыл-бек Сейитов интеграциялык биримдикке кирбесек Кыргызстанга кїтїлє турган башка терс таасирлерин санап єттї.

- Сарпашев айткан Бажы кєйгєйїнєн сырткары башка бир нече тармактар-да кєйгєйлєр жаралат. Биринчиден, ББ

курамындагы єлкєлєр менен соода-са-тык жаатында, экспортто. Россия бизден айыл-чарба продукцияларын, башка то-варларды да алат. Мындан сырткары РФ Батыштын койгон санкциясынан улам продуктулардын импортун алуу ниетин Азияга буруп отурат. Экинчиден, мигра-циялык саясат єзгєрєт. Бул жагдай ал жак-тарда иштеген биздин эмгек мигрантта-рыбыздын биздин єлкєгє которуп жаткан акчалай которууларына кєйгєй жаратат.

Мына ушул эки пункт пенсия, пособия жана айлык акыларды азыраак убакыт аралыгында кєтєрїп турууга мїмкїнчї-лїк бербей калат. Їчїнчїдєн, Кыргызстан ББ єлкєлєрї менен пландаштырган дол-боорлорду, инвестицияларды жоготот. Бул болсо биздин экономика їчїн єтє терс таасирин тийгизет, - дейт Сейитов.

Ошондой эле анын сєзї боюнча эко-номикалык таасирлерден сырткары биз-дин мамлекеттер ортосундагы мамилелер да начарлайт. Эки тараптуу ишенимдер жоголот.

- Россия менен биздин кєптєгєн дол-боорлорубуз бар, достугубуз бекемде-лет. Анан биз бардыгынан баш тартып, ББга кирбей коебузбу? Бул кадамыбыз кандай кєрїнїп калат? Биз убада бердик жана аны аткарабыз, - деп кошумчалайт экономист.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Page 5: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

5САЙ-САТ

Нурлан ОРОЗБАЕВ, саясат таануучу:

«УБАКТЫЛУУ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАН УЛАМ БИРИККЕН ПАРТИЯЛАРДЫН

КЕЛЕЧЕГИ БОЛБОЙТ»

КОРРУПЦИОНЕРЛЕРДИ, «ГЕЙЛЕРДИ», БАШАЛАМАНДЫКТЫ

КОЛДОП КЕЛГЕН БАКТЫБЕК АМАНБАЕВ

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА БИЛИМ БЕРЇЇ МИНИСТРИ К. САДЫКОВ ЖАНА КРСУ РЕКТОРУ В. НИФАДЬЕВДИН ЭЭЛЕП ТУРГАН КЫЗМАТТАРЫНЫН

ЫЛАЙЫКТУУЛУК МАСЕЛЕСИН КАРООНУ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР Ж. ОТОРБАЕВДЕН ЄТЇНДЇ

- Парламенттик шайлоо жа-кындаганы партиялардын бири-гиши кїчєдї. Бул кандай жыйын-тык бериши ыктымал?- Шайлоого жакын тїрдїї кєзкараш-

тагы партиялардын биригїїсї – утурум-дук саясый максаттарды жїзєгє ашыруу їчїн болуп жатат. Андыктан мындай би-ригїїлєр болгон жерде эч кандай партия-лык курулуш болбойт. Анткени, партия-лык курулушта белгилїї убакка чейин тїрдїї процесстерден єтїп, идеялык шай-кештикке жетїї керек. Ошондуктан шай-лоо алдында ыкчам биригїїлєрдї жїзєгє ашырган партиялардын саясый кызыкчы-лыгы бїткєн жерден эки айрылыш жолдо калышы мїмкїн.

- Єткєн айда «Республика» ме-нен «Ата журт» партиясы би-риккенин жарыялады эле. Ал эми бул жумада «Бир бол» менен «Бїтїн Кыргызстан» партиясы кошулганы атканын жар салыш-ты. Аталган партия лидерлери тїрдїї позицияны тутунуп ке-лишкен, алардын «кайнаса каны кошулбайт». Демек булар дагы шайлоодон кийин «ажырашып»

кетишет турбайбы?- Мен жогоруда айткандай, толук мїм-

кїн. Саясый кызыкчылыктар эч качан тїбєлїктїї болбойт. Анткени, партиялар иш аракеттерин шайлоо алдында жїргї-зїп, саясый кызыкчылыгын ашкере кы-лып алышты.

- Ушинтип биригишсе эле шай-лоодон жеўип чыгуу мїмкїн-чїлїгї жогорулайбы? Дегеним, аталган партиялардын кийинки парламенттин босогосун аттоо мїмкїнчїлїгї канчалык?- Алардын шайлоодогу натыйжалары

ар тїрдїї аракеттерине байланыштуу бо-лушу мїмкїн. Бирок бир нерсени белги-леп кетким келет. Баардык эле биригїїлєр электораттын саясый аў-сезимине оў таа-сир бере бербейт. Ошондуктан ар кандай кїтїлбєстїктєр болуп кетиши мїмкїн. Ал эми партиялардын биригїїсї єлкє айма-гындагы саясый дараметин кїчтєндїрїї їчїн же кайсы бир саясый кызыкчылык-тарды ишке ашыруудан келип чыгат. Ан-дыктан ирилешкен партиялардын кээ бир жактоочулары кайсы бир деўгээлде баш тартып коюу ыктымалдыгы бар.

- Сиздин прогнозго ылайык, пар-ламенттин кийинки чакырылы-шынын курамы кандай болушу ыктымал?- Азырынча парламентин курамы ти-

гил же бул партиядан болот деш абдан татаал. Анткени, шайлоого жакын кї-тїлбєгєн жараяндар болуп кетиш мїм-кїн. Бирок бїгїнкї кїндє їгїт аракеттери турукту жана саясый идеялык негизи бар Кыргызстанда тєрт, беш эле партия бар.

Эжекеси, «республикачы» депутат Ур-мат Аманбаеванын аркасы менен депутат-тарга акча таратып жїрїп КР Акыйкат-чысы болуп калган Бактыбек Аманбаев ушул кїнгє чейин карапайым элдин кы-зыкчылыгын коргогон маселени кєтєрїп чыкканын кєрє элек болчубуз. Акыйкат-чылык кызматка кєчїк басаары менен эле саясатташкан жол менен сапарын баштап, ошол нугунан дагы деле чыга албай ке-лет. Анан эле кїтїїсїздєн «Биз мигрант-тардын маселелерин жеўилдеткен кадам жасай алдык» деп тєшїн кага эркин ба-сылмалардын бирине маек куруп чыга калганы кызык болууда. Буга чейин анын мигранттар тууралуу ооз ачканын уккан адам болгон эмес. Ырасында мигрант-тардын турмушун жеўилдетїї багытын-да кыргыз бийлиги акыркы 3-4 жылдан бери карай эле аракеттерди жасап кела-тат. Бажы биримдигине кирїї менен Кыр-гызстандан Россияга, Казакстанга барып иштеген эмгек мигранттарынын маселе-лери єзї эле чечлип кала тургандыгы да ачык эле билинип калды. Казакстан эми-теден эле жеўилдиктерди бере баштаганын билебиз. Маселен, президент Алмазбек Атамбаевдин бул єлкєгє биринчи жолу жасаган расмий иш сапарынын кийин эле кыргыз жарандары Казакстанда бир ай бою каттоого турбаса деле жїрє ала тургандай макулдашууга жетишкенбиз.

Россия менен да тыгыз кызматташтык аркылуу мигранттарыбыздын жашоолору жеўилдетилип келет. Анан «Бышкан аш-тын ээси кєп» болуп орто жолдон Акый-катчы Аманбаевдин чыга келип, минтип тєш кагып турганын кандай тїшїнсєк болот? Анын буга чейинки ишмердїїлї-гї жалаў саясатташкан жолдо келатканын жогоруда айтып єттїк. «Чї» дегенде эле Кыргызстандагы башаламандыктын бо-луп туруусун кыйыр колдоого алып чык-ты. Мисалга, Саруудагы ызы-чуулу ми-тингди уюштургандарды колдоого алды. Ал эми жол тозуу, бийлик єкїлїн барым-тага алып, ємїрїнє коркунуч туудурган аракеттер мыйзамдын чегинен чыккан аракеттер экендиги тууралуу бир ооз да айтып койгон жок. Коррупцияга шектелип камакка алынган Акматбек Келдибеков-ду колдоп жїрдї. Кєрсє, ал Келдибеков-дун убагында Жогорку Кеўештин маа-лымат кызматын аркалап турганы їчїн, ага ыраазычылыгын ушундай кызматтык абалынан пайдалануу аркылуу кєрсєтїп калууну кєздєгєндїгїн билдик. Андан ки-йин «Гейлердин да укугун коргойбуз» деп ата-бабабыздын нарк-насилине каршы келген жорукту баштады. Учурда болсо коррупциялык иш-аракеттери їчїн їстї-нєн кылмыш иши козголгон бир тууган эжеси Урмат Аманбаеваны коргоо ме-нен гана алек. Анын жасаган кылмышын Башкы прокуратура кєзгє сайып кєрсєтїп турса дагы Бактыбек мырза «Бул менин ишмердїїлїгїмє байланыштуу Башкы прокуратуранын куугунтугу» деп жар са-лууга єттї. Айтор, жалаў гана кїркїлдєр-дї, коррупционерлерди коргоп, чебелек-теп жїргєн Аманбаев качан бара калып кыргыз мигранттарынын укугун коргоп келе калганы табышмак. Же элдин кєзїнє карапайым элдин да кызыкчылыгын кор-гоп аткандай тїр кєрсєткїсї келип атабы?

Башкы прокуратура Билим берїї жана илим министри Ка-нат Садыков менен Кыргыз-Рос-сия Славян Университетинин ректору Владимир Нифадьев-дин ээлеп турган кызматтары-нын ылайыктуулук маселесин кароону премьер-министр Жоо-март Оторбаевден єтїндї. Бул туурасында башкы кєзємєл ор-ганынын маалымат кызматы 27-ноябрда билдирди.

Андагы маалыматка ыла-йык, Билим берїї жана илим министрлигинин жана КРСУнун айрым кызматтык адамдарына карата кылмыш ишин иликтєє-нїн алкагында кылмыш жасоого мїмкїнчїлїк берген себептер-ди жана шарттарды жоюп салуу туурасында токтом чыгарылган.

Эске сала кетсек, министр К. Садыковдун 2013-жылдын

3-сентябрындагы №572/1 каты-нын жана 2013-жылдын 20-сен-тябрындагы КРСУ ректору В. Нифадьевдин №1380-кс буйру-гуна ылайык кабыл алуу комис-сиясынын чечими менен аталган жогорку окуу жайдын медицина-лык факультетине контрактык негизде 24 абитуриент 1-курска кабыл алынган.

«Студенттердин єздїк дело-сун иликтєєнїн жїрїшїндє бул

абитуриенттердин бардыгы ага чейин тємєнкї балл топтошкону аныкталды жана КР єкмєтїнїн 2011-жылдын 27-майында ка-был алынган №256 токтомуна ылайык республикабыздын жо-горку окуу жайыларына кабыл алуунун тартиби боюнча алар ка-был алынууга укугу жок болгон. Анткени алардын тестирлєєдєгї жалпы баллы бекитилген чектен – максималдуу мїмкїн болгон

баллдын санынын 40 пайызы-нан тємєн болгон. Мына ушул чектен ашкан гана абитуриент конкурска катышууга укуктуу болмок.

