16
Аида САЛЯНОВА: Жогорку Кеўештин кечээги отурумунда Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголгон «Республика» фракциясынан депутат Урмат Аманбаевага байланыштуу Башкы прокурор Аида Салянова маалымат берди. Тємєндє анын маалыматын кыскартып сунуштайбыз. - 14-май 2013-жылы Ош шаары жана Ош жана Баткен областтары боюнча Эко- номикалык кылмыштуулукка каршы кї- рєшїї боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгы тарабынан Кыргыз Рес- публикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси менен Ош областтык кургак учукка каршы кїрєшїї борборунун кызмат- керлеринин їстїнєн кылмыш иши козгол- гон. 2013-жылы бул кылмыш иши негизсиз токтотулган. 2013-жылдын 25-декабрында кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жандан- дырылып, тергєє жїргїзїї жагы башкы прокуратуранын тергєє тобуна тапшырыл- ган. Тергєє учурунда 2009-жылдан баштап 2013-жылдын ичинде Ош облусттук кургак учукка каршы кїрєшїї борборунун башкы эсепчиси Урмат Аманбаева, ошол эле бор- бордун директору Байсалов, аптеканын башчысы Шамшиева жана «БУМ» ЖЧК- сынын директору Улуходжаевалар менен алдын ала макулдашып, дарылоо бєлїмдє- рїнїн улуу мед айымдарын колдонуу жолу менен дары-дармектин сандарын кєбєйтїп, бухгалтериялык отчётторго Урмат Аман- баевага караштуу «БУМ» ЖЧКнын тарабы- нан дары дармектер келип тїштї деген жал- ган маалыматтарды киргизип мыйзамсыз акча каражаттарын сиўирип жїрїшкєн. Жогорудагы мыйзамсыз кыймыл аракеттер Урмат Аманбаева, Шамшиева жана башка- лардын катышуучулары менен 2013-жылга чейин улантылган. Тергєє тобу тарабынан уулу мээрман айымдар Кожонова, Айтиева, Кадыровалар суракка алынып, алар єз кєр- сєтмєлєрїндє 2009-жылы башкы эсепчи Урмат Аманбаева бизди чакырып талапта- маларга дары-дармектердин санын кєбєй- тїп «БУМ» ЖЧКсынан келген деген жал- ган маалыматтарды киргизесиўер деп биз алардан кєзкаранды болгондуктан жалган маалыматтарды талаптамаларга жазганбыз деп кєрсєтїшкєн. Тергєєдє «БУМ» ЖЧК- сынын Аманбаевага караштуу экендиги аныкталган. (Уландысы 10-бетте) 7 2 Театр жана кино артисти Токио - дїйнєнїн эў кымбат шаары болуп саналат ТЫНЧТЫК БОЛОТ, БИЗГЕ ТЫНЧТЫК КЕРЕК …Кыргызстандын жарандарын єлїм жазасы кїтїп турат 11 [email protected] № 104 14-ноябрь, 2014 www.aibat.kg 10 «АМАНБАЕВА КАНТИП "БУМду" БУРМАЛАГАН?» Дарылык касиети бар “БАЛ” 13 2 миллион сомду «курулуш таштандысына» айланткан С абиров 9 4 Сайдулла НЫШАНОВ: 14

Айбат - коомдук-саясий гезити №104

Embed Size (px)

DESCRIPTION

Айбат, Кыргызстан, Бишкек, газета, аймак, саясат, коом, экономика, маданият, шоубизнес, маек, bekturb

Citation preview

Page 1: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

Аида САЛЯНОВА:

Жогорку Кеўештин кечээги отурумунда Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголгон «Республика» фракциясынан депутат Урмат Аманбаевага байланыштуу Башкы прокурор Аида Салянова маалымат берди. Тємєндє анын маалыматын кыскартып сунуштайбыз.

- 14-май 2013-жылы Ош шаары жана Ош жана Баткен областтары боюнча Эко-номикалык кылмыштуулукка каршы кї-рєшїї боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгы тарабынан Кыргыз Рес-публикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси менен Ош областтык кургак учукка каршы кїрєшїї борборунун кызмат-керлеринин їстїнєн кылмыш иши козгол-гон. 2013-жылы бул кылмыш иши негизсиз токтотулган. 2013-жылдын 25-декабрында кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жандан-дырылып, тергєє жїргїзїї жагы башкы

прокуратуранын тергєє тобуна тапшырыл-ган. Тергєє учурунда 2009-жылдан баштап 2013-жылдын ичинде Ош облусттук кургак учукка каршы кїрєшїї борборунун башкы эсепчиси Урмат Аманбаева, ошол эле бор-бордун директору Байсалов, аптеканын башчысы Шамшиева жана «БУМ» ЖЧК-сынын директору Улуходжаевалар менен алдын ала макулдашып, дарылоо бєлїмдє-рїнїн улуу мед айымдарын колдонуу жолу менен дары-дармектин сандарын кєбєйтїп, бухгалтериялык отчётторго Урмат Аман-баевага караштуу «БУМ» ЖЧКнын тарабы-нан дары дармектер келип тїштї деген жал-ган маалыматтарды киргизип мыйзамсыз акча каражаттарын сиўирип жїрїшкєн. Жогорудагы мыйзамсыз кыймыл аракеттер Урмат Аманбаева, Шамшиева жана башка-лардын катышуучулары менен 2013-жылга чейин улантылган. Тергєє тобу тарабынан уулу мээрман айымдар Кожонова, Айтиева, Кадыровалар суракка алынып, алар єз кєр-сєтмєлєрїндє 2009-жылы башкы эсепчи Урмат Аманбаева бизди чакырып талапта-

маларга дары-дармектердин санын кєбєй-тїп «БУМ» ЖЧКсынан келген деген жал-ган маалыматтарды киргизесиўер деп биз алардан кєзкаранды болгондуктан жалган маалыматтарды талаптамаларга жазганбыз деп кєрсєтїшкєн. Тергєєдє «БУМ» ЖЧК-сынын Аманбаевага караштуу экендиги аныкталган.

(Уландысы 10-бетте)

7

2

Театр жана кино артисти

Токио - дїйнєнїн эў кымбат шаары болуп саналат

ТЫНЧТЫК БОЛОТ, БИЗГЕ ТЫНЧТЫК КЕРЕК…Кыргызстандын жарандарын єлїм жазасы кїтїп турат 11

[email protected] • № 104 • 14-ноябрь, 2014

www.aibat.kg

10

«АМАНБАЕВА КАНТИП "БУМду" БУРМАЛАГАН?»

Дарылык касиети бар “БАЛ” 13

2 миллион сомду «курулуш таштандысына» айланткан Сабиров

9

4

Сайдулла НЫШАНОВ:

14

Page 2: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

2 АЙБАТ ПРЕСС

Гезит ээси:"Айбат Аймак" коомдук фонду

Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер.Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу.Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде

катталган,

Каттоо № 1853Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды

Гезит келишим баада.

Буйрутма №2644 Нускасы: 1500

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: [email protected]

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

Редакциялык жамаат:Акинай АЙДАРОВАРахатбек РЫСАЛИЕВТєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВАДамир ЭСЕНГУЛОВМирбек АСАНАЛИЕВ (0777 15 99 45 Нарын)

Рыскїл ТЫНЫБЕК кызы (03943 43679 Ыссык Кєл)

Коммерциялык директор:Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

«ЖАЎЫ МУУНЧУЛАРДЫ» «ЖАЙЛАГАН» Р.ЖЭЭНБЕКОВ ЭМИ

ТОКТАКУНОВГО ЄТТЇБЇ?

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ЄНЇКТЇРЇЇНЇ КАРЖЫЛООГО

2015-ЖЫЛЫ 243 МИЛЛИОН СОМ БЄЛЇНЄТ

ЭС АЛУУ БАГЫНА КАРАШТУУ ЖЕР ТИЛКЕСИН НАРИМАН ТЇЛЕЕВ ТУРАК-ЖАЙ КУРУУГА БЕРИП

КОЙГОНУ КАНДАЙ?

ВАЛЕРИЙ ДИЛЬ МЕНЕН ФЕЛИКС КУЛОВДУН «КУУРЧАК» ЭКСПЕРТИ –

ЭРНЕСТ КАРЫБЕКОВБУ?

Єгїнї эгемен гезиттердин бири жаз-ды эле, улуттук оппозициялык кыймыл-дын лидери Равшан Жээнбеков Нурбек Токтакунов аттуу укук коргоочуну єзї-нє чакырып: «Кыргызгаз» ишканасын «Газпром» ишканасына сатылышын мый-

замсыз деп сотко кайрыл» дегендей ке-зектеги «заказын» бергенин. Журналист-тердин тарткан «тєлгє ташы тєп» келди. Муну Нурбек мырза єзї ырастады. Ал «Газпром» менен тїзїлгєн келишимди денонсациялоо єтїнїчї менен єкмєткє кайрылганын жарыялады. Анын айты-мында, «Газпром» келишимдин шартта-рын аткарбай атыптыр. Эми ага кандай жооп берерин єкмєт аке єзї чечер. Ага чейин Токтакуновго бир нерсени эскерте кетели. Равшан Бабырбекович энергети-калык каатчылыкка байланыштуу «Жаўы муун» кыймылынын активисттерин ачка-чылыкка чыгарып, кийинчерээк аларды «єзїўєрдї єзїўєр єрттєгїлє» дегендей буйрук кылганда, М.Аспеков, А.Бузур-манкуловдордун келмеси оозунан тїшкє-нї ашкереленген болчу. Эўди Равшанчик Нурбек Токтакуновду «єрттєн» десе єзїн єзї єрттєп жибереби?

Кыргыз тилине Кыргыз Республика-сынын мамлекеттик тили деген статус берилгенине 20 жылдан ашуун убакыт єтсє дагы, ал єз деўгээлинде жїзєгє ашы-рылбай келгени маалым эле. Анын єнїк-тїрєбїз, деўгээлин кєтєрєбїз деген бил-дирїїлєр мурдагы бийликтердин тушунда да жасалып келген. Бирок, тилекке каршы айтылган сєз иш жїзїнє ашкан эмес. Эске сала кетсек президент Алмазбек Атам-баев мамлекеттик тилди єнїктїрїї їчїн каражатты аябоо керек экендигин єткєн жылы эле эске салган. Кыргыз тилинин деўгээлин кєтєрїп, анын мамлекеттик тил деген статусуна жооп бере турган деў-гээлине алып келїї їчїн КР Мамлекеттик тил комиссиясын каржылоонун кєлємїн кєбєйтїї тапшырмасын берген эле. Пре-зиденттин бул убадасы жана тапшырмасы жїзєгє аша баштады. Финансы министри Ольга Лаврова мамлекеттик тилди єнїк-тїрїї їчїн 2015-жылы республикалык бюджеттен 243 миллион сом карала тур-гандыгын 13-ноябрьда парламент отуру-мунда билдирди. Мындан сырткары ми-нистр айым келерки жылда боло турган

парламенттик шайлоого 230 миллион, чек ара аймактарын єнїктїрїїгє 100 мил-лион жана дипломатиялык кызмат туу-ралуу мыйзамды реализациялоо їчїн 148 миллион сом карала тургандыгын айтып єттї. Мына ушундайча акырындык ме-нен чечилбей келаткан маселелер чети-нен чечиле баштады. Мамлекеттик тил-ге мамлекеттик деўгээлде кам кєрїїнїн башталганы демек анын єнїгїїсїнє ке-пилдик бере алат. Ошол эле убакта чек ара аймактарына жакын жайгашкан айыл-кыштактарды єнїктїрїї маселеси дагы єтє курч маселелердин бири эле.

Коррупциялык беренелер боюнча айыпталып жаткан Бишкектин экс-мэ-ри Нариман Тїлеевдин дагы бир мый-замсыз иши ачыкка чыкты. Кєрсє, Тїлеев Кытайдан кымбаттатылган баада авто-бустарды гана алып келгенди билбестен, жалпы эл колдоно турган эс алуу багынын жер тилкесин турак-жай куруу їчїн єзїм билемдик менен берип койгонду да жак-шы єздєштїргєн экен. Бул туурасында Бишкек мэриясы маалымат агенттикте-ринин бирине билдирген. «Турбаза жай-гашкан райондун аймагындагы жашыл зонанын жер тилкелери 2005-2007-жыл-дары турак-жай їйлєрїн курууну кєздє-гєн адамдар тарабынан басылып алын-ган. 2009-жылы шаар мэри болуп турган Нариман Тїлеев тийиштїї кызматтарга «Ак-Тилек Турбаза» жаўы конушунун аймагында жайгашкан жалпы колдонуу статусуна ээ парк зонасын турак-жайлар-ды курууга ылайыктуу кылып документ-теринин долбоорун єзгєртїї тапшырма-сын берген» деп билдирет мэрия. Бишкек башкы архитектурасы тарабынан бул жер тилкелерин жеке менчик їйлєрдї курууга

колдонуу жалпы колдонуу статусун алып салуу схемасы даярдалган. Бирок азыр-кы тапта ал схема Бишкек башкы архи-тектурасында жылан сыйпап кеткендей жок болуп чыккан. Азыркы тапта «Ак-Тилек Турбаза» конушунда 205 їй мый-замдан тышкары єз алдыларынча эле курулуп калганы белгилїї болуп турат. Єзїн-єзї билип, єтїгїн тєргє илген На-риман мырза шаарыбызды кєрктєндїр-бєй эле, тескерисинче бак-дарагы кєй-кєлгєн парктарыбызды талкалап жїргєн турбайбы, кєрсє…

Акыркы учурларда эксперт дегендер-ден баш адаша турган болду. Билимдїїсї да, билимсизи да, билгени да, билбеге-ни да эксперт болуп чыга келишти. «Сиз эксперт турбайсызбы, айтып койсоўуз?» деп журналисттер микрофон тосо калса, ар кандай жомокту айткан эксперттер бар. Ошолордун катарын єзїн энерге-тика жаатындагы эксперт катары кєр-сєтїїгє далалат кылып келаткан Эрнест Карыбеков деген толуктап келет. Бирок, ал єз алдынча эч кандай жагдайга экс-перт жїргїзє албай тургандыгы белги-лїї. Качан гана кємїскєдєгї кожоюндары «мындай деп сїйлє» деп буйрук кылганда, алардын пикирин єзїнїн оозу менен ай-тып чыга калат. Маселен, кече жакында эле бул экспертчалыш Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда электр энер-гиясын сатып алуу боюнча жетишилген макулдашууну сынга алып чыкты. Анын ою боюнча казактардын койгон шарт-тарына кыргыз бийлиги макул болбой, андан кєрє єткєн жылдан бери карай

Бишкек ТЭЦинде єзїбїздїн электр энер-гияны максималдуу єндїрїп чыксак туура болмок экен. Мунун канчалык деўгээлде тууралыгын албетте дасыккан эксперттер айтышсын. Бирок, бир гана кызык суроо туулат, эмне себептен Карыбеков мындай сунушун єткєн жылы айткан жок эле? Же анда анын оозун бирєє басып турду беле? Кыргыз элинде «Жоо кеткен соў кылы-чыўды ташка чап» деп айтылып келет. Єт-кєн жыл эми єткєн чак болуп калгандан кийин мындай сунушту айтып не кылат? Кыш босогого кирип келгенде биз Биш-кек ТЭЦинде электр энергиясын єндїрєт элек деп отурсак, кыш мезгили бизди кї-тїп отурат беле? Деги эле тїштєн кийин акыл айтканды качан коебуз? Ошончолук эле мыкты эксперт болсо Карыбеков єзї єкмєттє энергетика тармагын кєзємєлгє алып турган маалында неге бул тармакты реформалоо, єнїктїрїї багытында су-нуш айтпай, тилин тишине катып отурду эле? Же жумшак креслосунан айрылып калам деп коркту беле? Же анда азыркы «акылкошчулары» вице-премьер Вале-рий Диль менен «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов тарабынан тапшырма ай-тылган жок беле? Баса, ушул жерден кыс-тара кетїїчї нерсе Карыбековду куурчак театрдын куурчагындай кылып сїйлєтїп аткан дал ушул аттары аталган эки эрен экендигин эркин басылмалардын бири буга чейин эле жазып чыгышкан. Бири єкмєттє, бири коалициялык кєпчїлїк-тє отуруп алып, «бакма» экспертине тап-шырма берип аткан экєєнє жол болсун.

