16
Токон Мамытов: "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр 90 пайызга аяктап калды Эч жерге батпаган Суваналиев гезиттен бактысын тапсам дейт БАБАНОВДУН «Б-6» МАРКАСЫНДАГЫ «ШПИОНУ» КИМ? Парламенттеги «Республика» фрак- циясынын депутаты Максат Сабировдун каймана аты «Б-6» экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал мындай «наам- га» кожоюну Өмүрбек Бабановго катуу жагынып, айтканын эки кылбай аткарып жүргөнүнөн улам ыйгарылган. Узарты- лып айтылганда «Бабановдун шестер- касы» деп чечмеленет. Мына ушул эре- нибиз парламент отурумунда «азыркы өкмөттү таркатып, башка өкмөт түзүш керек, өкмөттү оппозицияга бериш керек» деп кыйкырып чыкты. Ал эми оппозиция ким? Оппозиция ошол Өмүрбек Бабанов башында турган «Республика» партиясы, анын парламенттеги фракциясы. Демек, өкмөт башчылыгын анча-мынча болсо да аркалап калган Өмүрбек Бабанов өзүнүн «шестеркасы» аркылуу көмүскөдөгү оюн кылтыйтып атат деп түшүнө берсек бо- лобу? Кайрадан өкмөттү желкелеп мин- гиси келип туру экен го? Эске сала кетсек, Максат Сабиров мырзанын өзүнүн дагы арты таза эмес экендиги көп эле жолу айтылган, жазылган. Анын өзүнө караш- туу эки курулуш компаниясы Ысык-Көл аймагында кайра-кайра тендерлерден ири обьектилерди утуп алып, бирок бир да ишти аягына чыгарбай, чыгарса да кечиктирип, тендерде көрсөтүлгөн баа- сынан ашырып түшүрүп бүтүрүп келгени маалым. Ал гана эмес кайсы бир обьек- тининин пайдубалын куруп баштаганда эле толтура кемчиликтер менен башта- гандыктан, ал андан ары уланбай калган. Азыр ал жер курулуш таштандысына ай- ланган. Тактап айтканда, ага коротулган миллиондор курулуш таштандысы болуп калып атпайбы? Анан ушундай кыңыр иш- терин эми өкмөткө оппозицияны алып келип жапканы турубу?.. Дэниел РОЗЕНБЛЮМ: “Оппозицияны эптеп-септеп кабыл алып койдук" №115 13-февраль, 2015 ж. Гезит 2010-жылдын 27-августунан бери басылат Баасы келишим түрдө. www.aibat.kg 2-бет. 4-бет. 6-бет. 2-бет. Келдибеков кайтып келди Байлыктарын тизмектейбиз 5-бет. САЛЯНОВА ПРЕЗИДЕНТКЕ ЭМЕС, ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН КҮЙӨӨСҮНӨ ТААРЫНСА ЖАРАШАТ БЕЛЕ? Табышмактуу отставканын жандырмагы 11-февралда Аида айымдын борборубуздагы "Хаят" мейманканасынын залында өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: "Кичинемде шок кыз элем" 8-бет. 3-бет. Борбор Азияга саясий туңгуюк даярдалып жатат. 10-бет.

Айбат - коомдук-саясий гезити №115

Embed Size (px)

DESCRIPTION

Айбат, Кыргызстан, Бишкек, газета, аймак, саясат, коом, экономика, маданият, шоубизнес, маек, bekturb

Citation preview

Page 1: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

Токон Мамытов:"Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр 90 пайызга аяктап калды

Эч жерге батпаган Суваналиев гезиттен бактысын тапсам дейт

БАБАНОВДУН «Б-6» МАРКАСЫНДАГЫ «ШПИОНУ» КИМ?Парламенттеги «Республика» фрак-

циясынын депутаты Максат Сабировдун каймана аты «Б-6» экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал мындай «наам-га» кожоюну Өмүрбек Бабановго катуу жагынып, айтканын эки кылбай аткарып жүргөнүнөн улам ыйгарылган. Узарты-лып айтылганда «Бабановдун шестер-касы» деп чечмеленет. Мына ушул эре-нибиз парламент отурумунда «азыркы өкмөттү таркатып, башка өкмөт түзүш керек, өкмөттү оппозицияга бериш керек» деп кыйкырып чыкты. Ал эми оппозиция ким? Оппозиция ошол Өмүрбек Бабанов

башында турган «Республика» партиясы, анын парламенттеги фракциясы. Демек, өкмөт башчылыгын анча-мынча болсо да аркалап калган Өмүрбек Бабанов өзүнүн «шестеркасы» аркылуу көмүскөдөгү оюн кылтыйтып атат деп түшүнө берсек бо-лобу? Кайрадан өкмөттү желкелеп мин-гиси келип туру экен го? Эске сала кетсек, Максат Сабиров мырзанын өзүнүн дагы арты таза эмес экендиги көп эле жолу айтылган, жазылган. Анын өзүнө караш-туу эки курулуш компаниясы Ысык-Көл аймагында кайра-кайра тендерлерден ири обьектилерди утуп алып, бирок бир

да ишти аягына чыгарбай, чыгарса да кечиктирип, тендерде көрсөтүлгөн баа-сынан ашырып түшүрүп бүтүрүп келгени маалым. Ал гана эмес кайсы бир обьек-тининин пайдубалын куруп баштаганда эле толтура кемчиликтер менен башта-гандыктан, ал андан ары уланбай калган. Азыр ал жер курулуш таштандысына ай-ланган. Тактап айтканда, ага коротулган миллиондор курулуш таштандысы болуп калып атпайбы? Анан ушундай кыңыр иш-терин эми өкмөткө оппозицияны алып келип жапканы турубу?..

Дэниел РОЗЕНБЛЮМ: “Оппозицияны эптеп-септеп кабыл алып койдук"

№11513-февраль, 2015 ж.

Гезит 2010-жылдын27-августунан бери

басылат

Баасы келишим түрдө.

www.aibat.kg

2-бет.

4-бет.

6-бет.2-бет.

Келдибеков кайтып келдиБайлыктарын тизмектейбиз

5-бет.

Дэниел РОЗЕНБЛЮМ: алып койдук"

САЛЯНОВАПРЕЗИДЕНТКЕ

ЭМЕС,ТУУГАНДАРЫ

МЕНЕНКҮЙӨӨСҮНӨ

ТААРЫНСАЖАРАШАТ

БЕЛЕ?Табышмактуу отставканын жандырмагы 11-февралда Аида айымдын борборубуздагы "Хаят" мейманканасынын залында өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду

Жумагүл Райымжан кызы, ырчы:"Кичинемде шок кыз элем" 8-бет.

Байлыктарын тизмектейбиз5-бет.

3-бет.

Баасы келишим түрдө.

Борбор Азияга саясий туңгуюк даярдалып жатат. 10-бет.

Page 2: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

2 АЙБАТ ПРЕСС

Гезит ээси:"Айбат Аймак" коомдук фонду

Башкы редактор:

Каныбек САПАРОВ

Гезитте жарыяланган материалдар редакциянын кєз карашын чагылдырбайт. Макала жана интервьюлардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарга макала жазган жана интервью берген инсандар єздєрї жоопкер.Жарнамалардын мазмунуна жарнама берїїчїлєр жооптуу.Жарнамалык материалдар:

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде

катталган,

Каттоо № 1853Гезит «ММК колдоо боюнча борбор» фондунун басмаканасында басылды

Гезит келишим баада.

Буйрутма №335 Нускасы: 1500

Веб-сайт: www.AIBAT.kg

Электрондук каттар їчїн дарегибиз: [email protected]

Редакцияга келген материалдар жана сїрєттєр кайтарылбайт.

Гезит редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды.

Редакциялык жамаат:Акинай АЙДАРОВАРахатбек РЫСАЛИЕВТєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВАДамир ЭСЕНГУЛОВМирбек АСАНАЛИЕВ

Коммерциялык директор:Бектур БАЙМОЎОЛОВ (0772) 16 11 00

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ДЕПУТАТ КЕЛДИБЕКОВДУ КАМАККА АЛУУНУ CОТТОН ЄТЇНДЇ

«КУМТЄРДЇ» КУРУТКАН ДАСТАН САРЫГУЛОВ «ЭЛДИК КУРУЛТАЙ» ЄТКЄРГЇСЇ КЕЛЕТ

Дэниел РОЗЕНБЛЮМ, АКШ мамкатчысынын жардамчысы:

«ОППОЗИЦИЯНЫ ЭПТЕП-СЕПТЕП КАБЫЛ АЛЫП КОЙДУК»

КЫРГЫЗСТАН БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ КОШУЛУШУ МЕНЕН БАЖЫ ЖЫЙЫМДАРЫ 25 МЛРД. СОМГО КЄБЄЙЄТ

Феликс КУЛОВ:

ПРЕЗИДЕНТ АИДА САЛЯНОВАНЫ АР ДАЙЫМ КОРГОП КЕЛГЕН

Депутат Абдыжапар БЕКМАТОВ:

«ПРЕЗИДЕНТ САЛЯНОВАНЫ АНЫН ТУУГАНДАРЫ ЇЧЇН КОЛДОБОЙ КАЛДЫ»

Башкы прокуратура коррупцияга шек-телген Жогорку Кеўештин депутаты Ак-матбек Келдибековду Бишкектеги №1 тергєє абагына камакка алууну єтїнєт. Расмий кат бїгїн Биринчи Май райондук сотуна жолдонгонун башкы кєзємєл ор-гандын басма сєз кызматынан кабарлаш-ты. Башкы прокуратура Акматбек Келди-бековго каршы козголгон кылмыш иштин

оордугун жана айрым кїбєлєргє басым кєрсєтїшї мїмкїн экенин эске алып, сот-тон аны камакка алууну суранууда. Бирин-чи Май райондук соту прокуратуранын арызын качан карары маалымдала элек.

Маалыматка ылайык, Келдибеков Гер-маниядан дарылоо курсун єтїп, Кыр-гызстанга 10-февралда келген. Адвокат Татьяна Чильникина Келдибеков сотко катышууга даяр экенин билдирип, бїгїн кылмыш ишти кароону жандантуу ары-зын жазган.

Башкы прокуратура Акматбек Келди-бековго Кылмыш-жаза кодексинин їч бе-ренеси боюнча айып коюп, мамлекетке 35 млн. сомдон ашуун зыян келтирген деген кине койгон. Келдибеков аны толугу ме-нен четке кагып, кылмыш иштин артында саясат жатканын билдирип келатат.

Булак: «Азаттык» радиосу

Кадимки Дастан Сарыгулов агабыз «Кумтєр» алтын кенинин тегерегиндеги «омоктуу ойлорун» ортого салган, азыркы бийликти капталдан соккон макалаларды эркин басылмалардын бирине заказ кы-лып, 30 миў нускада тараттырганы туу-расында кеп кетти. Тїштєн кийин акыл-дуусунган Дастан мырза муну менен эле чектелбестен, кийинки айда «Элдик курул-

тай» єткєрїп, ага жер-жерлерден 750 де-легат чакырганынан кабардарбыз. Ушун-дай аксакалдар карыганын сезип, їйїндє тынч жатышпайбы дейсиў. Анын їстїнє, убагында «Кумтєрдїн» канадалыктарга итбекер кетишинин башында єзї турбады беле? Ошол кылыгы їчїн деле кичине уя-лып, шїк отурса жакшы болмок. Жакшы карыбаган адамга айла жок тура…

БОКтун (Бириккен оппозициялык кый-мыл) лидери Равшан Жээнбеков баштаган 14 оппозиционер АКШга жасаган сапары жемиштїї болгонун, бир катар жооптуу жетекчилер менен жолугушканын макта-на маалымат каражаттары аркылуу жар салышты. А турмуш жїзїндє бул БОК-чулардын кезектеги пиар жїрїшї экени ашкереленди. Америка мамкатчысынын

жардамчысы Дэниел Розенблюм жерги-ликтїї агенттиктердин бирине курган мае-гинде муну катардагы жолугушуулардын бири катары санаган. «Мен парламент мїчєлєрї, жарандык коомдун єкїлдєрї менен жолуктум. Жолугушуу менимче эки жума мурда болду. Бул коомдун ар кыл кєзкараштагы єкїлдєрїн уга турган катардагы жолугушуулардын бири болду. Дагы бир жолу кайталайм, бул катардагы жолугушуу» дейт ал.

АКШ мамкатчысынын жардамчысы єзї оппозицияны салкын кандуу кабыл алып, кєўїлдєрї калбасын деп сїйлєшїп койгону – Равшан Жээнбеков жетектеген БОКко океандын ары жагы дагы сыр-тын салып калганын айгинелебейби? Єз элинен колдоо таппай, сырткы кїчтєргє їмїт арткан оппозициянын келечеги бї-дємїк го, ыя?

Мындай билдирїїнї бажы кызматы-нын тєрагасы Адамкул Жунусов журна-листтерге маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кошу-лушу менен бажы тєлємдєрї 25 млрд. сомго кєбєйєт. «Биз Бажы биримдигине кирїїгє даярданып атабыз. Биз єткєрїї пунктарына жаўы техникалык жабдык-тарды орнотобуз. Эгер каржылоо жакын арада болсо, биз орнотуп їлгїрєбїз. Жол картасына ылайык бул жаатта 115 млн. доллар каралган. Азырынча эч нерсе бє-лїнє элек. Биз Кытай, Тажикстан, Єзбекс-тан менен чек араны бекемдейбиз. Бї-гїнкї кїндє кєптєгєн єткєрїї пунктары

жабык, алардын милдетин чек арачылар аткарууда. Биз жаўы єткєрїї пунктарын ачабыз, андыктан, штаттык кыскартуу болбойт. Єткєрмє бекеттеринде россия-лык, казакстандык бажычылар иштебейт, биз єзїбїз иштейбиз. Алар келип иштин сапаттуулугун текшерип турушат» дейт ал.

"Мурдагы башкы прокурор Аида Саля-нова єзїнїн ишин кєрсєтїшї керек болчу, ал кєрсєттї", -деп билдирди, 11-феврал-да парламенттик кєпчїлїк коалициясы-нын башчысы Феликс Кулов экс-башкы

прокурор Аида Салянованын брифинги болуп єткєндєн кийин анын берген маа-лыматына комментарий катары оюн бил-дирип жатып.

Салянованын брифингинен соў эки анжы ойдо калганын белгиледи. "Резонанс жараткан кылмыш иштерин эске алган-да Саляновага карата коркутуулар болуп жатышы толук мїмкїн. Аны башкы про-курордун кызматынын кетирбей коюшса туура болмок деп эсептейм. Салянова эў мыкты иштеген. Бирок бир четинен Са-лянова президенттин дарегине карата не-гизсиз таарыныч айтты кєрїнєт. Мен їчїн анын таарынычы мамлекет башчысына байланышканы таў калтырды, анткени президент аны дайыма коргоп келген", -дейт Кулов.

Булак: «Кабар ордо»

Экс-баш прокурор Аида Салянова пре-зиденттин саясый жана моралдык кол-доосун єзїнїн туугандарына карата коз-голгон кылмыш иштеринен улам ала албай калды. Мындай пикирин 11-февралда «Республика» фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын ою боюнча Салянованын бир тууган агасы жана кїйєєсї тууралуу айтылган кептер жана кылмыш иштери анын отставкасына алып келди. «Бул мыйзам ченемдїї кєрї-нїш. Мен бул жерде саясый оюндар бар деп ойлобойм», -деп эсептейт Бекматов.

Page 3: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

3ТААРЫНЫЧТЫН ЫЗАСЫНА БАТАМЫН…

САЛЯНОВА ПРЕЗИДЕНТКЕ ЭМЕС, ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН КЇЙЄЄСЇНЄ ТААРЫНСА ЖАРАШАТ БЕЛЕ?

Тєрт жылга жакын убакыт республикабыздын Башкы прокурорлук кызматын аркалаган Аида Салянованын отставкасы коомчулукта чындыгында резонанс жаратты. Анын жаўы жылдын алдында алган эмгек єргїїсїнєн тарта эле тїрдїї имиш кептер чыгып, «Салянова андан ары отставкага кетет экен» деген божомолдор айтыла баштаган. Ал чындык болуп чыкты. Бирок анын отставкасы эмне менен байланыштуу экендиги жалпы коомчулук їчїн табышмак болуп келген. Табышмактын жандырмагы 11-февралда Аида айымдын борборубуздагы «Хаят» мейманканасынын залында єткєргєн маалымат жыйынында белгилїї болду.

«Мен акыркы учурларда мамлекет башчысы тараптан боло турган саясый колдоону сезе алган жокмун. Баш про-курор їчїн мындай колдоо абдан керек. Андай колдоо болбогондон кийин кыз-маттан кетїїгє туура келди» деп билдир-ди ал. Ырасында эле коррупцияга каршы айыгышкан кїрєш жїрїп аткан маалда Башкы прокурор їчїн мамлекет башчы-сынын колдоосу керек экендигин кєп эле коомдук ишмерлер билдирди. Демек, бул айтканында калет жок. Бирок, ошондой колдоону дагы актап, кандайдыр бир туу-ганчылык, же їй-бїлєлїк кызыкчылык менен байланыштырбаш керек эмеспи? Эгерде баам сала турган болсо, дээрлик тєрт жыл бою президент Алмазбек Атам-баев экс-баш прокурор Аида Салянова-нын ишмердїїлїгїн кош колдоп колдоого алып келди. Муну бардыгы билишет. Бул туурасында президенттин кеўешчиси Фа-рид Ниязов дагы айтат: «Кєп убакыт бою Салянованын айланасындагы адамдар-дын прокуратуранын ишине кийлиги-шїїсї тууралуу маалымат тоголок кат, ушак-айыў жана оозеки кеп тїрїндє бо-луп келди. Президенттин мамилеси да ошого жараша болду. Бирок анык факты-лар чыга баштаганда, менин билишимче, Аида Жеўишбековнага тиешелїї жыйын-тык чыгаруу сунушу айтылган. Чынды-гында, Салянова иштен кетїї тууралуу арызын президенттин "Ушундан кийин мен сизге кантип ишенем?" деген сєзї-нєн кийин жазды» ,- дейт ал.

Фарид мырзанын айткан сєздєрїнїн тєркїнїндє Аида Жеўишбековнанын ай-ланасындагы адамдардын прокуратура-нын ишине кийлигишїїсї боюнча анык фактылар билинген экен. Ал эми биз эки жолку революцияны эмне їчїн жасадык эле? Ошондой жогорку кызматтардагы адамдардын айланасындагылардын, бир туугандарынын, їй-бїлєсїнїн мамлекет-тик маанилїї иштерге кийлигишїїсїн токтотуу максатында жасаганбыз. Ошо-ну эў сонун билип туруп, жакындарын єзїнїн жумушуна башын салып, кий-лигишїїсїнє жол берип койгон Саля-новага жол болсун!.. Муну бир деп тура-лы. Экинчиден, Ниязовдун айтымында президент Алмазбек Атамбаев Саляно-вага карата мындай сєзїн аны отстав-кага кетип калсын деген ниетте айткан эмес. Балким аны бул катачылыктарын оўдойт деген ишенимде болгон їчїн айт-кан. Тилекке каршы мына ушул жерден Аида айым жеўил ойго алдырып, сынды кєтєрє албастан, отставкага кетїї туура-луу чечимин кабыл алган. Демек, ал “чї” деген эле жерден «менин жакындарыма тийишпегиле, алар эмне кылышса єздє-

рї билет» дегендей тоў моюндук кылып жатканын тїшїнсєк болот.