Жогоруда белгиленген фак-тылар абитуриенттердин КРСУ-га кабыл алынышы мыйзамсыз болгондугун, билим берїї жана илим министри К. Садыков жана КРСУ ректору В. Нифадь-евдин єздєрїнїн функционал-

дык милдеттерин жана Кыргыз Республикасынын билим берїї жаатындагы мыйзамын одоно бузгандыгы болуп саналат», - деп билдирет Башкы прокуратура.

Буга байланыштуу Башкы прокуратуранын токтому жо-горуда кєрсєтїлгєн мыйзам бу-зууларды карап чыгууга жана тиешелїї чараларды кєрїї їчїн премьер-министрге жолдонду. Ошондой эле министр К. Са-дыков менен университеттин ректору В. Нифадьевдин ээлеп турган кызматтарынын ылайык-туулук маселесин да кароо єтї-нїчї бар.

Бул иш боюнча кече жакында эле Жогорку Кеўештин депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголгон. Учурда иликтєє иштери уланууда.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Page 6: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

6

Тїркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аялдар менен эркектер ортосунда теўдик болушу мїмкїн эмес деп билдирди. Анын салттуу кєз караштары эмнеден кабар берет? Би-Би-Си суроолоруна Тїркия боюнча эксперт, "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу жооп берди.

Искендер ОРМОН уулу:

Албетте, аял менен эркек теў эмес деп айтканын алар чын эле теў укуктуу эмес деп тїшїнгєнгє болбойт. Бул колдоого алаарлык эмес жана натуура. Эрдоган мырза єтє тажрыйбалуу, узун мєєнєт-тєн бери бийликте турган чоў саясатчы. Менимче, ал киши деле мунун туура эмес экенин жакшы билет. Эмне їчїн бул сєздї айтты дегенге келгенде, албетте, Эрдоган да аябай прагматист, дїйнєлїк аренада результаттарга карата сєз сїйлєп, аракет кылган саясатчы. 2015-жылы Тїркияда шайлоо болот. Бул дагы консервативдїї кєз караштагы электоратына “мен дагы эле бармын же бизди, мурда жетектеген партиябызды колдогула” дегендей белги катары кабыл алсак болот.

Кубат КАСЫМБЕКОВ: - Быйыл жайында Тїркияда президент алгач ирет эл тарабынан тїз шайланып, Режеп Тайым Эрдо-ган жеўип чыкпадыбы. Деги эле ал 2003-жылдан бери премь-ер-министрликтен тїшпєй ке-лїїдє. Эрдоган мындай сєздєр-дї айтып жатса да шайлоодон утуп жатканы тїрк коомчулу-гунда президентке окшоп консер-вативдїї, салттуу маанайдагы топтор кєп экенин кєрсєтєбї?- Бїгїнкїгє чейинки тепкичтерин ка-

рап кєрсєк, Эрдоган жана анын айлана-сындагы чоў саясатчылар 2003-жылдан бери бийликте жана ар бир шайлоодо єзїнїн электоратын кєбєйтїп келатат. Негизи эле аналитиктердын айтымында, анын беделинин 2008-2010-жылдарга че-йинки жогорулоосу себеби, анын Евроби-римдигинин критерийлерине, Копенгаген критерийлерине карай ар тармактарда: саясатта, экономикада, укукта єнїгїїгє жетишип, стандартты жогорулатышы-

быз керек деп чоў реформаларды жасап келгенинде. Ал бир эле консерваторлор-дон эмес, жалпы либералдардан, улутчул кыймылдардан, башка улуттардан, азчы-лыктардан да добуш алып келген.

Айтылган маалыматтар боюнча, ал 2010-жылы бул багыттын чокусуна жет-ти. Андан ары мындай кєз караштардын, ал тїшїнїктєрдїн добуш алып келбей турганына кєзї жетип, пикирин єзгєрттї. 2010-жылдан бери мурда ишке ашырган реформаларына туура келбеген, кезеги келгенде тескери болгон иштерди жїр-гїзїп келатат.

Бирок натыйжада єзїнїн шайлоочула-рына дагы эле кєз кыскан бир мандеми бар деп айтылып келет.

ТЇРКИЯ ИСЛАМДАШУУ КОРКУНУЧУНДАБЫ?

- Тїрк либералдары Мустафа Кемал Ататїрк тїптєгєн свет-тик єлкєнї Эрдоган исламда-шуунун коркунучтуу жолуна алып баратат деп сындап жа-тышпайбы. Бул пикирлер кан-чалык жїйєлїї?Искендер Ормон уулу: Тїрк коом-

чулугу, тїрк мамлекети Европа, Азия-нын чектешкен жеринде, тогуз жолдун томунда жайгашкан єлкє. Орто Чыгыш єлкєсї же радикалдуу ислам єлкєсї болуп кетиши мїмкїн эмес деп ойлойм. Єзїнїн географиялык шарттары, тарыхы, єзї-нїн коомунун кєз карашы, ичинде єскєн интеллигенциясы ага жол бербейт деген ойдомун. Бирок ошондой багытка аракет кылганына байланыштуу жїйєлїї дагы себептер жок эмес.

Мисалы, реформаларында диндик ком-поненти болгон мектептердин кєбєйїшї,

коомдун кєз карашын эске албоо сыяктуу кадамдары бар. Булардын баары жалпы коомчулукта, єзгєчє интеллигенциянын арасында конвервативдик жолго алып ба-ратат деген пикирди жаратып жатат. Єз-гєчє бїгїнкї кїнгє чейин Эрдоганды да-йыма алдыга чыгарып, “Орто Чыгыштын реформатору”, “светтик кєз караш менен салттуу кєз карашты бирдикте алып бара алган улуу саясатчы” деп атап келген Ба-тыш да эки жылдан бери байма-бай ка-туу критикалап жатат.

- Эрдоган жакынкы мезгилде эле АКШда бозгунда жїргєн Фет-хуллах Гїлендин кыймылы менен араздашуусу маалында “Твит-терди” жабууга аракет кыл-ган, маалымат каражаттарын да сынга алган. Эрдогандын бул сыяктуу Батыштын талапта-рына туура келбеген баалуулук-тары, аракеттери анын Батыш менен мамилесине канчалык ке-дергисин тийгизиши мїмкїн?- Батыш менен мамиле єтє кескин на-

чарлап кетпейт. Тїркия НАТОнун мїчєсї. Ошончолук сїйлєп жатса да, Эрдогандын прагматисттик мїнєзїн караш керек. Ба-тыш толугу менен колдобой турган ка-дамдарды таштаган жок, Батыш менен толук ажырымга кеткен жок.

Албетте, “Шанхай кызматташтык ую-муна кирели, биз Евросоюздан баш тар-тып, Чыгышка багыт алалы” деген сєздє-рї да болбой койгон жок. Менимче, бул саясий соодалашуунун гана жолу. Мын-дайча айтканда, Тїркия Евробиримдикке кирїїгє кадам таштап жатканда жеўилде-тїїнї, тезирээк кабыл алууну талап кыл-ган белги гана болушу мїмкїн.

АЗЫРКЫ ТЇРКИЯ БАШКАЛАРГА ЇЛГЇБЇ?

- Эми Режеп Тайып Эрдоганда динге басым жасаган, салттуу баалуулуктар кєп байкала баш-таганын эске алганда, бул жаг-дай Тїркияга ыктаган, аны їлгї

катары караган майда єлкєлєр-гє кандай таасирин тийгизиши ыктымал?- Албетте, калыптана элек єлкєлєр

їчїн бир таасири болушу мїмкїн. Ка-лыптана элек дегенде, мамлекет ката-ры єзїнїн координатын, багытын толук аныктай элек. Аларга кээде їлгї болуп калышы мїмкїн.

Эрдоган чындыгында 2003-жылдан баштап 2010-жылга чейин чоў иштерди жасады, дїйнєгє да таанылды. Эл кєбї-рєєк анын акыркы каталарын эмес, ушул кїнгє чейинки ийгиликтерин эстегени їчїн дагы деле туу тутулуп, дагы эле єр-нєк кєрсєтїлєт.

Мен мурдагы реформачыл Эрдоган учурун эмес, артка кеткен учурду мисал алып алышпаса, ошондой жаўылыштык болуп калбаса деп чочулайм. Калыптана элек єлкєлєрдє ошондой жаўылыштык-тар болуп калышы мїмкїн.

Булак: Би-Би-Си кыргыз кызматы

ЭМНЕ ДЕЙТ ЫЯ?

ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМДУН БЇЛЇНТЇЇ ИШМЕРДЇЇЛЇГЇНЇН ЖАЎЫ

ЫКМАЛАРЫ ЖАНА ФОРМАЛАРЫ ТУУРАЛУУ КАБАРЛАЙТ

КР улуттук коопсуздук кызматынын учурдагы диний экстремисттик аракет-терге каршы кадамдары Батыш Европа мамлекеттеринде жайгашкан “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун чукул убакытта актив-дїїлїгї кїчєгєндїгїн кєрсєттї.

27-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынын билдирїїсї боюнча мын-дай кырдаал “Хизб-ут-Тахрир” эл ара-лык уюмунун Сирия жана Ирактагы жи-хаддык кыймылдарды идеологиялык жактан колдоого багытталган , “Хали-фат” идеологиясына чакыруу, ага согуш-тук аракеттер менен жетїїгє багыттал-ган иш-аракеттери себепкер.

“Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмунунун кєп жактуу бїлїнтїї иш-мердїїлїгїнє чет элдик борборлордун координациясы аркылуу єздєрїнїн кє-

мїскєдєгї иш-аракеттерин КР укук кор-гоо торгандарынан жана атайын кыз-маттарынан жашыруун сактоо їчїн сот органдарына, жергиликтїї єзїн-єзї башкаруу органдарына, митинг аркы-луу жана башка акциялар аркылуу басым кєрсєтїї аракетин кєрїшїїдє. Мындай аракеттерди алар республикабыздын тїштїк аймагында кєбїрєєк жасоого басым коюшканы маалым болду. Кече жакында эле тїштїк аймагыбыздан атал-ган уюмдун регионалдык жетекчилери-нин бири кармалган. Ал жашыруун бас-макананы иштетип, ал аркылуу уюмдун идеологиясын таратып турган. Мына ушундай коопсуздуктарга байланыштуу УКМК єздєрїнїн ишин мындан ары да кїчєтїї ниетинде турушат.

ЭРДОГАН АЯЛ-ЭРКЕК ТЕЎ ЭМЕС ДЕП ЭМНЕГЕ АЙТТЫ?

Page 7: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

7ПОЭЗИЯ

Биз єлбєстїккє єттїк

.. Биз эми єлбєстїккє єттїк дайым –кыйырсыз кылымдардын ємїрїбїзАаламда жылдыз толуп ошол кезде, Деўиздер турган эле толкуп –ташып.Дїйнєдєн єчєєр кезде –Дїбїртї кылчактатып...

... Кеткенбиз кезип бїтїп тиричиликти,Кейиште узатты эле жер жандары.Учканбыз учсуз –тїпсїз аалам –жайга,Угулбай уу –дуу тїшкєн армандары.

Деўиздей оодарылып ошол кезде,Деўиздей калган эле биздин ємїр –Дїйнєгє агып кирип дайра сымал.

Жадырап калган эле жаздар, жайлар,Жаш гїлдєр жаўы бїрдєп ачыла албай....Кеткенбиз кыйыры жок жолду баштап,Кеткенбиз кыяматтык жардай таштап.

Кызарбай єчкєн эле кїндїн шары, Кыямат кеткен эле кєўїлїбїз.... Биз эми єлбєстїккє єттїк дайым –Кыйырсыз кылымдардын ємїрїбїз.