Page 3: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

3САСЫК САЯСАТ

“РЕСПУБЛИКА” ЖАНА “АТА-ЖУРТКА” ЄЗ-ЄЗЇНЧЄ БОЛГОНДО ЭЧ КАНДАЙ

ЖАРЫК ТЇШПЄЙТ

МАМЛЕКЕТТИН 2 МИЛЛИОН СОМУН «КУРУЛУШ ТАШТАНДЫСЫНА»

АЙЛАНТКАН МАКСАТ САБИРОВ

«Республика» жана «Ата-Журт» партияларынын биригїїсї элементардуу саясый логика менен гана жасалган.

«Республика» акыркы жылдарда єзї-нїн позициясын, єзїнїн мїчєлєрїн жо-готуп алды. Кєптєгєн таасирдїї єкїлдєрї партиядан чыгып, парламентте єздєрїнїн тобун тїздї. Ушундай эле тагдыр «Ата-Журт» партиясында да болду. Андан олуттуу лидерлери кетип калгандыктан салмагын жоготту. Экєє теў бирдей пози-циядагы алсыз партиялар, єз-єзїнчє тур-ганда аларга эч кандай жарык тїшпєйт.

Эки партия єздєрїнїн кїчтєрїн би-риктирип жатат. «Ата-Журт» Камчыбек Ташиев менен тїштїк электоратын тар-тат. Мындай жол менен тїштїк жана тїн-дїк шайлоочуларын тарткан бинардуу курал пайда болот. Бул кырдаалда алар-да алдыўкы партиялар менен соодала-шууга жол ача турган позиция пайда бо-лот. Анын ичинде «КСДП» менен. Азыр алар экономикалык окуялардын єнїгїїсї - энергетикалык жана азык-тїлїк кризи-си, экономикадагы кыйын кырдаал элдин нааразычылыгын жаратат деген логика менен кїтїп жатышат. Мындай кырдаал-

да алардын кыйкырып чыкканга ресурсу пайда болот. Мен аларда ушундай максат бар деп ойлойм.

Бул толук аракеттеги жана жанданды-руучу союз болушу мїмкїн. Анткени азыр алдыўкы партиялар єзгєчє активдїїлїгї менен айырмаланган жок. Учурда алар бийликте, андыктан социал-демократ-тардын партиялык иштери єзгєчє деле

байкалбайт, жаштар канаты абсолюттук тїрдє єзїн кєргєзє элек. Балким алар жергиликтїї деўгээлде элита менен ку-луардуу иш жїргїзїп аткандыр. «Ата-Мекенде» дагы тїрдїї аракеттер болуп атат. Андыктан аларда алдыга чыгып ке-лїї мїмкїнчїлїгї бар. Анын їстїнє бу-лар профессионалдуу жогорку класстагы саясый технологдор болот.

Парламенттик шайлоодо утуп чыгууга аларда шанс бар. Бирок, эў кеминде бир жылдан бери саясый процесстер сти-хиялык жана табигый жолдор менен жа-салбай жаткандыгын эске алыш керек. Бардыгы долбоорлук режим менен жї-рїїдє. Менин оюмча «Республика» менен «Ата-Журттун» биригиши дагы алдыўкы партиялардын долбоору болушу мїмкїн. «Республика» тїштїк элитасынын ра-дикализмин теў салмактап жана абсор-бициялап (жутуу, боюнча тартуу) турат.

Алдыўкы партиялар менен соодалашуу маселеси кандай болот? Кандай єўїттє алар коалицияга кирет, же оппозиция калары келишимдик-консенсусдук жол менен жїзєгє ашырылат. Анткени Кыр-гызстандагы элита жана партиялар идео-логиялык принциптер боюнча курулган эмес. Концептуалдуулук эч кандай чоў рольду ойнобойт. Андыктан эч кандай бири-бири менен пикирлери келишпеген адамдар да биригїїдє. Маселен Ташиев кайсы бир убакта Бабановго каршы ка-туу сєздєрдї айткан. Андыктан мен муну бул партиялардан тышкары партиялар-дын долбоору болушу керек деп ойлойм.

Марс САРИЕВ, саясат таануучу

«Республика» фракциясынын лидери Максат Сабировго карата ушул кїнгє че-йин укук коргоо органдары неге чара кєр-бєй келатышкандыгы табышмак. Албетте, биз айта турган «табышмактын» жандыр-магы укук коргоо органдарына менимче жакшы эле тааныш болушу керек. Бал-ким астыртадан иликтєє иштери жїрїп жаткандыр?.. Ошентсе да парламент три-бунасынан бакылдап сїйлєп, ар кимдин артынан «аўдууга» тїшкєн «республика-чынын» мамлекетке келтирген зыяндары тууралуу коомчулукка ачык айтып койбо-сок болбос. Болбосо, учурда биринчи-ви-це-премьер-министр Тайыр Сарпашевдин

ишмердїїлїгїн иликтєєгє алган депутат-тык комиссиянын башында туруп алып, аны болушунча каралоо менен алектенип атканын уккан-кєргєндєр Максат Саби-ровду сїттєй таза депутат экен деген ойго келиши мїмкїн. Сєзїбїз кургак болбошу їчїн жалаў фактылар менен гана сїйлєй-лї. Максат Сабировго таандык «Торго-ст-рой» жана «Вадимир» аттуу компаниялар 2009-жылдан бери карай Ысык-Кєл об-лусунда ишмердїїлїгїн жїргїзїп келет. Компанияларды Максат Сабировдун єзї эмес, жакын тууганы Кубат Турдутегин башкарып келген. Албетте, мындан эч кан-дай деле єєн издебейт элек, эгерде ал ком-

паниялар ишмердїїлїгїн мыйзамдын че-гинде так жїргїзїп келишкенде. Адегенде Сабировдун «Торгстрой» компаниясы Тоў районунун Тєрткїл айылындагы спорттук залды куруу їчїн тендерден утуп алышкан. Тилекке каршы ошол кїндєн ушул кїн-гє чейин спорт залдан дайын жок. Анын пайдубалы гана тургузулуп, калганы ток-топ калган. Себеби курулуш компаниясы пайдубалды курууда эле олуттуу кемчи-ликтерди кетирген. Ошондон бери карай курулуш иши кыймылдабаган бул обь-ектинин пайдубалы талкаланып, жарак-сыз абалга келип калган. Ал эми ушул эле пайдубалды куруу їчїн мамлекеттин ка-зынасынан 2 миллион сом каражат жум-шалганын айта кетели. Бул иш боюнча Ысык-Кєл облустук прокуратурасы та-рабынан облустук администрациянын ку-рулуш башкармалыгынын ошол убактагы жетекчиси Д. Долубаевге кылмыш иши козголгон. Бирок, мамлекеттин 2 мил-лионун курулуш таштандысына айлант-канга башкы себепчи болгон Максат Са-бировдун компаниясы жоопкерчиликтен сырткары калган. 2010-жылы болсо Же-ти-Єгїз районунун Челпек айылындагы жана Тоў районунун Барбулак, Шорбулак айылдарындагы спорт залдарын куруу иш-терин башкы подрядчиктердин уруксаты жок эле Сабировдун компанияларынын шыбагасына берилип кеткен. Кандайча мындай болуп кеткенин Сабиров, анан аны берїїнї чечкен адам гана билбесе, башкаларына табышмак бойдон калган. Мунусуна деле мейли дейт элек. Бирок, тилекке каршы башкы подрядчиктерден уруксаты жок алганын алып алышып, ал

объектилерди да мєєнєтїнєн кечиктирип бїткєрїшкєн. Андан сырткары тендерде кєрсєтїлгєн суммадагы каражаттан бир топ кєбїрєєк сарпташкан. Кыязы, мамле-кеттин акчасын аяп эмне кереги бар деш-кен окшойт. Маселен, Барбулак айылында-гы спорт залга тендер боюнча 1 миллион 616 миў 42 сом сарпталышы керек болсо, иш жїзїндє 2 миллион 266 миў сом коро-тулган. Демек, 649 миў 958 сомго ашыгы менен. Челпек айылындагы спорт залга 16,3� кєп каражат жумшалса, Боз булуў айылындагы спорт залга 45, 3� кєбїрєєк жумшалган. 2011-жылы болсо анын ку-рулуш компаниялары тендерден жалпы-сынан 52 миллион 342 миў 900 сомдук 12 объектини утуп алышат. Бирок аларга которулган акча 66 миллион 751 миў сом болуп чыга келет. Айырмасы 14 миллион 408 миў сом. Мынча акча кимдин чєнтєгї-нє «култ» этип кетиши мїмкїн? Буга деле макул дейли. Бирок акчаны ашыгы менен алып алышып, объектилердин айрымда-рын бїгїнкї кїнгє чейин бїтпєй жатышка-нын кандай тїшїнсє болот? Бул фактылар боюнча Ысык-Кєл облустук прокурату-расына бир эмес, бир нече арыздар келип тїшкєн. Бирок, алардан эч кандай реакция жок. Же сєзсїз эле Башкы прокуратурага кайрылыш керекпи? Мамлекеттин акча-сын «курулуш таштандыларына» айлан-дырып, тендерден кєрсєтїлгєн баадан бир топ жогору суммада каражаттарды алып, каалаганындай тайраўдап аткан Максат Сабировдун компанияларына акыры чара кєрїлїшї керек го?..

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Page 4: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

4 АНЫГЫН АЙТТЫ!

Темир САРИЕВ, Экономика министри::

Феликс КУЛОВ, ЖК депутаты, «Ар-намыс» фракциясынын лидери:

Парламент келерки жылдын бюджетин талкуулап жатат

*** Бишкекте кєп кабат їй

курулушун баштоого убактылуу тыюу салынды

*** Чек арада єзбек чек арачылары аткан октон кыргыз жараны каза

болду

*** Жыл башынан бери 40 чек ара

чатагы катталды

*** Келдибековдун чет єлкєдєгї дарылануусу качан бїтєрї

белгисиз

*** Жусуп Баласагындын 1000

жылдыгы белгиленет

*** Канада соту Кыргызстандын доо

арызын карай баштады

*** 30 миўден ашуун жаран биометриялык маалымат

тапшырды

*** Ошто диний радикализм

боюнча тїшїндїрїї иштери жїргїзїлїїдє

*** Чикагодо кыргызстандык жигитти

атып кетишти

*** Тажик єкмєтїнїн башчысы

Бишкекке расмий сапар менен келет

*** Олимпиадалык окуу жайдын бассейни кайрадан иштей

баштады

*** Кытайда “Манас” эпосу боюнча

3D форматта мультфильм тартылат

*** Барак Обама менен Си Цзиньпин

Пекинде сїйлєшїїлєрдї жїргїзїїдє

*** Америкалык тєрт студент

Орусиядан чыгарылды

*** Тажикстанда Сирияга

адамдарды їгїттєгєн 12 киши кармалды

*** Легендарлуу футболист Пеле Сан-Паулудагы ооруканага

жатты

*** Улуттар уюму Чыгыш Украинада

“согуш болорун” эскертти

***

ТАМЧЫ КАБАР

“РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВДУН КИМДЕН КАНЧА АКЧА СУРАГАНЫ, КАНЧА АЛГАНЫН ТАСТЫКТАП

БЕРЧЇ АДАМДАР БАР”

«МАМЛЕКЕТТИ ОЙЛОЙЛУ»

Жогорку Кеўештин кечээги жыйынын-да эркин депутат, УОК лидери Равшан Жээнбеков менен Экономика минист-ри Темир Сариев кайым айтыша кетти. Равшан Бабырбековичтин 2015-жылдын бюджет долбооруна карата айткан кебине жооп кайтарган Темир Аргенбаевич анын былыктарын чукуп єттї. Бирок, Р.Жээн-беков ага каш кайтарып жооп кайтара ал-баганы эле – Т.Сариевдин айткандарында чындыктын їлїшї арбындыгын далил-дейт. Тємєндє Сариевдин кебин эч єзгєр-тїїсїз сунуш кылабыз. Анда ал минтет:

- Мен ушул Равшан Бабырбековичке айтып коёюн дедим эле, мына эки кїн мурун ушул жерде комитетте жанагы кар-дарлар жєнїндє жыйын болуп, маселе ка-ралды. Ошол жерде мага жеткен маалымат боюнча, туура эмес десеўиз айтып кой-

соўуз болот, ошол жерде аялдарга “азыр эрте келип алыпсыўар жазында келсеўер болмок, жазында революция болуп кетет эле, ошондо митингдерге чыгат элек” деп айттыўыз. Эгерде биз ошондой мамиле кыла турган болсок келгендерге бул ая-бай туура эмес. Анан экинчиден жанагы коррупция жєнїндє айтып жатканда ки-чине алар кїзгїгє каранып, биз дагы кара-нып коёлу да. Анан мен ушул жерде дагы айтып коёюн, анткени сиз мага бир нече жолу сєздєрдї айтып, бир топ суроолорду берип жатасыз. Мына сиздин бир тууган атаўыз (Бабырбек Жээнбеков) агентст-вону башкарды. Анын кандай иштегенин, артында кандай сєз калганын жана акыры эмне менен бїткєнїн жакшы билесиз. Ан-дыктан, бирєєгє сын айтаардан мурун же болбосо морал айтып, мындай бир нерсе

сураардан мурун кичине кїзгїгє каранып коюш керек. Экинчиден, єзїўїз убагында мамлекеттик кызматта иштегенде мына бул жерде вице-премьер дагы отурат, ким-ден канча акча сураганыўыз, мурунку министрлер отурат, канча акча алганы-ўыз анын баары теў турат. Эми ошонун баарын жок дебей эле мен бїгїн апаппак болдум, таптаза болдум деп анан кийин мындай сын айтып їйрєткєндї токтотуш керек. Бул катуу сєз, бирок мен айтам бул сєздї, айтышым керек болчу.

Кыстырма: Равшан Жээнбеков 2001-2004-жыл-

дар аралыгында мамлекеттик мїлк фон-дун жетектегени маалым. Ошондо жалпы жонунан 342 мамлекеттик объекти, иш-каналар жеке колго єткєрїлїп, итбекер сатылып кеткен. Ал эми єзї Ысык-Кєл-дїн жээгиндеги «Асыл-Таш» пансиона-тын итбекер менчиктештирип, бїгїнкї кїндє аны 7 млн. долларга пулдайм деп жїргєн чагы. Равшан мырзаны эгемен Кыргызстандагы «эгемен коррупцияны» баштоочулардын кєч башында турган эў жаш єкїлї атаганы да бекеринен эмес.

Р.Жээнбековдун атасын Бабырбек Жээнбеков эки жолу мамлекеттик анти-монополдук агенттигин жетектеди. Акы-рында анын кол астындагы кызматкер «Кудайберген» базарынын ээсинен 300 миў сом пара алып жаткан жеринен кар-малды. Ал бул акчаны шефи Б.Жээнбе-ковго алып барып берерин айткан эле. Натыйжада Бабырбек Субанович ээрден шыпырылган. Ишенимдїї булагыбыздын кабарлашынча, райондук сот колго тїш-кєн кызматкерге 30 миў сом айып пул салып бошотуп жибериптир. Чамасы Ба-бырбек мырза соттордун алкымын май-лап, экс-кызматкерин бошотуп алганбы?