“Ар-намысчы” Феликс Кулов жерги-ликтїї агенттиктердин бирине курган маегинде президент Салянованы ар та-раптан колдогонун, ага эркиндик берге-нин жар салды. Феликс Шаршенбаевич-тин пикиринде, Аида Салянованы Аида Салянова кылган – президент. «Прези-дент Салянованы каарман катары жаса-ды. Анын колдоосусуз чуулгандуу иштер ачылмак эмес. Ал эми Салянованын Атам-баев тууралуу айтканы – далыдан бычак урганга барабар» дейт ал. Анын бул ке-бинде калет жок. А.Атамбаев колдобосо Салянова мындай деўгээлге жетмек эмес.

Шаршембидеги маалымат жыйынында дагы ал «Мен їй-бїлємдї коргоп калыш їчїн бардык мїмкїн болгон чараларга ба-рам» деп билдирди. Кызык, кандай чара-ларга барышы мїмкїн? Кандай чараларды жасоого мїмкїн? Албетте, чымчык деле єз їй-бїлєсїн коргойт. Коргош керек. Би-рок, кеп бул жерде мыйзамдуулук туура-луу болуп жатпайбы? Эгерде анын агасы-на, кїйєєсїнє карата жїйєєлїї айыптар коюлуп атса, аны мыйзам алдында гана ак экендигин далилдеш керек. Муну Аида айым эў сонун билет. Болбосо, єзї кыл-мыш ишин козгогон саясатчылардын деле сот процесстери убагында туугандары кє-чєгє кыйкырып чыгып жїрдї. Ошол убак-та Аида Салянованын пикири таптакыр башкача эле го? Ал бардыгын мыйзам алдында, сот алдында такташ керек деген принципте эмес беле? Бїгїн эмне болду? Же єзїнїн туугандарына келгенде мый-зам башкача иштеш керек беле? Муну їч дейли. Бакандай экс-баш прокурордун дагы бир чоў жаўылыштыгы ал маалы-мат жыйынында «Менин їй-бїлємє ар кандай коркутуулар болуп атат. Керек болсо мен єлїм алдындагы акыркы ка-тымды жазып, ишенимдїї жерге бекитип койгонго да бардым» деп айтты. Макул, ошондой коркутуулар болуп атса, анда неге ал укук коргоо органдарына кайрыл-ган жок? Мындай кайрылуу болбогонду-гун кечээ Бишкек ШИИБнин маалымат кызматы билдирбедиби? Эгерде анын ємїрїнє коркунуч туулуп жатса, їй-бїлє мїчєлєрїнє да коркунуч жасалып атса, анда Бишкек ШИИБи аларды кайтарып бере тургандыгын билдирди. Єзї юрист болсо, болгондо катардагы эмес, жогор-ку кызматтарды ээлеп келген тажрыйба-луу юрист болсо, ар кандай коркутуулар боюнча милиция кызматкерлерине арыз

менен кайрылыш керек экендигин бил-бейби? Билет болчу. Анда неге кайрыл-ган эмес? Бир гана жооп болушу мїмкїн – эч кандай коркутуп-їркїтїїлєр болгон эмес. Андыктан муну Салянованын ызаа-га алдыргандан улам оюнан токуп чыккан билдирїїсї деп гана биле берсек болот. Экс-спикер Мукар Чолпонбаев Салянова-нын мындай оюндарынын артында «Ата-Мекен» партиясы турат деген оюн айтты. Толук тїрдє логикага сыя турган боолго-лоо. Биринчиден, анын кїйєєсї мурдагы Юстиция министринин кеўешчиси болуп иштеген экен. Ал эми мурдагы Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов болсо «Ата-Мекен» партиясынын єкїлї. Экин-чиден, кечээги маалымат жыйынында Салянова алдыдагы парламенттик шай-лоого аттана тургандыгын айтты. Єзї-нїн айтуусу боюнча жаўы команда тїзїп, жаўы партия ачат экен. Бирок, шайлоого аз гана убакыт калганын эске алганда ал азыр партия тїзїп жетише алышы чоў кї-мєн. Андыктан буга чейин айтылып кел-ген имиш кептердин чындыкка айланып, ал «Ата-Мекен» партиясынын катарында шайлоого барышы толук мїмкїн. Мын-дай дагы мїмкїнчїлїк болуп калышы мїмкїн экендигин ал єзї деле четке как-кан жок. «Башка иштеп аткан партиялар менен шайлоого барам деген азырынча ой жок. Аны алдыдагы убакыт кєрсєтєт» деп айткан ал. Анын аталган партия ме-нен тыгыз байланышта болуп жатканын дагы бир факты далилдейт. Кечээги маа-лымат жыйынында ал «Ата-Мекен» пар-тиясынын 2010-жылдагы мародерчулукка таптакыр тиешеси болгон эмес деп дагы бир жолу билдирди. Бирок коомчулукта анын тескерисинче пикир жаралып, кїн санап кїчєп келет. Иш тереў иликтенбей жатканы ачык эле кєрїнїп тургансыйт. Адам баласы єзїїн ишин, эмгегин ашыкча баалап, «Мен бардыгын кыйратып атам» деп калганда ушундай нерселер болуп ке-тет. Аида айым дагы коррупцияга каршы кїрєштїн арты менен эбегейсиз чоў ка-дыр-барк кїтїп, саясаттагы рейтингин дагы жогорулата алган. Бирок мунун бар-дыгы мамлекет башчысынын колдоосу менен болуп жатканын кыязы тїшїн-гєн жок окшойт. Анын ишмердїїлїгїн президент Алмазбек Атамбаев дагы туу-ра баалап, «келечектеги президент Аида Саляновадай болсо жакшы болмок» де-гендей кыйыткан. Бул єтє жогорку баа – саясаттагы. Андай баалоону Салянова айым кєтєрє алган жок. Жалпы мамле-

кеттик кызыкчылыкты, жеке їй-бїлєлїк кызыкчылыкка алмаштырып жиберди. Ал эгерде мамлекетте бардыгы жакшы, акыйкат болсо, їй-бїлєдє да ошондой боло тургандыгын эстен чыгарды. Кї-йєєсї дагы, агасы дагы эгерде чындап ак болсо, анда мыйзам жолу менен акта-лып чыгышмак. Андыктан Аида айым бул жолу мыйзамдан аттап єтїп, їй-бїлєсїнє чаў жолотпой коргоп туруп алды. Муну менен бир гана президенттин эмес, жал-пы элдин ишенимине суу септи.

Дагы бир ойлонто турган маселе – ал кайсы бир саясый кїчтєрдїн колундагы куурчак болуп жаткансыйт. Азырынча кимдин куурчагы болуп жатканы белги-сиз. Бирок, бардыгы жакында ачыкка чы-гат деп ойлойм. Дагы бир жолу айтып кое-лу – єз ишин єтє жогору баалап, эч кандай сынды уккусу келбей калган адам ушундай катачылыкты жасайт. Эми жаўыдан баш прокурорлук кызматка отурган Индира Жолдубаева айым коррупцияга каршы ачылган кїрєштї улантуу менен бирге ай-тылган сын-пикирди да туура кабыл ала жїрїшї керек. Ошондо гана Салянованын катачылыгын кайталабайт. Экинчиден, ал ара жолдо калтырган Аида айымдын ишин аягына чыгарып, майын чыгарса Салянова єзїнїн деўгээлин азыркыдай асманга алып чыкпай калса керек. Баса, ал коррупцияга каршы кїрєштє жалгыз єзї гана кїч їрєп келгендей тїр жараткысы келет. Чындыгында андай эмес. Биринчи-ден, бул кїрєш президент тарабынан де-милгеленген. Анын демилгеси менен Ан-тикоррупциялык кызмат тїзїлгєн. ИИМ дагы, Финполиция дагы коррупцияга кар-шы кїрєшїп келишет. Андыктан ал кї-рєштї жеке бир адамдын менчигиндеги кїрєш деп айта албайбыз. Бул жалпы кї-рєш. Мамлекетти коррупциядан арылтып, гїлдєгєн єлкєгє айлантуу жалпыбыздын милдетибиз. Ал кїрєштї элибиз дагы, мамлекет башчысы дагы колдоп келет. Демек, айтылган сынды кєтєрє албай, баштаган ишин таштай коюп, отставка-га кеткен Салянова ызаага алдырбастан тереў ойлонушу зарыл. Анын саясый ке-лечеги єзїнїн чечимдеринен гана кєз ка-ранды. Учурда бийликке далысын салып, курулай сындап келе жатышкан оппози-ционерлер мындай мїмкїнчїлїктї кол-дон чыгарбай Аида Жўеишбековнаны єздєрїнїн катарына кошууга аракет жа-сашаары айдан ачык. Анда эле ал єзїнїн саясый карьерасына чекит койгон болот. Себеби кечээ эле азыркы оппозиция туу-ралуу эмне деп айтып келгенин элдин баа-ры билет. Экинчиден, буга чейин адатка айланган «Бийликке таарынгандардын бардыгы оппозицияга єтє качат» деген аныктаманын ичинде болуп калбашы ке-рек. Бул туурасында Адахан Мадумаров таасын айткан «Кече кызматта отуруп, бїгїн кызматтан тїшїп калса, эртеў оп-позициянын короосунда жїргєн болот» деп. Ушундай болбогонго Аида айым-дын чамасы жетер бекен?.. Анан дагы ал азыркы абалы їчїн биринчи кезекте президентке эмес, єзїнїн кїйєєсїнє, жа-кындарына таарынса жарашат эле.

Кандай болгон кїндє да, Ф.Кулов бил-диргендей, А.Салянованын мындан аркы тагдыры – єзїнїн колунда. Эгер эксперт-тер божомолдогондой, ал кєшєгє артын-дагы кожоюндары: Ємїрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаевдин жетегине азгырылбай, єзїнїн акылы ме-нен иш кылганы оў. Албетте жаркын ке-лечегин ойлосо. Болбосо єзїнїн тагды-рына єзї балта чаап алышы ыктымал...

Акинай АЙДАРОВА

Page 4: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

4 САРЫ ЭСЕП

Äåïóòàòòàð Ñàëÿíîâàíûí êîîïñóçäóãóí êàìñûç êûëóóíó

òàëàï êûëàò***

Êåëäèáåêîâäóí ñîòó 20-ôåâðàëäà ºòºò

***Áûéûë Êûðãûçñòàíäà ¿éëºð 10-

15% àðçàíäàøû ì¿ìê¿í***

Áèøêåêòèí êº÷ºëºð¿íº áèð æûëäà 300 âèäåîêºçºìºë

îðíîòóëàò***

Íàñûÿíû ñîì ìåíåí ãàíà áåð¿¿ ñóíóøòàëóóäà

***Íàðûíäàãû Êàðûëàð ¿é¿

æàáûëàò***

Æàëàë-Àáàääà áàëäàðãà êàðàòà çîìáóëóêòó àëäûí àëóó÷ó øòàáäàð à÷ûëäû

***Êàðà-Áóóðàäà òóðàê ¿éëºðä¿

ñóó êàïòàäû

***

׿éäº àâèàêåðîñèí òàøûï áàðàòêàí óíàà êûðñûêêà

êàáûëäû

***

Ìûéçàìñûç ïàñïîðò àëìàøòûðóóäàãû

êîððóïöèÿëûê ñõåìà à÷ûëäû

***

Êàðà-Ñóóëóê èìàì Êàìàëîâ ýêè àéãà êàìàëäû

***

Êîðåÿäà êûðñûêòàãàíäàð àðàñûíäà êûðãûçñòàíäûêòàð

æîê

***

Îðóñèÿäà êûðãûçñòàíäûê êûëìûø òîïòîð òèðåø¿¿äº

***Îðóñèÿ Æîãîðêó Ñîòó

ìåêòåïòå õèæàï êè鿿㺠òûþó ñàëäû

***Íàçàðáàåâ Îðóñèÿãà ñàëûíãàí ñàíêöèÿëàðäû “æàïàéû÷ûëûê”

äåï àòàäû***

Óêðàèíà: ÷àòàêòû òîêòîòóó êåëèøèìèíå êîë êîþëäó

***ÀÊØäà ¿÷ ìóñóëìàíäû àòûï

ºëò¿ðãºí æàðàí êàìàëäû

***

Îáàìà “ÈÌ” êàðøû îïåðàöèÿ ¿÷¿í êîíãðåññòåí óðóêñàò

ñóðàäû

***

Æåð îðòîëóê äå¢èçãå 300㺠æàêûí ìèãðàíò ÷ºã¿ï êåòòè

ТАМЧЫ КАБАРКЫРГЫЗСТАНГА ПОПУЛИЗМ КЕРЕКПИ,

ЖЕ ЭКОНОМИКАБЫ?

Токон Мамытов:

“КУМТЄР” БОЮНЧА СЇЙЛЄШЇЇЛЄР 90 ПАЙЫЗГА АЯКТАП КАЛДЫ

ЖАНАР МАЙ АРЗАНДООДО

Кыргызстан менен “Кумтєрдїн” ор-тосунда 50/50 пайыздагы биргелеш-кен ишкана тїзїї меморандуму єткєн жылы жетишилген. Тилекке каршы, ара-дан бир жыл єтсє да бул маселеге чекит коюла элек. Эксперттердин айтымын-да, макулдашуунун узак убакытка созу-лушу Кыргызстан їчїн гана пайдасыз. Тоо-кен тармагы боюнча адис Жоробек Халбаев Кыргызстанда "Кумтєр" боюн-ча биргелешкен ишкана тїзїїдєн башка жол жок экендигин айтат. Ал белгилеген-дей, 50/50 пайыздык ишкананын бїгїн-кї кїнгє чейин тїзїлбєй турушу кыргыз экономикасын миллиондогон пайдадан кур жалак калтырууда. “Мурдагы єкмєт башчысы Жантєрє Сатыбалдиев “Кум-тєрдєгї” Кыргызстандын їлїшїн 67 па-йызга жеткирїї жомок экендигин айт-кан. Ал киши да бир нерсени билбесе

сїйлєбєсє керек. 50/50 пайыздык иш-кана тїзїї келишими парламент тарабы-нан колдоого алынгандан кийин аны тез арада ишке ашырыш керек болчу. Ми-салы, 2013-жылы "Центерра" 145 млн. АКШ доллары єлчємїндє таза киреше тапса, Кыргызстан андан болгону 11,4 млн. АКШ долларын алган. Муну да єкмєт мїчєлєрїнїн оозунан уккам. 2014-жылы деле ушундай кєрїнїш кайталанса керек. Ошондуктан жогорудагы биргелешкен ишкананы тез арада ишке киргизїї зарыл. Эгер бул аракет ишке ашып калса Кыр-гызстандын кирешеси эки эсе артмак”, - дейт ал. Айрым депутаттар “Кумтєрдї” улутташтыруу маселесин кєтєрїп келет. Саясатчылардын мындай кадамдарын да туура тїшїнсє болот. Анткени, ушул жылдын кїз айларында парламенттик шайлоо єтєт. Бул саясий жарышта ар бир

саясатчы добуш топтоо їчїн сєзсїз тїрдє популисттик билдирїїлєр менен чыгат. Мындай упай топтоо куралына “Кумтєр” кени башынан эле эў жакшы курал бо-луп келет. Бирок, тоо-кен тармагын жа-кындан билген адистер “Кумтєр” кенин улутташтыруу акылга сыйбаган кєрїнїш экенин байма-бай эскертишїїдє. Миса-лы, Кыргызстандагы №1 геолог, тоо-кен тармагын ийне-жибине чейин билген адис Орозбек Дїйшеев кенди улутташтыруу демилгеси акылсыздык экенин айтып, айрым саясатчылардын мындай араке-ти Кыргызстанды туўгуюкка алып келе-рин белгилейт. “Улутташтыруу демилгеси жеткен акылсыздык. Учурда «Кумтєрдї» улутташтырабыз дегендер Кыргызстан-ды туўгуюкка алып келет. Чындыгында, бул ишкана Кыргызстандын бюджетин толтурган негизги ишкана болуп турат. Эгер улутташтыруу боло бурган болсо, дїйнєлїк сот башталат. «Кумтєрдїн» иши токтойт. Кыргызстандын кыйналып тур-ган экономикасы мындан да эки эсе кый-налат”, - дейт ал. Учурда Кыргызстандын бюджети 3 млрд. долларга жетпегени аз келгенсип, жыл сайын 15-20 млрд сом жетишпестик менен кабыл алынат. Єл-кєдє айлык-маяналардын аздыгы, баа-лардын тынымсыз кымбаттап жатышы карапайым элге бир топ эле залакасын тийгизїїдє. Ал эми “Кумтєр” сыяктуу ири салык тєлєгєн ишканаларга бут тосуулар боло берсе, чет элден келе турган инвес-торлор качып, казынаны толтуруучу бу-лактар кескин кыскарат. Бакубат, кїчтїї Кыргызстанды куруу їчїн инвесторлор менен тил табышып, ири ишканаларды айрым саясатчылардын кызыкчылыгы эмес мамлекет їчїн иштетїї керек.

“Кумтєр” маселесин канадалык инвесторлор менен февраль айынын башында Москва шаарында єткєн сїйлєшїїдє талаш тартышты жараткан маселердин 90 пайызы чечилип калды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКнун тєрагасы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, февраль айынынын башында Москва шаарында эки тараптуу сїйлєшїїлєрдїн кезектеги этабы єткєн. “Белгилеп кетсем бул сїйлєшїїлєрдїн жї-рїшїндє кєп маселе боюнча бир чечимге келдик. Ал эми бир аз суроолор боюнча талкуулар мындан ары уланат”, - дейт ал.

“Кыргызалтындын” жетекчиси белги-легендей, сїйлєшїїлєрдї эртерээк аяк-

тоого кыргыз тарап да канадалык инвес-торлор да кызыктар. ”Биз эки тараптуу сїйлєшїїлєрдї тез арада аяктап кели-шимге кол коюуну максат кылып жата-быз. Бул иш сїйлєшїїлєр аяктагандан кийин гана жїзєгє ашат. Канадалык ин-весторлор да мунун тезиреек аякташына кызыктар”, - дейт Мамытов.

Ал белгилегендей, “Кумтєр” долбоору боюнча сїйлєшїїлєрдї аягына чыгаруу ушул жаз айыларына пландалып жатат.