Ырлары Шербет КЕЛДИБЕКОВАныкы

Бул жашоодо канчалаган инсандын бей-несин ачып бердим. Кєпчїлїгї окурман-дар тарабынан кубаттоого алынып келди. Эсимде мага ачык айтып, менин кєз ал-дымда сын айткан бир гана адам бар эле. Ал журналисттердин тєрєсї Алым Ток-томушев эле. Мен ал кишинин айтканына ынанчу эмесмин, анткени мен да ал киши-ге тїз сын-пикирлеримди узатып турчу-мун. Экєєбїздїн ортобузда жакындыкты їзбєй турган, дагы бир мээрман адам бар эле. Ал Шербет Келдибекова болчу. Кызы-гы, Шербет эжекемдин ємїрлїк жубайы, єзї жетелей кеткен Алым Токтомушев да, анын иниси кїнїгє 40-50 материалга чейин сайтка чыгарып турган Азизбек Келдибе-ков да журналист эле. Эмнегедир маараке убагында каалоону эсептебегенде, Шербет Келдибекова тууралуу да, Алым Токтому-шев тууралуу да эч нерсе жазылбаптыр.

Оокумга дїйнє тымып, жылтырайт тїпкїрїнєн – улуу тирлик!

Ошентип карегиўе жашоо кїйдї,Ошентип жїрєгїўдє жашоо жїрдї.Адамсыў, Адамсыў да,Кєп ирет єўї тїсїў єзгєрїлдї.

Каныўда кайнап турган турмуш ошол,Єўїўдє жайнап турган турмуш ошол.Жаныўды тынчытпаган –тирїїчїлїк,Жарыўдан ысык турган – тирїїчїлїк.

Кыялдай кєкєлєгєн турмуш ушул,Кыялдай єсє берген турмуш ушул.О, алар –жомок – анын їзїндїсї;Жазмыштай тороп їнсїз сулк селейет.Жашоодой толкуп кїўгїрт шоорат берет.Оокумга дїйнє тымып,Жылтырайт тїпкїрїнєн – улуу тирлик!Шербет эжекемди ойлосом, мен кыргыз

кыздар поэзиясынын Корифейин эмес, бир тууганым катары ойлойм. Ал єткєн кылым-дын 70-жылдары эл оозуна алынып калган кези экен. 2-классты аяктап, жайкы кани-кулду Шербет эжекем жашаган Панфилова 222-де єткєрїїгє туура келди. Анын мї-нєзїн аўдаганга да убакыт жок, азыркы КГБ имаратынын ордунда «Первомайс-кий» деген дїкєндєр болот эле, ошол жерге жетелеп барып їзбєй «мороженое» алып берчї, жетелеп алып бир топ ал мезгилде улуу кєрїнгєн 20 жаштын тегерегиндеги кыздардын їйїнє барат элек, кыздар їйгє келер эле. Эми ойлосом кыздар поэзиясы їчїн алектенип жаткан акын кыздар экен. Ар кандай альманахтарга чыгып, теле бе-рїїнїн ар дайым мейманы болуп, СССР

мейкиндиктерин кыдырып, єзї да китеп чыгарып калчу. Анан талантты аздекте-ген, курч калеминен улам 60-жылдардын ортосунда эле элге таанымал болгон Алым Токтомушев менен бирге ємїр сїрдї. Ашып кетсе Алым жездем 8 ай узак жашаптыр. Бирок ал, 2013-жылы ноябрдын аягында Шербетин жоготту. Шербет эжекемдин ал-ахыбалын билип коёюн деп барып калсам Азат, Жалын, Фарида жеўем, Ишен, Гїла-йым (їзїлєр менен келди) жездемдин туу-гандары, їй толо киши бар экен. Шербет эжекем толгон айдай суналып барып, бул жарыкчылык менен биротоло кош айтыш-ты. Тїнї бою аны кїзєтїп кєз ирмебеген Алым жездемди бир аз кєз ирмеп алсын дешкен экен, Шербет эжекемдин бул тур-муш менен кол їзїшїн жездем абдан оор кабыл алды. Анын ыйын угуп отуруш да каўырыкты тїтєтєт. Ошондо Алым жез-дем жыл айланбай єзї жатып каларын сез-ди бекен? Алым жезде бир топтон кийин, сооронгон соў: «Эжекеў Берметтин жа-нына койгула деди эле» -дегени бар. Ушул жылы 3-июнда Дамир байкемдин кєзї єт-кєн, Шербет эжекем 2011-жылы 8-июн-да кєзї єткєн Бермет эжекемдин жанына коюлду. Кызыгы, эки жарым жыл єтсє да так коюла турган жер так Бермет эжекем-дин жанына келиптир. Апам бутун опера-ция кылып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери атам да ошол мезгилде чегинен чыгып, менин жубайым жумушун таш-тап, биз аларды карап калганбыз. Алар-га Шербет эжекем тууралуу айтканыбыз жок, Шербет эжекемди жашырып келген соў гана угузушту. Кийинчерээк, Алини ээрчитип жездем келди атам, апам, Алым жездем ботодой боздоп жатышат. Ушул элес калыптыр, 8 айдын ичинде жездем менен кєп эле жолуктук. Акыркы ирет мен ооруканадан чыгып келгенде келип: «Ой, сен да ооруйсуўбу?» -деп тамашалап кет-кен. Мен ойлоп койгом Воронцовкага їйгє барсам Алым жездем менен кенен сїйлє-шєрбїз деп. Бирок, Алым Токтомушевди Шербет Келдибекова жетелеп кетти... Бал-дарыма айттым, Алым да, Шербет да жєн кишилер эмес, кыргыз элинин таланттары, «Алым, Шербет» адабий фондун тїзїп кой-гула, алардын талантын жайылталы деп. Акыркы мезгилдерде булардын талантын жакындан билген мен да дарыланып жїр-дїм. Дарыланган адам деле, ошол жакка та-лапкер болуп калат экен. Жакында «Алым, Шербет» фонду конкурс жарыялады, кон-курстун жыйынтыгы 2015 – жылы кїзїндє чыгат. Мыкты журналистке «Алым Ток-томушев» жана мыкты акынга «Шербет Келдибекова» сыйлыктарын берели деп жатабыз. Алым Токтомушев менен Шер-бет Келдибекованын таланттарын кадыр-лаган адамдар їчїн бул дагы жакшы нерсе.

Канча ємїр кїйїп –єчтї...Ак –кара, ємїр –єлїм, чындык –жалган,Абалтан ажырашпай жашап калган.Эки кол, эки буттуу, жалгыз баштуу –Сен Адам, жашоо їчїн жїрєктї алган!Сен Адам, жашоо їчїн кїрєштї алган...

Тєгїлє албай канча суу шарпылдады,Кєрїнє албай канча учкун жаркылдады.Канча тїн кїндїн тїшїн сїйлєп кетти, Канча ємїр кїйїп –єчтї...... Бир гана суудай тунук жомок калган!Алым жездем бала кезинен чыгармачы-

лык менен алек болгондуктанбы, эркектер жасай турган чарбачылык жумуштарга ма-жїрєє эле. Алар Аламїдїн кичи районунда жашагандабы, же политех тарапта єзї айт-кандай Болот байке берген їйдє жашаганда-бы, мен кєп ирет бардым. Оўой менен ийи-беген жездем мени кєргєндє жаш баладай сїйїнїп кетчї. Себеби, биринчиден мен бир

тууган катары жездем жасай турган май-да-чїйдєлєрдї заматта бїтїрє койчумун. Эч нерсе жасабаган жездем мактап эле жа-тып калчу. Экинчиден, мен ишти бїтїргїчє жездем кїйїп-бышып, бирди дасторконго даярдап койчу да, бирин Шербет эжекем-ден жашыруун жерге коюп койчу. Їчїнчї-дєн, жездем єтє окумал адам болгон, їйї толтура китеп эле. «Бирдеме» ичсе да жез-демдин айткандарын тїшїнгєн адам керек эле, анан жездемди кээде мактап, учур келсе сын айтыш керек эле. Тєртїнчїдєн, ал оку-ган китептери тууралуу маалымат ала тур-ган адамга куштар эле. Чындыгында, Алым Токтомушев Акаев доорунда алдыўкы ка-лемгерлердин эталону болгон. Мен мектеп-те иштеп жїргєндє Алым Токтомушевдин сєзїн эле угайын деген адамдар болгон. Балким, мага кайниси катары айтышпай-бы, бирок канчалаган кыргыздын залкар журналисттеринин оозунан Алым Токто-мушев тууралуу жаман сєз укканым жок.

Шербет эжекем болсо шак эле тамак жасай баштоочу. Жездем экєєбїз, дастор-кондо єтє сыпайы, «сен ал, сиз алыўыз» - болуп, анан тамеки чеккени балконго чык-чубуз да, чоў-чоў стакандар менен уруп алчубуз. Кайрадан дасторкон їстїнє келип, кызуу талашка кирчїбїз. Эжекем дастор-конду бир карап, ичилбей турган бєтєлкє-нї бир карап: «Ушул сен келсеў эле жездеў бат эле кызуу болуп калат» -деп калчу, эми андай кишилер жок. Биз талашпаган сєз болгон жок бир убакта Ястребжемскийден баштап, Достоевский, Толстой, «Славяно-филдерге» чейин кирип кетчїбїз. Кызыл чеке болуп урушкан кїндєрїбїз да бол-ду. Бир жолу жездем: «Толстой - гений»-дейт. «Толстойдун эмнеси гений?» - дедим. «Анда эмне сен генийсиўби?» - деп ачуу-лана кетти. «Жок! Їй-бїлєдє Толстой да гений эмес. Ал гениалдуу томдорду жазган. Жазган жагынан эч ким теўеле албайт. Би-рок, кемпиринен качып, талаада тоўуп єл-гєн чалды кантип гений дейбиз» - дедим жездеме тийиштик кылып. Жездем калчыл-дап кетип: «Їйїў барбы?» -деди. «Ооба» - дедим. «Давай, їйїўє» - деди, мен да шар эле ордумдан туруп чыгып кеттим. Шер-бет эжекем кухняда экен, аркы їйгє тєшєк салып жаткызып койду. Эртеў менен эрте туруп, бир аз жумуш бар эле жездем тур-гуча, бїтїрє койдум. Жездем кыйпычык-тап келиптир: «Кел, башыўды жазып ал» - деп. Менин жасаган иштеримди кєрїп алып мактайт, анан: «Кечээ эмне деп сїй-лєштїк?» - дейт. «Билбейм» - дедим, мага да куюп бергени жагымдуу болуп турат да. Анан кайра отурдук, талашып отуруп Достоевскийге келдик. Бир кезде жездем: «Эй, Достоевский кара жерге кирсин, бир туугандан артык бекен?» -дегени эсте ка-лыптыр. Чындыгы Алым Токтомушевдер окубаган гениалдуу китептер жок болсо керек. Ал эмнегедир акындарга кєп сын айтчу, бирок єзї акын менен жашоочу. Шербет эжекем журналисттерди катуу сый-лоочу, жездемди «Алыкем» -деп, кайсы жерде болбосун экєє эгиз козудай ээрчи-шип жїрчї. Кыргыздын залкарлары Жо-лон Мамытов, Аман Токтогулов, Беганас Сартов, Табылды Муканов, Турар Кожом-бердиевдер жездемдин эў ынак адамдары эле. Жездем аркылуу дїйнєлїк классикага чыгып кетчїбїз. Совет мамлекети тараган соў жездем «Асаба» гезитинин белдїї жур-налистине айланган. Бир ирет Шайлообек байкелер менен биздин їйдє конок болуп кетишкен. Ал мезгилде мен мектепти же-тектеп, козу-корпо сойсом керек, эптеп акындарды жактырбаган жездем, бул кай-ним деле бирдеме шилтей калат деп, ошон-до айтып жатпайбы. Кийин Воронцовка-га кєчїп келдик, ошондо Шербет эжекем: «Сен деле бизден тайсалдап жїрїп жазбай