Жогорку Кеўештин кечээги отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жєнїндє» мыйзам долбоору талкууланды. Жыйын жїрїшїндє

«ар-намысчы» Феликс Кулов айрым оппозициячыл маанайдагы саясатчылар кырдаалды чайпалтууга аракет кылып атканын, аларды кєпчїлїк колдобой турганын билдирди.

Феликс Шаршенбаевичтин айтымын-да, айрым кыйынчылыктарды эл туура кабыл алууда жана бийлик кєйгєйлєрдї чечїї їчїн бардык кїчїн жумшап атат. «Айрым адамдар єздєрїн оппозиционер атап атышат, алардын артынан эл ээр-чибейт. Элдин атынан президент менен парламент гана сїйлєй алат. Ал эми єз-дєрїн оппозиция санап, жазында рево-люция болот дегендер – «эл душманы» деген Ф.Кулов маалымат каражаттарын дагы чындыкты жазууга, мамлекеттин эртеўин ойлоого чакырды.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

«АЙДАГАНЫ БЕШ ЭЧКИ, ЫШКЫРЫГЫ

ТАШ ЖАРАТ!»Дал ушул макал

«Чындык» партия-сынын лидери Ку-банычбек Кады-ровго куп жарашып тургансыйт. Себеби ал єгїнї УОК лиде-ри Равшан Жээнбе-ковго жолугуп, Са-руу айылындагы кырдаалды кайрадан курчутууга мїмкїндїгїн, жергиликтїї жаш активисттерди тартуу зарылдыгын айтыптыр. Ал їчїн 15-ноябрда Сарууда жолугушуу уюштурууга да даярдыгын кошумчалаганы. Ошол эле маалда дагы бир оппозиционер Уран Ботобеков Ка-дыровдун Ысык-Кєлдє кадыры нєл эке-нин, анын кїпїлдєп сїйлєгєндєн бєлєккє жарабай тургандыгын Бабырбековичтин кулагына кумдай куюп жатыптыр. Уран мырза кантсе да баамчыл адам эмеспи, К.Кадыровдун ала кєєдєн экенин бай-каганын карабайсыўбы!

Page 5: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

5ЄЗ БАШЫНДАГЫ ЧЄПТЇ КЄРБЄЙ

ЇЙ-БЇЛЄЛЇК БАШКАРУУ ДЕГЕН УШУНДАЙБЫ?Республикабызда эки жолу эмне себеп-

тен революция болгондугу баарыбызга тї-шїнїктїї. Электр энергиясынын кымбатта-шы, уюлдук телефонго салынган кошумча 60 тыйындык салык, айлык акынын азды-гы, жакырчылык, жумушсуздук єўдїї тол-гон-токой кєйгєйлєр себеп болгон. Бирок, булардан сырткары эў башкысы – бул бїтїн-дєй мамлекетти бир їй-бїлєнїн башкарып калгандыгы болгон. Тилекке каршы Акаев-дин катачылыгын Бакиев жазбай кайталап, керек болсо кїчєтїп кайталап бергенинин эсебин эми Минскиде тартып жатат. Кыргыз эли жакырчылыкка, кыйынчылыкка чыдаса дагы акыйкатсыздыкка, адилетсиздикке, эл-дин байлыгын бир гана їй-бїлє каалагандай калчоосуна жол бербей тургандыгын кєр-сєттї. Ошентип эки жолку революция менен їй-бїлєлїк башкарууга чекит койдук дедик. Чындыгында эле учурдагы мамлекет башчы-сы тарабынан мурдагы президенттердин ка-тачылыгы кайталанган жок. Парламентте беш фракция иш алып барып, їчєє коалициялык кєпчїлїктї тїзсє, экєє оппозицияда калып, кадимкидей кызыл-кыргын талаш-тартыш-тар менен иштеп келишет. Алгачкы эки бий-ликтин тушундагыдан айырмаланып, учурда парламентте оппозициянын єзїнїн трибуна-сы бар. Ал жерден бийликти да, башкасын да каалагандай сындап, каалагандай сунушта-рын айта алышат. Бирок, азыркынын оппо-зициясы «мурдагы оппозиция деле кєчєдє кыйкырып жїрїшкєн, биз деле кєчєдє кый-кырышыбыз керек» дегендей парламентте сунуш айткандан кєрє кєчєгє элди топтоп алып кыйкырганды жакшы кєрєт. Муну ме-нен алар мурдагы оппозициянын парламентте атайын трибунасы жок болгондуктан, кєчєдє кыйкырууга аргасыз болушкандыгын тїшї-нє алышпагандыгын кєргєзїштї. Ошентип «їй-бїлєлїк башкаруу болуп атат» деп элди дїргїтїп кыйкырайын дешсе, андай кєрїнїш жок аргасыз кеткен оппозиция «бийликти узурпациялоо жїрїп атат» деп кыйкырып чыгышты. Кандай узурпация, кантип узур-пация кылды так айтылган маалымат жок. Жєн гана кыйкырганга себеп керек. Болбо-со оппозиция жок деген сєздєр чыгып кетет. Азыр бийликте Атамбаевдин туугандары-нан эч ким жок. Ємїрлїк жары деле эч кан-дай саясат менен иши жок. Партиялашта-рын єзїнє тартып жатат деген доомат коелу десек, президент азыр эч кандай партияга мїчє эмес. Єкмєт єзїнїн ишин, парламент єз казанында кайнап, сот єз алдынча, Баш-кы прокуратура єз алдынча эле иштеп атат. Анан кайдагы узурпация? Кандай узурпация? Эгерде єлкєбїздєгї айрым саясатчылардын саясат айдыўында ишмердїїлїктєрїн їй-бї-лє мїчєлєрї менен биргеликте жасап жаткан-дыгы тууралуу сєз болуп жатса, анда башка кеп. Андыктан мамлекет башчысынын иш-мердїїлїгїнєн эч кандай їй-бїлєлїк башка-рууну да, узурпацияны да таба албаган соў, айрым саясатчылардын їй-бїлєлїк башка-руунун байкалбаган элементтерин жасап жат-кандыгы тууралуу сєз кылалы. «Чї» дегенде «Каршылык Кєрсєтїї Кыймылынын» лиде-ри Ємїрбек Суваналиевден баштабайлыбы? Себеби дал ушул мырза «Кыргызстанда бий-ликти узурпациялоо болуп атат» деп бирин-чилерден болуп кыйкырып чыккан эмеспи? Анын артынан калгандары тоту кушчасынан кайталап келишет.

БИЙЛИКТИ КИМ УЗУРПАЦИЯЛАП АЛДЫ ДЕСЕ,

АЛ – СУВАНАЛИЕВ ТУРБАЙБЫ?«Бийликти узур-

пациялоо жїрїп атат» деп кыйкы-рып алып, анан эле ыў-жыўсыз жогол-гон Ємїрбек Су-ваналиев келерки парламенттик шай-лоонун камын кє-рїї їчїн кайрадан кыймылга келди. Бирок, баягы узур-пация деген сєзїн негедир эми кайта-лагысы келбейт. Се-

беби ким эле бийликти узурпациялап жатат десе, ал єзї болуп чыгып атпайбы? Узун сабак сєз кылып отурбай, ток этер жерлерин эле

айтып коелу. Анын бир тууган агасы Жеўиш Исаков учурда Мамлекеттик бажы кызматы-нын тєрагасынын орун басарлык кызматын ээлеп отурат. Иниси Болот Суваналиев бол-со КР наркотиканы кєзємєлдє мамлекеттик кызматынын начальниги. їлкєн кызматтар бекен? Албетте мамлекеттик деўгээлдеги жогорку кызмат орундары. Бир эле учурда эки бир тууганы мамлекеттик жогорку кыз-маттарды аркалап аткандан кийин ким бий-ликти узурпациялап алган болот? Же кимдин їй-бїлєсї башкаруу системасында иштеп жат-кан болот? Албетте, Суваналиевдин. Кєрсє, Суваналиев єзїнїн їй-бїлєсїн айтып аткан турбайбы?..

КУЛОВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП КАЛСА, АНДА ЄЛКЄНЇ СЄЗСЇЗ ХАНАЙЫМ БАШКАРМАК БЕЛЕ?

Ушундай экен да кєрсє… Биз ишенип жїр-гєн темир генерал деле аялынын башкаруусу-нан чыга албайт экен. Муну ал 2012-жылы Бишкек шаардык кеўешине шайлоо болуп жатканда тастыктап бербедиби. Тактап айт-канда ал алы-кїчїнєн тайып баратканын тїшїнїп калдыбы, же дагы кандай себеби бар, айтор партиялык жана саясый процесс-терге єзїнїн ємїрлїк жары Ф. Абдрасулова-ны аралаштыруу аракетин кєрдї. Шаардык кеўештин шайлоосуна ал аялын партиялык тизменин 6-орунуна каттап туруп атказды. Буга байланыштуу шайлоо алдында Куловдун жары партиянын бардык финансылык кара-жаттарын єзїнїн «Куткаруу» («Спасение») деп аталган коомдук фонду аркылуу єткєздї. Мындан сырткары ал шайлоого карата пар-тиянын атынан талапкерлердин тизмесин каттоодо єзїнє жакын санаалаштарды ал-дыўкы орундарга коюуга аракет кылды. Муну биз жогоруда сєз кылган Ємїрбек Суваналиев деле тастыктап бере алат. Себеби дал ушул «Ар-Намыстын» лидеринин ємїрлїк жа-рынын жасаган иш-аракеттеринен улам эки генералдын ортосуна жарака кеткен болчу.

ЄМЇКЕ ДЕЛЕ ЇЙ-БЇЛЄСЇН САЯСАТТАН ТЫШКАРЫ АЛЫП

КЕТЕ АЛГАН ЭМЕСКонституция-

нын «атасы» атык-кан «Ата-Мекен» лидери Ємїрбек Те-кебаев дагы єзїнїн саясый кызыкчылы-гын жїзєгє ашыруу їчїн жакын туу-гандарын активдїї пайдаланып келери белгилїї. Анын бир тууган иниси, мар-кум Асылбек Теке-баев Ємїке кайда

барбасын жанында кєлєкєсїндєй эле ээр-чип жїрчї. Ал мурда Коргоо министрлиги-нин Башкы чалгындоо башкармалыгында иштеген. Анан 1996-жылы Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8,5 кг наркотикалык затты алып жїргєн жеринен кармалган. Анын арты ме-нен соттолуп, 1,5-2 жылча темир тор артында отуруп, агасы Ємїрбек Текебаевдин байла-ныштары аркылуу эркиндикке чыккан. Асыл-бек Текебаев Єзбекстан Ислам Кыймылынын айрым талаа командирлери менен тааныш болгон. Алардын арасында кадимки Жума-баев Намонгони да болгон. Ошентип жїрїп оорунун айынан бул иниси дїйнєдєн єткєн. Азыркы тапта Ємїкенин дагы бир иниси, КР ИИМинин мурдагы кызматкери А. Текебаев саясый процесстерге активдїї катышып ке-лет. Ал азыр Ош шаарында кийинки жылы боло турган парламенттик шайлоого даяр-дыктарды кєрїп, саясый-коомдук уюмдар менен жолугушууларды уюштуруп жїрєт. Ошол эле убакта “Улуттар биримдиги” пар-тиясынын єкїлдєрї менен да жолугушуп, “Ата-Мекен” партиясы менен аталган пар-тиянын биригїї мїмкїнчїлїгї тууралуу ма-селелерди ишке ашыруу аракетинде.

“БУЛЬДОЗЕРДУН” “БУРАМАСЫ”

їй-бїлєлїк башкарууга караманча-каршы чыгып келген саясатчылардын бири кадимки

революция “бульдо-зеру” Азимбек Бек-назаров болгон. Би-рок, єзїнє келгенде мындай башкаруу майдай жага тур-гандыгын далил-деп келет. Маселен, ал 2010-жылдын 7-апрелинен ки-йин Убактылуу єк-мєттїн мїчєсї бо-луп турганда уулу Русландын ой-да “оромпой тээп” жїргєнїн убагында кєп жа-зышкан. Атасы аркылуу мамлекеттик кадр-ларды коюу иштерине да аралашып кетерин кеп кылгандар кєп болгон. Ошондон улам “Айдар жокто Максим бар, Максим жокто Руслан бар” деген сєз айтылып калган. Акыр-кы жылдарда єзїнїн прициптеринен тайып кеткени їчїн Азимбек мырзанын “аптарый-каты” бир топ тємєндєп кеткенинен улам саясатка баш-оту менен кирише албай жї-рєт. Бирок, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров єўдїї саясатчыларга кеп-кеўешин берип келери белгилїї. Ошол эле убакта єзї-нїн уулу Русланды да Равшан Жээнбековго жакыныраак кармап, “Жаўы муун” кыймы-лына мїчє да кылып койгон. Ошол эле убак-та эми Ємїрбек Бабанов менен сїйлєшїп уулун “Республика Ата-Журт” партиясынын атынан келерки шайлоодо депутат кылууга аракет кылып жатканын эшиттик. Буга ме-нимче Бабанов “башын чайкабаса” керек. Себеби 2011-2012-жылдары Руслан мырза Бабановдун жардамы менен Кыргызстан-дын Япониядагы элчисинин жардамчылык кызматын аркалаган.

ЖАПАРОВДОРДОН САЯСЫЙ «ЖАРМАНКЕ»

Садыр жана Сабыр Жапаровдор Кыргыз-стандын саясый айдыўында 2005-жылдары пайда болгон. Алар дал ушул жылы Жогорку Кеўештин депутаттык креслосуна ат салы-шууга чыгышкан. Бирок, алардан жакшылык кїтпєгєн жердештери Жапаровдордун депу-тат болушуна ошондо эле каршы чыгышкан. Бирок, Садыр Жапаров парламентке депутат болуп келет. Анан саясаттан Ташиев, Келди-беков, Кудайбергенов, Мамытов, Арапбаев, Жумабеков, Чолпонбаев, Кадыров, Тїлеев, Тагаев, Ормонов єўдїї досторду табат. Ба-киевдердин коюн-колтугуна кирип атып, кор-рупцияга каршы Комиссар болот. Ити чєп жейт. Агасы Сабырга «Жыргалаў» шахтасын ит бекер баага алып берип жыргатат. Анан ишенген «кожолору» -Бакиевдердин доору бїткєндєн кийин «Ата-Журт» партиясы ар-кылуу парламентке келет. Жєн жїрбєй мур-да тїшїнє да кирбеген «Кумтєр» маселесин кєтєрїп чыгат. Болгондо да ал дагы бир де-путат Эркингїл Иманкожоеванын бир нече жылдап топтогон материалдарын пайдала-нып, єзїнє саясый упай топтоону кєздєйт. Ошентип 2012-жылдын 3-октябрында борбор шаарыбыздын борбордук аянтында «Кумтєр-дї» улутташтыруу керек деп 2 миўдей адам-ды топтоп алып курултай єткєрєт. Аягында Ак їйдї басып алууга аракет жасашат. Бий-ликти басып алууга жасаган аракеттери їчїн аларга кылмыш иши козголот. Мына ошон-до саясатта Жапаровдордун «жарманкеси» башталат. Садыр мырзанын бир тууганда-ры Сабыр, Давлет, Ороз, Сабырдын баласы – Азат жана бир тууган эже-карындаштары Салтанат, Райкїл аттуулар сот ишине ба-сым кєрсєтїї максатында Жети-Єгїз райо-нунда каршылык акцияларын уюштурушуп, «Балыкчы- Кумтєр» жолун тосушуп, алтын кени электр энергиясын алып турган «Там-га» подстанциясын єчїрїшїп, кїч орган-дарынын кызматкерлерине атайын чабуул жасашып, бийликтин єкїлдєрїн барымтага алышып, єрттєйбїз деп коркутушуп, айтор толгон-токой мыйзам бузууларды жасашат. Мына ушуну саясатка їй-бїлєсї менен ара-лашуу деп айтсак туура болобу? Ошол эле маалда Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайыр, уулу Таймурас дагы Жалал-Абад об-лусунун аймагында каршылык акцияларын уюштуруп, жол тосуп жатышканын билебиз. Бул дагы саясатка їй-бїлєсї менен аралашуу болуп саналат.