Белгилей кетсек, “Кумтєр” кени боюнча расмий сїйлєшїїлєр єткєн жылдын сен-тябрь айында башталган. Парламенттин токтомуна ылайык, канадалык инвестор-лор менен кыргыз тарап 50/50 пайыздык їлїшкє ээ болгон биргелешкен ишкана тїзїїсї керек.

Жаўырган жылдан тартып кїйїїчї майдын баасы арзандай баштады. Кыр-гызстан нефтетрейдерлер ассоциация-сынын маалымдашынча, 12-февралдан тартып АИ-92 їлгїсїндє бенщин 1 сом-го, АИ-95 жана АИ-98 їлгїсїндєгї жанар май 2 сомго арзандаган. Ал эми єлкє тїш-

тїгїндє АИ-92 1,5 сомго, АИ-95 2 сомго, солярка 1 сомго ылдыйлаган.

Жыл башынан бери кїйїїчї май ор-точо 6-7 сомго чейин арзандады. Божо-молдорго караганда, бензин баасы дагы тємєндємєкчї.

Page 5: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

5АРХИВДИ АЎТАРЫП…

КЕЛДИБЕКОВ КАЙТЫП КЕЛДИ БАЙЛЫКТАРЫН ТИЗМЕКТЕЙБИЗ

Акматбек Келдибековдун мекенине кайтып келишин коомчулук ар кыл єўїттє талкуулоодо. Биз ага токтолуп отурбайлы. Ємїр бою мамлекеттик кызматты аркалаган А.Келдибеков менен анын жубайы Аида Токтоматова баштан ашкан байлык жыйнаганын убагында жарыялаган элек. Тємєндє гезитибиздин архивин аўтарып, окурман журтчулугунун эсине анын байлыктарын эске салып коелу дедик.

КЕЛДИБЕКОВГО САЛЫШТЫРМАЛУУ АЯЛЫ БАЙ

Акматбек Келдибековго караганда анын ємїрлїк жары Аида Токтоматова бай экен. Жалпысынан 31 имарат Аида айымга катталган. Тємєндє алардын ай-рымдарын тизмектейбиз.

БИШКЕК ШААРЫНДА АГА КАТТАЛГАН МЇЛКТЄР:

• Табалдиева кєчєсїндєгї їйдїн бир бєлїгї (2002-жылы сатылып алынган);

• Сагымбай Манасчы кєчєсїндєгї жер участогу (2011-жылы сатылып алын-ган); • Табалдиева кєчєсїндєгї турак їй (2001-жылы сатылып алынган);

• Геология кєчєсїндєгї турак їй (2007-жылы сатылып алынган);

• Ахунбаева кєчєсїндєгї їйдїн бир бєлїгї (2005-жылы сатылып алынган);

• «Жал-15» кичирайонундагы куру-луп бїтє элек квартира (2008-жылы са-тылып алынган);

• Тынчтык проспектисиндеги батир, Сухомлинова кєчєсїндєгї квартира (экєє теў 2007-жылы їч ай айырмачылык ме-нен сатылып алынган), Сухомлинова кє-чєсїндєгї гараж дагы ошол эле жылы са-тылып алынган;

• Токтогул кєчєсїндєгї квартира (2000-жылы курулган); Ош шаарында-гы имараттары: • Кара-Суу районунун Кыргызчек айылындагы жер тилкеси жана талаа станы бар;

• Бир имарат 2007-жылдын сентябрь айында сатылып алынган.

ЫСЫК-КЄЛДЄГЇ МЇЛКТЄРЇ: • Бостери курорттук айылындагы жал-

пы аянты 2,55 гектар болгон «Илбирс-Саадат» пансионаты;

• Кєл жээгиндеги 14 коттедж (ар би-ринин баасы кеминде 100 миў доллар);

• Булан-Сєгєттї айылындагы «Парк Отель Ле Меридан» пансионатынын ай-магындагы коттеджди Аида Токтоматова «Торговый Дом Кара-Балта» ишканасы-нан 2009-жылдын 15-апрелинде 450 миў сомго сатып алган;

• «Карвен четыре сезона» пансиона-тындагы батир;

КЫМБАТ БААЛУУ МАШИНЕЛЕРИ:

• 1994-жылы чыккан «Мерседес-Бенц Е 320»;

• «Тойота Лэндкрузер»;• «Шевроле – Субурбан»; • «Тойота

– Фортунер»; • «Лексуз lx – 520»; Азырынча ушу-

лар… Жогоруда А.Келдибеков жана анын жу-

байы А. Токтоматовага тиешелїї делген мїлктєрдїн четин гана чыгардык. Алар-дын баарын кошо эсептегенде миллион-догон доллардын башы кылтыйып чыгат. “Ємїр бою мамлекеттик кызматта жїрїп, айлыктан айлыкка жашаган Келдибеков мынча байлыкты кантип жыйнаган?” де-ген суроонун жандырмагы ошондон. Ан-дан дагы кызыгы, А.Келдибеков “Кыргыз-газ” ишканасынын тагдырына кїйїмїш этип, “керек болсо аны 40 млн. долларга сатып алам” деп тар чєйрєдє кїпїлдєгє-нїн кулагыбыз чалды. Мындайда 40 млн. доллардын кайдан чогулганын айтып бе-риши керек эмеспи? Апрель окуясынан кийин ондогон кїркїлдєр Дубайга жа-шырынып, ал жактан бизнес тїптєгєнїн эркин гезиттер далай жазышты. Алардын арасында Акматбек Келдибеков да ко-шулуп, 10 млн. долларлык ишкана ачка-ны каўкуулаган. Бул дагы иликтєєнї та-лап кылчу нерсе… Жанатан бери санаган мїлктєрдї айрым чоў бизнесмендер дагы таба албашы аштан бышык. Андыктан А.Келдибеков мамлекеттик кызматтын убайын кєрїп, миллиондорду жыйна-ган деген …

(25.11.2013)

ТЕЗ БАЮУНУН АМАЛЫН КЕЛДИБЕКОВДОН ЇЙРЄНГЇЛЄ

Парламенттик башкаруу системасы саясат айдыўындагы мыкты чыкмалар-дын ар биринин ар бир кадамын алакан-га салгандай кєрсєтїп турууга шарт тїзїп берди. Маселен, ЖКнын экс-спикери Ак-матбек Келдибековдун эсти тандырган байлыктары єткєн жылы кыргыз тилдїї басылмалардын бирине жарык кєргєн. Бирок, бул маалыматты эл єкїлї ошол эле замат жокко чыгарып маалымат жыйы-нын єткєзгєн эле. Кєп узабай эле Акмат-

бек мырза ал байлыктарын кайра єзїнїн декларациясында ырастап чыккан. Анын декларациясындагы байлыктарын чып-чыргасын коротпой дагы бир жолу кай-талап коёлу.

Мамлекеттик кадр кызматынын берген маалыматы боюнча Акматбек Келдибе-ков єткєн жылы 1 миллион 188 миў 938 сом киреше тапкан. Ошол эле учурда ал 558,6 чарчы метр аянттагы їй, турак-жай їчїн эмес 605 чарчы метр аянттагы има-рат, 5000 чарчы метр аянттагы жер тил-кесине ээлик кылат. Мындан тышкары, «ВАЗ 21063» їлгїсїндєгї автоунаа жана Range Rover їлгїсїндєгї 2010-жылкы ав-тоунаанын ээси. Мындан сырткары, Кел-дибековдун туугандарына таандык болгон мїлктєр: 13 коттедж (алардын алды 400 чарчы метрди чапчыса, арты 70 чарчы метр), 132 чарчы метр, 276,1 чарчы метр, 386 чарчы метр жана 911 чарчы метрлїї їйлєр, алды 257 чарчы метрге жеткен тєрт батир, бири 5300 чарчы метр, бири 5500 чарчы метр болгон жер тилкелери жана «Lexus 570» їлгїсїндєгї автоунаа. Булар Келдибековдун декларациясында кєрсє-тїлгєн байлыктары. Бирок, дагы деле бул эл єкїлї єзїнїн байлыктарын элге толук ачыктагысы келбей туру. Анткени анын кємїскєдєгї «бизнестери» тууралуу дек-ларациясында кєрсєтїлгєн эмес. Маселен, анын борбор шаарыбыздагы сауналары, «Кыял» бирикмесиндеги акциялары жана Подмосковьедеги 2 миллион долларга са-тылып алынган хан сарайы али ачыкка чыккан эмес. Балким мунусун эл єкїлї єзї ачыктагысы келбесе, укук коргоо орган-дары ачыктап берер… Бул жагы ушундай. Бирок, бир жыл мурун эле эч кандай дек-ларациясында кєрсєтїлгєн байлыктарым жок деп танып жаткан Келдибеков жана анын туугандары бир жылдын ичинде эле кантип космостук ылдамдык менен байып

кеткени али кїнчє жоопсуз болуп келет. Же бир жылда эле ушунчалык деўгээлде байыганга мїмкїнбї? Андай болсо кан-тип, Акматбек Келдибекович?!

(25.11.2013)

КЕЛДИБЕКОВДУН БАЙЛЫГЫ ТЇГЄНБЄЙТ ОКШОЙТ…

Ушул жашка келгенге чейин жалаў мамлекеттик кызматтарды аркалап, ЖК тєрагасы болгонго чейин жетишкен Жо-горку Кеўештин депутаты, коррупцияга шектелип камалган Акматбек Келдибе-ковдун байлыктары биринин артынан бири чууруп чыга берет окшоду. Кыязы, анын байлыктарынан документалдуу ро-ман жазсаў да болчудай. Байлыктарынын ар бирин тизмектеп жазууга бир нече ка-лемсаптын сыясы кетчїдєй. Ал эми алар-дын кандайча Келдибековго жана анын туугандарына таандык болуп калганы тууралуу жазсаў, кагаз бети тїт келбейт.

Буга чейин эле анын катар-катар тизил-ген кымбат баалуу автоунаалары, гектар-лаган жер тилкелери, Ысык-Кєлдїн жээ-гиндеги 14 коттеджи (анын эў арзаны 100 миў доллар турат), борбор шаарыбыздагы элиталык кєп кабаттуу їйлєрдєгї батир-лери, хан сарайлары, сауналары, тїштїк жергесиндеги жер тилкелери тууралуу єтє эле кєп жазылды. Кызыгы мына ушул байлыктардын бардыгын анын ємїрлїк жары Аида Токтоматова «Биз бардыгын єз эмгегибиз менен тапканбыз» деп чык-кан. Эгерде эч кандай бизнеси жок туруп, мамлекеттик кызматта иштеп эле ушун-ча байлык топтоого мїмкїн болсо, анда калган карапайым эл жєн эле эшек така-лап жїргєн турбайбы деген ойго келесиў. Анда неге «мамлекеттик кызматтарда айлык акы аз» деп ыйлактап жатабыз? Келдибековдой болуп «иштесек» жалаў айлык акы менен мультимиллионер бол-со болот турбайбы?

Биз ушинтип мээ кагып отурганча Кел-дибековдун жакындарына тиешелїї дагы бир олчойгон байлыктын изи табылып отурат. «Дордой» соода комплексинин аймагында жайгашкан «Алтын-Тоо» деп аталган чарбалык товарларды жана ав-тоунаалардын тетиктерин саткан базар бар. Мына ушул базарда эле 700гє чукул контейнер жайгашкан. Анын 200дєйї бир гана адамга таандык. Бирок, кимге таандык экендиги кємїскє. Ал эми «Ал-тын-Тоо» базарынын ээси «НААР» ЖЧК-сы болуп эсептелет. Бул жоопкерчилиги чектелген коомдун тїзїїчїлєрїнїн бири Акматбек Келдибековдун кайын атасы Нурмамбет Токтоматов болуп эсептелет экен. Эске сала кетсек Нурмамбет Ток-томатов убагында Бакиевдин кеўешчиси болуп турган. Кийин Келдибеков спикер болуп турганда кїйєє баласына да кеўеш-чи болуп турган. Кыязы, бул Келдибеков мамлекеттик кызматтарда элдин, мамле-кеттин кызыкчылыгы їчїн эмес, жалаў єзїнїн жакындарынын, туугандарынын, кайын журтунун кызыкчылыгы їчїн эле иштесе керек. Болбосо, мынчалык бай-лыкты башы менен жер казып иштеп жат-кандар да таба албай келишет. Улам бир байлыгы чубалып чыгып жатканынан улам коомчулук «Келдибековдун дагы канча байлыгы кємїскєдє катылып жа-тат болду экен?» деген суроо менен тїй-шєлїп калды…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Page 6: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

6 ТАРАЗА

ЭЧ ЖЕРГЕ БАТПАГАН СУВАНАЛИЕВ ГЕЗИТТЕН БАКТЫСЫН ТАПСАМ ДЕЙТ

КЫРГЫЗ ОППОЗИЦИЯСЫНЫН АКШга САПАРЫ, АКШдан КЫРГЫЗСТАНГА БАРГАН ЖЕРИНЕН

РЕВОЛЮЦИЯ, БАШАЛАМАНДЫК ЖАСАГАН РИЧАРД МАЙЛЗДИН КЕЛИШИ ЖЄН ЭЛЕ ДАЛ КЕЛЇЇБЇ, ЖЕ?..

Ар кыл партияга «тийип чыкмай» жа-гынан «рекордсмен» атыккан Ємїрбек Су-ваналиев «Азия-Ньюс» гезитинин 12-фев-ралдагы санына жалаяктай болгон маек куруптур. Анын бул «шедеврин» жиликте-бей эле коелу, бир моментине гана токто-лолу. Ал апрель окуясынан кийин азыркы президент Алмазбек Атамбаевге барга-нын, ал ИИМ менен атайын кызматты сунуштаганын, ал сунушка макул болуп, Бишкек ШИИБ башчылыгына Мелис Тур-ганбаевди дайындап берїїгє макулдук сураганда баш тартканын саймедиреп-тир. Кызык, Бишкек ШИИБ башчысын министр єзї дайындашы керек эмеспи? Ал їчїн дагы жогорку жактын урукса-тын алуунун зарылчылыгы жок. Ушундай жєнєкєй нерсени билбеген Суваналиев кантип министр, депутат, Бишкек мэри, президент болом деп жїрєт, ыя? Жогорку кызматты кєксєгєнчє кичине сабаттуулу-

гун жоюп албайбы?Ємїрбек Исаакович 2010-жылдагы

парламенттик шайлоодо їч партияны «са-тып» («Ар-намыс», «Ата журт», «Респуб-лика»), «Содружестводон» бактысын тап-пай, айталаада калганын кєргєнбїз. «Эки тоонун чєбїн эўсеген эчки арам єлєт» де-мекчи, ар кыл жээкке секирип жїрє берген Суваналиев «Їйдєн жок же Чїйдєн жок» калыптыр. Аны оппозиция да кошпой, генералдар катарынан чийип, Америка да «ары бар» дегендей жолго салыптыр. Ошондо аргасы кеткенде «абысыныбыз» Асланбек Сартбаевдин «Азия-Ньюсуна» жетип барып «арман кїїсїн» чертип ат-кандагысы тура. Асланбек экс-башкы про-курор Элмурза Сатыбалдиевди айга, кїнгє теўеп мактап жїрїп абакка тыгып тынды. Эми Ємїкенин «саясый жаназасын оку-тайын» дегенби?

Кыргызстандагы АКШнын мурдагы эл-чиси Памела Спратлен коўшулаш Єзбекс-танга кызмат ордун которгондон кийин анын ордуна Шейла Гуолтнинин келиши кїтїлїп аткан болчу. Эске сала кетсек, єт-кєн жылдын августь айларында Америка президенти Борак Обама єзї аны тажрый-балуу дипломат катары Бишкекке жєнєтїї керек экендигин сенаторлорго сунушта-ганын билебиз. Бирок, акыркы айларда Вашингтон мындай оюнан кайтып, Кыр-гызстанга убактылуу элчи катары 78 жаш-тагы Ричард Майлзди жєнєтїїнї чечти. Албетте, мындай кадрлык бурулушту ан-чейин деле кєўїлгє албай койсок болмок. Бирок, сексен жашты этектеп барып кал-ган Ричард мырзанын ємїр таржымалы кєп нерселерди ойго салып коюуда. Анын дипломатиялык багыттагы ишмердїїлї-гї менен учурдагы дїйнєлїк деўгээлдеги саясый процесстер, анын ичинде Кыргыз-стандын ичиндеги кырдаалдар кандай-дыр бир кєшєгє артындагы оюндарды каўкуулап тургансыйт. Оюбузду так жет-кирїї їчїн адегенде Америкадан келиши кїтїлїп аткан Ричард Майлздин дипло-матиялык багыттагы ємїр таржымалына кыскача сересеп салалы. Ал 1967-жылдан тарта дипломатиялык кызматтарды ар-калап келет.

Москвада, Белградда дипломатиялык кызматтарда иштеген. Ленинградда башкы консул, Берлинде АКШнын дипломатия-лык єкїлчїлїгїндє кызмат єтєгєн. Азер-байжанда, Болгарияда элчилик кызматты аркалаган. АКШнын мамлекеттик депар-таментинде СССР, Чыгыш Европа жана Югославия маселелери боюнча жана ас-кердик-саясый маселелер боюнча иштеген. 2002-жылдан 2005-жылга чейин Грузияда АКШнын элчилигин жетектеген. Мына ушул жылдар аралыгында Грузияда эмне болгонун дїйнє коомчулугу жакшы билет. Михаил Саакашвили башында турган де-мократиялык топ «Роза революциясы» ар-кылуу мамлекет бийлигин колго алышкан. Бул революциянын автору жана сценарис-ти катары дал ушул Ричард Майлздын аты аталып жїрєт. Ошол убакта кадыр-барк-туу америкалык жана грузиндик басыл-малар Тбилисидеги бийликтин алмашуусу їчїн Ричард мырзанын кепилдиги менен АКШ казынасынан 1,2 миллиард доллар бєлїнгєндїгїн жазып чыгышкан. Мына ушундайча єз сценарийин жїзєгє ашыр-ган соў Ричард Майлз кызматын єткєрїп берип, Вашингтонго кайтып барып, пен-сияга чыгат. Бирок, Грузия жетекчилиги-не кандайча «туура саясат» жїргїзїї ке-ректеги тууралуу АКШ мамдепартаменти менен макулдашылган кеп-кеўештерин тындырбастан берип турган.