калдыў, бирок талантыў бар экенин биле-биз. Бизден чоочубай эле жаза бер» - де-ген. Ал эми жездем менин жазгандарымды окуса эле итатайы тутулуп кетчї. Бир жолу Шайлообек байке: «Жездеў жокто чыгар-дык» -деп, «Аласка» ырларымды чыгарган. Чынында Алым Токтомушев ошол учурда менин чыгармачылыгыма ичи толбогону менен, зор кємєк кєрсєткєнїн єзї да, мен да билбептирмин. Акаевдин доору аяк-тап бараткан эле. Анткени, Алым Токто-мушевди сыйлагандар, талантына таазим эткендер, анын кайниси Азизбек Келди-бековдун да пикирлештерине айланды. Акаевдин доору узак болсо да «Асабаны», Алым Токтомушевдин атын чыгарды. Ба-киевдин доору кыска болду, оппозициялык гезиттер да аз болду. Мен ар бир оппози-циялык гезиттер менен кызматташтым, бирок башкысы Бакиевдин доору ортолоп калганда Алым Токтомушевдин жакшы баа берип калганы чоў сыймык деп эсеп-тейм. Жездем айтты да : «Сен оўолдуў, эл сенден кєчїрє баштады» - деп. Эмнегедир, Бакиевдин заманында мурунку «Асаба», «Агымдын» калемгерлери бири Бакиевди мактап, бири жамандап, оўду-тетири кете баштады. Алым жездем кумир туткан Ме-лис Эшимканов Бакиевдер тарапка ооп кет-ти. «Агым» гезити баш-оту менен Бакиев-дерге єттї. Апрель революциясы болоор алдында «Айат» гезити 100 миў нуска ме-нен Ынтымак курултайын мактап, оппози-цияны жамандап чыкты. Бул гезитте Алым Токтомушевдин да кол тамгасы бар эле. Революция болгон жылды жыйынтыктап жатып, Алым Токтомушевге «Маданиятка эмгек сиўирген ишмер» наамын бере тур-ган болуп калды. Алым жезде баш тартты, ошондо барып жездемди кєндїргєм. Таг-дырдын тамашасыбы, дал ошол тизмеге президент Роза Отунбаеванын эрки ме-нен менин тизмем да кирип калат. Алым жездем экєєбїз президенттин сый коногу катары шампан кагышып жолугуп жатпай-бызбы. Дагы бир ирет, Тєлєгєн Карыкеев экєєбїз барганбыз, Тєлєгєн кеткенден ки-йин Черномырдиндин айткандарын окуп берип, кїлдїрїп отурган. Алым Токтому-шев да Байтикке Шербет эжекемдин жа-нына коюлду. Эми ойлоп кєрсєм Алым Токтомушев да, Шербет Келдибекова да бул жашоодо жок экен! Ишенбегенге айла жок. Менин сезимимде Бишкекте эле му-рункудай жашап жїргєнсїйт...

Улуу ємїр толкуп турду, уланып улам жаўы тїйшїк менен

Жылдыздар толуп турду зор ааламда,Нурлары жерге –сууга сиўип кетип.Чайпалып ташып турду улуу турмуш,Толкуну жїрєктєрдї дирилдетип...

Бакытты издеп жїрдїк башаламан,Бакытты издеп жїрдїк бардык жактан.

Улуу ємїр толкуп турду, бїтпєс сапар-Уланып улам жаўы тїйшїк менен.Чындыкты издеп жїрдїк башаламанЧындыкты издеп жїрдїк бардык жактан.

Дїйнєнїн бирдигинен жылдыз кєрдїк,Дїйнєнїн бирдигинен кєрдїк МЇРЗЄ.Дїйнєнїн бирдигинен чындык кєрдїк:Дуулады бакыт, сїйїї бардык тилдеДуулады сан –саат ємїр... доор - дооранДуулады акыл –сезим, Адам –заман.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Page 8: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

8 ТЇРКЇН ДЇЙНЄ

Page 9: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

9

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

Милан ТУРПАНОВ, Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти:

ШАХ...

ШАХМАТ ДЇЙНЄСЇНЄ КИРГЕНИМЕ АТА-ЭНЕМДИН

САЛЫМЫ АБДАН ЧОЎ

“Кыргыз деп соксун жїрєгїў, Кыргыз деп єтсїн ємїрїў” дегендей, Кыргызстанда мекени їчїн кїйгєн эр азаматтарыбыз кєп болсо анда биздин мамлекет эў єнїккєн мамлекеттердин катарында татыктуу ордун ээлеп турат эле да. Бул сєздєрдї айтып жатканымдын себеби, бїгїнкї биздин коногубуз мекен деп жашап, эли їчїн кїйгєн жана шахмат федерациясынын жетектеп кєптєгєн ийгиликтерге жеткен Милан Турпанов болмокчу.

- Ассалоому алейкум Ми-лан мырза-Алейкум ассалам.

-Ар бир адамга єзїнїн киндик каны тамган же-ри улук болот эмеспи. Сиздин улук жериўиз?- Мен бул жерликмин, мага

бул жер улук, мен бул жердин кулунумун деп айтуудан алыс-мын. Анткени, мен кыргыздын

кулунумун деп эсептейм, мага Кыргызстандын жети дубаны-нын ар бир тоосу, ар бир тамчы суусу мен їчїн улук болуп сана-лат. Мен Кыргызстандыкмын, тєрєлгєн жерим Бишкек, ушул Кыргызстандын борбору болуп саналган, кєп улуттагы адамдар-

дын башын бириктирген Биш-кекте чоўойдум.

- Бал татыган балалы-гыўызга кайрыла кет-сеўиз?- Балалыгым жакшы маанай

жана сиз айтып кеткендей бал та-тып єттї десем жаўылышпайм. Негизинен, менин балалык ке-зим 5 кичирайондо, Тєкєлдєш-тє, Туўгучта єттї. Кєп кєчїп жїргєндїктєн ушул райондор-до балалык сезимдерим калды. 9 класска чейин №5 мектептен билим алдым андан кийин атам-дын ак эмгеги менен Туўгучтан їй алып калып билимимди Туў-гучтан бїтїрдїк. Жалпылап айт-канда балалыгымды кудайга шї-гїр єткєрдїм.

- Шахматка качан жана кандай болуп кызыгып, ойноп калдыўыз?- Шахмат дїйнєсїнє киргени-

ме ата-энемдин салымы абдан чоў жана ошол менин кымбат адамдарым себеп да болуп берди. Биз Тєкєлдєштє жашап жїргєн-дє , анда мен 5 жашта элем, кєчє-дє балдар менен чїкє ойноп бїт-

кєндєн кийин, атам кошунасы менен шахмат ойноп жатканда тизесине отуруп алып ойногон-дорун кєргєндї жакшы кєрчї-мїн. Атамдын атаандашы туу-ра эмес жїрїп койсо мен атама “туура эмес жїрдї “ деп айтчу-мун. Атам менен апам шахматка

болгон кызыгуумду байкап мени чыгыш беш кичирайонуна “Ал-тын ачкыч” деген секцияга мени жаздырып коюшкан. Мына ошол жерден менин шахмат дїйнєсї-нє болгон алгачкы кадамдарым башталган.

- Шахмат боюнча эў ал-гачкы жеўишиўиз жана калган ийгиликтериўиз менен бєлїшє кетсеўиз?- Мен алгач жетиге чыга элек

кезимде “дворец пионери” де-гендин биринчилигинде бирин-чини алгам. Сабирова, Острый деген биринчи машыктыруучу-ларымдын эмгеги аркылуу про-фессионалдык шахматка єтїп, жаш єспїрїмдєр арасында он жолку чемпион болдум. Андан кийин шаардын, спартакиада-нын эки жолку чемпиону жана 2001-2002 жылы эркектер ара-сында эки жолку чемпион бол-дум.

- Шахмат ойноо аркы-луу кайсы мамлекеттер-ге бара алдыўыз?- Мен кєптєгєн мамлекет-

терде боло алдым, анын ичи-нен кошуна мамлекет Казакс-тан, Єзбекистан, Таджикистан, Ленинград да боло алдым. Ал эми сырткы мамлекеттерди айта кетсем Катар, Венгрия, Испания, Тїркмєнстан, Норвегия, Индия жана башка мамлекеттерде бол-дум . Бул єлкєлєрдї кєргєнїмє шахмат себепкер болду десем болот.

- Сиз бала чагыўызда ким болсом деп эўсечї элеўиз?

- Ачыгын айтсам мектепте му-галим балдардан сураса ар кими ар кайсы кесипти айтчу. Мен-ден сураганда “мен билбейм” деп айтаар элем. Мына азыр кудайга шїгїр элдин чоў кол-доосу менен шахмат федерация-сын 2013-жылдан бери жетектеп келем. Кандай гана кесип болбо-сун татыктуу жана таза иштеш керек деп ойлойм.

- Шахмат федерациясы жєнїндє кеп кылып кал-дык. Ушул кесибиўизден кандай жакшы ийгилик-терге жете алдыўыздар?-Биздин балдар август айла-

рында Норвегиядагы мелдеш-тин “С” группасынан алтын ме-даль алып келишти. Мени аябай кубандырган медаль тапшырып жаткан учурда биздин балдар баштарына ак калпак, колдо-руна кыргыздын желегин кєтє-рїп чыгышканы болду. Кыргыз-стандын тарых беттерин алтын медаль менен ачып жатышат. Мындай мїмкїнчїлїк Тєлєгєн тегин Семетей, Асылбек Абды-жапар, Маматов Мелис жана Болот Такырбашевдер ээ бол-ду. Ушул тєрт жигитибиз желе-гибизди желбиретип элибизди, жерибизди кубантып 174 мамле-кетке бизди даўазалап келишти. Мындан тышкары Тєлєгєн те-гин Семетей 750 оюнчунун ара-сынан 10 мыкты оюнчунун ката-рына кирди. Бул балдарга алкыш жана даўк.

- Милан Мырза келечек-те шахмат менен эле ке-тейин деп жатасызбы же саясатка аралаша-

йын деген ойлор барбы?-Саясат десе эле биринчи эле

бийлик деп тїшїнїп калбадык-пы. Азыр Жеўиш Молдокматов жетектеген “Калыс” саясий кый-мылы менен биздин “Ак санат” партиясы экєє биригип, мам-лекетке пайда алып келип, элди ойготуп элге тїз багыт берген-ге иш аракет кылып жатабыз. Эў негизги максат, башкалар-дан айырмачылыгыбыз биз бий-ликке эмес элге чыгып жатабыз. Анткени чыныгы элдик бийлик орноткондо чыныгы мекен їчїн кїйгєн эр азаматтар бийликке келип адилеттїї, тїз, мамлекет-тин бїтїндїгїн жана жаркын ке-лечек тартуулай турган эр аза-маттар чыгат деп ойлойм.