АМЕРИКАНЫ АТА-МЕКЕНИНЕН АРТЫК КЄРГЄН АТА-БАЛА

ЖЭЭНБЕКОВДОРСаясатта Бабырбек жана Равшан Жээнбе-

ков деген ата-бала бар. Калпты суудай агы-зуу жагынан экєє бири-бирин алдыга сал-байт. Бул экєєнїн аты жалпы коомчулукка 2005-жылдын 13-мартынан кийин дїў эте тїшкєн. Себеби Равшан Жээнбеков Жогорку Кеўештин 4-чакырылышына депутаттыкка ат салышып, жеўилип калган соў, анын тарап-таштары атасы Бабырбек баш болуп Талас облустук администрациясынын имаратын басып алышкан. Губернаторун барымтага алышкан. Ошентип 2005-жылдагы револю-циянын алгачкы кадамын жасоого катышып калат. Бул эмгеги їчїн Равшан Жээнбековду Бакиев 2006-жылы Кыргызстандын Малай-зиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси кылып дайындайт. Ага чейин 2005-жылы Равшан мырзага Мамлекеттик мїлк министрлигин жетектеп тургандагы ишмер-дїїлїгї їчїн еылмыш иши козголот. Бирок, ага карата толук фактыларды таба алышпай кайра жабышат. 2006-жылы ал оппозиция-га єтєєрїн ачыкка чыгарып Малайзиядагы Элчилик кызматтан кетет. Анан ага кайра 2007-жылы укук коргоо органдары тара-бынан мурдагы эле ишмердїїлїгї боюнча кылмыш иши жанданат. Мындай шылтоону таба албай турган Равшан мырза тїз эле АКШ беттеп качат. 2008-жылдын май айында ага Мамлекеттик мїлк министрлигин жетектеп турганда «Кайыўды -Кант» заводунун 10 % ак-циясын реализация кылып алгандыгы їчїн КР финполициясынын инициативасы менен эл аралык издєє жарыяланат. Ошол эле жыл-дын декабрында Мамлекеттик мїлк министр-лигинин имаратын оўдоо їчїн каражаттын кєп сарпталгандыгы їчїн дагы кылмыш иши козголот. Анын бул багытта мамлекетке кел-тирген зыяны 6 миллион сомду тїзєт. Ошен-тип 2010-жылы Бакиевдердин доору аяктаган соў кайрадан Кыргызстанга кайтып келет. Андан берки ишмердїїлїгї баарыбызга да-йын. Кыскача айтканда «Ата-Мекен» пар-тиясы аркылуу парламентке депутат болуп келип, анан Текебаев менен пикири келиш-пей партиядан чыгат. Анан «Улуттук оппо-зициялык кыймыл» аттуу кыймылды тїзєт. 2014-жылдын март айынан бери карай єзї-нїн кыймылынын финансы жагын чечип алуу їчїн эл аралык уюмдар менен байланышуу аракетин кєрїп келет. їстїбїздєгї жылдын 10-апрелинде борбор шаарыбызда 15 миў адам топтоп курултай єткєрєм деп болгону 1000ге чукул адам топтогону эсибизде. Ушул эле кїнї єлкєбїздїн ар бир облусунда элди митингге чыгууга їндєгєн. АКШ саясатчы-лары тарабынан колдоо табуу їчїн сентябрь айында кесиптеши Ємїрбек Абдрахманов экєє АКШдагы Кыргызстандын элчилиги-не АКШ Конгрессинин сенатору Ж. Мак-кейн менен жолугушуу уюштуруп берїїсїн єтїнгєн расмий катын жолдошкон. Эске сала кетсек, бул сенатор Украинанын бїгїнкїдєй абалга кептелишине їлкєн салымын кош-кон саясатчылардын бири. Равшан мырза сенаторго єзїнїн «Кыргызстандагы мамле-кеттик башкаруунун жаўы концепциясын» кєрсєткїсї келгендигин жашырбайт. Эмне їчїн аны АКШ саясатчысына кєрсєткїсї келгендиги албетте табышмак жана кызык. Ошол эле убакта атасы Бабырбек Жээнбе-ков дагы америкалыктар менен тыгыз кыз-матташуу аракетин кєрїп келет. Буга ал же-тектеген «Алиби» гезитинин редакциясына Кыргызстандагы АКШ элчилигинин эки єкї-лї келип, бир нече саат бою пикир алышып кеткени мисал боло алат. Бабырбек мырза «ээрге» минисп калганда башка адам, «ээр-ден» жылмышып калганда башка адам болуп каларын эки жолу катарынан далилдеди. Эки жолу Антимонополдук комитетти жетектеп, экинчисинде кол алдындагы кызматкери ар-кылуу жеке ишкерлерден пара талап кылган-дыгы ашкереленип кызматынан кетти. Ошол эле убакта уулу Равшан дагы бийликтин бир єкїлї катары ЖК депутаты болуп отурат. Ан-дыктан саясатка їй-бїлєсї менен аралашып, жеке кызыкчылыктары їчїн аракет кылып жатышкан бул саясатчылар «бийлик узурпа-циясы» тууралуу ооз ачканга деги моралдык укуктары барбы деген суроо туулат.

Акинай АЙДАРОВА

Page 6: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

6 ЭНЕРГЕТИКА

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ТАЛАШ-ТАРТЫШ: ЭКСПЕРТТЕР ЖАНА АДИСТЕР

ДАГЫ БИР “ПОКАЗУХА”

Энергосистемадагы кризистик кыр-даал мындан кєп эмес убакыт мурун эле таптакыр башка талаштарды жаратып келген. Энергетиктер суу каатчылыгы деген эмне жана бул жылы свет барды-гына эмне їчїн жетпей тургандыгын бир эмес, бир нече жолу тїшїндїрїш-кєн. Токтогул суу сактагычында суу аз, андыктан электр энергиясын сатып алуу керек. Качан гана єлкє президенти бул маселени чечип, электр алып келїї ке-лишимине келгенден соў талаш-тартыш-тар башка єўїттє уланды. Айрым экс-перттер бул келишимди казак тараптын Кыргызстанга каршы диверсиясы деп да атап жиберишти. Ошол эле эксперттер буга чейин калкты светсиз калтыруу – мына ушул кылмыш деп бекемдеп ай-тып келишкен…

Эске сала кетсек, казак энергетиктери менен макулдашууда 400 миллион кВт саат электр энергиясы 2014-жылдын ая-гына чейин жана 1,4 миллиард кВт саат 2015-жылы алып келинмек болгон. Кыр-гызстандыктарды электр энергиясы ме-нен камсыздоонун тїрдїї варианттары

каралган жана бул вариант эў пайдалуусу болгон. Ал эми диверсия деп – эгерде элибиз кыш мезгилинде светсиз калган-да айтсак болмок. Анын їстїнє электр энергиясы – бул кєптєгєн їй-бїлєлєр-дїн негизги жылуулук булагы.

ПОПУЛИСТТЕРДИН ЭСИНЕБизнеси электр энергиясынан кєз ка-

ранды болгон ишкерлер кєптєн бери эле электр їчїн кєбїрєєк тєлєгєнгє даяр. Мындан сырткары кєптєгєн бардар турмушта жашаган адамдар їйлєрїндє светтин болушу їчїн капчыктарын жу-картууга да даяр. Кышында свети жок отурууну каалабагандар генератор са-тып алышууда. Мындай ресурстун єздїк баасы азыр сунушталып жаткан электр-дин баасынан кыйла жогору. Калктын бир бєлїгїнє социалдык тарифти кал-тырып, калганын базар баасында сата берсе болот. Мында калктын негизги бєлїгї кадимкидей эле киловаттына 70 тыйындан тєлєшєт. Негизги кїч бай-ларга жїктєлєт.

ЭСЕП-КЫСАП… СЇРЄТЇН ТАРТЫП ЖАШАЙ БЕРЕБИЗ

«Кыргыз тарап казак тараптын кєз ка-ранды кылуучу шарттарына макул болбо-шу керек болчу, андан кєрє єткєн жылдан тарта єзїбїздїн электр энергияны Биш-кек ТЭЦинде максималдуу тїрдє иштеп чыгарыш керек болчу», - деп эсептейт эксперт Эрнест Карыбеков.

Максималдуу тїрдє «єзїбїздїн электр энергияны иштеп чыгаруу» їчїн ТЭЦке дагы 325 МВт иштеп чыгарууну кошум-ча жїктєє керек. Ал їчїн жок дегенде 12 котлоагрегат жана 5 турбоагрегат болу-шу керек экендигин адистер белгилеп ке-лишет. Муну менен бирге жазгы-жайкы мезгилдерде ТЭЦтин негизги жабдуула-рынын 70 пайызы пландуу оўдоп-тїзєє-лєрдє болот. Андай кылбаса алдыда келе турган кїзгї-кышкы мезгилге даяр болу-шу кыйын болот.

Карыбековдун эсеби боюнча 165 дол-лардан «Газпромдун» 330 миллион куб метр газын 1000 куб метр электр энер-гиясын борбордук ТЭЦтен єндїрїї їчїн

жумшаш керек экен, аны менен Токтогул суу сактагычындагы сууну да їнємдємєк-пїз деген ойдо.

Энергетиктерде болсо башкача кєз ка-раш. «Токтогул суу сактагычындагы суу-ну їнємдєє їчїн 1,4 миллиард кВт саат электр энергиясын єндїрїї їчїн Бишкек ТЭЦи конденсациялык режимде 325 МВт жїктї 2014-жылдын жаз-жай мезгилде-ринде толугу менен кєтєрїшї керек бол-чу. Мындай жїктї кєтєрїї їчїн 502,3 миллион куб кошумча газ керектелмек».

Муну менен бирге 1 кВт сааттын єздїк баасы каралып жаткан мезгилдин баасы боюнча 5,69 сомду тїзмєк. Жылуулук жоготуулары (ТЭЦтин конденсациялык режимде иштєє убагында) 391,3 Гкал/саатты тїзмєк (саатына 280 миў сом, же айына 201,6 миллион сом). Эксперттер 1,5 миллиард Квт саат электр энергиясын 5-6 айда борбордук ТЭЦте иштеп чыгарса бо-лот, аны менен бирге миллиондорду иш-тєєгє мїмкїн деп эсептешет. Мына ушун-дайча теоретиктер менен практиктердин маалыматтары эки башкача болууда.

Vz.kg сайтынан которулду

10-ноябрь кїнї, дїйшємбїдє “Электр станциялары” ААК басма сєз кызматы билдиргендей, Токтогул ГЭСинин плоти-насында видеону онлайн кєргєзгєн каме-ра орнотулуп, ишке киргизилди.

“Коомчулукту маалымдар кылуу мак-сатында, “Электр станциялары” ААКы Токтогул ГЭСинде онлайн байкоо жїргї-зїп баштады. Веб-камера суу топтомдору-нун иштерин їстїбїздєгї убакыт тартиби боюнча кєрсєтїп турат. Камера Токтогул ГЭСнин плотинасынын жогорку бьефин-де орнотулган. Кєрсєтїї форматы: видео; саат: GMT+6”, – дейт билдирїїдє.

Интернет колдонуучулары www.energo-es.kg сайтына кирип, “Токтогул

ГЭС онлайн” деген бєлїмїнєн видеону кєрє алат деп билдирилген болчу. Би-рок ал дарек боюнча биз кирип кєрсєк, плотина кєрїнгєнї менен ал плотинада канча суу агып кетип жатканын байкоо мїмкїн эмес экен. Суу бар же жогун гана байкоого болбосо, канча кєлємдє суу ке-тип жатканы белгисиз. Караўгы кирген-ден кийин бул камеранын кереги да жок, эчтеке кєрїнбєйт экен!

Бул камеранын орнотулушу, “Токто-гул ГЭСинен канча суу дайынсыз кетип жатат?” – деген коомчулуктун суроосуна жооп бергенге жардам бериши керек эмес беле?! Ал эми 12-ноябрь, шаршембиде видео тап-такыр кєргєзбєй калыптыр...

Бул “ишке” канча акча бєлїнгєнї бел-гисиз, бирок “чисто для показухи” болуп калганын моюнуна алышып, камераны туура жерге коюп, жарык лампаларын ке-ректїї жерлерге кошумча орнотуп, коом-чулук чынында канча суу кеткенин бай-коосуна толук шарт тїзїп беришсе, абдан сонун болмок!

Бектур БАЙМОЎОЛОВ

ЭРНЕСТ КАРЫБЕКОВ «КОЖОЮНУН» ЄЗГЄРТТЇ. ЭМИ АНЫ

Р.ЖЭЭНБЕКОВ ЖЕТЕЛЕЙБИ?Эрнест Карыбеков аттуу чала сабат

энергетика жаатында экспертчалыш бар. Ал кєшєгє артындагы «кожоюндары»: жолбашчысы Феликс Кулов менен ви-це-премьер Валерий Дильдин буйругун «кыўк» этпей аткараарын, алардын кєр-сєтмєсї менен энергетикага байланыш-туу сын-пикирлерин таратаарын жазба-ган гезит калган жок окшойт. Мына ошол киши УОК лидери Равшан Жээнбековдун долбоору саналган «Жаўы муун» кый-мылынын 19-ноябрга белгиленген теге-рек столуна катышканы атыр. Жыйында айтыла берип ашмалтайы чыккан «омок-туу ойлорун» ортого салып, єкмєт акени капталган согуп єтєрї айтпасак деле тї-шїнїктїї эмеспи. Мындан улам, бир су-роо жаралат: Э.Карыбеков «кожоюнун» алмаштырып, эми Равшан Бабырбеко-вичтин жетегине єттїбї? Дегенибиз, Рав-шан мырза Феликс Шаршенбаевич менен жеў ичинен макулдашып, Э.Карыбеков-ду єзїнє «ижарага» алганы, эўди аны

каалагандай «сайратары» тар чєйрєдє айтылууда. Кєрїнгєндїн «заказын» ат-кара берген Эрнест мырза цирктин жака белинде, МосСоветтин боюнда жїргєн «кєпєлєктєрдєн» їлгї алганбы дейсиў…

Page 7: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

7Сейдакматова Жамал

ИНСАН

Театр жана кино артисти

Кыргыз киносунда жана театрына ат кєтєргїс эмгеги менен кыргыздын элдерине аттын кашкасындай танымал, асмандагы чолпон жылдыздай баркы бар кыргыздын театр жана кино артисти Жамал Сейдакматова эжебиз жєнїндє баяндамакчыбыз.

Сейдакматова Жамал – театр жана кино артисти, «Туўгуч» жеке менчик теат-рынын уюштуруучусу жана кєркєм же-текчиси

Жамал Сейдакматова Кєл кылаасы-нын кїўгєйїндєгї Темир айлында туу-луп-єскєн.

Бала чагынан эле Жамал ырга-бийге шыктуу болуп єсєт. Бирок, орто мектеп-ти аяктагандан кийин, эўсегени ишке аш-пай, ал атасынын тили менен Москвадагы жеўил єнєр жай институтуна тапшырып, єтїп кетет да окуп калат. Баары бир жї-рєгїн уялаган максаты жанына жай бер-бей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келе берет.