Грузин-абхаз карама-каршылыгы-нын «жумшак» сценарийин дагы план-даган дипломат экендигин айтып жїрї-шєт. Мындай кызматтары їчїн Майлз кєптєгєн сыйлыктар, грамоталар менен сыйланган. 2004-жылы АКШ Мамдепи тарабынан берилчї «Конфликти тынч-тык жолу менен чечкени їчїн» сыйлык-тын ээси болот. Кайсы конфликти, кан-дай тынчтык жолу менен чечкени їчїн? Тїшїнїктїїсї, Грузияда революция жаса-ганы їчїн бул сыйлыкты алганы болууда. Ошентип 2005-жылы пенсияга чыккан Ричард мырзаны 2008-жылы кайрадан дипломатиялык кызматка тартышат. Так-тап айтканда АКШнын Тїркмєнстанда-гы убактылуу элчиси болот. Бир жылдан соў кайрадан Вашингтонго кайтып ба-рып, экинчи жолу пенсияга чыгат. Мына ошентип арадан 6 жыл єткєндєн кийин аны кайрадан дипломатиялык кызматка тартып отурушат. Бул жолу анын шыба-гасына Кыргызстандагы АКШ элчилигин жетектєє тийди. Тїстїї революциялар-

дын авторлорунун бири болгон Ричард мырзанын Кыргызстанга келиши кандай максатта болушу мїмкїн? Эмнеге буга че-йин айтылып, сунушталып келген Шейла Гуолтни келбестен, Майлз келе турган бо-луп калды? КР ТИМ экс-министри Эднан Карабаев Ричард Майлздин келиши жєн жеринен эмес экендигин маалымат булак-тарынын бирине билдирет. Дипломаттын айтымында азыркы тапта Россия Федера-циясына тартылып турган єлкєлєрдє ста-билдїїлїктїн чайпалып турган кєрїнїшї тїзїлїїдє. Андай зонада Кыргызстан да бар. «Америка биздин мамлекетти «кол-дон чыгаргысы» келбей турат.

Бирок мамлекет жетекчилиги узак уба-кыттан бери биринчи жолу акыры сырткы саясый курсун аныктады. Ал курс Россия менен жакындашуу болду. Май айында Кыргызстандын Бажы союзуна кошулу-шунун жыйынтыктоочу этапы жана Евра-зиялык экономикалык аймакка кошулуусу болот. Мындай абал АКШнын Борбор Азиядагы геосаясый кызыкчылыгына кар-шы келет» дейт Эднан Карабаев. Ошон-дой эле ал Кыргызстанда «кайыкты чай-палтууга» жетишээрлик негиздерди тапса боло тургандыгын белгилейт. Мисалы, чек ара кєйгєйлєрї, єлкєбїздїн тїштїк аймагындагы улуттар аралык мамиле, экономиканын алсыздыгы жана саясый элита єкїлдєрїнїн соодалашууга «жєн-дємдїїлїгї».

Мына ушундай негиздерди Америка пайдаланып, Кыргызстанды колунан чы-гарбай кармап турууга аракетин жасашы кїтїлєт. Американын мындай максатын Кыргызстандагы бийликке жутунган оп-позиция дагы колдоого алып, жардамын бериши толук мїмкїн. Маселен, кече жа-кында эле АКШга оппозиция єкїлдєрїнїн жоон тобу жєнєп кетишкен. Алар ачык эле Кыргызстандын Россия менен жакында-шуусун сынга алышып, Батыштын ырын ырдап отурушат. Учурдагы оппозиция лидери Равшан Жээнбеков Америкага эч кандай акча каражаты їчїн сапар алыш-пагандыгын кайра-кайра кайталаган. Би-рок, эл аралык деўгээлдеги кадыр-барк-туу инсандар, коомдук ишмерлер, саясат таануучулар оппозициянын бул сапарын кезектеги революциянын камы катары сыпатташкан. Демек, ар кандай револю-цияга акча каражаты керек. Анын їстїнє алдыда парламенттик шайлоонун шаўы жакындап келїїдє. Оппозиция їчїн бул шайлоо дагв єтє маанилїї. Мына ушул жерден кызыкчылыктар шайкеш келїїдє. Биринчиден, АКШ менен Россиянын ор-тосундагы ачыкка чыгып калган тиреште Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине киргизбей калуу кызык-чылыгы Америкада бар. Ал эми алдыда-гы парламенттик шайлоодо парламентке келїї максаты оппозицияда бар. Керек болсо ага чейин деле бийликке келип ка-лууну кєздєшєт. Ошентип кыргыз оппо-зиционерлеринин маанайын Вашингтон-дон жакшы баамдашкан америкалыктар Кыргызстанга жєнєтїїнї пландап атыш-кан элчини алмаштырып, ордуна экинчи жолу пенсияга чыккан, революция жа-соодо тажрыйбасы бар Ричард мырзаны жєнєтїп атышкандай…

Акинай АЙДАРОВА

«ИНТЕРБИЛИМ» ЭЛ АРАЛЫК БОРБОРУ «ИЙГИЛИКТИН ПАСПОРТУ» ЭЛ АРАЛЫК ОКУУ ПРОГРАММАСЫНА АКЫ ТЄЛЄП

ОКУТУУГА КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ.

Уникалдуу программа 14-тєн 21 жашка чейин жаш балдарга турмушта жана ишке орношууда керек болуучу кєндїмдєрдї алууга, профессионалдык єсїїгє мїмкїнчїлїк берет.

Программа жаштарга тємєндєгї кєндїмдєрдї їйрєнїїгє жардам берет:

• Эмоцияларды башкара билїї• Позитивдїї кєз караш• Єзїнє болгон ишенимди єнїктїрїї• Башкаларды таарынтпастан, макул эместикти билдирїї• Чыр-чатактуу жагдайларды тынчтык жолу менен чечїї• Стрессти башкара билїї• Келечекти пландаштыруу• Убакытты сарамжалдуу пайдалана билїї• Келечектеги кесипти туура тандап алуу жана анын артыкчылыктарын аныктоо• Акча каражатын башкаруу• Социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

Окуу акысы - 2500с. эки айгаОкуу убактысы – 2 ай, жумасына 4 жолу 1,5 сааттан

Программанын толук акысы – 2500с.

Òîëóê ìààëûìàòòû 0 (312) 45-64-10, 45-64-20 òåëåôîíäîðóíàí, [email protected] ýëåêòðîíäóê äàðåêòåí àëà àëàñûçäàð.

Page 7: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

7ИНСАН

Кыргыз элинин эркиндигин камсыз кылыш їчїн эгемендїї келечегин кєздєп, єзїнїн замандаштары болгон кыргыз кол башчыларын биримдикке чакырып, аларды бир нукка багыттоо аракетинде жїргєндє кутумчулуктун айынан курман болгон. Тайлак баатыр эў оболу кыргыз коомчулугуна даўкы чыккан тектїї ата-бабанын нарктуу жолун жолдогон кыргыз уулу – Улуу инсан. Ал эрте жетилип эл камын ойлонгон, элдин мїдєєсї менен жашап ємїрїн элдин келечегине, мамлекеттик биримдигин чыўдоого арнаган жаркын инсан жєнїндє баяндамакчыбыз.

Тайлак Рыскул уулу (болжол менен 1796 Нарын дайрасынын боюндагы Каргалык деген жер, азыркы Акта-лаа жана Тогузтороо райондорунун чеги - 1838, Куртка) – Он сегизин-чи кылымдын акырында, тагыраак айтканда, 1796-жылдары жарык дїй-нєгє келген Тайлак баатыр кадимки Жанболот баатырдын небереси. Жоо-керчилик замандын кєкжалдарынын бири катары бой тарткандан ата намы-сын сактоо їчїн аракет жасап, тоолук кыргыздардын эркиндиги, кєз каран-дысыздыгы їчїн тобокелге баш бай-лап, бїгїнкї Тогузторо менен Акта-лаа райондорунун чегинде жашаган элине тутка болгон. XIX кылымдын башы чендеги кыргыз элинен чыккан эў эле атактуу баатырлардын бири ката-ры Ак-Талаа менен Тогуз-Торо элинен чыкканТайлак баатырды атоого болот.

ЭРДИГИXIX кылымдын биринчи жарымында-

гы кыргыз элинин кєз карандысыздык їчїн болгон кыймылынын ири єкїлї. Нарын кыргыздарынын Кокондун эзїї-сїнє каршы кїрїшїнїн 1-этабы 1832-ж. Тайлак батыр жана бир тууганы Атан-тайдын жетекчилиги менен башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. Кокондун 7 миў аскери аз кыргыз колун жеўип алып, элди салык тєлєєгє мажбурлаган. Нарын кыргыздарынын Коконго каршы кїрє-шїнїн 2-этабы Мадали хандын Тайлак баатырды туткундоо їчїн Арап башын-да турган аскер (500 сарбаз) жиберїїдєн башталган. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеўип чыккан. Тайлак баатырдын кїрєшїнїн 3-этабы XIX кы-лымдын 30-жылдарынын аягына тура келет. Мадали хан Тїркстан тараптагы казактын Эдиге тєрєсї менен келишип, аны кєп кошуун менен жабдып, Тайлак баатырга каршы аттанышкан. Эдиге Та-ласты чаап, Єтмєктї ашып, Суусамырга келет. Тайлак батыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечїї деген жеринде беттешет. Бул урушта да Тайлак баатыр жеўип чыккан. XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетекте-ген кыргыз уруулары Чыгыш Тїркстан-дын иштерине да аралаша башташкан. Ушул мезгилдерде Кашкарды башкарып келген кожолордун укум-тукумдарынын Жааўгер кожо Кытай баскынчыларына каршы чечкиндїї аракеттерди башта-

ган. Бирок анын биринчи жортуулу ий-гиликсиз аяктап, ал кыргыздар арасында баш калкалоого аргасыз болгон. Тайлак баатыр менен Атантай Жааўгердин кый-мылына колдоо кєрсєткєн. Анткени алар кытай баскынчыларын кыргыз аймакта-рына єткєрбєєнї кєздєшкєн. Кытайдын Синьцзяндагы башкаруучусу Жааўгерди колдогон кыргыздарды талкалап, жетек-чилерин кармап келїї їчїн 1825-ж. Баян Бату генерал баштаган 500 кишиден тур-ган аскерин Нарын тарапка жєнєткєн. Алар Тайлак баатыр жокто анын айы-лын курчоого алып, талап-тоноп, жїздєй адамды єлтїрїшкєн. Бул кабарды уккан Тайлак баатыр коўшу айылдардан шашы-лыш кол курап, душманды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосун-дагы Ойнокжар капчыгайында камоого алып, алардын баарын кырып таштаган. Тайлак баатыр 1838-жылы кокондук тыў-

чысы ууландырып єлтїргєн. Андан кийин Кокон ханы жортуул жасап, Нарын кыр-гыздарын кайра каратып, Тайлак баатыр бузган кокондук Куртка сепилин калыбы-на келтирип, бийлигин чыўаган.

Кыргыздын саяк уруусунун чоро уру-гунан тараган укумдун мыкты чыкмасы Тайлак баатырдын бир тууганы Атантай экєєнїн жетекчилиги астында Кокон бий-лигине, Кытай жортуулчуларына каршы согуштардын байма-бай болуп турганды-гы эл эсинде сакталуу. Мына ошол кан-дуу кыргындардын башталышындагы жекеме-жекеге чыккан эр сайыштардын натыйжасында Тайлак баатырдын же-ўиштерге жетишкендиги жомок болуп айтылып, тагдыры кенже эпостук деў-гээлге чейин кєтєрїлгєн.

ТАЙЛАК БААТЫРБаатыр тууралуу изилдеп-иликтеп та-

рыхый-кєркєм баян жазган, ємїр акыры-на чейин улуу инсанды даўазалоо араке-тин жасаган жазуучу, маркум Шїкїрбек Бейшеналиевдин айткандары сакталып калган экен:

- Тайлак эл арасында, жазма тарыхы-бызда эмес, коўшу элдердин - кытайдын, єзбектин, казактын тарыхында белгилїї адам. Бул жомок эмес, чыныгы тарыхый баатыр. Эл арасында Тайлак жєнїндє укмуштуу ырлар, кошоктор тарап кет-кен. Ошондон бир эки сабын келтирип берейин:

Он тогузунчу кылымдын отузунчу жылдары Теўиртоо койнунун тєрї бол-гон Курткага ал чеп курган. Кокон кан-дыгынын туура эмес бийлик жїгїзїїсїнє каршы элдик кєтєрїлїштїн уюштуручусу, жетекчиси болгон.

Тайлак баатырдын сесинен чочуган бийлик тєбєлдєрї ар кандай амалдар ме-нен анын кєзїн тазалоо аракеттерин жаса-ган. 1838-жылы Тайлак баатырды Кокон кандыгынын атайын жєнєткєн тыўчысы Кєр Аким табып кебетесинде жїрїп, ыў-гайын таап, ууланган наштар менен єлтї-рєт. Баатырдын тарыхтагы орду тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Жаныбек Жакыпбеков мындай дейт:

- Кыргыз элинин ичинен чыккан Тай-лак баатыр, єзгєчє кыргыз эли їчїн баа-

тырлар доорунун акыркы могиканда-рынан болуп эсептелет.

Ушул эле ойду улап, тарыхчы Арслан Койчиев мындай пикир айтат:

-Тайлак баатыр Теўир тоонун ичин жердеген, мекендеген кыргыз урууларынын башчысы. Теўир тоо-ну жердеген урууларынын орто кы-лымдардан бери келаткан аристок-ратиялык бїлєсїнїн єкїлї, кландын башкаруучусу деп койсок болот. Ал эми Тайлак баатырдын єзїнїн ємїрї буга чейин Кыргызстандын тїштїгї Фергана, Талас жана башка аймак-

тар ошол учурда жаўыдан канат жайып келатканда коўшу элдерин басып алууга умтулган Кокон хандыгына туура келип калды,- дейт тарых илимдеринин канди-даты Арслан Койчиев.

Тарыхтагы улуу ысымдарды эстей жї-рїї їчїн Нарын дайрасынын жээгиндеги Куртка айылына Атантай, Тайлакка кош бешик кылып жай казылып, кош кїмбєз тургузулган.

ТАЙЛАК МЕНЕН КЫТАЙ СОГУШУ

Болжолу 1825-жылдарда жайлоо ке-зинде бир кабарда 600, бир кабарда 1000 кытай (соўкусун апыртып айтса керек) келип, Нарын єзєнїнєн саяк кыргызы чоро уругунан Тайлактын айылын тїн ичинде капылетте жатканда тегеректеп

калган. Тайлактын Бєбєтай, бир кабарда Ноорузбай деген жигити їйїнє киргизип койгон Тайлактын Буурул ат деген кїлїк атын жетелеп чыгып минип, жєє кал-ган Тайлакты аттын куйругун карматып, сїзє качып, калыў кытайды жара качып кутулган (Тайлактын катыны жаш бала-сын аркасына сала чуркап келе жаткан-да жигит катындын колунан кытайлар жабышып, баланы жулуп калган кабар бар.) Тїн боюнча туш-туштагы саяктын кїлїк аттуу баатыр жигиттери жаа тарт-кан, мышык аткан мергендерин жыйып, кара журттуу айылга калтырбай, абышка, жаш баланы койбостон чогултуп, алардын караанын кєрсєтїп, кєрїнєє Жерге коюп, андан жасоосун ылгап, айырып чыгып, кытайга кєрїнбєй качырып чыгар жерден бугуп, таўдын атышын кїтїп турган. Таў аппак атканда калыў кытайдын капкара болуп котолоп айылды басып жатканын кєрїп, катын-бала, калган эл-журтту кы-рып таштаган экен деп, Тайлактап ураан чакырып, бїткїл эр-азаматы урган таш-тай болуп качырып чыкканда, кытай-дын кєбї аттарына мине албай, далайын саяктар єлтїрїп жиберген. Кытайларды айылдын їстїнєн сїрєп чыгып урушуп жатканда саяк Байбагыштын айылында ат семиртїїгє жайлап, Нарындын боюн-да Куртка Коргондо жаткан єзїбектин жїз сарбозу, бир кабарда кытай келет деп кооптонуп жаткан аскерине кабар жетип калып, алар согушуп жатканда їстїнєн чыгып, кытайлар чыдай албай качкан. Кыргыздар їч кїн согуш кылып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Кароо де-ген капчыгайга камап алган. Кытайлар тїн ичинде арчанын тїбїнє от жагып та-мак бышырып жатканда, кыргыздар жа-шынып барып, чекесинен сїйрєп качып, єлтїрїп турган. Кїндїз жапырык, тїндє туштуштан тегеректеп кыйкырык менен камап алганына чыдай албастан, чап ме-нен єйдє чыга качып, мурун бїткїл ки-йимдерин єрттєп, анан соў бирин-бири кылычташып єлтїрїшкєн. Єзїн-єзї дагы єлтїргєн. Белине ок тийип, арчада жат-кан кытай жаа менен Норузбайды атып жибергенде тийбей калып кытайды єл-тїргєн. Ошончолук жїздєгєн кытайдан сарала атчан бир кытай качып кутулган. Кыргыздар кытайдын айыл їстїнєн суу-руп чыкканда кытайдан коркуп, Тайлак-тын їйїнє камалган калыў катынкыздын жакшыларын кытайлар бєлїп, жаманда-рын (єўї сертин) бир башка бєлїп, чеке-синеў єлтїрє баштаганда кыргыздардын жемирип кирген чагы болгон. Кытайлар .єлтїрє баштаган далай катын-эркек бал-дарын дамбалдын арасына катып алган. Тайлак 42-жашта єлгєн. Бул согуш туу-ралуу эл арасындагы ыр:

Туткуй толгон эл деген —Туйгун Тайлак эр деген.Майстан толгон эл деген —Баатыр Тайлак эр деген.Тайлак минди буурулду —Тамандары туурулду.Таталаган кытайларБаары бїткїл кырылды.

Акмат РААТКАН

ТЕЎИР ТООНУН БААТЫРЫ...

Page 8: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-ферваль, 2015-жыл

8 ШОУ МАЕК

Жумагїл РАЙЫМЖАН кызы, ырчы:

Акыркы учурларда “Замандаш” аттуу ыры менен кыргыз жаштарынын сїймєнчїгїнє ээ болгон ырчы кыз Жумагїл Райымжан кызы менен чыгармачылыгы туурасында маектештик.

- Жумагїл, маегибизди сенин чы-гармачылыкка аралашып калга-ныўдан баштасак?- Чыгармачылыкка бала кезимден эле

аралашып жїрєм, -десем жаўылышпайм. Ошол бала кезимен эле сахнанын артын-дагы оор турмушту башыман єткєрїп, кы-йынчылыгын тартып келем. Бир убакта “ырдабайм”, - деп, башка тармакта иштеп кеткем. Чыгармачылыгым менен жакын-дан тааныш болуп жїргєн инсандардын сунушу менен кайра ыр чєйрєсїнє ара-лашуума туура келди. Анын їстїнє, сах-нага ырдап чыккандан кийин эч качан аны таштай албайт экенсиў. Сахна- бул оору экен. Кайрадан жаўы ырларды жаз-дырып, чыгармачылыкка катуу бел бай-лап кириштим десем болот. Азыр “Му-рун эле киришсем болмок экен”, - деп ойлоп калам.