- Жаштарга болгон ке-ўешиўиз- Жаштар биздин келечеги-

биз болуп саналат. Мен жаш-тарга айта турган кеўешим бул дїйнєдє бизге эў кымбат ада-мыбыз болгон ата-энелерибиз-ге кайрымдуу болуп, алардын кєзї тирїї кезинде аларды барк-тай билип, аларды сыйлап ыраа-зычылыгын алсаўар дейт элем. Ошондой эле, бир туугандары-бызды, мекенибизди, элибизди даўктап, алардын камын ойло-гон эр азаматтардан болгула де-мекчимин.

- Убактыўызды бєлїп маек куруп бергениўизге чоў рахмат- Силерге да чоў рахмат, иши-

ўерге ийгилик каалайм.Жыргал БЕРДИБЕК уулу

Милан федерациясынын президенти

дын башын бириктирген Биш-

Page 10: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

10 КЄЄНЄРБЄС МУРАС

СТРИП-КОМИКСЖєнєкєй бирок ошол эле малда бир топ курч маанилїї, бир башкача комикстердин автору Tango’нун сїрєттєрїн биз єткєн санда (№104) кєргєнбїз. Фантазиясына абдан кызыктар калгандыктан, анын комикстеринин экинчи бєлїгїн чыгарууну туура кєрдїк.

Бектур БАЙМОЎОЛОВ

Page 11: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

11ЖЕРГИЛИКТЇЇЖАЎЫЛЫКТАР

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК

БУУнун СЕРЕПЧИЛЕРИ КЫРГЫЗСТАНДЫ СЕКСУАЛДЫК

АЗЧЫЛЫКТЫН УКУКТАРЫН КЕМСИНТКЕН МЫЙЗАМ

ДОЛБООРДУ КАБЫЛ АЛБООГО ЧАКЫРДЫ

Адам укуктары боюнча БУУ серепчи-лер тобу КР парламентин сексуалдык аз-чылыктын укуктарын кемсинткен мыйзам долбоорду кабыл албоого чакыргандыгын 26-ноябрда БУУ порталы маалымдады.

Октябрь айында Кыргызстандын пар-ламенти «салттуу эмес сексуалдык багыт-ка жакшы мамиле тїзїїгє» багытталган аракеттер їчїн, кылмыш жана админист-ративдик жаза сунуштаган мыйзам дол-боорду биринчи окууда кабыл алган.

Кєптєгєн укук коргоочулардын пики-ри боюнча, мыйзам, ЛБГТ єкїлдєрїнїн укуктарын кемсинтет. «Сорос» фондунун «Коомдук саламаттыкты сактоо» прог-раммасынын координатору Илим Сады-ковдун айтымында, салттуу эмес сексуал-дык мамилени жайылтууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорго экспертизанын бир нече тїрї: антикоррупциялык, укук коргоочулук жана укуктук экспертизалар буйрулган. «Алардын баардыгы терс баа берди. Бул мыйзам биринчиден адам уку-гуна, билдирїїнїн эркиндигине, эркиндик ассоцировасына жана башкаларга каршы келет»,- деди ал. БУУнун 4 атайын баян-дамачысынын - Дэвид Кэй, Майна Киаи, Мишель Форст жана Дайнюс Пурастын биргелешкен билдирїїсїндє, башка мам-лекеттерде буга окшош мыйзамдардын ка-

был алынышы кугуунтуктоолордун жана ЛБГТ єкїлдєрїнє карата катуу мамилелер-дин єсїшїнє алып келгендиги белгиленет.

Ж.Оторбаев:

АЙМАКТАР ЖЕР ТИТИРЄЄДЄН ЖАБЫРКАГАН ЫСЫК-КЄЛ ЖАШООЧУЛАРЫНА 5 МЛН

СОМДОН АШУУН ГУМЖАРДАМ КЄРСЄТЇШТЇ

25 жїк ташуучу унааларга жїктєлгєн 5 млн сомдук гуманитардык жїк жер тити-рєєдєн жабыркаган Ысык-Кєл облусунун жашоочуларына жєнєтїлїп жатат, деп билдирди єкмєт башчы Жоомарт Отор-баев 26-ноябрда Бишкек шаарынан гу-манитардык жардамдарды жєнєтїї иш-чарасында сїйлєп жатып.

«Биз бїгїн маанилїї окуяга - Ысык-Кєл облусунда 7 балл жер титирєєдєн жа-быркагандарга 5 млн сом суммага жардам кербенин жєнєтїїгє катышып жатабыз. Бактыга жараша элден эч ким жабырка-ган жок, адам єлїмїнєн качууга мїмкїн болду», - деди ал. Анын айтымында, гу-манитардык жардамды чогултууда бир дагы аймак катышпай калган жок. Баткен облусунан тарта баш калаага чейин баар-дык аймактар жардам беришїїдє. «Бїгїн курулуш материалдары, азык-тїлїктєр, жылуу кийимдер жїктєлгєн автоунаалар келди»,- деди Оторбаев.

СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ЄНЇКТЇРЇЇ МИНИСТРЛИГИ

ОРУСИЯДАН КЫРГЫЗСТАНГА 2011-ЖЫЛДАН БЕРИ

44 БАЛАНЫ АЛЫП КЕЛДИ - КРнын Социалдык жактан єнїктї-

рїї министрлиги тарабынан 2011-жылдан бери Москвадан жана Москва облусунан Кыргызстанга алынып келинген балдар-дын саны 44кє жетти.

Бул тууралуу социалдык жактан єнїк-тїрїї министри Кудайберген Базарбаев

кыргызстандык эмгек мигранттары менен болгон жолугушууда билдирди.

Министрликтин басма сєз кызматы билдиргендей, министр Эмгек жана ишке

орноштуруу боюнча федералдык кызмат-тын жетекчиси Максим Топилин менен Бажы биримдигине киргенден кийин со-циалдык маселелерди азайтуу, ошондой эле Орусиядагы балдарды Кыргызстанга кайтаруу жана эмгек мигранттарын со-циалдык жактан камсыздандыруу масе-лелери боюнча сїйлєшїїлєрдї жїргїздї.

«Биз учурда Орусиянын башка дагы ай-мактарын камтуу їчїн укуктук-ченемдик база даярдап жатабыз. Андан тышкары, жолугушууда эмгектенген жарандарды социалдык камсыздоо маселесин кєтєр-дїм. Сиздер билгендей, биздин Эмгек кодекс жарандар ишке жараксыз болгон учурда кепилдик берет. Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен мын-дай мыйзамдар эмгек мигранттары жїр-гєн єлкєлєрдїн мыйзамынын алкагында ишке ашырылат», - деди К.Базарбаев. Ошондой эле, министр жолугушуунун жїрїшїндє Кыргызстардын Бажы би-римдигине кирїїсїнє байланышкан су-роолорго жооп берди.

БИОМЕТРИЯЛЫК МААЛЫМАТ КАМПАНИЯСЫ:

КЫРГЫЗСТАНДА ЄЗДЇК МААЛЫМАТТАРЫН 289 МИЎГЕ

ЖАКЫН АДАМ ТАПШЫРДЫМамлекеттик каттоо кызматы-

нын Штабынын маалыматы боюнча,

24-ноябрга карата Бишкекте жана Кыр-гызстандын аймактарында єзїлєрїнїн биометриялык маалыматтарын 288 миў 851 адам тапшырды. Бул тууралуу Мам-каттоонун басма сєз кызматы билдирди.

24-ноябрь кїнї республиканын аймак-тарында биометриялык маалыматтарын тапшыргандардын саны 59 миў 785 адам-ды тїздї. Эскерте кетсек, биометриялык маалыматтарды топтоо боюнча улуттук кампания Бишкекте 20-октябрда, ал эми аймактарда 10-ноябрда башталды. Бї-гїнкї кїндє єлкєдє биометриялык маа-лыматтарды жыйноочу 808 пунктта 855 комплекти жабдуу орнотулган.

Бишкекте 3 миў 940 адам биометрия-лык маалыматтарын тапшырды. Маалы-маттарды топтоо боюнча улуттук кам-пания башталган 20-октябрдан тарта биометриялык маалыматтарын тапшыр-гандардын саны 54 миў 343 адамды тїздї.

Депутат Д.Бекешев ЖК отурумунда этил спиртин жїгїртїїгє байланышкан мыйзам долбоорун кароону сунуштоодо

Жогорку Кеўештин депутаты Дас-тан Бекешев («Ар-Намыс») парламент-тин 27-ноябрдагы отурумунда «Жар-нама жєнїндє» мыйзам долбоорун жана этил спиртин айлантууга байланышкан мыйзам долбоорун кароону сунуштоодо. Мыйзам долбоору 4 жума убакыт мурун їчїнчї окууда каралгандыгын айткан де-путат эмне їчїн азыркыга чейин кирги-зилбей жаткандыгын сурады.

Жооп узаткан вице-спикер Тєрєбай Зулпукаров (КСДП), эгерде комитетте талкуу єтсє, анда мыйзам долбоору пар-ламентте карала тургандыгын билдирди.

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КЇРЄШЇЇ БОРБОРУНДА

ДАРЫЛАНЫП ЖАТКАН БЕЙТАП АСЫНЫП ЄЛДЇ

Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы кїрєшїї борборунда дарылан-тып жаткан бейтап єзїн-єзї асып алды. Мындай маалыматты аталган борбордун жетекчиси Исамамат Арзиев тастыктады, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

И.Арзиевдин маалыматына караганда, Сузак районуна караштуу Жийде айы-лынын тургуну Ч.Касымов кургак учук-ка каршы кїрєшї борборуна 21-ноябр-да жаткан.

24-ноябрь кїнї кечки тамактануудан кийин нєємєттє турган врачтар аны тап-пай калышкан. Туугандары менен байла-ныша алышкан эмес. Ал эми 25-ноябрь кїнї эрте мененки саат 9:00дар чамасын-да Ч.Касымовдун оорукананын айлана-сындагы бак-даракка асынып калганын кєрїшкєн.

«Бейтаптын асынып алганын кєрєр за-мат тийиштїї укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылдык. Анын кур-гак учук оорусу 2011-жылы аныкталган. Ошондон бери жыл сайын дарыланып кетчї. Быйыл да дарылануу їчїн келген. Минтип келгенине 4 кїн болгондо єз ємї-рїн кыйып жатат. Мындай абал бизде би-ринчи жолу катталды», - деди И.Арзиев.

ПАНФИЛОВ РАЙОНУНДАГЫ ТУРАК ЇЙДЄН ТЇТЇНГЄ

УУЛАНГАН 79 ЖАШТАГЫ ЇЙ ЭЭСИНИН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ

ТАБЫЛДЫЧїй облусундагы Панфилов району-

нун Чалдовар айылындагы турак їйдєн

тїтїнгє ууланып каза болгон 79 жашта-гы їй ээсинин жансыз денеси табылды.

27-ноябрда ЄКМдин басма сєз кызма-ты билдиргендей, тїтїнгє ууланып каза болгон, 1935-жылы туулган Канкова Таи-са Павловна Совет кєчєсїнїн №180 да-регинде жайгашкан турак їйдє жашап жаткан.

Адам єлїмїнє алып келген єрт кыр-сыгынын себеби электр шаймандарын колдонуудагы єрт коопсуздук эрежелери-нин бузулушу болгон, деп айтылат маа-лыматта.

БИШКЕКТЕ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛГЕН ЖОЖдун

МУГАЛИМИ КАРМАЛДЫКР ИИМдин 5-Башкы башкармалы-

гынын кызматкерлери тарабынан, шаар-дагы ЖОЖдордун бирине окууга єткєрїї їчїн пара алуу фактысын аныкталды, деп билдирди 26-ноябрда ИИМдин басма сєз кызматы.