Чыгармачылыгын єздїк кєркєм чы-гармачылык коллективинде ырдоодон баштаган Жамал Сейдакматова, акыры, 1957-жылы, Кыргыз мамлекеттик дра-ма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) келип кирип, артист бо-луп кызматка орношот. Ошондон тар-тып 1989-жылга чейин, башкача айткан-да “Тунгуч” театрын негиздеп, бєлїнїп кеткенге чейин, дээрлик 32 жыл ушул театрдын сахнасында агарып-кєгєргєн, чыгармачылык чоў-чоў ийгиликтерге жетишкен.

Аталган театрдын сахнасында Ж.Сей-дакматова ондогон ролдорду ойноп, кыр-гыз элине таанылды. Анын лирикалык маанайдагы, ички маанилерге бай образ-дарды тїзїїгє чебердиги дал ушул театр-дын сахнасынан кєрїндї.

Театрда иштей баштаган алгачкы эле мезгилден тартып жаш артистка кыргыз кинолоруна да активдїї тартыла баштайт.

Ж.Сейдакматованын 60-70-жылдар-дын ичиндеги театр єнєрїндєгї чыгарма-чылык ийгиликтеринин бири Англиялык улуу драматург У.Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жїрєт. Ырастан эле бул образ дегеле Ж.Сейдакматованын жалпы чыгармачылыгындагы эў орчун-дуу жетишкендик болуп саналат.

Бир чети сахналаш єнєгї, бир чети ошол кездеги жубайы, таланттуу театр артисти, маркум Болот Шалтаев экєєнїн “Азоого чалмадагы” чыгармачылык дуэ-ти (жубайы Петруччону аткарган), ушул кезге чейин кыргыз театрынын тарыхын-дагы нукура чыгармачылык єнєктєштїк-тїн, нукура чыгармачыл атаандаштыктын эў жогорку, эў бийик, эў мыкты їлгїсї болуп эсептелет.

Театр менен сахнада Ж.Сейдакматова

кєбїн эсе лирикалык, драмалык маанай-дагы образдарды жаратуунун чебери ка-тары мїнєздєлїп жїрєт. Бирок, ошол эле аталган “Азоого чалмадагы” Катарина-нын, андан соў “Їйлєнїї” спектаклиндеги Агафья Тихоновнанын образдары актри-санын комедиялык мїнєздєгї ролдордун да андан ашкан устасы экенин айгинелейт.

Кыскасы, Ж.Сейдакматова кєп кыр-дуу талант.

Обончу Э.Мукамбетовдун “Сайрагїл”, “Айдайлы жашоо кемесин” сыяктуу ж.б. ырларын ырдап чыгып, Ж.Сейдакматова убагында єз замандаштарына таланттуу ырчы катары да таанылган.

Кырдармтеатрдын сахнасында жетиш-кен ийгиликтери їчїн Ж.Сейдакматова 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек си-ўирген артисти, 1977-жылы Кыргыз СС-Ринин эл артисти ардак наамдарын алат.

Ал эми “Манастын уулу Семетей” дра-масындагы Каныкейдин образы їчїн ал 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лау-реаттыгына татыктуу болот.

ЖАШООНУН ОБРАЗЫ - ЖАМАЛ

Бирок, Ж.Сейдакматова Кыргыз мам-лекеттик академиялык драма театрынын сахнасында жетишкен чыгармачылык ийгиликтерине канаатанып, бир орунду таптап туруп калган жок. Анын чыгарма-чылык жаўылыкка чаўкоосу, умтулуусу, 1989-жылы болочок “Тунгуч” театрынын тїптєлїшїнє алып келди.

СССРдин жетекчиси М.Горбачев-дун Кайра куруусунун шарапаты тийип, Ж.Сейдакматова пикирлеш артисттердин тобу менен Кырдрамдын ичинде студия ачууга аракеттенип, алгач драматург Ж.Є-зїбекованын “Апамдын махабаты” дра-масын ишке ашырат. Андан соў ушул эле багытта К.Акматов менен Ж.Кулмамбе-товдун “Мунабия” драмасын режиссер А.Сарлыкбековго койдурат.

Театрдын ичинде дагы бир театрдын тїзїлїшї ал кездеги Кырдрамдын жетек-чилиги їчїн єтє єєн кєрїнїш эле. Ж.Сей-дакматова менен анын пикирлештери

ачык эле кодулана башташат. Андан ары Кырдарамдын ирегесинде ка-лууга мїмкїн болбой калган, ошон-до Ж.Сейдакматова бир катар пикир-лештери: М.Токтобаев, А.Єзїбеков, М.Мамбетов, Ж.Балыкбаева, Ж.Жа-манбаева, Т.Абдыразаева, Э.Чала-

баев, К.Бекбатыров ж.б. менен бир-дикте театрды таштап, чыгып кетишет

да “Тунгуч” театрын негиздейт.1990-жылы декабрь айында Кыргыз-

стан театр ишмерлер союзунун имараты-нын залында Кыргызстандагы эў алгачкы жеке менчик театр - “Тунгуч” театрынын расмий ачылышы єтєт.

“Тунгуч” театрынын ачылышындагы репертуары тємєнкїдєй эле: К.Акматов, Ж.Кулмамбетов, “Мунабия”

Ж.Кулмамбетов, “Чынгыз хандын ку-пуя сыры”

Ж.Єзїбекова, “Апамдын махабаты”, “Карагыз”

1992-жылы Ж.Сейдакматова, театр коллективини жыйынында «Туўгуч» теат-рынын кєркєм жетекчиси болуп шай-ланат.

«ЄМЇРЛЇК ЖАР...»

Жыйырма эки жашымда турмушка чыктым. Кїйєєм таланттуу артист Болот Шалтаев деген адам болгон. Чыгармачыл адамдын, айрыкча аялзатынын жанында, биринчиден, кїчтїї адам болуусу керек. Чынында, интрига, ушак, бут тосуулар-дын сазынан чыга албай калат экенсиў. Бирок уулум жети жашка чыкканда, Бо-лотум оорудан улам каза болуп калды. Андан кийин тагдыр мени Садырбек ме-нен кошту. Экєєбїздїн ортобузда кызым Ажар бар. Азыр жолдошум экєєбїз чогуу эмгектенип келе жатабыз. Негизи, эки кї-йєєм теў мени катуу кармашты. Башка-лардай болуп бейчеки бастырбай, жаман чєйрєгє кошпой, талантымды аздектеп келишти. Мен ушуга ыраазымын. Болбо-со менин атымды да пайдаланып, ушакка айланткысы келгендер четинен табылмак.

Сїйїї... Албетте, адамдын жїрєгїндє сїйїї ар дайым жашашы керек. Бирок ал жан дїйнємдїн бир бурчунда гана жа-шай турган сезим. Элге жарыя кылуунун кажети жок.

«МЕНИН КУРМАНДЫГЫМ...»–Искусство курмандыкты талап кылат.

Айрыкча актёрлук. Балдарыма, жолдо-шума арноочу мээримимдин жарымын ролдорума арнадым кєрїнєт. Менин кур-мандыгым їй-бїлєм болду. Азыр артыма кылчайып, балдарыма, жолдошума талап-тагыдай кєўїл бурбаганымды, ата-энеме перзенттик эмгегимди єтєбєгєнїмдї бай-кап, єзїмдї кїнєєлїї сезем. Мен да элдин аялдарындай болуп їйгє киши чакырып, кечинде тамак жасап, балдарымды, кї-

йєємдї кїтїп отурсам болот эле. Бирок кесибим менден башка нерсени талап кыл-ган. Жашоомдогу эў оор жоготуум, тєрєл-бєй калган балам болду. Жаштыктанбы же байкабастыктанбы, кєп нерсени кєўїлгє албай, ичимди таўып алып иштей берчї-мїн. Ошондо бир нерсе болгонбу, ичим-деги бала єлїї тїштї. Гастролдоп жїрїп да бир ысыкта, бирде суукта калып жїрїп, ден соолугум жабыркады.

Ємїр бою маянадан-маяна кїтїп жа-шадык. Ошентсе да эч кейичї эмесмин. Актрисалык башыўды айланта турган куду баўгизаттай азгырык окшойт. Жи-ниўди, арманыўды, сїйїїўдї, мээримиў-ди, эмоцияўдын баарын сахнада тєгїп бересиў. Сахнада миўдеген кєздєрдїн алдында турган учурдагы ырахатты, ба-кытты эч нерсе менен теўештире албайм.

ТЕАТРДА АТКАРГАН НЕГИЗГИ РОЛДОРУ

• Жамал (А. Дыйканбаев,

«Мїрєктїн суусу»)

• Алиман (Ч. Айтматов,

«Саманчынын жолу»)

• Сейде (Ч.Айтматов, «Бетме-бет»

• Шайыргїл (Т. Абдумомунов,

«Абийир кечирбейт»)

• Айганыш (А. Токомбаев,

«Єлбєстїн їрєнї»)

• Нази (М.Байжиев, “Тєр адам”)

• Катерина, (У. Шекспир, «Азоого

чалма»)

• Эркайым (Ш. Садыбакасов, «Ак

боз ат»)

• Агафья Тихонова (Н. Гоголь,

«Їйлєнїї»)

• Шафак (М. Карим, «Ай тутулган

тїндє»)

• Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»)

• Кїлсїн (М.Байжиев, “Кыз-Кїйєє”)

• Дездемона (У. Шекспир,

«Отелло»)

• Алмагїл (Ч. Айтматов, К.

Мухамеджанов, «Фудзиямадагы

кадыр тїн»)

• Эльпи (К.Мамбетакунов, “Омор

Хаямдын махабаты”)

• Зейнеп (Б.Жакиев, “Кїттїргєн жаз

да келээр”)

• Каныкей (Ж. Садыков, «Манастын

уулу Семетей»)

• Салыя (К. Акматов), «Ажырашуу

тїнї»)

• Жайдар (Ч.Айтматов,

Жаныбарым, Гїлсары)

• Найман эне (Ч.Айтматов, “Кылым

карытаар кїн”)

• Тангабике (Мустай Карим, “Ай

тутулган тїндє”)

• Мунабия (К. Акматов,

Ж.Кулмамбетов «Мунабия»)

• Кєзї ачык кемпир (

Ж.Кулмамбетов, “Чыўгыз хандын

купуя сыры”)

• Ханыша (С.Раев, «Ханышанын кєз

жашы») ж.б.

КИНОРОЛДОРУ

• Зиягїл («Алыскы тоолордо»)

• Хатша («Караш-Караш окуясы»)

• Жамал («Ташка баткан элестер»)

• Фатима («Улан»)

• Бегайым («Ак илбирстин тукуму»)

• Шайыргїл («Кара кийикке жол»)

ж.б.

Жыргал БЕРДИБЕКОВ

Page 8: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

8 ТЇРКЇН ДЇЙНЄ

Бектур БАЙМОЎОЛОВ

Бул жигит гравитация эмне экенин абдан жакшы билет!

Бул сїрєттєрдї биринчи кєргєндє, дароо эле – таштар супер-пупер клей менен чапталган деген ой келет. Бирок чынында эч кандай клей сымал эчтеке колдонулбайт.Ландшафт дизайнери Майкл Грабдын айтуусу боюнча, бул жерде негизкиси – баланс. Анын долбоору Gravity Glue деп аталат. Элестетип кєрсєўєр: ушунун баары гравитациянын кїчї менен гана турат.

Page 9: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

9

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

МЕКЕНДИН МЕКЕНЧИЛ УУЛУ

Page 10: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

10

ЖУМУШСУЗДУКТУ ЖЕЎЇЇ ЇЧЇН – «КУМТЄР» МЕНЕН

КЫЗМАТТАШЄлкєбїздєгї орчундуу кєйгєйлєрдїн

бири – бул жумушсуздук экендиги белги-лїї. СССР ыдырап, Кыргызстан єз алдын-ча кєз карандысыз мамлекет болгондон бери карай жумушсуздук кєйгєйї чечил-бей келет. Мурда иштеп келген завод-фаб-рикалар таланып-тонолуп, колхоз-сов-хоздор таркап кеткенден кийин элибиз «алаканын шак коюп, кєчїгїн жерге так коюп» кайдан жумуш таап, кайсыл кара-жатка жашаарын билбей баштары маў болуп калган. Акыры аргасы тїгєнгєн ме-кендештерибиз бактысын чет єлкєлєрдєн издеп суудай агылып кетти. Буга бїгїнкї кїндє бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллион кыргыз жаранынын Россияда оокат кылып жїргєнї толук мисал боло алат. Кыргыз бийлиги Акаев доорунан тарта эле «Инвесторлорду тартабыз, єндї-рїштї жандантабыз, жумушчу орундарын тїзєбїз» деген кулакка жагымдуу убада-ларын берип келет. Тилекке каршы аны жїзєгє ашыруу акыркы учурларда жомок-ко айланып баратат. Тескерисинче инвес-торлордун жолун тороп, куугунтукка алуу аракеттери менен инвесторлорду кызык-тыруудан да калып баратабыз. Ошентип «Єгїзїм єлбєсїн, арабам сынбасын» деген басык менен гана экономикабыз кылды-рап келет. Бирок, мына ушундай жагдай-да башкаларга їлгї кєрсєтїп, єлкєбїздє чакан єндїрїш иштерин жандантуу ара-кеттерине салым кошуп жаткан «Кумтєр» компаниясы бар экендигин эске алышы-быз керек. Бул ишкана бїгїнкї кїндє єзї-нїн єндїрїшїнєн сырткары дагы бир нече жїздєгєн чакан ишканалардын, фермер-лердин, жеке ишкерлердин стабилдїї иш жїргїзїїсїнє тирек болуп келет. Компания азыркы тапта азык-тїлїк, товар жана баш-ка кызмат кєрсєтїїлєрдї жасаган 600дєн ашуун жеке ишкерлер менен кызматташат. Албетте, компаниянын мындай кызмат-ташуудагы талабы кїчтїї - биринчиден, азык-тїлїктєрдїн жана товарлардын са-паты жакшы болушу шарт. Ага жараша баасы да жогору болот. «Кумтєр» менен кызматташкан кандай гана чакан ишкана болбосун, ал єзїнїн бизнесинин стабил-дїїгїнє тереў ишене алат. Анткени кандай товар болсо да, канча санда, же канча кє-лємдє сатып ала тургандыктарын компа-ния алдын-ала контрак аркылуу бекемдеп

берет. Мындай стабилдїїлїк єлкєбїздє чакан єндїрїштєрдїн жандануусуна чоў єбєлгє экендиги айтпаса да тїшїнїктїї. Бул бир жагы. Экинчи жагынан «Кумтєр» мындай ишмердїїлїгї менен єлкєбїздє кошумча жумуш орундарын тїзїп жатка-нын айтып коюшубуз керек. Компания-га кызмат кєрсєткєн 600дєн ашуун жеке ишкердин ар биринин карамагында орто-чо эсеп менен 7ден гана жумушчу бар деп эсептегенде, алтын кени єздєрїнїн єндї-рїшїндє иштеген 3000дин тегерегиндеги кыргыз жарандарынан сырткары дагы 4000ден ашуун адамды жумуш менен кам-сыз кылып жаткан болот. Аталган компа-ниянын вице-президенти Лесли Лоунун айтымында алар мындан ары дагы жер-гиликтїї рынок менен кызматташууну кїчєтїї аракеттерин кєрїп келишет. Бул багытта "Кумтєр" менен кызматташууну каалаган жеке ишкерлер їчїн ар дайым эшик ачык. Болгону єздєрїнїн кандай кызмат кєрсєтє ала тургандыктарын конк-реттїї кєргєзїп берїїлєрї керек. Алар сунуштаган азык-тїлїктєр, же товарлар сапаттуу болушу шарт. Ага жараша «Кум-тєр» жогорку єлчємдєгї бааны коюп бе-ришет. Компаниянын мындай демилгеси жеке ишкерлик менен алектенїїнї кєз-дєгєн жарандарыбыз їчїн эў сонун шарт экендиги белгилїї. Компания єндїрїшкє дагы, анда иштеген кызматкерлерге дагы керектїї бардык товарларды сатып алат. Эгерде компаниянын аракети менен єл-кєбїздє дагы жаўы чакан ишканалар ачы-лып иштей баштай турган болсо, демек ага жараша дагы кошумча жумушчу орунда-ры пайда болот. Бул бїгїнкї кїндїн ор-чундуу талабы. Ага салым кошуп жаткан компаниянын демилгесинен пайдаланып калуу єзїбїздїн гана кызыкчылыгыбыз-га багытталат.