- Ырчылыктан башка дагы кай-сы кесиптин ээсисиў?- Буга чейин Коргоо Министрлигинде

аскер кызматында иштедим, учурда Чек ара кызматында аскер кызматында иш-тейм, албетте чыгармачылыгыма байла-ныштуу, аскер чиним- прапорщикмин. Андан сырткары Маданият башкарма-лыгында да эмгектенем. Єзїм ОшМУнун “Исскуство” факультетин бїткєм. Меним-че ар бир инсан єзїнїн кызыккан нерсе-си менен алек болгон жакшы го. Ошондо иштеген ишиўдин єтєєсїнє жетесиў.” Ку-дай буйруса чыгармачылык менен элиме кызмат кылсам”, - дейм, Башка жумуш-тарга да чакыруулар болгон, єзїм макул болгон эмесмин.

- Аз убакыттын ичинде эл оозу-на алындыў. Репертуарды тан-доодо сынчыў ким?- Чыгармачылыкка киришкенден бери

эле єзїмдїн аракетим менен тырышып иштеп жатам. Кєп ырчылар сыяктуу мага бирєє жардам берип, колдоо кєрсєтє элек. Албетте, ырды тандаарда мыкты обончулардан, акын жана ырчылардан

кеп-кеўеш алам. Кєп учурларда “Ушул ырды ырдабайсыўбы?” - деген жакшы сунуштар менен ырдап калам. Бирок, ал-бетте баарын эле ырдай бербейм, кєўї-лїмє жагып, їнїмє тєп келген, мааниси жакшы ырларды гана ырдайм. Анткени, ар бир ырга канча каражат жумшап, эм-гек кыласыў. Анан “Эл жакшы кабыл алса экен, ийгиликтїї чыкса экен”, - деген чоў жоопкерчилик болот.

- Репертуарыўда канча ыр бар?- Жаўы ырлардан болгондо 20 дай

бар. Албетте, бул жакка эски ырларым-ды кошпогондо.

- Їй-бїлєєў туурасында кеп коз-госок?- Їй-бїлєєдє беш бир туугандын їчїн-

чїсїмїн, эки уул, їч кызбыз. Атам каза болгон, азыр апамдын ємїрїн тилеп ту-рабыз. Раматылык атам жакшы ырдачу экен, мендеги талант да атам тараптан берилсе керек. Калган бир туугандарым чыгармачылыктан алыс адамдар, башка тармактарда эмгектенишет. Бирок, апам да, туугандарым да менин чыгармачылы-гымды колдоп турушат.

- Кичинекей Жумагїлдїн бала-лык кыялдары кандай эле?- Бала кезде абдан шок, тентек, башкача

кыз элем. Негедир 8-класска келгенимде токтолуп, унчукпаган, токтоо кызга ай-ландым. Жакындарым: “Бала кездегидей эле болбойсуўбу?” – деп айтып калышат. Мени ошондо эле “артист” дешчї.

- Їнїў тунук, кантип багасыў?- Ырчыда Кудай берген їн болуш ке-

рек. Їндєр да ар кандай болуп бєлїнєт. Бирок, їндї да жакшы ырдаш їчїн тап-таш керек. Убактым болгондо вокалдан сабак алып турам, кєп ырдасаў єзїў деле такшалып каласыў, ошентсе да ары жак-тан талант болуш керек го.

- Кооз кєйнєктєргє басым жасап жїрєсїў, атайын тикмечиў бар-бы же єзїў тигесиўби?- Менин кийим тигїїгє такыр шыгым

жок. Ошондуктан жакшы дизайнерлер менен кеўешип кийинем. Єўїн, фасонун, фигурама жарашыгын дизайнерлерге ай-там, алар єздєрїнїн сунуштарын ай-тышат, анан ортодо сонун компози-ция жаралат. Кєбїнчє А. Обозованын, Наилдин колунан жаралган кєйнєк-тєрдї кийем. Акыркы учурда “Айым стайлдын” кєйнєктєрїн да кийип ка-лып жїрєм.

- Атаандаштык болмоюнча жылыш болбойт эмеспи. Сен жашоодо атаандаштыкты кандай учурда пайдаланасыў?- Бир адамга атаандашпайм. Табий-

гатыман їйдє кєп отургум келбейт. Дайыма жумуш менен жїрсєм ыра-хаттанам. Кимдир бирєє їчїн эмес, єзїм їчїн, элиме жаўы чыгармаларды чыгарып, жакшы ырларды ырдап жак-шы жаўылыктар менен жїрїїгє бардык кїчїмдї жумшайм. Кыскасы, турмуш-

тун агымынан артта калгым келбейт. Кээ-де отуруп, бекер єт-кєргєн убакыттары-ма єкїнїп калам.

- Биринчи жолу сахнага чыккан кї-нїў?- Мектептерде ка-

роо-сынактарда ырдап жїрчїмїн. 7-класста чоў сахнага ырдап, чыгарма-чылыктагы тушоомду кес-кем.

- Биринчи ийгилигиў?- Биринчи ийгилигим да мек-

тептен башталган, жаш таланттар кароо- сынагында ырдап 1-орунду алгам. Кудайга шїгїр ушул убака чейин катышкан сынактарда ийгиликке жетишип келем. Эмгек, аракет кылсаў сєзсїз акырындык менен їзїрїн берет экен.

- Биринчи тапкан маянаў?- 9-класста Ош облус-

тук Филармонияга жу-мушка кирип, 370 сом айлык алгам. Ошондогу кубанганымды сураба-ўыз. Кудуўдап, айлыгым-ды апама кєтєрїп баргам.

- Сенин ырларыўды ка-зактар да ырдап жїрї-шєт. Албетте бул кубан-таарлык нерсе...- Казак туугандардын менин ырларым-

ды ырдашы чоў ийгилик. Казакстандан байланышып, єзїм жєнїндє маалымат алышып, кыргызча ырым жаўырса, жак-шы ойлорун айтышты. Келечек алдыда. Кудай буйруса Кыргызстанда, Казакстан-да кызматташып жїрє беребиз.

- Чыгармачылыкта курбуў бар-бы?- Чыгармачылыкта курбуларым кєп. Ар

биринин єзїнчє жакшы жактары бар, баа-ры мен їчїн бирдей курбулар, мамилем

жакшы. Кєптєн бери мамиле кылган кур-буларыўдын мїнєздєрїн деле билип калат экенсиў. Балким артыман сїйлєгєндєрї бардыр. Бирєєгє саткындык кылсаў, сага

да бир кїнї башыўа келет дегендей, кєўїлїмє жакканы ме-нен дос болом. Мусул-манчылыкта да достук-

тун орду чоў. “Акыретте да дос керек”, - дейт. Сат-

кын достордон сактасын, кээде капа болгон учурларда

жакын досум менен баарлашсам кєўїлїм кыйла кєтєрїлєт.

- Чыгармачылыгыў жеке жа-шоого кедергисин тийгизген учурлар болобу?- Буга чейин “чыгармачылык, ырдайм”,

- деп кєбїнчє жеке жашоомо убакыт бєл-гєн эмесмин. Албетте, азыр жашоо да башкача, биринчи жеке жашоомду ал-дыга коём.

- Кыргызда сынчылар кєп эмес-пи. Єзїў тарапка кандай сындар-ды угуп жїрєсїў?- “Даяр ашка сынчы кєп” дегендей сын-ды да ар кандай кабыл алам. Кээде туу-ра кабыл алсам, кээде укпай деле коём. Мисалы: ырдоо жагынан профессионал адам айтса, їйрєтсє угам. Стилиме да стилисттер сын айтса угам. Анан сырт-тагы ар ким эле айтса уга бербейм. Би-рок, єзїмдїн дарегиме азырынча аша чапкан сындарды эшите элекмин.

- Залкарлардын кимисинин ыр-ларын кєп ырдайсыў?

- Бир эле обончунун ырларын ыр-дабайм. Сєзї, обону їнїмє дал келсе, жакканын ырдай берем. Бир жерге ба-рып калсам Рыспай Абдыкадыровдун, же Асанкалый Керимбаевдердин ырла-

рынан ырдап берчи десе, билген ырлары-нан ырдай берем. Учурда Б.Борбиевдин эски ырларынан ырдап жїрєм.

Тєлєбїбї КАСЫМАЛИЕВА

Кичинемде шок кыз элем

РАЙЫМЖАН кызы, ырчы:

Акыркы учурларда “Замандаш”

жаштарынын сїймєнчїгїнє ээ болгон ырчы кыз Жумагїл

чыгармачылыгы туурасында

- Жумагїл, маегибизди сенин чы-гармачылыкка аралашып калга-

- Чыгармачылыкка бала кезимден эле аралашып жїрєм, -десем жаўылышпайм. Ошол бала кезимен эле сахнанын артын-дагы оор турмушту башыман єткєрїп, кы-йынчылыгын тартып келем. Бир убакта “ырдабайм”, - деп, башка тармакта иштеп кеткем. Чыгармачылыгым менен жакын-дан тааныш болуп жїргєн инсандардын сунушу менен кайра ыр чєйрєсїнє ара-лашуума туура келди. Анын їстїнє, сах-нага ырдап чыккандан кийин эч качан аны таштай албайт экенсиў. Сахна- бул оору экен. Кайрадан жаўы ырларды жаз-дырып, чыгармачылыкка катуу бел бай-лап кириштим десем болот. Азыр “Му-рун эле киришсем болмок экен”, - деп

кеп-кеўеш алам. Кєп учурларда “Ушул ырды ырдабайсыўбы?” - деген жакшы сунуштар менен ырдап калам. Бирок, ал-бетте баарын эле ырдай бербейм, кєўї-лїмє жагып, їнїмє тєп келген, мааниси жакшы ырларды гана ырдайм. Анткени, ар бир ырга канча каражат жумшап, эм-гек кыласыў. Анан “Эл жакшы кабыл алса экен, ийгиликтїї чыкса экен”, - деген чоў жоопкерчилик болот.

- Репертуарыўда канча ыр бар?- Жаўы ырлардан болгондо 20 дай

бар. Албетте, бул жакка эски ырларым-ды кошпогондо.

- Їй-бїлєєў туурасында кеп коз-госок?- Їй-бїлєєдє беш бир туугандын їчїн-

чїсїмїн, эки уул, їч кызбыз. Атам каза болгон, азыр апамдын ємїрїн тилеп ту-рабыз. Раматылык атам жакшы ырдачу экен, мендеги талант да атам тараптан берилсе керек. Калган бир туугандарым чыгармачылыктан алыс адамдар, башка тармактарда эмгектенишет. Бирок, апам да, туугандарым да менин чыгармачылы-гымды колдоп турушат.

- Кичинекей Жумагїлдїн бала-

тун агымынан артта калгым келбейт. Кээ-де отуруп, бекер єт-кєргєн убакыттары-ма єкїнїп калам.

- Биринчи жолу сахнага чыккан кї-нїў?- Мектептерде ка-

роо-сынактарда ырдап жїрчїмїн. 7-класста чоў сахнага ырдап, чыгарма-чылыктагы тушоомду кес-кем.

- Биринчи ийгилигиў?- Биринчи ийгилигим да мек-

тептен башталган, жаш таланттар кароо- сынагында ырдап 1-орунду алгам. Кудайга шїгїр ушул убака чейин катышкан сынактарда ийгиликке жетишип келем. Эмгек, аракет кылсаў сєзсїз акырындык менен їзїрїн берет экен.

- Биринчи тапкан маянаў? да

Кичинемде Кичинемде Кичинемде шок кыз элемшок кыз элемшок кыз элемшок кыз элем

ўыз. Кудуўдап, айлыгым-ды апама кєтєрїп баргам.

- Сенин ырларыўды ка-зактар да ырдап жїрї-шєт. Албетте бул кубан-зактар да ырдап жїрї-шєт. Албетте бул кубан-зактар да ырдап жїрї-

башыўа келет дегендей, кєўїлїмє жакканы ме-нен дос болом. Мусул-манчылыкта да достук-

тун орду чоў. “Акыретте да дос керек”, - дейт. Сат-

кын достордон сактасын, кээде капа болгон учурларда

жакын досум менен баарлашсам кєўїлїм кыйла кєтєрїлєт.

кароо- сынагында ырдап 1-орунду алгам. Кудайга шїгїр ушул убака чейин катышкан сынактарда ийгиликке жетишип келем. Эмгек, аракет кылсаў сєзсїз акырындык менен їзїрїн

да

Page 9: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

9

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

Суйума СУЛАЙМАНОВА, “Кекеч” тасмасынын продюсери:

ТАСМА МАЕК 99“Кекеч” тасмасынын продюсери:

ТАСМА МАЕК

ТЇШТЄН ЖАРАЛГАН

ТАСМА

12-февралда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында кыргыз режиссёру Эрнест Абдыжапаровдун автобиографиялык “Кекеч” аттуу тасмасынын бет ачар аземи болуп єттї. Кинонун бет ачарына КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максїтов, кино тармагынын єкїлдєрї, режиссёрдун жакындары, тасманын каармандары келишти. Тасма жалпысынан жакшы тартылып кєптєгєн кєрїїчїлєр

кол чаап кабыл алышты.Тасмада башкы каармандарды Нурак

Ємїрбеков, Рахат Божокоева, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева ойношкон. Анда эмесе кинонун продюсери Суйума Су-лайманова конокто.

-Саламатсызбы? - Саламатчылык

- “Кекеч” киносунун тарыхын айтып кетсеўиз? - Тасманын башаты 1980-жылдарга

таандык. Ошондо Эрнест агай тїш кєргєн экен, тїшїнєн улам ойгондум десе кайта эле тїшї болуп, ойгонгон сайын жата-канада балдарды кєрє бергем деп айтат. Анан чынында тїшїнєн ойгонгондо дагы деле уктап жатамго деп ойлоптур. Андан тышкары агай жаш чагында кекечтенген, кекечтиги жактырган адамына сїйїїсїн арнамакты тургай окуганга, достору ме-нен сїйлєшкєнгє чоў тоскоол жараткан. Арадан 35жыл єтїп, Эрнест агай роман-тикалык, музыкалык, мистикалык, коме-диялык, автобиографиялык драмансын жаратып элге тартуулап жатат.

- Бул кинону тартууга канча ка-ражат сарптадыныздар?- Бул тасмага кєптєгєн каражат сарп-

талды,сапатына кєбїрєєк кєўїл буруп, каражатты аяган жокпуз. Азырынча канча акча коротконубуз белгисиз, болжол ме-нен 40-50 миў доллардын тегереги кетти.

- Тасма кайсы жерлерде тар-тылды?- Бул автобиографиялык, музыкалык

тасма борборубуз Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында тартылды.

- Бул кинонун башка кинолордон айырмачылыгы? - Мен бул тасманы єзгєчє бир сезимдерге

толгон тасма болду деп айтат элем. Антке-ни, агай бул тасмада єзїнїн ички дїйнєсїн ачты деп эсептейм. Тасма романтикалуу бо-луп ушундай бир таза сезимдерди кєрсєтєт. Ошол эле учурда чоў социалдык кєйгєй-

лєрдї камтыйт. Тасмада автордун кєптєгєн классика, джаз, фольклордук жанрларын камтыган музыкалары жаўырат. Анан се-беленген комедялык катмары бар.

- Кино тартуу учурунда кандай кыйынчылыктар болду? - Кыйынчылык эў биринчи съемкабыз

свалка жакта болгон. Жай, ысык, жагым-сыз жыт, аркы свалкадан учкан нерселер чаў менен кошо учуп келет экен. Съем-ка 2 бєлмєлїї времянкада болчу, ичин-де съемка, сыртында съемочная группа. Бирок, жалаў позитивдїї адамдар чо-гулганбызбы айтор ошого карабай, ты-ныгуу маалында гитараны алып ырдап отурдук. Тасмада Нурак Омурбеков, Ра-хат Божокоева, Жаныш Майрамбек уулу, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева, Кайрат Мусаевдер ойношту, бири биринен аш-кан жєнєкєй, иштерине так, тамашакєй адамдар. Съемочный группабыз болсо кєп жылдан бери иштеп бири-бирибизге ширелишип кєнїшїп калганбыз. Таары-нышсак ошол эле замат элдешип алабыз.

- Эми кандай кинону тартайын деп жатасыўар?- Азыркы учурда кыргыздын элине же-

рине кєп эмгек кылып, кыргызга аттын кашкасындай таанымал Шабдан баатыр жєнїндє тарыхый тасманын сценарийин Эрнест Абдыжапаров, Каныбек Имана-лиев жазып жатышат. Эў эле жакынкы проектибиз жана эў жоопкерчиликтїї тасма Шабдан Баатыр болот.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Page 10: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

10 САЙ САТ

Д.ЇСЄНОВ ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН КУТУЛБАЙТ

КТРКнын БАЙКООЧУ КЕЎЕШИНИН ТЄРАГАСЫ БОЛУП АБДЫ САТАРОВ

ДАЙЫНДАЛДЫ

КЫРГЫЗСТАН БОРБОР АЗИЯДА СЄЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА БИРИНЧИ ТУРАТ

“КЕЛ-КЕЛ” КЕЛДИБИ, ЖЕ КЕЛДИБЕКОВ КЕЛДИБИ?

БОРБОР АЗИЯГА САЯСИЙ ТУЎГУЮК ДАЯРДАЛЫП ЖАТАТ

Мурдагы баш бакан Данияр Їсєнов Бишкек мэри кезинде «Ю-Ти-Ай Глобал» компаниясына Ататїрк сейилбагынан мыйзамсыз жер тилкесин бергени їчїн Биринчи Май райондук соту тарабынан 15 жылга сыртынан эркинен ажыратыл-ган эле. Ага Кылмыш жаза кодексинин 304-305-беренелеринин («Кызмат аба-лынан кыянаттык менен пайдалануу», «КРнын жер мыйзамын бузуу») неги-зинде кылмыш иши ачылганы маалым.

Бишкек шаардык сотунун коллегия-сы бул маселени карап, Биринчи Май райондук сотунун єкїмїн кїчїндє кал-тырганын прокурор Акылбек Бакачиев билдирди. Данияр Їсєнов кайсы жакта жїрбєсїн жоопкерчиликтен качып ку-тула албайт. Ал Кыргызстанга келээри менен темир торго тыгылары айтпасак деле тїшїнїктїї.

Коомдук телера-диокорпорациясы-нын Байкоочу ке-ўешинин тєрагасы болуп Байкоочу ке-ўештин мїчєсї Абды Сатаров дайындал-ды. Мындай чечим 12-февралда Бай-коочу кеўештин ке-зектеги отурумунда

маалым болду.Эске салсак, Илим Карыпбеков КТРК-

нын башкы директорунун милдетин атка-руучу болуп дайындалган соў, ал тєрага-лык ордун таштап, Байкоочу кеўешинин

тєрагасынын милдетин убактылуу жаш курагы боюнча улуу Тамара Жаманбаева аткарып жаткан.