ИИМдин башкы тергєє башкармалыгы бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодекси-нин 166-беренесинде каралган (кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык кылуу) кылмыш белгилери боюнча шек-телген Ж.Баласагын атындагы КУУ ка-федрасынын ага окутуучусуна кылмыш ишин козгоду.

Алынган маалыматтар боюнча, єткєн жылдын жай мезгилинде ЖОЖ мугалими бишкектик тургундан, шаардагы ЖОЖ-дун бирине єткєрїїгє жардам берїї їчїн 4500 доллар акча талап кылган.

Абитуриент пара талап кылган айымга керектїї сумманы берген. Кийин аталган

факт ИИО кызматкерлерине белгилїї болуп, андан кийинки ыкчам-иликтєє иш-чаралары ИИМдин 5-Башкы башкар-малыгынын кєзємєлїндє жїргїзїлгєн.

Шектїї мугалим кармалып, азыркы учурда иликтєє аракеттери жїрїп жатат.

«МЫЙЗАМДАГЫ УУРУ» ГРУЗИЯЛЫК Р.БАРБАКАДЗЕГЕ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДЫГЫН МЫЙЗАМСЫЗ

БЕРИШКЕН

26-ноябрда КР ИИМдин басма сєз кыз-маты, криминалдык макамы бар чет элдик адамга Кыргызстандын паспорту мый-замсыз берилгендиги аныкталгандыгын маалымдады.

Анын маалыматына караганда, 2012-жылдын жазында Мамкаттоо кыз-матына караштуу, Ош шаарынын калкты каттоо Департаментинин ыкчам доку-менттештирїї боюнча бєлїмїнїн кыз-мат адамдары кызмат абалынан кыя-наттык менен пайдаланышып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.

Кызматтагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин жыйынтыгында Грузия-

нын жараны, «мыйзамдагы ууру» кри-миналдык макамына ээ жана («Ремень» каймана аты) Роман Барбакадзеге, Р.Ал-хозов атындагы жалпы жарандык пас-порт берилген.

Кызмат абалына кыянаттык менен пай-далануу жана мыйзамсыз паспорт берїї фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

КАЗАКСТАНДЫН ЖАРАНЫ ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТТЕР МЕНЕН КР ЖАРАНДЫГЫ

ТУУРАЛУУ ПАСПОРТ АЛУУГА АРАКЕТ КЫЛГАН

- Мыйзамсыз паспорт алууга аракет кылган Казакстандын 44 жаштагы жа-раны А.Зазулин жасалма документтери менен кармалды.

ИИМдин басма сєз кызматы билдир-гендей, ушул жылдын июнь айында А.За-зулин Кыргызстандын жарандыгы туу-ралуу мыйзамсыз паспорт алуу максаты менен жасалма документтерди: туулган-дыгы тууралуу кїбєлїк, В.И. аттуу жа-ран менен никеге тургандыгы тууралуу кїбєлїк жана паспортунун кєчїрмєсїн тез арада документ берїї бєлїмїнє бе-рип, арыздык-анкетанын бланкына єзї-нїн сїрєтїн чаптаган.

Бирок, документтерди каттоо учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын кыз-маткерлеринде шектенїї пайда болуп, бул тууралуу ИИМге кабарлашкан.

Шектїї кишини документтерин тап-шырып жаткан жеринен ИИМдин кыз-маткерлери колго тїшїрдї, деп айтылат маалыматта. Андан соў кылмыш иши коз-голуп, тергєє иштери аяктагандан кийин материалдардын бардыгы андан ары че-чим кабыл алуу їчїн сот органына єткє-рїлїп берилген.

Сот А.Зазулинге 12 миў сом єлчємїн-дє айып салды.

Page 12: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

12 УЧУР МАЕК

ТАТА УЛАН МАСКАСЫН САЯСАТКА КЕЛГЕНДЕ ЧЕЧЕБИ?

КЫРГЫЗ БОЗ ЇЙЇ ЮНЕСКОНУН ДЇЙНЄЛЇК МУРАСТАР ТИЗМЕСИНЕ КАТТАЛДЫ

- Ассалоому алейкум Улан мыр-за, ден-соолугуўуз, иштериўиз жакшыбы?- Алейкум салам, Аллага шїгїр, бары

жакшы.

- Кєптєн бери кєрїнбєй кетти-ўиз, бут тозуулар болуп жата-бы?- Ошондой окшойт, бут тозгон адам

айтпайт экен да, “мына мен тозуп жатам” деп. Ошондуктан тыюу салынбаган жер-лерде гана чыгып жатам.

- Ырларыўыздын кєбї абдан курч, кыргыз эли, жери їчїн кїй-гєндєйсїз, саясатка келейин де-ген оюўуз жокпу?- Ошол саясатка жолотушса... Чынын-

да саясатта болсом бир топ чоў реформа-ларды кылмакмын. Кыргыз – деп кїй-гєн адам болуп, кыргыз деген гана адам Кыргызстандын жашоосун оў жагына жакшыртат.

- Чоў саясатка чакыруулар бо-ло элекпи?- Болгон, марионетка катары, элди чо-

гултуп бер дегендей эле... Негизинен эле мен азыркы саясат менен бардык жагы-нан макул эмесмин. Мисалы: бажы би-

римдигине кирели деп жатабыз, а би-рок ал жакта бизди эмне кїтїп турат?... Мал чарбабыз єнїгєт, кичи єнєр-жай, тигїїчї тармак єнїгєт дейбиз, а бирок ошол эле матаны, ийне жибине чейин Кы-тайдан алып жатпайбызбы... Экинчиден стратегиялык объект болгон “Кыргыз га-

зын” сатып, башка єлкєнїн башкаруусуна берип койгонубуз абдан єкїнїчтїї. Бул айла жоктун иши дешээр, бирок менимче бул єз їйїмдєгї сууну кошунама сатып, “мен сантехниканы тїшїнбєй, иштете албай жатам, мага керектїї малда сууну ачып-жабып берип турчу” дегендей бо-

луп калды.

- Акыркы убактарда кимге наа-разысыз да кимге ыраазысыз?- Даана тигил же бул деп айткым кел-

бейт, бирок азыркы жаштар чыгып жат-каны кубандырат. Саясатта ичип-жеп, кыргыздын камын ойлобой, єз чєнтєгїн ойлогондор толтура. Ал эми Кыргыз-стандын жашоосун оўунан буруп, чындап актуалдуу кєйгєйлєрдї кєтєрїп чыгып жаткан жаш жигиттерге алкыш! Мага бут тозуулар болсо да, ошол патриот жигит-терге бут тозуулар болбой, иштери ил-гери болсо экен. Мїмкїн ошол жаштар бийликке келгенде, мен дагы саясатка келип, аралашып калам.

- Демек саясатка келсеўиз эл ал-дына маскаўызды чечип чыга-сызбы?- “Саясатта жана соодада достук жок”

дейт, ал эми масканы убагы келгенде кє-рєбїз. Акча жана бийлик їчїн жашабай, артыбыздан жакшы нерселерди калты-рып кетсек деген їмїттємїн.

- Маегиўизге чоў рахмат, сала-матта болуўуз.- Алла ыраазы болсун!

Маектешкен Бектур БАЙМОЎОЛОВ

Кыргыздар улуттук баалулугубузду кор-гой албайбыз деп эле какшап келдик, мына кечээ Францияда єткєн Юнеского чуркап жїрїп Самаков мырзабыз киргизди, му-рункуда болсо, Манасыбыз менен шырдак-ты дагы тизмеге киргизсе кыргыз їчїн кїй-гєн балдарыбыз деле бар экен деп кубанып атабыз. Бул улуттук баалуулуктарыбыздын чет мамлекетке тааныштырып дїйнєдє Кыргызстан деген єлкє бар экенин бил-ген дїйнє элдери кубанып жатса керек. Биз сыймыктанып мактанып айта турган нерсебиз ушул Боз їй, шырдак, Манасыбыз эмеспи. Бирок, бир жагынан карап айта турган болсок, Боз їйдїн Кыргыз жана Казак болуп тизмеге киргени бул кичине азда болсо, ой жаратып турат экен, мын-дан 10, 20 жыл мурун киргизсек болбойт беле. Єзїбїздїн байлыгыбызды башка бир

мамлекет дагы биздики деп кошо талаш-тырбай эле деген сєздєр чыкчудай болуп турат. Дегенибиз менен бир чети кур жалак калбай кудайдын буйругу окшойт бычак-ка сап жигиттерибиз бар экен. Намысты бербей дїйнєгє таанытуудабыз, кыргыз-дар ушу туулганынан кечигїїнїн їстїндє болот экенбиз деген сєздєргє ишенсек, чы-чалабай эле койсок болчудай. Бирок, ку-дай сїйгєн элдерденбизби айтор єзїлєрї сєз баштап киресиўерби деп суранышып, качан тарттырып ийе жаздаган калганда Манас атанын духу менен чоў мамлекет-терге таанымал болуудабыз. Эми не дейбиз Карганбек Самаков уулубуздай мекенчил мырзаларыбызга кудай єзї кїч кубат бер-син демекчибиз!

- Кыргыз жана казак боз їйлєрї ЮНЕСКОнун материалдык эмес мада-

ний мурастарынын Репрезентативдїї тиз-месине катталды.

Мындай чечим 26-ноябрда ЮНЕС-КОнун Париждеги штаб-квартирасында єткєн материалдык эмес маданий мурас-тарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Єк-мєттєр аралык комитетинин 9-отурумун-да чыгарылды.

Отурумунда Кыргызстан менен Казакс-тандын биринчи биргелешкен «Кыргыз жана казак боз їйлєрїн даярдоонун салт-туу эрежелери» наамы каралды.

Кыргызстан аталган наамдын демил-гечиси болуп саналат. ЮНЕСКО боюнча казак тарап менен кыргыз тараптын єкїл-дєрїнїн 2012-жылдагы жолугушуусунда эки номинация: «Кыргыз жана казак боз їйлєрїн даярдоонун салттуу эрежелери» жана «Айтыш, Айтыс — импровизация искусствосу» номинациялары даярдалган.

Учурда ЮНЕСКОнун Репрезента-тивдик тизмесинде, «Манас, Семетей, Сейтек», фламенко, Азербайжан мугам искусствосу, Нооруз майрамы сыяктуу материалдык эмес байлыктардын 282 элементи катталган.

24-28-ноябрга чейин белгиленген материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Єкмєттєр аралык комитетинин 9-отурумунун жїрї-шїндє материалдык эмес байлыктардын Репрезентативдик тизмесине 46 номина-ция жана шашылыш коргоого муктаж 8 номинация Материалдык эмес байлык-тардын тизмесине каралат.

Материалдык эмес маданий мурастар-ды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Єкмєттєр аралык комитетинин 9-отурумуна Кыр-гызстандан тємєнкї курамдагы расмий

делегация катышууда:• ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын

Улуттук комиссиясынын жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеўештин депу-таты, Карганбек Самаков;

• Жогорку Кеўештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Тур-сунбеков;

• Жогорку Кеўештин депутаты Эсен-гул Исаков;

• ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жоопту катчы-сы Элнура Корчуева;

• ЮНЕСКОго караштуу Кыргызстан-дын туруктуу єкїлї Асеин Исаев;

• «КАКСА-kg» фондунун жетекчиси, материалдык эмес маданий мурастар боюнча Єкмєттєр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргызстандан сереп-чиси Динара Чочунбаева;

• «Айгине» маданий-иликтєє борбору-нун жетекчиси, материалдык эмес мада-ний мурастар боюнча Єкмєттєр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргыз-стандан серепчиси Гїлнара Айтпаева.

• ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын маалыматы: Кыргыз-стан комитеттин 2012-жылдан баштап 2016-жылга чейинки мїчєсї болуп шай-ланган.

Ошондой эле, Комитеттин Тынч-Азия аймагындагы бюросунун вице-президен-ти. Кыргызстандын комитетте кєрсєтї-лїшї єтє маанилїї болуп эсептелет. Ко-митеттин 24 мїчєсї Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кайсы бир номинацияны киргизїї же киргизбєє тууралуу чечимди кабыл алат.

Жыргал БЕРДИБЕК уулу

Page 13: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

13ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШ

АБРИКОС АК КАЙЫЎ

Кадимки єрїк. Бийиктиги 3-8м-ге жет-кен роза гїлдїїлєр тукумундагы мємєлїї дарак. Анын 8 тїрї бар. Алардын ичинен кадимки єрїк абдан баалуу. Аны - ден соо-луктун мємєсї дейт. Абрикостун сєўгє-гїнїн диаметри 30см ден ашуун, кабыгы боз кїрєў, картайган дарактарда узунунан келген жаракалар болот: жалбырактары чоў, кезектїї, жумуртка сымал, учу ич-керээк, кыры майда арадай, сабактары кызыл-кочкул. Дарак март-апрелде гїл-дєй баштай, гїлдєрї жалбырактарынан мурда ачылат. Гїлдєрї бирден, чоў, ма-ла-кызыл, бир энелик, кєп аталыктан ту-рат. 3-4 жылдык болуп жетилгенде мємє байлайт. Мємєсї июнь-августта бышат. Мємєлєрї тегерек – кырдуу баркыттай сары-кызгылт, даамы таттуу алардын сал-магы 10-70г. Абрикостун данеги – овал-дуу-ланцеттей, уругу жалпак, мала-кїрєў, таттуу же ачуу. Республикада жергиликтїї дарактардан негизги орундарды ээлейт. Бактарда єстїрїлєт. Жапайы тїрї Кемин-дин, Тїштїк Кыргыз, Чаткал, Фергана кырларынын этектеринде єсєт.

Дїйнєдє эў даамдуу, таттуу абрикос-тор республиканын тїштїгїндє – Баткен аймагында кеўири єстїрїлєт. Абрикос-ко аарылар кєп келет, анын нектарынан тышкары алар чаўчасын жыйнайт.

Кадимки єрїктє 4,7-27� кант, пек-тин заттары, органикалык кислоталар, ийлєє заттары, аскорбин кислотасы, В1, В2, В15, Р, РР витаминдери минерал-дык туздар бар, каротин (А провитами-ни) кєп. Абрикосто єзгєчє калий кєп, бышкан єрїктє ал 305, кургатылганында 177мг-ти тїзєт. Кургак абрикосто 75-80� кант болот. Данегинде 58�-ке чейин кургабаган єсїмдїк майы бар. Мындан тышкары данегинде В15 витамин болот. Данектин ачуулугун гликозид амигдалин берет. Абрикостун данегинен абрикос май чыгарылат, анда амигдалин жоготулат.

Абрикостун мємєсїн бышкан кезде же кургатылган тїрдє жесе жакшы. Андан варенье, ширелер, компоттор даярдалат.

Кургатылган, данегинен ажыратылган абрикос (курага) жогорку калориялуу болот. Аны суткасына 100-150 граммдан организмди чыўдоо каражаты катары, ка-туу ооругандан кийин, кош бойлуулукта, балдарга берсе сонун.

Жїрєк - кан тамыр ооруларында абри-кос абдан пайдалуу. Себеби андагы калий кєп болгондуктан, ал кандагы натрийдин ашыгын чыгарып, зааранын чыгышы оўо-лот. Кургак абрикос ич катканда ичти да жумшартат. Кургак єрїктї жєн деле жейт, же андан компот, кисель кайнатса болот, сорпо да бышырса жарпайт. Ал їчїн кур-гак єрїктєн 1 бєлїк , 1 бєлїк кант жана 2 бєлїк кїрїч алса туура болот.

Абрикосту кургатканда 4 кг бышкан абрикостон 1 кг кургагы чыгат, кєп уба-кыт бою сакталат. Кєпчїлїк учурда єрїк кїндє кургатылат. Ал їчїн абрикосторду суу менен чайкап, экиге бєлїп, данегин чыгарат. Андан кийин аларды 10-12 ми-нутага лимон кычкылынын эритмесине салат (1 стакан сууга 2 чай кашык лимон кычкылы туура келет). Ал убакыт єт-кєндєн кийин калбырдай тешиги болгон идиштерге жайып, кїнгє 3-4 кїн курга-тып, андан кийин бардыгын бириктирип, кєлєкє жерде кургатат.

Абрикос темир жетишсиздигинен пай-да болгон аз кандуулукта, гипо- жана ави-таминоздо сунушталат. Абрикосто кант кєп болгондуктан кант диабетинде же-генге жарабайт. Данектен алынуучу аб-рикос майы кээ бир дарыларды, бет май-ларды жасоодо пайдаланылат. Бышкан абрикосту косметика маскасы їчїн кол-донсо жарайт.

Абрикостон чыккан чайыр кээ бир да-рылардын курамына кирет. Чайырды ап-рель-августта жыйнайт. Желдетилген са-райларда, кабаты 2-3 см кылып кагазга жаят. Кургак сырье саргыч, тунук кесин-дилер, даамы таттуу келет. Данегинин ка-туу кыртышы активдештирилген кємїр жана жогорку сапаттагы боёкту чыгарууда пайдаланылат.

Эл суйгєн популярдуу дарак. Анын би-йиктиги 20-25м, бутактары салаўдап ту-рат, кабыгы ак, жылма болот. Жаш кы-зыл-кїрєў бутактары чайырлуу сєєлдєр менен капталган. Гїлдєрї эки жыныстуу, сєйкєдєй болуп чогулган. Аталык сєй-кєлєрї бутактардын учунда 2-4 чачыча болуп жайгашкан. Энелик сєйкєлєрї – бирден, аталыктан эки эсе кыска, четки кыска єркїндєрдє жайгашкан. Мємєсї – канаттуу данектер. Ак кайыў апрель – майда гїлдєйт, мємєсї август-сентябр-да бышат.

Дарылык максатта негизинен ак кайыў-дын бїчїрлєрї, кээде жаш жалбырактары колдонулат. Бїчїрлєрї эфир майларына бай келет. Ошондой эле, анда флавоноид-дер, ийлєє заттары, чайырлар, С витами-ни, сапониндер ж.б. заттар бар. Жалбы-рактарында ийлєє заттары, чайырлар, С витамин, каротин эфир майлары, ж.б. организмге пайдалуу заттар табылган.

Ак кайыўдын бїчїрлєрї февраль-март айларында ачыла электе жыйналат. Кы-шында январь-февралда да жыйнаса жа-райт. Ал їчїн жаш бутактарын кыйып алып, аны боолоп, караўгы жерге бїчїр-лєр барсайганча сактап, кийин 3-4 жума кургатат. Андан кийин ал боолорду тап-тап, бастырып, силкип, же бїчїрлєрдї терип алып, ар кайсы кошундулардан та-залап, кагаз пакеттерге салып коёт. Бїчїр-лєрдїн сактоо мєєнєтї – 2 жыл.

Ак кайыўдын бїчїрлєрї негизинен заара айдама каражаты катары табарсык сезгенгенде, ак шишикте, єт баштыкчасы менен єт жолдорунун сезгенїї оорула-рында, тердетїїчї, жаратты айыктыруучу каражат катары колдонулат.

Ак кайыўдын жалбырактарынын таа-сири анча кїчтїї эмес. Жалбырактарды ак кайыў гїлдєгєндє терсе сонун, алар ошол убакта жыттуу, жабышкак, мик-робдорду єлтїрїїчї фитонциддерди кєп чыгарат. Аларды тез эле кургатуу зарыл.

Ак кайыўдын ширеси таттуу жагымдуу келет. Ал эрте жазда кар ээриген кезде 15-20 кїндїн ичинде алынат. Дарактын сєўгєгїн стамеска менен їч бурчтуу те-шик кесип, анын жогорку бурчун ылдый каратып чыгарат.

Ага калайдан кобулча киргизет. Ши-рени алгандан кийин дарактагы жараны мырза карагайдын чайыры, мом, пласти-лин менен чаптап коет. Диаметри 25-30см болгон ак кайыўдан орто эсеп менен сут-касына 40-45л шире алса болот. Саат 12 ден 18-ге чейин ал кєп чыгат экен. Ши-рени токойдо кыюу пландаштырылган ак кайындардан алса болот. Ичке, жаш ак кайыўдардан шире чыкпайт.

Ак кайыўдын ширесинде фруктоза, органикалык кислоталар, витаминдер, микроэлементтер ж.б. пайдалуу заттар бар. Єзгєчє жаз айларында мындай зат-тар организмге єтє керектїї. Ошондуктан ак кайыўдын ширесин системалуу тїр-

дє ичсе ал организмди чыўдап, тонусун жогорулатат. Ак кайыўдын ширеси вита-миндердин жетишсиздигинде, бронхит-те, туберкулездо, ревматизмде, бєйрєк менен табарсыкта таш пайда болгондо, аз кандуулукта, ангинада, чыйкан чык-канда, ак шишикте сунушталат.

Ак кайыўдын ширеси менен башты жууганда чачтар тїшпєй калат жана єсє баштайт. Косметика єндїрїшїндє ак ка-йыўдын ширеси лосьондорду чыгарууда пайдаланылат. Бетке безетки чыгып же анда пигменттїї темгилдер пайда болсо, бетти ак кайыўдын ширеси менен аарчып турса жакшы болот.

Ак кайыўдын бутактарынан шыпыр-гы жасап, мончодо колдонсо булчуўдар, муундар ооруганда жардам берет жана бутактагы жалбырактардан чыккан жы-пар жыттуу ис организмди чыўдайт, сеп алдыртат, дем алуу органдарына жакшы таасир этип, какырыкты чыгарууга жак-шы жардам берет.

Page 14: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

141414 САЯКАТ

ИСКУССТВОНУН МЕКЕНИРОМАНТИКА, ПОЭЗИЯ ЖАНА

РИЖП• ªëêº Ôðàíöèÿ

• Îáëàñò Èëü-äå-Ôðàíñ

• Äóáàí Ïàðèæ

• Íåãèçäåëãåíè III á.ê.÷

• Ìóðóíêó àòàëûøû Ëþòåöèÿ

• Àÿíòû 105,4 êì

• Êàëêûíûí ñàíû 12 672 000 àäàì

• Ðàñìèé òèëè ôðàíöóç òèëè

• Òåëåôîí êîäó +33 1

• Ðàñìèé ñàéòû http://www.paris.fr (ôð.)

Ар бир єлкєнїн єзїнє жараша символдору, руханий дїйнєсїнїн капкалары, ал капкаларды ача турган маданий коддору бар деп келебиз. Маселен, Париж - Франциянын символу да, тарыхы да, маданий коду да десек болот. Париж шаары Франциянын борбор калаасы. Бирок кєпчїлїк Парижде болуп келген элдер айтышат, "Парижде жїрсєў дїйнєнїн борборунда жїргєндєй болосуў" деп. Чындыгында Париж аябай кооз шаар. Бул кереметтїї романтикалык шаар, бїткїл дїйнєлїк коомчулук тарабынан "дїйнєдєгї эў кооз шаарлардын бири деп табылган. Бїгїнкї саякатыбыз париж шаарына болмокчу.