Сайдулла НЫШАНОВ, ЖК депутаты, “Ата мекен” фракциясы:

“ТЫНЧТЫК БОЛОТ, БИЗГЕ ТЫНЧТЫК КЕРЕК”Парламенттин кечээги оту-

румунда 2015-жылдын бюджет долбоору талкууланды. Жыйын маалында ар кыл ойлор айтыл-ды. Маселен, “ата мекенчи” Сай-дулла Нышанов єкмєттїн кем-чиликтерин айтуу менен бирге жалпы коомчулукту ынтымак-ка чакырды. Тємєндє анын сє-зїн кыскартып сунуш кылабыз.

- Бїгїн биз 2015-жылдын бюджетин талкууладык. Мен жеке пикиримде депутаттар-дын кээ бирлеринен эў мыкты, эў жакшы сунуштар тїштї. Мен ойлойм, ушунун баарын 2-окуу-га тандап, талдап, кошумчалап келесиздер. Бюджеттин чыга-

ша бєлїмїн ар дайым бєлгєнгє, таркатканга биз кєп суроолор-ду беребиз, катышабыз, муну кєрїп турабыз. Бирок эч качан бюджеттин киреше бєлїгїн тал-куулабайбыз. Мисалы, мага че-йин дагы депутаттар айтып єттї. Мен эртеў менен дагы айткан-мын Жоомарт Кайыпович, ошол жанагы кээ бир маселелерде биз єтє шалаакылык кылып коюп жатабыз. Бул мамлекеттин бюд-жети, бул тирїї организмде да. Ар дайым талап кылып турат. Эгерде биз кошумча алып келбе-сек, эмдиги жылы жетпей, мына кээ бирєєлєр тигил, бул деп ай-тып жатышат. Сїйїнїп, ушул на-

чар болуп кетсе жакшы болот эле деп. Мен андайга кошулбайм. На-чар болуп кетсе, эч кимге жакшы болбойт. Бийлик дагы пландап жаткандарга тийбейт. Бийлик, ал кимге кудай буйруса, ошого тиет, бирок Феликс Шаршенбаевич туура айтты. Эч нерсе болбойт кудай буйруса. Элдин баары ай-тып жатат эле кыш катуу болот. Мына ноябрдан баштап чєп жет-пей калат деп. Дагы бир 15 кїн кїз узарып турса, мен ойлойм кудай буйруса жакшы кыштан чыгып кетебиз. Свет дагы болот, чєп да жетет.

Акмат РААТКАН

КЫЎЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА…

Чынында «БУМ» эч кандай кургак учукка каршы дары-дармектерди оору-канага тїшїргєн эмес. Урмат Аманбаева бухгалтериялык документтерге, отчёт-торго жалган маалыматтарды киргизип, «БУМ» ЖЧКсы тарабынан келди деп кєр-сєтїп жїргєн. Ошол жалган документтер-дин негизинде «БУМ» ЖЧКнын банкта-гы атайын эсебине дары дармектер їчїн деп акча каражаттары которулуп келген Улуходжаева «БУМ» ЖЧКсынын жетек-чиси катары банктан атайын эсептен акча каражаттарды алып, анын беш пайызын єзїнє, 95 пайызын Урмат Аманбаевага берип жїргєн.

«БУМ» ЖЧКсынан жалпы суммасы 450 миў сомдук дары дармектер келип тїштї деген жалган 2009-жылдын 11-июнунда-гы 24 жана 25 счет фактуралары кийин-ки июль айына дагы кирештеп, Аман-баева бир эле счет фактуралар боюнча эки жолу меморандумдук ордерге кол коюп, жалпы суммасы 900 миў сомду мыйзамсыз «БУМ» ЖЧКсына которуп жиберген. Ошондуктан Урмат Аманбае-ванын кыймыл аракеттеринде Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодек-синин 303-беренесинин 2-бєлїгїндє кєр-сєтїлгєн кылмышы бар болгондуктан 2014-жылдын 27-октябрында анын їстї-нєн Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси менен кылмыш иши козголгон. 2014-жылдын 30-сентябрында кылмыш иштин алка-гында Ош областык кургак учукка кар-шы кїрєшїї борборуна комплекстїї до-кументалдык ревизия жана аудитордук текшерїї дайындалган. Журналдардын жоголдугуна байланыштуу 2008-жыл-дан бери ооруканада дарыланган ар бир оорулуунун бейтап баянын текшерїї ме-нен мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы аныкталып, ал зыян 17 миллион 263 миў 500 сомду тїзгєн.

2010-жылы Урмат Аманбаева Жогорку Кеўешке депутат болгондон кийин єзї-нїн ордуна кїйєє баласы Асановду бор-бордун директору Байсаловдон суранып єзїнїн ордуна башка эсепчи кылып сїй-лєшїп киргизген. Тергєєдє суралган Аса-нов аны чынында эле кайнежеси єзїнїн ордуна башкы эсепчи кылып дайында-ганга жардам берип, бирок Ош шаарына

келип бухгалтердик отчётторду єзї жа-зып берип «БУМ» ЖЧКсына которулган акчаларды 2013-жылга чейин Аманбаева алып жїргєнїн кєрсєткєн…

ИНИСИНИН ТИЕШЕСИ ЖОК…Жыйын жїрї-

шїндє депутаттар-дын бири: «Аида Жеўишбековна, Ур-мат Аманбаева де-путаттарга билди-рїї таратты. Анда: «Менин акыйкатчы иним їчїн ушундай куугунтук болуп жа-тат» деп жазыптыр. Аны бїт депутаттар окуган. Ушуга сиздин комментарийиўиз кандай болот да?» деген суроого Башкы прокурор: «Мен жана айтып кеткендей март айында Саламаттык сактоо министр-лигинин департаменти текшерип жа-тат, анын корутундусу болуп жатат мый-зам бузуулар болгон деген. Анан кийин апрелде ошол Ош, Баткен, Жалал-Абад боюнча Эсептєє палатанын аймактуу бєлїмї корутундусун чыгарып жатат бул жерде, мыйзам бузуулар болгон деп. Ан-дан кийин ГСБП 2013-жылы май айында иш козгоп жатат. А Омбудсмен єзїўїздєр билесиздер 2013-жылы октябрда шайлан-ган. Бул чечимдердин баары Аманбаев шайланганга чейин эле кабыл алган. Бул жерде эч кандай жеке мамиледен чыккан бир иштер жок. Анткени ошол эле мен дагы кєрдїм ал кайрылууну, ошол жерге жазган Омбудсмен прокуратуранын да эмес, Салянованын мыйзам бузууларын аныктап, сотко кайрылып, сот чечимдери менен иш аракеттери аныктап сотко кай-рылып, сот чечимдери менен иш аракет-тери мыйзамсыз деп табылган деп. Бїгїн-кї кїнї мен айтып койгум келет ошондой бир дагы чечим жок. Анткени ошондой айтылгандан кийин мен єзїм дагы ана-лиз кылдым, анткени балким мен бол-босом дагы аймактарда ошондой чечим болгон деп, бїт республика боюнча сура-нып чыктык бардык прокурорлордон, ан-дай чечимдер чыкпаптыр Омбудсмендин кайрылуусу боюнча…» деп жооп узатты.

Аида САЛЯНОВА, Башкы прокурор:

АМАНБАЕВА КАНТИП "БУМду" БУРМАЛАГАН

Page 11: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

11ЖЕРГИЛИКТЇЇЖАЎЫЛЫКТАР

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК

ЄКМЄТ ДЕКАБРДЫН АЯГЫНА ЧЕЙИН «КУМТЄР» БОЮНЧА

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛАТ, - Мамгеология жетекчиси

Д.Зилалиев«Кумтєр» долбоору боюнча, белгилїї

болгондой, анын тїзїмїн кайра єзгєртїї боюнча консультативдик кеўеш тїзїлгєн. 11-ноябрда «Биринчи радионун» эфирин-де Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Дїйшєн-бек Зилалиев окурмандардын суроолору-на жооп берип жатып.

Анын айтымында, иштер жїрїп жатат. «Декабрдын аягына чейин бул маселе боюнча чечим кабыл алабыз деп ойлойм. Сиз туура айтып жатасыз, Кыргызстан-дын ички дїў продукциясынын Кумтєр-дєгї їлїшї 10�га чейин тїзєт, бул чоў сандар. Ошондуктан биз аны сактап ка-лышыбыз керек», - деди ал.

Оторбаев:

КАЗАКСТАНДАН ЭНЕРГИЯ ЖАНА ОТУН САТЫП АЛУУГА

БЕШ МЛРД. СОМ КЕРЕККазакстандан 1 миллиард 400 миллион

киловатт/саат электр энергиясын сатып келїїгє жана Бишкек ТЭЦин отун менен камсыз кылууга жалпысынан 5 миллиард сом талап кылынууда. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин бїгїн парламент-те маалымат берип жатып айтканына ка-раганда, мындай акча бюджетте мурда каралган эмес.

Єкмєт башчы Кыргызстан электр энер-гиясын экспорттогон єлкєдєн импорт-тоочу єлкєгє айланганын эскертип, жо-

горуда айтылган сумма кайсы булактан алынары анык эмес экенин кошумчалады.

Тєрага А.Жээнбеков депутат Д.Бекешевге:

СИЗ МЕНИ КАТЫШЫП ЖАТКАН ДЕПУТАТТАРДЫ САНАГАНГА

МАЖБУРЛАЙ ТУРГАНДАЙ ДЕЎГЭЭЛГЕ ЖЕТЕ ЭЛЕКСИЗ

12-ноябрда депутат Дастан Бекешев («Ар-Намыс») депутаттардын Жогорку Кеўештин сессияларына катышуу жана ишеним боюнча жыйында жок колле-галары їчїн добуш берїїнїн кєйгєйїн кєтєрдї.

Депутат Д.Бекешев парламент жетек-чиси Асылбек Жээнбековдон, «Сиз му-сулман катары кєзї азиз адамды алдабай-сыз жана кїнєє кылбайсыз, айтыўызчы, бїгїн канча депутат катышып жатат?», - деп сурады.

«Сиз эмне мен катарлар боюнча чуркап барып депутаттарды санаганымды каа-лайсызбы? Кээде утулганды дагы билиш керек. Эгер сиз мусулман болсоўуз муну менен алектенбеўиз, жагдайды бурма-лабаўыз. Сиз мени санаганга мажбурлай тургандай деўгээлге жете элексиз»,- деп жооп узатты Жээнбеков.

Белгилей кетсек, депутаттар бїгїн Дас-тан Бекешев демилгелеген 2 мыйзам дол-боорду: «КР айрым мыйзамдык актта-рына єзгєртїїлєрдї киргизїї жєнїндє (жєнгє салуу таасирин талдоо)» («КР укуктук-нормативдик акттары жєнїндє», «КР Жогорку Кеўешинин Регламенти жє-нїндє» мыйзамдар) жана «Лотереялар жєнїндє» мыйзам долбоорлорду артка кайтарышты.

ТЇРКМЄНСТАН КЫРГЫЗСТАНГА 700 МЛН КВТ. СААТ ЭЛЕКТР

ЭНЕРГИЯСЫН БЕРЇЇГЄ ДАЯР Тїркмєнстан Кыргызстанга 700 млн

кВт.саат электр энергия берїїгє даяр. Бул тууралуу 11-ноябрда КР президен-ти Алмазбек Атамбаев Тїркмєнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Ашхабад шаарындагы расмий жо-лугушуусунун жыйынтыгы боюнча єткєн маалымат жыйында билдирди.

«Бул ийгиликтїї жана фундаментал-дуу сїйлєшїїлєр болду. Биз бир катар маанилїї: жылуулук-энергетикалык, газ, тїркмєн электр энергиясын Кыргызстан-га камсыздоо маселелерин талкууладык. Азыр Кыргызстанда жакшы эмес абал экендиги жашыруун эмес. Тїркмєнстан 700 млн кВт.саат электр энергия берїїгє даяр. Ал эми келечекте - 1 млрд кВт.саат жана андан да кєп электр энергия берїїгє даяр»,- деди А.Атамбаев.

Кыргызстандын президенти транзит маселесин чечїї керектигин белгиледи. «Эртеби, кепчи ал дагы чечилет», - деди ал.

Тїркмєнстандын президенти Гурбангу-лы Бердимухамедов єз кезегинде, соода-экономикалык чєйрєдє Кыргызстан ме-нен Тїркмєнстандын ортосундагы товар айлантуунун кєлємїн кєбєйтїї керекти-гин белгиледи.

ПАРЛАМЕНТ «ЛОТЕРЕЯ ЖЄНЇНДЄ» МЫЙЗАМ

ДОЛБООРУН КОЛДОГОН ЖОК «Лотерея жєнїндє» мыйзам долбоору

парламенттин 12-ноябрдагы отурумунда колдоо тапкан жок.

Аталган долбоор лотерея компанияла-рынын ишмердїїлїгїндєгї ачыктуулукту камсыз кылуу, лотерея оюндарын єткє-рїїдє катаал талаптарды аныктоо макса-тында демилгеленди.

Мыйзам долбоору учурдагы «Лотерея жєнїндє» мыйзамдын тїзїмїн толугу ме-нен єзгєртїї, лотереялык ишмердїїлїктє-гї так систематизацияланган ченемдерди аныктоону сунуштайт.

Добуш берїї їчїн 84 депутат каттоодон єтїп, жыйынтыгында 28 депутат «макул» деген добуш берсе, 56 депутат «каршы» чыгып, колдогон жок.

Депутат Дастан Бекешев («Ар-Намыс») лотерея менен иш алып барган компания-ларга катаал талаптарды коюнун зарыл-дыгы жєнїндє пикирин билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча окуучуларга лотереялык билеттерди сат-поо боюнча мындан ары механизмдерди жана ченемдерди иштеп чыгуу їчїн теге-рек стол єткєрїї пландалып жатат. Ошон-дой эле, Д.Бекешев мыйзам долбооруна кайра добуш берїїнї сунуштады.

Парламенттин тєрагасы Асылбек Жээнбеков бул долбоорго «каршы» до-буш бергендердин саны кєп болгондугун белгиледи.

Ошондой эле, депутат Айнуру Алты-баева («Ар-Намыс») регламентке каршы келгендиктен, кайра добуш берїї мїмкїн эместигин кошумчалады.

БИШКЕКТЕГИ 11 КАБАТТУУ ЇЙДЇН ЖЕР ТЄЛЄЄСЇНДЄ

ЧЫККАН ЄРТТЄН «ЛЕКСУС», «ЛЕНДКРУЗЕР», «РЕНЖРОВЕР»

УНААЛАРЫ КЇЙЇП КЕТТИ (унаалар тизмеси)

13-ноябрда таўкы саат 03:09да Совет кєчєсїндє жайгашкан №87/2 дарегин-деги 11 кабаттуу турак їйдїн жер тєлєє-сїндє єрт чыгып, анын кесепетинен 6 жеўил унаа толугу менен кїйїп кетти. Бул тууралуу ЄКМдин басма сєз кызма-ты билдирди.