Абды Сатаров — журналист, КТРКнын башкы директорунун мурдагы орун баса-ры. Журналистика тармагына 1973-жылы келип, ошондон бери НТРК, «Ош-3000», КООРТ, НТС телеканалдарында, «Заман Кыргызстан» эл аралык гезитинде жана «Интерньюс -Кыргызстан» медиа-уюмун-да иштеген. Учурда Кыргыз-тїрк «Манас» университетинин журналистика кафедра-сында мугалим, байланыш факултетинин деканынын орун басары. КТРКнын Бай-коочу кеўешине президент тарабынан сунушталган.

Кыргызстан сєз эркиндиги боюнча Бор-бор Азия мамлекеттерин бир топ артка таштады. Мындай маалымат эл аралык “Чек арасыз репортер” уюмунун докладын-да айтылат. Аталган уюмдун иликтєєлєрї-нє ылайык, Кыргызстан дїйнє боюнча 180 мамлекеттин ичинен 88-орунга ээ болгон.

Ал эми коўшу Казакстан сєз эркиндиги боюнча 160-орунду камсыз кылса, Тажикс-тан 116-сапка илинген. “Чек арасыз репор-тер” уюму Єзбекстан менен Тїркмєнстанда бул багыттагы абал оор экенине токтолуп аларды 166 жана 180-орунга койгон. Бул иликтєє укук коргоочулар, талдоочулар, активисттер жана дїйнє жїзїндє иш алып барган 130 кабарчыны сурамжылоонун негизинде чыгарылган.

“Чек арасыз репортер” уюму маалыма-тында айтылгандай 2014-жылы жалпы эле дїйнє жїзїндє сєз эркиндигин басмыр-лоо кїчєгєн. Ага бир катар террористтик уюмдардын экстремисттик аракеттери да себеп болуптур. Уюмдун маалыматында эў эле эркин єлкєлєр катары Финляндия, Норвегия, Дания, Нидерланды, Швеция мамлекеттери кєрсєтїлгєн.

Германияга дарыланганы кеткен Ак-матбек Келдибековдун 10-февралда кай-тып келгенин анын адвокаты Татьяна Чильникина расмий билдирди. Бирок, анын келгендиги тууралуу маалымат ан-дан 3-4 кїн мурун эле айтылып жїргєн. Кандай болгон кїндє дагы анын сєзї-нє туруп, кайтып келгенин жигиттик деп эсептеп туралы. Бирок, Германияга кеткен Келдибековдун Малайзиядан учуп кел-гени тїшїнїксїз болуп калды. Эске сала кетсек, Акматбек мырза Кылмыш-Жаза кодексинин їч беренеси боюнча айыпта-лып, мамлекетке 35 миллион сом зыян келтиргендиги тууралуу айтылган. Бирок боштондукта жїргєндє “Мен мектептин атамы болчумун” дегендердин катарында жїргєн Келдибеков бир заматта эле тї-сїн єзгєртїп, катуу оорулуу болуп чыга келген. Эптеп сот процессин созуу макса-тында їстєккє-босток операция жасатып, дарылардын кїчї менен уйку-соонун ор-тосунда айлап жатты. Анын айынан тер-гєє иштери токтоп, сот процесси жылбай турду. Акыры депутаттардын кємєгї ме-нен дарыланганы Германияга кеткен эле. Бирок, Германияга кеткен Келдибеков Ду-байда жїргєнї айтылган. Ал жакта эч кан-

дай дарыланбай эле кадимкисиндей ден сак жїргєн Келдибеков Кыргызстандан Москвага “пошел” болгон туўгуч ажо Ас-кар Акаев менен жолугушуп, чайлашканы маалымат булактарына чыккан. Алманбет Анапияев менен да жолугушканы туура-луу имиш кептер чыккан. Ошентип катуу эс алган Келдибеков акыры Кыргызстанга келди. Бирок жогоруда айтып єткєнїбїз-дєй ал Германиядан дагы, Дубайдан дагы эмес Малайзиядан кайтып келди. Кыязы турист болуп кетсе керек. Єзї менен кошо колуна “їч айдан кийин кайра барып да-рыланыш керек” деген документин кошо кєтєрїп келгенин билдик. Мунусу кайра-дан эле кылмыш жоопкерчилигинен ка-чуунун жолун алдын-ала пландаштырып келгенинен кабар бербейби? Ошентсе да аны эми борбор шаарыбыздагы №1- тер-гєє абагына камоо сунушун Башкы про-куратура Биринчи Май райондук сотуна жолдоду. Райондук сот эми качан, кандай чара кєрєрїн кєрє жатарбыз. Эгерде бир нече айда эле дїйнєнїн булуў-бурчун кы-дырып їлгїргєн Келдибековду Кыргыз-станда 10 кїн эле бош койсоў, бїгїн Ош-тон, эртеў Баткенден, бїрсїгїнї Таластан кєрє берерибиз аштан бышык

АКШ ЭМНЕНИ КЄЗДЄЙТ?АКШнын Украинадагы окуяларга бол-

гон реакциясы туруктуу мїнєздє эмес эке-ни белгилїї болуп калды. Америкалык белгилїї жазуучу жана коомдук ишмер, азыркы замандагы саясат жана социал-дык маселе боюнча адис Джеймс Ховард Кунстлер Вашингтон Украинаны “таштап кетет” деген оюн билдирди.

Америкалык адистин айтымында, учур-да Украина каражаты жок, жумушусуздук кулач жайган жана тамак-аш тартыштыгы пайда болгон єлкєгє айланды. Єз ойлорун франциялык La Chrongie Agora маалы-мат булагына билдирген адис Украианын мындай кырдаалдан чыгарып кетїїсїнє Евро союздун да АКШнын да алы келбе-син билдирген. “Булдардын каражаты кєп убакытка туруштук бере албайт. Ашып кетсе бир жылда эсеби чыгат”, - деген ал. Джеймс мырза буга Жакынкы Чыгышта-гы окуяларды мисал келтирип АКШнын ал жакты колго алуу аракетинен майнап чыкпаган белгилеген. “Украинаны кол-доо токтоп баратат. Бул кєрїнїш АКШ-ны басмыроо менен барабар. Биз аталган аймактагы тынчтыкты бузгандан башка эч нерсеге жетише албадык”, - дейт адис. Ошондой эле ал акыркы жылдары АКШ тарабынын демилгеленген соода-эконо-микалык согуш да терс натыйжаларды алып келгенине басым жасаган.

“АКШ банкрот болду. Биз анткорло-нуп жатабыз жана бизде ресурс ойлогон-дон да аз болушу мїмкїн. Биз компью-тер аркылуу акча жасап башка єлкєлєрїн банктарын кийинтип жатабыз. Бирок, эреби-кечпи бул акчалар жасалма экени аныкталат. АКШ чындыгында буга чейин бакубат єлкє болгон. Жакынкы жылда-ры экономиканы коркунучтуу жылдар кїтєт”, - дейт ал.

Джеймс Ховард эле мындай ойдо эмес. АКШнын белгилїї экономисти, Р.Рей-ган президент болуп турганда Каржы ми-нистринин экономикалык саясат боюнча жардамчысы катары иштеген Пол Крейг Робертс бир катар маалымат каражатта-рына ушундай эле макалаларын жарыяла-ган. Ал Украинадагы кырдаалга токтолуп, анда АКШ утулуп жатканын белгилген.

Ал арада АКШдагы ири банктардын бири єз каражаттарын Украинадагы эко-номикалык каатчылыкка бєлїшпєй турга-нын билдирди. Єз кезегинде украиналык ММКлар АКШнын ири банктары катары эсептелген New York Mellon Украинадагы

акцияларын массалык тїрдє сатканын жазып чыкты.

УКРАИНАДАН КЫРГЫЗСТАНГААКШнын талдоочуларынын ойлорун

белгилїї саясий эксперт жана геосая-сий тармак боюнча дасыккан адис Марс Сариев жєндїї экенин айтат. Анын ай-тымында, АКШ бийликтери Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы башала-мандыктарды токтотууга кїчї жетпестигин кєрсєттї. “Андыктан алардын кєўїлї Ору-сия жана Борбор Азия бурулат”, - дейт ал.

Ал белгилегендей, айрым америкалык саясатчылар Украинаны бир канча бє-лїккє бєлїп жиберїїгє кызыктар жана аларга экономикасы кїчтїї Украина ке-рек эмес. “АКШ Украинаны бир канча трансулуттук корпорацияларга бєлїп жї-гєрїїгє кызыктар. Аларга экономикасы кїчтїї Украина таптакыр керек эмес. Бул жерде 90-жылдардагы Югославиядагы-дай мамлекетти жок кылып жиберїї пла-ны иштеп жатат. Эми кезек Кыргызстан жана биздин аймактагы башка єлкєлєргє келди”, - дейт М.Сариев.

М.Сариевдин айтымында, расмий Ва-шингтон бекер жеринен эле Ричард Майл-заны Кыргызстанга элчи кылып дайында-ган жок. Анын айтымында Ричард мырза бир катар єлкєлєрдє тїстїї ынклаптарды жасоого активдїї катышкан. “Бул киши мыкты аскер, чебер адис жана дїйнєнїн от жанып турган жерлеринде кылдат иштеп єзїн кєрсєткєн адам. Аны Борбор Азия-га, болгондо да Кыргызстанга жибергени белгилїї. АКШ Бажы биримдиги єнїгїп кетишин эч качан каалабайт. Алар стабил-дїїлїктї курчутууга аракет жасайт. Ан-дыктан ар кандай сценарийлердин алдын алуу їчїн Орусия, Казакстан, Беларусия жана Армениянын аналитикалык борбор-лору менен тыгыз иштешїї керек. Алар менен кырдаалды бирге кєзємєлдєп ар кандай окуяларга каршы пландарды иш-теп чыгуу абзел”, - дейт Сариев.

Page 11: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

11ЖЕРГИЛИКТЇЇЖАЎЫЛЫКТАР

ТАШТАНДЫ ЫРГЫТКАНДЫГЫ ЇЧЇН ЖООПКЕРЧИЛИГИН

ЖОГОРУЛАТУУГА БАГЫТТАЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КОЛДОНДУ

Жогорку Кеўештин пленардык оту-румунда 12-февралда депутаттар Май-рамбеком Расулов («Ар-Намыс»), Акылбек Султанов (КСДП) тарабынан демилгеленген «КРнын Административ-дик жоопкерчилик жєнїндє кодексине єзгєртїїлєрдї ана тлуктоолорду кирги-зїї жєнїндє» мыйзам долбоору каралды.

М.Расуловдун айтымында, мыйзам долбоору айлана-чєйрєнї коргоо мак-сатында жарандардын таштанды ыргыт-

кандыгы їчїн, тиричилик таштандыла-рын жана башка заттарды тиешелїї эмес жерлерде єрттєгєндїктєрї їчїн жооп-керчилигин жогорулатууга багытталган.

«Аталган мыйзам долбоорунун неги-зинде 1ден 20га чейинки эсеп кєрсєткї-чїндє, ал эми жооптуу кызматкерлерге 50дєн 100-200гє чейинки эсеп кєрсєткї-чїндє айып салуу сунушталууда», - деди депутат.

Талкуудан соў биринчи окууда 96 де-путат мыйзам долбоорун кабыл алууну колдоп, бирєє каршылыгын билдирди.

КЫТАЙ ТАРАПТЫН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК

АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

Кытай тараптын демилгеси менен Жаз кїнїн белгилєєгє байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат, деп билдирди КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бєлїмї.

Анда, «Эркечтам-унаажолу» єткєрмє пункту ушул жылы 13-февралдан 1-март-ка чейин жабылат. Жарандарды, транс-порт каражаттарын жана жїктєрдї єткє-рїї 2-мартта жаўыланат.

«Торугарт-унаажолу» єткєрмє жайы 18-24-февраль кїндєрї жабык болот. 25-февралда ачылат.

ДЕПУТАТ Ч.СУЛТАНБЕКОВА БАТКЕНДЕГИ ЖОЖдорду

КАЙРАДАН КАРАП ЧЫГУУНУ СУНУШТАДЫ

Баткен облусундагы жогорку окуу жай-лардын, институттардын окутуучулары-нын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кайрылуулары менен депутат Чолпон Султанбекова 12-февралда Жо-горку Кеўештин «Ар тїрдїї маселелер» саатында тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеўештин басма сєз кызматы билдирди.

Баткендиктер балдарын борборго алып келїїгє шарты жок экендиктерин, ай-мактык ЖОЖдордун билим берїїдєгї баардык талаптарга жооп берерин бел-гилешкен.

«Андыктан, ЖОЖдорду оптималдаш-тырууда єкмєт менен Билим берїї, илим министрлиги Баткен аймагындагы ЖОЖ-дорго кылдат мамиле жасоо менен кай-ра карап чыгуу керек»,- дейт Ч.Султан-бекова.

Депутат Айнуру Алтыбаева Ж.Баласа-гын атындагы Кыргыз улуттук универ-ситетинде ректор канча убакыттан бери шайланбай, создугуп кеткенин, мындай кєрїнїш бир катар ооруканалар менен поликлиникаларда дагы кездешип жат-канын айтып, кадр саясатын сынга алды.

ИИМ «ДАН» МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАСЫНЫН

ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ ЖАСАЛМА ДИПЛОМ

КОЛДОНГОНДУГУН АНЫКТАДЫ

ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорку билим жєнїндє-гї жасалма диплом колдонуу фактысын ачыкташкандыгын министрликтин басма сєз кызматы 12-февралда маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкер-лери ыкчам-иликтєє иш-чараларынын жїрїшїндє, «Дан» мамлекеттик ишка-насынын жетекчисинин орун басарлары-нын бири, К.И.Скрябин атындагы Кыр-гыз улуттук агрардык университетинин 2002-жылы берилген «инженер-механик» адистиги боюнча жасалма дипломун пай-далангандыгын аныкташты.

Милиция кызматкерлери жогоруда аталган адам жогорку билими жок ту-руп жетекчилик кызматта иштегендигин, ал ишке кирерде кєрсєткєн К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык уни-верситетинин диплому берилбегендигин тастыкташты.

Аталган факты боюнча КРнын Кыл-мыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 2-бєлїгї (Жасалма документтерди колдо-нуу), 166-берененин 3-бєлїгї (Алдамчы-лык) менен кылмыш иш козголду. Илик-тєє жїргїзїлїїдє.

МАЙЛУУ-СУУДА КЇЙДЇРГЇ ООРУСУН ЖУКТУРУП АЛЫШЫ

МЇМКЇН, ДЕП ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛГАН АДАМДАРДАН

ООРУ АНЫКТАЛА ЭЛЕК

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында кїйдїргї оорусун жуктуруп

алуусу мїмкїн деген шек менен шаардын Кєк-Таш айыл башкармалыгына караш-туу айылдан жети адам ооруканага жат-кырылган.

Облустук ветеринария жана фитосани-тардык коопсуздук боюнча башкармалы-гынан билдиргенине караганда, алардан кїйдїргї оорусунун белгилери табыла элек жана оору аныктала элек.

Маалыматка ылайык, бул оорунун жу-гушун ветеринардык талаптардын бузул-ганына байланыштырышууда.

Себеби, уй базардын сыртынан саты-лып алынган жана уйду мал доктурга тек-шертишкен эмес. Божомолго караганда, мал мурда кїйдїргїгє каршы эмделбеген.

Ошондой эле, уй ооруп калганда жана аны союп жатканда їй ээси же айылдагы-лар ветеринардык адисти чакырышпаган.

КАРА-ЖЫГАЧ ЖАЎЫ КОНУШУНАН ТАПАНЧА

ЖАНА ЖОГОРКУ КЕЎЕШТИН КЇБЄЛЇГЇ МЕНЕН ТЇШКЄН

СЇРЄТЇН INSTAGRAMГА КОЙГОН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Кара-Жыгач жаўы конушунан тапанча жана Жогорку Кеўештин кїбєлїгї менен тїшкєн сїрєтїн Instagramга койгон Биш-кек шаарынын тургуну Ислам Э., кармал-ды. «Кїбєлїктїн тышында «Жогорку Ке-

ўеш» деген жазуу бар, ал эми кїбєлїктїн єзї ал баланын атасынын наамына Кор-рупцияга каршы кїрєшїї боюнча уюм-дун кызматкери катары берилген», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ал баладан мый-замдуу тїрдє берилген досуна таандык газ-травматикалык тапанча алынды.

Учурда ал Ички иштер башкармалы-гына жеткирилип, ата-энеси чакырылды. Тергєє амалдары жїрїїдє.

ТОКМОКТОГУ 6 АДАМДАН ТУРГАН ЇЙ-БЇЛЄ ИС УРУП

КЄЗ ЖУМГАН

Токмоктогу 6 адамдан турган їй-бї-лєнїн кєз жумушуна ис ургандыгы се-беп болгон. Бул тууралуу 12-февралда ИИМден маалым болду.

Укук коргоо органдарынын билди-рїїсїндє, тургундар їйдєгї мештин ор-дун єз алдынча которушкан.

«Учурда 5 адам боюнча соттук-ме-дициналык экспертизанын жыйынты-гы чыгарылды. Эми, кийинчерээк каза болгон кыздын єлїмї боюнча эксперти-занын жыйынтыгын кїтїп жатабыз», - деп мааымдалды министрликтен.

«ЭЛДИК ЛОТЕРЕЯНЫН» КЕЎЕСИНДЕ МЫЙЗАМСЫЗ

ЛИЦЕНЗИЯ БЕРЇЇ ФАКТЫСЫ БОЮНЧА ТИНТЇЇ ЖЇРГЇЗЇЛДЇ

ИИМдин Башкы тергєє башкармалы-гынын жана СОБРдын кызматкерлери 11-февралда «Элдик лотереянын» кеўсе-синде Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене-си (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында текшерїї жїргїзїштї.

Бїгїн ИИМдин басма сєз катчысы

Бакыт Сеитов билдиргендей, имаратка тинтїї жїргїзїї тїнкї саат бирге чейин созулду. «Алар кеўседеги бардык доку-

менттерди, компьютерлердеги маалы-маттарды текшерип чыгышты. Текшерїї бїгїн да улантылат», - деди ал.

Сеитов, «Элдик лотерея» ЖЧКга Кар-жы базарын жєнгє салуу жана кєзємєл-дєє боюнча мамлекеттик кызмат тарабы-нан мыйзамсыз лицензия берїї фактысы боюнча иш козголгонун белгиледи жана учурда ЖЧКнын лицензиясы алынганын кошумчалады. Эске салсак, кечээ ИИМ-ден АКИpress'ке «Элдик лотереянын» кеўсесинде кылмыш иштин негизинде ыкчам-иликтєє иш-чарасы жїргїзїлїп жатканын маалымдашкан.