ПАРИЖЕвропанын эў элеганттуу, романтика-

луу, поэзиянын жана искусствонун меке-ни аталган Париж шаары Иль-Де- Франс аралынын тїндїк тарабында, Сена дарыя-сынын жээктеринде жайгашкан. Париж шаары биздин заманга чейин III кылым-дарда кельт уруусу тарабынан тїптєлїп, «Паризия» деп аталчу. Ал кылымдарда Паризияны жалаў римдиктер байырла-ган. Кийин V кылымдын башында рим-диктер менен немистер ортосунда кандуу согуш болуп, Паризия шаары талкаланып, римдиктер Сена аралынын тїштїк тары-бына кєчїшєт. V кылымдын аягында гана Паризия шаары Хильдерк хандын кїчї менен тургузулуп, Париж аталып калган. Бул улуу шаар тууралуу нечен романдар, музыкалык чыгармалар жаралды, тасма-лар тартылды. Дагы тартылат

ТУРИСТТЕРГЕ ЭСКЕРТМЕПариж шаарына барып калсаўыз, бул

жерде айтылган, шаардын башкы сый-мыктарына айланган жерлерди арманда калбай кєрїп койгонуўуз пайдалуу.

1. Эйфелева мунарасы эске келери анык. Эйфелева мунарасы бир гана Па-риждин эмес, бїтїндєй Франциянын сый-мыгы жана символу. Аталган мунаранын жанынан туристтер такыр їзїлбєйт, му-

нарага кирїї 14,5 евро (биздин акчага алмаштырганда 960 сом) турат.

2 Лувр музейи. Лувр музейи байыркы жылдары француз монархтарынын рези-денциясы болгон. Кийинчерээк нечен та-рыхты, байлыкты камтыган эў баалуу му-зейге айланган. Лувр музейинен музага айланган Моно Лиза, Венера, Марианна, айтор, бїт ханайымдардын портретинен тарта буюмдарына чейин кєрє аласыз. Баса, дал ушул музейде легендарлуу сїрєтчї Пав-ло Пикассонун экспонаттары да сактал-ган. Лувр музейин бир тегеренип, суктанып чыкканга болгону 11 евроўузду коротосуз.

3. Елисей талаасы Шансондун ме-кени. Дїйнє жїзїндєгї эў узун жана кооз кєчєлєрїнїн бири. Елисей кєчєсї – Па-риждин соода-сатык борбору десек жара-шат. Анткени атактуу эў кымбат бренд дї-кєндєрї, ресторандар, ири компаниялар дал ушул Елисей кєчєлєрїнєн орун алган.

4. Монмартр районунда белгилїї сїрєтчї, жазуучу, артисттер жашашкан. Атагы таш жарган мода дїйнєсїнїн негиз-дєєчїсї Коко Шанель, сїрєтчї Пикассо, Мерлин Монро, айтор, биртоп жылдыз-дар ушул кєчєдє жашаган экен. Салтты улай, учурда дагы Монмартр районунда жалаў белгилїїлєр жашайт.

Бул жерлер Париждин айрым гана ту-ристтик аймактары. Шаардын мындан баш-ка акылга сыйбас кооз жерлери да бир топ.

КАЛКЫ, САНЫ ЖАНА ДИНИПарижде 2,3 миллион адам, ал эми

шаардын чет жактагы айылдарында 12 миллионго жакын адам отурукташкан. Алардын 350000 адамы чет жактан кел-

ген иммигранттар. Иммигранттардын кєбї Марокко, Алжир, Португалия, Кы-тай жана башка жактан келген коноктор. Дин боюнча – калктын 80� христиандар болсо, 20� - мусулмандар.

ТРАНСПОРТШаар тургундарынын кєпчїлїк бєлїгї

метролордо катташат. Метролор шаарда 1900-жылдары эле каттай баштаган. Па-рижде эки эл аралык "Шарль Де Голь" жана «Орли" аэропорттору бар. «Шарль Де Голь» аэропорту 1974-жылы ачыл-ган. Учурда аэропорт бир жыл ичинде 50

миллионго жакын кардарларды тейлейт. Мындан сырткары, шаар ичинде 8 темир жол вокзалы кызматта. Алардын тєртєє-сї Лондон, Брюссель, Кельн шаарларын жана Франциянын чыгыш, тїштїк тарап-тарын бириктирип турат.

АШКАНА

Иттин эти корейлердин улуттук тама-гы болсо, француздардыкы баканын эти экен. Кадимки баканын санын тїркїн соустар менен кууруп, аны томат соусу ме-нен тамшанып жешет. Бул тамакты алар

«баканын колдору» деп коюшат экен. Не-гизи француздар деўиз азыктарына жа-кын келишет, ошондон улам дагы кайсы гана ресторан-кафелеринде болбосун, та-мак сунуштамынын (меню) 80� устри-ца, креветки єўдїї деўиз азыктары тїзєт. Париж ашканасы быштактын (сырдын) борбору. Бир гана ресторандарында эмес, бїт дїў-дїкєн, бутиктеринен тарта, быш-тактын 1200 тїрї сатылат. Быштак менен кофе ичип, деўиз азыктары менен вино-дон ууртап отуруу – француздардын кє-нїмїш адаты, салты десек болот.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

•Ïàðèæ øààðû 2000 æûë

ìóðóí ïàéäà áîëãîí. Àçûð

àë ý¢ êºï ýë êàòòàé òóðãàí

ä¿éíºäºã¿ øààðëàðäûí

áèðè. Æûëäà áóë æàêêà 25

ìèëëèîíäîí àøûê òóðèñòòåð

áàðûøàò.

•ªç óáàãûíäà Ýéôåëåâ

ìóíàðàñû êýý áèðººëºðä¿

êóáàíòà àëáà÷û. Àíòêåíè,

Àëåêñàíäð Äþìà, Ãè Äå

Ìîíàññàí, Ïàðèæ àðõèòåêòîðó

Øàðëü Ãàðíüå, Ëåêîíò Äå Ëèëü

æàíà áàøêàëàð “Ýéôåëåâ

ìóíàðàñû Ïàðèæäèí Êîîçäóãóí

áóçàò”, äåï êàãàçãà êîë

êîþøêàí.

•Ïàðèæèäèí ý¢ êºï áàðãàí

æåðè –áóë Ýéôåëåâà ìóíàðàñû

ýìåñ (æûëûíà 5,5 ìèëëèîí

òóðèñòòåðãå æàêûí), Ëóâð

äà ýìåñ ( 5 ìèëëèîí), áóë

Äèñíåéëåíä áîëóï ñàíàëàò, àãà

æûëûíà 13 ìèëëèîí òóðèñòòåð

áàðàò

•Ïàðèæäèêòåð èòòåðäè

æàêøû êºð¿øºò æàíà

ñòàòèñòèêà áîþí÷à øààðäà

òºðò áóòòóó äîñòîð áàëäàðãà

êàðãàíàäà êºá¿ðººê.

•Ïàðèæäåãè ìåòðî ä¿éíºäº

àäàìäàðäû òàøóó áîþí÷à

ñàíû æàãûíàí àëòûí÷û îðóíäó

ýýëåéò.

Page 15: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

15

Page 16: Айбат - коомдук-саясий гезити №106

№ 106 • 28-ноябрь, 2014-жыл

16

УРМАТТУУ ОКУРМАН!"АЙБАТ" гезитине

жазылуу жїрїп жатат!

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын- 3 айга – 148 сом 50 тыйын- 6 айга – 297 сом 00 тыйынЖазылуу республиканын, бардык

почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546

ИзготавливаемМЕБЕЛЬ НА ЗАКАЗ

КИНО

• Âûåçä íà çàìåð, ïðîåêò, óñòàíîâêà – áåñïëàòíî.

• Áîëüøîé îïûò ðàáîòû. Âûïîëíÿåì ðàáîòû ëþáîé ñëîæíîñòè è îáúåìà.

• Ðàáîòàåì áûñòðî è êà÷åñòâåííî.

• Èíäèâèäóàëüíûé ïîäõîä ê êàæäîìó êëèåíòó.

• Êîìïüþòåðíûé äèçàéí áåñïëàòíî!

• Äîñòàâêà è óñòàíîâêà áåñïëàòíî!

Гарантия качества 100%

Контактные телефоны:0709 09 99 56, 0550 25 08 88, 0708 02 56 74

Достуктан сїйїї жаралбайт! Же жаралабы...

Кече 27-ноябрь кїнї Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Герой моей девушки" тасмасынын бет ачары єттї. "Салам, Нью-Йорк!" фильминин жаратуучулары тарабынан тартылган комедияны кєрїї їчїн кыргыз шоу дїйнєсїнїн єкїлдєрї келишти.

Башкы каармандардын образын "тама-шоучу" Жеўиш Майрамбек уулу жана казакс-тандык актриса Алия Телебарисова аткарган.

Тасмада архитектура бєлїмїндє окуган студенттин бардар жашоого умтулуусу ча-гылдырылган. Баш калаада їй, машина, ий-гиликтїї жумушка жетиш їчїн оўой жолду тандаган Тилек чогу окуган байдын кызы менен достошо баштайт. Окуу жайдагы эў сулуу кыз менен достошуп, анын сїйїктїїсї-нє айланууну максат кылган башкы каарман сырдашып, ойноп-кїлїп жакындашат.

Бул арада кыздын жїрєгїн багындырган ары сырдуу, ары кїчтїї, аракетчил жигит пайда болот. Тилек дос кызы менен сырдуу жигиттин мамиле тїзїїсїнє жол бербештин айласын издеп убара...

Бир эле тасмада кєрїїчїлєр Жеўиш Май-рамбек уулун тєлгєчї, кїйєє жолдош, сел-саяк, саясатчы, кошоматчы курбу, ботаник-тин образында кєрє алышат. Ал эми кинонун аягы кандай бїтєт, келип кєрїп кетиўиздер;)

Премьера алдында кино жаратуучулар кичи конкурс уюштуруп, чакыруу билетин ойнотушту. Утушка ээ болуп, премьераны дос кызы менен бирге кєрїп кеткен Самат:

- Бул тасма мага абдан жакты, баардыгы єз ролдорун жакшы аткарышыптыр, жана актёр-лор менен актрисаларды жакшы тандашкан. Азыркы жашоо, жаштардын жашоосу туура

кєрсєтїлїптїр. Тамашалары абдан кїлкїлїї экен, мага абдан жакты. Руслан Акун мык-ты жигит жана тасманы мыкты тартыптыр. Ыраазымын жана дагы жакшы тасмаларды жарата беришин каалайм.. ийгилик! – деп єз оюн билдирди.

Продюсерлер дагы бир белек кылып, кино-премьерага балдар їйїнєн эки жїздєн ашык жаш бєбєктєрдї чакырышыптыр. Алардин бири Ринат аттуу кєрєрман:

- Кино абдан жеўил, кїлкїлїї, бирок ошол эле малда маанилїї экен – деп, кино жара-туучуларга, жана кєргєзмєнї уюштургандар-га рахматын айтты.

Фильмдин режиссёрлору Руслан Акун жана Чолпон Бєрїбаева. Тасманы тартуу идеясы "Тамашоунун" негиздєєчїсї Эрмек Нурбаев менен режиссёр Руслан Акунга таан-дык. Сюжетин Жеўиш Майрамбек уулу ме-нен Бакыт Осмонканов иштеп чыкса, Сергей Кролевич киного ылайыкташтырган. Жанры комедия, ал эми бюджети $75’000.

Бектур БАЙМОЎОЛОВ