Автоунаалар,1. мамлекеттик № В 61-96 АС «Лексус

GХ», ээси Э. Р. Жолдубаев;2. мамлекеттик № В 99-53 АС «Тайота

Лендкрузер», ээси М. Р. Рахимов;3. мамлекеттик № 15-18 ВС «Мерседес

с500», ээси Ч. И. Арабаев;4. мамлекеттик № В 05-55 ВС «Ренж-

ровер»;5. мамлекеттик № С 306 ЕР9 «Тайо-

та Камри»7;6. мамлекеттик № В 57-99 АС «Мер-

седес с500» ээлери такталууда.

Єрт єчїрїїчїлєр тарабынан 11 адам куткарылып, 30 адам эвакуацияланды.

Тез жардам менен бир топ адамды алып

кеткен. Алардын аты-жєнї такталууда. Маалымат иликтенїїдє.

Кара-Кулжада Тар дарыясына унаа ме-нен бирге кулап, изделип жаткан жаран-дардын денелери табылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районун-дагы Алайкуу айыл аймагында Тар да-рыясына тїшїп кеткен унаа менен бирге кулап, дайынсыз болуп изделип жаткан жарандардын денелери табылды.

ЄКМдин басма сєз кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 11-ноябрында саат 21:30 чамасында Мыр-за-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолу-нун 80-чакырымында (мамномур И 73-69 ОШ) «УАЗ-469» їлгїсїндєгї унаанын айдоочусу унааны башкара албай, ташты сїзїп, Тар дарыясына тїшїп кеткен. Унаа-да жалпы 9 жїргїнчї болгон, анын ичинен 7 адам жабыркаган. Алардын абалдары жакшы, бирок 2 адам дайынсыз жоголгон.

Маалыматка ылайык 12-ноябрда ЄКМдин Кара-Кулжа райондук бєлїмї-нїн башчысы, №66 єрт-куткаруу бєлї-мїнєн 4 куткаруучу, 1 фельдщер жана райондук ИИМ кызматкери тартылып, жоголгон жарандарды издєє иштери жїр-гїзїлдї.

Жыйынтыгында саат 10:00дє каза бол-гон 2 адамдын сєєгї табылып, тууган-дарына єткєрїлїп берилди. Єзбек чек арачылары ок чыгарган Кызыл-Кыя–Ка-дамжай транзиттик жолундагы окуяда жа-шынып калууга жетишкен экинчи каты-шуучу кєрсєтмє берип баштады, - РИИБ

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя–Кадамжай транзиттик унаа жолунда 10-ноябрда болгон окуя боюнча иликтєє иштери жїргїзїлїп жатат, деп маалым-дайт Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сєз кызматы. Мурдараак маа-лымдалгандай, Кызыл-Кыя–Кадамжай транзиттик унаа жолунда єзбекстандык чек арачылар тарабынан жарадар бол-гон Кыргызстандын жараны Єзбекстан-

дын Фергана районунун Вуадиль калктуу пунктундагы оорукананын жандандыруу бєлїмїндє дарыланууда. Анын бутуна операция жасалды.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, анын абалы оор боюнча калууда. Кадамжай РИИБдин билдирїїсї боюнча, аталган жаўжалдын экинчи катышуучусу, єзбекстандык чек арачылар тарабынан ок атылган жаўжал учурунда жашынып ка-лууга жетишкен Марказ айылынын тургу-ну окуя боюнча кєрсєтмє берип баштады.

Экс-мэр Н.Тїлеевдин иши:

СОТТО ТАРАПТАРДЫН ЖАРЫШ СЄЗЇНДЄ ЖАКТООЧУЛАР

СЇЙЛЄШТЇ 12-ноябрда Бишкек шаарынын мурда-

гы мэри Нариман Тїлеевдин иши боюнча сот процессиндеги тараптардын жарыш сєзїндє соттолуучулардын жактоочула-ры сєз сїйлєштї.

Анда муниципалдык менчик кызма-ты башкармалыгынын мурдагы жете-кичси Руслан Бейшебаевдин, мурдагы вице-мэр Валерий Корниенконун, шаар мэриясына караштуу Бишкек шаардык автотранспорттук ишканасынын мурда-гы жетекчиси Медет Кожобергеновдун, «Тазалык» МИ мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыковдун жана таштанды ташыгычтарды сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мїчєсї Билимбек Токтобековдун жактоочула-ры сїйлєштї.

Баардык жактоочулар 2013-жылдын 29-майындагы биринчи истанциядагы соттун чыгарган чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп аташты. Мындан тыш-кары соттук коллегадан алардын жакта-луучуларына карата актаган чечим чыга-рууларын суранышты.

Р.Бейшенбаевдин жактоочусу Нина Зотова єзїнїн сєзїндє эгер «соттор ай-

рым учурларга анын жакталуучусун то-лугу менен актай албаса», анда ал жаза колдонуунун чараларынын тємєндєтї-шїн суранды.

Калган жактоочулар менен мамлекет-тик айыптоочулар соттун кийинки отур-мунда сїйлєшєт.

СИРИЯДА ИГИЛ КАТАРЫНДА СОГУШТУК АРАКЕТТЕРГЕ КАТЫШКАНДЫГЫ ЇЧЇН

СОТТОЛГОН КЫРГЫЗСТАНДЫК 3 ЖАРАН КАМАКТА

Сирияда ИГИЛ (Ирак жана Леванта ис-лам мамлекети) катарында согуштук ара-

кеттерге катышкандыгы їчїн соттолгон кыргызстандык 3 жаран кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда «Дело №» гезити орусиялык басылмаларга таянуу менен билдирди. Орусиялык «Биринчи канал» «Єз кєзїм менен» долбоорунун алкагын-да Сириядагы согуш тууралуу телерепор-тажды трансляциялаган.

Бул мамлекеттин бийлиги журналист-терге сириялык мамлекеттик коопсуздук кызматынын «Мухабарат» абагын тар-тууга мїмкїнчїлїк беришкен. Журна-листтер їч игилчини тартышкан, алар-дын баары Кыргызстандын жарандары болушкан. Бирок бирєєсї гана - Шухрат Бабажанов – бир аз орус тилин билген. 26 жаштагы Ш.Бабажанов, Сирияга Ин-тернетте дїйнєнїн бардык мусулманда-рын ислам мамлекети їчїн барып сал-гылашууга чакырыкты окугандан кийин келгенин тїшїндїргєн. Сириядагы Кыр-гызстандын жарандарын єлїм жазасы кїтїп турат.

Page 12: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

12 ТАЛАНТ

TANGO’ДОН СТРИП-КОМИКСКомикс (англисчеден – comic – кїлкїлїї) – сїрєттє берилген кїлкїлїї баян. Комикс єзїнє адабият жана кєргєзмє искусствону камтыйт. Комикс бир сїрєт – “стрип”, же бир нече сїрєттєрдєн туруп “графикалык роман” деп аталат. Ал эми жапон комикстери “манга” деп аталат.Ушундай стрип-комикстерди мыкты тарткандардын бири – Tango. Ал жєнєкєй бирок ошол эле малда бир топ курч маанилїї, бир башкача комикстердин автору. Жєнєкєй кєрїнчї нерселерди ал башкачасынан карай билгени абдан таў калычтуу.

Бектур БАЙМОЎОЛОВ

Page 13: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

13ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШ

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАР “БАЛ”

Эшикте аба ырай сууктап, кыштын сїрєтїн єзїнїн ызгаар суугу менен тартып жатканда, адамдар ар кандай орууларга байланып сыркоолоп калат эмеспи. Дарылануу їчїн ар тїрдїї ыкмаларды колдонуп келишет. Жада калса аарынын уусу менен дарылангандар арабызда кїндєн-кїнгє кєбєйїїдє. Ал эми карапайым адамдар “бал” дегенде кїнїмдїк тамак катары колдонуп жаткан балды элестетебиз. Врачтар болсо биринчи эле анын адамдын ден соолугуна тийгизген касиеттїї таасирин айтат. Ал адамдын эў таттуу тамагы да, алмашкыс кымбат баалуу дарысы да болуп эсептелет. Анда анын касиеттери жана адамдын ден соолугуна пайдасы тууралуу сєз кылмакчыбыз.

ААРЫНЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ ТУУРАЛУУ ТАРЫХЫ

Апитерапия - медицинанын жаўы ба-гыты, ал латын тилинен которгондо "apis, аары" дегенди тїшїндїрєт. Апитерапия-нын эў негизги куралы: бал, гїл чаўчала-ры, прополис, аарынын уусу, гомогенат, ж.б. Медицинада "апитерапия" боюнча биринчи илимий ишти 1894 - жылы про-фессор Лукомский жазган. Ал анда рев-матизмди жана муун ооруларын изилдеп чыккан. Андан кийин 1941-жылы про-фессор Артемов аарынын уусун изилдеп, анын курамында иммунитетти жогорула-туучу зат бар экендигин жана нерв систе-маларына пайдалуу экендигин аныктап, ал боюнча илимий иш жазган.

БАЛ ТУРАЛУУБалдын антисептикалык жана сезге-

нїїгє каршы касиеттери медицина тарма-гындагы айрым адистерди таў калтырат. Канаданын «Глоб энд мейл» гезитинде: «Туруктуу микробдорго каршылык кєрсє-тє албаган эў эле кїчтїї антибиотиктер-ден айырмаланып, бал инфекцияланган жарадагы микробдордун, жок эле дегенде, айрымдарын жок кылат»,— деп айтылган.

Балдын дарылык касиети эмнеде? Бул суроого жооп алуу їчїн, гїлдєрдєн нектар жыйнаган жумушчу аарыны карап кєрє-лї. Аарынын шилекейиндеги глюкозоок-сидаза нектардагы глюкозанын бєлїнїп чыгуу процессинде негизги ролду ойнойт. Ошол процессте бєлїнгєн кошумча про-дукт, суутектин кычкылы, адатта, жараат-ты дезинфекциялоо жана тазалоо їчїн колдонулат. Бирок суутектин кычкылы-нын таасири узакка созулбайт, ал эми бал менен аралашканда ал башкачараак таа-сир этет. «Жарааттан бєлїнгєн суюктук менен аралашканда балдын табигый кис-лоталуулугу тємєндєйт»,— деп билдирет «Глоб» гезити. Так ошол кислоталуулугу тємєн чєйрєдє фермент таасирин тийги-зе баштайт. Балдын составындагы кант акырындык менен бир калыпта эрийт. Натыйжада, жарааттагы бактерияларды жок кыла алган, ошол эле учурда жараат-тын тегерегиндеги соо ткандарга эч кан-дай зыян келтирбеген єлчємдє суутектин кычкылы бєлїнїп чыгат.

Бал адамдардын баарына эле дары боло бербей турганы эскертилген. Бал-да беш пайызга жакын ботулис таякча-лары болот. Ботулизм оорусу боюнча иш жїргїзгєн канадалык уюм жана педиатр-лар ассоциациясы бир жашка чейинки балдарга бал бербєєнї кеўеш кылышкан, анткени «ымыркайлардын ичегисиндеги микрофлора организмди бактериялардан коргой аларлык деўгээлде єрчїй элек».

БАЛ МЕДИЦИНАДА Медиктердин далилдєєсї боюнча бы-

шык бал жїздєгєн ооруларды айыктыра алат. Экинчи кылымда жашаган байыркы рим дарыгери Гален єз убагында эле бал-дын касиетине таў берип: “ден соолукту чыўдоодо жана ооруларды айыктырууда балдан ашкан дары жок” деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында бал-дын организмдеги уулу заттарды жєн-дєєрї тууралуу айтылган.

БАЛДЫН КАСИЕТИ: Балда 300дєн ашуун пайдалуу зат-

тар бар. Єзгєчє дем алуу системалары-на, жїрєк тамырларына, артериалдык кан басымга пайдалуу. Бал шыбап мас-саж жасатсаўыз — булчуўдар чыўалат. Аз кандуулук менен жабыр тарткандар балды колдонушса жакшы, анткени, бал кандын гемоглобинин жогорулатып, таў эрте ачкарын бир чай кашык бал жеген адамдын иммунитетти кєтєрїлєт. Бал организмге тез жана 100 пайыз сиўет. Ошондуктан ал тамак сиўирїїнї, тамак-ка болгон табитти жакшыртат. Пайда-луулугу жагынан балга бир дагы жашылча теў келе албайт. Ал эми калориялуулугу жагынан ал нан, эт, боор, балыктардын катарында жїрєт. Балды пайдалануудан кандын тїзїлїшї жакшырат, иммунитет кєтєрїлєт, мындан тышкары ал кїчтїї энергиянын булагы болуп эсептелинет, ошондой эле бал организмди мезгили-нен эрте картаюудан сактайт

ЄЗГЄЧЄЛЇЇ ТЕРАПИЯ КАСИЕТИ Балдын негизги дарылык касиети анын

аарылар аркылуу ар кандай касиеттїї єсїмдїктєрдєн чогултулгандыгында сак-талган. Ошондуктан анын ар бир тїрї – єз-дєрїнїн єзгєчєлїї терапия касиетине ээ.

Адамдын дем алуу органдары ооруган-да- абасы таза тоолордогу гїлдєрдєн чо-гултулган тоонун балын колдонушу керек.

Бєйрєк ооруганда - жазындагы айыл-дардын талааларындагы керемет чєп-тєрдєн жасалган балды колдонсо болот.

Нерв жана жїрєк ооруларына - жайын-да жасалган бал жакшы.

Талаалардагы гїлдєрдєн жасалган бал болсо – тамак сиўирїї системасынын ар кандай ооруларын айыктырат.

Адамдын организми балды єзїнє єз-дєштїрїїдє, сиўирїїдє жана иштеп чы-гууда анча деле кыйналбайт жана ал про-цесс башка азыктарга салыштырмалуу жеўил жана аз убакытта жїрєт. Кєрсє, эмгекти сїйгєн чаяндар биз їчїн иштин баарын жасап коюшат экен.

Ден соолуктун жалпы чыў болушу їчїн ар бир адамга суткасына 4-6 чай кашык балды ичип коюусу ашыкча болбойт. Ант-кени, бал нерв системасын эс алдырат, жїрєктїн булчуўдарын чыўдайт, канды тазалап турат жана адамдын кїчїн ка-лыбына келтирет. Ошондуктан мїмкїн болушунча денелик оор жумушту атка-раардын алдында жана андан кийин бал колдонуш керек. Спорт менен машыккан-дарга бул маанилїї.

Ооруларды алдын алууда жаўы бал-дарды колдонгон жакшы. Жапайы ары-лардын балы ден соолук їчїн коркунуч-туу. Ал эми дїкєндєрдє сатылган балдар 49 градуска чейин жылытылат. Тилекке каршы 41 -42 градус жылуулукта балдын кїчтїї касиети жоголуп кетет.

КАЙСЫ ООРУГА КАНДАЙ БАЛДЫ КОЛДОНУШ КЕРЕК? Кара кїрїчтєн жасалган кїрєў тїс-

кє ээ болгон бал темирге, белокко жана

кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу.

Суук тийип жана вирус ооруулары ме-нен ооруганда сары тїстєгї балды колдон-гон жакшы. Ал єзїнїн организмди чыў-дай турган касиети менен айырмаланат.

Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны кєтєрєт жана бєйрєк, табарсык ооруларына жардам берет.

Малина балы єзїнїн єўї менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны фев-раль-март айларында суук кїчєп ооруй башташканда колдонгон таасирлїї.

Гїлдєрдїн тїрїнєн жасалган бал опе-рациядан кийинки адатка айланып кал-ган ооруларга пайдалуу.

Бал организмдеги кальций - калий ал-машууларын жєндєгєн їчїн, дарыгерлер аны ден соолук їчїн канчалык маанилїї экенин дагы бир жолу эске салышат. Бирок, эгер сиздин балга аллергияўыз бар болсо, эч кандай бал азыктарын колдонбошуўуз керек. Ал ден соолук їчїн коркунучтуу.