ЧЕЛЯБИНСКТЕ 23 КГ БАЎГИ ЗАТ АЛЫП ЄТЇЇ АРАКЕТИ ЇЧЇН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАН 8

ЖЫЛГА КАМАЛДЫ

Челябинск облусунда Россияга 23 кг героин алып єтїїгє аракет жасаганы їчїн Кыргызстандын жараны 8 жылга эрки-нен ажыратылгандыгы ТАССтын сайтын-да маалымдады. Троицкий шаардык сот кыргызстандык жаранга карата Россия-нын Кылмыш-жаза кодексинин 229-бе-ренесинин 1-бєлїгї (Баўги заттык кара-жаттардын контрабандасы) менен жаза єкїмїн чыгарды.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын апрелин-де «Бугристое» эл аралык автоунаа єткєр-мє пунктунда Кыргызстандан Москвага жїк алып бара жаткан адам кармалган. Анын автоунаасын кароодо баштыкка салынган баўги заттар табылган. Тергєє-дє белгилїї болгондой, кылмыш болгон-го чейин бир ай мурда Ош шаарындагы айдоочуга белгисиз эки адам кайрылган. Алар «товарды» Москвага алып єтїї їчїн 10 миў доллар сунушташкан.

КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК

Page 12: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

12 КАТ КУРЖУН

Ш.АСТАРКУЛОВДУН КОЧКОР АЙЫЛЫНЫН «АРДАКТУУ АТУУЛ» НААМЫН АЛГАНДЫГЫНА ЖЕРГИЛИКТЇЇ

ТУРГУНДАР НААРАЗЫ

МЕН БУЛ КЫЗМАТКА КЕЛГЕНИ АЙРЫМ КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН, ИШКАНАЛАРДЫН САНЫН КЫСКАРТТЫМ,

- «Áèøêåê» ÝÝÀ äèðåêòîðó Î.Íóñóâàëèåâ

Кочкор районундагы Коч-кор айылынын тургуну Насир-дин Курманбаевдин 2 жылдан бери жер талашуу боюнча ары-зын сот карабай, убара кылып келїїдє. Буга чейин Насирдин Курманбаевдин наамында тур-ган їйдїн ордун буга чейин Кочкор райондук мамлекет-тик каттоо бєлїмїндє башка адамдын наамына жазылып калган. «Ошол себептен бул иш боюнча Кочкор райондук сотуна кайрылсам соттун тє-рагасы Ш.Астаркулов 2 жыл-дан бери ар кайсы шылтоону айтып карабай келет. Єзїм 75 жашка чыктым, 2-топтогу ма-йыпмын. Эми кары башым ме-нен ушул кїнгє чейин сотко кайрылып, эч бир жыйынтык чыгара албай келем. Буга че-йин А.Атамбаевге 2015-жыл-дын 15-январында кайрылган элем. Азырынча эч жооп бе-риле элек. Бул эмне деген за-манда жашап атабыз?», - дейт жабырлануучу Н.Курманбаев. Кочкор райондук сотунун тє-рагасы Ш.Астаркуловдун

Кочкор айылынын «Ардак-туу атуул» наамын алганды-гына жергиликтїї тургундар нааразы.Алардын пикирин-де, ушул кїнгє чейин элдин кєйгєйлїї маселелерин че-чїїдє адилетсиз чечим чыга-рып келген адамга 2014-жылы Кочкор айылынын ардактуу атуулу наамын тапшырууда эч бир элдин оюн укпасатан жергиликтїї кеўештин депу-таттары Ш.Астаркуловго ар-дактуу атуул наамын ыйгарып коюшкан.Эми азыркы учур-да жергиликтїї тургундар Ш.Астаркуловдун бул наам-ды алышына нааразы болуп, кайтарып алуу їчїн Кочкор айылдык кеўешинин тєрага-сы А.Аситовго арыз жолдошту.

Убагында Шаршенбек Астаркуловго экс

Акыйкатчы кандай баа берген?

Акыйкатчы Нарында жашы жете элек кызды зордуктаган адам бир жылдан бери жаза-га тартылбаганын сынга алган жайы бар

Акыйкатчы Турсунбек Акун Нарын облусунун Кочкор ра-йонунун Сары-Булак айы-лында жашы жете элек кызды зордуктаган адам бир жылдан бери жазага тартылбаганын сынга алды. Бул туурасында ал бїгїн “Кабар” агенттигинде єткєн маалымат жыйынында билдирген.

Белгилїї болгондой, бул окуя 2011-жылдын 12-октяб-рында болгон. Мирлан аттуу адам 15 жаштагы кызды мек-тептен чыгып бараткан жери-нен кїч менен машинага салып кетип, Кочкорго барып, зор-дуктаган. Кыздын атасы из-деп жїрїп, 13-октябрда таап, дароо укук коргоо органдары-на кайрылган. Бирок милиция кызматкерлери чара кєрїїнїн ордуна, “кызыўыз уят болуп калат” деп ата-энесин жоо-шутуп, иш козгобоого аракет кылышкан. “Кєрсє, баланын ата-энеси тїнї менен жїгїрїп, баарынын оозун жаап коюп-тур”, - дейт кыздын атасы.

Акыйкатчы бул маселе боюн-ча Президентке кайрыла турга-нын билдирди. “Анткени Коч-кор районунун соту Шаршенбек Астаркулов тараптар жарашты деп, ишти зордуктаган адамдын пайдасына чечип койгон. Мен бул сотту кызматтан алуу єтї-нїчїм менен мамлекет башчы-сына кайрылам”, - дейт Т.Акун.

Ошондой эле ал бул окуя боюнча билим берїї жана илим министри Канат Са-дыковго кайрылып, район-дук билим берїї бєлїмїнїн башчысы Молдош Чакиевди

кызматтан алуу талабын кое турганын кошумчалаган.“Бул адам кызды окуучулардын тизмесинен таптакыр чыга-рып, Тїп районунда окуйт деп жаздырып койгон. Бул акылга сыйбаган кєрїнїш болуп жа-тат. Ансыз деле кыз окуянын кесепетинен улам окубай кал-ган”, - деди Акыйкатчы.

Анын айтымында, облус-тук сот гана окуя боюнча оў чечим кабыл алып, зордукта-ган адамды издєєгє алган. Ал Россияда жїрїшї мїмкїн эке-ни айтылууда.Астаркуловду качанкыга

чейин кочкорлуктар эркелетет?

«Кыргыз Республикасы-нын жергиликтїї сотторунун судьялары жєнїндє» Кыргыз Республикасынын Президен-тинин 2007-жылдын 5-мар-тындагы № 87 Жарлыгы. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын жергиликтїї сотторунун судь-ялары жєнїндє

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-стать-ясындагы 2-пункттун 3-пункт-часына жана 83-статьясында-гы 6-пунктка ылайык токтом кылам:

Астаркулов Шаршенбек Ка-саболотович жаш курагынын жогорку чегине чейин жерги-ликтїї соттун судьялыгына;P.S 2007-жылы Бакиев Курманбектин жарлыгы менен чыккан экен

“КИРГИЗКА КЫЗГА”Милая менин сїйгєнїм,Нежная сенин кїлгєнїў.Без тебя кантип жїрєйїн,Навсегда сени сїйємїн.

Сулушай жаным кулак сал,Кєп кыздар мени покидал.От вали десеў сен дагы,Анда мен точна пропал.

Сїйїїмдї сага показал,Ыр менен аны доказал.Горный мед сымал сїйїїмдї,Гордая болбой кабыл ал.

ЭЙ РОССИЯЭй Россия. Россия бир боор энем,Жыл сайын иштегени сага келем.Эмчектен качан эле чыгарсаўда,Айласыз мен жармашып эме берем.

Эй Россия. Россия бир боор энем,Мен чынында сен жака келбейт элем.Жашообуз жакшы болуп турса эгер,Айылымдан бир карыш жылбайт элем.

Эй Россия. Россия бир боор энем,Сен бар їчїн мен бармын сени менен.Кеткин деп депорт кылып таштасаўда,Мерседеске жетмейинче жїрє берем.

АЯЛ АЛСАЎАял алсаў Баткенден,Кайын журтка бат келген.Їй оокатын калтырып,Кїзкї алдында каш терген.

Аял алсаў Бишкектен,Отургузбай иштеткен.Диско клубка кетип калып,Тїнї менен издеткен.

Аял алсаў Таластан,Бийликти эле талашкан.Пылесостун ордуна,Кыл тердирет паластан.

Аял аласаў Нарындан,Тамашага таарынган.Эти жок тамак жебейм деп,Тєркїнїнє камынган.

Аял алсаў чїйдєн,Тажап кетет їйдєн.Иште десеў жактырбай,Кабак кашын тїйгєн.

Аял алсаў Кєлдїн,Анда точна єлдїў.Мейиз алма саттырат,Кєргїлїктї кєрдїн.

Аял алсаў Жалалабаттын,Кереги жок жоолук, халаттын.Эшик турса забордон секиртип,Таш менен койгулап тажатсын.

Оштон аял аласыў,Оокат деп чуркап каласыў.Он кїн чогуу жашап,Россияны карай качасыў.

Акыя, акыя......,Сынып калган нокиа.Тамашалап ырдадым,Чынында болгон окуя.

Мен бул кызматка келгени айрым кызматкерлердин, ишканалардын санын кыскарттым, деп билдирди «Бишкек» эркин экономикалык аймактын директору Орозбек Нусувалиев 12-февралда анын кызматтан кетишин талап кылган митинг боюнча «Баракелдеге» комментарий берип жатып.

«Жетекчи болуп келгениме 2 жыл-дан ашты, мен башкаларчылап коман-да менен келген жокмун, жалгыз кел-дим. Башкы дирекциянын акчалары жєн эле сарпталып кетчї экен, ар ким єзїнїн тууган-туушкандарын, жек-жааттарын алып келип ишке орноштуруп коюптур. 5-6дан кассир, бухгалтер деп ача бериш-кен экен. Мен ошондойлордун жана чы-гашалуу ишканалардын санын азайттым. Кызматын тийиштїї аткарбаганы їчїн 2012-жылы 44 киши кызматынан бошо-гон. Алар жооптуу кызматкерлер 50 миў-ден 100 миў сомго чейин єздєрїнє айлык коюп алышкан экен. Ошолордун баарын тазалаганбыз», - деген Нусувалиев, бї-гїнкї митингде айтылган 42 кызматкер себепсиз бошотулган жана 450 миў сом

тєлєнгєн деген маалыматтар жалган эке-нин билдирди.

«Бул киши (Ахунбай Кошоев) єзї конт-рабандист. Эптеп эле «жумурткадан кыр, шыйрактан бєйрєк» чыгарыш керек. Ми-тингге чыккан кайтаруучу балдардын баа-рына туура эмес маалымат тараткан. Мен мыйзам чегинде иштеп жатам, жана аны далилдєєгє даярмын. Ал эми мыйзам ме-нен маселеси болгондор ушундай ызы-чуу тїшїрїп жїрє беришет. Бул биринчи эле пикет эмес, бул жерде уюшкан топтун белгиси болушу мїмкїн», - деди ЭЭА ди-ректору.

О.Нусувалиевдин айтымында, кайта-руу кызматкерлердин санын компьюте-ризацияга єткєрїї менен азайтса болот, бирок антпейт. «Реформанын негизинде, кайтаруу кызматын компьютерлештирип азайтса болот, бирок мен дагы аларды (кайтаруучуларды) ойлоп, жумуштары-нан бошоп калбасын деп аракет кылып, мындай системаны кєтєргєн жокмун», - деп кошумчалады ал.

Ал маалымдагандай, 2013-жылды ЭЭА 47 млн сом, ал эми 14-жылы 52 млн таза пайда менен чыккан. «Бул жомокто да

болгон эмес. Мунун баары мамлекеттин бюджетин сарамжалдуу, їнємдїї пай-далануу максатында болуп жатат. Бы-йыл миллиарддан ашык киреше берїїнї пландап жатабыз (2012-жылы мамбюд-жетке 430 млн сом киреше болгон болсо, 2013-жылы - 662 млн, 2014-жылы - 813 млн менен жабылган)», - деп белгиледи О.Нусувалиев.

Page 13: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

13ПАЙДАЛУУ КЕЎЕШ

ТЫТ, ТЫТ ДАРАГЫ- бийиктиги 15 м-ге чейин чейин тыттар тукумун-

дагы дарак. Кыртышы кїрєў, жарылып-жарылып кеткен; жаш бутактары ачык жашыл, ачык кїрєў тїстє да болот. Жалбырактары кезектїї, жумуртка сымал. Гїлдєрї бир жыныстуу, эки їйлїї. Аталык гїлдєрї 1-2 см болгон машакча, энеликтери кыс-ка сєйкєдєй болот. Мємєсї жаўгакча, энелик сєй-кєсїнєн ширелїї мємєлєр чыгат. Апрель- майда гїлдєйт. Бардык жерде єстїрїлєт, єзгєчє респуб-ликанын тїштїгїндє, кээ бир жерлерде жапайысы да бар. Кытай жана Япониядан алынып келинген байыркы єсїмдїк.

Сырье катары бышкан мємєлєрї жана жалбы-рактары жыйналат. Мємєсїндє 90� инверттїї канттар, пектин, боёгуч заттар, С витамини ж.б. бар. Жалбырактарында глюкоза, С витамини, ас-парагин кислотасы болот.

Негизги таасири: кандагы кантты тємєндєтєт, заараны айдайт, жогорулаган кан басымды тємєн-дєтєт, какырыкты жумшартып чыгарат. Жалбырак-тарын кайнатып ичсе кант диабетине каршы таасир берет. Аны кєп убакыт бою колдонсо диабет менен жабыркагандардын абалы оўолуп кетет.

Вьетнамда тыттын жалбырагынан биологиялык стимулятор табылган. Ал кызыл жїгїрїктє, кээ бир тери ооруларында жакшы таасир берет экен. Японияда болсо тыттын гїлдєрїнєн сепкилди жо-готуучу бет май жасалат. Кытайда болсо тыттын тамырынын кыртышы кант диабетин, бєйрєктїн жетишсиздигин жана эркектин алсыздыгын да-рылоодо колдонулат. Мємєлєрїнїн ширеси какы-рыкты жумшартат, ич катыганда да жардам берет.

ЧЕТИН- бийиктиги 4-15 м болгон роза гїлдїїлєр ту-

кумундагы дарак. Дары сырьесу катары четиндин бышкан ашы жыйналат. Аны суук тїшкєндєн кийин мємєлєр анча ачуу жана кычкыл болбой калганда жыйнайт. Четинди 40-600 атайын кургаткычтарда кургатат. Жетилип бышкан ашында С витамини кєп (60-200мг), каротин, Р, Е витамини, ийлєє заттар, пектин ж.б. бар.

Каротиндин (А провитамини) єлчємї четин-де сабизге караганда абдан кєп. Апельсин менен мандаринге салыштырганда Р витамини четинде 10 эсе кєп. Ал организмди чыўдайт, ооруларды ал-дын алууга жардам берет.

Четинден шире чыгарса сонун. Аны гипоацид-дїї гастритте 1 чай кашыктан берсе жакшы. Кант кошуп да шире алса болот. Ал їчїн 1 кг четиндин ашына 600 г кант кошуп, 4-6 саатка коюп коет. Ан-дан кийин 30 минута кайнатат. Андан чыккан ши-рени 1 аш кашыктан тамака чейин 3-4 маал берсе болот. Кургак четинден чай: 1 аш кашык кургак че-тиндин їстїнє 2 стакан кайнак cуу куюп 15 минута кайнатып, демдейт. Чыпкалагандан 1 /4 стакандан 3 маал ичсе болот.

ЧЫЧЫРКАНАК, ЧЫРГАНАК- чычырканак 10 м бийиктикке жеткен бадал

єсїмдїгї.Жаш єркїндєрї кийин тикенекке айланат. Жалбырактары кезектїї,кыска саптуу їстї кочкул жашыл бозомтук,асты саргыч же ак,кїмїштєй жал-тырак. Гїлдєрї эки жыныстуу. Майда данектїї мє-мєсїнїн тїсї кызыл, даамы кычкыл, ширелїї, єзї жумшак,тез жарылат. Тоолу райондордо,кєл жана агым cуунун жээгинде,кумдуу,шагылдуу жерде єсєт.

Сырье катары бышкан мємєлєрї жыйналат. Аны cуук тїшкєндє (-15С) кїбїп алат. Химиялык соста-вында аскорбин кислотасы, флавоноиддер, В1, В2 витамини ж.б. заттар бар.

Мємєсїндє чычырканак майы 8�-ке,уругунда 12�-ке жетет. Майында Е витамини (токоферол), каро-тин кєп, аминокислоталар, стеариндер, каныкпаган май кислоталары бар. Ширесин сыгып алгандан кийин калдыктары кургатылып, аны єсїмдїк ма-йына чылап койсо, чычырканак майы чыгат. Бул май жараларды айыктыруучу, ооруну басаўдатуучу касиетке ээ. Ошондуктан, ар кайсы жара оорула-рын дарылоодо колдонулат. Чычырканактын ашы - поливитаминдїї продукт, андан варенье, желе, шарап чыгарылат.

ФАСОЛЬ, ТЄЄ БУУРЧАК, НОЯ– бир жылдык чанактуулар тукумундагы чєптїї

єсїмдїк. Бийиктиги 50см ге жакын, анын сабагы тїз же жармашкыч; жалбырактары їчїлїк татаал, башкан жалбырак сабында їч каптал жалбыракча-лары болот, жалбырак пласитинкасынын формасы жумуртка сыяктуу. Гїлдєрї ак, мала кызыл же сыя кєк, кєпєлєк єўдїї типте, узундугу 1-1,5см, жыт-сыз. Фасоль июнь-июлда гїлдєйт. Мємєсї – чоў буурчак, тамак катары пайдаланылат. Август-сен-тябрда жыйналат.

Фасоль (тєє буурчак) - кадимки, кїнїмдїк тамак. Фасольдун 200-гє жакын тїрї бар, анын ичинен 20 тїрї эгиллет. Биздин єлкєдє кадимки фасоль бел-гилїї. Азыркы кезде фасолду республиканын Талас областында кєп єстїрєт.

Дарылык максатта бышкан буурчактын жашыл эки капкакчалары менен буурчактын уруктарынын єзї колдонулат.

Кадимки фасолдун (тєє буурчактын, ноянын) уругунда организмге керектїї азык заттары: 20-25� белок, 50� ке жакын углевод (негизинен крахмал), 2� ке жакын май, витаминдер, минералдуу туздар, микроэлементтер болот. Фасоль абдан калориялуу, анын 100 граммында 339ккал бар.

Фасолдун белоктору жаныбарлардын белогуна окшош, аны организм оўой кабыл алат. Фасолдун буурчагында ар кандай аминокислоталар, органи-калык кислоталар, С,В,В2 , РР, А провитамини, ми-нералдуу туздар (кальций, фосфор, кальций) ж.б. табылган. Фасолдон бышырылган боткосу гаст-ритте, бєйрєктїн сезгенїї ооруларында, подагра-да, ошондой эле атеросклероздо, жїрєк ритми бу-зулганда берилет. Бирок, фасолдон бышырылган тамак аш аш казанда кєбїрєєк сакталгандыктан, ичти кєптїрєт. Ошондуктан андай тамакты бай-кап жеш керек.