САПАТТУУ БАЛ ТАНДАЎЫЗБалды базардан сатып алуу їчїн бул

нерселерди билип алганыўыз жакшы. Чыныгы бышык бал бат эле канттай

болуп калат. Ал эми кышындагы суюк бал – жылытылган бал.

Эгер бал жылуу сууда толугу менен эрип кетсе – ал сапаттуу. Кээде бышык балга крахмал кошуп коюшат. Мындай учурда анын жасалма экенин бат эле тек-шерип койсо болот. Эгер бор кошулган болсо, бир аз уксус кошуп кєрєсїз, ал дароо эле кайнап чыгат. Бир тамчы йод тамгызып кєрєсїз, эгер кєк тїс чыкса анда ал жасалма.

Эў пайдалуу болуп четин (дарагы жана мємєсї) балы эсептелет. Ал бардык сапат-туу мємєлєргє бай. Бул бал сулуу кызыл єўгє жана жагымдуу жытка ээ.

Ошондой эле, зымды кызытып балга тийгизип кєрїўїз, эгер газ чыкса таза, эгерде тїтїн чыкса анда таза эмес бал. Дагы бир ыкма, бал менен сууну 1:5 єл-чємїндє аралаштырып, бир кїндєн кийин караганда тунбаса анын жакшы экенди-гин, тунуп калса начардыгын билдирет. Балды жыгач менен алганда узун тартып чоюлуп їзїлгєндєн кийин шарча болуп калса, анда балдын сапаты жакшы деп би-лиўиз. Мындан сырткары, азыраак балды иод менен аралаштырганда тїсї кєгєрсє ал таза деп эсептелет.

1- Таза балга бир аз каймак май кошуп тилде 10 мїнєт кармаса жєтєл басылат.

2- Тиштин бїйлєлєрї сезгенгенде туз кошулган бал жакшы жардам берет. Бул аралашма менен тиштин этин кечинде жана эртеў менен дайыма жууп туруу ке-рек.

3- Балдардын бронх жана жєтєл оору-ларында кара тїрптїн ортосун оюп бал кошот. Эки сааттай тургандан кийин бул аралашманы кїнїнє тамактануу алдында 2-3 жолу чай кашыктап ичирет. Жатаар-дын алдында ичїї да пайдалуу.

4- Кара кїрїчтєн жасалган кїрєў тїс-кє ээ болгон бал темирге, белокко жана кычкылтекке бай. Бул бал кан аздарга пайдалуу.

5- Суук тийип жана вирус ооруула-ры менен ооруганда сары тїстєгї балды

колдонгон жакшы. Ал єзїнїн организм-ди чыўдай турган касиети менен айыр-маланат.

6- Акациядан жасалган бал эркектерге пайдалуу. Ал потенцияны кєтєрєт жана бєйрєк, табарсык ооруларына жардам берет.

7- Малина балы єзїнїн єўї менен сулуу жана назик жыты менен жыттуу. Аны фев-раль-март айларында суук кїчєп ооруй башташканда колдонгон жакшы.

Ошондой эле гїлдєрдїн тїрїнєн жа-салган бал операциядан кийинки адатка айланып калган ооруларга єтє пайдалуу.

БАЛ- СУЛУУЛУК ЇЧЇНБал косметологияда кургак терилїїлєр

їчїн кеўири колдонулаары баарыбыз-га маалым. Бал маскалары кургак бетти жакшы азыктандырат, жумшартат, бет-тин куудурап кургаганын азайтат жана кайсы бир деўгээлде майда бырыштар-ды кетирет. Бирок балды маска катары колдоноордон мурун єзїўїздїн бул азык-тан аллергияўыз жок экендигин билип алыш керек.

Жумасына эки жолу бул мсканы кол-донсоўуз ал бет териўиздин агарышына жакшы жыйынтык берет.

Бир лимон жана 2 аш кашык суюк бал.Даярдоо ыкмасы:

Идишке 2 кашык балды салып, жарым лимондун ширесин балдын їстїнє сы-гып алабыз. Анан шашпай аралаштыруу зарыл. Колго, бетке жана моюнга шы-бап коёбуз. Масканы кєздїн тегерегине тийгизбєє керек. Тегиз сїйкєлїп бїткєн соў 15-20 мїнєт кыймылдабай чалкалап жатыўыз.

Убакыт єткєн соў жылуу суу менен жууп коесуз.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР: Аарылардын пайда болуусу 50 мил-

лион жылды камтыйт. Эў кєп жашаган адам катары аарычылар эсептелинет. Гиппократ "баардык ооруларды айык-тыруучу дарылардан да аарынын уусу жо-гору турат", - деп белгилеген. Аарынын уусу менен СССРдин жогору бааланган чиновниктери дарыланганы анык бол-гон. Алардын арасында Л.И.Брежнев да бар. Иван Грозный муундардын оорусун аарылар менен айыктырса, ушул эле ыкма менен Кар Улуу ревматизмден арылган. Экинчи кылымда жашаган байыркы рим дарыгери Гален єз убагында эле балдын касиетине таў берип: “ден соолукту чыў-доодо жана ооруларды айыктырууда бал-дан ашкан дары жок” деп айткан. Ал эми байыркы чыгыш жазууларында балдын организмдеги уулу заттарды жєндєєрї тууралуу айтылган. Байыркы Египетте аары чаккандан кийин адамдар айыгып ккеткендиги туурасында папирустарда жазылып калган. Ал эми балдын неги-зинен жасалган дарылар Индияда, Гре-цияда,Байыркы Римде кеўири таралган.

P.S. Кыш айына чамалуу гана кундєр калды. Эшикте суук єз єкїмїн сїрїп жат-канда, адамдар ар кандай ооруу менен оруугандыктан бал сиздин организмиўиз їчїн абдан керек экенин тїшїндїўїз бо-луш керек. Ошондуктан бал менен дайы-ма достошкула.

Рахатбек Рысалиев

Page 14: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

14 САЯКАТ

ТАРЫХЫ

Токио шаарынын тарыхы 400 жылдан ашуун убакытты ичине камтыйт. Токио шаары алгач Эдо (Куймага кирїї) деп аталган. Бул жерде 1603-жылы Токугава Иеясу Токугава сегунатын (1603-1867-жж.) тїзгєн. Ошондон тартып шаар дїркї-рєп єнїккєн. Мурда Япониянын борбору Киото шаары эле, 1868-жылы импера-тор Эдого кєчїп келет да, шаардын атын Токио (Чыгыш борбору) деп єзгєртєт. Ошентип, Токио Япониянын борбору бо-луп калган.

Мейдзинин тушунда (1868-1912-жж.) батыш цивилизациясынын таасири менен шаардагы эски їйлєрдїн ордуна кирпич-тен имараттар тургузулган. 1923-жылы Кантодо болгон зилзалада шаар їчїн кєп-тєгєн жоготууларды алып келген, расмий маалыматтарда 140000 адам дайынсыз жоголду же каза болду, 300000 їй кый-роого учурады деп жазылган. Шаарды кайра калыбына келтирїї иштери жїрїп, 1927-жылы биринчи метро линиясы са-лынган, ал эми 1931-жылы дїйнєгє таа-нымал Ханеда аэропорту жїргїнчїлєрдї тейлей баштаган. 1935-жылы Токионун тургундарынын саны 6,36 миллионго же-тип, Лондон менен Нью-Йорктун элинин санына теўелген. 1941-жылы башталган согуш шаардын єнїгїшїнє оор залака-сын тийгизген. 1943-жылы чоў мегаполис

тїзїї максатында Токио префектурасы менен Токио-ши шаары бириктирилип, губернатор шайланган. 1947-жылы Япо-ниянын жаўы Конститутциясы кабыл алынган. Ага ылайык, Токиошаары 23 районго бєлїнгєн. 1960-жылы шаардын экономикасы атайын техника чыгаруу менен катуу єнїккєн. 1864-жылы Токио-до кезектеги олимпиадалык оюндар єт-кєрїлгєн.

ГЕОГРАФИЯСЫ

Токио Япония ахипелагынын ортосу-нан орун алган Канто тїштїк аймагында жайгашкан. Шаар чыгышынан Эдогава суусу жана Чиба прифектурасы, баты-шынан тоолор жана Яманаши префекту-расы, тїндїгїнєн Сайтама префектурасы, тїштїгїнєн Тамагава суусу жана Канагава префектурасы менен чектешет. Изу, Ога-савара аралдары шаардан окчун турса да, Токионун администрациялык-аймактык бєлїгї катары саналат.

ДИНИШаардыктардын тутунган динде-

ри-синтоизм (аймакчы, синтоизм дини 1945-жылга чейин мамлекеттик дин деп саналган) жана будизм, андан тышкары христиан динине ишенїїчїлєр да бар. Азыркы мезгилде Япония мамлекети та-рабынан атайын кабыл алынгын дин жок. Бирок, жогоруда айтылган диндер жапон-дордун каада-салттарынын калыптаны-

шына бир топ таасирин тийгизген. Їй-лєнїї їлпєтї синтоисттик салтта єтсє, сєєктї кємїї зыяратында буддисттик

шарттар сакталган. Калктын эки пайы-зы христиан динин тутат. Ошондуктан, шаардан ар кайсы багыттагы сыйынуучу жайларды кезиктирїїгє болот.

ЭКОНОМИКАСЫ

Шаардын єнєр жайынын негизин ав-тоунаа куруу, темир жана жыгач иштетїї, электроника, электротехника, полигра-фия, химия жана тамак-аш тармактары тїзєт.

РАЙОНДОРУШаардын негизги кєчєсї-Гинза кєчєсї.

Бул жерде кымбат ресторандар, дїкєндєр, мейманканалар жайгашкан. Шинджуку району бийик-бийик имараттары, сай-рандоо жайлары менен таанымал болсо, Акихабара электроника жана компью-

тердик оюндар борбору катары каралат. Асакусанын эски кєчєлєрї дїкєндєргє, сувенир саткан жайларга жана сайран-доо борборлоруна толгондуктан, кїнї-тїнї эл аягы суюлбайт. Дал ушул жерден жергиликтїї жапон матрешкаларын та-бууга болот. Токио Диснейлени да бїйїр кызытпай койбойт.

ТОКИО ЖЄНЇНДЄ:

Єлкє: Жапония

Ички бєлїнїшї: 62

Губернатор: Шинтаро

Ишихара

Негизделгени: 1869-жыл

Расмий тили: жапон тили

Калкы: 13 051 965 адам

(2010-жыл)

Жыштыгы: 5966,20 адам/км²

• Токио - дїйнєнїн эў кымбат

шаары болуп саналат

• Токиодо жылына 150дєй жер

титирєєлєр болуп турат.

• Токиодо зоопаркты жылына

2 айга жабып турат. Анткени

жаныбарларды зоопаркка

келген кишилерден эсалдырыш

їчїн.

• Токио дїйнєдєгї 12 кооз

шаардын катрына кирет.

• Токиодо жердин баасы

дїйнєдє эў кымбат болуп

саналат. Лондондон 33 эсеге,

Нью- Йорктон 89 эсеге кымбат

келет.

КЫЗЫКТУУ

ФАКТЫЛАР:

Page 15: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

15

Page 16: Айбат - коомдук-саясий гезити №104

№ 104 • 14-ноябрь, 2014-жыл

16

УРМАТТУУ ОКУРМАН!"АЙБАТ" гезитине

жазылуу жїрїп жатат!

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын- 3 айга – 148 сом 50 тыйын- 6 айга – 297 сом 00 тыйынЖазылуу республиканын, бардык

почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546

АВТО

АТААНДАШ ТЕМИР ТУЛПАРЛАР

1989-1999 жылдарында бири-бирине атаандаш келип кыргызстандын ичинде бир топ аброй топтоп, азыркы учурга чейин єз абройлорун жоготпой дагы дэле атаандаш болуп элдин кызуу алкышына ээ болуп жаткан Mercedes W124, BMW E34, Audi 100 автоунаалары болуп саналат эмеспи. Айталы дегенибиз ал убакта їч уктаса тїшїбїзгє кирбеген, коомдо єз ордуларын бербей келатышкан, темир тулпарлар кайсы жылы чыккан, канча май корото турганы жєнїндє сиздерди кызыктырып єтєлї...

MERCEDES W124 (МЕРСЕДЕС W124)Бул їлгїдєгї машина алгач 1984-жылдын 5 нояб-

рында Севильенин авто салондорунун биринде сатыка чыга баштаган. Бизге 1995-жылдан кийин атка минер-лерибиз айдап канча адамдарды тамшандырганы эси-ўиздерде болушу керек. Мына ошол жылдан бери єз кызматын аткарып жана дагы деле болсо элдин бїйїрїн кызытып келе жатат. Чыгарган єлкє – ГерманияЧыгарылган жылы – 1984-1989 жжКыймылдаткычтын кєлємї – 2.0 жана 2.6Кузов тїрї – седанУзундугу — 474.0 (476.0)Туурасы — 174.0 (174.0)Бийиктиги — 144.0 (149.0) Эшиктеринин саны – 4Орундарынын саны – 5Массасы – 1260 (1410)кгБагажынын кєлємї – 520 лБензин багынын кєлємї – 70 лКїйїїчї майдын сарпталышы 100 км:Шаар ичи – 11.6 (12.8) лТарассада – 8.6 (8.8)лДєўгєлєк єлчємї – 195/65 R15Баалары – 4500-6500 миў доллар

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

BMW E34 (БМВ E34) 1988-жылдан баштап чыга баштаган BMW E34 єз

учурунда дїйнє жїзїндє жашап жаткан адамдардын кызыгуусун артырып, бир топ баркка да ээ болмоктур-сун кино жаатында банда, бандиттердин машинасынын кызматын аткарып да келген. Ал эми Кыргызстандагы жаштар арасында єзгєчє кадыр баркка ээ болгон жана болуп келе жатат. Чыгарган єлкє – ГерманияЧыгарылган жылы – 1989-1995 жжКыймылдаткычтын кєлємї – 2.0 жана 4.0Кузов тїрї – седанУзундугу – 4720 ммТуурасы – 1750 ммБийиктиги – 1410 ммЭшиктеринин саны – 4Орундарынын саны – 5Массасы – 1350 кгБагажынын кєлємї – 460 лБензин багынын кєлємї – 80 лДєўгєлєк єлчємї – 195/65HR15Кїйїїчї майдын сарпталышы 100 км (механика):Шаар ичи – 12лТрассада – 8.1Баалары – 3500-7000 миў доллар

AUDI 100 (АУДИ 100) Бул їлгїдєгї машинаны кимдер гана билбейт, єзгєчє

айыл жергесинде жашагандардын туу туткан машинасы болуп саналып келе жатат. “Бул машина Кыргызстандын жолу їчїн чыгарылган” деп эл арасында тамашалуу сєз бар эмеспи... Бирок, чындыгында бул єўїттєгї темир тулпар биздин жол жана тоолорубузга чыдамдуу келет. Азыркы кїнгє чейин єз баркын тїшїрбєй єзгєчє айыл жергесинде кєп айдалган машина болуп эсептелинет.Чыгарган єлкє – ГерманияЧыгарылган жылы – 1991-1994 жжКыймылдаткычтын кєлємї – 2.0 жана 4.0Кузов тїрї – седанУзундугу – 4790 ммТуурасы – 1780 ммБийиктиги – 1430 ммЭшиктеринин саны – 4Орундарынын саны – 5Массасы – 1297 кгБагажынын кєлємї – 510 лБензин багынын кєлємї – 80 лДєўгєлєк єлчємї – 195/65HR15Кїйїїчї майдын сарпталышы 100 км (механика):Шаар ичи – 11лТрассада – 8.8лБаалары – 2000-5000 миў доллар

ДЕПТЕР БЕТИНЕ ТАРТЫЛГАН СЇРЄТ

BMW E34 • AUDI 100 • MERCEDES W124