Фасолдун капкакчаларын жанчып, 1 аш кашык-тын їстїнє 2 стакан кайнак суу куюп, 10-15 мину-та кайнатып, чыпкалап ичсе, заараны айдайт, кант диабетинде кандагы канттын єлчємїн тємєндєтєт.

УЙГАК- бийиктиги 1,5-1,8 м ге жеткен эки жылдык чєп.

Анын топуракка тереў батып кеткен жоон тамыры бар. Татаал гїлдїїлєр тукумуна кирет. Уйгак бар-дык жерлерде єсє берет (жолдун жээгинде, талаада, арыктын жээгинде ж.б.).

Уйгактын тамыры менен жалбырактары колдо-нулат. Тамырында инулин, протеин, эфир майлары, ийлєє заттары, ж.б. бар. Жалбырактары май –ав-густта жыйналат. Тамыры болсо сентябрь – октябрь айларында казылып алынат. Биринчи жылдагы та-мырлар ширелїї, жоон келет. Экинчи жылда бол-со єсїмдїк азык заттарын сарптайт да, тамырлары катып, дарылык касиетин жоготот.

Уйгак элдик медицинада кызыл жїгїрїктє, кант диабетинде, бєйрєктє таш пайда болгондо, гастрит-те колдонулат. Уйгактын тамыры зат алмашууну оўолтот, ичти жумшартат, тердетет. Жаўы жый-налган уйгактын жалбырактарын 5-6 кабат кылып ооруган жерге, куяў болгондо же муундар ооруган-да жабыштырса жардам берет.

Колдонулушу: 25г тамырды 250мл кайнак сууга 30 минута кайнатып, чыпкалайт. Аны 1 аш кашык-тан 3-4 маал ичсе жарайт. Жалбырактарын жара-ларга тартып койсо, алар айыгат.

Уйгактын жалбырактарын же тамырын кайна-тып, башты жууса чачтар тїшпєйт. Ал їчїн уйгак-тын тамырынан атайын май чыгарылат (“репей-ное масло”).

ЧОЎ БАКА ЖАЛБЫРАК- бака жалбырактуулар тукумундагы кєп жылдык

єсїмдїк. Тамыры чачыдай жайылган, жалбыра-гынын узундугу 4-21 см, туурасы 3-14 см, жумурт-ка сымал. Сабагы кыска, жабырактары тамырына жакын. Майда гїлдєрї сабактын учунда жєнєкєй машакты тїзєт. Анын гїлдєрї кїрєў. Бака жалбы-рактын жалбырактары ошондой эле уругу тирилет.

Кыргызстанда баардык жерде (адырларда, арык-тын жээгинде, бактын ичинде) таралган.

Химиялык курамында былжырлуу заттар, ал-калоиддер, ферменттер, ийлєє заттары,каротин, С витамини, ж.б. бар.

Бака жалбыракты їзгєндєн кийин кургатпай эле жарааттарга, жараларга жабыштырса болот. Курга-тылган жалбырактарын чайга окшош демдеп, жє-тєлгє каршы, какырыкты жумшартып чыгаруу їчїн колдонулат. Ошондой эле табарсык сезгенгенде,ич єткєндє пайдасы бар. Єзгєчє дизентерияда уругун кайнатып ичсе болот. 10-15 г кургак жалбырактын їстїнє бир стакан кайнак cуу куюп, 30 минута дем-деп,чыпкалап бир аш кашыктан кїнїнє 5-6 жолу чай катары ичсе болот. Кичине балдарга бал кошуп берсе сонун. Бул демделген чай менен жарааттар-ды,жараларды тазаласа болот.

Page 14: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

14 ЫР САПТАР

(Сандан санга)

ЧЫЎГЫЗ АЙТМАТОВ

(КЫЗКАЙЫП)

Роман

(КЫЗКАЙЫП)

Тоолор кулаганда

- Демек, сиз бїт Евразия континенти-нин шефисиз да? - деп азил аралашты-рып койду.

- Ошондой! - деди тигил кабагын ачпай. Арсен Саманчин ага ошо замат ичинен «Ошондой мырза» деген эў сонун атама ысым берди. Кийин ал бул ишине ыраазы болду. Дилинде калган кашайгырдын бул тамаша сєзї башына тийсе болобу.

Кол алышкан соў Ошондой аердеги орундукту четке жылдырып, столдун бир бурчуна капталын сала отурду да, кєз ай-негин сїрткїлєп калды, мунусуна караган-да ал олуттуу бир иш жєнїндє сїйлєшїїгє ниет байлап жатса керек.

Шеф-директор Ошондойдун дал єзї ка-пысынан кашына келип калганына бир аз таў кала калган Арсен Саманчин жаркын жїз менен сєзїн уланта берди.

- Урматтуу шеф-директор, кол сумкамды мындай алып коюуга ыракым этсеўиз экен, сизге тоскоол болот го. Сиздердин Евразия-ўар жанга жайлуу, тєрт тарабы тєп келген сєз жеткис мыкты жай тура, кубанып да, суктанып да отурам, кээде гана келип ка-лам, бирок...

- Билем, билем, - деп жиберди тигил, анткен менен сєз бєлалган жок.

- Маашырланып отурам, — Арсен Са-манчин туштарапка кєз ата сєзїн улады. - Караўызчы, канча эл келген, жалаў гана айдай сулуу айымдар, - деп бапыраўдап жатты, кыязы ичиндеги да кызытып жат-кандай. - Ошону айтсаўыз, аялдарсыз рес-торан да єзїўїз билесиз да, гестоган эмес, - анын мурдунан чала француздарча сїй-лєгєн тамашасын тигиниси тїшїнгєн деле жок. - Ооба, аларсыз ресторан ресторан эмес, театрыўыз, базарыўыз да базар бол-бойт. Караўызчы, дагы келип жатышат, тим эле чїрєктєр! Ал эми мындагыларды бийиктен караганды каалагандар їчїн бал-кондон да орун табылат. Ана, оркестр да аспаптарын кїїгє келтире баштады! Кїт-кєнїм келди, музыка угайын дегем, чынын айтсам ошол їчїн келгем. А люстраларды айта кєрбєўїз, Италияныкы экенин єздє-рї эле айтып турат.

Маўдайындагы Ошондой башын ий-кеп койду.

- Ооба, ошондой, Италияныкы, - деди да, сєзгє конок бериўиз, мен дагы бир нерсе айтуум керек дегендей колун кєтєрє иша-ра кылды. - Мен сизге жєн келген жокмун, тиги... - їнїн акырын чыгарып, сєзїнїн аягын айтпай калды.

- Оо, андай болсо эў сонун экен! - Эл-журт аны дагы эле унута электигине, ал тургай мындай менеджерлер менен биз-нес-шефтер да таанып жатканына ал же-тине албай бапыраўдап: — Келиўиз анда,

жакшылык їчїн алып коёлу, — деп, тиги-нин сузунан жанбаган жїзїнє жагалдана жароокер карады. - Сиздердин шарап тим эле таўдайды алат, келиўиз сизге да куюп коёюн, дагы да заказ берейин.

- Жок, жок. - Ошондой анын бєтєлкєгє жеткен колун кармай калды. — Мен тап-такыр башка иш менен келдим, кызмат боюнча. Ырас, сизди эл жакшы билет, ант-кени сиз белгилїї адамсыз, бул жєнїндє башка жолу жай отуруп сїйлєшєлї. Азыр бир маселе чыгып турат, кырдаал... Кыс-касы, бизде бїгїн єтє чоў иш-чара болот, билесиз да, Ак-Суу алтыны боюнча Кана-данын биргелешкен ишканасы, чет элдик демєєрчїлєр, бїт бардыгы маанилїї адам-дар, ошолор чакырылган, аларга арналып атайы сый тамак даярдалган. Алардын аял-дары, жансакчылары, айтор, коштогон-дору кєп. Концерт да болот. Меймандар ээн-эркин отурушат экен. Жашырып эмне, жогору жактан азыр чалышты, бїгїн анда Арсен Саманчин болбосун деген кєрсєтмє беришти. Талап ушундай.

- Токтоўуз! Токтоўуз! Ошончолук эле мага камкордук кылган ким экен? — Ту-таланып кетти. — Кимдин талабы жана кандай акысы бар?!

- Мен айтылган буйрукту гана айтып жа-там! - Бети- башын кан тепкен Ошондой чечмелеп тїшїндїрбєй кесе айтты. - Ким эмнеге камкордук кєргєнї менен менин ишим жок. Жогору жактан айтылды, мен аны аткарышым керек! Ошондуктан сиз

артыкбаш сєз сїйлєбєй, жакшылык менен тезирээк чыгып кетишиўиз зарыл. Азыр жєнєсєўїз эле иш бїтєт. Талап ушундай.

- Талап ушундай дегени эмнеси?! Муну кандай тїшїнсє болот? - Ушуга араў їлгїр-гєн Арсен Самаичин каны качып кумсар-ган, анан да билинер-билинбес дирилдеген эриндерин кымтый їн дебей отуруп калды. Болбосо азыр ал кїйгєн оттой дїркїрєп, мына бул шайтан алгыр столду кємкєрїп, ичкенинин бїт баарын ичегисинен сыды-рып турган, бетинен теке жыт болгон май тамган. Ошондойду жїндєй сабап, ылай кылып тепкилеп, ресторандын ичин ас-тын-їстїн тїшїрїп жанжал чыгармак, ар-намысына тийгендин сазайын колуна гана карматмак, а бирок ага анын анчейин за-рылдыгы жок эле.

Жараткан єзї жар болуп, жалыны жан-ды чыгара даулдап жанган єрткє айланып кетерде, кан кайнаткан касташын каракурт-тай чагып, как жерге казык кылып тикеси-нен кагып жиберерде, жана да кєк тиреген байтерек кулап тїшкєндєй, таманы турган кара жер калчылдап барып жарылып, окто-луу мылтык ортого тїшїп мээленип турган мезгилде аны єзїндєгї адамда жок сабыр-дуулук эмес, кайдандыр жанган чагылган-дын жарыгындай жарк эткен кандайдыр бир ой кырк тамырга кызыл канын кай-наткан, єнєбоюн їч кєтєрє чыўаган бургу билек чындыгынан, дил тїпкїрїндє жан тї-гєйїндєй жашап, жалгыз гана єзїнїн ички дїйнєсїн їн чыгарбай ырдап турган музы-

калык ой жїгїртїїсїнєн жаралган тїшїнї-гїнєн кыл сууругандай сууруп кетти. Мына ушул дилдїйнєсїн кыйраткан кыяматка ал: «Чын эле ошолбу? Койчу, кантип эле ал ушуга барсын?» - деп ой мїшкїлїн тартты. Ага єзї да ишене алган жок, ошондон улам тагдыр кїнїн байлаган жалгыз їмїтї менен сахнаны жалдырай карады эле анысы кєзгє кєрїнгєн жок, оркестр гана анын чыгышына даярдык кылгандай ар кайсыл обондорду кыска-кыска кайрап жатат. Аргасы кїйїп кїл болгон байкуш чєнтєк телефонун алды да, жїрєктїн соўку кагышындай абалда анын номерин тере баштады. Манжалары титиреп кетти. Мейли, мунумду кєрбєс, їнїм калтырап чыкпаса экен деп коркту. Бул абалын тиги кєзгє сайылган кєсєєдєй болгон Ошондой сезбесе экен деди. Андан кайда качмаксыў, бїт баарын кєрїп, кєўї-лїўдї кєзїўдєн окуп отурат. Ал телефонун єчїрїп салган экен, бир аздан кийин: «Мен Айдана Самаровамын. Телефонум убакты-луу єчїрїлгєн, байланыша албаймын», - де-ген кайдыгер, жансыз їн чыкты.

- Жооп бербей жатабы? — Ошондой ага каш серпе, купуя сырды билгендей су-роо узатты. Саманчин унчуккан жок. Ал ага эмнени айткысы келди, кимдин жооп бербей жатканын тактады, кимди сурап, кимди билгиси келип жатат, божомолдоп сокконубу, же мунун кимге телефон чал-ганын билип турубу? Сураган жок. Сыр бергиси келбеди. Мунун аны менен кандай иши бар?! Ансыз да ал чачыладай чачыл-ган оюн жыйнай албай, басып кетип баш бербей баарынан кечип кетїї керекпи, болбосо жанагыдай жанга канжар така-ган кєрсєтмєнї ким бергенин, ресторан-дын тартип сакчылары эмес, ага атайын шеф-директордун єзї келип, алды-артына тїшїп, майдай-сїттєй мамиле жасап таа-нышып, сыртка узатууну каалап жатканын чан чыгара териштирип билиши керекпи?

- Кана, кандай кылалы? - Ошондойдун єтїнїч їнї чыкты. - Туралыбы? Мен сиз-ди узатып коёюн.

- Жо-жок. Узатуунун зарылчылыгы жок. - Арсен Саманчин караманча каршы бол-ду. - Эч кабатыр болбоўуз, кетер жолду беш колумдай билемин. - Кол сумкасын кыжыры кайнай шарт жапты.

- Андай болсо жакшы экен. Баса, тамак акысын тєлєбєй эле коюўуз. Ал жагын єзїбїз ырастайбыз. - Кара єрїктєй жыл-тыраган Ошондойдун бул сєзї чыгар за-мат ичинен кїйїп туталанып турган Арсен Саманчин ок тийгендей жарылып кетти:

- Эй, сен эмне деп жатасыў?! - Баятан бери сылык- сыпаа сїйлєшїп сиз деп жат-кан, эми болсо буйдалбастан сенге єттї. - Сен мени ким деп турасыў?

ОМАР ХАЙЯМДЫН РУБАИЛЕРКарылыгыў- дарак, каткан кабыгы,Куурап калган жалбырагы, тамыры.Чатыр, эшик, дубалдары солкулдап,Элестетет урай турган тамыўды.

Талкан кылып адамзаттын ємїрїн,Єз эмгегин не балабайт Теўирим?Єзї жасап, неге кайра жок кылат,Жаман болсок, башы кимде кїнєєнїн?

Айтчы жаным, сенден кантип айрылам,Кайда жїрсєў мен єзїўє кайрылам.Сен келгенде, курман болуп кайран жан,Сен жок болсоў, жїрєк тїтєйт кайрадан.

Хайям жасап колу менен кїнєнї,Тынч кетип санаркоодо жїрєгї.Єзї тїртїп.... Кечирер дейм жараткан,Бекер жерден кїйгїздїрбєс бирєєнї.

Сїйдїў дешип кїнєєлєшсє талашса,Тїшїнбєгєн тїркєйлєрдєн талашпа.Сїйїї, мїмкїн сопуларга зыяндыр,Жигит їчїн окшош суусун- шарапка.

Лилия менен кипаристин дарагын,Кереметтїї Ай жарыкта карагын.Сансыз бутак, бири колун кезебейт.Сансыз таажы, шырп дедирбейт чанагын.

Мен кїнєємдї алым жетпей жеўїїгє,Кєєдєнїмдє бир ой жашап келїїдє.Жаратканым эгер кылса кеўчилик,Тийиштїїдїр бир кечирим берїїгє.

Небак єлгєн король менен хандар да,Топурактан айланышты чаўдарга.Алар балким, абдан ичип шарапты,Суралганда тириле албай калганда.

Жїрєктєрдї эзип сїйїї кумары,Чєйчєктєргє шарап куя туралы.Кїнєєлїгє теўир єкїнїч берет дейт,Мен албаймын, эмне кылам мен аны?

Акыл ээлеп, жїрєк сезе кагышы,Ал- ємїрдїн текке кетпей калышы,Андай адам, же кудайга жагынып,Же шарапчан мїрзєсїнє барышы.

Сїйїї кайда, тагдырыўа карамак,Керек болсо, жїрєгїўдєн кан алат,Кетилээрсиў, сїйгєнїўдїн чачынан,Тарак єўдїї сылагыча салалап.

Акылдуу жан, же сїйгєнїў жаныўда,Тыю болбос ичип жаткан чагыўда.Кез-кез татып, аздан татып, ичкенди-Айтып салып єзїў сєзгє чалынба.

О жараткан, каалганга жетпедим.Тєрєлгєндєн жазмыш ошо-чектедиў.Кїнєє кылсам ал да сенин жазууўдан,Барбы менин чектен чыга кеткеним.

Этият бол, тїшпє сулуу торуна.Сулуу, сїйїї, экєє бїткєн шоруўа.Бул турмушта тїбєлїктїї нерсе жок,Жїрєк эзип, кетет-тїшїп жолуна.

Акыл жетпейт аалам сырын санашка,Кажаўдашпа майда- чїйдє талашка.Теўир кїчтїї, аны бил да, шаракта,Ємїр деген, єтєт, кетет заматта.

Page 15: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-февраль, 2015-жыл

15СКАНВОРД

Page 16: Айбат - коомдук-саясий гезити №115

№ 115 • 13-ферваль, 2015-жыл

16

Бишкек шаарынын тургуну

РЫСАЛИЕВА САЙНАШэжебиздин 15-февраль туулган кїнї менен

куттуктайбыз! Эжеке ар дайым жїзїўдєгї бакыт нуру жанып, сїйїнїчтїн кєркї тартылып, жездем экєєўїздєр ынтымактын суусун ичип аманчылыкта ємїр сїрїўїздєр. Биздин арабызда кадыр барк, урмат сыйга ээ болуп жїрє бериўиздер. Биз сиз менен сыймыктанабыз жана жакшы кєрєбїз.

Алтын эжем бакыт берип кудайым,Ємїрїўїздїн бекемдигин сурайын.Жездем менен кол кармашып тїбєлїк,Жїзїўїздєн кубанычты кєрїп турайын.

Туулган кїнїўїз куттуу болсун эжекем,Бактылуулукту белек кылсын жездекем.Ар дайым кїлїп жайнап жїрїўїз,Амандыкта бул ємїрдї сїрїўїз!

- деп сизди урматтап сыйлаган атабыз Рыспек, апабыз Гулнара,

инилериўиз Рахатбек, Нурбек, Нїргїл, Кубан, Мариям, Арууке

КУТТУКТООКЇЛКЇ СЇРЄТ

УРМАТТУУ ОКУРМАН!"АЙБАТ" гезитине

жазылуу жїрїп жатат!

Жазылуу почта кызматын кошкондо:

- 1 айга – 49 сом 50 тыйын- 3 айга – 148 сом 50 тыйын- 6 айга – 297 сом 00 тыйынЖазылуу республиканын, бардык

почта бєлїмдєрїндє чектєєсїз жїргїзїлєт.

СЇЙЇКТЇЇ ГЕЗИТИЎИЗГЕ ЖАЗЫЛЫЎЫЗ!

Жазылуу индекси: 68546